
21-кылым өкүм сүрүп жаткан бүгүнкү күндөрү дүйнөнүн көп аймагында чечилүүнү күткөн көп маселелер, келишип-жоюу керек болгон ар кандай карама-каршылыктар дагы эле уланууда. 20-кылымдын башында бузулган тең салмактуулуктардын толугу менен кайрадан курула албай, көпчүлүгү Ислам дүйнөсүнүн ичинде жайгашкан ар кандай өзгөчө аймактар пайда болду. Бул маселелердин кээ бирлеринде убактылуу келишимге келинди, кээ бир аймактарда болсо уруштар же тирешүүлөр уланууда.
Бүгүн чечүү керек болгон маселелердин көпчүлүгү Мусулмандар басымдуу болгон аймактар менен (Палестина, Кашмир, Ирак, Афганистан сыяктуу) түздөн-түз байланыштуу. Мындан тышкары, акыркы убактарда барган сайын көбүрөөк айтылып жаткан «маданияттар арасы кагылышуу» жактоочуларынын Мусулмандарды күнөөлөгөн пропагандалары себебинен Ислам дүйнөсү ар кандай чөйрөлөр тарабынан душман көрсөтүүгө аракет кылынууда. Бул болсо керексиз жана жасалма бир тирешүүнүн пайда болушуна, тынчсыздануунун өсүшүнө себеп болууда. Булардын баары Мусулмандар 21-кылымда кандай стратегия колдонушу керек деген маселени дагы бир жолу актуалдуу кылууда.
Бул стратегияны туура белгилөө үчүн биринчиден Ислам дүйнөсүнүн учурдагы абалын жакшы түшүнүү керек. Туура анализдер белгилене турган стратегиянын негизги таянычын түзүп, алына турган чечимдердин натыйжалуу болушун камсыз кылат.
Ислам цивилизациясы Осмон Империясы (Ottoman Empire), Сефевиддер (Safavid Empire) жана Могулдар (Mughal Empire) сыяктуу үч чоң императорлук тарабынан чагылдырылган 16- жана 17-кылымда Азия, Африка жана Европанын өкүмдар күчү эле. Индияда Могул Императорлугу бар эле. Иран менен айланасында Сефеви мамлекети өкүм сүргөн. Үчүнчү жана эң чоң императорлук болсо бүт Балкан жарымаралын, Анатолияны, Месопотамияны, Арап жарымаралын жана Түндүк Африканы башкарган ири Осмон мамлекети эле. Бирок бул Исламдык өкүмдарлык барган сайын кичирейип, алсыздады. Биринчи болуп 18-кылымда Могул Императорлугу кулады. Бул түштүк Азия Мусулмандары үчүн жаңы бир доордун башталышы болду; Индия астыңкы материги Англия колониялык башкаруусунун өкүмдарлыгына өттү. Индокитай катары белгилүү болгон аймак болсо француздар тарабынан колониялаштырылды. Сефеви Императорлугунун халифасы болгон Каджар династиясы 1920-жылдарга чейин жашады, бирок бийлиги менен таасирин алда качан жоготкон эле. Кийинчерээк Англия менен Россиянын карамагына өттү. Бул убакта Осмон Империясы да улам жерлерин алдырып, барган сайын алсыздап бараткан эле. 600 жыл бою Ислам дүйнөсүнүн эң кенен жана эң натыйжалуу мамлекет системасын түзгөн Осмон Империясы Биринчи дүйнөлүк согуш менен бирге бүтүндөй кулады.
Осмон Империясынын кулашы Ортоңку чыгыш жана Арап жарымаралынын кээ бир аймактары баш болуп, Ислам аймактарында тарыхый өзгөрүүлөргө себеп болду. Чет жактан келген күчтөр тарабынан курулган улут-мамлекеттер бул аймактарда 20-кылым бою улана турган ызы-чуу жана тирешүүлөрдүн негизги себеби болду. Тамырлуу бир маданияттын куруучусу болгон Ислам дүйнөсүндө изоляция процесси башталды. Бир эле Ортоңку чыгышта эмес, Түндүк Африкада, Түштүк Азияда да Мусулмандар колониялаштыруучу күчтөр тарабынан эзилди. Бул өлкөлөрдүн көпчүлүгү 20-кылымдын экинчи жарымында гана эгемендүүлүккө жете алышты. Эгемендүүлүккө жетүү процесси да Алжир сыяктуу көп өлкөдө өтө кандуу болду. Миллиондогон күнөөсүз адамдар көз жумду, көпчүлүгү кыйноолор жана зулумдуктар себебинен майып болду. Бул аймактарда колониялаштыруучу күчтөр кеткен соң бейпилдик менен коопсуздук толук камсыз кылына алган жок. Кыскасы, 20-кылым Ислам дүйнөсүнүн көпчүлүгү үчүн кагылышуулар менен, уруштар менен, жокчулук жана жакырчылык менен өткөн бир кылым болду.
Бирок Ислам дүйнөсү дайыма мындай абалда болуп келген эмес.
Тескерисинче, өткөн эки миң жылдын тарыхын анализдегенде, учурдагыдан такыр башка бир көрүнүштү көрөбүз: адамзаттын тарыхындагы эң чоң маданий жана илимий өнүгүү Ислам менен болгон. Батыш дүйнөсү караңгылык ичинде жашап жаткан кезде Мусулмандар дүйнөнүн эң суктандырарлык маданиятын куруп, Ислам ахлагы дүйнөнү жарык кылган нур болгон.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder