Бул жерге чейин иммундук системанын эмне экенин, ал системадагы органдарыбызды, клеткаларыбызды жана душмандарыбызды тааныдык. Бул бөлүмдө иммундук системабыз менен душман клеткалар арасындагы ачык согушка жана денебиздин кемчиликсиз коргонушуна күбө болобуз.
Иммундук системабыздын эр жүрөктүү согушу үч негизги бөлүктөн турат.
1- Душманды аныктоо, биринчи кийлигишүү.
2- Чыныгы армиянын кийлигишүүсү, ачык согуш.
3- Тынч абалга кайтуу.
Иммундук системабыз согушту баштаардан мурда сөзсүз душманды жакшылап таанышы зарыл. Себеби ар согуш душманга жараша ар түрдүү болот. Болгондо да, маалымат чогултуу жакшылап жасалбаса, иммундук системабыз жаңылып өз клеткаларыбызга чабуул жасашы мүмкүн.
Биринчи кийлигишүү иммундук системанын тазалык клеткалары фагоциттерден келет. Фагоциттер душман менен бетме-бет согушушат. Кандайдыр бир мааниде аларды душманга биринчи жолуккан солдаттарга окшотсок болот.
Кээде фагоциттер душмандын таралуу ылдамдыгына жетише албай калышат. Мындайда макрофагдар ишке киришет. Макрофагдарды болсо душмандын ичине сүңгүгөн атчан жоокерлерге окшотууга болот. Ошол эле учурда макрофагдар өзгөчө бир белок чыгарышып, денеде жалпы коңгуроонун кагылышын, б.а. дене температурасынын көтөрүлүшүн камсыз кылышат.
Бирок макрофагдардын өтө маанилүү дагы бир өзгөчөлүгү бар. Макрофаг клеткасы бир вирусту тутуп жутканда, вирустун өзгөчө бир бөлүгүн үзүп алат. Ал бөлүктү бир желектей кылып көтөрүп жүрөт. Ал бөлүк иммундук системанын башка мүчөлөрүнө бир ишарат жана ошондой эле, бир маалымат болот.
Душманды макрофагдан алган маалымат аркылуу тааныган жардамчы Т-клеткалардын биринчи жумушу өлтүргүч Т-клеткаларга кабар берүү жана алардын көбөйүшүнө сигнал берүү болот. Сигнал алган өлтүргүч Т-клеткалар кыска убакыт ичинде бир армияга айланышат. Жардамчы Т-клеткалар өлтүргүч Т-клеткаларга сигнал берип эле тим болушпайт. Мындан тышкары, окуя болуп жаткан жерге көбүрөөк фагоциттин келишин камсыздашат жана душман жөнүндө чогулткан маалыматтарын көк боор менен лимфа бездерине жеткиришет.
Лимфа бездерине жеткенде, ал маалыматтын негизинде өз кызматын күтүп турган В-клеткалар ишке киргизилет. (В-клеткалар жилик чучугунда өндүрүлгөн соң өз кызматын күтүү үчүн лимфа бездерине барышат.)
Ишке киришкен В-клеткалар бир катар баскычтардан өтүшөт. Сигнал алган В-клеткалардын баары көбөйүп башташат. Бирдей типтеги миңдеген клетка пайда болгонго чейин. Согушка даяр абалга келген В-клеткалар бөлүнүп, өзгөрүшүп плазма клеткаларга айланышат. Плазма клеткалар болсо антителолорду чыгарышат. Чыгарылган антителолор душман менен согушканда колдонулчу куралдар болуп саналат. Мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, В-клеткалар секундасына миңдеген курал (антитело) өндүрө алышат. Өндүрүлгөн ал куралдар колдонууга өтө ыңгайлуу. Алгач душманга жабышып, андан соң душмандын (антигендин) биологиялык түзүлүшүн бузушат.
Эгер вирус клетканын ичине кирип кетсе, антителолор вирусту кармай албай калышат. Мындайда өлтүргүч Т-клеткалар ишке киришет жана MHC молекулалары урматында клетканын ичиндеги вирустарды аныктап, клетканы өлтүрүшөт.
Бирок вирус өлтүргүч Т-клеткалар да байкабай турган болуп камуфляжданса, эми ишке кыскача NK деп аталган «табигый өлтүргүч клеткалар» (natural killer cells) киришишет. Бул клеткалар башка клеткалар байкабаган ичтеринде вирусу бар клеткаларды талкалашат.
Согуш жеңиш менен аяктаган соң токтотуучу Т-клеткалар согушту токтотушат. Согуш бүткөн болот; бирок эч качан унутулбайт. Эске тутуучу клеткалар душманды эми эстеп калышат. Көп жылдар бою денеде жашаган бул клеткалар ошол эле душманга кайра жолукканда коргонуунун өтө тез жана натыйжалуу болушуна шарт түзүшөт.
Бул согуштун баатырлары аскердик таалим алышкан эмес.
Бул согуштун баатырлары акылы бар адамдар эмес.
Бул согуштун баатырлары миллиондогону бир жерге чогулганда бир чекитчелик да болбой турган кичинекей клеткалар.
Болгондо да, адамдарды таң калтырган бул армия согушуп эле тим болбойт. Согушуп жатканда колдонгон бүт куралдарын өзү өндүрөт, бүт согуш пландарын, стратегияларын өзү жөнгө салат жана согуштан соң майданды тазалайт. Сиздин оюңузча бул иштердин баары клеткалардын эмес, адамдын башкаруусунда болгондо, мунун баарын уюштура алат белек?
Эгер дененин ичиндеги согушадамдардын башкаруусунда болгондо...
Адамдар денелерине микроб же вирус киргенин башында билишпейт. Белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин оорунун белгилери башталганда гана муну түшүнө алышат. Бул вирустун, бактериянын жана ушул сыяктуунун денеге качан эле жайгашкандыгынын далили болот. Ошондуктан микробдорго каршы биринчи кийлигишүү жасалбай калат. Мындай жагдайлар көбүнчө оорунун бир топ күчөп кетишине себеп болгондуктан, натыйжада орду толгус кыйынчылыктар келип чыгат. Дарылоого мүмкүн болгон же жеңил бир оору да, кийлигишүүнүн кеч болушу натыйжасында, кээде өлүмгө да себеп болушу ыктымал.
Эми иммундук системанын мүчөлөрүн башкаруу иши толугу менен адамдын эркине ташталган, согуштун жүрүшүн адам өзү аныкташы керек деп элестетели. Анда кандай кыйынчылыктарга туш болоор элек?
Ооруну башталганда эле аныктай алдык дейли. Тездик менен жат клеткалар турган аймакка жоокер клеткаларды жөнөтүү жана В-клеткаларды курал (антитело) өндүрүшү үчүн ишке киргизүү керек болот. Жат клеткалардын түрү менен орду кантип так аныкталат? Бул өтө маанилүү, себеби дарылоо жолу ушуга жараша тандалат. Денеге душман кирди деген кичине эле бир күмөн пайда болгондо, эч кечикпестен докторго барып дененин бүт тарабын, ар бир тамчы канды жакшылап текшертүү керек болот. Антигендердин түрү менен ордун аныктоонун башка жолу жок. Болгондо да, буга кеткен узун процесс кийлигишүүдө кеч калууга себеп болот. Ошентип кичине эле күмөн пайда болгондо докторго барып, мындай процесстерден өтүүнүн адамдардын жашоосун канчалык оордоштуруп, кыйнаары белгилүү.
Эптеп убагында кийлигишүү жасалып, антигендердин түрү менен орду толук аныктала алды дейли. Душмандын түрүнө жараша алгач фагоциттерди жөнөтүү керек болот. Фагоциттерди керектүү жерге кантип жибере алабыз? Аларга кандай сигнал берип, душман клеткалардын ордун оңой гана таба алышына көмөкчү боло алабыз? Эч колубуздан келбеген бул ишти да жасай алдык дейли. Эми кезек фагоциттердин душманды жеңип же жеңе албаганын билүүгө келет. Себеби ошого жараша же макрофагдар жөнөтүлөт же согуш токтотулат. Албетте, мунун да жалгыз жолу кайрадан докторго барып, жакшылап текшерүүдөн өтүү болот. Эгер жеңе алышпаган болсо, ал аймакка экинчи күчтү, макрофагдарды жөнөтүү керек. Бул кезде доктордун текшеришине кеткен убакыт биздин зыяныбызга иштейт. Макрофагдардын болсо убакыт жоготпостон, душмандын бир бөлүгүн үзүп алып аны менен жардамчы Т-клеткаларга сигнал беришин уюштуруу керек болот. Себеби жардамчы Т-клеткалар өлтүргүч Т-клеткаларга сигнал берип, натыйжада дагы бир күрөш башталат. Бул клеткалардын да ийгиликке жетип-жетпегенин текшерип –бул үчүн кайрадан доктордон текшерүүдөн өтүү керек болот- NK клеткаларды чакыруу зарыл. Дагы бир, акыркы текшерүүдөн соң дененин ооруну иммундук система аркылуу жеңип же жеңе албаганы түшүнүктүү болот.
Адамдан бир эле иммундук системаны башкаруу талап кылынса, ушунчалык оор жана татаал иштерди жасашы керек болот. Б.а. жөнөкөй бир суук тийгенде да кайра кайра докторго барып, өтө өнүккөн медициналык аппараттар менен, өтө көп чыгым кетирип клеткаларды карап, тынымсыз аларды багыттоо зарылчылыгы туулат. Кичине эле кечигүү же жасала турган иштерде кетирилген бир кемчилик ооруну андан да күчөтөт. Адамдан ал клеткаларды жасашы, алардын душманды таанышын, ылайыктуу антитело өндүрүшүн камсыз кылышы жана жасала турган бүт иштерди өзү үйрөтүп уюштурушу талап кылынсачы... Албетте, мындай жашоо, бир аз мурда айтылган модельден алда канча оор, кыйын, жана ал тургай мүмкүн эмес болмок.
Канда миллиондогон сандагы лимфоцит денеге зыян тийгизүүчү организмдерди өлтүрүүдө кызмат кылат. Бул сүрөттө өлтүргүч Т-клетка (апельсин өңүндө) бир рак клеткасына чабуул жасап жатат. Т-клетка күйгүзүүчү ферменттери менен клетканы өлтүрөт. Чабуулдан соң рак клеткасынын чоң, дээрлик жылаңач, тоголок ядросу гана калат (чоң сүрөт).
Бирок Аллах адамдан бул жүктү алып, бүт системаны өзүн-өзү уюштура турган, эч катасыз иштей турган кылып жараткан. Иммундук системабыз да ааламдагы бүт нерселер сыяктуу өзүнүн жаратылуу талабын аткарып, адам өмүрүнүн өтө маанилүү бир мүчөсүнө айланган:
Жана «өзүнүн жаратылышына ылайык» Раббисине моюн сунганда... (Иншикак Сүрөсү, 2)
Толеранттуулук
Иммундук системанын дос жана душман клеткаларды рецепторлору аркылуу тааный турганын жогоруда карадык. Бирок кээ бир душмандардын курулуш материалдары дененин кээ бир кыртыштарынын курулуш материалы менен бирдей. Бул болсо иммундук система үчүн чоң бир маселеге айланат. Мындай жагдайда иммундук система жаңылып өз кыртыштарынын кээ бирлерине да кол салышы керек болот.
Сүрөттө организмдин өз клеткаларына душмандай
көрүп жаңылып чабуул жасашы көрсөтүлгөн
Бирок кадимки шарттарда ден-соолугу жайында болгон бир адам денесинде мындай болбойт. Иммундук система өзү тиешелүү болгон организмдин молекула, клетка жана кыртыштарына кол салбайт. Медицинада иммундук системанын бул өзгөчөлүгү «толеранттуулук» деп аталат.
Бул өтө маанилүү бир керемет. Себеби иммундук система миңдеген түрдүү белокту бир-биринен айырмалай алат. Мисалы, иммундук система кандагы гемоглобинди карын астындагы бездеги инсулинден же көздөгү айнек сымал нерседен жана дагы көптөгөн белок түзүлүшүнөн айырмалай алышы керек болот. Иммундук система жат молекулаларга каршы айоосуз согуш жүргүзүп, денеге тиешелүү кыртыштарга зыян тийгизбеши зарыл.
Изилдөөчүлөр дененин өз кыртыштарына толеранттуулук көрсөтүүнү кантип үйрөнүшкөнү жөнүндө көп жылдар бою изилдөө жүргүзүштү. Бирок эң негизги лимфоциттер болгон Т жана В-клеткалардын дененин өзүнө эмне үчүн кол салбаганы жөнүндөгү терең жыйынтыктар акыркы жыйырма жылда гана алына алды. Адамзат көп жылдар бою изилдеп –бир бөлүгүн гана- түшүнө алган мындай толеранттуулук процесси адамзат жаралгандан бери иштеп келе жатат.
Клеткалар мынчалык көп түрдүү түзүлүштөрдү тааный турган системага кантип ээ боло алышкан? Эволюция теориясы айткандай, аң-сезимсиз кокустуктар натыйжасындабы? Мындай аң-сезим, илим жана акыл талап кылган бир тандоо жөндөмүнүн аң-сезими жок (аңкоо) атомдордон турган түзүлүштөр тарабынан кокустан пайда кылынышы, албетте, эч мүмкүн эмес.
Лимфоциттердин туура тандоону жасашы үчүн атайын жаратылган системалары тереңирээк изилденгенде, «кокустук» көз-карашынын канчалык логикасыз жана акылга сыйбастыгы жакшыраак көрүнөт.
Богок бези же жилик чучугу ичинде өрчүгөн бир иммундук клетка дененин өз продукттарына каршы чыкса өлтүрүлөт же таасирсиз кылынат. Жетилген бир лимфоцит дененин өз продукттарынын бирине каршы чыкса көбүнчө ушундай эле натыйжага туш болот. Б.а. денеге зыян тийгизиши ыктымал болгон бир иммунитет мүчөсү же өлтүрүлөт же болбосо өзүн-өзү жок кылат.
Эгер бир Т-клетка дене клеткасы менен күрөшө турган болуп калса, кол салбайт жана өзүн-өзү таасирсиз кылат. Ошол сыяктуу денеде антиген өзгөчөлүгүн көрсөткөн, бирок жок кылынбаш керек болгон бир зат бар болсо, дене антитело өндүрбөйт жана ал затка кол салбайт.
Денеде 1 триллион лимфоцит бар экенин эске алсак, бул клеткалардын ар биринин душман клеткаларга каршы гана күрөш жүргүзүп, дос клеткаларга кол салбашынын канчалык зор бир дисциплина жана тандоочулук талап кылаарын жакшыраак түшүнө алабыз.
Корголгон барьер
Эне жатынындагы эмбрион негизи дене үчүн жат бир зат болуп саналат. Ошондуктан денеде алгач пайда болгон кезде организм ага каршы бир согуш баштайт. Душмандай мамиле кылынган эмбриондун пайда болушуна жол берилбейт. Бирок бул жат нерсе ыктымалдуу кол салууга даяр болот. Эч кыйынчылыксыз пайда болуп, тогуз айга созулган узак убакыт бою ал жерде антителолордун чабуулуна туш болбостон толук өрчүп жетиле алат.
Бул кандайча болот?
Эмбрионду курчаган өзгөчө бир барьер (тосмо) кандагы азыктарды гана ичине киргизе турган болуп жаратылган. Эмбрион жашоосу үчүн керектүү азыкты алып, аны жок кыла турган антителолордон изоляция кылынат.
Антпесе, антителолор жат бир нерсе катары көргөн эмбрионго чабуул жасап, аны жок кылышмак. Эмбриондун мынчалык өзгөчө бир коргоо менен антителолордон сакталышы – эне курсагындагы жаратылуунун (Аллахтын жараткандыгынын) эч кемчиликсиз мисалдарынын бири.
Мутация да, табигый тандалуу да же башка бир «эволюция механизми» да мынчалык кемчиликсиз бир жаратууну эволюция жомогунун ичине кошо албайт. Бул системада апачык бир Аллахтын жаратуу керемети бар. Аллах Куранда эмбриондун бекем корголгон бир жерге жайгаштырылганын мындайча кабар берет:
Силерди болгону бир суудан жаратпадыкпы? Анан аны бекем корголгон бир жайгашуучу жерге жайгаштырдык. Белгилүү бир убакытка чейин. Мына (ага) кудуреттүү болдук. Демек, Биз кандай жакшы кудуреттүүбүз. (Мурсалат Сүрөсү, 20-23)
Албетте, бул клеткалар да жаңылган, өз кызматын толук аткара албаган учурлар да бар. Бирок эгер Аллах каалаганда анын да болмок эмес экенин унутпаш керек. Дүйнө жашоосунун канчалык убактылуу, канчалык кемчиликтүү экенин түшүнүү үчүн мындай оорулар даанышмандык менен жаратылат. Ушунча көп ооруларга карабастан, адам өзүн жараткан Аллахтын алдында канчалык алсыз экенин унутуп калышы мүмкүн. Бүт өнүккөн технологияларга карабастан, Аллах кааласа гана шыпаа таап, өмүрүнүн уланаарын ойлобогон кездер болушу мүмкүн. Өмүрүндө дайыма тирүү жана ден-соолугу чың жашачудай, эч өлбөчүдөй жана сурак күнү Аллахтын алдында эч сурак бербечүдөй сезилип, жаңылыштыкта күн өткөрүп жүрө бериши мүмкүн. Ооруп, кыйынчылыкта жана муктаждыкта жашагандардын абалын эч түшүнбөстөн жашашы мүмкүн. Ошондуктан ден-соолугунун чың болушунун канчалык чоң немат-жашылык экенин, мындай кездерин жакшы жана натыйжалуу өткөрүшү керек экенин да билбейт. Мындай адамга бул айтылгандарды түшүндүрүү да өтө кыйын болот. Оорулар болсо адамга булардын баарын бир заматта түшүндүрүп койот. Ошол кезге чейин балким эч ойлобогондорун, Аллахтын кудурети алдындагы алсыздыгын, чарасыздыгын, Раббибиздин уруксаты менен пайда болгон технологиянын да кайра эле Анын уруксаты менен ишке жарай алаарын, муктаждыктагы адамды, өлүмдү, ал тургай, оорунун даражасына жараша өлүмдөн кийинкилерди да ойлонуп баштайт. Ден-соолуктун баркын түшүнөт. Эч ойлонбостон жабышкан, ал үчүн дээрлик бүт нерсесин берген дүйнө жашоосунун ага болгон туруксуздугуна күбө болот. Жана ошол кезге чейин чыныгы мекен болгон акырет жашоосу үчүн кылгандарынын жетиштүү же жетишсиз экенин таразалап баштайт.
Чындап эле биз үчүн чыныгы мекен – бул дүйнө эмес, акырет мекени. Ал жактагы жашоо бул жердегидей жылдар менен да; уйку, тамактануу, тазалануу сыяктуу мажбурлуу муктаждыктар жана оорулар менен да чектелбейт. Бейиштеги чексиз немат-жакшылыктар бир аятта төмөнкүдөй баяндалат:
Алар напсилери (көңүлдөрү) каалаган (сансыз немат-жакшылыктар) ичинде түбөлүккө жашашат. (Анбия Сүрөсү, 102)
Бирок көп адамдар ооруганда гана булардын баарын, ден-соолугунун баркын, дүйнөнүн убактылуу экенин ойлонуп, шыпаа үчүн дуба кылат; бирок шыпаа таап, баары өз ордуна түшкөндө болсо бүт баарын, дубасын да унутат. Улуу Аллах акыйкат китебибиз Куранда «адамдарга бир зыян келгенде, «чын көңүлдөн толук моюн сунуп», Раббилерине дуба кылышат; анан Өзүнөн аларга бир мээрим таттырганда болсо, ошол замат бир тобу Раббилерине шерик кошушат» (Рум Сүрөсү, 33) аяты менен адамдардын ушундай өзгөчөлүгүнө көңүл бурган.
Баарынан кабардар Аллах (Хабир) кулдарынын мындайлыгын да билгендиктен, миңдеген түрдүү ооруларды жараткан. Баары адамдардын жанында эле турат. Булардын бирөөсүнүн, балким эң коркунучтуусунун сизге келип калбашына эч кандай кепилдик жок. Денебиздеги кереметтүү органдарыбыздын ар бирин, ар системанын иштешин жана тартибин буза ала турган ар кандай жагдайлар бар. Булардын баары адамга дүйнө жашоосунун убактылуулугун эскертүү үчүн жаратылган себептер. Адамдын милдети болсо – булардын баарын ойлонуу жана Аллахка багытталып, Раббибиздин ыраазы болушун үмүт кылып, Куранга ылайык жашоо.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder