Заттын оригиналын эч качан көрбөшүбүздү жана көргөн бүт нерсебиздин мээбизде пайда болгон бир элестердин жыйындысы экенин толук түшүнө албаган кээ бир адамдар ар түрдүү жаңылыштыктарга кабылышып, бул чындыктан туура эмес жыйынтыктар чыгарышууда. Мисалы, кээ бирлери заттын элес экендигине байланыштуу түшүндүрмөлөрдү «зат жок» деген сыяктуу кабылдашууда. Кээ бирлери болсо, зат биз көргөндө гана элес катары бар, бирок көрбөгөндө жок деп ойлошууда. Булардын эч бири туура эмес.

Биз көрсөк да, көрбөсөк да бул нерселер (жандыктар) Аллахтын хафызасында түбөлүк турат. Бизден мурункулар сыяктуу эле, бизден кийинки нерсе, жандыктарды да Аллах жалгыз бир көз ирмем ичинде ансыз деле жараткан. Убакыттын бир элес экендиги бөлүмүндө айтылгандай, убакытты да Аллах жараткан жана Аллах убакыттан көз-каранды эмес. Ошондуктан биз үчүн келечекте бар боло турган жандыктар да чынында Аллах Кабатында «жалгыз бир көз ирмем» ичинде жаратылышкан жана ушул учурда бар. Бирок биз убакыттан көз-каранды болгондуктан, аларды азыр көрбөйбүз.

Жолдо баратканда бутуңузга илинген бир таштын сыныгы тагдырда сиз али төрөлө электе, бутуңузга илине турган абалда жаратылган. Ал таш чоңураак бир таштан сынып бөлүнгөн, бардык кырлары пайда болгон ар бир баскычы Аллах Кабатында али ал таш бутуңузга илине электе бар. Бул нерсе акыр-чикир идишинде көзүңүзгө урунган өлүү көпөлөк же башыңызга түшкөн кургак бир жалбыракка да тиешелүү. Көпөлөктүн курт кезинен баштап буладан чыгышына, канаттарын кургаткандан жердеги акыр-чикирге кошулушуна чейинки бүт көз ирмемдери тагдырда чексиз мурдатан бери белгилүү. Аллах Кабатында бул көпөлөктүн жандуу абалдары жана өлүү абалы эч жоголбостон турат жана түбөлүк турат.
Бардык окуялар «Левх-и Махфуз» аттуу
китепте жазылуу
Мурдакы бөлүмдө да айтылгандай, Аллах биз үчүн өтмүш жана келечек болгон бардык окуя жана нерселерди жалгыз бир көз ирмемде жараткан. Куранда бүт адамдардын жана жандыктардын тагдырларынын Аллах Кабатында Левх-и Махфуз деп аталган «Негизги Китепте» сакталуу экени мындайча билдирилет:
Шек жок, ал – Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан бийик, өкүм жана хикмат (терең акыл) толо. (Зухруф Сүрөсү, 4)
...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коруган бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)
Асманда жана жерде апачык болгон китепте (Левх-и Махвузда) орун албаган жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)
Аллах башка аяттарында болсо асмандардагы жана жердеги бүт нерсенин бул китепте бар экендигин мындайча кабар берет:
Каапырлар айтышты: «Кыямат-сааты бизге келбейт.» Айткын: «Жок, кайыпты билген Раббиме ант болсун, ал сөзсүз силерге келет. Асмандарда жана жерде кыпындай оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Себе Сүрөсү, 3)
Аяттарда да билдирилгендей, аалам жаратылгандан бери болгон жандуу, жансыздын баары, ишке ашкан бардык окуяларды Аллах жараткан жана ошондуктан Ал баарынан кабардар; башкача айтканда бул нерселердин баары Аллахтын хыфзында. Левх-и Махфуз да – Аллахтын Хафыз сыпатынын бир көрүнүшү.
Өтмүш жана келечек чындыгында
«азыр, ушул учурда» болуп жатат
Аллах Кабатында убакыт жок болгондуктан, бүт окуялар жалгыз бир көз ирмемде ишке ашууда, жана ал – ушул учур (көз ирмем). «Ушул учурда» биз үчүн өтмүш жана келечек болгон бардык окуялар Аллах Кабатында биз окуяларды көргөн тунук жана тактыктан бир канча эсе тунук жана жандуу абалда ишке ашууда. Мисалы, Аз. Йунус ушул учурда кемедеги кура (тыйын жашыруу сыяктуу кандайдыр бир ыкма)натыйжасында деңизге ташталууда, Аз. Йусуф ушул көз ирмемде бир туугандары тарабынан кудукка ташталууда, ушул учурда зындандагы алгачкы тамагын жеп жатат, зындандан ушул учурда чыгып, басып баратат. Аз. Мерйем ушул учурда Жебрейил менен сүйлөшүүдө, Аз. Иса ушул учурда төрөлүүдө. Аз. Нух кемесинин алгачкы мыгын азыр (ушул учурда) кагууда, Аз. Нух жана үй-бүлөсү азыр кемеден Аллах аларга тандаган топурактарга түшүшүүдө. Аз. Мусанын апасы анын бешигин азыр сууга коюп жиберүүдө, Аз. Муса азыр дарактын жанында Аллахтан алгачкы вахийин алууда, деңиз ушул учурда экиге бөлүнүүдө, ыйман келтиргендер ушул учурда деңизден өтүп баратышат, Фараон ушул учурда аскерлери менен бирге суунун астында калып өлүүдө. Аз. Муса азыр Хызыр (Кыдыр) менен жолугуп сүйлөшүүдө, Хызыр балдардын дубалын ушул учурда оңдоодо. Аз. Зулкарнайндан аларды коргоо үчүн бир чеп курушун сурангандар талаптарын ага азыр билдиришүүдө жана Аз. Зулкарнайн кыяматка чейин тешүүгө жана ашууга мүмкүн болбой турган чепти азыр курууда. Аз. Ибрахим азыр атасына насыят айтууда, путпараст коомунун путтарын азыр сындырууда жана коому аны ыргыткан от Аз. Ибрахимге ушул учурда салкындык берүүдө. Аз. Мухаммед (сав) ушул учурда Жебрейилден вахий алууда, дал ушул учурда Харам Мечитинен Акса Мечитине алып барылууда. Лут коому ушул учурда кыйратылууда. Бейиш калкы ушул учурда тактарда отуруп, маек кылып жатышат. Тозок калкы болсо ушул учурда отко ташталууда, чоң бир азап жана орду толгус бушаймандык ичинде азап чегишүүдө.
Аллах бул сүрөттөлүштөрдүн баарын «ушул учурда» биз биле албаган деңгээлде даана, тунук абалда көрүүдө жана угууда. Аллах биз уга албаган толкун узундугундагы үндөрдү да угууда жана биз көрө албаган сүрөттөлүштөрдү да көрүүдө. Биз күбө болгон жана болбогон бардык окуялар жана бардык үндөр Аллах Кабатында дайыма даяр жана жандуу абалда дайыма жашалууда. Билардын эч бири, эч качан жок болбойт, дайыма Аллахтын хафызасында бардык детальдары менен бирге жашалат.
Бул чындык сиздин жашооңузга да тиешелүү. Мисалы, чоң атаңыздан сизге калган үйдүн фундаменти чындыгында ушул учурда кылынууда. Атаңыз бул үйдө ушул учурда төрөлүүдө. Сиз алгач сүйлөп баштаган учуруңуз да – ушул учур. Бүгүнүңүздөн толук он жылдан кийин жеген тамагыңызды чындыгында ушул учурда жеп жатасыз.
Бардык бул мисалдар бизге дагы бир жолу көрсөткөн чындык мындай: эч кайсы көз ирмем, эч бир кадр, эч кайсы окуя, эч бир нерсе, жандык жок болгон эмес жана жок болбойт. Телевизордо көргөн бир тасмаңыз касетага (дискке) жазылган, ар түрдүү кадрлардан турган сыяктуу жана бул кадрларды биздин көрбөшүбүз ал тасма жок дегенди билдирбеген сыяктуу эле, ушундай абал биз «өтмүштө жашалган» же «келечекте жашалат» деген окуяларыбызга да тиешелүү.
Бирок бул жерде төмөнкүнү туура түшүнүү керек: бул сахналардын (кадрлардын) эч бири бир эскерүү же бир кыял сыяктуу эмес. Булардын баары азыр жашап жаткан көз ирмемиңиз сыяктуу жандуу абалда. Бүт нерсе тирүү абалда сакталууда. Аллах бизге бул элестерди бербеген үчүн гана биз аларды өтмүш, бүткөн окуялар сыяктуу кабылдайбыз. Жана Аллах каалаганда бизге бул көрүнүштөрдү көрсөтүшү мүмкүн, бул окуяларга тиешелүү сезимдерди (кабылдоолорду) берүү менен бизге да бул окуяларды жашатышы мүмкүн.
Бул мисалдардан да байкалгандай, Аллах үчүн өтмүш, келечек, учур чак – баары бир. Дал ушул себептен Аллахтан эч нерсе сакталуу калбайт. Аятта да Раббибиз бул чындыкка мындайча көңүл бурган:
Эй уулум, (кылган ишиң) чындап бир сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (кичинекей) болуп, чоң аска таштын ичинде же болбосо асманда же жердин түбүндө болсо да Аллах аны таап келет (ачыкка чыгарат). Шексиз Аллах Латиф, (баарынан) кабардар. (Локман Сүрөсү, 16)
Аллах бейиште каалаганга өтмүштү кудум
ошол абалында көрсөтүшү мүмкүн
Бейиштеги бир кул (пенде) эгер кааласа, Аллах ага дүйнө жашоосунан окуяларды дал өзүндөй кылып көрсөтүшү мүмкүн. (Туурасын Аллах билет) Мисалы, бейиштеги бир адам Аллахтан өлгөн бир итинин жандуу абалын, күйгөн үйүнүн күйгөндөн мурдакы абалын, Титаник кемесинин чөккөндөн мурдакы абалын көргүсү келсе, Аллах ага булардын баарын көрсөтөт. Болгондо да ошол учурдагы эң жандуу абалында. Мисалы, Титаник деңизде сүзүп баратканда, ошол учурда айланасында сүзүп жүргөн балыктар ошол жерде болот, ичиндеги адамдар дал ошол темаларды, дал ошол сөздөрү менен сүйлөшүп бараткан болот. Же өтмүштө бар болгон ири цивилизациялар эң өнүккөн доорлору менен, түзүлүштөрү менен, байлыктары менен бирге көрсөтүлөт. Инка маданиятына кызыккан бир адам бул маданияттын ар бир доорун каалаганда көрө алат. Аллахтын хафызасында бүт окуялар түбөлүк бирдей жандуулукта сакталуу тургандыктан, адам кызыккан бүт нерсесин даяр абалда көрөт.
Аллах бир аятында «...Ал жерде напсилериңер (көңүлдөрүңөр) каалаган бүт нерсе силердики жана каалаган бүт нерсеңер силердики.» (Фуссилет Сүрөсү, 31) деп айтуу менен бейиште адамдын бүт каалаган нерсесине жетээрин билдирүүдө. Адамдарга кайгы бербей турган, аларды кубантып көңүлүн көтөрө турган, бул дүйнөгө тиешелүү ар бир көрүнүш жана окуяны Аллах бейиштеги пенделерине алар каалаганда көрсөтөт. Бул – Раббибиздин бейишке ылайык пенделери үчүн даярдаган чоң бир немат-жакшылыгы.
Бул теманын адамдар үчүн мааниси
Бул теманын адамдар үчүн чоң мааниси бар. Себеби биз ар күнү жашаган жана ал тургай кеч болоору менен унутуп калган ар бир сөзүбүз, ар бир мамилебиз, көз-карашыбыз, акылыбыздан өткөн ар бир оюбуз Аллах Кабатында унутулбайт жана ошол бойдон сакталат. Мисалы, бир досу менен сүйлөшүп жатканда, ушак айткан бир адам буга маани бербейт, ал тургай аны унутуп калат. Бирок ал ушак айтып жаткан учур Аллах Кабатында түбөлүккө калат. Же ичинен Мусулмандарга каршы бир ой өткөн бир адамдын ал ойу, аны ойлогон кездеги мимикасы, ичинен ойлонгон сөздөрү Аллах Кабатында түбөлүккө турат. Же өзү ач болгонуна карабастан, боорукердик кылып бир досун тойгузган бир адамдын мындай бийик мамилеси, ошол көз ирмемдеги абалы, көз карашы, ойлору да Аллах Кабатында жоголбостон, түбөлүк калат. Же, туш болгон бир кыйынчылыкка Аллах ыраазычылыгы үчүн сабыр кылган, ага кыйынчылык берген бир адамга жакшы сөз айткан адамдын сонун ахлактуу мамилеси да эч качан жоголбостон, түбөлүккө сакталат. Жана Аллах акырет күнү бүт адамдарды кылган бул жакшы же жаман мамилелеринен сурак кылат. Адамдардын өздөрү кылып унутуп калган бүт нерселери, эч унутулбастан же бир өзгөрүүгө кабылбастан, ошол бойдон алдынан чыгат. Ал тургай кээ бирөөлөр сурак убагында аларга берилген китептин канчалык детальдуу экенине таң калышат жана мындай дешет:
(Алдыларына) Китеп койулду; эми кылмышкер-күнөөкөрлөрдүн анда (ал китепте) болгондор себебинен катуу коркууга кабылгандарын көрөсүң. Айтышты: «Азаптар бизге, бул китепке эмне болуп жатат, кичине-чоң дебей баарын санап-төгүүдө?» Жасап-кылгандарын (алдыларында) даяр табышты. Раббиң эч кимге зулумдук кылбайт. (Кехф Сүрөсү, 49)
Ушул себептен, бул чындыкты түшүнгөн бир адам ар бир мамилесинин жана ойунун түбөлүк сакталаарын, түбөлүккө Аллахтын хафызасында тураарын эч унутпашы керек жана акыреттеги сурактан коркуп, күнөөлөрдөн сактанышы зарыл.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder