29 Eylül 2013 Pazar

КАНДАЙ ТҮРК-ИСЛАМ БИРИМДИГИ?


19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башында болуп өткөн эки чоң дүйнөлүк согуш, ал согуштарда көз жумган миллиондогон адам, кыйрап талкаланган, жер менен жексен болгон айыл-шаарлар, жырткычтык кадимки нерседей кабыл алынган концлагерьлер адамзатка бир сабак болду. Бул согуштардын түздөн-түз ичинде болгон Батыш дүйнөсү согуштан кийин курулган тартипте бул тарыхый драмадан өтө маанилүү сабак алды. Булардын башында «келечекте чыгышы ыктымал болгон маселелерди оңойураак жана кыска убакта чече алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири – бул биримдик куруу» деген көз-караш турган эле. Андан мурда да ар кайсы Европа өлкөлөрү өз ара биримдиктерди курууга аракет кылып, бирок ал биримдиктер кээде кызыкчылык мамилелеринен улам, кээде болсо идеологиялык себептерден көпкө жашаган эмес эле. Бирок бул жолу Батыш дүйнөсү курула турган биримдиктин бир экономикалык кызматташтык же орток коргонуу келишими менен чектелбестен, Европанын орток маданий баалуулуктар айланасында биригишинин мажбурлуулугун түшүнүшкөн эле. Албетте, бул узун жана татаал бир процесс эле.
Согуш Европанын чоң күчтөрүнүн экономикаларын кыйратып, өнөр-жай дээрлик талкаланып бүткөн эле. Кыйраган жүздөгөн шаарды кайрадан куруу, инфраструктураны оңдоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин кайрадан нормалдуу иштешин камсыз кылуу керек эле. Болгондо да, Европада согуш бүтүп, бирок колонияларда көз-карандысыздык кыймылдары башталган эле. Мындай шарттарда туруктуулукту камсыздоо жана мындай чачырандылыкта бир биримдикти түзүү өтө оор көрүнүп жаткан эле. 1951-жылы өнөр-жайды өнүктүрүү деген негизги максат менен курулган Европа көмүр жана болот уюму бул аракеттин алгачкы кадамы болду. Кийинчерээк Европа экономикалык уюмуна, андан соң Европа Бирикмесине, эң аягында болсо Европа Биримдигине айланган бул уюм мүчө өлкөлөр арасында товарлардын, кызматтын, капитал менен жумушчу күчүнүн эркин айланышын камсыз кылган, жалгыз акчалуу, мыйзамдык түшүнүгү жана ал тургай мамлекеттик уюмдарына бир-бирине ылайыкташтырылган күчтүү бир биримдикке айланды. Учурда Европа Биримдиги дүйнө саясатына багыт берген элементтердин бири.
56 Мусулман өлкө мүчө болгон Ислам Конференциясы Уюму Мусулмандарды чогулткан –мүчөсүнүн саны жана мүчөлөрүнүн географиялык жайгашышы жагынан- эң чоң Мусулман уюм болуп саналат. Бул уюмдан тышкары бир аймакта жашаган Мусулман өлкөлөр арасында ар кандай соода-экономикалык жана аскердик кызматташтыктар, аймактык биримдиктер курулууда. Булардын баары маанилүү иштерди жасаган уюмдар жана бар болушу пайдалуу. Бирок Ислам дүйнөсү туруктуу мекемелери иштеген, сөзсүз аткарылчу чечимдерди алуу укугуна ээ, орток саясат иштеп чыга турган жана аны чечкиндүүлүк менен ишке ашыра турган, бүт Мусулман дүйнөсүнүн орток үнү боло турган, белгилүү аймактар менен эле чектелбестен бүт Мусулмандардын маселелери менен алектенип аларды чече турган кеңири масштабдуу бир биримдикке муктаж. Ал биримдиктин иш-аракети экономикалык, аскердик жана социалдык тармактарды камтышы керек. Ал биримдиктин урматында Мусулман өлкөлөр арасында ынтымак курулуп, көмөктөшүү өнүгөт. Ошентип эң башында биримдикке кирген өлкөлөрдүн коопсуздук маселелери чечилет, андан соң көп тараптуу кызматташтыктар менен мүчөлөрдүн бакубаттык деңгээли көтөрүлөт. Ислам дүйнөсү –түздөн-түз же кыйыр түрдө аны менен байланыштуу маселелерде- бир денедей иш-аракет жүргүзөт жана натыйжада Мусулман калктардын пайдасына болгон стратегияларды иштеп чыгуу мүмкүн болот.
20-кылымдын экинчи жарымында Палестина баш болуп, Босния, Косово, Карабах, Кашмир, Аче сыяктуу аймактарда болгон окуялар Мусулман дүйнөсүнө маанилүү бир чындыкты көрсөттү. Миңдеген жарандар көз жумган, жаш балдар жетим калган, жырткычтык менен зомбулук эң жогорку чекке жакындаган бул аймактарда Батыш дүйнөсүнүн ал окуяларга же такыр маани бербеши же өтө кеч көңүл бурушу жана керектүү чараларды көрүүдө эч шашылбашы Ислам дүйнөсү аркалашы керек болгон жоопкерчиликти Мусулмандардын эсине дагы бир жолу салды: Мусулман калктардын укуктарын коргоо, муктаждыктарын камсыздоо эң башында Мусулмандардын милдети жана Ислам дүйнөсү бул багытта өтө активдүү жана чечкиндүү болууга милдеттүү. Мусулман өлкөлөрдүн бүт Мусулмандардын коопсуздугун кепилдикке ала турган бир күчкө айланышы Ислам дүйнөсү эл аралык саясат майданында бир ооздон сүйлөгөндө гана мүмкүн болот.
Ислам дүйнөсү аскердик, саясий жана экономикалык жактан бир болууга милдеттүү. Өз ичинде биримдикти камсыз кылган Ислам дүйнөсү дүйнө тынчтыгына да кепилдик болуп, кээ бир радикалдуу элементтер менен «маданияттардын согушун» жактагандар теорияларына негиз катары көрсөтөөр шылтоо таппай калышат.

Түрк-Ислам Биримдигинин жалпы түзүлүшү


Түрк-Ислам Биримдиги мүчө өлкөлөрдүн улуттук көз-карандысыздыгы менен улуттук чек аралары ошол бойдон сакталган, ар бир өлкө өзүнүн улуттук укуктарын жана кызыкчылыктарын коргой ала турган бир түзүлүш болушу керек. Бирок бүт бул көз-карандысыз мамлекеттерди орток бир «Ислам маданияты» ичинде бириктире турган бир көз-караш жана ал көз-караштын негизинде орток саясаттарды иштеп чыгып, ишке ашыра турган чечим алуучу жана аткаруучу органдар түзүлүшү керек. Максат – мамлекеттердин түзүлүшү жагынан биригиши эмес, орток саясат жана кызыкчылыктар тегерегинде биригиши жана ал саясаттарды турмушка ашырууда биримдиктин мажбурлоочу күчүнүн болушу.
Заманбап мамлекет түшүнүгү менен Түркия Республикасын Мусулман өлкөлөрдүн эң туруктуу демократиясына айланткан Мустафа Кемаль Ататүрктүн Ислам дүйнөсүнүн кандай түзүлүш ичинде биримдик кура алаары жөнүндө да маанилүү ойлору бар. Бир мамлекеттин эң негизги элементтеринин биринин улуттук чек аралары ичинде жашоо укугу экенин айткан Ататүрктүн сөздөрүнүн тууралыгын убакыт далилдеди. Белгилүү болгондой, Осмон императорлугунун кулашында Осмон империясы аймагында жашаган калктардын бир бөлүгү алданып, Осмон империясын колдоонун ордуна, сырткы күчтөр менен кызматташышкан. Бирок ар кандай кызыкчылыктарга жетүүнү үмүт кылып бул жолду тандагандар кызматташтык жасаган өлкөлөрдүн карамагына кирип, колонияга айланышкан. Ал калктардын кээ бирлери Түркия Республикасы жаңы түптөлгөн жылдары Мустафа Кемальга өкүлдөрдү жөнөтүп, аларды колонияга айланткан лидерлеринин акылсыздыгынан арызданышкан жана ал тургай кээ бирлери Түркия Республикасы менен биригүү каалоосун да айтышкан. Ататүрктүн ал сунуштарга берген жообу Түрк-Ислам Биримдигинин пайдубалынын кандай болушу керек экенин көрсөткөн маанилүү бир жооп болгон:
Бүт Ислам ааламынын руханий жана материалдык жактан да биримдикте жана союздаш болушуна албетте кубанабыз. Ал үчүн болсо биздин өз чек араларыбыз ичинде көз-карандысыз болгонубуз сыяктуу, сириялыктар менен ирактыктар да улуттук эгемендүүлүккө таянган көз-карандысыз бир күч болуп чыга алышы керек.12
Көрүнүп тургандай, Ататүрк баса белгилеген шарт – ал өлкөлөрдүн да көз-карандысыздыкка жетүүсү. Түрк-Ислам Биримдигинин маанилүүлүгүн билген Ататүрк мындай биримдик андан күтүлгөн натыйжаны бериши үчүн мүчөлөрүнүн улуттук чек аралары ичинде көз-карандысыздыкка жеткен, улуттук эгемендүүлүккө таянган жана өз бутунда тура алган мамлекеттер болушу керек экенине көңүл бурган. Ошондуктан азыр да курула турган бул уюмдун мүчөлөрүнүн өз аймагынын бүтүндүгүн жана көз-карандысыздыгын сакташы өтө маанилүү.
Мындай биримдик урматында дүйнө Мусулмандары бир-бири менен түздөн-түз байланышта болуп, бир-биринин маселелерин жакшы билет жана бир-бирине көмөктөшүшөт. Бөлүнүүчүлүк, топторго айрылуу, улутчул бөлүнүүчүлүк сыяктуу бүт түшүнүктөр бир тарапка коюлуп, «бүт Мусулмандар бир тууган» деген принцип негиз тутулат. Учурда Ислам дүйнөсүндө кеңири тараган башка башка көз-караштар, чечмелөөлөр жана модельдер арасында бир пикирге келе албоо Мусулмандардын биримдигине тоскоол болууда. Түрк-Ислам Биримдигинин биримдик чакырыгы этникалык тамырга, экономикалык шарттарга же географиялык абалга карабайт; раса, тил жана маданий өзгөчөлүктөрдөн келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай душмандык бул биримдик тарабынан жок кылынат. Бул уюмдун биримдик түшүнүгү бир калктын экинчисинен, бир маданияттын башкасынан, бир топтун экинчисинен үстөмдүгүнө таянбастан, баары бир-бирине тең болгон толеранттуулук, сүйүү менен достукка таянган бир көмөктөшүүнү негиз тутат.


Түрк-Ислам Биримдигин түзүүдөгү негизги максаттардын бири жалпы Мусулмандарга багыт бере турган борбордук бир бийликтин түзүлүшү болуш керек. Ал үчүн бул борбордун сөзсүз бүт Мусулмандарга сөзү өтүшү зарыл, башкача айтканда, бүт башка башка көз-караштарды камтый алышы шарт. Түрк-Ислам Биримдиги негизги Ислам баалуулуктарын жана ишенимдерди негиз тутуп, шарият жана көз-караштагы айырмаларды толеранттуулук жана түшүнүү менен кабыл алышы керек жана ал айырмачылыктарды бир маданий байлыкка айланта алышы зарыл. Ал айырмачылыктар орток чечим алууга жана саясий эркти турмушка ашырууга тоскоол болбошу керек. Мусулман өлкөлөр арасындагы бүт карама-каршылыктар бул борбордо чечилип, пикир келишпестиктер жоюлушу зарыл. Өзүнүн ички маселелерин чече алган бир Ислам дүйнөсү башка маданияттардын мүчөлөрү менен чыга турган маселелерди да оңой гана чече ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болот. Ошентип бүт Мусулмандарды бириктирген бир борбордун орток саясаттарды иштеп чыгуу жана ал саясаттарды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү туулат.

Бүгүнкү күндө Ислам дүйнөсүнүн ортоктошо чечиши керек болгон шашылыш маселелер дүйнө саясатынын негизги актуалдуу маселелери болууда. Палестина, Кашмир, Ирак сыяктуу саясий маселелер, терроризмге каршы жүргүзүү керек болгон пикирдик күрөш, өнүкпөгөндүк, жакырлык, саламаттыкты сактоо жана билим берүү булардын негизгилери. Булар аймактык же ал жерлерде жашаган элдерге гана тиешелүү маселелер эмес. Бүт Мусулмандарга түздөн-түз тиешелүү маселелер, ошондуктан алардын чечилиши Ислам дүйнөсүнүн көмөктөшүүсүн талап кылууда. Эч ким «Месжид-и Аксада болуп жаткандар палестиналыктарга гана тиешелүү», «Кашмирде зулумдукка кабылган Мусулмандар өздөрү андан чыгышсын» же «Ислам дүйнөсүнүн кандайдыр бир аймагында ачарчылык чегинде жашап жаткан жаш балдар ошол өлкөнүн маселеси» дей албайт. Мусулмандар ыйманынын бир талабы катары мындайды кабыл ала алышпайт.
Бирок Мусулмандар өз араларында күчтүү бир биримдик түзө албаганы үчүн, алардын ордуна буга окшогон маселелерде башка өлкөлөр чечүү жолдорун сунушташууда. Анткен менен ал сунуштар көбүнчө Мусулмандардын кызыкчылыгын эске албаган же убактылуу чечүү жолдорун камтыган пландар менен гана чектелүүдө. Уруш-талаш, пикир келишпестиктер болуп жаткан көп аймакта Мусулмандардын күчтүү болбошу сунуштарга өз ойлорун кошушуна жолтоо болууда. «Тынчтык планы» деген ат менен Мусулмандарга сунушталган долбоорлор көбүнчө аларды андан да оор абалга сала турган пункттарды камтууда. Бул Мусулмандардын укуктарын коргоо үчүн Ислам дүйнөсү ортоктошуп иш алып барууга милдеттүү.
Ушул сыяктуу Түрк-Ислам Биримдигин күткөн дагы көп милдеттер бул борбордун болушунча активдүү иштеши керектигин көрсөтүүдө. Биримдик натыйжалуу иштей алышы үчүн туруктуу бир борбору, бир-бири менен координацияда иштей турган чечим алуу жана аткаруу борборлору, керектүү бүт органдары түзүлүшү керек жана бүт ал мекемелердин системалуу иштешин камсыз кылуу зарыл. Туура убакытта, жакшы натыйжалуу чечимдерди алуу үчүн керектүү инфраструктура түзүлүшү керек. Бул биримдиктин иш-аракеттери ишенимдүү болуп, мүчөлөр өз укуктарынын биримдик тарабынан эң жакшы корголооруна ишениши керек.
Түрк-Ислам Биримдиги өзгөргөн саясий шарттарга оңой гана ыңгайлаша ала тургандай ийкемдүү болуп, керектүү стратегияларды иштеп чыга ала тургандай көрөгөч болушу зарыл. Дүйнөдөгү окуяларды сындап же өз пикирин билдирүү менен гана чектелген бир уюм эмес, инициатива колдоно алган активдүү бир борборго муктаждык бар экени анык. Ал борбор дайыма көзөмөл жана координация иштерин аркалап, иш-аракеттери бүт мүчө өлкөлөрдүн кызыкчылыгын камтышы керек. Бул биримдик бүт окуяларды объективдүү баалап, бүт Ислам дүйнөсүнүн талаптарын эске алышы зарыл. Мүчө өлкөлөр арасындагы карама-каршылыктарды, пикир келишпестиктерди жоюучу жана Мусулмандардын башка калктар менен болгон мамилелеринде аларды коргоочу бир механизм катары кызмат кыла турган Түрк-Ислам Биримдиги Ислам дүйнөсүнүн маданий, экономикалык жана саясий таасирин жогорулатат.
Түрк-Ислам Биримдигинин Мусулмандарды бирдиктүү күчкө айлантышы жана Мусулман өлкөлөрдү бир-бирине бириктирген бир уюм болушу үчүн калктардын заманбап баалуулуктарын коргошу, укукту жана адам укуктарын урматташы, демократияга таянып курулушу да өтө маанилүү. Бул баалуулуктардын Ислам ахлагынын маңызы экендигин унутпаш керек.

Тынчтыкты жана ынтымакты көздөгөн бир Түрк-Ислам Биримдиги

Түрк-Ислам Биримдиги бир эле Мусулмандарга эмес, бүт адамзатка тынчтык алып келүүнү максатташы керек, алган чечимдеринде жана иш-аракеттеринде тынчтык менен ынтымакты көздөшү зарыл. Исламдын маңызы – Аллах Куранда билдирген жакшы адеп-ахлак. Бул адеп-ахлак ыймандуулардын кичипейил, жумшак мүнөздүү, боорукер, толеранттуу, адилеттүү, сабырдуу, түшүнүү менен мамиле кылган жана башкалар үчүн өз кызыкчылыгынан баш тарткан болушун талап кылат. Ислам адамдарды бейпилдик менен тынчтыкка толо бир дүйнөгө чакырып, Бакара Сүрөсүнүн 208-аятында мындайча айтылат:

Эй ыймандуулар, баарыңар чогуу «тынчтык жана коопсуздукка (Силмге, Исламга) киргиле жана шайтандын жолун ээрчибегиле. Себеби ал силерге апачык бир душман.

Мусулман – Аллахтын буйруктарына моюн сунган, Куран ахлагын болгон күчү менен турмушка ашырууга аракеттенген, дүйнөнү сулууланткан, оңдогон, тынчтык менен бейпилдикти орноткон адам. Максаты адамдарга жакшылык кылуу. Мусулмандар Раббибиздин чексиз мээрими менен боорукердигинин аларда да чагылуусу үчүн аракет кылышат. Аллах Куранда айланасына дайыма жакшылык алып келген, айланасындагы окуяларга көңүл бурган, адамдарды туура жолго чакырган бир мүнөздү туура деп көрсөткөн. Бир аятта айланасына пайдасы тийбеген адамдар менен дайыма жакшылык кылган адамдар арасындагы айырма төмөнкүдөй салыштыруу менен айтылган:

Аллах мындай мисал келтирди: эки киши; алардын бирөө тилсиз, эч нерсеге күчү жетпейт жана дайыма кожоюнунун үстүндө (бир жүк), ал аны кайсы тарапка жөнөтпөсүн эч жакшылык алып келбейт; эми ушул адилеттик менен буйрук кылган жана туптуура жолдогу (киши) менен бирдей болушу мүмкүнбү? (Нахл Сүрөсү, 76)

Бул аяттагы даанышмандык Түрк-Ислам Биримдигине де жол көрсөтүүчү болушу керек. Түрк-Ислам Биримдигинде дин ахлагы адамдарга тартуулаган башкалардын кызыкчылык өйдө коюу, бир туугандык, достук, чынчылдык, адилеттик, туруктуулук жана кызмат кылуу түшүнүгү эң жакшы көрүнүшү керек.
Адамдардын ой-пикир, көз-караш жана жашоо эркиндигин кепилдикке алган Ислам ахлагы адамдар арасындагы чыңалууга, пикир келишпестикке, бир-бири жөнүндө жаман сүйлөөгө жана ал тургай жаман ойлоого (күмөнгө) да тыюу салат. Мусулмандар түзгөн бир биримдик да ушул негиздерге таянып, дүйнө тынчтыгы үчүн аракет кылышы зарыл.
Куран ахлагы Мусулмандардын согуштан жана ар кандай уруштан качынышын, пикир келишпестиктерди диалог жана сүйлөшүүлөр менен чечишин, ынтымакты көздөшүн талап кылат. Согуш – Куран боюнча, мажбур болгондо гана барыла турган жана сөзсүз белгилүү адамдык жана ахлактык чекте жасала турган бир «кааланбаган мажбурлук». Ыймандуулар чыккан маселелерде дайыма тынчтыкты жана ынтымакты тандоого, бирок берки тараптан бир кол салуу болгон болсо өздөрүн коргоо максатында согушууга милдеттүү.
Бир аятта жер жүзүндө согуш чыгаргандардын бузукулар экени, Аллахтын болсо бузукуларды сүйбөшү төмөнкүчө айтылат:


... Алар качан согуш максатында бир от тутантышса, Аллах аны өчүрдү. Жер жүзүндө бузукулук үчүн аракет кылышат. Аллах болсо бузукуларды сүйбөйт. (Маида Сүрөсү, 64)

Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дын өмүрүн караганыбызда да согуштун мажбурлуу убактарда жана коргонуу максатында гана колдонулган бир ыкма болгонун көрө алабыз.
Курандын Пайгамбарыбыз (сав)га вахийи толук 23 жылга созулду. Мунун алгачкы 13 жылында Мусулмандар Меккедеги путпараст тартиптин ичинде азчылык болуп жашашып, көп кысымчылыктарга туш болушкан. Көп Мусулмандар кыйноо көрүп, кээ бирлери өлтүрүлсө, көпчүлүгүнүн үйү менен мал-мүлкү таланып, дайыма сөгүү, коркутууларга туш болушкан. Ошого карабастан Мусулмандар күч колдонууга барбастан жашоосун улантышкан жана путпарасттарды дайыма тынчтыкка чакырышкан. Аягында путпарасттардын кысымчылыгын эч чыдагыс чекке жеткенде, Мусулмандар эркинирээк жана достук орун алган Йасриб (кийинки аты Медина) шаарына хижрат кылып, ал жерде өз башкарууларын курушкан. Өздөрүн саясий түзүлүшүн ушинтип түзгөндөн кийин да Меккенин зомбулукчу путпарасттарына каршы согуш башташкан эмес.
Ислам коомунун өзгөчөлүгү – бул алардын токтоо жана тең салмактуу болушу, адамдарга жакшылыкты буюруп, аларды жамандыктан тосушу. Бакара Сүрөсүнүн 143-аятында Раббибиз Мусулмандардын адамдарга күбө жана өрнөк болуу үчүн «орто» бир коом экенин кабар берген. Башка бир аятта болсо Мусулмандардын адамзатка жакшы бир коом болушу керек экени мындайча билдирилген:

Силер адамдар үчүн чыгарылган жакшы бир үммөтсүңөр; маруфту (жакшы менен Исламга туура келгенди) буюруп, мункерден (жамандан) тососуңар жана Аллахка ыйман кыласыңар... (Али Имран Сүрөсү, 110)

Аллах Куранда билдирген өзгөчөлүктөрдү орундаткан Мусулмандар түзгөн бир уюмдун бүт бул сонун адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүн коргоп, эң жакшы турмушка ашырышы керек экени анык. Булардын баары Түрк-Ислам Биримдигинин кандай стратегия жүргүзүшү керектигин да апачык көрсөтүүдө. Түрк-Ислам Биримдиги эң биринчиден Мусулман өлкөлөр арасындагы келишпестиктерди чечип, Ислам дүйнөсүнө тынчтык алып келиши керек, экинчиден дүйнөдө уруш менен согушту күчөткүсү келген ар кандай аракетке каршы чыгып, согушту тутантуучу ар кандай аракетти тосо турган бир күч болушу зарыл. Азыркы учурдун эң негизги маселелеринен болгон терроризм жана эл аралык кылмыштык топтор менен күрөшүү, массалык кыргын курал-жарактарын контрольдоо сыяктуу глобалдык маселелерде да эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта болушу керек жана ал тургай булар менен күрөшүүдө лидерликти аркалышы зарыл.

Маселелерди чечүүчү бир борбор болушу керек


Жогоруда Ислам дүйнөсүнүн чечилбей келе жаткан маселелеринен (Палестина, Кашмир, Афганистан, Ирак ж.б.) кыскача сөз кылдык жана Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу менен бул маселелердин кыска убакытта чечилээрине токтолдук. Түрк-Ислам Биримдиги бул мааниде аркалай турган жоопкерчилик өтө чоң жана бул биримдик сөзсүз маселелерди чече турган бир борбор болууга милдеттүү.
Учурдагы шарттар бир эле Мусулмандарга эмес, дүйнөнүн төрт тарабында көптөгөн күнөөсүз адамга тескери таасирин тийгизүүдө. Жакырчылык, коррупция, адеп-ахлаксыздык, кирешенин бөлүнүшүндө теңсиздик, таш боордук, зулумдук, кагылышуулар, адилетсиздиктер миллиондогон адамды кыйын абалда калтырууда. Ачтыктан көз жумган наристелер, көчөгө ташталган жаш балдар менен улгайгандар, жашоосун чатырларда же алачыктарда улантууга мажбур калган качкындар, жетиштүү акчасы болбогону үчүн дарылана албаган оорулуулар Мусулман өлкөлөрдүн эле эмес, -өнүкпөгөн өлкөлөрдө көбүрөөк болуу менен бирге- өнүккөн деп аталган көп өлкөлөрдүн да маселеси.
Муктаждык ичиндеги байкуш адамдар аларга сунула турган бир жардам колун күтүшүүдө. Мусулмандардын мындай абалдагы жоопкерчилиги бир аятта төмөнкүчө кабар берилген:

Силерге эмне болду, Аллах жолунда жана: «Раббибиз, бизди калкы заалым бул өлкөдөн чыгар, бизге Кабатыңдан бир вели (коргой турган кожоюн) жөнөт, бизге Кабатыңдан бир жардам берүүчү жөнөт» деген эркектер, аялдар жана жаш балдардан кыйынчылыкта калгандар үчүн күрөшпөй жатасыңар? (Ниса Сүрөсү, 75)

Мусулман өлкөлөрдүн Түрк-Ислам Биримдиги чатыры астында биригиши Мусулмандар менен Мусулман эместер арасында болуп жаткан тирешүүлөрдөн тышкары, Мусулмандар арасындагы келишпестиктерди да чечет. Бүгүнкү күндө Мусулмандар арасындагы келишпестиктер да Батыштык өлкөлөр же алардын контролундагы эл аралык уюмдар тарабынан чечүүгө аракет кылынууда. Мусулман өлкөлөрдүн маданиятына жана тарыхына жат тышкы күчтөрдүн –кээде пайда алып келсе да- Ислам маданиятынын маселелерин чечиши көп мүмкүн болбой келүүдө. Чындыгында болсо Мусулман өлкөлөр бүт маселелерин өз ичинде чече алышат. Ошентип маселелер эл аралык аренага чыкпастан чечилет жана чечүү жолу бүт Мусулмандардын пайдасына болот, ошондой эле, Ислам дүйнөсүнүн биримдикте болушу күч жана туруктуулуктун ишараты болот. Учурда Ислам дүйнөсүнүн эң чоң кыйынчылыктарынын бири мына ушул орток саясаттарды иштеп чыгуудагы алсыздыгы, түздөн-түз өзү менен байланыштуу маселелерде да стратегияларды иштеп чыга албашы болууда.
Түрк-Ислам Биримдиги Мусулман өлкөлөр баш болуп бүт адамдардын дарттарына дабаа табууга, алар күсөгөн бейпилдик менен коопсуздукту камсыздоого милдеттүү. Ар бир Мусулман өлкөнүн өзүнүн саясий, демографиялык жана экономикалык маселелери бар. Дүйнөнүн ар кайсы тарабында да ал аймактарга тиешелүү маселелер орун алууда. Ал маселелердин ар бирине ар башка чараларды көрүү, ар башка чечүү жолдорун ишке ашыруу зарыл болушу мүмкүн. Бирок негизги маселе жана ал маселенин чыныгы чечүү жолу бүт тарапта бирдей. Адамдарга кыйынчылык жана тынчсыздануу алып келген көп окуялар Куран ахлагынын толук орнобогонунан келип чыгууда. Жана ал маселелерди чече албоонун түпкүрүндө да окуяларды Куранга карап анализ кылбоо турат. Ушул себептен бүт бул маселелерди чечүүдө Куран ахлагы адамдарга берген ачык ойлуулук, натыйжалуулук, кенен ойлоно алуу сыяктуу сыпаттар жана чынчылдык, башкалардын кызыкчылыгын ойлоо, адилеттик, жакшылыкты сүйүү сыяктуу сонун мүнөздөр Мусулмандарга жол көрсөтөт.


Чындап эле экономикалык маселелердин чечилиши менен коомдун адеп-ахлагы арасында маанилүү бир байланыш бар. Мисалы, экономикалык маселелердин эң негизгилеринин бири болгон социалдык адилетсиздик түпкүрүндө адеп-ахлактык бир маселе. Ислам ахлагын өзүнө сиңирген бир коомдо социалдык адилетсиздик болбойт. Аллах Куранда адамдардын муктаждыгынан ашыкчасын муктаждар менен бөлүшүшүн буйруган. Мындан тышкары, ысырапкорчулукту Аллах арам кылган. Материалдык мүмкүнчүлүктөр белгилүү адамдарга жогорулук берген бир элементке айланбашы, кээ бир адамдар тарабынан гана бөлүшүлгөн бир өйдөлүк болбошу Куран ахлагынан бир талабы. Куран ахлагы социалдык көмөктөшүүнү талап кылат жана адамдардын бир-биринин муктаждыктарына карашын буйруйт. Ал тургай, ыймандуулар –өздөрү муктаж болуп турса дагы- колдорундагы тамагын алгач жакырларга жана туткундарга бере турган даражада башкаларды ойлогон бир адеп-ахлакта болушат. Болгондо да муну ал адамдарга жагуу үчүн эмес, Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн жасашат. Куранда мындайча айтылат:


Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип (мындай дешкен): «Биз силерди Аллахтын Жүзү (ыраазылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз.» (Инсан Сүрөсү, 8-9)

Адамдар арасындагы көмөктөшүү менен жардамдашууну улуттар аралык мамилелерде да оңой гана жасоого болот. Бул жерде да Ислам ахлагы Түрк-Ислам Биримдигине мүчө өлкөлөргө жол көрсөтөт. Бир тарапта ашыкча люкс керектөөлөрдү жасаган бир өлкө турганда, экинчи тарапта жаңы төрөлгөн миңдеген наристенин ачарчылыктан өлүп жатышы эч мүмкүн болбойт. Абийирдүү ар бир адам мындай абалдан тынчсызданат.
Учурда көптөгөн мекемелер менен эл аралык уюмдар мындай өлкөлөргө жардам берүүгө аракет кылышууда. Бирок бул аракеттер ал аймактарга жардам пакеттерин жеткирүү менен гана чектелүүдө. Көбүнчө ал жардамдар туура кишилерге жетпей да калууда. Артта калган өлкөлөрдүн системасындагы кемчиликтерди тамырынан жоюу, ал өлкөлөрдөгү мафия жана уюшкан топторду жок кылуу, коомдо болсо билим берүү аркылуу абийирге жана акылга таянган жаңы бир аң-сезимди калыптандыруу маселени тамырынан чечет.
Аллах Куранда буйруган ахлактын талабы катары ысырапкорчулуктун алды алынганда, көмөктөшүү орногондо, адамдар бөлүшүүгө чакырылганда жана өзгөчө адамдар жүрөгүн угууну үйрөнгөндө, экономикалык тең салмаксыздыктарды толугу менен жоюу мүмкүн болот. Мындай чечүү жолдорун Ислам дүйнөсүндө эң натыйжалуу ишке ашыра турган уюм болсо Түрк-Ислам Биримдиги болот.

Адам укуктарын урматтаган
жана адилеттүү болушу керек
Чыныгы Ислам ахлагы өкүмчүлүк кылган бир коомдо адам укугу жана эркиндикке өтө маани берилет. Адам укугу жана эркиндик кепилдикке алынып, адамдардын эркин жана кадыр-барктуу бир өмүр сүрүшү максатталат. Аллах Куранда Мусулмандарга бүт адамдардын Аллах Кабатында тең экенин (жогорулуктун такыбалык менен гана болоорун) кабар берген жана адамдарга адилеттүү, толеранттуу, кечиримдүү жана түшүнүү менен мамиле кылууларын буйруган. Айырмачылыктарга урмат көрсөтүү жана алардын арасында адилеттүүлүк менен өкүм кылуу ыймандуунун алааматтарынын бири.
Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан алгачкы Ислам коомунда жасалган иш-аракеттер коомдун түзүлүшү жана башкаруусунда Мусулмандарга өрнөк болгон. Мусулмандардын биринчи конституциясы деп кабыл алынган жана ал доордун шарттары эске алынганда өтө жогорку бир укук түшүнүгүнүн көрсөткүчү болгон «Медина документи» Ислам коомунун адамдык укук жана адилеттүүлүк түшүнүгүн көрсөткөн маанилүү бир мисал. Медина документи менен ал шаарда жашаган ар кандай ишенимдеги адамдардын баары негизги укук жана эркиндиктер берилип, адамдардын мал-мүлкү жана жаны, үй-бүлөлөрү, ибадатканалары кепилдикке алынган. Ар башка ишенимдеги адамдардын орток бир саясий түзүлүштө жашашын камсыз кылган бул келишим менен бир-бирин канчалаган жылдан бери жек көрүп, душман болуп келген уруулар да ынтымакка келген. Медина документинен тышкары да мушриктерге дайыма адилеттүү мамиле кылынып, алардын корголуу талаптары Пайгамбарыбыз (сав) тарабынан кабыл алынган. Аз. Мухаммед (сав) океандай боорукердик жана мээрими менен адамдардын мамилелеринин дайыма достук менен жана цивилдүү болушун каалаган.
Ислам азыркы заманбап дүйнөдөн 1400 жыл мурда адам укуктары, укуктук мамлекет, мыйзам алдында бирдейлик, экономикалык эркиндик сыяктуу баалуулуктарды адамзатка тартуулаган.
Исламдын жайылышы учурунда каратылган аймактарда жасалган адилеттүү мамиле да бүт элдерге өрнөк болгон. Бүгүнкү күндө да көптөгөн батыштык ойчул суктанып, урматтоо менен эскерген мындай адилеттик түшүнүгү ал доордо көптөгөн адамдардын жана калктардын өз талабы менен Мусулмандардын башкаруусуна өтүшүнө жана көпчүлүгүнүн Исламды кабыл алышына себеп болгон. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав) Куранда кабар берилген адилеттик түшүнүгүн эң жакшы турмушка ашырган жана аны ээрчиген сахабалар жана кийинки Мусулмандар да Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын мындай бийик адеп-ахлагын улантышкан. Мындай мамилелери менен Аллах «Жараткандарыбыздан акыйкатка баштаган жана аны менен адилеттикти жасаган (турмушка ашырган) бир үммөт бар.» (Аьраф Сүрөсү, 181) аятында билдиргендей, адамдар арасында адилеттикти орноткон бир үммөт болушкан.
Ислам адамзатка үйрөткөн бийик мүнөздөрдүн бири – бул сөз эркиндиги жана башкарууга катышуу. Бул Исламдын коомдук тармактагы негизги буйруктарынын бири болгон кеңешүүдө орундалат. Аллах Мусулмандарга иштерин кеңешүү менен жасашын буйруган:


Раббилерине жооп бергендер (буйруктарын аткаргандар), намазды туптуура кылгандар, иштерин өз араларында шура (кеңешүү) менен жасагандар жана аларга ырыскы катары бергендерибизден садака бергендер. (Шура Сүрөсү, 38)

Кеңешүү менен иш жасалганда, адамдар баары бирдей сөз укугун колдонушат жана бир чечим алаарда окуяларды бүт тараптан анализдөө мүмкүнчүлүгү туулат. Бул болсо ката ыктымалдыгын азайтып, туура чечимдерди алууга шарт түзөт.
Кеңешүүнүн эң маанилүү тарабы болсо – бул ар кандай пикирлерди айткандардын бир-бирине урмат жана түшүнүү менен мамиле кылышы. Кеңешүүдө кимдин пикиринин кабыл алынганы эмес, эң туура пикирдин кабыл алынышы эң маанилүү. Башкача айтканда, кеңешүүнүн негизги максаты коом үчүн эң жакшы, эң туура чечимдерди алууга шарт түзүү. Ислам ахлагы ыймандуулардын өз пикиринде өжөрлөнбөшүн, абийирге, адилеттикке жана жакшылыкка эң ылайыктуу пикирди кимден келсе да кабыл алууна талап кылат. Ыймандуулар «менин пикирим кабыл алынсын», «менин көз-карашым эң туура» деген сыяктуу текебердик менен кежирликтен качынышы керек, булар Аллах Кабатында жакшы мамилелер эмес. «... Жана ар бир илимдүүнүн үстүндө жакшыраак билген дагы бирөө бар.» (Йусуф Сүрөсү, 76) аятында да айтылгандай, бир Мусулман дайыма андан да жакшыраак билген бирөө болушу мүмкүн экенин, эң туура пикирди мен билем деп айтуунун чоң жаңылыштык болоорун билиши керек.
Ислам ахлагынын ушундай кеңешүү принциби бүгүнкү күндө Түрк-Ислам Биримдигине сонун жол көрсөтөт. Түрк-Ислам Биримдиги да Мусулмандар кеңешүү укугун колдонгон, б.а. эч кандай кысымчылык жана кыйынчылыксыз пикирлерин айта алган, укуктары бүт тараптан корголгон, бүт адамдардын ой-пикирлери толеранттуулук менен кабыл алынган маданий жана эркин бир саясий маданиятка таянышы керек. Ушундайча Түрк-Ислам Биримдиги лидерлигинде Мусулман калктар адамдар бир-биринин көз-караштарына урмат көрсөткөн, теңдик, адилеттик жана эркиндик өкүмчүлүк кылган, зулумдук менен адилетсиздик болсо бүтүндөй жок кылынган калктарга айланат. Ошентип Ислам дүйнөсү Мусулмандардын бейпилдиги менен коопсуздугун камсыздап эле тим болбостон, дүйнөдө маданият менен цивилизациянын лидерине айланышат.






Ислам дүйнөсүн өнүктүрүүнү
көздөшү керек
Ислам дүйнөсүнүн эң негизги маселелеринин бири – бул Мусулман өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн артта калганы. Ушул себептен Түрк-Ислам Биримдигинин приоритеттүү максаттары арасында Ислам дүйнөсүн өнүктүрүү, жакыр өлкөлөрдү колдоп экономикалык маселелерин чечүү турушу керек. Бүт Мусулман өлкөлөрдө;
- Жакырчылык менен күрөшүү керек,
- Жаңы инвестициялар стимулданып жумуш орундары түзүлүшү зарыл,
- Коомдук тартип жана туруктуулук камсыз кылынышы зарыл,
- Социалдык адилеттүүлүк кепилдикке алынып, экономикалык теңсиздиктер жоюлушу керек,
- Эл аралык жана аймактык мамилелер жана кызматташтыктар өнүктүрүлүшү зарыл.
Ислам дүйнөсү ичинде материалдык айырмачылыктардан келип чыккан кыйынчылыктарды азайтуу керек. Экономикада, саясий чөйрөдө жана эң негизгиси маданиятта Мусулман өлкөлөр арасында түзүлгөн бир биримдик артта калгандардын ылдам өсүшүнө, керектүү мүмкүнчүлүгү жана инфраструктурасы барлардын аларды эң натыйжалуу колдоно алышына мүмкүндүк берет. Мындай биримдик алып келчү пайдалардын бири экономикалык өсүш менен бирге илим жана технология тармагынын өнүгүшү болот.
Экономикалык өсүш илим менен технологияга жасала турган инвестицияларды көбөйтүп, технологиянын өнүгүшү болсо экономиканын андан да бат өсүшүнө себеп болот. Экономиканын өнүгүшү менен бирге билим берүү деңгээли да табигый түрдө жогорулап, коом ар тараптуу өнүгөт. Түрк-Ислам Биримдиги негизинде адамдар визасыз жана бажыда тоскоолдуксуз өтө алган, соода эркиндигине, эркин ишкердүүлүккө колдоо көрсөтүлгөн бир система Ислам дүйнөсүнүн ылдам өнүгүшүнө себеп болот.
Бул өнүгүү кыймылы табигый түрдө Мусулман өлкөлөрдүн ыкчам модерндешине жана алдыңкы коомдор деңгээлине жетишине шарт түзөт. Мусулмандардын экономика маданиятынын батыш калктарынын бир бөлүгүндө өкүмчүлүк кылган гедонист (ырахатты негиз туткан) экономикалык маданияттан айырмалуу экенин жана болоорун да бул жерде белгилей кетүү керек. Исламда да батыш калктарындагы сыяктуу эркин экономика негиз тутулат. Жеке менчик укугу бар жана бүт адамдар каалагандай ишкердик кыла алышат. Бирок тапкан байлыкты колдонууда Ислам ахлагы адамдарга ахлактык жоопкерчиликтер жүктөп, коомдо социалдык адилеттиктин түзүлүшүн камсыздайт. Байлардын тапкан акчасында жакырлардын да бир үлүшү бар жана эң негизгиси, бул байлардан мажбурлап чогултулган бир салык эмес, алар ыйманынан улам чын көңүлдөн ыраазы болуп берген бир тартуу. Исламда социалдык адилеттүүлүк социалисттик системалар жасап көрүп ийгиликке жете албаган сыяктуу борбордук пландоо менен жана башкаруучулардын басымы менен эмес, коомдо өкүмчүлүк кылган адеп-ахлактык баалуулуктар менен камсыздалат. Ошондой эле, Ислам ахлагы байларды ашыкча керектөөдөн жана ысырапкорчулуктан да тосот.
Бул, албетте, жалгыз максаты көбүрөөк керектөө болгон, өтө өзүмчүл, көбүрөөк байуу үчүн башкаларды эзүүдөн тартынбаган, адамдарга урмат менен сүйүүсүн жоготкон адамдардан турган материалист коом моделинен такыр башкача. Мындай коом модели акыркы эки кылымдан бери батыш дүйнөсүнүн бир бөлүгүндө барган сайын жайылып, ахлактык баалуулуктарды жок кылып адамдарды бузууда. Жана учурда көптөгөн батыш өлкөсү мындай бузулуунун натыйжасы болгон баңгилик, сойкулук, паракорчулук, кумар, алкоголь, уюшкан кылмыштуулук сыяктуу маселелер менен күрөшүүгө аракет кылууда. Ал тургай, батыш коомдорунда диний ишенимдердин алсыздашы натыйжасында бир «маани кризиси» келип чыкты: жашоонун максаты бир катар материалдык ырахат менен кызыкчылыктарды алуу гана деп көрсөткөн материалисттик философия адамдардын рухун канааттандыра албай, аларды боштукка жана максатсыздыкка түртүүдө. Эркиндик атын жамынып адамды өз каалоолорунун туткунуна айлантууда.


Ислам ахлагы болсо адамдарды алардын ойлорун ээлеген ар кандай санаа менен коркуулардан куткарат. Ыймандуулар Аллахтан гана коркушат жана Анын ыраазылыгына жетүү үчүн гана аракет кылышат. Раббибиздин алдындагы жоопкерчилигин билишип, дайыма абийиринин буйругун угуп жашашат жана абийирлери тынч болгону үчүн дайыма бейпил жана тең салмактуу болушат. Айланаларына дайыма жакшылык менен сулуулук сунушат. Ислам ахлагы адамдарды аларды руханий жактан кыйнаган көрө албастык, ач көздүк, келечек коркуусу, өлүм коркуусу сыяктуу дин ахлагына туура келбеген түшүнүк менен коркуулардан куткарып, аларга Аллахка моюн сунуунун эркиндиги менен бейпилдигин берет.
Ошондуктан Түрк-Ислам Биримдиги стимулдап, баштата турган өнүгүү батыштагы өнүгүүнүн дал өзүндөй болбойт. Батыштын өнүгүшү учурунда өтө чоң коомдук адилетсиздиктер болгон. Мисалы, батыштын өнүгүшүндө алгачкы болгон Англияда 18- жана 19-кылымдар бою үрөй учурарлык бир эзүүчүлүк өкүмчүлүк кылган. Жумушчу классына өтө начар шарттарда жумуш жана жашоо мүмкүнчүлүгү сунулуп, 7-8 жаштагы кичинекей жаш балдар да кир көмүр шахталарында күнүнө 16 саат иштетилип, алардын көпчүлүгү 20 жашка жетпей өлүшкөн. 1840-жылдары Манчестерде бир кенде иштеген жумушчунун орточо өмүрүнүн 17 жашка чейин төмөндөгөнү белгилүү.15 Ал эми байлар болсо ашыкча бир люкс жана ысырапкорчулук ичинде жашашкан. Бүт индустриалдашкан батыш өлкөлөрүнүн ушундай оор тажрыйбалардан өткөндүгү, батыштын өнүгүшүнүн миллиондогон жакыр адамдын эзилиши аркылуу камсыздалганы тарыхтын белгилүү бир чындыгы.


Ислам ахлагы өкүмчүлүк кыла турган бир коомдун өнүгүү модели болсо социалдык адилеттүүлүктү да камтыйт. Батыштагы адилетсиздиктер ал доордо батышта өкүмчүлүк кылган материалисттик философиялардын «адам табияты» жөнүндөгү туура эмес көз-карашынан келип чыккан. Ислам ахлагы болсо адамдардын бир жагынан активдүү жана аракетчил, экинчи жактан мээримдүү, иштерман жана адилеттүү болушун камсыздайт. Тарыхта да чындап эле ушундай болгон. Ислам маданиятынын улуу бийиктеши бою Мусулмандар ошол эле учурда экономикада да дүйнө лидери болуп, өзгөчө соодада чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок бул байуу бир катар байлардын эле колунда чогулбастан, Ислам ахлагынын талабына ылайык бүт коомго жайылган. Ислам маданиятынын социалдык көмөктөшүү уюмдары болгон фонддор, комплекстер, тамак үйлөрү, кербен-сарайлар, элге ачык мончолор, китепканалар Исламда бакубаттыктын жана маданияттын бир топтун гана колунда чогулбаганын, бүт коомго жайылганын көрсөтөт. Биздин доордогу Түрк-Ислам Биримдигинин өнүгүү модели да ушундай болушу керек.
Түрк-Ислам Биримдигинин өнүгүү модели жөнүндө айта кетчү дагы бир жагдай болсо – бул ачык ойлуулук. Ислам ахлагы Мусулмандардын ачык ойлуу болушун, б.а. башка маданияттар менен мамиледе болушун жана алардын бүт тажрыйбаларынан пайдаланышын колдойт. Ушул себептен Исламдын алгачкы кылымдарында Мусулман ойчулдар менен илимпоздор Байыркы Греция, Кытай, Индия сыяктуу илгерки маданияттардын эмгектерин анализдеп, ал жерден көп маалымат алышкан жана анан ал маалыматтарды Исламдык бир аң-сезим менен өнүктүрүп байытышкан. Бүгүн да Ислам дүйнөсү батыш дүйнөсү баш болуп, дүйнөнүн башка маданияттарын жакындан изилдеп, тажрыйбаларынан пайдаланып, аларды колдонуп жана кабыл алып алдыга жылдырышы керек.

Ислам дүйнөсүн башка маданияттардан изоляциялоо, башкалар менен мамилеси жок, түнт абалга салууга аракеттенүү болсо, албетте, Мусулмандарга пайда алып келбей турган бир ыкма. Мусулмандардын технологиянын бүт мүмкүнчүлүктөрүн дин ахлагына эң ылайыктуу абалда колдонушу зарыл. Мисалы, Ислам ахлагына каршы материалисттик бир ахлакты сиңирген кээ бир тасмаларга каршы Мусулмандар өздөрүнүн кино индустриясын куруп, адамдарга туураны, чындыкты үйрөтө турган тасмаларды даярдашы керек. Эгер кээ бир искусство түшүнүктөрү бир катар терс элементтерди камтыса, анын чечүүнүн жолу ал искусстводон жакшыраагын Исламдык бир мазмун менен чыгаруу болот. Эгер адамдар шаарлардын кооздугуна, тазалыгына, комфортуна, сайранына таң калышса, Мусулмандар андан да кооз шаарларды куруп, дүйнөнү андан да сулуулашы керек.
Мусулмандар өтмүштө курган улуу маданияттын теңдешин эми да курушу, албетте, мүмкүн. Бул үчүн Куран ахлагы алып келген сулуулук жана искусство түшүнүгү, ачык ойлуулук, адилеттик жана токтоолук өкүм сүрүшү керек. Исламдын искусствосу, маданияты Мусулмандарга эле эмес, бүт адамзатка бакубаттык алып келет. Дүйнөнүн эң чоң китепканалары, эң көркөм имараттары, эң таза көчөлөрү, эң жарык проспекттери, эң жакшы мектеп, оорукана жана университеттери курулуп, бүт адамдар бул мүмкүнчүлүктөрдөн жана жакшылыктардан бирдей пайдаланышат.
Исламдык бир борбордун лидерлигинде Ислам маданиятынын кайрадан бийиктешине шарт түзүүгө болот жана 21-кылым Ислам дүйнөсү үчүн нурдуу бир кылым боло алат. Глобалдашуу күн өткөн сайын ылдамдаган азыркы доордо Мусулман өлкөлөр да араларындагы ар кандай тоскоолдуктарды алып салып, илимде, технологияда, соодада орток иштерди жасап, Ислам дүйнөсүнүн кызыкчылыгы үчүн биримдикте иш-аракет жүргүзүшү зарыл.
Эскерте кетчү акыркы бир жагдай болсо – бул, негизи Мусулмандардын көз-карашы боюнча, дүйнөнүн «батыштыктар» жана «Мусулмандар» деп уюлдарга бөлүнбөшү. Эң биринчиден, батыштыктардын көпчүлүгү ахли китап (Христиан жана Иудей) жана ошондуктан Мусулмандар менен көптөгөн орток ыймандык жана ахлактык баалуулуктары бар. Ушул себептен Батыш маданиятынын ичиндеги көп элементтер да –мисалы дин тутуу эркиндиги, демократия, үй-бүлө баалуулуктары сыяктуу- Ислам ахлагынын маңызына туура келет. Мындан тышкары, Батышта көп адамдар Исламды тандашкан жана тандап жатышат. Бүгүнкү күнгө чейин Батыш дүйнөсүнө Ислам ахлагынын туура жана толук түшүндүрүлбөгөнүн эске алсак, келечекте Батышта дагы көп кишилердин Мусулман болоорун болжолдоого болот. Мусулмандар Батышка жана анын маданиятына ушундай көз менен карашы керек. Акыркы эки кылымдан бери материалисттик философиянын таасири астында калган Батыш дүйнөсүндөгү кээ бир чөйрөлөрдү да бул жаңылыштыктан куткаруу керектигин жана бул дагы Мусулмандардын бир милдети экенин унутпаш керек.

12. Risale-i Nur Külliyatı, 21. Lema, s.669

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder