Дарвинизм эмне үчүн кооптуу?
Чарльз Дарвин
Дарвинизм – кокустуктарды кудай тутунган бир путпараст дин.
Дарвинизм – дүйнөнүн эң чоң калпы.
Дарвинисттердин эволюция аты менен айткан догмаларынын баары жалган.
Эволюция теориясынын илим менен эч бир байланышы жок.
Дарвинисттик идеология адамдарды, коомдорду Аллахка болгон ишенимден алыстатуу үчүн ойдон чыгарылган жалган бир дин (Аллахты аруулайбыз). Бул кандуу идеология акыр замандын эң чоң дажжальдик агымы жана адамдарды байкатпастан динсиздикке (атеизмге), согуштарга, залимдикке жана азаптарга түрткөн. Дарвинизм атеизм, коммунизм, материализм сыяктуу бардык динсиз агымдардын фундаменти. Дүйнөгө балээ алып келген бардык согуштар, террордук акттар, адам өлтүрүүлөр, геноциддер, жырткычтык жана балээ сахналарынын баары дарвинизмден келип чыгууда. Дарвинизм – дажжальдин эң тымызын жана эң бузуку ыкмасы.
Дарвинисттердин батыл (далилсиз, жалган) көз-карашы боюнча, адам – болгону бир айбан. Ошондуктан дарвинисттер өз ойлорунда адамга баа берүү да ушуга жараша болот деп ойлошот. Дарвиндин негизги пикирин бир сүйлөм менен «адам – урушуп, согушуп туруучу бир айбан» деп жыйынтыктоого болот. Мунун бир натыйжасы катары адамдар арасында «күчтүү жашоосун улантат» деген эрежеге таянган бир идеология иштеп чыгылган. Мындай дарвинисттик идеологияны өзүнө сиңирген адамдар дүйнөгө коммунизм жана фашизм сыяктуу кан төгүүчү агымдарды алып келишип, бүт дүйнөнү балээге түртүшкөн. Дарвинисттик көз-караштын бул агымдар аркылуу жайылышы натыйжасында келип чыккан Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда 250 миллиондон ашуун адам жана кайра эле дарвинизмден келип чыккан террордук акттар натыйжасында болсо бир миллиарддан ашуун адам өмүрүнөн ажырады.
Бүгүнкү күндө да уланып жаткан бардык өлкө ичиндеги уруштар, согуштар жана террордук акттардын бүт баары дарвинизмден келип чыгууда. Дарвинисттик идеология мына ушул себептен биз жашап жаткан акыр замандын эң чоң дажжаль фитнасын түзөт. Аллах ишениминин бүт дүйнөгө жайылышы жана дүйнөдөгү жырткычтык жана уруштардын токтошунун жалгыз жолу – бул бир путпараст дин болгон дарвинизмдин илимий кыйратылышы болмокчу.
Бүгүнкү күндө да уланып жаткан бардык өлкө ичиндеги уруштар, согуштар жана террордук акттардын бүт баары дарвинизмден келип чыгууда.
Бул путпараст дин кеңири масштабдуу бир калпка таянууда. Ошондуктан батыл (далилсиз) эволюция ишенимин илим менен кыйратуу абдан оңой. 21-кылым бул калп теориянын акылга сыйбас логикалары жана калптары бүт тараптан ачыкка чыккан бир доор болду. Бул сайтта окуй турган маалыматтардан да көрүлө тургандай, эволюция калпынын чыныгы жүзү көрүнгөн сайын дүйнөнү алдаган жана адамзатка балээ алып келген батыл эволюция дини толугу менен жок болот.
Эволюционисттердин жалган кудайы – кокустуктар
Урматтуу Аднан Октар «кокустук» догмасынын акылга сыйбастыгын жана жомок экенин дүйнөнүн төрт бурчунда бетин ачып көрсөткөн соң, дарвинисттер да акыркы убактарда «кокустук» сөзүн түздөн-түз колдонуудан тартынып калышты.
Урматтуу Аднан Октар «кокустук» догмасынын акылга сыйбастыгын жана жомок экенин дүйнөнүн төрт бурчунда бетин ачып көрсөткөн соң, дарвинисттер да акыркы убактарда «кокустук» сөзүн түздөн-түз колдонуудан тартынып калышты.
Дарвинисттердин ою боюнча, бүт дүйнөдөгү ушунчалык көп, кереметтүү жаныбар, өсүмдүк түрлөрү «КОКУСТАН» пайда болгон. Дарвинисттер «Аллах жаратты» деп айтпаш үчүн (Аллахты аруулайбыз) өздөрүнө кокустуктарды кудай кылып алышкан жана кереметтүү комплекстүү жандуулардын системаларынын булагы сокур, акылы, аң-сезими жок кубулуштар гана деп жакташкан. Дарвинизм ушунчалык төмөн жана күлкүмүштүү бир логиканын үстүнө курулуп, адамдарды алдаган. Университеттерде сабак берген профессорлордун, көп жылдар бою окуп-изилдеген илимпоздордун жана окутуучулардын эч бир аң-сезими жок кокустук окуяларды ойлонгон, чараларды көргөн, кереметтүү системаларды жасаган жогорку бир жаратуучу акыл сыяктуу кабыл алып, жакташы улуу бир керемет (Аллахты аруулайбыз).
Кокустуктар – дарвинисттердин оюнда бүт нерселерди жасаган, кереметтерди пайда кылган жалган кудайы. Дарвинисттердин жөнөкөй дүйнөсү боюнча, убакыт жана кокустуктар биригип, жомок сыяктуу бүт нерсени жасай алышат. Бул акылга сыйбас ишеним боюнча, кокустуктар адамдар кыла албаган нерселерди кыла алат, кандайдыр бир жол менен лабораториядан жана илимпоздордон жогорураак билим, жөндөм жана техникалык шарттарга ээ боло алышат. Албетте, илимдүү, ой жүгүрткөн жана сын-пикир жасай алган эч бир адамдын мындай догманы кабыл алышы мүмкүн эмес. Урматтуу Аднан Октардын 30 жылдан ашуун убактан бери эволюция теориясынын туура эмес экенин далилдөө үчүн жазган эмгектери адамдардын бул акылга сыйбас ойлордун жана эволюциянын ичи бош бир догма гана экенин жакшыраак көрүп түшүнүшүнө себепчи болду.
Урматтуу Аднан Октар «кокустук» догмасынын акылга сыйбастыгын жана жомок экенин дүйнөнүн төрт бурчунда бетин ачып көрсөткөн соң, дарвинисттер да акыркы убактарда «кокустук» сөзүн түздөн-түз колдонуудан тартынып калышты. Бирок алар эми «кокустук» менен бир эле мааниге келген жана ошондой эле акылга сыйбас башка сөздөрдү колдонуу аркылуу уят болуудан кутулабыз деп ойлошкон эле. Чынында болсо «кокустук» дешсе да, «туш келе» дешсе да, «рандом» дешсе да баарында айтылган маани – бул жөнөкөй, аң-сезимсиз, акылсыз окуялардын аң-сезимдүү, тең салмактуу, симметриялуу, комплекстүү, жарашыктуу жана кереметтүү кооздуктагы бир жандыктар дүйнөсүн жоктон жараткандыгы жөнүндөгү сценарий. Дарвинисттердин мындай догмалары да, өздөрү да абдан аянычтуу абалда.
Акылга сыйбас даражадагы эч логикасыз сценарийлер менен жандыктардын келип чыгышына (жаралышына) эволюционисттик түшүндүрмөлөрдү жасоого аракет кылган ДАРВИНИСТТЕР ЧЫНЫНДА БИР ДААНА ПРОТЕИНДИН ДА ӨЗҮНӨН-ӨЗҮ ПАЙДА БОЛУШУН ТҮШҮНДҮРӨ АЛЫШПАЙТ. Бул – дарвинисттердин жалганчылыктары жөнүндө билүү керек болгон алгачкы жана эң маанилүү чындык. Бир даана протеиндин да пайда болушун түшүндүрүүгө жарабаган дарвинисттер апачык көз бойомочулук кылып, алдашууда. Жандуулардын пайда болушу жөнүндө айткан ар бир сөзү калп, жомок. Бул чындыктын ачыкка чыгышы жана ошондой эле миллиондогон жылдан бери эч өзгөрбөстөн бүгүнкү күнгө чейин жашап келген, миллиондогон жашап жаткан жаныбар, өсүмдүктөрдүн фоссил калдыктарынын бүт дүйнөгө көргөзүлүшү дарвинизмди толук кыйратты.
Эволюцияны кыйратуу үчүн эки негизги далил жетиштүү болду
1- Бир даана протеиндин пайда болушу эволюцияны кыйратты
Дарвинисттер канчалаган ичи формулаларга толгон, алдамай китептерди жазышса да, канчалаган жасалма фоссилдерди жасашса да, Жаратылууну далилдеген илимий далилдерге каалашынча демагогиялык кол салышса да, каалашынча бүт тарапка ойлоп чыгарылган сүрөттөр менен толтурулган картондон афишаларын жабыштырып, муну эволюция көргөзмөсү деп реклама кылышса да, күлкүмүштүү абалга түшүүдөн кутула алышпайт. Себеби дарвинисттер БИР ДААНА ПРОТЕИНДИН ДА КАНДАЙЧА ПАЙДА БОЛГОНУН ТҮШҮНДҮРӨ АЛЫШПАЙ КЕЛҮҮДӨ.
Жандыктардын эң негизги «курулуш материалы» болгон протеиндин бир даанасынын өз башынча пайда болуу ыктымалдуулугу НӨЛГӨ БАРАБАР. Себеби бир протеиндин пайда болушу үчүн 100ДӨЙ ПРОТЕИНДИН ошол катарда ошол аймакта мурдатан бар болуп, даяр турушу ШАРТ. Мындай кереметтүү комплекстүүлүктөгү түзүлүштүн кереметтүү детальдарына кирүүнүн кажети да жок. Башка протеиндер болмоюнча, бир протеиндин пайда болбошунун бир эле өзү ДАРВИНИЗМДИ ТҮП ТАМЫРЫНАН ЖЕР МЕНЕН ЖЕКСЕН КЫЛУУДА. Эволюционисттердин жалгыз бир протеинден жеңилиши муну менен эле бүтпөйт.
Мындан тышкары,
Протеин жок болсо ДНК пайда болбойт
ДНК жок болсо протеин пайда боло албайт
Башка бир протеин болмоюнча бир протеин пайда боло албайт
Протеиндин (белоктордун) жасалышында кызмат кылган протеиндердин (белоктордун) бир даанасы кем болсо да протеин (белок) пайда боло албайт
Рибосома жок болсо протеин пайда болбойт
РНК болбосо да протеин пайда болбойт
ATP болбосо протеин пайда болбойт
ATP’ни өндүрө турган митохондрия болбосо да протеин пайда болбойт
Клетка ядросу болбосо протеин пайда болбойт
Цитоплазма болбосо да протеин пайда болбойт
Клеткадагы органеллдердин бир даанасы кем болсо протеин пайда боло албайт
Клеткадагы бардык органеллдер болушу жана иштеши үчүн болсо протеиндер керек
Бул органеллдер болмоюнча эч качан протеин болбойт.
Кыскача айтканда,
БИР ПРОТЕИН ПАЙДА БОЛУШУ ҮЧҮН КЛЕТКА ТОЛУГУ МЕНЕН БАР БОЛУШУ КЕРЕК. Клетка учурда адамзат изилдеп жаткан жана абдан аз бөлүгүн гана түшүнө алган кемчиликсиз комплекстүү түзүлүшү менен бирге бар болмоюнча, БИР ДААНА ПРОТЕИН ДА ПАЙДА БОЛО АЛБАЙТ.

Көрүнүп тургандай, эволюция теориясы али башталгыч баскычында эле улуу бир кыйроого дуушар болгон. Бир протеиндин алдында чарасыз калган дарвинисттердин жер бетиндеги ушунчалык көп жандыктардын түрлөрү жөнүндө адамдарды алдоого аракет кылышы эволюция жалганынын канчалык чоң масштабда экендигинин даана көрсөткүчү.
2- 350 миллион фоссил менен эволюция кыйрады
Дарвинисттер фоссилдер жөнүндө да адамдарды алдашууда. Тынымсыз адамдарды өздөрү жасап алган жасалма «ортоңку формалары» менен алдашууда, жасалма сүрөттөр, жасалма макеттер жана реконструкциялар менен көз бойошууда. Буларды колдонуу менен өз ойлорунда пропаганда ыкмаларын жайышууда. Чынында болсо бүгүнкү күнгө чейин бир дагы эволюционисттин бир даана фоссилди алып «биз эволюцияга далил алып келдик» деп муну көрсөткөнү көрүлгөн эмес. Себеби бул мүмкүн эмес. БИР ДААНА ДА ОРТОҢКУ ФОРМА ФОССИЛИ (КАЛДЫГЫ) ЖОК.
Бул – жылдар бою дарвинисттердин пропагандасын алгандар үчүн шок кылуучу бир чындык. Себеби бардык дарвинисттик кабарларда эволюцияны далилдеген ортоңку формалар жөнүндө дайыма айтылат. Чынында болсо эволюцияны далилдеген бир даана да ортоңку форма жок. Бул – дарвинисттер ойлоп чыгарган эң чоң калптардын бири.
Бүгүнкү күнгө чейин 350 миллиондон ашуун фоссил табылды. Булардын БИР ДААНАСЫ ДА ОРТОҢКУ ФОРМА ЭМЕС. Дарвинисттер ортоңку форма деп гезит, журналдардын биринчи беттеринен жарыялаган фоссилдердин да баарынын жасалма экени аныкталган. 350 миллиондон ашык фоссилдин көпчүлүгү бүгүнкү күндө жашаган жандыктардын миллиондогон жыл мурдагы өрнөктөрү. Б.а. булар жашап жаткан фоссилдер. Бул фоссилдер көрсөткөндөй, миллиондогон жылдар бою жандыктар эч өзгөрүшкөн эмес. Табылган фоссилдердин бир бөлүгү болсо өтмүштө жашаган жана түрү жок болгон жандыктарга тиешелүү. Фоссилдер бул жандыктардын жүз миллиондогон жыл мурда абдан көп жана таң калыштуу бир комплекстүүлүккө ээ болгонун далилдеди. Бул – эволюциянын ар тараптан жана илимий кыйраганынын далили.
Фоссилдердин эволюцияны жокко чыгарышы – дарвинизмге урулган экинчи чоң сокку. Эволюциянын кыйраганын илимдин бүт тармактары далилдөөдө. Ар бир илимий ачылыш, ар жолкусунда жаңы далилдер менен эволюцияны кыйратууда. Бирок биз жогоруда караган эки далил (эволюциянын протеиндер жана фоссилдер тарабынан жеңилиши) эволюцияны кыйратууга жетиштүү болгондуктан, эволюцияны кыйраткан башка детальдарга кирүүнүн кажети жок. Бул чоң сокку дарвинисттерге жетиштүү болду. Бирок ошентсе да, эмки саптарда эволюционисттердин догмаларына жооп катары кээ бир негизги темаларга токтолобуз.
ЖАШАП ЖАТКАН ФОССИЛДЕР ЭВОЛЮЦИЯНЫ ЖОККО ЧЫГАРУУДА
Адамдын ойдон чыгарылган эволюциясы жөнүндө жасалган спекуляциялар дарвинисттик калптардын маанилүү бир бөлүгү
Бүт дүйнөгө жайылган жана бир аздан соң детальдары карала турган дарвинисттик диктаторлук колундагы таасирдүү дарвинисттик массалык маалымат каражаттары аркылуу жылдар бою «маймыл-адам» көз бойомочулугун жактоодо. Табылган дээрлик ар бир маймыл фоссилин бул көз бойомочулук үчүн колдонушкан. Бирок ар жолкусунда фоссилдин кадимки бир маймылга тиешелүү экени далилденген жана үн-сөзсүз кайра артка алынган. Бул абдан белгилүү бир дарвинисттик көз бойомочулук. Ал тургай, дарвинисттер маймыл-адам окшоштугун колдоно алуу үчүн бир маймылды алдыңкы планга чыгарат жана анын ар түрдүү кыймылдарын, курал-жабдык колдонушун, үйрөнүү жөндөмдүүлүгү сыяктуу өзгөчөлүктөрүн көрсөтө турган ар кандай көргөзмөлөрдү жасашат. Максат – адамдын маймылдан келгени жөнүндөгү белгилүү дарвинисттик көз бойомочулукка маалыматы жок окурмандарды өз ойлорунда чындыктай көрсөтүп ынандыруу.
Маймылдардын ар кандай өзгөчөлүктөрү себебинен адамга окшош өзгөчөлүктөрдү көрсөткөнү туура. Бирок бул адам менен маймылдын толугу менен ар башка жандыктар экендиги жөнүндөгү чындыкты өзгөртпөйт. Маймыл, Аллахтын буйругу менен бул дүйнөдө жашап турганда, эч маймылдан башка бир жандыкка айланбайт, канчалык таалим-тарбия берилсе да, адам сыяктуу ой жүгүртүү, кабылдоо, жоромол жасоо, келечекти пландоо, акылдуу кыймылдоо, сындоо, пландуу жана аң-сезимдүү кыймыл-аракет кылуу, сүйлөө сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ боло албайт. Канчалык көп кайталаса да, бир маймыл эч качан учак долбоорлорун жасай албайт, бийик мунараларды кура албайт, ыр жаза албайт, лабораторияларда адамды изилдей албайт. Канчалык окутулуп билим берилсе да, бир долбоор жасай албайт, ойлонуп пландоо менен жогорураак бир маданият деңгээлине жете албайт. Себеби маймыл – Аллах ага атайын берген аны маймыл кылган анатомиялык өзгөчөлүктөргө ээ жана эң маанилүүсү адамды адам кылган аң-сезим, акыл жана рухка ээ эмес бир жандык. Анын болгону бир канча нерсеге жөндөмдүү болушу «мыймыл – адамдын атасы» деген догманын, албетте, эч далили боло албайт.
Адамды адам кылган – бул Аллах немат катары тартуулаган рух
Дарвинисттер мындай догмаларды айтып жатып, адам менен айбандын арасындагы эң маанилүү айырманы унуттурууга аракет кылышат. АДАМ - «БУЛ МЕНМИН» ДЕГЕН, ӨЗҮНҮН БАР ЭКЕНИН БИЛГЕН, ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАРАТЫЛГАНЫН, ЭМНЕ ҮЧҮН БАР ЭКЕНИН ОЙЛОНО АЛГАН, СЫНДОО ЖӨНДӨМҮ МЕНЕН ЖАШАГАН БИР ЖАНДЫК. АДАМДЫН РУХУ БАР. Мына ушул себептен бардык башка жандыктардан ушул негизги айырма менен айырмаланат. Рух бар болсо, анатомиялык айырмачылыктардын жана жөндөмдүүлүктөрдүн эч бир айырмалоочу өзгөчөлүгү жок. БИР ЖАНДЫК ТЫШКЫ КӨРҮНҮШҮ ЖАГЫНАН АДАМГА ОКШОБОСО, БИРОК РУХУ БАР БОЛСО, АЛ БААРЫ БИР АДАМ. Аны адам кылган жалгыз өзгөчөлүк ушул.
«БУЛ МЕНМИН» ДЕГЕН, БАР ЭКЕНИН БИЛГЕН АҢ-СЕЗИМДҮҮ (АКЫЛ-ЭСТҮҮ) БИР ЖАНДЫКТЫ ЭЧ БИР МАТЕРИАЛИСТТИК СӨЗ МЕНЕН ТҮШҮНДҮРҮҮГӨ БОЛБОЙТ. Эч бир материалисттик түшүндүрмө өзүнүн бар экенин билбеген, акыл-эси жок бир жандыктын руху бар жана өзүнүн бар экенин билген бир жандыкка айлануу жомогун түшүндүрө албайт. Адамдын калп эволюциясынан сөз кылып жатканда жана буга сансыз жасалма баш сөөктөрүн далил катары сунууга аракет кылып жатканда, дарвинисттердин эч сөз кылгысы келбеген жана аларды толугу менен чарасыз абалга калтырган жагдай мына ушул.
Ошондуктан дарвинисттик макалаларда көп-көп пропаганда кылынган адамдын эволюциясы догмалары толугу менен бир көз бойомочулук. Дарвинисттер, эң алгач, адамды адам кылган, көргөндөрүнөн, уккандарынан таасирленишин, алар жөнүндө ойлонушун, акылдуу кыймылдар жасашын, урмат, сүйүү, бекемдик сыяктуу сезимдерге ээ болушун, сын-пикир жасашын негиздеген «рухту» түшүндүрүүлөрү зарыл. Бирок бул жөнүндө эчтеке айта алышпайт жана бир нерсе айтышы да мүмкүн эмес. Себеби акыл-эс, аң-сезимдин тамыры, б.а. адамды адам кылган рух Аллахка тиешелүү. Аллах Өзүнүн берешендиги менен муну адамга тартуулаган жана аны башка жандыктардан, өзгөчө ушул тарабы менен айырмалуу кылган. Дарвинисттик көз бойомочулук бул темада чарасыз жана эчтеке айта албайт.
Аллах Куранда адамды Өз рухунан жаратканын мындайча билдирүүдө:
Ал – жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «оңдоп, бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр бар кылды. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)
Туш келе, кокус мутациялар жандыкты жок кылат, бири-бирине төп келген органдарды жасай албайт
Дарвинисттер «жандыктар кокус мутациялардын натыйжасында эволюциялашты» жана «сокур жана акылсыз мутациялар учурда жер бетиндеги бардык кереметтүү жандыктардын түрлөрүн пайда кылды (жасады)» дешет.
Бул догма олуттуу бир акылсыздык.
Мутациялар – бул жандыктын клеткасынын ядросунда жайгашкан жана генетикалык маалыматты алып жүргөн ДНК молекуласында радиация же химиялык таасирлер натыйжасында пайда болгон үзүлүүлөр, бузулуулар жана орун алмашуулар. МУТАЦИЯЛАР 99% ОРГАНИЗМГЕ ЗЫЯН БЕРИШЕТ. 1% болсо эч таасир беришпейт. Кандайдыр бир организмге ПАЙДА БЕРГЕН КАНДАЙДЫР БИР МУТАЦИЯ КЕЗДЕШКЕН ЭМЕС. Ал тургай,
Дарвинисттердин ою боюнча, мутация дененин бүт тарабында туура катыштагы жана бири-бирине төп келген өзгөрүүлөрдү жасоого мажбур.
Мисалы, эволюционисттердин ою боюнча, кокус мутациялар менен оң тарапта алар айткандай кулак пайда болгон болсо, сол тарапта да кокус мутациялар ошондой симметрияда, ошондой уккан, дал ошондой өзгөчөлүктөргө ээ болгон экинчи бир кулакты жасашы керек. Ички кулак сөөгү, чекич сыяктуу кулактын бөлүкчөлөрү эки тарапта тең окшош, кемчиликсиз жана бирдей чоңдукта пайда болушу зарыл.
Кокус мутациялар жүрөк клапандарын эки тарапта да бирдей жасашы керек. Дарвинисттердин ою боюнча, мутациялар сөзсүз түрдө бардык клапандарды, кулакчаларды бирдей гармонияда, ката кетирбестен, орду ордунда жана бир учурда жасашы зарыл. Дененин бардык органдарында бул ушундай болушу керек.
Болбосо чоң карама-каршылыктар чыгат, бир кулагы тескери, бир тиши башкача, жалгыз көзү маңдайында, жалгыз көзү мурдунда сыяктуу кызыктай, күлкүмүштүү, көзгө жагымсыз жандыктар пайда болушу керек. Жандыктарда мындай карама-каршылык, төп келбестиктер жок, демек дарвинисттердин пикири боюнча, мутациялар бүт нерсени симметриялуу жана төп келүүчүлүк менен жасашы зарыл.
Бирок 99%ы зыяндуу, 1%ы таасирсиз мутациялардын пайдалуу болушу; акылдуу, төп келүүчү, симметриялуу органдарды бир заматта, бир учурда жасашы мүмкүн эмес.
Мутациялардын таасири жакшылап жасалган бир нерсени мылтык менен аткан сыяктуу. Баары орду-ордунда болгон бир нерсеге мылтыктын окторунун тийиши ал түзүлүштү толугу менен кыйратат. Бир даанасынын таасир этпеши же денедеги бир инфекцияны күйгүзүп айыктырышы эч нерсени өзгөртпөйт. Организм ансыз деле ага тийген 99 ок менен кыйрап бүткөн болот.
Илим анти-дарвинист (дарвинизмге каршы), анти-атеист (атеизмге каршы)
Эволюция илимге жамынган бир көз бойомочулук. Дарвинисттер жылдардан бери эволюция менен адамдарды алдоо үчүн илимди колдонуп келишти. Чынында болсо, ИЛИМ – ДАРВИНИЗМДИН ДУШМАНЫ. ИЛИМ – АТЕИЗМДИН ДУШМАНЫ. ИЛИМ АНТИ-КОММУНИСТ, АНТИ-МАРКСИСТ. ИЛИМ – БУЛ МАРКСИСТТИК, АТЕИСТТИК ЖАНА ДАРВИНИСТТИК КӨЗ-КАРАШТЫ КЫЙРАТУУЧУ БИР ТҮЗҮЛҮШ. Дарвинизмди илим кыйратты. Дарвинисттик пропаганда илимден эң чоң соккусун жеди. Илим дүйнө адамдарына көп жылдардан бери пропаганда кылынган эволюция көз бойомочулугун кыйратты. Илим атеисттик философиянын фундаментин жыкты. Илим каерге жетсе, каерде айтылса, каерде сөз болсо, ошол жерде дарвинизмди талкалап, жок кылат. Мына ушул себептен, ИЛИМ – ДАРВИНИСТТЕРДИН ЭҢ ЧОҢ АЗАПТАРЫНЫН БИРИ.
Протеиндердин кокустан пайда боло албашын илим көрсөттү.
Клетканын кереметтүү дүйнөсүн ортого койгон жана мунун эч эволюция болушу мүмкүн эмес экенин илим көрсөттү.
350 миллиондон ашык фоссилдин эволюция болбогонун илим көрсөттү.
Жандуулардагы комплекстүүлүктү аныктаган, мындай комплекстүү системалардын эволюция менен пайда болушу мүмкүн эмес экенин илим көрсөттү.
Жандуулардын бири-бирине айланышынын мүмкүн эмес экенин илим далилдеди.
Кембрий доорунун кереметтүү фоссилдерин илим ортого койду. Ошондуктан, илим эволюция теориясын кыйратуу үчүн бүт далилдерди ортого сунду жана дагы деле сунуп жатат. Дарвинисттердин догмаларынын баары илим тарабынан кыйратылды.
«Эволюция – бул илим» деп өз көз бойомочулуктарына «кийим» табууга аракеттенген дарвинисттерди материалдык, моралдык жыккан илим көрсөткөн кереметтүү бир жыйынтык бар. Илим бир гана динге кызмат кылууда жана Аллахтын Улуу Затынын бар экендигинин далилдерин сунууда. Илим Аллахка ыйман келтиргендер үчүн. Илим чын ыкластан ыйман келтиргендерге пайда берет. Мына ушул чындык 21-кылымда дарвинисттердин эң чоң азезили болду.
Албетте, Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ушундайча ыйман келтиргендер, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмне максат кылыптыр?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)
Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. (Хаж Сүрөсү, 73)
Дарвинизм дүйнөнү кантип каптады?
Дарвинисттик идеология – толугу менен көз бойомочулукка таянган, жер бетиндеги бардык жандыктардын кокустан пайда болгонун жактай турганчалык төмөн, акылсыз бир калп. Бирок мынчалык акылга сыйбас болсо да, бул калп дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге, өкмөттөргө, мектептерге, университеттерге, илим чөйрөлөрүнө, ишканаларга, гезиттерге, журналдарга, радиолорго, телевизорлорго жайылып, аларды ээлеп алган. Муну дарвинизм көз бойомочулугун бүт дүйнөгө кабыл алдырган тымызын жана дажжальдик бир мафия болгон дарвинисттик диктаторлук жайды. 150 жылдан бери аракет кылып келаткан бул тымызын диктаторлук учурда жан алакетке түштү, бирок таасирин улантып жатат.
Билим берүү жайларында Жаратылуунун (Креационизмдин) да окутулушун сунуштаганы үчүн шашылыш түрдө жумушунан алынган Англия Хандыгы Академиясынын Билим берүү башчысы Майкл Рейсс (Michael Reiss)
Билим берүү министрлигинин билим бөлүмүнүн башчысы Др. Габриель Авиталь (Dr. Gavriel Avital) эволюцияны сындаган сөздөрүнөн жана макалаларынан соң шашылыш түрдө кызматынан алынды.
Дарвинисттик диктаторлуктун кожоюндугу таңуулоо, зордоо, коркутуу жана басым көрсөтүүгө таянат. Учурда дүйнөнүн дээрлик эч бир университетинде ЭВОЛЮЦИЯГА КАРШЫ БИР ПРОФЕССОРДУН САБАК БЕРИШИ МҮМКҮН ЭМЕС. ЭЧ БИР ӨЛКӨНҮН БАШЧЫСЫ ДАРВИНИЗМГЕ КАРШЫ ЭКЕНИН АЙТА АЛБАЙТ. ЭЧ БИР МУГАЛИМ ОКУУЧУСУНА, СТУДЕНТИНЕ ЭВОЛЮЦИЯНЫН КАЛП ЭКЕНИН АЙТА АЛБАЙТ, ОКУУЧУЛАР ДА МУГАЛИМДЕРИНЕ ЭВОЛЮЦИЯГА ИШЕНБЕГЕНИН АЙТА АЛЫШПАЙТ. Мындай кылган бир профессор же мугалим ылдам жумушунан айдалат. Окуучу ал сабактан өтө албайт. ЭВОЛЮЦИЯГА КАРШЫ БИР МИНИСТРДИН ӨКМӨТТӨ ИШТЕШИ МҮМКҮН ЭМЕС. Жаратылуу чындыгынын эволюция менен бирге окуу жайларында окутулушу үчүн дүйнөлүк масштабда жасалган дээрлик бардык аракеттерден НАТЫЙЖА ЧЫККАН ЖОК.
Учурда атактуу, ири массалык маалымат каражаттары эволюцияга далил катары сунулган жасалма бир фоссилдин кабарын СӨЗСҮЗ БЕРҮҮГӨ МАЖБУР. Сөзсүз бул көз бойомочулуктун бир бөлүгү болушу керек, болбосо маалымат берүү иши токтойт. Жаратылууну жактаганы үчүн, ал тургай болгону Жаратылуу жөнүндөгү бир макаладан сөз кылганы үчүн карьерасы аяктаган бир илимпоздун же профессордун кайра жаңы бир жумушка кире алышы мүмкүн эмес. Бул адам балким бүт дос чөйрөсүн да жоготот. Илим чөйрөсүндө кайра орун таба алышы болсо дээрлик эч мүмкүн эмес.
ЖАРАТЫЛУУ (КРЕАЦИОНИЗМ) ЧЫНДЫГЫН ЖАКТАГАНДЫГЫ ҮЧҮН КЫЗМАТЫНАН АЛЫНГАН БАШКА ПРОФЕССОРЛОР
Таңуулоо, зордоо жана коркутуу ыкмасы колдонулууда. Дарвинисттик диктаторлуктун коркутууларынан жана күч колдонуусунан улам адамдар бүгүнкү күнгө чейин дарвинизмге каршы экенин апачык айта алышкан эмес, роль ойноого мажбур болушкан. Дарвинизмди четке кагууга ар кандай ыкмаларды колдонуу аркылуу тоскоол болушууда, себеби антпесе, батыл (далилсиз) дарвинизм дининин жактоочуларынын эч бир таянычы болбогон бул теорияны сактап калуу үчүн бир да жол калбаган болот. Жалган бийик үн менен айтылууда жана мунун калп экенин жактоо кылмыш деп саналууда. Илимге жамынып сунулган бул теория илимден толугу менен алыс, расмий жана четке кагылышына апачык тоскоол болунган, далилсиз, догматикалык бир ишеним системасына айланган. Эң кызыктуусу, бул бүт элдин көз алдында, эч тартынбастан жасалууда.
Дүйнөнү балээге алып баруучу эволюция теориясы илимдин өнүгүшүнө да тоскоол болуп жатат
Учурда дүйнөдө ЭВОЛЮЦИЯНЫ ЖАКТОО БОЮНЧА ЭМГЕКТЕРГЕ БӨЛҮНГӨН АКЧА МИЛЛИОНДОГОН ДОЛЛАРЛАРДЫ ТҮЗӨТ. Эволюция эмгеги деген нерсе болсо – бул акча коротуу менен болгону жаңы көз бойомочулуктарды чыгаруу жана муну маалымат каражаттары аркылуу таркатуу. Ар кандай илимий ачылыштар жана медицина тармагында жасала турган жаңылыктарда, мисалы рак, алзеймер сыяктуу маанилүү ооруларды дарылоодо колдонула турган; же болбосо Африкада ачарчылыктан өлүп жаткан миллиондогон адамга жете турган бул акчалар катардагы, күнөөсүз калктан салык аркылуу чогултулуп, дүйнөнү балээге алып баруучу бир көз бойомочулук үчүн сарпталууда.
150 жылдык тарыхтын эң чоң көз бойомочулугу болгон эволюциянын бүт дүйнөгө жайылышы жана жалган гипнозун дүйнө адамдарына жеткириши дарвинисттик диктаторлуктун ыкмалары менен ишке ашырылган. Көрүнүп тургандай, дарвинизм илимий болгону үчүн эмес, толугу менен таңуулоо жолу аркылуу пропаганда кылынганы үчүн жана дарвинисттик диктаторлук тарабынан корголгону үчүн дүйнөдө колдоо тапкан. Көпчүлүктүн бул калп теорияны колдоп жаткан сыяктуу көрүнүшү адамдарды жаңылтпашы керек. Себеби бул адамдардын бир бөлүгү дарвинизмдин дүйнөлүк масштабга жайылган тарыхтын эң чоң көз бойомочулугу экенин билишпейт, бир бөлүгү болсо жумушунан айрылып калбоо үчүн же чөйрөсүнүн мамилесинен тартынганы үчүн дарвинизмди жактаган сыяктуу көрүнүүдө. Дүйнөлүк өкүмдарлыгы КОРКУНУЧТУУ БИР ДАЖЖАЛЬ СИСТЕМАСЫ БОЛГОН ДАРВИНИСТТИК ДИКТАТОРЛУК ТАРАБЫНАН камсыздалган бул калп теориянын бүт таянычтары бир-бирден жок кылынууда. Эволюция теориясынын толугу менен жок болушу Аллахтын буйругу менен абдан жакын.
Жаратылуу атласы (The Atlas of Creation) жана ишенимдерин жоготкон дарвинисттер
Бүт тарабы жабык бир бөлмөдөгү бир адамга «сыртта түн» деп айтылганда, буга 50% ыктымалдык берип, ишениши мүмкүн. Бирок терезенин кичинекей бир жеринен сырттагы күндү көргөндө болсо, эми бул адамды «сыртта түн» деп ынандыруунун эч жолу калбай калат.
Борбору Франциянын Страсбург шаарында жайгашкан Европа Кеңешине бир отчет сунган Люксембургдук саясатчы Анне Брассер (Anne Brasseur) пресс-конференцияда Жаратылуу Атласын (Atlas of Creation) көтөрүп, журналисттерге көрсөттү жана китеп жөнүндө мындай деди:
"Харун Яхья – Мусулман, Түрк креационист (жаратылууну жактоочу). Бул биринчи тому. Дагы 2 тому бар. Европага жөнөтүлдү. Эки тилде. Англисче жана французча. Эволюция теориясынын калп экени, дарвинизмдин террордун булагы экени, 20-кылымдагы диктаторлордун ж.б. себепчиси экени айтылган..."
Дарвинисттердин абалы да дал ушундай болду. 150 жыл бою дарвинисттер илимге жамынып, дээрлик ар түрдүү көз бойомочулукту тартынбастан жасап келишти. Мындан уялышкан да жок. Себеби мындай жалган маалыматтар менен адамдарды алдай алабыз деп өздөрүн ишендиришкен эле. Массалык пропаганда, сүрөт, тасмалар сыйкыры жана гипноз таасири менен бир калпты кайталай беришкен жана натыйжада таң калыштуу абалда өздөрүнө жактоочуларды чогулта алышкан. Бирок бүт нерсе дал дарвинисттер пландагандай баратканда, адамдар гипноздун таасирине дээрлик толук кирген кезде, дүйнөдө эволюцияны четке кагуу бир кылмыш абалына келген кезде, адамдар кокустан күндү көрүштү. Бул күн Жаратылуу атласы (Yaratılış Atlası- Атлас креационизма- The Atlas of Creation) болду.
Жаратылуу атласынын бир заматта бүт дүйнөгө жайылышы менен эми адамдарды эволюциянын бар экенине ынандыра алуу мүмкүн болбой калды. Жаратылуу атласында көрсөтүлгөн миңдеген жашап жаткан фоссилдер бир дарвинист да четке кага ала тургандай эмес. Болгондо да бул кереметтүү китептеги бир даана фоссил да эволюцияны тебелеп өтүүгө жетиштүү. Мына ушул себептен,
Жаратылуу атласынан дарвинизмдин мунарасы болгон Франциянын маалымат каражаттары катуу коркууга кабылышып, «Франция тарыхынын эң чоң балээси», «асмандан балээ жаады», «Жүздөгөн жылдык маданиятыбыз жер менен жексен болду» сыяктуу сөздөр менен Атлас жөнүндө сөз кылышкан.
Дарвинисттик Европа Парламенти бул кереметтүү китепти эволюциялык таалим берүүгө эң чоң тоскоолдук катары көрүп, паника ичинде маселе кылып көтөрүп чыгышты жана жүздөгөн дарвинисттик массалык маалымат каражат уюмдары таң калуу менен Атластын дүйнөдөгү кереметтүү таасирин айтууга мажбур болушту.
Жаратылуу атласы бүт ыйман келтиргендердин күчтөнүшүнө себепчи болду
Урматтуу Аднан Октардын бир даана протеиндин да кокустан пайда болушу мүмкүн эмес экенин бүт дүйнөгө жар салышы жана Жаратылуу атласы аттуу эмгеги менен миллиондогон жандыктын өзгөрбөгөнүн далилдеши – учурда дүйнөдө эволюцияны кыйраткан эң натыйжалуу эмгек. Дүйнөдө диндар Мусулмандар да, диндар Христиандар да жана диндар Иудейлер да мындай улуу ийгилик натыйжасында тартынбай калышты жана өздөрүнө ишеним пайда болду. Мурда дарвинисттерден абдан тартынган жана дээрлик эч иш-аракет кыла албаган бир катар диндарлар бул маанилүү эмгектерден соң күчтөнүп башташты. Урматтуу Аднан Октардын эволюцияны кыйраткан, баалуу жана чечкиндүү аракеттеринен соң АМЕРИКАНЫН АСКЕРДИК БАЗАЛАРЫНДА ЭВОЛЮЦИЯНЫН КАЛП ЭКЕНИН ТҮШҮНДҮРГӨН ЖАНА АЛЛАХТЫН ЖАЛГЫЗДЫГЫНА ЧАКЫРГАН КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДЫ ӨТКӨРҮҮ МҮМКҮН БОЛДУ; АНГЛИЯДА ШААР ИЧИНДЕГИ АВТОБУСТАР КАПТАЛДАРЫНДАГЫ «АЛЛАХ БАР» ЖАЗУУСУ МЕНЕН БИРГЕ ЛОНДОН КӨЧӨЛӨРҮНДӨ ЖҮРӨ АЛЫШТЫ.
Бул маанилүү эмгектерден соң Канадада, Америкада, Швейцарияда, Бельгияда, Германияда, Австралия жана Жаңы Зеландияда, Францияда, Дания жана Швецияда, Индонезия жана Малайзияда, Сингапур жана Дубайда жана дагы көптөгөн өлкөлөрдө миңдеген адамдар катышкан ЖАРАТЫЛУУ КОНФЕРЕНЦИЯЛАРЫ өткөрүлүп, бүт дүйнөдө телевизорлор жана гезит, журналдар бул чоң эмгектерден сөз кылып жатышат.
Мындай улуу жеңиштен соң дарвинисттер бул батыл (далилсиз, жалган) динге болгон ишенимдерин жоготушту. Ал үчүн жылдар бою чечкиндүүлүк менен аракет кылып келген бул калп теорияны жактай турган, жаңы көз бойомочулуктарды чыгара турган күчтөрү калган жок. ДАРВИНИСТТИК ЖУРНАЛДАР –МАТЕРИАЛДЫК КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН УЛАМ ЭМЕС, ИШЕНИМДЕРИН ЖОГОТКОН ҮЧҮН ГАНА- БИР-БИРДЕН ЖАБЫЛЫП, макала жарыялоо ишин токтотушууда. Дээрлик жума сайын жаңы бир көз бойомочулук догмасы менен чыгып турган дүйнөгө таанымал дарвинисттик маалымат каражаттары эми БИР ДААНА ДА КӨЗ БОЙОМО КАБАР БЕРЕ АЛЫШПАЙ КАЛДЫ. Дарвинизмдин жалгыз күч булагы болгон дарвинисттик пропаганда үн-сөзсүз гана токтоду. Дарвинисттер дээрлик ар бир мүмкүнчүлүктө ар кандай пропаганда ыкмалары менен эволюцияны айтып чыгышчу, эми болсо бир заматта жымжырттыкка түшүшүп, андан бетер уят болуудан тартынып калышты.
Лондондо Жаратылуу Атласын (Atlas of Creation) жарыя кылган автобус афишалары
УРМАТТУУ АДНАН ОКТАРДЫН ЭМГЕКТЕРИНЕН ПАЙДАЛАНУУ МЕНЕН УЮШТУРУЛГАН ЖАРАТЫЛУУ (КРЕАЦИОНИЗМ) ЧЫНДЫГЫ ЖӨНҮНДӨГҮ КОНФЕРЕНЦИЯЛАР ДҮЙНӨНҮН ЧОҢ ШААРЛАРЫНДА КӨПЧҮЛҮКТҮН КЫЗЫГУУСУН ЖАРАТТЫ.
Швейцария- Лозанна >>>
Швейцария- Лозанна >>>
Германия- Люнен >>>
Франция- Париж >>>
Дарвинизм балээсинен кутулуу эшиги дайыма ачык
Аз. Мехди (ас) жана Аз. Иса (ас) чыга турган, биз жашап жаткан акыр заманда бүт батыл диндер азаптуу жана чоң бир кыйроо менен кыйрашууда. Бул кыйроону эч ким токтото албайт. Бул – Аллахтын өзгөрүлбөс мыйзамы. Аллах бул доордо, бул улуу жана масштабдуу кыйроого Урматтуу Аднан Октардын эмгектерин себепчи кылууда. Кечээ жакында эле дарвинизмге жумук көз менен ишенген адамдардын баары кандайча болуп минтип алданышканын таң калуу менен түшүнүшүп, дарвинисттер болсо алдамчы абалына келгени үчүн бушайман болушат. Бирок, албетте, эч нерсе үчүн кеч эмес, жеңилүүнү жана жаңылганын түшүнүп, чындыкты табуу жана чындыкты жактоо бир эрдик. Ошондуктан, дарвинизм балээсин түшүнгөн ар бир дарвинист үчүн өмүр бою жашоосун арнаган бул чоң катадан кайтуу мүмкүнчүлүгү, албетте, бар.
http://evolutioninternational.net/kg/index.php (бул бир Харун Яхья - Аднан Октар сайты)