Ислам дүйнөсүнүн келечеги менен дүйнө тынчтыгынын жана коопсуздугунун түздөн-түз байланыштуу экени учурда көп ойчул тарабынан айтылууда. Ислам дүйнөсү болжол менен 1,5 миллиард калкы (Мусулмандар дүйнөдөгү адам санынын болжол менен 1/4ин түзөт), кен байлыктары, жайгашкан аймагынын стратегиялык мааниси менен чоң бир күч болуп саналат. Экинчи дүйнөлүк согушка чейин көпчүлүгү колония болуп жашаган Мусулман өлкөлөр Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин башталган колонияга каршы төңкөрүштөр менен көз-карандысыздыкка жетишкен жана бул Ислам географиясынын көрүнүшүн өзгөрткөн. Ислам географиясындагы чыныгы өзгөрүү болсо кансыз согуштун бүтүшү менен ишке ашкан. Бул убакка чейин Африка-Азия географиясы катары кабыл алынган Ислам дүйнөсү Албания жана Босниядан Чеченистан жана Тажикстанга созулган бир Евразия (Европа-Азия) географиясына айланды. Сексенинчи жылдары Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмуна мүчө жалгыз Мусулман өлкө Түркия болсо, бүгүн бул сан тогузга чыкты.8
Бул процессте Ислам дүйнөсүнүн демографиялык таралышында болгон өзгөрүү да Ислам географиясы түшүнүгүнө таасир берген. 20-кылымдын башына чейин Мусулмандар –кыска мөөнөттүү басып алуулардан тышкары- көбүнчө Ислам жерлеринде, б.а. Мусулмандардын башкаруусу астында жашашкан. 20-кылымдын алгачкы доорлорунан баштап Мусулмандар өз каалоосу жана эрки менен ар кайсы Европа өлкөлөрүнө жана Америкага көчүшүп, ал жерлерде маанилүү сандагы калкка айланышкан. Учурда Америкада жана көптөгөн Европа өлкөсүндө Ислам эң ылдам көтөрүлгөн дин болуп калды жана Батыштагы Мусулмандардын санынын көбөйүшү алардын социалдык жана саясий жашоодо маанилүү бир рол ойношун камсыз кылды. Ошентип Ислам географиясы калкынын көпчүлүгү Мусулман болгон же Мусулмандардын башкаруусундагы өлкөлөр менен эле чектелбеген бир топ чоң географияга айланды.
Кавказдан Танзанияга, Мароккодон Фиджиге чейин созулган чоң аймакка жайылган Ислам дүйнөсү тарыхтын ири маданияттары төрөлүп өнүккөн бир жерде жайгашууда. Бул аймактын геосаясий, геомаданий жана геоэкономикалык өзгөчөлүктөрү бул аймакты бүгүн да эл аралык мамилелерде жана дүйнө саясатында маанилүү бир орунга койууда.
Дүйнө соода жолдорунун маанилүү кесишүү жана транзиттик аймактарынын ушул географияда жайгашаканы да маанилүү факторлордон. Карадеңизди Жер ортолук деңизге улаган, Жер ортолук деңизди жана Перс булуңун Инд океанына улаган кысык жана каналдардын жана Инд океанындагы негизги транзиттик чекиттердин Мусулмандардын контролунда экенин ойлогонубузда, Ислам дүйнөсүнүн глобалдык тең салмактуулуктардагы маанисин жакшыраак түшүнөбүз. Буга, мындан тышкары, мунайзат, табигый газ сыяктуу стратегиялык кен байлыктар жагынан дүйнөнүн эң бай жерлеринин Ислам географиясында жайгашканын кошконубузда, жагдайды анык түшүнө алабыз. Бул өзгөчөлүктөрдүн баары Ислам дүйнөсү үчүн бир стратегиялык мүмкүнчүлүк жана бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдалануу Мусулмандардын дүйнө саясатындагы таасиринин өсүшү деген мааниге келет.
Бүгүнкү абалдан да Мусулмандардын түздөн-түз же кыйыр түрдө 21-кылымдагы өнүгүүлөрдө рол ойноору апачык көрүнүүдө. Бирок албетте бул ролдун Ислам дүйнөсү баш болуп бүт адамзаттын пайдасына болушу эң негизги маселе. Бул жерде биринчи эле оюбузга Ислам дүйнөсүнүн учурдагы абалы менен мындай ролду аркалай алып-албашы келет. Албетте, Мусулмандар бул жоопкерчиликти аркалай турган жөндөмгө жана аң-сезимге ээ. Анткен менен, бүгүн Ислам дүйнөсүн караганыбызда, кээ бир өлкөлөрдө демократия салтынын жетиштүү деңгээлде орнобогону, технологияда замандан артта калуу, экономиканын начар болушу сыяктуу кээ бир маселелер көзгө урунат. Дүйнө саясатында активдүү рол ойноого даярданган бир Ислам дүйнөсүнүн буларды жана ушул сыяктуу маселелерди эртерээк чечиши зарыл.
Бирок Ислам дүйнөсүнүн булардын баарынан мурда тездик менен чечиши керек болгон өтө маанилүү жана негизги бир маселеси бар: бөлүнгөндүк. Дүйнө Мусулмандарынын күчтүү жана активдүү бир Ислам Биримдигин түзө албашы учурда болуп жаткан ар кандай маселелердин негизги себеби болгон бир кемчилик. Күчтүү бир биримдик курулганда бүгүн болуп жаткан маселелер же эч чыкпайт же чыккан маселелердин баары болжонгондон бир топ кыска убакыт ичинде чечилет.
Бул жерде муну белгилей кетүү керек: бөлүнүүчүлүк сөзү менен топторго бөлүнүү, б.а. Ислам дүйнөсү ичинде ар кандай мазхаптардын бар болушу айтылып жаткан жок. Мусулмандардын бөлүнүүчүлүктөн кутулушу баарынын жалгыз бир шарият же ыкма астында чогулушу деген мааниге келбейт. Негизгиси бул айырмачылыктардын ишеним биримдиги астында, толеранттуулук жана көмөктөшүү ичинде биригиши. Көз-караш, ой-пикир жана иш-аракетте айырмачылыктар ар кандай коомдо кездешкен кадыресе көрүнүш. Ислам ахлагы бүт айырмачылыктарга карабастан, Мусулмандардын бир-биринин бир тууганы экенин унутпашын талап кылат. Расасы, тили, өлкөсү, мазхабы кандай гана болбосун, бүт Мусулмандар бир тууган. Ушул себептен Ислам дүйнөсүндөгү айырмачылыктар бир байлыктай каралышы керек, алар Мусулмандардын бир-бири менен урушушуна себеп болгон, аларды негизги маселелерден алыстатып, тездик менен чечүү керек болгон негизги маселелерге чара көрүүгө тоскоол болгон кагылышуу жана бөлүнүү себебине айланбашы керек.
Бөлүнүүчүлүктүн себептери

Бирок 19-кылымдын эң кыйратуучу агымдарынын бири болгон радикалдуу улутчулдук Ислам дүйнөсүнө да таасирин тийгизди. Мусулмандардын бир бөлүгү Батыштык көз-караш агымдарынын таасиринде калып аң-сезимдерине сиңирилген бул идеологияны кабыл алышты. Ислам императорлуктарынын алсыздашы менен Мусулмандардын көпчүлүгү Батыштык күчтөрдүн колониясына айланышты. Колониялоочу күчтөр Ислам өлкөлөрүнөн кетип жатып да, ал өлкөлөрдү жасалма чек аралар менен бөлүп, ар кандай мамлекеттерди түзүштү. Бул абал кээ бир Мусулмандар арасында жайылган радикалдуу улутчулдук кыймылдарына кошулганда өтө башаламан бир жагдай келип чыкты. Мусулман калктардын ичиндеги этникалык айырмачылыктар кагылышуу себебине айланды. Бир аз мурда эле бир жерде чогуу жашаган калктар бир заматта башка башка чек аралар ичинде жашаган, араларында пикир келишпестиктер орун алган, бир-бирине душман коомдорго айланышты. Дээрлик ар бир өлкө менен коңшулары арасында чек ара келишпестиктери баш болуп ар кандай талаш маселелер жаралды. (Бул пикир келишпестиктердин бир бөлүгү Иран-Ирак согушу мисалындагы сыяктуу, эки Мусулман мамлекеттин бир-бири менен кырчылдашып согушушуна чейин жетти.) Ошентип Ислам дүйнөсү бир кылым бою улана турган бир туруксуздук процессине кирди.
Бул жерде белгилей кетчү жагдай – албетте, элин жана мекенин сүйүү, көз-карандысыздыкты каалоо туура жана жакшы нерсе. Улутчулдук сезиминин туура эмес абалга келиши сүйүүнүн фанатизмге айланышынан келип чыгат. Бир адам өз элин сүйүп жатып, башка элдерге карата себепсиз эле душман болуп баштаса, өз элинин кызыкчылыктары үчүн башка элдердин жана калктардын акыларын тебелөөнү, мисалы алардын жерин басып алууну, мал-мүлктөрүн талап-тоноону көздөсө, туура эмес көз-карашта болгон болот. Же болбосо, өз элине болгон сүйүүсүн бир расизмге айлантканда, б.а. өз элин генетикалык жактан башкалардан жогору деп ойлогондо да туура эмес көз-карашты чыгарган болот. Улутчулдуктун расисттик бир көз-карашка айландырылып, эки Мусулман эл арасындагы «Мусулман бир туугандыгы» түшүнүгүн тебелей турган, аны жок кылып душмандыкты пайда кыла тургандай чечмелениши да туура эмес.
Аллах бул туура эмес түшүнүккө Куранда көңүл бурат. Аяттарда «кыжырдуу улут коруучулугу» деп сүрөттөлгөн бул көз-караш жахилиянын (дин ахлагынан алыс коомдордун) бир өзгөчөлүгү катары баяндалат:
Ал чындыктан баш тарткандар өз жүрөктөрүндө «кыжырдуу улут коруучулугун», караңгылыктын «кыжырдуу улут коруучулугун» жасап-күчөтүшкөндө, ошол замат Аллах элчисине жана момундарга «ишеним жана бейпилдик сезимин» түшүрдү жана аларды «такыба сөзүндө» «бекемдик менен коргоду». Ансыз да алар буга ылайык жана татыктуу эле. Аллах бүт баарын толук билүүчү. (Фетих Сүрөсү, 26)
Көңүл бурулган болсо аятта «кыжырдуу улут коруучулугунан» сөз кылынып, буга карата Аллахтын момундарга ишеним жана бейпилдик сезимин бергени айтылууда. Демек өз коомуна (уруусуна же элине) болгон сүйүүсү натыйжасында кыжырдуу жана «кабанаак» бир мамиледе болгон адамдардын кылганы Куран ахлагына карама-каршы. Жана 19-кылымда материалист Европадан чыгып, Мусулман коомдорго ал жактан келген улутчулдук түшүнүгү кыжырдуу жана чектен чыккан бир улутчулдук болгон. Бир эле Ислам дүйнөсүндө эмес, дээрлик бүт дүйнөдө кагылышууларга жана саясий туруксуздуктарга себеп болгон.
Бирок адамдарды расасына, улутуна жана уруусуна карап бөлүү, этникалык айырмачылыктарды пикир келишпестиктин себебине айлантуу Куран ахлагына толугу менен карама-каршы. Раббибиз бир аятта мындайча билдирген:
Эй адамдар, чындап, Биз силерди бир эркек менен бир аялдан жараттык жана бир-бириңер менен таанышышыңар үчүн силерди элдер менен уруулар (абалында) кылдык. Күмөнсүз, Аллах Кабатында эң жогоркуңар – бул (улут же ата-баба жагынан эмес) такыбалык жагынан эң алдыңкыңар. Күмөнсүз, Аллах билүүчү, кабар алуучу. (Хужурат Сүрөсү, 13)
Аллах «Асмандардын жана жердин жаратылышы менен тилдериңердин жана түстөрүңөрдүн ар түрдүү болушу Анын аяттарынан. Күмөнсүз, мында аалымдар үчүн чындап аяттар бар.» (Рум Сүрөсү, 22) аяты менен адамдардын ар түрдүү расалардан жана улуттардан болушунун Өзүнүн аяттарынын бири экенин билдирген. Мындай айырмачылыктар урушуунун жана душмандыктын себеби катары эмес, бир байлык жана ар түрдүүлүк катары жаратылган.
Тарых Исламдын этникалык бөлүнүүлөрдү ынтымакка салуу мисалдарына толо. Аз. Мухаммед (сав) сахабаларды раса жана урууга карап дискриминация кылуудан, адамдарды улутуна, жынысына, тилине, уруусуна карап бөлүүдөн, ал тургай, бир коом ичинде адамдарды материалдык мүмкүнчүлүгүнө карап бөлүүдөн да толугу менен тоскон. Пайгамбар Мырзабыз (сав) Коштошуу хутбасында «Эй адамдар! Албетте Раббиңер бир жана атаңар да бир. Баарыңар Адамдан, Адам болсо топурактан. Аллахтын алдында эң жогоркуңар – Андан эң көп коркконуңар. Арап ажемден (арап эместен), ажем болсо араптан, ак карадан, кара да актан эч өйдө эмес, такыбалыктан тышкары.» сөздөрү аркылуу Мусулмандарды бул темада этият болууга чакырган.
Пайгамбарыбыз (сав) жана төрт халифа доорунда биринин артынан экинчиси уланган жеңиштер Ислам дүйнөсүнүн чек араларын чыгыш менен батышты көздөй кеңейтип, ар кайсы улуттардан көптөгөн адамдар Ислам желеги астында бириккен. Уруу кагылышууларына, түгөнбөгөн кан уруштарына чөмүлгөн Ортоңку чыгыш Ислам ахлагынын жайылышы менен бейпилдикке жетип, араптардын арасындагы уруу согуштары эле эмес, Мусулмандар караткан бүт жерлердеги уруштар да токтогон. Кээ бир Христиан мазхаптар арасында кырчылдашып уланган күрөштөр дагы Мусулмандар караткан жерлерде тынчтык менен аяктаган. Бир-бири менен согушкан уруулар, бир-бирлерин таш боордук менен жок кылууга аракеттенген топтор Ислам желеги астында бир-бирине жашоо укугун ыраа көрүп, урмат көрсөтүп калышкан.
Учурдагы Мусулмандардын көз-карашы да ушул багытта болушу керек. Мусулмандардын бир-бири менен болгон байланыштарында негизги критерий адамдардын расасы, этникалык тамыры, тили сыяктуу өзгөчөлүктөрү, колундагы мүмкүнчүлүктөрү, кызмат орду же даражасы эмес, ыйманы жана сонун адеп-ахлагы болуп саналат. Чын жүрөктөн ыйман кылган кишилер арасында сүйүү ал адамдын Аллахтан коркуп-тартынышына, Раббибизге болгон терең сүйүүсүнө, кылган чын ыкластуу иштерине, сонун адеп-ахлагына карап калыптанат. Эгер бир киши өмүрүн Аллах жолуна арнаганын бүт мамиле жана иш-аракеттери менен далилдеп, дайыма Аллахтын ыраазылыгын жана мээримин көздөп жакшы иштерди кылып жатса, ыймандуулар ал кишини сүйүп, урматташат. Ал кишинин терисинин өңүнө, анын улутуна, материалдык мүмкүнчүлүгүнө карашпайт, булар алардын сүйүүсүнө оң же терс таасир бербейт. Мусулман коомдор арасындагы мамилелерде да ушул эле критерийлер негиз болушу керек. Эки Мусулман калк арасындагы мамиленин маңызы Куранда билдирилгендей болушу керек: Мусулмандар бир-бирлеринин жардамчысы жана досу.
Ислам дүйнөсүнүн бүгүнкү бөлүнүүчүлүгүнүн эң негизги себептеринин бири – ушундай аң-сезимдин жоктугу. Буга болсо Куран ахлагынан алыстап, анын ордуна динден тышкаркы пикир агымдарынын жана көз-караштардын таасирдүү болуп калышы себеп болгон. Кээ бир билермандар Батышта чыккан динден тышкаркы философия жана идеологиялардын жаңылыштыктарына алданып, ал пикирлерди Мусулман аймактарына жайылтуу Ислам дүйнөсүн алга жылдырат деп ойлошкон. Бул тарыхый ката себеп болгон кыйроонун издери бүгүн да апачык көрүнүп турат. Адилеттикти, жан аябастыкты, мээримди, толеранттуулукту, ачык ойлуулукту, акылмандыкты алып келген Куран ахлагынын ордуна, кээ бир адашкан философия жана идеологияларды элдерге сиңирүүгө аракет кылынышы менен бирге Мусулман дүйнөсүндө өкүм сүргөн тартиптин жана көмөктөшүүнүн ордун башаламандык менен бөлүнүүчүлүк ээледи. Бул башаламандыкты токтотуу үчүн кээ бир өлкөлөрдө кайра эле Куран ахлагына карама-каршы бир модель пайда болуп, элди таш боордук менен эзген деспоттук режимдер курулду.
Бүгүн Ислам дүйнөсүнүн келечеги жөнүндө стратегияларды белгилөөдө бул тарыхый тажрыйбадан сабак алып, туура эмес пикирлерге алдануудан этият болуу керек. Тарых апачык көрсөткөндөй, Ислам дүйнөсү өзүндөгү баалуулуктарды бекем карманганда гана көтөрүлө алат. Жана бул баалуулуктардын эң негизгилеринин бири – бул Мусулмандардын биримдиги жана чогуу болушу.
Тарыхтан бир өрнөк:
Селахаддин Аййубинин Ислам Биримдиги
Кресттүүлөргө каршы Ислам дүйнөсүнүн абалы буга жакшы бир мисал болот.
1096-жылы башталган биринчи кресттүү жортуулунун аскерлери Ортоңку чыгышка жеткенде, Мусулмандар бир-бири менен пикир келишпей, урушуп турган эмирликтерге бөлүнгөн эле. Мындай бөлүнүүчүлүк себебинен Европадан келген ал варвар басып алуучуларга туруштук бере алышпады. 1099-жылы Иерусалимде үрөй учурарлык кыргын жасап курулган Кресттүүлөр хандыгы он жылдар бою Мусулмандардын мындай бөлүнүүчүлүгүнөн пайдаланды. Бирок улуу Ислам жол башчысы Селахаддин Аййубинин Мусулман эмирликтерди бир-бирден өз башкаруусуна алып бириктириши менен бирге Мусулмандар кресттүү басып алуучулар менен тең тайлаша турган күчкө жетти.
Анткен менен Мусулмандардын кресттүүлөрдү жеңиши бир күндө болбойт эле. Селахаддин Аййуби Мусулмандарды жалгыз желек астында бириктирип жатып, экинчи тараптан илимий жана адеп-ахлактык бир ойгонууну баштаткан эле. Encyclopedia Britannica'да айтылгандай:
Мусулмандардын диний уюмдарын стимулдоо жана жайуу (Селахаддин Аййубинин) саясатынын негизги бөлүктөрүнүн бири эле. Илимпоздорду жана дин аалымдарын колдоду, алар колдонушу үчүн университеттер менен мечиттерди курду жана аларга Ислам дүйнөсүнүн пайдасына көп эмгектерди жаздырды... Адеп-ахлактык кайрадан жаралуу менен бирге, бул анын жеке жашоосунун да чыныгы бир фактору эле, андан беш жүз жыл мурда белгилүү болгон дүйнөнүн жарымын өзүнө караткан биринчи муун Мусулмандарынын чечкиндүүлүгүн жана бекемдигин кайрадан ойготууга аракеттенди.
Илимий, адеп-ахлактык жана ыймандык жогорулоо Мусулмандардын саясий биримдигине кошулганда, Ислам маданияты дагы бир жолу көтөрүлдү: Селахаддин Аййубинин кол астындагы бириккен Ислам армиясы 1187-жылкы Хаттин согушунда –өз ичинде бөлүнүп жарылган- кресттүүлөр армиясын талкалады жана андан соң Иерусалим да кошо кресттүүлөр басып алган Палестина аймактары дээрлик толугу менен куткарылды.
Селахаддин Аййубинин жана анын башчылыгында курулган Ислам Биримдигинин эң маанилүү өзгөчөлүгү болсо – бул анын Куран ахлагынын талабы болгон адилеттик, бейпилдик жана тынчтыкты көздөө сыяктуу баалуулуктарды эң жакшы сактаганы эле. Селахаддин Аййуби көбүнчө кресттүүлөрдү аскердик жеңиши менен эскерилет, бирок анын белгилүү бир өзгөчөлүгү – анын кресттүүлөргө да, башка бүт Христиандарга да өтө адилеттүү жана кечиримдүү мамиле кылганы эле. Кресттүүлөр Мусулмандарга өтө көп зулумдуктарды жасаганына карабастан, Селахаддин Аййуби алардан өч алган эмес жана Иерусалимди каратканда шаардагы эч бир Христианга зыян тийгизилген эмес эле. Селахаддин Аййубинин дагы бир өзгөчөлүгү – анын өз тарабындагы радикалдарды да тизгиндеши эле. Үчүнчү кресттүүлөр жортуулун башкарган Англия ханы Ричард Акра мунарасында 3 миң Мусулман карапайым калкты таш боордук менен өлтүргөнү үчүн кээ бир кишилер өч алуунун жолун издеп, муну Йафа шаарындагы (азыркы Тель-Авив) Христиандарга массалык кыргын жасоо аркылуу ишке ашырууну каалашкан эле. Селахаддин Аййуби өз армиясы ичиндеги бул радикалдуу тенденцияны токтотуу, басуу жана Йафадагы Христиандарга коопсуздукту камсыздоо үчүн көп аракет кылды жана мында да ийгиликке жетти.
Аягында Селахаддин Аййуби кресттүүлөр менен бир катар макулдашууларга барып жана кээ бир мүмкүнчүлүктөрдү берип, ыйык жерлерге тынчтык алып келе алды. 1192-жылы 28-августта кресттүүлөр менен Мусулмандар арасында тынчтык келишимине кол коюлду. Андан соң Селахаддин Аййуби ал шаарды каратуу үчүн миңдеген Мусулманды өлтүргөн кресттүү кол башчыларга өтө айкөлдүк кылып, аларды өзүнүн коногу катары Иерусалимге чакырды. Иерусалимди зыярат кылган кресттүү кол башчылар Мусулмандардагы мындай улуу кечиримдүүлүк, толеранттуулук жана адилеттүүлүккө болгон таң калууларын жашыра алышкан эмес. Селахаддин Аййуби бир жолу душманы Англия ханы Ричарддын ооруп калганын угуп, ага өзүнүн жеке дарыгерин жана температурасын басышы үчүн кар жөнөткөн эле. Селахаддин Аййубинин Куран ахлагына таянган мындай бийик адеп-ахлагы аны бүт Европада легендага айлантты.
Кыскасы, Селахаддин Аййуби курган Ислам Биримдиги Мусулмандарга күч жана жеңиш да алып келген жана Ислам ахлагынын маңызындагы адилеттик, толеранттуулук, тынчтыкты көздөө сыяктуу баалуулуктардын турмушка ашырылышына да шарт түзгөн эле. Мусулмандар бир жагынан Исламга кызмат кылуу үчүн кыймылга келишсе, экинчи жагынан Мусулмандар арасында пайда болгон кээ бир радикалдуу тенденцияларга бөгөт болунуп, Куран ахлагы боюнча Мусулмандардын кандай болушу керек экени көрсөтүлгөн эле.
Селахаддин Аййуби курган Ислам Биримдигинен бүгүнкү күнгө чейин толук 8 кылым өттү. Бирок дал ошонун заманындагы себептер менен бүгүн да Мусулмандарга бир Ислам Биримдиги керек. Албетте, бүгүн Ислам дүйнөсүнө кресттүүлөр доорундагы сыяктуу бириккен бир аскердик кол салуу жок, бирок Ислам дүйнөсү ар кайсы аймакта ар кандай коркунучтар астында турат. Болгондо да, Ислам дүйнөсү башка маданияттардан артта калып, илим, технология, маданият, искусство, ой-пикир сыяктуу тармактарда –көп убакыт бою дүйнөнүн алдыңкысы болуп келгенине карабастан- артта калды. Башка тараптан, башка маданияттарда чыгарылган бир катар туура эмес философия менен идеологиялар да 19-кылымдан баштап Ислам дүйнөсүнө алып келинип, Куран ахлагын толук билбеген кээ бир Мусулмандарды таасири астына алууда. Исламдын атын жамынып чыккан, бирок чындыгында Ислам ахлагына толугу менен карама-каршы жырткычтыктарды жасаган кээ бир радикалдар болсо Ислам менен башка маданияттар арасында уруш чыгарууну каалагандарга, көбүнчө билбестен, кызмат кылышууда.
Булардын баарынын токтошу, Мусулмандардын кайрадан дүйнөгө багыт берген, жол көрсөткөн, адилеттик менен тынчтыкты алып келген, суктанылган бир маданият курушу үчүн болсо, бир кездерде Селахаддин Аййуби колдонгон ыкма колдонулушу керек: Ислам дүйнөсүндө адеп-ахлактык, илимий, ыймандык бир кайрадан жаралууну баштатуу жана бир тараптан Мусулмандардын саясий биримдигин куруу.
Айырмачылыктарга толеранттуулук
көрсөтүп биригүү
Мусулмандардын биримдик курушу учурдагы абалды токтотуу үчүн гана зарыл болгон саясий бир талап эмес. Мындан да маанилүүсү: биримдик ансыз да Мусулман болуунун талаптарынын бири. Мусулмандар өмүрлөрүнүн ар бир көз ирмеминдеги сыяктуу, улуттук жана эл аралык саясаттарында да Куран ахлагына ылайык иш-аракет жүргүзүшү зарыл. Куран ахлагы болсо эң башта Ислам дүйнөсүнүн биримдик курушун талап кылат. Куран ахлагын негиз тутуу бул биримдиктин бекем болушун жана андан күтүлгөн активдүү ролду аркалашын камсыздайт.
Ислам ахлагы Мусулмандардын дайыма бириктирүүчү мамиле көрсөтүшүн, бир-бирине көмөктөшүп, ынтымактуу дин бир туугандары болууларын талап кылат. Аллах Куранда ыймандууларга «талашып бир-бири менен урушпашын» (Энфал Сүрөсү, 46) буйрук кылат жана мунун Мусулмандарды алсыздандыраарын билдирет. Башка бир аятта болсо төмөнкүдөй буйрук кылынат:
Аларга апачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп майдаланган жана пикир келишпестикке түшкөндөр сыяктуу болбогула. Мына ошолор үчүн чоң бир азап бар. (Али Имран Сүрөсү, 105)
Абийири менен акылын колдонгон, өз кызыкчылыктарын эмес адилеттикти көздөгөн бир ыймандуунун башка ыймандуулар менен биримдик курбашы, дайыма бир пикир келишпестик ичинде болушу мүмкүн эмес. Бул жеке адамдардын мамилелерине да, элдер менен калктардын мамилелерине да тиешелүү. Аллах Куранда бул чындыкка да көңүл буруп, Мусулман калктардын бир-бирине карата адилетсиздик кылышына жана душмандай мамиле кылышына тыюу салган. Куранда мындай мамиле кылгандарды токтотуу жана Мусулман калктарды жараштыруу буйрулган:
Момундардан (ыймандуулардан) эки эл урушса, араларын оңдогула. Эгер бирөө экинчисине кол салса, кол салган тарап менен Аллахтын буйругуна кайтканга чейин согушкула; эгер аягында (Аллахтын буйругун кабыл алып) кайтса, анда адилеттик менен жараштыргыла жана (дайыма) адилеттүү болгула. Албетте, Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт. (Хужурат Сүрөсү, 9)
Албетте, ар кайсы Мусулман эл арасында аймактык, маданий жана үрп-адаттык кээ бир түшүнүк жана шариятта айырмачылыктар болушу мүмкүн. Чечмелөөдө, көз-карашта айырмачылыктар болуп, ар кандай мазхаптар болот. Бул өтө табигый нерсе. Бул айырмачылыктар себебинен бир Мусулман элдин же топтун экинчисине каршы чыгып, аны менен сүйлөшпөй коюшу, орток баалуулуктарда келише албай турганчалык даражада экинчисин жат жана ал тургай душман көрүшү туура эмес болот. Эч качан мындай нерсе болбош керек.
Аллах Куранда Мусулмандарды мындай катага түшпөшү үчүн эскертип, ахли китаптын каталарын сабак алуу үчүн көрсөткөн. Куранда ахли китаптын (Христиандар менен еврейлердин) каталары айтылып жатканда, алардын өз араларында майдаланып, бөлүнүшү да айтылат. Баййина Сүрөсүнүн 4-аятында ахли китаптын аларга апачык далилдер келгенине карабастан, бөлүктөргө бөлүнгөнү кабар берилет. Башка аяттарда болсо мындай бөлүнүүнүн себептери арасында «араларындагы кол салуу жана адилетсиздик», «араларындагы кызганычтык», «акыйкатка баш көтөрүү» сыяктуу жаман адеп-ахлак өзгөчөлүктөрү кабар берилет. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Алар өздөрүнө илим келген соң, араларындагы «кол салуу жана адилетсиздик» себебинен гана бөлүнүп-жарылышты... (Шура Сүрөсү, 14)
Эч күмөнсүз, дин – Аллах Кабатында Ислам. Китеп берилгендер аларга илим келген соң гана араларындагы «кызганычтык жана акыйкатка баш көтөрүү» (баый) себебинен бөлүнүп-жарылышты. Ким Аллахтын аяттарын четке какса, (билип койсун) чындыгында Аллах эсепти өтө бат кылуучу. (Али Имран Сүрөсү, 19)
Мындай бөлүнүүчүлүк себебинен ахли китаптын тарыхынын чоң кагылышууларга толо экени белгилүү бир чындык. Христиандыктын алгачкы 1600 жылдык тарыхын бир-бири менен согушкан Христиан конфессияларынын тарыхы десек болот. Кичине эле чечмелөөдөгү айырмачылыктар да Христиандардын бир-бирин каапыр деп айыпташына себеп болгон. Мындай уруштардын ичинде Рим католик чиркөөсү акырындап үстөмдүккө жеткен, бирок андан кийинки кылымдарда эми бул Чиркөө «адашкан» (еретик) деп санаган башка диний конфессияларга (булардын арасында докетизм, монтанизм, адоптионизм, савеллианизм, арианизм, пелагианизм жана гностицизмди (Docetism, Montanism, Adoptionism, Sabellianism, Arianism, Pelagianism, Gnosticism) санаганга болот) карата абдан кысымчылык көрсөткөн. Папалыктын 11-кылымдан баштап катарлар жана богомилдер (Kathar, Bogomil) сыяктуу башка диний агымдарга жасаган кысымчылыктары, андан соң протестанттар менен католиктер арасында чыккан жана бир кылымдан ашыкка созулган кандуу согуштар Европа тарыхынын эң караңгы доорлоруна туура келет. Эң кызыгы, Европа маданиятынын бийиктеши ушул мазхап согуштары бүткөн соң гана башталган. Саясий тарыхчылар кабыл алгандай, заманбап Европа Христиан конфессиялары бир-бирине толеранттуулук көрсөтүшү керек деген пикир үстөмдүк кылган белгилүү Вестфаль (Westphalia) тынчтыгынан (1648-ж.) соң жаралган.
Адамдардын динде бөлүнүшүнүн түбүндө Аллах буйрук кылган ахлакты талап кылынгандай орундатпашы турат. Ал адеп-ахлак кичипейилдикке таянат. Кичипейилдиктен алыстагандар өздөрүн жана өз пикирлерин абсолюттук туура деп ойлошуп, алардан башкача ойлонгондорду басмырлап, аларды жек көрүшөт. Өз пикирлеринин абсолюттук туура экенинен эч күмөн санабаганы үчүн өздөрүн эч качан сын көз менен карашпайт жана ошондуктан жакшыраакка, туурараакка жыла алышпайт. Өз жоромолун гана жактырып аны менен мактангандардын абалына Куранда «... алар иштерин өз араларында (ар башка) китептер кылып бөлүштү; ар бир топ өз колундагын жетиштүү көрүп сүйүнүүдө.» (Мүминун Сүрөсү, 53) аятында көңүл бурулган.
Бул Аллахтан коркуп-тартынгандар жана акырет күнү сурак берээрине ишенгендер өтө тартынып-сактанышы керек болгон нерсе. Мунун маанисин түшүнгөндөр башка ыймандууларды да бөлүнүп-жарылуудан, айрылуудан тосушу, Мусулмандардын Куран ахлагында биримдик курушун камсыз кылуу үчүн аракет кылышы зарыл.
Өрнөк Мусулмандар адамдарга –булар Раббибиздин көрүнүштөрү деген түшүнүк менен- сүйүү, мээрим жана боорукер мамиле кылышат. Алар менен ишеними бир, Куранга ыйман кылган, Аллахтын буйруктарын орундаткан жана Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын сүннөтүн ээрчигендерди болсо бир туугандары катары көрөт жана бир-биринин досу экенин унутушпайт. Мусулмар калктар арасындагы маданий, үрп-адаттык жана кээ бир көз-караш айырмачылыктары себебинен урушуп-талашуудан качынуу, аларды дайыма алдыңкы планга чыгарып карама-каршылыкка негиз даярдоонун ордуна, Куран ахлагын орундатууда биримдикте болууну колдоо зарыл. Мусулмандар биримдикте бир-бирин колдоп, карама-каршылык чыккан маселелерде толеранттуу болуп, түшүнүү менен мамиле кылышы керек. Жогоруда да баса белгилеп кеткендей, өзгөчө мунун маанилүүлүгүн түшүнгөн чын ниеттүү Мусулмандар менен Ислам дүйнөсүнүн алдыңкы ойчул жана акылмандары бул багытта өтө аракеттенип, Мусулмандар арасында биримдик менен ынтымакты колдошу зарыл. Мусулман дүйнөсүндө сүйүү, урмат, мээрим жана толеранттуулукка таянган бир көмөктөшүү курулушу керек.
Дагы бир жолу эске салып кетүү керек: Ислам ахлагынын маңызында карама-каршылык жана бөлүнүүчүлүк эмес, ишеним биримдигин жана орток баалуулуктарды негиз туткан бир түшүнүк бар. Аз. Мухаммед (сав) «Силерге эки нерсе калтырып жатам, аларды бекем тутунсаңар эч качан адашып, жолдон чыкпайсыңар: Куран жана менин сүннөтүм» деген сөздөрү менен Мусулмандарга ээрчиши керек болгон жолду көрсөткөн. Биздин милдетибиз ушул жолдо жүрүү. Акыйкат динге моюн сунуу жана бөлүнүүдөн качынуу – Раббибиздин бүт ыймандууларга буйругу. Аллах аятында мындайча билдирген:
Ал: «Динди туптуура сактагыла жана анда бөлүнүүчүлүккө түшпөгүлө» деп динден Нухка осуят кылганын жана сага вахий кылганыбызды, Ибрахимге, Мусага жана Исага осуят кылганыбызды силер үчүн да тешриъ кылды (бир шарият кылды). Сен аларды чакырган нерсе мушриктерге оор келди. Аллах каалаганын буга тандайт жана чын жүрөктөн Ага багытталганды хидаятка (туура жолго) жеткирет. (Шура Сүрөсү, 13)
Биримдик маанайынын орношу
Биримдик түшүнүүчүлүктү, жан аябастыкты, бекемдик менен туруктуулукту талап кылат. Аллах Куранда Мусулмандарга биримдикте болушун, шайтандын ынтымакты бузууга аракеттенээрин, бул биримдикке тоскоол болуу үчүн аракет кылаарын билдирген. Мусулмандар дин бир туугандары менен болгон мамилелеринде берки тарапты капа кыла турган бир сөздү айтуу, ачуулануу, урмат-сыйга туура келбеген мамиле жасоо сыяктуу биримдик маанайын буза турган ар кандай мамиледен качынууга милдеттүү. Ар бир ыймандуу экинчисине карата мүмкүн болушунча жан аябас, сабырдуу болуп, анын жакшылыгына аракет кылышы, бекем жана туруктуу болушу зарыл. Бул бүт ыймандууларда болушу керек болгон бир адеп-ахлак.
Буга эң сонун өрнөктөрдүн бири – Аз. Мухаммед (сав) менен бирге Меккеден хижрат кылган (көчкөн) ыймандуулар менен Мединада аларга сонун бир мекен даярдаган Мусулмандар арасындагы мамиле. Меккелик мушриктердин зулумдугу жана кысымчылыгы себебинен Аллах жолунда мекендеринен хижрат кылган ыймандууларды Мединада Аз. Мухаммед (сав)га моюн сунган Мусулмандар эң сонун тосуп алып, аларды өтө сүйүп, аларга абдан көңүл бурушкан. Бир-бирине жат эки коом болгонуна, араларында жахилия араптары арасында жалгыз маанилүү критерий болгон «уруучулук байланышы» болбогонуна карабастан, ыйманы жана моюн сунуучулугу себебинен өрнөк бир туугандыкты көрсөтүшкөн. Мединалык Мусулмандар хижрат кылгандарга ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, аларга үйлөрүн ачып, тамактарын алар менен бөлүшүшкөн жана өз муктаждыктарынан мурда алардын муктаждыгын ойлоп, момун бир туугандарынын напсисин өз напсилеринен өйдө тутушкан. Раббибиз Мединалык ыймандуулардын мындай сонун адеп-ахлагын Куранда мындайча билдирген:
Алардан мурда ал мекенди (Мединаны) даярдап, ыйманды (көңүлдөрүнө) жайгаштыргандар болсо, хижрат кылгандарды (көчүп келгендерди) сүйүшөт жана аларга берилген нерселерден улам ичтеринде бир муктаждык (сезимин) сезишпейт. Өздөрү муктаж болуп турушса да, (Мусулман бир туугандарын) өз напсилеринен өйдө тутушат. Ким напсисинин «сараң жана өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, мына ошолор фелах (кутулуу)га жетишкендер. (Хашр Сүрөсү, 9)
Бул өрнөк алуу керек болгон өтө бийик бир адеп-ахлак. Жана эки ыймандуу коомдун бир-бири менен болгон мамилесинин кандай болушу керек экенин көрсөткөн өтө маанилүү бир мисал. Пайгамбар Мырзабыз (сав) болсо Мусулмандар арасындагы көмөктөшүүнүн кандай болушу керек экенин бир хадисинде төмөнкүдөй сүрөттөгөн:
Мусулмандардын өз ара мээрими, сый-урмат жана көмөктөшүүсү бир дене сыяктуу. Денеде бир орган ооруганда башка органдар аны менен бирге ооруу сезишет жана укташпайт.
Мусулмандардын бир-бирине болгон сүйүүсү жана жүрөктөрүндө бир-бирине карата эч кандай тескери сезимдин калбашы – Аллахтын ыймандууларга улуу бир берешендиги жана жакшылыгы. Акыретте толугу менен орундала турган бул жакшылык Куранда мындайча билдирилет:
Алардын көкүрөктөрүндө кекенүүдөн (эмне бар болсо баарын) алып салдык, бир туугандар катары тактылар үстүндө маңдай-тескей (отурушат). (Хижр Сүрөсү, 47)
Ошондуктан Мусулмандар көмөктөшүүнүн, бир туугандыктын жана биримдик сезиминин чоң бир жакшылык экенин түшүнүшү керек жана ал биримдикти сактоо үчүн сабырдуу жана эрктүү болушу зарыл. Энфал Сүрөсүнүн 1-аяты «... Эгер ыймандуу болсоңор Аллахтан коркуп-тартынгыла, араңарды оңдогула жана Аллахка жана Пайгамбарына моюн сунгула.» Мусулмандарга биримдикте болуунун маанилүүлүгүн кабар берген башка бир аят. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) болсо Мусулмандардын биримдикте болушунун маанилүүлүгүн бир куттуу хадисинде мындайча айткан:
...Бир-бириңерге кызганычтык кылбагыла. Бир-бириңерге душмандык кылбагыла. Бир-бириңер менен жакшы мамилеңерди үзбөгүлө. Бир-бириңерден жүз буруп таарынышпагыла жана эй Аллахтын кулдары, бир туугандар болгула.9
Ыймандуу адам дайыма кечиримдүү болууга милдеттүү, бирок берки киши да Мусулман болсо, аны менен дин бир тууганы экенин, экөөнүн тең Аллахтан коркуп-тартынаарын, Пайгамбар Мырзабыз (сав)га моюн сунаарын, адал жана арамга көңүл бураарын ойлоп өтө сабырдуу болушу керек. Мусулман дин бир тууганына дайыма жакшылык каалашы керектигин, өзүн ойлогондой аны да ойлошу керектигин, кандайдыр бир пикир келишпестик болгондо сабыр менен, боорукердик менен жана сүйүү менен жооп бериши керектигин жакшы билет. Бир Куран аятында Мусулмандардын дин бир туугандары үчүн төмөнкүдөй дуба кылаары билдирилет:
Анан алардан кийин келгендер: «Раббибиз, бизди жана бизден мурда ыйман кылган бир туугандарыбызды кечир жана жүрөктөрүбүздө ыймандууларга карата бир кекенүү калтырба. Раббибиз, чындыгында Сен өтө боорукерсиң, өтө айоочусуң» дешет. (Хашр Сүрөсү, 10)
Мусулмандар араларында кандайдыр бир маселеси болгон бир туугандары менен ал маселени досчо чечүүгө милдеттүү болгон сыяктуу, эки Мусулман калк арасында маселе келип чыкканда да, ыймандуулардын арасын оңдоп жараштырууга милдеттүү. Аллах ыймандууларга мындайча буюрган:
Ыймандуулар бир тууган гана. Демек бир туугандарыңарды жараштырып, арасын оңдогула жана Аллахтан коркуп-тартынгыла; балким айоо көрөөрсүңөр. (Хужурат Сүрөсү, 10)
Мындай адеп-ахлактын ыймандууларга өтө күчтүү бир ынтымак жана биримдик маанайын тартуу кылаары анык. Раббибиз ыймандууларга Өз жолунда «бир-бирине бекем жабышкан бир имарат сыяктуу сапка туруп» (Сафф Сүрөсү, 4) күрөшүшүн буйрук кылат. Бул күрөш Аллахты жокко чыгарган философия жана идеологияларга каршы жүргүзүү керек болгон пикирдик бир күрөш жана бүт Мусулмандардын мойнундагы маанилүү бир жоопкерчилик. Бул пикирдик күрөштү аркалап, дүйнөнү караңгылыктан жарыкка чыгаруунун ордуна, өзүнүн ички маселелери менен күрөшкөн, жабык бир система куруу, албетте, чоң бир катачылык жана тарыхый бир жоопкерчилик болушу мүмкүн. Учурда дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө эзилген жана зулумдук көргөн Мусулмандар баш болуп, бүт адамзат оор абалдан кутулуунун жолун издеп, дүйнөгө тынчтык, бейпилдик, адилеттүүлүк алып келе турган жана унутуп калган жаралуу максатын эскерте турган бир жол көрсөтүүчүнү күтүп жатат. Мындай жол көрсөтүүчүлүк Ислам коомунун мойнунда жана бүт Мусулмандар муну түшүнүшү керек.
Зомбулуктун, террордун, зулумдуктун, алдамчылыктын, көз бойомочулуктун, уятсыздыктын, уруштардын, жакырчылыктын дүйнө жүзүндө кеңири тараганы жер жүзүнүн «фитнага» толгонун көрсөтүүдө. Мындай учурда Мусулмандардын арасындагы көпчүлүк маселелердин мааниси жоголууда. Бүт мындай зулумдук жана ахлактык бузулуу Аллахтын бар экенин жана жалгыздыгын жокко чыгарган, акырет күнүнө ишенбегендер курган негизсиз системаларга таянууда жана көбөйүп жайылууда. Мындай жагдайда абийирдүү адамдардын милдети – бул жакшылыкты көбөйтүп жайуу үчүн биримдик куруу.
Аллахтын уруксаты менен бул биримдик атеисттик идеологиялардын пикирдик жактан жеңилишинин эң негизги этаптарынын бири болот. Раббибиз Куранда атеисттердин биримдикте болооруна көңүл бурган жана ыймандуулардын да бир-бири менен дос болуп, бир-бирине жардам бериши керектигин билдирген. Бул жер жүзүндө бузукулукту токтотуу үчүн зарыл. Аятта төмөнкүчө айтылат:
Каапырлар бир-биринин досу. Эгер силер да андай кылбасаңар (бири-бириңерге жардам берип, дос болбосоңор) жер жүзүндө бир фитна жана чоң бир бузукулук (фесат) болот. (Энфал Сүрөсү, 73)
Ушунчалык маанилүү бир жоопкерчилик жүктөлгөн Мусулмандардын ынтымакта жана биримдикте болушу керек экени анык. Мусулмандар биримдигине тоскоол болгон жагдайлар болгондо төмөнкү суроолор жөнүндө ойлонушу керек:
«Бул жагдай Ислам биримдигине жолтоо боло турганчалык маанилүүбү?»
«Эч бир пикирге келүү мүмкүн болбогон бир жагдайбы?»
«Атеисттик идеологияларга каршы пикирдик иш-аракет жүргүзүүнүн ордуна, Мусулман бир калк менен күрөшүү туурабы?»
Бул суроолорго жүрөгүн угуп жооп бергендердин баары эч түгөнбөгөн уруштардан алыс болуунун жана Мусулмандар арасындагы Куран ахлагына таянган биримдикти коргоонун эң негизги маселе экенин түшүнөт.
Ошондой эле, Мусулмандар шайтандын да дайыма ынтымак менен биримдикти бузуу, Мусулмандардын арасына душмандык салуу үчүн аракет кылаарын унутпашы керек.
Раббибиз «Кулдарыма сөздүн эң жакшысын сүйлөгүлө деп айт. Себеби шайтан ынтымактарын бузат. Күмөнсүз шайтан адамдын апачык бир душманы.» (Исра Сүрөсү, 53) аяты менен ыймандууларга бул коркунучту эскерткен. Бул аят Мусулмандардын бир-бирине жакшылап ойлонуп сүйлөшү керектигин, көңүлүн оорута турган, шылдыңдаган, катуу, сындаган сөздөрдөн өтө качынышы керек экенин көрсөтөт.
Куранда биримдикте болуунун маанилүүлүгү кабар берилүү менен бирге, бир тараптан, уруштардын жана биримдик маанайын буза турган мамилелердин Мусулмандардын күчүн азайтаарына да көңүл бурулган. Раббибиз мындайча билдирет:
Аллахка жана Элчисине моюн сунгула жана өз ара урушуп талашпагыла, маанайыңар түшүп, күчүңөр жоголот. Сабыр кылгыла. Күмөнсүз, Аллах сабыр кылгандар менен бирге. (Энфал Сүрөсү, 46)
Бул, башында да айтып кеткендей, жеке адамдарга да, Мусулман калктарга да тиешелүү. Эгер Ислам дүйнөсү күчтүү, туруктуу, гүлдөп өскөн бир маданият болууну, дүйнөгө бүт тармакта багыт берүүнү жана жол көрсөтүүнү кааласа, биримдикте болууга мажбур. Мындай биримдиктин жоктугу, Мусулман өлкөлөр арасындагы бөлүнүүчүлүк жана чачырандылык, Ислам дүйнөсүнөн орток бир сөз чыкпашы байкуш Мусулман калктарды коргоосуз калтырууда. Палестинада, Кашмирде, Чыгыш Түркстанда (Синьцзянда), Мородо жана дагы көп жерлерде аялдар, жаш балдар жана улгайгандар муктаждык ичинде зулумдуктан куткарылууну күтүшүүдө. Бул күнөөсүз адамдардын жоопкерчилиги баарынан мурда Ислам дүйнөсүнүн мойнунда. Мусулмандар Пайгамбарыбыз (сав)дын «Мусулман Мусулманга зулумдук кылбайт жана аны коркунуч ичинде таштабайт» деген сөзүн эстеринен чыгарбашы керек.10
Ислам дүйнөсү бөлүнүүчүлүктү жана айырмачылыктарды бир тарапка таштап, бүт Мусулмандардын «бир тууган» экенин эстеши керек жана бул руханий бир туугандыктан келип чыккан сонун адеп-ахлак менен бүт дүйнөгө өрнөк болушу зарыл. Ыймандуулардын бир-бири менен болгон бир туугандыгы Улуу Аллахтын бир берешендиги жана жакшылыгы. Чын ниеттүү Мусулмандар бул жакшылык үчүн Раббибизге шүгүр кылып, Аллахтын «бөлүнүп-жарылбагыла» деген буйругун унутпашы керек:
Баарыңар Аллахтын жибин бекем кармангыла жана бөлүнүп-жарылбагыла. Аллахтын силерге берген нематын эстегиле: бир кезде силер өз ара душман болуп, (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү бири-бирине үлпөт кылды жана Анын бул нематы себептүү (бир туугандай) дос болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын туура жолго түшөөрсүңөр деп ушинтип баян кылат. (Али Имран Сүрөсү, 103)
Биримдик Мусулмандарга
күч берет
Жогоруда Мусулмандар арасындагы уруш-талаш же бөлүнүүчүлүктүн аларды руханий алсыздандыраарын айтып өткөн элек. Бул Аллах Куранда ыймандууларга билдирген сырлардын бири жана бул аркылуу дагы бир маанилүү чындыкка көңүл бурулууда: бөлүнүүчүлүк менен уруш-талаштар Мусулмандарды руханий алсыздандырса, биримдик менен көмөктөшүү болсо Мусулмандарга күч берет. Аллах Куранда ыймандууларга «укуктары тебеленгенде» биримдикте күрөшүүнү буюрган:
Жана укуктары тебеленгенде, биримдикте каршы чыгышат. (Шура Сүрөсү, 39)
Бул ыймандууларга Аллахтын бир буйругу жана көптөгөн терең мааниси бар. Атеисттик идеологиялардын илим-пикир менен жок кылынышы да Мусулмандардын биримдик курушу менен гана мүмкүн болот.
Бирок, албетте, ыймандуулардын биримдигин күчтүү кылган нерсенин негизи алардын ыйманы жана чын ыкласы экенин унутпаш керек. Чыныгы достук менен биримдик чыныгы ыйман менен гана түзүлөт. Ыймандуулар бир-бирин ортого эч кандай кызыкчылык күтүүсүн кошпостон, чын ниеттен жана Аллах ыраазылыгы үчүн гана сүйүп, Аллах ыраазылыгы үчүн дос болот жана Аллах ыраазылыгы үчүн биримдикте болушат. Пайдубалы дүйнөдөгү эң бекем булакка, Аллах сүйүүсүнө жана Аллах коркуусуна таянган мындай биримдиктин бузулушу, талкаланып жыгылышы, Аллахтын каалоосунан тышкары, эч мүмкүн эмес. Мынчалык бекем бир биримдиктин Мусулмандарга дүйнөдө көп кездешпеген бир күч берээри болсо анык. Раббибиз «... Канчалаган аз сандагы топ көбүрөөк болгон бир топту Аллахтын уруксаты менен жеңген; Аллах сабыр кылуучулар менен бирге.» (Бакара Сүрөсү, 249) аятында ийгиликке жетүү үчүн сан жагынан көп болуунун маанилүү эмес экенине ишарат кылган. Мусулмандардын ыйман менен чын ыкласка таянып курган биримдиги аларга чоң ийгиликтерге жетүүнү камсыздай турган бир эрк менен чечкиндүүлүктү тартуулайт.
Аллах башка бир аятта болсо каапырлар (атеисттер) ынтымактуудай көрүнгөнү менен чындыгында биримдик түзө албашын кабар берген:
... Өз араларындагы уруштары болсо абдан күчтүү. Сен аларды чогуу деп ойлойсуң, чындыгында болсо жүрөктөрү бөлөк-бөлөк. Бул, күмөнсүз, алар акыл жүгүртпөгөн бир коом болгону үчүн ушундай. (Хашр Сүрөсү, 13-14)
Чын, калыс ниет менен курулбаган биримдиктер канчалык көмөктөшүү ичиндегидей көрүнгөнү менен түпкүрүндө бөлөк-бөлөк болот. Себеби алардын биримдиги бир кызыкчылык биримдиги болот жана кызыкчылыктарына зыян келүү ыктымалдыгы ал биримдикти заматта жок кылат. Мусулмандар Аллах Куранда билдирген бул сырды билишет. Мусулмандардын биримдиги дүнүйөлүк жоготуулар натыйжасында чайпалбайт, тескерисинче андан да күчтөнөт. Мындай маанай Мусулман биримдигин өтө күчтүү кылат. Улуу Ислам аалымы Саид Нурси Мусулмандардын чын ыклас жана чын ниет менен түзгөн биримдик аркылуу канчалык чоң күчкө жетээрин төмөнкүдөй мисал менен айткан:
Албетте төрт кишиден бир миң бир жүз он бир руханий күчтү алган ыклас сырына жетүү менен, көмөктөшүүгө жана акыйкатка ишенүүгө муктажбыз жана мажбурбуз. Ооба үч алиф бирикпесе, үч болот. Сандардын сыры менен бириксе, бир жүз он бир маанисине ээ болот. Төрт жолу төрт өз-өзүнчө турса, он алты болот. Эгер бир туугандык сыры менен жана биримдик максаты менен жана биригүү милдети менен бир сызыкта тизилишсе, анда төрт миң төрт жүз кырк төрт күчүнө жана маанисине жеткен сыяктуу, чыныгы ыклас сыры менен он алты жан аябас бир туугандардын баркынын жана руханий күчүнүн төрт миңден ашаарына көп тарыхый окуялар күбө болот.
Бул сырдын сыры мындай: акыйкат, чын ниеттүү бир биримдикте ар бир адам башка бир туугандарынын көзү менен да көрө алат жана кулактары менен да уга алат. Он чындап бириккен адамдын ар биринин жыйырма көз менен карап, он акыл менен ойлонуп, жыйырма кулак менен угуп, жыйырма кол менен иштеши сыяктуу руханий баалуулугу жана күчү болот.11
Бул жерге чейин айтылгандар Ислам дүйнөсүнүн биригиши жана Мусулмандардын күчтүү бир биримдик түзүшү керек экенин көрсөтүүдө. Эмки бөлүмдө болсо Түрк-Ислам Биримдигинин өзгөчөлүктөрүнүн кандай болушу керектигин карайбыз.
8. Ahmet Davutoğlu, Stratejik Derinlik Türkiye'nin Uluslararası Konumu, Küre Yayınları, İstanbul, Nisan 2001, s. 250
9. Mace Cilt10, s. 32
10. Buhari Cilt 5, s. 2261
11. Risale-i Nur Külliyatı, 21. Lema, s.669
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder