15 Kasım 2012 Perşembe

АТОМДУН КҮЧҮ


АТОМДУН КҮЧҮ


 

Бүт ааламдын, жандуу-жансыз бүт нерсенин курулуш материалы болгон атомдордун кантип укмуштуу абалда затты пайда кылганын эми билебиз. Абдан кичинекей бул бөлүкчөлөр, бул жерге чейин да каралгандай, өз ичинде кемчиликсиз бир уюшкандыкка ээ. Бирок атомдогу керемет муну менен эле чектелбейт; атом ошол эле учурда ичинде абдан чоң энергияны кармайт.

Атомдун ичинде сакталган күч бир тараптан адамзатка кызмат кылып жатса, экинчи тараптан адамзатка чоң коркунуч туудурууда. Бул күчтүн колдонулушу менен Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Хиросима менен Нагасакиде он миңдеген адам бир канча секунда ичинде өмүрүнөн ажырады. Жакынкы өтмүштө болсо Россиядагы Чернобль атомдук станциясындагы бир кырсык көп адамдардын өлүмүнө же майып болушуна себеп болду.

Атомдун күчү Хиросима, Нагасаки жана Чернобльда жол ачкан балээлерге терең токтолуудан мурда атомдогу бул күчтүн эмне экени жана кандайча пайда болоорунан кыскача сөз кылалы.

 

 Ядродо сакталган күч

 

Ааламдагы негизги күчтөр бөлүмүндө атом ядросунун ичиндеги протон менен нейтрондорду чогуу кармап турган күчтүн «Күчтүү ядролук күч» экенин айткан элек. Атом энергиясы деп аталган укмуштуу күч ядродогу ушул күчтүн эркиндикке чыгышы менен пайда болот. Бул энергиянын чоңдугу элементке жараша өзгөрөт. Себеби ар элементтин ядросундагы протон менен нейтрон сандары ар түрдүү. Ядро чоңойгон сайын нейтрон-протон сандары менен буларды чогуу кармаган күчтүн чоңдугу да өсөт. Чоң бир ядродо протондор менен нейтрондордун бирге турушун камсыздаган бул күчтү эркинге чыгаруу абдан кыйын. Бөлүкчөлөр бир-биринен бөлүнгөн сайын, бир жаа сыяктуу, чоңураак бир күч менен биригүүгө аракет кылышат.

Бул күчтү терең кароодон мурда өзгөчө токтолуу керек болгон бир жагдай бар: мынчалык кичинекей бир жерге кандайча болуп мынчалык чоң бир күч сыйууда. Бул ушундай бир күч болгондуктан, миңдеген адамдардын жылдар бою жүргүзгөн изилдөөлөрү натыйжасында аныкталган. Ага эч тийишүү болбогондо эч кимге зыяны жок, бирок адам кийлигишүүсү менен миллиондогон адамдарды өлтүрүүчү бир күчкө айлана алууда.

Атомдун ядросунда турган жана миллиондогон адамдын өмүрүнө коркунуч туудурган бул укмуштуу күчтү “fission” (ядролук бөлүнүү) жана “fusion” (ядролук биригүү) реакциялары деп аталган эки техникалык процесс ачыкка чыгарууда. Ядролук бөлүнүү деп аталган реакция атом ядросунун бөлүнүшү, ядролук биригүү аттуу реакция болсо эки ядронун чоң бир күч менен жакындатылып бириктирилиши кубулушу. Эки реакцияда тең абдан чоң санда энергия ачыкка чыгат.

 

Ядролук бөлүнүү (Fission)

Ядролук бөлүнүү деп аталган реакция – ааламдагы эң күчтүү күч болгон «Күчтүү ядролук күч» менен чогуу кармалып турган атом ядросунун бөлүнүшү. Ядролук бөлүнүү реакциясы эксперименттеринде колдонулган негизги зат – бул «уран». Себеби уран атому эң оор атомдордун бири, б.а. ядросунда абдан көп санда протон менен нейтрон бар.

Ядролук бөлүнүү эксперименттеринде илимпоздор уран ядросуна чоң бир ылдамдык менен нейтрон жөнөтүшкөн жана мунун натыйжасында абдан кызыктуу нерсени көрүшкөн. Нейтрон уран ядросу тарабынан жутулган соң, уран ядросу абдан тең салмаксыз абалга келген. Ядронун «тең салмаксыз» болушу ядро ичиндеги протон менен нейтрон сандары арасында айырма пайда болушу жана ушул себептен ядродо бир тең салмаксыздыктын пайда болушу дегенди билдирет. Натыйжада ядро бул тең салмаксыздыкты жойуу үчүн белгилүү санда энергияны чыгаруу менен бөлүктөргө бөлүнүп баштайт. Пайда болгон энергиянын таасири менен да ядро ичиндеги бөлүкчөлөрдү абдан чоң бир ылдамдык менен ыргытып баштайт.

Эксперименттерден алынган бул жыйынтыктардан соң «реактор» деп аталган атайын чөйрөлөрдө нейтрондор ылдамдатылып уранга жөнөтүлөт. Бирок нейтрондор уранга туш келди эмес, абдан кылдат эсептөөлөр менен жөнөтүлүүдө. Себеби уран атомуна жөнөтүлгөн кандайдыр бир нейтрон уранга ыкчам жана максат кылынган чекиттен тийиши зарыл. Ушул себептен бул эксперименттер белгилүү бир ыктымалдуулукту эске алуу менен ишке ашырылат. Канчалык чоңдукта бир уран массасы колдонулаары, уранга кандай санда бир нейтрон жөнөтүлөөрү, нейтрондордун уран массасын кандай ылдамдык менен жана канча мөөнөт бомбалаары абдан кылдат эсептелет.

Бүт эсептөөлөр жасалып, ылайыктуу чөйрө даярдалган соң, кыймылдаган нейтрон уран массасындагы атомдордун ядролоруна тийе турган абалда бомбаланат жана бул массадагы атомдордун жок дегенде бирөөсүнүн ядросунун экиге бөлүнүшү жетиштүү. Бул бөлүнүүдө ядронун массасынан орточо эки же үч нейтрон сыртка чыгат. Сыртка чыккан бул нейтрондор массанын ичиндеги башка уран ядролорун сүзүү менен чынжыр реакция башташат. Ар жаңы бөлүнгөн ядро да биринчи уран ядросун туурайт. Натыйжада бир-бирин уланткан ядро бөлүнүшү ишке ашат. Бул чынжыр аракеттер натыйжасында көп санда уран ядросу бөлүнгөндүктөн абдан укмуштуу чоңдукта бир энергия сыртка чыгат.

Он миңдеген адамдын өлүмүнө жол ачкан Хиросима жана Нагасаки балээлерине мына ушул ядро бөлүнүүлөрү себеп болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда, 1945-жылы Америка Хиросимага таштаган атом бомбасында жарылуу учурунда жана анын артынан эле болжол менен 100.000 адам өлгөн. Хиросима балээсинен үч күндөн соң кайра эле Американын Нагасакиге таштаган экинчи атом бомбасы себебинен жарылуу учурунда болжол менен 40.000 адам көз жумган. Ядродон чыккан күч бир тараптан адамдардын өлүмүнө себеп болсо, экинчи тараптан абдан чоң бир аянт кыйрап, ошол аймакта жашаган адамдарда радиация себебинен урпактар бою оңолбой турган генетикалык жана физиологиялык бузулуулар пайда болгон.

Дүйнөбүз, бүт атмосфера, биз да кошо, жандуу-жансыз бүт баары атомдордон турганда, атомдордун мындай ядролук реакцияларга киришине, ар качан, ар кандай жерде болушу мүмкүн болгон Хиросима менен Нагасаки сыяктуу окуяларга эмне тоскоол болууда?

Нейтрондор ушундай жаратылышкан; табиятта бир ядрого көз-каранды болбостон, эркин абалда жүргөндө «бета бузулушу» деп аталган бир бузулууга дуушар болушат. Бул бузулуу себебинен табиятта эркин нейтрон кездешпейт. Ошондуктан ядролук реакцияга кире турган нейтрондор жасалма жол менен алынат.

Бул жерде бүт ааламдын Жаратуучусу болгон Аллахтын бүт нерсени кылдат бир эсеп менен жаратканы көрүнөт. Аллах атомду ичиндеги бул укмуштуу күч менен бирге жараткан жана бул күчтү да кереметтүү абалда көзөмөлдөп турат.

 

Ядролук биригүү (Fusion)

Ядролук биригүү (fusion) – бул бөлүнүүнүн тескерисинче, абдан жеңил эки ядрону бириктирип оорураак бир ядро түзүү жана ушундайча байланыш энергиясын колдонуу. Бирок муну колдо жасоо абдан оор иш. Себеби ядролор оң зарядга ээ жана бир-бирине жакындатууга аракет кылынганда бир-бирин абдан күчтүү түртүшөт. Булардын биригишин камсыздоо үчүн араларындагы түртүү күчүн жеңе тургандай чоң бир күч колдонуу керек болот. Талап кылынган бул кинетикалык энергия (кыймыл энергиясы) 20-30 миллион даражалык бир температурага тең.46

Бул укмуштуу жогору бир даража. Изилдөөчүлөр жылдар бою сарп кылгандан көбүрөөк күч өндүрө турган туруктуу бир «ядролук биригүү» чыгаруу үчүн аракет кылганы менен, бүгүнкү күнгө чейин ийгиликке жете алышкан жок.

Ядролук биригүү реакциялары Күндө тынымсыз табигый түрдө ишке ашып турат. Күндөн келген ысык жана жарык суутек ядролорунун биригип гелийге айланышы жана бул айлануу учурунда жоголгон заттын ордуна энергия чыгышы натыйжасында пайда болууда. Күн секундасына 564 миллион тонна суутекти 560 миллион тонна гелийге айлантат. Калган 4 миллион тонна газ заты болсо энергияга айланат. Дүйнөбүздөгү жандуулук үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон күн энергиясын пайда кылган бул кереметтүү кубулуш миллиондогон жылдан бери, эч токтобостон уланууда. Бул жерде оюбузга мындай суроо келиши мүмкүн. Эгер күндө секундасына 4 миллион тонна зат жоголуп жатса, күн качан түгөнөт?

Күн секундасына 4 миллион тонна, мүнөтүнө болсо 240 миллион тонна зат жоготот. Күн 3 миллиард жылдан бери ушундай ылдамдыкта энергия чыгарган деп эсептесек, бул мөөнөт ичинде жоготкон массасы 400.000 миллион жолу миллион тонна болот; бул чоңдук ошондо деле күндүн учурдагы жалпы массасынын 5000ден бириндей гана. Бул 3 миллиард жылда 5 килограммдык бир таш жыйындысынан 1 грамм кум азайышы сыяктуу. Көрүнүп тургандай, күндүн массасы ушунчалык чоң болгондуктан, бул массанын түгөнүшү абдан көп убакыт талап кылат.

Адамзат күндүн түзүлүшүн жана ичинде болуп жаткан кубулуштарды ушул кылымда гана ачты. Мындан мурда эч ким ядролук жарылуу, ядролук бөлүнүү, ядролук биригүү сыяктуу кубулуштардан кабары да жок эле. Күндүн кантип энергия чыгараарын эч ким билчү эмес. Бирок адамзат буларды билбеген кезде эле күн миллиондогон жылдан бери ушул кереметтүү механизми менен жер бетинин жана жашоонун энергия булагы болууну улантып жаткан.

Бул жерде төмөнкү чындыкка көңүл буруу керек: дүйнөбүз кереметтүү чоңдукта бир массага ээ жана энергия булагы болгон күндөн ушунчалык эсептелген бир алыстыкта жайгашкандыктан, анын күйгүзүүчү, жок кылуучу таасирине да туш болбойт, ал камсыз кылган пайдалуу энергиядан да кол жууп калбайт. Ошол сыяктуу ушунчалык коркунучтуу бир күчкө жана энергияга ээ болгон күн да адам да кошо жер бетиндеги бүт жандууларга эң пайдалуу боло турган аралык, күч жана чоңдукта жаратылган.

Бул ири масса жана ичинде ишке ашкан укмуштуу ядролук реакциялар миллиондогон жылдан бери жер жүзү менен кемчиликсиз бир гармонияда жана толук көзөмөлдөнгөн абалда иш-аракетин улантууда. Мунун канчалык укмуштуу, жөнгө салынган жана тең салмактуу бир система экенин түшүнүү үчүн адамдын өзү жасаган жөнөкөй бир ядролук станцияны да башкаруудагы алсыздыгын эстөө жетиштүү. Мисалы, 1986-жылы Россиядагы Чернобль реакторунда болгон атомдук кырсыкка эч бир илимпоз, эч бир технологиялык шайман тоскоол боло алган эмес. Бул атомдук кырсыктын таасиринин 30-40 жылга уланаары айтылууда. Илимпоздор бул таасирге тоскоол болуу үчүн аймакты абдан жоон бетондор менен курчаса да, кийинчерээк бетондордон зыян чыгып жатат деген кабарлар айтылган. Ядролук жарылуу мындай турсун, радиациянын сызылып чыгышы эле адамдын жашоосу үчүн абдан кооптуу жана илим бул коркунуч алдында чарасыз калууда.

Мына ушул жерде Аллахтын чексиз күчүн жана ааламдагы ар бир атомду жана ал атомдун ичиндеги бөлүкчөлөрдү (протон, нейтрон...) башкарып турганын көрөбүз. Аллахтын жараткан нерселери үстүндөгү бул күчү жана башкаруусу бир аятта мындайча кабар берилет:

 

Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

 

Атом бомбасынын натыйжалары:

Хиросима жана Нагасаки

Экинчи дүйнөлүк согуштун акыркы жылы ташталган атом бомбалары атомдун ичинде канчалык чоң бир күч сакталуу экенин бүт дүйнөгө көрсөттү. Ташталган эки бомба тең жүз миңдеген адамдын көз жумушуна, калгандарынын көпчүлүгүндө өмүр бою оңолбой турган майыптыктарга себеп болгон.

Жарылуунун таасири бомбанын күчүнөн жана ар кандай чөйрө шарттарынан көз-каранды болсо да, Нагасаки менен Хиросима мисалдарына таянуу менен бир канча секунда ичинде жүз миңдеген адамдын өлүмүнө жол ачкан атомдун ичиндеги укмуштуу күчтүн баскыч баскыч кантип ортого чыкканын карайлы:

- Жарылуу учуру...

Бир атом бомбасы Хиросима менен Нагасакидеги сыяктуу 2000 м бийиктикте жарылды дейли. Жарылуучу массага учурулган жана алгачкы ядрону талкалаган нейтрон, жогоруда да айтылгандай, массанын ичинде чынжыр реакциясын пайда кылат. Б.а. алгачкы бөлүнгөн ядродон сыртка чыккан нейтрондор башка ядролорду сүзөт жана бул жаңы ядролорду талкалайт. Ошентип бүт ядролор биринин артынан экинчиси абдан ыкчам бөлүнөт жана абдан кыска убакыт ичинде жарылуу ишке ашат. Нейтрондор ушунчалык бат кыймылдагандыктан, секунданын миллиондон бириндей бир убакытта бомба чоңдугу болжол менен 1000 миллиард килокалорийлик бир энергияны ачыкка чыгарат.

Бомба айланган газ массасынын температурасы бир заматта бир канча миллион даражага жана газ басымы болсо бир миллион атмосферага чыгат.

- Жарылуудан секунданын миңден бириндей убакыт өткөн соң...

Жарылган газ массасынын аянты чоңойот жана айланага ар кандай нурдануулар жайылат. Бул нурлар жарылуунун «башталгыч жаркыроосун» түзөт. Бул жаркыроо ондогон километр диаметрлүү бир аянтта турган бир адамды толук сокур кыла алат. Бул жаркыраган жарык (беттин бирдиги башына) күн бетинен таркагандан жүздөгөн эсе чоң. Жарылуудан бери өткөн убакыт абдан кыска болгондуктан, бир адам көздөрүн жумганга да жетишпей калат.

Шоктун басым тарабы жабык эшиктерде оор кыйроолорго жол ачат. Мындан столбалар, эки бөлүктөн турган көпүрөлөр жана айнек-болоттон жасалган бийик имараттар да жабыр тартат. Жарылуунун жакын жерлеринен көп өлчөмдө пудрага окшогон майда чаң көтөрүлөт.

- Жарылуудан 2 секунда өткөн соң...

Жаркыраган масса жана аны курчаган аба бир тоголок отту пайда кылат. Бети али да абдан ысык жана күндөй, ал тургай анда да жаркыраган бул тоголок оттон таркаган температура 4-5 км диаметрдеги күйө турган бүт заттарды тутантканга жетиштүү. Тоголок оттун жаркыроосу көрүү сезимине эч оңолгус зыян бериши мүмкүн. Бул жерде тоголок оттун айланасында абдан чоң ылдамдык менен орун которгон шок толкуну келип чыккан болот.

- Жарылуудан 6 секунда өткөн соң...

Бул кезде шок толкуну жер бетин сүзөт жана алгачкы механикалык зыяндарга себеп болот. Толкун күчтүү бир аба басымын пайда кылат жана бул басымдын күчү жарылуу борборунан алыстаган сайын төмөндөйт. Бул чекиттен болжолдуу 1,5 километр алыста да кошумча басым кадимки атмосфера басымынан эки эсе жогору болот. Бул басымда адамдардын тирүү калуу ыктымалдуулугу 1%.

- Жарылуудан 13 секунда өткөн соң...

Шок толкуну жер бетине таркайт жана муну тоголок от кууган абанын жер которушу себебинен пайда болгон жарылуу ээрчийт. Бул жарылуу жерди бойлой 300-400 км/сааттык бир ылдамдык менен жайылат.

Бул кезде тоголок от сууйт жана көлөмү кичирейет. Абадан жеңил болгондуктан көтөрүлүп баштайт. Жогоруга багытталган бул кыймыл жер бетинде шамалдын багытынын тескери бурулушуна жол ачат жана күчтүү бир шамал башында жарылуу борборунан сыртты көздөй согуп жатса, эми борборду көздөй согуп баштайт.

- Жарылуудан 30 секунда өткөн соң...

Тоголок от көтөрүлгөн сайын анын формасы бузулат жана кадимки бир козу карын абалына келет.

- Жарылуудан 2 мүнөттөн соң...

Козу карын формалуу булут эми 12000 метрлик бир бийиктикке, б.а. атмосферанын стратосфера катмарынын астыңкы чегине жетет. Мынчалык бийиктикте соккон шамалдар козу карын формасындагы булутту акырын акырын таркатат жана булутту түзгөн заттарды (жалпысынан радиоактивдүү калдыктарды) атмосферага чачат. Бул радиоактивдүү калдыктар абдан кичинекей бөлүкчөлөр болгондуктан, атмосферада жогорураак катмарларга да чыгышы мүмкүн. Бул калдыктар жер бетине түшөөрдөн мурда атмосферанын үстүңкү катмарларында соккон шамалдар тарабынан дүйнөнүн айланасында бир канча жолу айлантылышы мүмкүн. Ошентип радиация калдыктары дүйнөнүн төрт тарабына таркашы мүмкүн.

 

Атомдон чыккан радиация

Радиация космосто секундасына 200.000 км сыяктуу абдан ыкчам кыймылдаган, гамма нурлары, нейтрондор, электрондор жана ушул сыяктуу бир канча түр элементардык бөлүкчөлөрдөн турат. Бул бөлүкчөлөр адам денесине оңой гана таасир бере алат жана денени түзгөн клеткаларга зыян тийгизе алат. Бул таасир өлүмчүл бир рактын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн же көбөйүү клеткалары ичинен орун алса, анда келечек урпактарга таасир бере турган генетикалык бузулууларга жол ачышы ыктымал. Ошондуктан бир радиация бөлүкчөсүнүн адамга тийишинин натыйжалары абдан олуттуу.

Атом жарылууларында ортого чыккан нурлар жандыктарга же түздөн-түз же жарылуу учурунда ортого чыккан майдаланган бөлүктөрү аркылуу таасир берет.

Бул бөлүкчө же нурлардын бири зат ичинде ыкчам баратканда, алдынан чыккан атом же молекулалар менен абдан катуу сүзүшөт. Бул сүзүшүүдөн клетканын назик түзүлүшү жабыр тартышы мүмкүн. Клетка өлүшү ыктымал же айыкса да, ичинде балким айлар, жылдар өткөн соң рак деп аталган, башкаруудан чыккан бир чоңойуу башталат.

Борбордук жарылуу чекитинен болжолдуу 1000 метр диаметрдеги аянтта радиация абдан жогору. Өлүмгө жол ачуучу башка таасирлерден кутулгандар кандарындагы лейкоциттердин дээрлик баарын жоготуп, терилерде жаралар пайда болот жана булардын баары бир канча күндөн эки үч жумага чейин узаган кыска убакыт ичинде кан жоготуудан өлөт. Жарылуу чекитинен алысыраактагыларга болсо радиациянын таасири башкача болот. Тоголок оттон жайылган бул зыяндуу нурларга кабылган адам денесинде 13, 16 жана 22 км алыстыктарда тиешелүү түрдө үчүнчү, экинчи жана биринчи даражадан күйүктөр болот. Тамак сиңирүүнүн бузулушу жана кан жоготуу жеңилирээк болот, бирок чыныгы жабыркоолор кийинчерээк пайда болот. Чачтардын түшүшү, теринин күйүшү, аз кандуулук, тукумсуздук, бойдон түшүү, майып бала төрөө... Бул окуяларда да он күндөн үч айга чейинки убакыт аралыгында өлүм болушу мүмкүн. Жылдар өткөн соң да көздүн бузулушу (көзгө чел түшүшү), ак кан (кан рагы, лейкомия) жана радиация рагы пайда болушу ыктымал.

Суутек бомбасы – түпкүрүндө ядролук биригүү реакциясына таянган жана абдан жогорку кыйратуучу күчкө ээ ядролук бир курал. Суутек бомбасынан сыртка чыккан энергия ошондой салмактагы атом бомбасына салыштырмалуу болжолдуу 1000 эсеге жогору. Суутек бомбасы жарылууларынын эң чоң коркунучтарынын бири – бул радиоактивдүү чаңдардын дем алуу, тамак сиңирүү жана тери аркылуу денеге кириши. Бул чаңдар кирдетүүнүн аз же көптүгүнө жараша жогоруда саналган ооруларга себеп болушат.

Бул саналгандардын баарына көзгө көрүнбөгөн майда атомдор себеп болушууда. Атомдор керек учурда жашоону түзсө, керек болгондо жашоону жок кылышат. Атомдун бул касиети бизге канчалык алсыз экенибизди жана Аллахтын кудуретинин канчалык жогору экенин айдан ачык көрсөтүүдө.

 


ЖЫЙЫНТЫК


 

Атомдордон түзүлгөн бир дене менен абадагы атомдорду дем алып, азыктардагы атомдорду жеп, суунун атомдорун ичип жатасыз. Көргөндөрүңүз болсо – көзүңүздөгү атомдорго тиешелүү электрондордун фотондор менен сүзүшүүсү гана. Ал эми тийип сезгендериңизчи? Алар болсо териңиздеги атомдордун буюмдардагы атомдорду түртүшү гана...

Албетте учурда көп адамдар денесинин, ааламдын, дүйнөнүн, кыскача айтканда, бүт нерсенин атомдордон тураарын билет. Бирок, балким ушул күнгө чейин биз «атом» деп атаган нерсенин кандай системага ээ экенин ойлонгон эмес чыгаар. Же ойлонсо да кантип пайда болгонун изилдөө муктаждыгын сезген эместир; себеби бул физиктердин гана иши деп ойлогондур.

Бирок адам бул кемчиликсиз система менен өмүр бою камыр-жумур жашап келатат. Болгондо да бул ушундай бир система; отурган креслобузду түзгөн триллиондогон атомдун ар бири ал жөнүндө китеп жазыла тургандай бир тартипке ээ. Жалгыз бир атомдун пайда болушун, системасын, күчүн түшүндүрүү канчалаган китеп бетин ээлейт. Ал тургай, технология өнүккөн сайын жана аалам жөнүндөгү маалыматыбыз өскөн сайын бул китеп беттери андан да көбөйүүдө.

Бүт бул тартип кандайча пайда болгон? Биг Бенгден соң атомдор өзүнөн-өзү пайда боло албайт. Ылайыктуу бир чөйрө кокустан түзүлө албайт жана бул атомдор кокустан биригип ааламды камтыган элементтерди пайда кыла алышпайт. Себеби айланаңызда көргөндөрүңүздүн баары, ал тургай биз көрө албаган аба да атомдордон турат. Жана бул атомдор арасында абдан татаал бир жолдор бар.

Анда бул атомдор арасындагы жолдорду ким башкарып жатат болду экен, сизби? Өзүңүздү атомдордон гана турам деп ойлосоңуз, атомдоруңуздун кайсысы кайсынысын, кайсы атомдоруңуз эмнени башкарып жатат? Башка атомдордон айырмасыз болгон мээңиздин атомдору беркилерин башкарып жатабы? Мээңиздин атомдорун башкаруучу деп кабыл алсак, төмөнкү суроолорго жооп беришибиз керек болот:

Мээни түзгөн атомдордун баары башкаруучу болсо, өз ара кантип жана эмнеге карап чечим алышууда?

Мээни түзгөн триллиондогон атом өз ара кантип кызматташып жатышат?

Эмне үчүн триллиондогон атомдун бирөөсү да алынган чечимге каршы чыкпайт?

Атомдор өз ара кантип байланыш курушууда?

Бул суроолор алдында «мээни түзгөн триллиондогон атомдун баары башкаруучу» деп айтуунун канчалык логикасыз бир сөз экени апачык көрүнүп турат.

Анда бул триллиондогон атомдун бирөөсү гана башкаруучу, калгандары аны ээрчип жатышат деп ойлонуу туура болушу мүмкүнбү? Жалгыз бир атомду башкаруучу кабыл алсак, анда оюбузга, ошол замат, кайсы атом башкаруучу жана бул атомду ким тандады деген суроолор келет:

Бул атом мээнин каеринде турат?

Бул атомдун башкаларынан айырмасы эмне?

Эмне үчүн башка атомдор кың дебестен бул атомду угушат?

Бул суроонун жообун бербестен мурда бир нерсени айтуу керек: сөз кылынган башкаруучу атом да башка бөлүкчөлөрдөн турат. Бул бөлүкчөлөр эмне үчүн жана эмнеге карап бул башкаруучу атомду түзүү үчүн биригишкен? Бул бөлүкчөлөрдү ким башкарып жатат? Бул бөлүкчөлөрдү башкарган башка бир эрк бар болгондуктан, бул атомду башкаруучу деп айтуу канчалык туура болот?

Мына ушул жерде мээбизди түзгөн атомдордун бири башкаруучу атом болушу мүмкүн деген көз-караш өзүнөн-өзү кыйрайт. Адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, таш-топурак, аба, суу, буюм, планеталар, космос боштугу бүт баары атомдордон турганда, ааламдагы бул чексиз сандагы атом бир-бири менен кантип толук бир гармонияда жашап келе жатат? Бул чексиз сандагы атомдордун кайсынысы, болгондо да өзү да бир канча бөлүкчөдөн турганда, башкаруучу болушу мүмкүн? Мындай бир пикирди айтуу же баарын кокустукка төңкөө жана ааламдарды жараткан Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу «абийирлери кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердик себебинен жокко чыгаруу» (Намл Сүрөсү, 14) гана болот.

Ойлонуп көрүңүз, атомдордун ар кандай формада биригишинен түзүлгөн бир адам дүйнөгө келип, атомдор менен азыктанып, чоңойот. Анан атомдордон турган бир имаратта атомдордон турган китептерди окуйт. Анан колуна атомдордон турган жана бетине «атом инженери» деп жазылган бир дипломду беришет. Бирок анан ал чыгып, «бул атомдор ээн баш кокустуктар натыйжасында биригишкен жана алардын ичиндеги кереметтүү система да кокустан пайда болгон» деген сыяктуу сөздөрдү айтат. Эгер мындай болсо, өзү бул сөздү айта турган аң-сезимди, эркти жана мээни кайдан алды?

Колуңуздагы бул эмгектин дээрлик ар бир бетинде, жандуу-жансыз ааламдагы бүт нерсени түзгөн атомдун өзүнөн-өзү же кокустан пайда болушунун мүмкүн эмес экенин кайра кайра көрдүк. Бүт бул айтылгандарга карабастан, дагы эле бул пайда болуу «кокустан» ишке ашкан же «кылып көрүү-жаңылуу жолу менен» бүгүнкү абалына келди деп ойлогондорго айтаарыбыз Аз. Ибрахимдин каапырларга айткан сөзү гана болот:

 
Аллах мага мүлк берди деп Раббиси жөнүндө Ибрахим менен талашка киргенди көрбөдүңбү? Ибрахим: «Менин Раббим тирилтет жана өлтүрөт» деген эле; ал болсо: «Мен да өлтүрөм жана тирилтем» деген. (Анда) Ибрахим: «Шексиз, Аллах күндү чыгыштан чыгарат, (кана) сен болсо аны батыштан чыгарчы» дегенде, ал каапыр ошентип мукактанып калган эле. Аллах заалымдар коомун хидаятка (туура жолго) жеткирбейт. (Бакара Сүрөсү, 258)


1.        Step­hen Haw­king’in Ev­re­ni, Da­vid Fil­kin, BBC Bo­oks, Ak­soy Ya­yın­cı­lık, Ara­lık1998, s. 90

2.        Step­hen Haw­king, Ev­re­ni Ku­cak­la­yan Ka­rın­ca, Al­kım Ki­tap­çı­lık ve Ya­yın­cı­lık, 1993, s. 62-63

3.        Henry Mar­ge­nau, Roy Ab­ra­ham Var­ges­se. Cos­mos, Bi­os, The­os. La Sal­la IL: OpeN Co­urt Pub­lis­hing, 1992, s. 241

4.        H. P. Lip­son, “A Physi­cist Lo­oks at Evo­lu­ti­on”, Physics Bul­le­tin, vol. 138, 1980, s. 138

5.        Taş­kın Tu­na, Uza­yın Sır­la­rı, Bo­ğa­zi­çi Ya­yın­la­rı, s.185

6.        Co­lin A. Ro­nan, The Uni­ver­se Exp­la­ined, The Earth-Dwel­lers’s Gu­ide to the myste­ri­es of Spa­ce, Henry Hol­tand Com­pany, s. 178, 179

7.        Taş­kın Tu­na, Uza­yın Sır­la­rı, Bo­ğa­zi­çi Ya­yın­la­rı, s.186

8.        Ste­ven We­in­berg, İlk Üç Da­ki­ka, (The First Three Mi­nu­tes), TÜ­Bİ­TAK Po­pü­ler Bi­lim Ki­tap­la­rı se­ri­si, 1995, s. 84

9.        Step­hen Haw­king, Za­ma­nın Kı­sa Ta­ri­hi, Mil­li­yet, s.9

10.    Hugh Ross, The Cre­ator and the Cos­mos, How Gre­atest Sci­en­ti­fic Dis­co­ve­ri­es of the Cen­tury Re­ve­al God, Co­lo­ra­do: NavP­ress, re­vi­sed edi­ti­on, 1995, s. 76

11.    Mic­ha­el Den­ton, Na­tu­re’s Des­tiny:How The Laws of Bi­ology Re­ve­al Pur­po­se in the Uni­ver­se, The New York: The Free Press,1998, s.12-13

12.    Pa­ul Da­vi­es, The Ac­ci­den­tal Uni­ver­se, Camb­rid­ge: Camb­rid­ge Uni­ver­sity Press, 1982, Ön­söz.

13.    Je­an Gu­it­ton, Tan­rı ve Bi­lim, Si­ma­vi Ya­yın­la­rı, 1993, s. 62

14.    Je­an Gu­it­ton, Tan­rı ve Bi­lim, Si­ma­vi Ya­yın­la­rı, 1993, s. 62

15.    Je­an Gu­it­ton, Tan­rı ve Bi­lim, Si­ma­vi Ya­yın­la­rı, 1993, s. 62

16.    Ümit Şim­şek, Atom, Ye­ni As­ya Ya­yın­la­rı, s.7

17.    Taş­kın Tu­na, Uza­yın Öte­si, Bo­ğa­zi­çi Ya­yın­la­rı, 1995, s. 53

18.    Je­an Gu­it­ton, Tan­rı ve Bi­lim, Si­ma­vi Ya­yın­la­rı, 1993, s. 62

19.    Taş­kın Tu­na, Uza­yın Öte­si, Bo­ğa­zi­çi Ya­yın­la­rı, 1995, s. 52

20.    Step­hen Haw­king’in Ev­re­ni, Da­vid Fil­kin, BBC Bo­oks, Ak­soy Ya­yın­cı­lık, s 142, 143

21.    Ric­hard Feyn­man, Fi­zik Ya­sa­la­rı Üze­ri­ne, TÜ­Bİ­TAK Ya­yın­la­rı, s. 150

22.    Ric­hard Feyn­man, Fi­zik Ya­sa­la­rı Üze­ri­ne, TÜ­Bİ­TAK Ya­yın­la­rı, s. 151

23.    Je­an Gu­it­ton, Tan­rı ve Bi­lim, Si­ma­vi Ya­yın­la­rı, s. 5

24.    Step­hen Haw­king, Za­ma­nın Kı­sa Ta­ri­hi, Mil­li­yet Ya­yın­la­rı, s. 117

25.    Mar­tin Sher­wo­od & Chris­ti­ne Sul­ton, The Physi­cal World, Ox­ford Uni­ver­sity Press, 1988, s. 81

26.    Mar­tin Sher­wo­od & Chris­ti­ne Sul­ton, The Physi­cal World, Ox­ford Uni­ver­sity Press, 1988, s. 82

27.    Mar­tin Sher­wo­od & Chris­ti­ne Sul­ton, The Physi­cal World, Ox­ford Uni­ver­sity Press, 1988, s. 79

28.    Vla­sov Tri­fo­nov, 107 Kim­ya Öy­kü­sü, TÜ­Bİ­TAK Ya­yın­la­rı, s. 117

29.    Vla­sov Tri­fo­nov, 107 Kim­ya Öy­kü­sü, TÜ­Bİ­TAK Ya­yın­la­rı, s. 118

30.    Da­vid Bur­nie, Li­fe, Eye­wit­ness Sci­en­ce, Lon­don: Dor­ling Kin­ders­ley, 1996, s.8

31.    Ne­vil V.Sidg­wick, The Che­mi­cal Ele­ments and The­ir Com­po­unds, vol.1, Ox­ford: Ox­ford Uni­ver­sity Press, 1950, s.490

32.    Mar­tin Sher­wo­od & Chris­ti­ne Sul­ton, The Physi­cal World, Ox­ford Uni­ver­sity Press, 1988, s. 30

33.    Struc­tu­re of Mat­ter, The Ti­me Inc. Bo­ok Com­pany, s. 70, 1992

34.    Mo­le­cu­les, Sci­en­ti­fic Ame­ri­can Lib­rary, P.W. At­kins, s. 115

35.    Mo­le­cu­les, Sci­en­ti­fic Ame­ri­can Lib­rary, P.W. At­kins, s. 128

36.    Mo­le­cu­les, Sci­en­ti­fic Ame­ri­can Lib­rary, P.W. At­kins, s. 130

37.    Mo­le­cu­les, Sci­en­ti­fic Ame­ri­can Lib­rary, P.W. At­kins, s. 93

38.    Taş­kın Tu­na, Uza­yın Öte­si, Bo­ğa­zi­çi Ya­yın­la­rı, 1995, s. 166

39.    Henry M. Mor­ris, Im­pact No. 111, Ey­lül 1982

40.    Prof.Dr. Carl Sa­gan, Cos­mos, s.37

41.    Dar­ling­ton C.D.,Evo­lu­ti­on for Na­tu­ra­lists, (NY, John Wi­ley, 1980) s.15

42.    The Ne­ces­sity of Dar­wi­nism, New Sci­en­tist, Vol 94, Ap­ril 15, 1982, s. 130

43.    Dr. Gary Par­ker, Im­pact No: 62, Ağus­tos 1978

44.    Je­an Gu­it­ton, Tan­rı ve Bi­lim, s.38

45.    Mic­ha­el Be­he, Dar­win’s Black Box, s.8

46.    Thé­ma La­ro­us­se, Te­ma­tik An­sik­lo­pe­di Bi­lim ve Tek­no­lo­ji, Ev­ren ve Dün­ya, Ma­te­ma­tik, Fi­zik, Kim­ya, Tek­no­lo­ji, s. 300
 

ЖАН КИРГЕН АТОМДОР


ЖАН КИРГЕН АТОМДОР


 
 
Бул жерге чейин заттын кантип жоктон бар болгону жана атомдор жөнүндө сөз кылдык. Жана атомдор жандуу-жансыз бүт баарынын курулуш материалы дедик. Бирок атомдордун жансыз нерселерден тышкары жандуулардын да курулуш материалы экенине басым жасоо керек. Атомдор жансыз бөлүкчөлөр болгондуктан бир жандуунун курулуш материалы болушу, албетте, абдан таң калыштуу. Бул ошол эле учурда эволюционист илимпоздор да эч түшүндүрө албаган жагдай.

Бир жерге чогулган таштардын жандууну пайда кылышы мүмкүн эмес болгон сыяктуу эле, жансыз атомдордун да биригип, өз башынча жандууларды пайда кылышы мүмкүн эмес. Бир таш сыныгы менен бир көпөлөктү элестетиңиз. Бирөө жансыз, экинчиси жандуу. Бирок түбүн караганыңызда экөө тең бирдей элементардык бөлүкчөлөрдөн турат.

Жансыз заттын жандууга өзүнөн-өзү айлана албашы жөнүндө мындай мисал да жакшы болушу мүмкүн: алюминий уча алабы? Жок; а эгер алюминийди, пластикалык зат жана бензин менен аралаштырсак уча алабы? Албетте анда да уча албайт. Эгер бул заттарды бир учакты түзө турган абалда чогултсаңыз гана уча алышат. Анда учактын учушун эмне камсыз кылууда? Канаттарбы? Моторбу? Учкучпу? Жок, булардын эч бири өз башынча уча албайт. Негизи учак эч учуу жөндөмү жок бул заттардын абдан пландуу бириктирилип жасалышы натыйжасында пайда болгон. Учуу жөндөмү алюминийден да, пластикадан да, бензинден да эмес. Бул заттардын өзгөчөлүктөрү маанилүү, бирок учуу жөндөмү бул заттардын абдан пландуу бириктирилиши менен гана мүмкүн болот. Жандуу системалар да дал ушундай. Бир жандуу клетка да жансыз атомдордун абдан пландуу бириктирилишинен пайда болгон. Жандуу клеткалардын чоңойуу, көбөйүү жана ушуга окшогон өзгөчөлүктөрү молекулалардын сыпатынын эмес, кемчиликсиз бир долбоордун натыйжасы. Бул жердеги долбоор Аллахтын өлүктөн тирүүнү жаратуусунан башка нерсе эмес:

 

«Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Энъам Сүрөсү, 95)

 

Жансыз бир затты бир жандууга улуу күч жана акыл ээси Аллах гана айланта алат, б.а. бир жандык жаратылышы гана мүмкүн. Жандуу системалар ушунчалык комплекстүү системаларга ээ болгондуктан, учурдагы технологиялык жетишкендиктер менен да алардын кандайча иштеши толук түшүнүлө алган жок.

Бирок 20-кылымда абдан чоң ылдамдыкта өнүккөн технология менен бирге укмуштуу алга жылган илим урматында байкалган бир чындык бар. Жандуулар абдан комплекстүү түзүлүшкө ээ. 19-кылымдын ортолорунда Эволюция теориясы чыккан кезде примитивдик микроскоптор менен жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр клетканы жөнөкөй бир так сыяктуу эле көрсөткөн. 20-кылымда болсо өнүккөн технологиялык шаймандар, электрондук микроскоптор менен жасалган байкоо жана изилдөөлөр жандыктардын курулуш материалы болгон клетканын кемчиликсиз бир долбоор натыйжасында гана пайда боло ала турган, абдан комплекстүү түзүлүштө экенин аныктады. Эң негизгиси бул изилдөөлөр жандуулуктун жансыз заттан өз башынча пайда болушунун эч мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Жандуулуктун булагы бир гана жандуулук. Бул чындык эксперименттер аркылуу да далилденди.39 Эволюционисттерди «камаган» бир маселе мына ушул. Ушул себептен жарга такалган атактуу эволюционист илимпоздор илимий далилдерди сунуунун ордуна көз бойомочулукка багытталган жомокторду айтышат. Заттын өз аң-сезими, жөндөмү, эрки бар деген эч акыл жана илимге сыйгыс көз-караштарды жакташат. Бирок бул тантырак жомокторго өздөрү да ишенишпейт жана жооп берилиши керек болгон негизги суроолордун илимий жактан жооптоло албаганын моюнга алууга мажбур абалда калышат:

«Жашоо баштала электе жер бети түшүмсүз жана жашоосуз болгон бир период бар эле. Азыр жер бетинде жашоо кайнайт. Бул кандайча болду экен? Жашоо жок кезде көмүртек негиздүү органикалык молекулалар кантип пайда болду? Алгачкы жандыктар кантип жашай баштады? Жашоо кандай бир эволюция көрсөтүп, учурдагы адамдар сыяктуу детальдарга толо, татаал жандыктар пайда болду? Өз тамырын изилдей турган жөндөмдөгү жандыктарга кантип жетишилди?»40

«Учурда эволюция теориясынын чечилбеген табышмагы – бул заттын булагынын эмне экени, кантип эволюциялашканы жана дүйнөдөгү азыркы формасына кантип жеткени жана эмне үчүн өзүн-өзү комплекстүү жандуу молекула топторуна айланта алганы.»41

Жогорудагы эволюционист илимпоз да мойнуна алгандай, эволюция теориясынын негизги максаты, негизги принциби – бул жандыктарды Аллахтын жаратканын жокко чыгаруу. Бирок ааламдын ар чекитинде жаратылуу чындыгы айдан ачык көрүнүп турса да жана ар бир детальдын кокустуктар менен эч пайда боло албагандай кемчиликсиз пландын жемиши экендиги ортого чыкса да, эволюционисттер бул чындыкты көрмөксөн болушкандыктан, чыкпас айлампа ичинде айланган бойдон турушат.

Учурдагы эң таанымал эволюция теориясы жактоочуларынан атактуу илимпоз Ричард Доукинс (Ric­hard Daw­kins) болсо төмөндөгү сөздөрү менен статистикалык жактан максатсыз кокустуктар баарын пайда кылган деген ишенимдин туура эмес экенин жана мунун жалгыз альтернативасынын табият үстү бир күч экенин мойнуна алууда:

«Бир нерсенин ишке ашуу ыктымалдыгы статистикалык жактан төмөндөгөн сайын анын кокустуктун натыйжасы эмес экенине болгон ишенимибиз ошончолук өсөт: демек эгер шанс жок болсо, буга жалгыз альтернатива – «акылдуу бир долбоорчунун» бар экендиги.»42

Бирок бул чындыкка ишенүүнүн ордуна эволюционист илимпоздор өлүк заттын жөндөмдөрү, заттын өзүн жандуу нерселерге айлантканы жөнүндө сөз кылууну тандашат. Бирок бул илимпоздор чындыкты көрмөксөн болуп жатып, байкабастан өздөрүн күлкүмүштүү абалга салышууда. Жансыз заттын, б.а. атомдордун жөндөмдүү экенин, бул жөндөмдөрүн колдонуу менен өздөрүн жандуу системаларга айлантканын жактоонун рационализм менен эч бир байланышы жок.

Бул акылга сыйгыс жомоктордун канчалык чындык менен байланышы бар экенин төмөнкү мисалды окуган соң өзүңүз чечесиз. Эволюционисттердин жансыз жана аң-сезимсиз атомдорду жандуу нерселерге жана эң негизгиси жогорку бир аң-сезимдүү жана мээлүү адамдарга айлантуу сценарийин караңыз:

Чоң жарылуудан соң кандайдыр бир себеп менен ичинде абдан так тең салмактуулуктагы күчтөр бар атомдор өздөрүн өздөрү пайда кылышкан. Бүт ааламды түзө турган сандагы атомдун бир бөлүгү космостогу жылдыздарды, планеталарды түзсө, бир бөлүгү дүйнөнү түзгөн. Дүйнөнү түзгөн атомдордун бир бөлүгү башында таш-топуракты түзүшсө, кийинчерээк кокустан жандыктарды пайда кылуу чечимин алышкан! Бул атомдор алгач абдан комплекстүү бир түзүлүштөгү клеткаларга айланышып, кийин пайда кылган бул клеткаларды экиге бөлүп көбөйтүшкөн, кийин болсо сүйлөп, угуп башташкан. Андан соң бул атомдор университет профессорлоруна айланышып, электрондук микроскоптор менен өздөрүн изилдешип, кокустан пайда болгонун айтып чыгышкан. Кээ бир атомдор биригип көпүрөлөрдү, бийик имараттарды курган инженерлерди, кээ бирлери биригип спутниктерди, космос унааларын, учактарды жасашып, кээ бирлери болсо физика, химия, биология тармактарында адистешишкен. Көмүртек, магний, фосфор, калий, темир сыяктуу атомдор биригип капкара бир жыйындыны түзүүнүн ордуна, кереметтүү комплекстүү жана сырлары али толук ачыла элек кемчиликсиз мээлерди пайда кылышкан. Бул мээлер эч бир технология менен жете албагандай тунук, 3 өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү көрүп башташкан. Атомдордун кээ бирлери комедия актерлорун түзсө, кээ бирлери комедия актерлорунун тамашаларына күлүшкөн. Жана кээ бир атомдор музыка чыгарса, кээ бирлери музыка угуп ырахат алышкан...

Бул жомокту созо берсе болот, бирок мунун эч ишке ашпашын көрсөтүү үчүн мындай бир эксперимент жасайлы; эволюционисттер жактап, бирок ачык айта албаган көз-карашты алардын атынан «Дарвиндин формуласы» деген ат менен карайлы:

Эволюционисттер көптөгөн, чоң идиштердин ичине жандыктардын түзүлүшүндө болгон фосфор, азот, көмүртек, кычкылтек, темир, магний сыяктуу элементтерден каалашынча салышсын. Ал тургай нормалдуу шарттарда кездешпеген, бирок бул аралашма ичинде болсун деп каалаган заттарды да бул идишке салышсын. Бул аралашманын ичине каалашынча амино-кислота, каалашынча (бир даанасынын кокусунан пайда болуу ыктымалдуулугу 1/10950 болгон) протеин кошушсун. Бул аралашмаларга каалаган деңгээлде ысыктык жана нымдуулук беришсин. Буларды каалаган эң алдыңкы инструменттер менен аралаштырышсын. Идиштердин жанына дүйнөнүн алдыңкы илимпоздорун койушсун. Бул адистер атадан балага, урпактан урпакка өткөрүп, алмак-салмак миллиарддаган, ал тургай триллиондогон жылдар бойу идиштердин башында туруп күтүшсүн. Бир жандык пайда болушу үчүн кандай шарттар керек болгон болсо, каалагандай шарт түзүү эркин болсун. Бирок эмне гана кылышпасын, ал идиштерден эч качан бир жандык чыгара алышпайт. Жирафтарды, арстандарды, аарыларды, булбулдарды, тоту куштарды, аттарды, дельфиндерди, гүлдөрдү, орхидеяларды, банандарды, апельсиндерди, алмаларды, курмаларды, помидорлорду, коондорду, дарбыздарды, жүзүмдөрдү, түркүн түстүү көпөлөктөрдү жана ушулар сыяктуу миллиондогон жандык түрүнүн эч бирин жарата алышпайт. Бул жерде саналган бул жандыктардын бирөөсүн эмес, булардын жалгыз бир клеткасын да пайда кыла алышпайт.

Зат Аллахтын жаратуусу менен гана бар болот. Мунун тескерисин жактаган эволюция теориясы болсо акылга эч сыйбас бир жомок. Эволюционисттердин жактаган ойлору жөнүндө бир аз эле ойлонуу, жогорудагы мисал көрсөткөндөй, бул чындыкты апачык көрсөтөт.

Эми болсо аң-сезимсиз атомдордун өз башынча жашоонун негизи болгон ДНК молекуласын жана протеиндерди пайда кылып, кыла албашын да карап көрөлү.

 

ДНКнын комплекстүү түзүлүшү

ДНК (дезоксирибонуклеиндик кислота) клетка ядросунда жайгашкан, дененин бүт бөлүктөрүнүн, дененин ар түрдүү өзгөчөлүгүнүн маалыматын алып жүрүүчү коддорду камтыйт. Бул коддор ушунчалык комплекстүү болгондуктан, илимпоздор бул кодду 1953-жылдардан кийин гана бир аз чечмелей алышкан. ДНК бир тараптан бир жандык жөнүндөгү бүт маалыматтарды камтыса, экинчи тараптан өзүн-өзү дал өзүндөй копиялап көбөйө алат. Атомдордун чогулушу, б.а. молекулаларды түзүшү менен гана пайда болгон бир молекуланын кандайча маалымат алып жүрөөрү жана кантип өзүн-өзү копиялап көбөйөөрү да жообу табылбаган суроолордун бири.

Протеиндер болсо бир жагынан жандыктардын курулуш материалы, экинчи жагынан болсо организмдин көптөгөн маанилүү функциясында негизги ролду ойнойт. Мисалы, бир гемоглобин протеини денебиздин бүт жагына кычкылтек ташыйт, антитело протеиндери денеге кирген микропторду таасирсиз кылат, энзим протеиндери жеген тамактарыбызды энергия бере турган заттарга келе турган абалда сиңиришибизди камсыздайт... ДНКбызда болжол менен 50 миң түрдүү протеин жасалышын камсыз кылуучу «рецепттер» бар. Көрүнүп тургандай, протеиндер бир жандыктын жашоосун улантышы үчүн абдан чоң мааниге ээ жана бул протеиндердин бирөөсү эле болбосо жандык жашай албайт. Баары ири молекулалар болгон ДНК менен протеиндердин өз башынча, кокустуктар натыйжасында пайда болушу илимий жактан мүмкүн эмес.

ДНК өзгөчө бир тизмектен турган бир нуклеотиддер тизмеги; бир протеин дагы атайын тизмектерге ээ болгон аминокислоталар тизмеги. Баарынан мурда, ДНК молекулаларынын да, миңдеген түрдөгү протеин молекуласынын да кокустуктар натыйжасында жандыктар үчүн маанилүү болгон ылайыктуу тизмектерге ээ боло алышы математикалык жактан мүмкүн эмес. Ыктымалдуулук эсептөөлөрү эң жөнөкөй бир протеин молекуласынын да кокустуктар натыйжасында туура тизиле алышынын «0» ыктымалдуулук экенин көрсөтүүдө (караңыз: Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), Harun Yahya). Бул математикалык ыктымалсыздыктан тышкары, бул молекулалардын кокустан пайда болушунда маанилүү химиялык тоскоолдук да бар: эгер ДНК менен протеиндер арасындагы байланыш убакыт, кокустук жана табигый процесстер натыйжасында келип чыккан болгондо, ДНК менен протеиндер бир-бири менен баш аламан реакцияга кирүү тенденциясында болушмак. Себеби кислота менен негиздердин (базис) бир-бири менен реакцияга кирүү тенденциясы абдан жогору. Натыйжада, кокустуктар роль ойногон болгондо, ДНК менен протеиндер учурдагы жандыктарды пайда кылуунун ордуна, табигый реакцияларга киришип, шекер-кислотасы, амино фосфордук кислота сыяктуу ар түрдүү молекулаларды пайда кылышмак.

Химиялык түзүлүшү оңой гана реакцияга кирүүгө ылайыктуу болгон ДНК менен протеиндердин убакыттын өтүшү менен кокустан жандыктын жашоосун пайда кылышы мүмкүнбү? Жок, эч мүмкүн эмес. Маселе мындайча: ДНК менен протеиндер кириши ыктымал болгон бүт химиялык реакциялар жандыктын жашоосунун пайда болушуна мүмкүндүк бербеген ТУУРА ЭМЕС реакциялар. Эгер убакыт менен шанска калганда, ДНК менен протеиндер жандыктын жашоосун пайда кылуу мындай турсун, жандык жашоосун жок кыла турган багытта реакцияга киришмек.43

Байкалгандай, кокустан пайда болушу эч качан мүмкүн болбогон ДНК менен протеиндердин пайда болгондон кийин да жандууну пайда кылуу үчүн ээн баш болушу эч мүмкүн эмес. Учурдагы таанымал ойчулдардан Жан Гиттон да (Je­an Gu­it­ton) «Теңир жана илим» аттуу китебинде бул ыктымалсыздыкка басым жасап, жандуунун пайда болушунун кокустуктар натыйжасында эч мүмкүн эмес экенин айткан:

«Кайсы «кокустук» натыйжасында кээ бир атомдор бир-бирине жакындап амино-кислоталардын алгачкы молекулаларын пайда кылышты? Кайсы кокустук менен бул молекулалар чогулуп ДНК деп аталган бул абдан комплекстүү түзүлүштү жасашты? Биология илимпозу Франсуа Жакоб (Fran­ço­is Ja­cob) сыяктуу мен дагы төмөнкү жөнөкөй суроону узатам: алгачкы жандуу клетканын туулушун камсыз кыла турган алгачкы маалыматты берген алгачкы ДНК молекуласынын пландарын ким даярдады?

Эгер ишке кокустукту киргизген гипотезалар менен чектелсек, бул суроолор –жана дагы бир тобу- жоопсуз калат; ошол үчүн бир канча жылдан бери биология илимпоздорунун пикирлери өзгөрүп баштады. Жогору жактагы изилдөөчүлөр Дарвин мыйзамдарын эми ойлонбостон, жаттап түшүндүрүү менен чектелишпөөдө, көбүнчө таң калыштуу жаңы теорияларды чыгарышууда. Булар – апачык заттан жогору, жөнгө салуучу бир принциптин ишке аралашканына таянган теориялар.»44

Жан Гиттон да айткандай, 20-кылымдагы изилдөөлөр жана илимий ачылыштар жарыгында илим ушундай бир чекке жетти; эми Дарвиндин эволюция теориясынын такыр жараксыз экени илимий бир чындык. Бул илимий чындык жөнүндө америкалык биолог Майкл Бехе (Mic­ha­el Be­he) белгилүү «Дарвиндин кара кутусу» китебинде мындай дейт:

«Илим жашоонун химиясынын кандайча калыптанганын түшүнүү үчүн абдан чоң кадамдарды жасады. Бирок биологиялык системалардын молекулярдык деңгээлдеги кылдат тартиби жана комплекстүүлүгү булардын келип чыгышын түшүндүрүү темасында илимди шал кылды. Ушул себептен комплекстүү биомолекулярдык системалардын кандайдыр бирөөсүнүн башталышы жөнүндө бир изилдөө аракети жасалган эмес. Көп илимпоздор өздөрүнө ашыкча ишенип, жооптор алда качан колубузда деп айтышкан. Же жакында бул жоопторду алабыз деп айтышкан, бирок профессионалдуу илим адабиятында көз-караштарына колдоо таба алышкан эмес. Андан да маанилүүсү, системалардын өз түзүлүшү изилденгенде, жашоо механизмдеринин Дарвиндик бир көз-караш менен эч түшүндүрүү мүмкүн эмес экени анык.»45

Бүт аалам жоктон жаратылган сыяктуу, жандыктар да жоктон жаратылган. Эч нерсе жоктон кокустан пайда боло албаган сыяктуу, өлүк заттар да кокустан биригип жандыктарды пайда кыла алышпайт. Чексиз кудурет, чексиз акыл жана чексиз илим ээси Аллахтын күчү гана буларды жасоого кудуреттүү:

 
«Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка буйрук берген Аллах. Күндүздү токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу менен баш ийдирген. Кабарыңар болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана) Ага тиешелүү. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улук.» (Аьраф Сүрөсү, 54)


39.  Henry M. Mor­ris, Im­pact No. 111, Ey­lül 1982

40.    Prof.Dr. Carl Sa­gan, Cos­mos, s.37

41.    Dar­ling­ton C.D.,Evo­lu­ti­on for Na­tu­ra­lists, (NY, John Wi­ley, 1980) s.15

42.    The Ne­ces­sity of Dar­wi­nism, New Sci­en­tist, Vol 94, Ap­ril 15, 1982, s. 130

43.    Dr. Gary Par­ker, Im­pact No: 62, Ağus­tos 1978

44.     Je­an Gu­it­ton, Tan­rı ve Bi­lim, s.38

45.     Mic­ha­el Be­he, Dar­win’s Black Box, s.8