Болжол менен 250 жыл мурда микроскоптун ойлоп табылышы менен бирге илимпоздор куралсыз көз менен көрө албаган көптөгөн майда жандыктар менен аралашып жашаарыбызды аныкташты. Болгондо да бул жандыктар дем алган абабыздан ичкен суубузга, кармаган кандайдыр бир нерседен денебиздин бетине чейин бүт тарапта бар эле. Жана бул жандыктар бат бат адам денесинин ичине да кирип турушат эле.
Бул душмандын бар экени 250 жыл мурда аныкталды. Бирок ага каршы комплекстүү бир согуш жүргүзгөн «иммундук системадагы» сырлардын көпчүлүгү дагы эле белгисиз. Денедеги бул молекулярдык система дененин ичине бир жат нерсе киргенден баштап өтө кылдат эсептелген бир план менен автоматтык түрдө ишке киришип, кырчылдашкан бир согушту баштайт. Системанын иштешин мындай бир караганыбызда ар этабынын ушул кылдат планга ылайык жүргүзүлөөрүн көрөбүз.
Уктабаган система
Биз байкабасак да, денебизде секунда сайын миллиондогон процесс жана реакция ишке ашат. Денебиздеги бул кыймылдар уктап жатканыбызда да уланат.
Бул чоң жумуштар биз үчүн өтө кыска болгон убакыт ичинде тартипке салынган. Биздин күнүмдүк жашообуздагы убакыт түшүнүгү менен денебиздин биологиялык убакыт түшүнүгү арасында өтө чоң айырма бар. Күнүмдүк жашоодо өтө кыска убакыт болгон 1 секундалык бир мөөнөт денебиздеги системалар менен органеллдердин көптөгөн иштери үчүн өтө узун бир мөөнөт болуп саналат. Денебиздеги бүт органдардын, кыртыштардын жана клеткалардын бир секундада жасаган иштерин кагазга төксөк, адам акылына сыйбачудай масштабдуу бир көрүнүш келип чыгат.
Тынымсыз кыймыл абалындагы жана бир көз ирмемге да өз ишин токтотпогон бул өтө маанилүү системалардын бири – бул иммундук система. Денебизди ар кандай кол салуучудан күнү-түнү тынымсыз коргогон бул система, толук жабдылган бир армия сыяктуу, болгон күчү менен денесинде жашаган адам үчүн иштейт.
Денедеги ар бир система орган жана клетка тобунун эмгек бөлүшүүсү жагынан бир бүтүн болуп иштейт. Бул системада кичинекей эле кемчилик болгондо тартип бузулат. Иммундук система да ушундай «болбосо болбойт» системалардын бири.
Иммундук системабыз болбосо, канча өмүр сүрө алаар элек? Же бул система кээ бир кызматтарын толук аткарбаса, кандай өмүр сүрмөкпүз?
Муну болжоо эч оор эмес. Иммундук системанын канчалык зор мааниге ээ экенин көрсөткөн медицина дүйнөсүндө кездешчү кээ бир мисалдар бар. Бул темада көп булактарда айтылган бир оорулуунун баяны иммундук системадагы кандайдыр бир кемчиликтин жашоону канчалык татаалдаштыраарын көрсөтөт.
Бул оорулуу төрөлгөн соң микробдордон тазаланган пластикалык бир чатырдын ичине жайгаштырылган. Ичкериге сырттан эч нерсе киргизилген эмес. Башка бир адамга тийүүгө тыюу салынган. Чоңойгондо чоңураак бир пластикалык чатырдын ичине жайгаштырылган. Ал пластикалык чатырдан пластикалык астронавт кийимин кийип гана чыга алаар эле. Бул баланын башка адамдар сыяктуу жашашына жолтоо болгон кандай себеп бар эле?
Төрөлгөн соң денеси өрчүп жатканда иммундук системасы түзүлгөн эмес. Денесинде аны душмандардан коргой турган бир армия жок эле...
Баланын докторлору ал чатырдан чыкканда башына эмнелер келээрин билишкен. Заматта суук өтүп, тамак оорусу башталып, антибиотиктерге жана башка дарылоолорго карабастан бир инфекциядан башкасына өтмөк. Белгилүү мөөнөттөн соң дарылар ишке жарабай калмак жана бала өлмөк.
Ал пластикалык чатырдын сыртында бир канча ай же бир канча жыл гана жашай алмак эле. Б.а. баланын бүт дүйнөсү пластикалык бир чатыр бойдон калмак эле.
Лимфалык түйүн ичинде дененин коргоочулары менен душмандар арасында согуш жүрөт. Бактериялар бир лимфа каналынан өтүп баратканда (1), макрофаг кол салуучулардын бир бөлүгүн жутат (2), сиңирет жана алардын жеке маалыматын көрсөткөн бир ишаратты өздөрүнүн бетинде алып жүрүп башташат. Ал химиялык билдирме жардамчы Т-клетка деп аталган бир ак кан клеткасына жиберилет (3). Жардамчы Т-клетка ага жооп катары көбөйөт (4) жана көбүрөөк коргоочуну кызматка чакыруучу химиялык билдирмелерди жөнөтөт (5). Башка Т-клеткалар В-клеткаларга согушка чакыруу сигналын берет (6). Кээ бир В-клеткалар көбөйүп башташат (7). Ал жаңы клеткалар дененин ушул эле душмандан башка бир күнү согушушуна жардамчы болуу үчүн маалымат сактап койот (8). Башка В-клеткалар болсо секунда сайын миңдеген антитело өндүрүп (9) бактерияларды топтолууга мажбурлайт (10). Эми макрофагдар чогулган бактерия тобун жута алат. Бул кезде атайын белок молекулалары менен антителолор бактерияларды макрофагдар тарабынан сиңириле алган абалга алып келет (11). Кээде белоктор бактериялардын клетка дубалдарын талкалап түздөн-түз өздөрү өлтүрүшөт (12). Андан соң бүт түйүндөгү согуш калдыктарын, чачыраган антителолорду, өлгөн бактерияларды жана бүт калган калдыктарды жутуучу тазалагыч макрофагдар тарабынан тазаланат. Жана инфекция басылат.
Белгилүү убакыттан соң докторлор менен үй-бүлөсү баланы үйүнүн ичинде курулган жана микроскоптордон толук тазаланган бир бөлмөгө жайгаштырышты. Бирок бул аракеттердин баарынан майнап чыккан жок. 12 жаштан соң бала болжонгондой, биринин артынан экинчиси келген инфекциялар натыйжасында көз жумду.1
Баланы аман алып калуу үчүн үй-бүлөсү, докторлору, ооруканасы жана дары фирмалары колунан келгенин баарын жасашты. Бүт мүмкүнчүлүктөр колдонулуп, жашаган жери тынымсыз дезинфекция кылынса да, баланы алып кала алышкан жок.
Бул мисал апачык көрсөткөндөй, өзүн микробдордон коргой турган бир иммундук системасы болбостон, адамдын өмүр сүрүшү мүмкүн эмес. Бул болсо иммундук системанын толугу менен, кемчиликсиз, биринчи адамдан бери бар болушу керектигинин ачык бир далили. Демек, эволюция теориясы айткандай, мындай бир системанын узун бир убакыт аралыгында баскыч-баскыч келип чыгышы мүмкүн эмес. Себеби иммундук системасы жок же толук өз кызматтарын аткарбаган бир адам, бул мисалдан көрүнүп тургандай, кыска убакыт ичинде өлөт.
Булактар:
1. Edward Edelson The Immune System, Chelsea House Publisher, 1989
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder