18 Ağustos 2014 Pazartesi

ЖООЛУК ЖАНА ХИДЖАБ ЖӨНҮНДӨ

Нур Сүрөсү 31-аят- 1-бөлүк
Ыймандуу аялдарга да айт: «Көздөрүн (арамды кароодон) алып качышсын жана намыстарын сакташсын; кооздуктарын көрсөтүшпөсүн, бирок өзүнчө көрүнгөндөрдөн тышкаркысын. Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын. Кооздуктарын өз күйөөлөрүнөн же аталарынан же балдарынан же күйөөлөрүнүн балдарынан же өз бир туугандарынан же бир туугандарынын балдарынан же кыз бир туугандарынын балдарынан же өз аялдарынан же кол астындагылардан же аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылардан же аялдардын уяттуу жерлерин али биле элек жаш балдардан башкасына көрсөтүшпөсүн. Жашырган кооздуктары билинсин деп буттарын жерге урушпасын. Баарыңар чогуу Аллахка тообо кылгыла эй ыймандуулар, ошондо кутулууга жетээрсиңер.» (Нур Сүрөсү, 31)
Дээрлик бүт Куран маанилеринин котормосунда аяттагы «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деген сүйлөмдө негизи «жоолук» деген сөз кездешпейт. Бул жерде колдонулган сөз «жамынчы». Аяттагы сөздөрдүн арапча маанилерин караганыбызда муну апачык көрө алабыз:
وَلْيَضْرِبْنَ
Йадрибне: «Дарабе» этишинен келип чыккан, «уруу, согуу, таштоо, жабуу, тосуу» маанисинде.
بِخُمُر هِنَّ ِ
Хумурихинне: «Хамара» сөзүнөн келип чыккан. «Хамрү» «шарап, мас кылуучу» деген мааниге келет. Бул сөз бул аятта «жамынчы» маанисине келет. Көбүнчө «ар кандай жамынчы, парда, тосмо; шылтоо» сыяктуу маанилер берилет.
جُيُوبِهِنَّ
Жуйубихинне: «Жүйуб» сөзүнүн көптүк түрү. Көкүрөк, жака, чөнтөк, коюн, мончок сыяктуу маанилери да бар.
Эми аяттын «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деп которулган «вел йадрибне бихумурихинне аъла жуйубихинне» деген бөлүгүн сөздөр боюнча карап чыгалы:
Хумур / Жабуу сөзүн карап чыгуу
Жоолукка далил катары колдонулган «Хумур» сөзүнүн өтө көп маанилери бар, бирок жалпысынан «жамынчы» деген мааниге келген «хымар» сөзүнүн көптүк түрү жана «жабуу» деген мааниге келген «хамр» уңгусунан келип чыккан.
Сөздүктөрдө «хымар» жалпы мааниси жагынан «жамынчы» деп которулат, сөз «кандайдыр бир нерсени жабуу» деген мааниге келет.
Ошондуктан аятта «жоолуктарын» деп которулган сөз чындыгында «жамынчы» деген гана сөз жана «баш» деген (баштагы жоолук маанисине келчү) сөз аятта эч орун алган эмес.
«Йадрибне» / Уруу этишин карап чыгуу
Аяттагы бул этиш жоолукту Курандын бир өкүмү катары көрсөтүүгө аракет кылгандар тарабынан «түшүрүшсүн, салышсын» деп которулат. Мунун себеби, башта ансыз да жоолук бар болгон деген көз-карашын туура көрсөтүү үчүн «жоолуктарын көкүрөгүнө түшүрүшсүн» деген сүйлөмдү колдоно алуу. Чындыгында болсо бул этиштин мындай мааниси жок жана анын колдонулушу төмөнкүдөй:
«Йадрибне» этиши «дарабе» уңгусунан келип чыккан. Даребе «уруу, согуу, таштоо, жабуу, тосуу» деген маанилерге келет. Аяттагы колдонулушунда, б.а. «жамынчылары менен (бихумурихинне) көкүрөктөрүнө (жуйубихинне) урушсун (лийадрибне)» деп жамынчы менен көкүрөк аймагын жабуу керек экени айтылган.
Куранда «салышсын, түшүрүшсүн» деген мааниде «фелйүднине» деген сөз колдонулат. Бул этиш болсо аятта такыр кездешпейт.
Жуйуб / Көкүрөк ачыгы сөзүн карап чыгуу
«Жуйуб» деген сөз «жеп» (чөнтөк) деген сөздүн көптүк түрү (көйнөктө чөнтөк ачуу, чөнтөгүнө салуу, чөнтөгүнөн чыгаруу деген сыяктуу маанилерде колдонулат)
Мындан тышкары, көкүрөк, жака, коюн, тешик, оюк, мончок, майда акча салган сумка, ачыктык, жарык, моюн деген сыяктуу маанилери да бар.
«Жуйуб» сөзү Куранда 3 жолу кездешет. «Жуйуб» сөзү Нур Сүрөсүнүн 31-аятында колдонулат, сөздүн жекелик түрү, б.а. «жейб» болсо Аз. Муса (ас) окуясы баяндалган эки аятта кездешет. Бул сөз ал эки аятта болсо төмөнкүчө колдонулган:
«Колуңду койнуңа (фи жейбике) сал, анан ал укмуш апакай болуп чыксын... (Немл Сүрөсү, 12)
Колуңду койнуңа (фи жейбике) сал. Укмуш апакай болуп чыксын. ... (Касас Сүрөсү, 32)
Көрүнүп тургандай, жогорудагы эки аятта тең «жуйуб» сөзү Аз. Муса (ас)дын «көкүрөгү/ койну» деген мааниде колдонулган. Буларды караганыбызда, «жуйуб» сөзү «хымар», б.а. «жабуу» сөзү менен чогуу колдонулганда, көкүрөктүн жабылышы деген мааниге келээри ачык. «Башты жабуу (жоолук салуу)» деген сыяктуу бир маани болсо аяттын эч бир жеринде жок.
Ошондуктан «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деп тафсир кылынган бөлүктүн чыныгы мааниси «жамынчыларын көкүрөктөрүнүн үстүнө жабышсын» болот. Аятта баштын эмес, көкүрөктүн жабылышы өкүм кылынган.

Бул багыттагы хадистерге туураланган, туура эмес котормолор
«Жоолук» деген өкүмдү чыгара алуу үчүн Нур Сүрөсүнүн 31-аяты кээ бир тафсирчилер тарабынан кээде бурмаланган кээ бир сүйлөмдөрдү колдонуп которулган. Андагы максат аятты төмөндө келтирилген хадистерге тууралоо болгон (аятты аруулайбыз). Негизги бурмалоо болсо «жоолуктарын салышсын» деп туура эмес которуу аркылуу жасалууда.
Бир туура эмес тафсир: «жоолуктарын салышсын»
Аяттын «Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын» деп тафсир кылынган бул бөлүгүндө жогоруда ар бир сөзү арапча маанилеринен карап чыгылгандай, «баш жоолугу» деген сөз да, «салынышсын» деген сөз да жок. Ошого карабастан, аятты ушундай тафсир кылгысы келген кишилер Куранга карама-каршы келишкени үчүн, бул тафсирлерин түшүндүрүүдө маанисиз жана парадоксалдуу абалга түшүшөт. Көпчүлүгү «ансыз да баштарында бар болгон жоолукту жакаларына салышты» деген сыяктуу таң калыштуу сөздү айтып, ага чейин эле аялдардын башында бир жамынчы болгон дешет. Ал кездеги мусулман аялдардын «ансыз да баштарында бир жамынчы» болушу үчүн бул жөнүндө Куран менен келген бир шарт, бир өкүм талап кылынат. Бирок Курандын эч бир жеринде жоолук жөнүндө эч сөз болбойт. Ошондуктан ал доордогу аялдардын бир өкүмдүн негизинде баштарында бир жоолук менен жүрүшү мүмкүн эмес. Ушул себептен «ансыз да бар болгон бир жоолук» деген түшүндүрмө маанилүү бир логикасыздыкты көрсөтөт.
1.      «Ансыз да башта бар болгон бир жамынчы» дегенди түшүндүрүү үчүн кээ бир тафсирчилер Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятында айтылган «жилбаб», б.а. хиджаб жөнүндөгү аятты Нур Сүрөсүнүн 31-аятынан мурда түшүрүлгөн, ошондуктан мусулман аялдардын баштарында ага чейин эле бир жамынчы бар болгон дешет. Өтө чоң логикасыздыктын бирөө ушул жерде келип чыгат. Жилбаб ансыз да, бир аздан соң терең каралгандай, бүт денени баштан ылдый жапкан бир кийим, б.а. хиджаб. Максаты ансыз да денени жабуу. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында аялдарга көкүрөктөрүңөрдү жапкыла деп өкүм кылынганын эстесек, жилбаб, б.а. хиджаб менен жүргөн бир аялдын көкүрөгүнүн ачык болуу ыктымалдыгынын жок экенин, ошондуктан бул аяттын бүт денеси менен башын хиджаб менен жапкан аялдарга кайрылбаганын да түшүнөбүз. Бул пикирди айтып чыккандар бул маанилүү жана негизги жагдайды унутушкан.
2.      Ал доордо араптарда аялдар жылаңач жүрүшкөн. Аят ошонун негизинде түшүрүлгөн. Бул аяттан соң мусулман аялдар ачык жүргөн көкүрөктөрүн жаап башташкан. Аятта айтылган «жуйуб» сөзүнүн көкүрөк деген мааниге келээрин жана бул аяттагы сүйлөмдүн чыныгы маанисинин «жамынчыларын көкүрөктөрүнүн үстүнө жабышсын» деген мааниге келээрин кайра эске салалы.
3.      «Ансыз да бар болгон жоолук» деген жаңылыштыкты жактаган кээ бир тафсирчилердин ою боюнча, ал аялдардын баштары жоолук менен «ага чейин эле» жабылган, бирок бул логика боюнча кандайдыр бир себептен көкүрөктөрү ачык жүрүшкөн! Бул логика боюнча, аялдар баштарын жабууга акылы жетип, бирок көкүрөктөрүн жабууга баштары жеткен эмес (мусулмандарды аруулайбыз). Баштарындагы жоолукка өтө маани беришип, бирок денелери жылаңач жүрүшкөн. Бул тафсирчилердин «ансыз да бар болгон жоолугу» деген түшүндүрмөсү ушул жыйынтыкка алып келет. Бул кишилер бул чечмелөөсү аркылуу «көкүрөктөрү ачык, бирок баштары жабык» болгон ал аялдарга баштарыңардагы жоолукту төмөн көздөй салынып, көкүрөктөрүңөрдү да жапкыла деп насаат кылынган дешүүдө. Бул чоң логикасыздык «башыңарды жапкыла» деген өкүмдү мажбурлап Куранга киргизүү аракетинен келип чыккан бир жыйынтык.
4.      Бул кызыктай чечмелөө боюнча, «башта ага чейин эле бар болгон жоолук» ушунчалык узун болгондуктан, аны көкүрөктү эки тараптан толук жаба турганчалык төмөн түшүрүүгө болот. Ошондуктан бул түшүнүк боюнча, жылаңач жүргөн ал кездеги аялдардын башында «ансыз да» бир жоолук болгон, жана ал хиджаб сыяктуу узун болгон. Аятты «жоолуктарын салышсын» деп туура эмес чечмелөө андай тафсирди жасагандарды ушунчалык чоң логикасыздыкка алып барууда. Бул мааниси апачык турган бир аятка башка маани берүүгө аракет кылуунун бир натыйжасы.
Аятка жоолукту кошуу үчүн ойдон чыгарылган хадистердин чечмелөөлөрү болсо мындан да чоң логикасыздыктарды камтыйт. Бул кийинки бөлүмдөрдө каралат.

Аяттардын арап тилиндеги маанилери жана тафсирлердин тууралыгы жөнүндө керектүү маалыматтар
Арапча бир текстти толук түшүнүү үчүн, б.а. туура котормо жасоо үчүн көңүл буруу керек болгон кээ бир жагдайлар бар:
1-Сөздөрдүн арапча колдонулушун эске алуу
Аялдардын кийими жөнүндөгү критерийлерди толук белгилөө үчүн «жамынчы» сөзүнүн арап тилинде кандай колдонулаарына да көңүл буруу керек.
Жалпысынан арап тилинде «жамынчы» сөзү «жабыла турган» нерсе менен чогуу колдонулат. Мисалы, «жабуу» сөзүнүн жанына «стол» сөзү келгенде «столго жапкыч» болуп калат, ошол сыяктуу «жабуу» («хымар») сөзүнүн жанына «баш» («реъс») сөзүнүн келиши менен «хымарү-реъс», б.а. «башка салынчу жоолук» сөзү келип чыгат. Эгер Куранда аялдардын баштарын жабышы буйрулганда, колдонула турган сөздөрдүн бири ушул, б.а. «хымарү-реъс» болмок.
Куранда даарат алуу жөнүндөгү Маида Сүрөсүнүн 6-аятында баштын масх кылынышында «баш» сөзүнө «реъс» менен басым жасалган.
Эй ыймандуулар, намазга турганыңарда жүздөрүңөрдү жана чыканакка чейин колдоруңарды жуугула, баштарыңарды масх кылгыла жана эки томукка чейин буттарыңарды да. (Маида Сүрөсү, 6)
Арапча окулушу: Йа аййуха аллазийна амануу иза кумтум ила ассалати фа игсилуу вужухекум ва айдийакум ила альмарафики ва имсахуу би руусикум.
Апачык көрүнүп тургандай, эгер Аллах аялдарга башыңарга жоолук салынгыла деп буйрук бергенде, бул буйрук Куранда ачык жана так билдирилмек. Бирок аялдардын кийимдери жөнүндөгү аяттарды караганыбызда баш жөнүндө мындай басым жасалбаганын көрөбүз.
2-Курандагы сөздөрдү башка аяттар менен карап чыгуу
Куранда бир жагдайды иликтөөдө ал сөздүн аяттагы башка сөздөр менен кантип колдонулганын жана башка аяттарда ал сөздүн кандай мааниде колдонулганын да кароо керек.
Нур Сүрөсүнүн 31-аятындагы «хымар» («жамынчы») сөзүнүн жанында колдонулган жана анын маанисин тактаган сөз «жуйуб» сөзү; бул сөз жогоруда каралгандай, бүт башка аяттарда да «көкүрөк» аймагы деген мааниде колдонулган. Ошондуктан көкүрөктү жабыш керек экени айтылган.
3-Арапча сөздөргө кашаанын ичинде маани кошууда жакшылап ойлонуу керек
Арап тили башка көптөгөн тилдерге салыштырмалуу сөзгө бай, ичиндеги маанилери жагынан өтө кенен бир тил. Өтө аз сөз менен өтө көп нерсени айтууга болот жана бир сөз көп түрдүү колдонулуп, бир сөздүн бир канча мааниси болушу мүмкүн. Ошондуктан аяттагы маани апачык болуп турса да, көп тафсирлерде кашаанын ичинде түшүндүрмөлөр, кошумчалар жасалып, котормочунун жеке чечмелөөлөрүнө жараша багыт берилүүдө.
Бул жерде эскерте кетели, Куран котормолорун жасаган кишилердин кээ бирлери салттык Ислам түшүнүгүндөгү кишилерден тургандыктан же көбүнчө ошондой кишилердин котормолору негиз алынгандыктан, аят котормолорундагы жеке чечмелөөлөр да көбүнчө салттык кабыл алынган хадистерге таянып жасалууда. Кашаалар же чечмелөөлөр аркылуу котормочулар –билип же билбей- аяттын маанисин ал темадагы хадистердин маанисине ылайык өзгөртүшүүдө.
Нур Сүрөсүнүн 31-аятын Куран маанилеринин котормолорунан караганыбызда, аяттын эч бир жеринде «жоолук» сөзү кездешпесе да, тафсирчилер тарабынан кашаанын ичинде же түздөн-түз тексттин өзүндө «жоолук» деген сөздүн колдонулганын көрөбүз. Аятта «баш», б.а. «реъс» деген сөз эч болбогонуна жана «жамынчы» сөзү «көкүрөк» деген сөз менен чогуу колдонулганына, б.а. жабуу керек болгон жер –көкүрөк- апачык белгиленгенине карабастан, «кандайдыр бир жамынчы» маанисине келген «хымар» сөзү жанында «баш» деген сөз тургандай, «баш жоолугу» деп которулууда. Ошондуктан аяттагы өкүм өзгөртүлүп, өзгөртүлгөн өкүм жайылтылып салтка айландырылууда жана мындан аялдар башын жабышы керек деген бир жыйынтык чыгарылууда.
Чындыгында болсо, тафсирчилер тарабынан кийин кошулган бул чечмелөө алып салынганда, аяттын апачык көкүрөк аймагын жабууга ишарат кылганы көрүнөт. Аятты түз окуган ар бир адам ушул маанини гана түшүнөт.

Нур Сүрөсүнүн 31-аятынын түшүндүрмөсү – 2-бөлүк
Ыймандуу аялдарга да айт: «Көздөрүн (арамды кароодон) алып качышсын жана намыстарын сакташсын; кооздуктарын көрсөтүшпөсүн, бирок өзүнчө көрүнгөндөрдөн тышкаркысын. Жоолуктарын жакаларынын үстүн (жаба тургандай кылып) салынышсын. Кооздуктарын өз күйөөлөрүнөн же аталарынан же балдарынан же күйөөлөрүнүн балдарынан же өз бир туугандарынан же бир туугандарынын балдарынан же кыз бир туугандарынын балдарынан же өз аялдарынан же кол астындагылардан же аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылардан же аялдардын уяттуу жерлерин али биле элек жаш балдардан башкасына көрсөтүшпөсүн. Жашырган кооздуктары билинсин деп буттарын жерге урушпасын. Баарыңар чогуу Аллахка тообо кылгыла эй ыймандуулар, ошондо кутулууга жетээрсиңер.» (Нур Сүрөсү, 31)
«Аялдардын кооздуктары» жөнүндөгү чечмелөөлөр
Нур Сүрөсүнүн 31-аятында Аллах көңүл бурган дагы бир жагдай – бул аялдардын «кооздуктары». Аяттагы «жашырган кооздуктары билинсин деп» деген сүйлөм аркылуу да аялдын баш бөлүгүнүн эмес, көкүрөгүнүн жабылышы керек экени түшүнүктүү болууда.
Бирок кээ бир хадистерде жана кээ бир Куран тафсирлеринде кашаанын ичиндеги кошумчалар аркылуу же сөздөрдүн маанисин өзгөртүү аркылуу бул такыр башкача чагылдырылууда. Буларды карап чыгалы:
Аялдар фитнага себеп болот деген көз-караш
Бул аятта колдонулган «зийнатахунна» деген сөздүн чыныгы мааниси кыргыз тилинде колдонулган «зыйнат», б.а. «кооздук» дегенди билдирет жана сөздүн аягындагы «хунна» мүчөсү аркылуу аялдар жөнүндө сөз болуп жатканы белгилүү болууда.
Кээ бир аалымдар өз пикирлери боюнча «аялдын денеси кооз жана өзүнө тартат, ошондуктан аятта бүт дене айтылган» жана ошондуктан аял бүт денесин жабышы керек дешет. Бирок аятта эч мындай нерсе айтылган эмес.
Кээ бирлери болсо кайра эле Курандагы мааниден такыр башкача чечмелөө жасап, «зыйнаттар деп зер буюм-мончоктор тагылган жерлер айтылган, ошондуктан бул зыйнаттар тагылган жерлерди кароо күнөө (арам)» дешет. Кээ бирлери андан да ары кетип, «аялдын кесилген чачына, тырмагына кароо күнөө» дешкен. Буга таянып кээ бирлери «бир аз кароо көбүнчө адамды баарын кароого түртөт» (Ибн Хажер, Зеважир) деген таң калаарлык кызыктай логикаларды чыгарышкан.
Көңүл бурулган болсо, аят апачык болуп турганына карабастан «жашырган кооздуктары билинсин деп» деген сүйлөмдөн чыгарылган сансыз, бир-биринен айырмалуу, кызыктай чечмелөөлөр булар. Чечмелөөлөр кишилердин түшүнүгүнө жараша өзгөрүп, кээде кишилердин аялдарга болгон көз-карашына жараша өзгөргөн. Аялды жаап-чүмкөөгө, пассивдештирүүгө, сулуулугун жок кылып коомдон жана адамзаттан алыстатууга аракет кылган, аны экинчи сорттогу адамга айландырып, Аллах үчүн эмес, эркек үчүн жашоого ылайык бир жандыкка айлантууга аракет кылган көз-караштар аяттагы бир гана «кооздук» сөзү менен аялды толук жок кылууну көздөшкөн. Куран аяттарын бурмалап чечмелөө боюнча жасалган аракеттер натыйжасында көп адамдар Курандын өзүнөн алыстап, Куранды түшүнүксүз бир китептей көрүшкөн, жана бул кошумчалар хадистер менен бирге чечмеленгенде болсо, Курандагыдан такыр башка бир дин түшүнүгү келип чыккан.
Чындыгында болсо аяттагы «жашырылган кооздуктар» деген сөздүн мааниси апачык жана жашырылган эки жер; жыныстык орган менен көкүрөктөр айтылууда.

Зер буюмдарга жана мончокторго тыюу салуу (арам кылуу) жаңылыштыгы
Кээ бирлери болсо аятта «зыйнат» сөзү аркылуу «мончок, зер буюмдары сыяктуу кооздук буюмдары» айтылган дешет, бул болсо кээ бир жалган хадистерге таянып жасалган чечмелөөлөрдүн туура эместигин түшүнүү жагынан маанилүү. Бул таң калыштуу көз-караш боюнча, эркек ушунчалык жапайы бир инстинкт менен жашайт жана бир мончокту кароо дагы анын контрольдон чыгышына жетиштүү болот. Ошондуктан бул түшүнүк боюнча, өтө жапайы бир жандык «эркекти» тизгиндей алуу үчүн тезинен мончокторго тыюу салынат!
Бул үрөй учурган логика негизи фанаттардын мусулман бир эркекке болгон көз-карашын да көрсөтөт. Чындыгында болсо, мусулман бир эркек Аллахтан коркот. Күнөө (арам) иштерди эл арасында бир нерселерге тыюу салынганы үчүн эмес, Аллах каалабаганы үчүн жасабайт. Мусулман бир эркек ачык бир аялды же бир мончокту көргөнү үчүн өзүн жоготуп, контрольдон чыгып кеткен, айбандык инстинкттер менен жашаган бир жандык эмес. Бул мусулман бир эркекке айтылган өтө чоң бир акаарат.
Мындай чечмелөөлөр негизи фанаттардын жапайы түшүнүгүн аңдап-түшүнүү жагынан өтө маанилүү. Фанаттардын чечмелөөлөрүн бир тарапка коюп, бир гана Куранды негиз тутканда болсо аятта колдонулган «зыйнат» сөзүнүн эмне мааниге келээрин апачык түшүнөбүз.

«Зыйнат» сөзү Куранда кандай колдонулат?
Фанаттык логиканын кооздуктарга тыюу салуу, шуру, сөйкө сыяктуу зер буюмдарына бөгөт коюу логикасынын тескерисинче, Аллах Курандагы аяттарда кооздук буюмдары менен зер буюмдарын ыймандуулар үчүн түшүргөнүн/чыгарганын, ал тургай, мечиттерге кооз жана жарашыктуу кийимдер менен баруу керек экенин билдирет:
Эй Адам урпактары, ар мечиттин жанында зыйнаттарыңарды тагынгыла... (Аьраф Сүрөсү, 31)
Аллах бир аятында: Айткын: «Аллах кулдары үчүн чыгарган зыйнатты жана таза ырыскыларды ким арам кылган?» деп, Аллах адал кылган зер буюмдарына да тыюу сала турган бир түшүнүктүн пайда болоорун кабар берет. Аяттын уландысында болсо «Айткын: «Булар дүйнө жашоосунда ыймандуулар үчүн, кыямат күнү болсо бир гана ошолор үчүн.» Билген бир коом үчүн аяттарды ушундай бир-бирден түшүндүрөбүз. (Аьраф Сүрөсү, 32) деп зыйнат, зер буюмдары жана кооздуктардын мусулмандарга дүйнөдө берилген сонун бир немат-жакшылык экенине басым жасалып, акыретте болсо бир гана мусулмандарга тиешелүү болоору белгиленип, бул кооздуктарга эң көп ыймандуулардын ылайык экени айтылууда. Аллах бул кооздуктарды ыймандууларга ылайык көргөнүнө карабастан, фанаттардын муну мусулмандарга тыюу салууга аракеттениши алардын Куран түшүнүгүнө канчалык карама-каршы келээринин дагы бир далили.
Зыйнат сөзү кооздук катары колдонулган башка бир аят болсо мындай:
Эй Адам урпактары, Биз силердин жаман жерлериңерди тосо турган бир кийим жана силерге «кооздук бере турган бир кийим» түшүрдүк (жараттык). Такыбалык менен оронуп-жабдынуу болсо бул жакшыраак. Бул Аллахтын аяттарынан. Насаат алып-ойлонушат чыгаар. (Аьраф Сүрөсү, 26)

Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар
Жогоруда «кооздук» деген сөз колдонулган аяттарда Аллах зыйнаттар, б.а. зер буюмдары менен сулууланууну айтууда. Бирок Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган кооздуктар сөзүнүн зер буюмдары, бермет, мончок менен байланышы жок. Бул жерде аялдардын үй-бүлө ичиндеги жашоосу мисал келтирилип, аялдарга үй-бүлө ичинде кандай эркиндик берилгени көрүнүп турат. Эми аяттын «кооздуктар» менен байланыштуу бөлүгүн ар бир сөздүн мааниси боюнча талдап көрөлү:
...Кооздуктарын өз күйөөлөрүнөн же аталарынан же балдарынан же күйөөлөрүнүн балдарынан же өз бир туугандарынан же бир туугандарынын балдарынан же кыз бир туугандарынын балдарынан же өз аялдарынан же кол астындагылардан же аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылардан же аялдардын уяттуу жерлерин али биле элек жаш балдардан башкасына көрсөтүшпөсүн. Жашырган кооздуктары билинсин деп буттарын жерге урушпасын. Баарыңар чогуу Аллахка тообо кылгыла эй ыймандуулар, ошондо кутулууга жетээрсиңер.» (Нур Сүрөсү, 31)
Аяттын жүрүшүнөн бул жердеги «кооздук» сөзүнүн мончок же зер буюмдарына эмес, уяттуу жерлерге ишарат кылганы ачык көрүнүп турат. Аятта «кооздуктар» көрсөтүлбөшү керек болгон кишилер саналган. Ал кишилердин арасында аялга муктаждыгы жок (каалоосу же күчү жок) кызматчылар менен аялдардын уяттуу жерлерин билбеген жаш балдар бар. Өзгөчө аялдардын уяттуу жерлерин билбеген жаш балдар маалыматынын берилгени «кооздук» сөзүнүн уяттуу жерлерди айтып жатканын так көрсөтүүдө.
Куранда өтө сылык, өтө кемчиликсиз баян колдонулган. Ошондуктан сөздөр өтө кылдат, терең изилденгенде, бул түшүнүктүү болот. Уяттуу жерлер Курандагы бул укмуш сылыктыкка жана адабий чеберчиликке ылайык сүрөттөлүп, кооздук деп айтылган.
Бир катар тафсирчилердин Нур Сүрөсүнүн 31-аятынан мажбурлап «жоолук» чечмелөөсүн чыгаруу үчүн кайрылган эң чоң таянычы – албетте, бул жөнүндөгү хадистер. Ал жалган хадистер аятка ушунчалык ачык карама-каршы келгендиктен, муну оңой эле түшүнүүгө болот. Эми бул хадистердин кантип Куранга карама-каршы келээрин, бул жалган хадистердин кантип Ислам жамаатын жоолук жөнүндө туура эмес багыттаганын жана ичиндеги логикасыздыктарды карайлы:

Жоолук жөнүндө колдонулган хадистер жана ичиндеги карама-каршылыктар
Бүт далилдери менен көрүнүп тургандай, Куранда жоолукка далил катары көрсөтүүгө аракет кылынган Нур Сүрөсүнүн 31-аятында жоолук деген сөз такыр кездешпейт. Бирок бул жаңылыштык бир катар хадистердин Ислам адабиятына киргизилиши аркылуу жайылтылып, бүгүнкү күнгө чейин келип жетти. Фанаттар ойлоп чыгарган жасалма хадистер укмуш логикасыздыктарга толо. Эми булардан бир канча мисал келтирели:
Аз. Айша (р.а): «Аллах биринчи мухажир аялдарды рахматына бөлөсүн, Улуу Аллах: «Ыймандуу аялдар жоолуктарын жакаларынын үстүнө салышсын» деген аятын түшүргөндө, алар этектеринен (юбкаларынан) кесип алып, аны менен баштарын жабышкан.» дейт. (Бухари, Тафсир, Тафсир-у Сүретиън-Нур, 13 (V, 13) Эбу Давуд, Либас, 33 (IV, 3577; Бейхаки, VII, 88)
Азрети Айша энебиз айтат: Биринчи мухажир аялдарды Аллах рахматына бөлөсүн! Башты жабуу аяты түшкөндө, ошол замат жибек этектерин (юбка) айрып, баштарын жабышты. [Бухари, Несаи]
Сафиййе бинти Шейбе мындайча айтып берет: Биз Айша менен бирге элек. Курайш аялдарынан жана алардын жогорулугунан сөз кылып жатканбыз. Аз. Айша: «Албетте, Курайш аялдарынын бир катар артыкчылыктары бар. Бирок мен, Аллахка ант болсун, Аллахтын китебин көбүрөөк тастыктаган жана бул китепке күчтүүрөөк ишенген ансар аялдарынан жогорураагын көргөн жокмун. Нур Сүрөсүндөгү аялдар жоолуктарын жакаларынын үстүнө жабышсын аяты түшкөндө, алардын эркектери бул аяттарды окуп үйгө кайтышты. Ал эркектер жубайларына, кыздарына, кыз бир туугандарына жана туугандарына аларды окушту. Ал аялдардын баары этек (юбка) кездемелеринен Аллахтын китебин тастыктап жана ага ыйман кылып жоолук даярдашты. Эртеси эрте менен Аз. Пайгамбардын артында баштарын жапкан абалда эрте мененки намазга турушту. Алардын баштарынын үстүндө каргалар тургандай эле.» (Бухари: Тафсиру Сура 24/12 – Эбу Давуд: Либас 29 – Ахмед б. Ханбел: VI 188)  (Ибни Кесир, Хадистер менен Курани Карим тафсири, том: 11, 5880-бет)
Көрүнүп тургандай, бул хадистердин баарында Нур Сүрөсүнүн 31-аяты түшкөн соң мусулман аялдар ошол замат этектеринен (юбка) кесип алып, баштарын жабышкан деп айтылат. Эң чоң логикасыздык мына ушул жерде башталат. Эми бул хадистердеги логикасыздыктарды жана кантип Куранга карама-каршы келээрин бир-бирден карайлы:
1.      Аятта «...жамынчыларын жакаларынын үстүнө коюшсун...» деп жогоруда терең каралгандай, аялдардын көкүрөктөрүн жабышы айтылган. Бирок бул хадистерде бул аят түшүрүлгөн соң мусулман аялдардын ошол замат кийимдеринен кесип алып, көкүрөктөрүн эмес, баштарын жапканы айтылат. Анткен менен, аятта башты жабуу жөнүндө эч нерсе айтылган эмес. Бул хадистердин эч биринде мусулман аялдардын аяттын чыныгы өкүмүн кантип орундатканы, б.а. көкүрөктөрүн жапканы жөнүндө эч сөз болбойт.
2.      Бул жерде айтылышы боюнча, аялдар өз этектеринен кесип алышып, аны менен аяттын өкүмү болгон көкүрөктөрүн жабуунун ордуна, жоолук кылып баштарына жабышкан. Жогоруда айтылган «жоолуктарын түшүрүшсүн» деген жаңылыш тафсирди туура көрсөтүү үчүн хадиске кошулган бул сүйлөм боюнча, башты да, көкүрөктү да жаба алгыдай болушу үчүн этектен кесилген бөлүк ушунчалык чоң болушу керек.
3.      Бул жерде, албетте, биринчи эле ойго кесилген этектин абалы келет. Баш менен көкүрөктөрдү жаба турганчалык чоң бөлүктүн этектен кесилип алынышы этекти бир мини-этекке (мини-юбкага) айландырат жана натыйжада аялдын буттары ачылып калат. Бул жерде айтылышы боюнча, ал аялдын көкүрөгү менен буттары ачык калган, бирок башын жапкан болот. Бирок бул бөлүмдүн башынан бери далилдери менен айтылып келе жаткандай, Нур Сүрөсүнүн 31-аяты аялдардын бир гана көкүрөк тарабын жабышы үчүн түшүрүлгөн бир аят.
4.      «Жоолуктарын түшүрүшсүн» дегенди жактаган бир катар тафсирчилердин өз ойлорун туура көрсөтүү үчүн «башта ага чейин бар болгон бир жоолук» деп чечмелешээрин айткан элек. Алар аятта «жоолук» деген сөз бар экенин далилдөө үчүн ушундай ойду айтышат жана аятта сөз болуп жаткан аялдардын ага чейин эле башында жоолук (жамынчы) бар болгон дешет. Бирок хадистерде болсо бул аят түшкөндө аялдардын өз этектерин (юбкаларын) кесип, башына жоолук кылганы айтылууда. Бул тафсирчилердин эң чоң таянычы болгон бул хадистер кантип алардын сөздөрүнө ушунча карама-каршы келүүдө?
Карама-каршы келет, себеби Куранда жок жасалма өкүмдөрдү чыгарууга аракет кылгандардын диндери ушунчалык логикасыздыкка толо болот. Ар кандай ойдон чыгарылган өкүм Куранга карама-каршы келгени үчүн ичинде укмуш карама-каршылыктар болот. Нур Сүрөсүнүн 31-аяты өтө түшүнүктүү жана апачык бир аят болгонуна карабастан, «жоолукту» бул аяттан чыгара алуу үчүн алдамчы чечмелөөлөрдүн жасалышы өтө маанилүү жагдай. Бул хадистердин негизинде жасалган чечмелөөлөр менен алардын жыйынтыктары болсо үрөй учурат:
Шафи жана Ханбали мазхаптарында аялдын бүт денеси дайыма жабык жүрүшү керек (жүзү менен колдору да кошо). Ханафи жана Малики мазхаптарында колдор менен бет, ал да фитна жок шарттарда гана ачык болушу мүмкүн (Сабуни, Тафсирул Айатил Ахкам 2/154,155). Ас Судди: «Аял көздөрүнүн бирин жана жүзүнүн ачык калган көз тарабын жабат. Бир көз гана ачык калат.» Абу Хаййан: «Андалусияда салт ушундай эле. Аялдын бир көзүнөн башка эч жери көрүнчү эмес» (Абу Хаййан, Аль Бахрул Мухит). Шафи имамдары аялдын алынган тырмактарына кароого да тыюу салышкан (Ибни Хажер Аль Хайтами, Исламда адал жана арамдар 2). Кеңири тараган көз-караштардын бири боюнча, Ислам аялга парз кылган жамынуу аялдын жүзүн да камтыйт (Фыкхус Сийре). Башка бир булакта аялдын эркекти кантип карашы керек экени мындайча айтылган: «Аялдын чоочун бир эркектин көкүрөгүнө, далысына, бутуна аны каалап кетүү коркунучу болбосо да карашы туура болбойт. Жүз болсо фитна жагынан буттан, чачтан жана буттардан алдыда турат. Бул тараптарга кароонун күнөө (арам) экенин баары айтышат, демек жүзүн кароого да эң башта тыюу салынышы керек» (Сабуни, Реваи 2/156).
Мына ушундай үрөй учурарлык деңгээлге жеткен фанаттык түшүнүк аялды чүмкөп эле тим болбоодо. Кээ бирлери үчүн бул дагы жетишсиз, алардын ою боюнча бүт тарабын чүмкөгөн аял өзүн да үйгө камашы керек. Куранда аялга эркиндик берген, аялдын кимдердин жанында эркин боло алаарын, кимдердин жанында уяттуу жерлерин жабышы керек экенин баяндаган апачык бир аяттан мындай фанаттык, үрөй учурарлык чечмелөөлөрдү негизи чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок бул багыттагы хадистер аларга бул жолду ачып, аятка өз ойлорун кошо турганчалык алга кетишип, аялды башынан бутуна чейин жамынган, алынган тырмактары да күнөө болгон бир элеске айландырышкан. Фанаттык түшүнүктүн масштабын көрүү үчүн берилген бул мисал көп нерсени түшүндүрөт.
Бул жерде муну да эске салалы: хадис жыйнагында Пайгамбарыбыз (сав) доорунда аялдар менен эркектердин бир идиштен даарат алганы да айтылат (караңыз: Бухари, Вуду 43; Эбу Давуд, Тахарет 39; Ибни Маже, Тахарет 36; Несаи, Тахарет 56). Дааратта буттар, чыканакка чейин колдор, бет жана баш жуулат, демек бул хадистен аялдар менен эркектердин чогуу жана баштары ачык жүргөнү көрүнүп турат. Бирок фанаттардын бир өзгөчөлүгү, иштерине жарабаган хадистерди карашпайт.
Биз Куранды негиз тутабыз жана Курандагы баяндар апачык, аялдар менен эркектердин бир жерде баштары ачык жүрүшү Куранга туура келет.

Куранда арамдар (тыюулар) күңүрт айтылган эмес
«Аялдын алынган тырмактары да күнөө» деген өкүмдү чыгарган фанаттык түшүнүктү кароодо төмөнкү маанилүү жагдайга токтолуу зарыл. Аллах Куранда арам (күнөө) жана адалдарды өтө так жана апачык кылып бизге билдирген. Мусулмандар, мисалы чочконун этинин арам экенин «Ал силерге өлүктү (тарпты), канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын атына союлган (мал)ды толук арам кылды...» (Бакара Сүрөсү, 173) аяты аркылуу билишкен. «Толук арам кылды» өкүмүндө бир мусулман күмөнгө түшө турган, чечмелөө жана тафсирлерге карап тыянактар чыгара турган, кайчы пикирде кала турган эч нерсе жок. Дагы бир мисал болсо пайыз мисалы. «Аллах сооданы адал, пайызды арам кылды.» (Бакара Сүрөсү, 275) аяты аркылуу пайыз мусулмандарга ачык, даана тыюу салынган. Бул аятка карабастан, эч ким муну талкуулап, «пайыз менен сооданын айырмасы жок» деген тыянак чыгара албайт.
Ошондуктан биз арамдарды (тыюуларды) бир катар тафсирчилердин жеке күмөндөрү менен чыгарган тыянактарынан, аяттарга кошкон кашаанын ичиндеги чечмелөөлөрүнөн же хадистерден эмес, түздөн-түз аяттын өзүнөн түшүнөбүз. Нур Сүрөсүнүн 31-аятында да жогоруда айтылгандай көздөлгөн маани апачык берилген. Бирок бир катар тафсирчилердин аяттардын ичине кашаанын ичинде өз оюн кошуу катасы өзгөчө ушул аятта өтө көп жасалган. Мисалы, кээ бир тафсирчилер өз оюна жараша өкүмдөрдү чыгарган мазхап имамдарынын таасиринде калышып, бул аятка кашаанын ичинде «жүз жана кол сыяктуу көрүнгөн бөлүктөрдөн тышкары» деген кошумчаны кошушкан. Бирок, эгер Исламда аялдардын «кол менен жүзүнөн тышкары бүт тарабын жабышы» керек болгондо, албетте, мындай маанилүү нерсе толугу менен, апачык Куранда айтылмак. Жана Улуу Раббибиз мунун арам (күнөө) экенин ачык жана так белгилемек. Биз чочконун этинин, пайыздын же зынаанын (никесиз байланыштын) күнөө экени жөнүндө эч күмөнгө түшпөгөн сыяктуу, муну да Куранда таптак көрмөкпүз. Бирок Куранда мындай кийинүү формасы сүрөттөлгөн эмес. Бул бир катар тафсирчилердин чечмелөөлөрүндө гана бар.

Бир гана аялды жана аялдын денесин жабуу каалоосу
Эмнегедир фанаттардын Куран боюнча чечмелөөлөрү, хадистердин да таасири менен дайыма аялды үйгө камоо же аялдын денесин чүмкөөгө багытталган. Эң негизги себеп катары болсо дүүлүктүрүүнү көрсөтүшөт. Аял денеси эркектер үчүн канчалык өзүнө тартуучу болсо, эркек денеси да аялды дал ошондой өзүнөн тартат. Куранда эки жыныс арасында эч кандай айырма көрсөтүлгөн эмес, демек эркектердин дүүлүгүүдөн коркуп аялдарды чүмкөөгө же жок кылууга аракет кылышынын эч мааниси жок. Эгер маселе эркектердин дүүлүгүшүндө болсо, анда эркектердин өзүн үйгө камашы же сыртка айлананы көрбөй тургандай бир жамынчы менен чыгышы туурараак болот. Өздөрүнүн дүүлүгүү ыктымалдыгы себебинен аялды чүмкөөнүн ордуна, мындай рискти толук жоюу жолун тандашы керек.
Муну бул тема менен байланыштуу бүт багытта колдонууга болот. Мисалы, аялдын үнү кээ бирлери тарабынан дүүлүктүрүүчү катары көрүлүп, ошондуктан сүйлөшүнө бөгөт коюлуп жатса, бул эркектерге да тиешелүү. Эгер аялдын үнүн, ырдаган ырларын укпаш керек болсо, анда аялдардын да эркектин үнүнөн дүүлүгүшү мүмкүн экенин эске алып, мындай чектөөнү эркекке да киргизүү керек. Эгер фанаттык логика чыгарган эрежелерди жарактуу деп жарыялап, адамдарды буга ынандыргылары келсе, анда ошол эле нерселерди эркектерге да жасашы керек болот.
Бирок, албетте, Исламда Куран жарактуу жана Курандын логикасында мындай чектөө жок. Фанаттар чыгарган мындай чектөөлөр болсо – эркиндикти жок кылуу максатында ойлоп табылган, коомду туюкка түртүп, өздөрүн да, алар жашаган коомдорду да балээге алып бара турган эрежелер.
Аял менен эркек бүт тарапта тең болгон сыяктуу, намыс темасында да тең. Аялга зына (никесиз байланыш) күнөө болгон сыяктуу, эркекке да күнөө. Ахзаб Сүрөсүнүн 35-аятында «намыстарын коргогон эркектер жана (намыстарын) коргогон аялдар» деп апачык белгиленгендей, аял кандай адеп-ахлактуу болуп, намысын, уятын коргошу керек болсо, эркек да ошондой адеп-ахлактуу болуп, намысын, уятын коргоого мажбур. Бирок мунун жолу – адамдарды чүмкөө, сыртка чыгарбай коюу, жолуктурбай, сүйлөштүрбөй коюу эмес. Мунун жолу – Курандын адеп-ахлагын аң-сезимге сиңирүү. Адам – инстинкттери менен жашаган, каалоолору аны каякка айдаса, ошол жакка барган жапайы бир айбан эмес. Адам – акылы, аң-сезими жана эң негизгиси Аллах ага үйрөткөн адеп-ахлагы менен Аллах коркуусу жана сүйүүсү менен туураны туура эместен айырмалай алган жана адам касиетин алган бир жандык.
Ошондуктан бир адамдын намысын коргоп-коргобошун башкалардын ачык кийинип, чачын канчалык көрсөткөнү эмес, анын Аллахтан болгон коркуусу жана адеп-ахлагы аныктайт. Аллах бир аятта «...Көрүнбөгөн жерде кимдин Андан (Аллахтан) коркоорун аныктоо үчүн (Маида Сүрөсү, 94)» деп адамдарды эч ким көрбөгөн шарттарда да сынаарын кабар берген. Ошондуктан адамдарды кыйнап, үйлөргө камап, бөгөт коюп, күч колдонуп дин менен же адал-арамдарга ылайык жашаганга мажбурлоого болбойт. Ыйман, адеп-ахлак, ибадат жүрөк менен гана болот.
Жыйынтык:
Жогорудагы айтылгандардын баарынан көрүнүп тургандай, Нур Сүрөсүнүн 31-аяты көптөгөн тафсирчилердин бурмаланган чечмелөөлөрү жана бир катар хадистердин да таасири менен дээрлик бир табуга айланган «жоолукка (башты жабууга)» бир далил катары колдонулууда. Ичинде «жоолук» деген сөз кездешпеген, баш жөнүндө эч кандай маалымат берилбеген, көкүрөктү жабуу керек экенин билдирген апачык бир аяттын кантип ушунчалык башка бир чечмелөө үчүн колдонулганы таң калтырбай койбойт.
Таң калаарлык дагы бир жагдай болсо, Куранда эч айтылбаган «жоолук» темасын диндин жалгыз шартындай көргөн көп кишилер апачык хиджабды билдирген Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятын эч сөз кылышпайт. Куранда жок жоолукту бир өкүмгө жана табуга айландырышып, Куранда болгон хиджаб өкүмүн болсо такыр көрмөксөн болушкан. Ахзаб Сүрөсүндө хиджаб өкүмүнүн кантип айтылганын жана эмне үчүн бул аятты жоолукту жактагандар көрмөксөн болоорун карайлы:

Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынын мааниси
Эй Пайгамбар, жубайларыңа, кыздарыңа жана ыймандуулардын аялдарына сырткы кийимдериңерден (жилбаб) үстүңөргө кийгиле деп айт; алардын (эркин жана намыстуу) таанылышы жана кысымга кабылбашы үчүн эң туура жол ушул. Аллах абдан кечиримдүү, абдан боорукер. (Ахзаб Сүрөсү, 59)
«Жилбаб» сөзү баштан аяк толук жапкан ар кандай жамынчы, кийим маанисине келет. Ошондуктан Ахзаб Сүрөсүнүн бул аятында апачык жилбаб, б.а. баш менен бүт денени жапкан хиджаб сүрөттөлүүдө. Мындай кийимди кийүү үчүн болсо аятта белгиленген маанилүү бир шарт бар: мусулман аялдардын эркин жана намыстуу экендигинин билиниши.
Мунун мааниси мындай, кээ бир чөйрөлөр аялдардын эркин жүрүшүнө же эркин кийинишине ыңгайлуу жерлер эмес. Жалпы элдин абалы жана ал жердеги адамдардын адеп-ахлак түшүнүгү кээде маданий деңгээлден артта болот. Кээ бир коомдор ар бир ачык аялды белгилүү бир көз-караш менен «көзөшөт» жана аларга сөз менен же физикалык кол салууга чейин барышы мүмкүн. Кадимки шарттарда мусулман аялдар мажбур болбосо, ансыз да мындай коомдордун арасына барышпайт. Бирок барышы керек болгондо, бир мусулман аял чара көрүп, айланадагы адамдарга мусулман жана намыстуу бир аял экенин көрсөтүп, ыктымалдуу бир кысымчылыктан качынышы керек болот. Ушундай учурда мусулман аялдар хиджаб кийүү аркылуу буга чара көрүшөт.
Бул, албетте, бир аялдын жеке оюна коюлган нерсе. Көбүнчө биз жашаган демократиялык жана заманбап коомдордо мындай кооптуу чөйрө кездешпейт. Ошондуктан батыш өлкөлөрүндө аялдар өздөрүн коопсуздукта көрүшүп, хиджаб кийүүгө мажбур сезишпейт. Бирок кээ бир аялдар үчүн ал коомдордо да коркунуч туудура турган кишилер болушу мүмкүн. Ошондуктан бир мусулман аял эгер өзүн коопсуз сезбей жатса, эркин бир батыш өлкөсүндө да хиджаб кийиши мүмкүн. Аяттагы шарт – бир мусулман аялдын кийиминен улам туура эмес кабыл алынып, кысымчылыкка кабылышына бөгөт коюу.

Жоолукту жактап, «жилбабды» унутуу
Бул жерден жоолук темасына келе турган болсок, кааласа бир аял «жоолук Куранда бар жана мен муну Ахзаб Сүрөсүнүн 59-аятынан көрдүм» деп башын жамынышы мүмкүн. Хиджабдын ордуна жоолукту тандаган болот жана жамынууну ушундай түшүнгөн болот. Бирок бир адам «жоолук Куранда бар жана бул Нур Сүрөсүнүн 31-аятында айтылган» десе, туура эмес сүйлөгөн болот. Мына ушул бир коркунуч. Себеби Раббибиз адалдарды арам кылган же Куран аяттары жөнүндө «тилдерин ойноткондордун» өкүмүн билдирген. Куран аятында болбогон бир өкүмдү –туурасын билип туруп- бар деп айтуу Аллах Кабатында чоң бир күнөө болушу мүмкүн.
Таң калыштуусу, кээ бир кишилер жоолукту диндин негизги бир символундай кабыл алып, болгон күчү менен жакташат, бирок Курандагы хиджаб (жилбаб) өкүмүн эч айтышпайт.
Чындап эле ыймандуулуктун критерийин жоолуктан издеп, Аллах такыбалыкты жогору койсо, алар жоолукка карап даражалаган кээ бир кишилер эмнегедир Куранда чыныгы өкүм болгон жилбабдан эч сөз кылышпайт. Чындыгында, Куранда жоолук жөнүндө эч бир өкүм болбогонуна, жилбаб жөнүндө болсо ачык бир өкүм турганына карабастан, Куранда жок бир өкүмдү жактоо жолун тандашат. Жоолук жөнүндө ушунча көп айтылып, жалпы дүйнөлүк масштабда жилбабдын эч айтылбашы чындап эле таң калаарлык.

Мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин билет
Бул жерде дагы бир маанилүү жагдайга өзгөчө басым жасап кетүү керек: мусулман бир аял Курандын негизинде кандай кийиниши керек экенин өтө жакшы билет. Ал үчүн бир эркектин аялдарга эмнени кантип кийээрин сүрөттөп бериши кажет эмес. Бир эркектин бир аялдын кантип кийинээрине кийлигишип, ага жол көрсөтүүгө же сындоого укугу да жок. Бул укукту ага Аллах берген эмес. Демек буга укугум бар дей албайт. Бул учурда өзгөчө мусулман өлкөлөрдө айтылып, ашкере кылынышы керек болгон бир акыйкат.
Бир аял кааласа башын жабат, кааласа хиджаб кийет, кааласа башы ачык же декольте жүрөт. «Мен мусулманмын» дегенде эч бир адамдын аны сындаганга укугу жок. Кайсынысынын Аллахтан көбүрөөк коркоору Аллах Кабатында гана белгилүү. Динде чен-өлчөм кийим эмес, дайыма чын ниеттүүлүк болот. Хиджаб кийген бир аял эки жүздүү болуп тозокко кирип, декольтелүү бир аял болсо бейишке кириши мүмкүн. Буга бир гана Аллах өкүм берет.
Курандан башка жол көрсөтүүчүлөр тутунулганда, ар бири ар башка, адам табиятына туура келбеген, адамды материалдык-руханий бүт тараптан кыйнай турган көйгөйлөр келип чыгат. Болгондо да, алар жеке адамдарга эле көйгөй жаратпастан, жалпы элди каргашага, кыйынчылыктарга салышы мүмкүн. Бул бөлүмдө сөз болгон, башы жабык-башы ачык, декольтелүү-хиджаб кийген деген сыяктуу чен-өлчөмдөрдүн негизинде кийим дискриминациясынын жасалышы да Куранда жок, туура эмес бир көз-караш жана өлкөдө бейпилдиктин бузулушуна жол ачат.
Аллах Куран боюнча жогорулуктун тышкы көрүнүш-кийимде эмес такыбалыкта (Аллахтан коркуп жашоодо) экенин аятында кабар берет:
Эй Адам урпактары, Биз силердин жаман жерлериңерди тосо турган бир кийим жана силерге «кооздук бере турган бир кийим» түшүрдүк (жараттык). Такыбалык менен оронуп-жабдынуу болсо бул жакшыраак. Бул Аллахтын аяттарынан. Насаат алып-ойлонушат чыгаар. (Аьраф Сүрөсү, 26)
Ыйман жүрөктө болот жана турмушка ашырылат. Ыйман бир адамдын жакшы мүнөзү аркылуу, сылыктыгы аркылуу, боорукердиги аркылуу, жоомарттыгы аркылуу, ак пейилдүүлүгү аркылуу, кечиримдүүлүгү аркылуу, сапаты аркылуу, маданий деңгээли аркылуу, акылмандыгы аркылуу, искусство түшүнүгү аркылуу, илим түшүнүгү аркылуу, кыскасы, бүт тараптан өзүн көрсөтөт. Ошондуктан адамдарды тышкы көрүнүшүнө карап эмес, кулк-мүнөзүнө, адеп-ахлагына карап баалоо керек.
Тышкы көрүнүшүнүн кандайлыгы эч маанилүү эмес, «мен мусулманмын» деген адамдардын баары бирдей, нурдуу, баалуу мусулмандар. Эч кимисин бөлүп коюу, дискриминация кылуу туура болбойт. Эч кимдин дискриминация кылганга укугу да жок.

http://www.harunyahya.org/list/type/6/name/Makaleler/ , 07/07/14