Электрондордун толкун касиети жана илимий далили
Субатомдук бөлүкчөлөрдүн бул кызыктуу касиетин көрсөткөн
эң негизги эксперимент – бул жуп тешик эксперименти. Бул эксперимент жарык
менен электрондун толкун сыяктуу кыймылдаарын, экөөсүнүн тең бирдей кызыктай
касиетке ээ экенин көрүү үчүн жасалган. Бул жерде муну жакшыраак түшүнүү үчүн
эксперимент электрондун ордуна кумдар менен жасалган деп кабыл алынган.
Чоң бир бөлүкчө булагын, мисалы бир кум үйлөгүчтү бир
дубалдын алдына койолу. Бетинде эки тешик болсун. Дубалдын экинчи тарабында болсо
бул эки тешик ичинен өткөн бөлүкчөлөрдү караган бир экран болсун. Бөлүкчөлөр
булактан чыгып, тешиктен өтүп, экранды сүзүшөт. Көптөгөн бөлүкчөнүн тешиктердин
ичинен өтүп, экранды сүзүшүн карап турган соң, экран бетинде эки топ абалында
чекиттер пайда болгонун көрөбүз. Биринчи топ биринчи тешиктен келген
бөлүкчөлөр: экинчи топ болсо экинчи тешиктен келгендер. Окуя биз күткөндөй
болгон.
Эки экспериментти башкача жасап көрдүк дейли. Бул
эксперимент чөйрөсүн белгилүү бир зат менен толтуралы, мисалы суу. Кумдардын
ордуна бир толкун шайманын колдонолу. Бул шайман ал жерди кыймылдатсын жана
тынымсыз бүт тарапты көздөй суу толкундарын пайда кылсын. Толкундар бөлүкчөлөр
сыяктуу белгилүү бир аймак менен чектелбейт. Чөйрөнүн бүт тарабынан таркашы
мүмкүн. Натыйжада бир эле учурда эки тешиктен тең өткөн толкундар бир жерде
таркап, бир-бирине кезигип, бир-биринин кыймылына тоскоол болушат. Бир
толкундун башы башкага кезиккенде бир-биринин таасирин жок кылышат. Толкун
таасири жоголот жана суу бетинде бир тегиздик калат. Мындай тоскоол болуу –
толкундардын эң негизги касиети.
Эксперимент электрондорго жасалганда, кумдардагы сыяктуу
көп сандагы атом тобунун экранды сүзүшү ордуна, электрондордун бир-бирине
тоскоол болгону байкалган. Башкача айтканда, бөлүкчө катары кабыл алынган
электрондор күтүлгөндөй болгон эмес. Ошондуктан, электрондор тоскоол болуу
касиетинен улам толкун касиетине ээ, бөлүкчө эмес. Бирок электрондор толкун да
боло алышпайт, себеби бөлүкчөлөр сыяктуу, экранды үзгүлтүктүү топтор абалында
сүзүшкөн. Натыйжада байкоо электрондордун булактан чыкканда жана экранга
жеткенде бөлүкчө, ал эми анын арасындагы бүт жерде толкун экенин көрсөткөн. Бул
чынында абдан кызыктай көрүнүш.23
Бул эксперименттик далил материализмди жок кылган.
Материализм боюнча, ар бөлүкчө сөзсүз космосто белгилүү бир жерде зат абалында
бар. Ошондой эле материализм боюнча, бир электрон бир аралык бою бир каттамда
жүрүшү керек жана багыты белгисиз толкун сыяктуу эки аралык арасында
кыймылдабашы керек. Бирок жыйынтык материалисттер күткөндөй болгон жок.
Бул жерде айтылган толкун сууда пайда болгон толкун
сыяктуу физикалык мааниге ээ эмес. Бул жердеги толкун – электрон толкундары.
Бул толкундар биздин физикалык дүйнөбүздөгү үч өлчөмдүү чөйрөдө эмес.
Бул толкун түшүнүгүн таанымал физик Фред Алан Вольф
мындайча сүрөттөйт:
Кванттык физиктер бир кубулуштун ыктымалдыгын аныктаганда,
бир сан эсептешет. Бул сан кванттык
толкун функциялары деп аталган эки математикалык функциянын көбөйтүндүсүнөн
келип чыгат... Бул толкун функциялары убакыт жана мейкиндик ичинде кыймылдаган
чыныгы бир толкундар сыяктуу кабыл алынышат. Бирок негизи булар чыныгы толкун
эмес, толугу менен элес. Булар магниттик талаа же жердин тартылуу талаасы
сыяктуу бир аймак эмес. Аларды өлчөөгө болбойт. Массасы же энергиясы жок. Булар
биздин аң-сезимибизде жана кыялыбызда гана бар. Б.а. биз байкаган чыныгы заттык
нерселер сыяктуу заты жок...
Убакыт шакектерин башкарган динамика мыйзамдары бизге
тиешелүү бир окуяны пайда кылат. Б.а. бир убакыт шакеги пайда кылынганда, билип
же билбестен «сыртта» катары башыбыздан өткөргөн дүйнө биздин аң-сезимибизде
жана заттык чогуу көрүп жатабыз деп ишенген реалдуулукта пайда болот.24
Фред Алан Вольфтун ою боюнча, электрондор менен
байланыштуу анык жана илимий чындык – бул аны биз билген физикалык же
математикалык түшүнүктөр ичинде түшүнүү мүмкүн эместиги. Бирок биз ансыз да
сырттагы реалдуулукту эч качан көрүп, биле албайбыз. Кабылдоолорубуздан (сезүү
органдарыбыздан) ары өтүп, сырткы дүйнөнүн өзүнө эч жете албайбыз.
Жуп тешик экспериментин бүт субатомдук бөлүкчөлөргө
жасоого болот. Бирок жыйынтык өзгөрбөйт. Себеби кванттык механика бүт ааламга
тараган. Миллиондогон атом биригип чоң бир нерсени же бир адамды пайда
кылганда, сөз болгон «тоскоол болуу таасирин» байкоо ыктымалдыгы төмөндөйт.
Бирок бул кванттык механика эми жараксыз деген мааниге келбейт. Болгону бул
процесс эми байкалбай калат. Ошондуктан бул чындык бүт затка тиешелүү.
Вашингтон университетинен математик Томас МакФарлейндин (Thomas
McFarlane) ою боюнча, кванттык
механикада күнүмдүк жашообузда биз көргөн чоң нерселер да чынында зат катары
бар болгон нерселер эмес. Фарлейндин ою боюнча, зат катары бар болгон дүйнө
көрүнүшү болгону бир иллюзия.25
Кванттык механиктер илимий далилдеген нерсе – бул заттык
дүйнөнүн тыгыздаштырылган бир толкун абалында бар экени. Кванттык механиктердин
ою боюнча, адамды жаңылткан эң чоң көйгөй болсо – биздин кабылдоолорубузда бар
болгон дүйнөдө абдан реалдуу сезилген детальдар, тактык жана тунуктук. Чынында
болсо сырттагы дүйнө бизге эч качан жетпейт. Биз сырттагы реалдуулукту,
сырттагы зат дүйнөсүнүн өзүн эч качан көрө албайбыз. Биздин аң-сезимибизде
(мээбизде) пайда болгон бир дүйнө бар жана биздин кабылдоолорубуз аркылуу пайда
болсо да, бул дүйнө абдан тунук, даана болууда. Күнүмдүк жашообуз сырттагы
реалдуулукка абдан карама-каршы бир көрүнүш берүүдө. Бул жерде мындай суроо
пайда болот: физикалык чындыктардыбы же бизге туура жана тунук көрүнгөндөрдүбү
туура катары кабыл алышыбыз керек? Томас МакФарлейн бул суроого бир салыштыруу
жасоо менен жооп берүүгө болот дейт.
МакФарлейн айткандай, бүгүнкү илимпоздор бул жоопту табуу
үчүн мындан 300 жыл мурдага барып, «жер түз» деп ишенген адамдарга жолукту деп
элестетсек болот. Илимпоздор алардын катасын оңдоо үчүн аларга сылыктык менен
«туура эмес ойлоп жатасыңар, жер негизи тоголок» дешет. Алар болсо
илимпоздордон эмне үчүн мындай акылсыз пикирге келдиңер деп сурашат. Илимпоздор
болсо аларга ошол доордун шарттары жана маалыматы менен өз гипотезаларын
далилдей турган бир дагы далил келтире алышпайт. Бирок алар азыркы адамдарга
бүт эксперименттерине таянып жана аны менен байланыштуу далилдерди келтирип жердин
түз экенин өз ойлорунда түшүндүрүшөт. Ал тургай, жер бетин ченөө жана жол
карталарын жасоо үчүн планета геометриясы түшүнүгүн колдонушат жана күнүмдүк
жашоосунда буга карама-каршы эч нерсе табышпайт. Ошол сыяктуу кең бир талааны
же деңизди караганда эч кандай кыйшайуу көрүнбөйт дешет жана жердин тоголок
экенин далилдей турган бир дагы далил жок дешет. Натыйжада «жер тоголок» деген
пикир бир калп сыяктуу болуп калат. Илимпоздор эч нерсени далилдей албай,
убакыт машинасына түшүп, азыркы заманга кайтышат.26
МакФарлейндин ою боюнча, досторубузду жердин тоголок
экенине ынандыра албашыбыздын себеби – албетте, дүйнөгө салыштырмалуу абдан
кичинекей болушубуз. Экспериментибиз географиялык жактан кичинекей бир аймак
менен чектелгендиктен, жер, чынында андай болбосо да, түз (тегиз) сымал
көрүнүүдө. Башкача айтканда, жердин көрүнгөн түздүгү негизи чыныгы бир түздүк
эмес, себеби жер түз эмес. Бирок бул жер чоң болгондуктан жаңылтуучу бир
түздүк. Жердин тоголок экенин далилдөө үчүн күнүмдүк тажрыйбабыздан ары
чыгышыбыз керек. Мисалы, бир учак менен жерди айланып учушубуз мүмкүн же бир
космос кемеси менен космоско чыгышыбыз мүмкүн. Бирок күнүмдүк тажрыйбабыз менен
чектелгенибизде, түздүктүн бир иллюзия экени жөнүндө бир дагы далилибиз жок.
Ошол сыяктуу, жердин түз экенине ишенбөө үчүн бир себеп да жок. МакФарлейн бул
мисалды берген соң сөзүн мындайча улантат:
Эгер адамдар өтмүштө чындык
жөнүндө мынчалык алданышкан болсо, биз азыр алданбай жатканыбызды кантип биле
алабыз? Көрүнүп тургандай, биздин учурдагы чыныгы көз-карашыбыздын күнүмдүк
тажрыйбаларыбызга туура келиши аларды чындыкка айлантпайт. Биздин
тажрыйбабыздын бир чеги болгондуктан, балким заттык дүйнө пикирибиз чындап бир
иллюзиядыр. «Жер түз» деген пикирдин бир иллюзия болушу сыяктуу.27
Зат абсолюттук нерсе деген пикир материализм
менен бирге жок болду
Кванттык механика бизге көрсөткөн жыйынтык мындай: зат
материалисттер айткандай абсолюттук жана түбөлүктүү эмес. Заттын башы жана аягы
жок эмес болгон сыяктуу эле, айланабызда көзгө көрүнгөн нерселер да атом
жыйындылары гана эмес. Кванттык физика боюнча зат материалисттер эч ойлобогон
чоңдуктар ичинде сыпатын өзгөртүп, заттын маңызынын бир энергия формасы экени
илимий далилденди. Материализм кванттык физика көрсөткөн чындыктар натыйжасында
илимий жактан анык кыйрады.
Пол Дэвис жана Джон Гриббин жаңы физиканын материализмди
бүтүндөй жок кылганын мындайча айтышат:
Материализмге өмүр берген илим болгон физиканын ошол эле
учурда материализмдин өлүмү үчүн бир сигнал экенин айтуу туура болот. 20-кылым
бою жаңы физика бир катар таң калыштуу өнүгүүлөр менен материалисттик
доктринанын негиздерин жок кылды. Алгач Ньютондун мейкиндик жана убакыт
жөнүндөгү божомолдорун жок кылган салыштырмалуулук теориясы келди... жана
кийинчерээк кванттык теория келди жана биздин зат көрүнүшүбүздү бүтүндөй
өзгөрттү.28
Физик Фред Алан Вольф болсо материализмди эми
илимпоздордун да таштаганын мындайча кабар берет:
Көп илимпоздор да кошо көпчүлүгүбүз жаңы объективдүү
материализмди кабыл албайбыз. Жүрөгүбүздүн тереңинде, бизден мурдакы алхимиктер
сыяктуу, бүт ааламдан жооптуу нерсенин материализмден бир топ бай бир нерсе
экенине ишенебиз.29
Материализмдин кыйрашы эмне жыйынтыкка алып келет?
Адамдардын көпчүлүгүн жаңылткан, алардын Аллахтын бар экенине ишенүүсүнө
тоскоол болгон эң чоң себептердин бири – бул алардын зат абсолюттук нерсе деген
күчтүү ишеними. Сырткы дүйнөнү кабылдоолорунун жыйындысы катары кабыл алуунун
ордуна, көргөн нерселеринин баарынын абсолюттук реалдуусун көрүп жаткандай
мамиледе болушат. Материализм сунган заттын бар болушундагы максатсыздыкты
өздөрүнө да тууралашат жана дүйнөдөгү жашообуздун максаты жок деп ойлошот.
Аллахтын бар экендигинин далилдерин көрө алышпайт жана ишенүү үчүн Аллахтын да
(Аллахты аруулайбыз) заттык бир нерсе катары аларга көрүнүшүн күтүшөт.
Нерселердин, жандыктардын жаратылбаганына ишенишет жана ошондуктан бир
Жаратуучунун бар экенин эч кабыл алгылары келбейт.
Материализм шылтоосуна жамынуунун түпкү максаты – негизи
Аллахтын абсолюттук Затын жана Аллахтын жаратышын жокко чыгарууга аракет кылуу.
Материализмдин кыйрашы бул шылтоону толук жок кылып, Аллахтын абсолюттук бар
экенин бүт далилдери менен көрсөттү.
Делавэр университети Бартол изилдөө институтунун
элементардык бөлүкчөлөр физиги Стивен М. Барр бул чындыкты мындайча баяндайт:
Илим бизди ушундай бир укмуштуу окуянын ичине түрттү.
Курал-жарактар менен эмес; телескоптор менен жана бөлүкчө ылдамдаткычтар менен
жабдылган жана терең математиканын ишараттары жана символдору менен сүйлөгөн
илим бизге такыр башка жээктерди жана бизге абдан жат болгон фантастикалуу жерлерди
алып келди. Биз ааламды изилдөөнү уланткан сайын сапардын аягына келгенибизде
эми бир-бирден бизге тааныш болгон чек таштарын жана эң эски үйүбүздүн планын
түшүнүп баштадык. Чындыкты табууга
аракет кылган бул сапарыбыз эң аягында бизди Аллахка багыттоодо.30
Заттын өзүн көрүп жатабыз деп ойлоо бир күмөн гана.
Кабылдоолорубуз менен түшүнө алган бул дүйнөдө буга бир дагы далил жок. Биз өз
кабылдоолорубуздагы дүйнөнү гана көрүп, уга алабыз. Сырттагы заттык дүйнөнүн
өзүнө жетишибиз мүмкүн эмес. Ааламдын башы жана аягы жок эмес, бир башталышы
жана бир аягы бар. Ааламдын эч бир чекитинде материалисттер айткандай бир
«максатсыздык» жок. Бүт аалам жана анын ичиндеги бүт нерсе бир максат менен
жаратылган. Булардын баары көрсөткөн бир гана жыйынтык бар: ааламдын ар
чекитинде жаратылуу бар. Жаратылган эмгектер болсо бир топ жогору бир күчтүн,
бир Жаратуучунун бар экенин көрсөтөт. Ал Жаратуучу – бүт ааламдарды ороп
курчаган Улуу Аллах.
Материалисттердин бул чындыкка каршы күрөшүшүнүн эми эч
мааниси жок. Себеби заманбап физика бүтүндөй алардын зыянына жыйынтыктарды
берди.
Аллах аяттарында мындайча билдирет:
Булактар:
1- Stanley Sobottka, A Course in Consciousness, http://faculty.virginia.edu/consciousness/
2- Stephen M. Barr, Retelling the Story of Science, Mart 2003 http://www.firstthings.com/ftissues/ft0303/articles/barr.html
3- Amit Goswami, The Self-Aware Universe "How Consciousness Creates the Material World", Tarcher / Penguin Books, 1995, s. 12
4- Taşkın Tuna, Ol Dedi Oldu "Big Bang'in Nefes Kesen Öyküsü", Ekim 2005, Şule Yayınları, s. 59
5- Peter Russell, The Primacy of Consciousness, http://www.peterussell.com/SP/PrimConsc.html
6- Fred Alan Wolf, The Spiritual Universe "One Physicist's Vision of Spirit, Soul, Matter and Self", Moment Point Press, 1999, s. 99
7- Can Science Seek to Soul, http://www.closertotruth.com/topics/mindbrain/113/113transcript.html
8- George Gilder http://www.taemag.com/issues/articleid.17078/article_detail.asp
9- Amit Goswami, The Self-Aware Universe "How Consciousness Creates the Material World", Tarcher / Penguin Books, 1995, s. 31
10- David Pratt http://www.theosophy-nw.org/theosnw/science/prat-mat.htm
11- Richard Feynman, The Character of Physical Law, Türkçe baskı: Fizik Yasaları Üzerine, TÜBİTAK Yayınları, s. 149-151 - http://www.zamandayolculuk.com/cetinbal/kopenhag.htm
12- Thomas J. McFarlane, "The Illusion of Materialism" http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
13- Peter Russell, The Primacy of Consciousness, http://www.peterussell.com/SP/PrimConsc.html
14- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 272-273
15- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 274
16- Roger Penrose, The Road to Reality, Alfred A. Knopf, 2006 s. 1031
17- Amit Goswami, The Self-Aware Universe "How Consciousness Creates the Material World", Tarcher / Penguin Books, 1995, s. 59-60
18- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 264
19- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 274
20- What the Bleep Do We Know?, Belgesel film, yönetmen: William Arntz, Betsy Chasse
21- Nick Herbert, Temel Bilinç, Ayna Yayınevi, 1999, s. 146
22- Nick Herbert, Temel Bilinç, Ayna Yayınevi, 1999, s. 143
23- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
24- Fred Alan Wolf, Mind into matter "A New Alchemy of Science and Spirit", 2001, Moment Point Press, s. 105
25- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
26- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
27- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
28- Paul Davies and John Gribbin, The Matter Myth "Dramatic Discoveries That Challenge Our Understanding of Physical Reality", Touchstone books, 1992, s. 14
29- Fred Alan Wolf, Mind into matter "A New Alchemy of Science and Spirit", 2001, Moment Point Press, s. 6-7
30- Stephen M. Barr, Retelling the Story of Science, http://www.firstthings.com/ftissues/ft0303/articles/barr.html
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder