12 Aralık 2013 Perşembe

АЛЛАХ БЕЙИШ КАЛКЫНА ДАЯРДАГАН СЫЙ-ЖАКШЫЛЫКТАР

Адамдар көңүлүндө каалаган, бирок дүйнө жашоосунда мүмкүн болбогон нерселерди кээде кинолордо, романдарда чагылдырышат. Мындай пикирлерди фантастика, утопия деп сыпаттап, турмушка ашпайт дешет. Көп адамдар мындай кыялдагы сонун нерселердин чындап болушун каалап, аларды туурайт. Бирок дүйнө шарттарында алардын ишке ашпашын билүү жана аларды жөн гана кыялдануу адамдардын рухуна терең ырахат бербейт. Тескерисинче, айланадагы кемчиликтерди андан да жакшыраак түшүнүп, дүйнөнүн чыныгы жүзүн көрүшүнө, бул болсо маанайларынын чөгүшүнө себеп болот. Албетте, мындай маанай ыймансыз кишилерге тиешелүү.
Акыреттин бар экенине анык бир илим, далилдер менен ыйман кылган ыймандуулар болсо кыялга көп сыйбаган бүт ыктымалдыктардын Аллахтын «бол» деши менен болуп калаарын, акыретте бейиш нематы катары алдыларынан чыгышы мүмкүн экенин билишет. Демек адам дүйнөдө «болсо кандай сонун болмок» деп ойлогон бүт сулуулук менен нематка бейиште жетишим мүмкүн деп үмүт кыла алат. Мындай үмүттөгү адам каалаган бүт нерсесине жетүү мүмкүн болгон бейишке татыктуу болуу үчүн болгон аракетин жумшап баштайт.
Бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) Аллахтын чын ыкластуу кулдары үчүн акыретте «эч бир көз көрбөгөн, эч бир кулак укпаган жана эч бир адамдын жүрөгүнө келбеген бир катар немат-жакшылыктар» болоорун айткан. [Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 306/497]
Аллах бейишти сүрөттөп тааныткан аяттары аркылуу адамдарга дүйнөдөгүлөргө салыштыргыс бир немат көз-карашын ачат. «Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) аяты менен бейиштеги немат-жакшылыктардын көптүгү кабар берилүүдө. Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде ыймандууларга аларды күтүп турган бейиш жакшылыктары жөнүндө төмөнкү аятты эске салган:
Эми эч бир напси (жан) кылгандары үчүн аларга көз кубанта турган эмнелердин (сансыз нематтардын) жашырылганын билбейт. (Сажда Сүрөсү, 17) [Tezkireti'l Kurtubi, s. 306/498]

Аллах бейиште тартуулай турган сый-жакшылыктарды ойлоп жатканда, адам акылынын өтө чектүү экенин да эч унутпаш керек. Ушул себептен, адам ага убада кылынган нематтардын молчулугун, көп түрдүүлүгүн, теңдешсиз сулуулуктарын оюнда толук элестете албашы мүмкүн. Куранда жана хадистерде кабар берилген нематтар, сүрөттөөлөр адамдарга түшүнүктүү болушу үчүн дүйнөдөгү сулуулуктарга салыштырып сүрөттөлөт. Бирок алар бейиште алда канча сонун абалда болот. Себеби Аллах чексиз акылынын бир чагылуусу катары бейишти бүт кемчиликтерден тазалап, кемчиликсиз бир мекен кылып жараткан.
Адамдын чектүү ойлонуу жөндөмүн төмөнкүдөй мисал менен түшүндүрүүгө болот. Адамдын көрүү сезими болбой, даам сезүү, жыт сезүү, угуу жана тийүү сезимдери менен гана жаратылган болгондо; көрүп ырахат алынган нематтар ага канчалык сүрөттөлүп берилсе да, аларды түшүнө алмак эмес. Түстөн, жарыктан, сулуулуктан, симметриядан, көркөмдүктөн сөз кылынганда ал киши булардын баарын түшүнө алмак эмес эле. Ушул сыяктуу эле, азыр биз билбеген, бирок Аллах бейиште жарата турган жана бизге жапжаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуулай турган башка сезимдер да болушу мүмкүн. Ошондуктан беш сезимибиз менен гана чектелген бул дүйнөдө кандай немат-жакшылыктардан кабарсыз экенибизди толук түшүнүшүбүз да мүмкүн болбойт.

Көз-караш жана кыялыбыздын чектүүлүгүн терезесиз бир үйдөн эч сыртка чыкпаган бир адамдын абалына да салыштырсак болот. Үйдүн сыртындагы сулуулуктардан –тоолордун, дарыялардын, дарактардын көрүнүшүнөн, бир-биринен сулуу гүлдөрдөн, сүйкүмдүү жаныбарлардан, ачык асмандан, күн нурунун жаркырашынан...- кабарсыз болгон бул киши кандай немат-жакшылыктарды сезбей жүргөнүн да биле албайт. Болгондо да, бул салыштыруу дүйнөдөгү сулуулуктар негизинде жасалган бир салыштыруу. Дүйнөнүн немат жана сулуулуктары болсо бейиш нематтарынын жанында өтө кемчиликтүү. Ошондуктан ыймандуу бир киши бейишти да чектүү илими менен, тар бир көз-карашы менен баалоодон качынып, мындай жаңылыштыкка түшпөшү керек. Себеби адам Раббибиз кабар бергендерден тышкары, бейиштеги майда-бараттардын, бейиш калкына даярдалган сюрприздердин эмнелер болушу мүмкүн экени жөнүндө жоромол да жасай албайт. Куранда ушуга басым жасалган аяттардын бирөөсүндө Аллах «Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы; Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) дейт.
Бир риваятта болсо Пайгамбарыбыз (сав) бейиш нематтарын төмөнкүдөй сүрөттөгөн:
Бейишке чуркаган жокпу? Себеби бейиште акылга, ойго келбеген немат-жакшылык бар. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 306-307/499]

БЕЙИШТЕГИ БАЙЛЫК ЖАНА МОЛЧУЛУК

Динден алыс жашаган коомдордо байлык дайыма күч менен атак-даңктын символу болуп, адамдардын өмүр бою көбүнчө биринчи даражадагы максаттары арасында орун алган. Мунун себептеринин бири – ыйман кылбаган адамдардын көбүнчө бай болгондо гана чындап бактылуу боло алам деп ойлошу. Ал кишилер колдорундагы нерселерин ушундайча гана кепилдикке ала алам, бакубаттык, бейпилдик жана жактырган нерселериме да ушул жол менен жете алам деп ойлошот. Ошондуктан бүт өмүрлөрүн мал-мүлк чогултуу, акча топтоо жана туура инвестиция жасоо аракети менен өткөрүшөт. Ошол эле учурда, бир күн түгөнүп калат деп коркуп, колдорундагы мал-мүлктөрүн, буюмдарын колдонуудан, акчаларын каржоодон болушунча качынып, байлыгын сактоо үчүн бүт ыкмаларды колдонушат.
Бирок дүйнө шарттарында канчалык аракет кылынбасын, колдогу байлык адамдын рухуна күтүлгөндөй бир ырахат бербейт. Кээ бир тараптардан кишиге комфорт берсе да, кемчиликтерге толгон дүйнө шарттарындагы байлык да кемчиликтүү болот. «Дүйнө» сөзү арап тилиндеги «дений» сөзүнөн келип чыккан. Бул сөз болсо төмөн, жөнөкөй, баркы жок дегендей маанилерге келет.

Аллахтын дүйнөнү ушундай кемчиликтүү, убактылуу сыяктуу сыпаттарда жаратышынын бир сыры болсо адамдардын бейиштеги сулуулуктардын баркын жакшыраак түшүнүшүнө шарт түзүү болушу да мүмкүн. Муну төмөнкүдөй бир мисал менен ойлонсок болот: жаш кезинен баштап жокчулукта жашаган бир киши өтө кооз буюмдар, теңдешсиз сулуу искусство эмгектери турган, дасторконго сонун тамактар жайылган, баалуу таштар менен кооздолгон бир жерге чакырылса, ал жердин сулуулугунан өтө таасирленип, абдан кубанат. Албетте, ал киши сезген ырахат менен кубанычы жаш кезинен мындай шарттарда жашаган бир кишиге салыштырмалуу өтө күчтүү болот. Биздин дүйнөдөгү абалыбызды да кандайдыр бир мааниде ушундай жокчулук менен жакырчылыкта жашаган адамдын абалына окшотууга болот. Бирок бул жерде бир нерсени белгилей кетүү керек: дүйнөдөгү эң бай киши дагы бейиш шарттары эске алынганда, жакыр бир киши болуп калат. Болгондо да, адам дүйнө шарттарында бул байлыкка чыныгы мааниде эч качан ээ боло албайт. Себеби дүйнөнүн эң бай кишиси болсо да, аягында бир канча метр кепинге оролуп, топуракка көмүлөт, жана колундагы бүт нерсеси, бүт байлыгы артында калат. Аллах бир аятта дүйнөдөгү нематтардын убактылуулугун төмөнкүчө кабар берет:

Дүйнө жашоосунун мисалы – Биз асмандан түшүргөн, аны менен адамдар жана жаныбарлар жеген жер жүзүнүн өсүмдүгү аралашкан бир суу сыяктуу гана. Жер сулуулугун жамынып, кооздонгондо жана ал жердин эли чындыгында аны биз кылдык деп ойлоп жатканда (дал ушул учурда) түнкүсүн же күндүз ага буйругубуз келип, кечээ эч кандай байлыгы жоктой аны тамырынан жулунуп ыргытылган сыяктуу кылабыз. Ойлонгон бир коом үчүн Биз аяттарды ушундайча бир-бирден түшүндүрөбүз. (Йунус Сүрөсү, 24)


Бейиште тартууланган байлык болсо дүйнө шарттарынын тескерисинче, адамдар көңүлдөгүдөй жашай турган, эч качан түгөнөт деп тынчсызданбай турган түбөлүк бир байлык. Куранда кабар берилген «Кайсы тарапты карасаң, бир немат-жакшылык менен көп мүлктү көрөсүң» (Инсан Сүрөсү, 20) аяты менен бейиштеги ушундай байлыкка көңүл бурулган.
Инжилде да бейиштин өзгөчөлүгү катары молчулук сүрөттөлөт:
Силердегини бергиле, силерге берилет. Жакшылап бастырылып, чайпалып жана ашып-ташып кучагыңарга толо берилет. Кандай өлчөмдө берсеңер, ошондой өлчөмдө аласыңар. (Лука, 6-бөлүм, 38)
Бейиштеги байлык – Аллахтын чексиз сулуу чеберчилигинин чагылыштарын жана көз жоосун алган өтө көркөмдүү, эң бийик сулуулук менен гармонияны тартуулаган бир байлык. Жана бүт сулуулуктар ыймандуулардын каалоо, эңсөөсүнө жараша тартууланат. Себеби байлык ушундай сулуулуктарга айланганда гана адамдын рухуна ырахат берет.

Төмөндө «Бейиштеги жерлердин сулуулугу» темасында каралган көп хадистер ошол эле учурда бейиштеги байлыкка да басым жасайт. Себеби ал жерлердин сулуулугунун себеби кооз болушунан тышкары, кооздук үчүн колдонулган материалдардын өтө баалуу болушунда. Бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) бейиштин эмнелерден курулганын сураган бир кишиге төмөнкүчө жооп берген:
Күмүш кирпичтен жана алтын кирпичтен! Аралашмасы да жыпар жыттуу. Бейиштин таштары бермет менен жакуттан, топурагы болсо заапаран... [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
Унутпаш керек болгон дагы бир жагдай болсо; бейиш калкына убада кылынган байлыктын чексиз, түгөнбөгөн молчулукта болушу.


Бейиш казыналары:

Хадистерде айтылган казыналар да бейиштеги кереметтүү байлыкка басым жасайт. Бул байлыкты ойлогондо, мунун өтө кудуреттүү, мүлкү чексиз Аллахтын жараткан нерсеси экенин, Раббибиздин кулдарынын каалаганына бул нематтарды берээрин унутпаш керек. Пайгамбар Мырзабыз (сав) бул чындыкты төмөнкү сөздөрү менен эске салган:
Сага алтындан, бейиш казыналарынан бир сөздү айтайынбы? Мындай дейсиң: «Ла хавле вела куввете Илла Биллах» (Аллахтан башка тосо турган да, кыла турган да бир күч-кубат жок.) Ошондо Аллах айтат: «Кулум моюн сунду жана саламаттык тапты.» [Ramuz el-Ehadis-1, s. 166/3]
Дүйнөдөгү байлык адамдын колундагы бүт нерселер сыяктуу убактылуу жана бир күнү түгөнөт. Бир адам канчалык бай болбосун, ал байлыгы бир канча он жыл менен чектелет. Мындан көбүрөөгүнө баарынан мурда адамдын өз өмүрү жетпейт. Ушул себептен ыймансыз кишилердин дүйнөдө эң негизги максаттарынын бирин түзгөн, алардын ач көз болушуна себеп болгон байлык эңсөөсү өтө кыска убакытка созулат. Инжилде да дүйнө байлыгынын убактылуу экени, туруктуу нерсенин болсо бейиштеги казыналар экендиги жана ушул себептен ыймандуулардын акырет үчүн аракет кылышы керектиги жазылган:
Жер жүзүндө өзүңөргө казыналар чогултпагыла. Бул жерде күбө (моль) менен дат аларды жеп түгөтөт, уурулар да кирип уурдап кетишет. Анын ордуна өзүңөргө асманда казыналар чогулткула. Ал жерде күбө менен дат да аларды жеп түгөтпөйт, уурулар да кирип уурдашпайт. Казынаңар каякта болсо, жүрөгүңөр да ошол жакта болот. (Матфей, 6-бөлүм, 19-21)

Ошондой эле, канчалык көп байлык болсо да, керек болгондо аны баа менен өлчөп, жыйындысын сан менен көрсөтүүгө болот. Бейиш нематтары болсо баа бычылгыс сулуулук менен сыпаттарда болот. Жана Аллах ыраазы болгон кулдарына эсепсиз тартууланат. Аллах Куранда «Күмөнсүз, бул Биздин ырыскыбыз, эч түгөнбөйт.» (Сад Сүрөсү, 54) аяты менен бейиш нематтарынын ушул өзгөчөлүгүн кабар берген. Башка бир аятта болсо Аллах «Токтоп-түгөнбөгөн жана тыюу салынбаган (мөмөлөр).» (Вакыа Сүрөсү, 33) деп бейиштеги тамактардын да ушундай өзгөчөлүктө болоорун кабар берет. Аллах билдиргендей, бейиш нематтарында түгөнүү, азайуу, жоголуу деген нерсе болбойт. Ал нематтар бейиш калкына тынымсыз берилет. Бейиш казыналары, албетте, Аллах ыймандуу кулдарына бейиште тартуулай турган нематтардан. Бүт мүлктүн ээси Аллах бейиш үчүн тандаган кулдарына ал казыналарды эсепсиз, түбөлүк берет.

Бейиштеги мүлктүн көптүгү:

Мүлктүн, байлыктын эсепсиз көп болушу бейишке тиешелүү бир өзгөчөлүк. Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде бейиштеги мүлктүн көптүгү жөнүндө мындай деген:
Бейиш калкынын эң төмөнкү даражадагысынын бейиштеги мүлкүн кыдырып көрүп чыгышы эки миң жылга созулат жана ал мүлктүн эң алыстагысын эң жакынындагыдай көрөт... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 113/8]
Эгер бейиштеги нерселерден бир тырмакчалыгы көрүнгөндө, жер менен асман арасын кооздукка бөлөмөк. Эгер бейиш калкынан бир адам көрүнүп билериктерин көрсөткөндө, күндүн жылдыздардын нурун басып салышы сыяктуу күндүн нурун басып салмак. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 409/10096]
Хадисте да көңүл бурулгандай, бейиштеги немат-жакшылыктардын аз бир бөлүгү эле дүйнө критерийлери менен караганда укмуш көптүктү көрсөтүүдө. Жогорудагы хадистердин бирөөсүндө билериктердин жылдыздардан да жаркыраган нурдуу экени, көз жоосун алаары айтылса, башка бир хадисте болсо бейиш калкынын жасалгаларынын чыканакка чейин болоору айтылып, молчулукка басым жасалган:
Бейиш калкынын зыйнаттары даарат суусу жеткен даарат жерлерине чейин жетет. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 247/7]

Кымбат баалуу таштардын жана металлдардын молчулугу:

Аллах Курандагы «Кылдаттык менен жасалган зергердик тактылар үстүндө.» (Вакыа Сүрөсү, 15) жана «Адн бейиштери (алардыкы); ал жакка киришет, ал жерде алтындан билериктер менен жана берметтер менен жасанышат...» (Фатыр Сүрөсү, 33) аяттары аркылуу бейиште ар кандай зергердик буюмдар менен кымбат баалуу таштардын бар экенине көңүл бурат. Бейиш жөнүндө Куран менен хадистерде айтылган зергердик буюмдар адамзат тарыхында дайыма байлык менен даңазалуу сулуктун символдору болуп келген. Өтө кымбат баалуу бул зер буюмдары табиятта аз кездешкен кооздукка ээ. Алмаз, бермет, жакут, алтын, күмүш сыяктуу зыйнаттар – бүт адамдар жактырып, алар менен кооздолгон буюмдарды көрүүдөн ырахат алган кооздуктар.

Бейиш нематы катары берметтен сөз кылынган хадистердин бир канчасы төмөнкүдөй:
Бейиштиктердин баштарында таажылар бар. Таажыдагы бир бермет мешрик (чыгыш) менен магриб (батыш) арасын жарык кылат. [(Tirmizi), Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
... Аялдын мойнундагы берметтердин бирөөсү гарб (батыш) менен шарк (чыгыш) арасын жарык кылат... Башындагы таажылардын эң  кичинекей бермети да шарк менен гарб арасын жарык кылат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 99/8]
Бермет бейиштеги нематтардын аз кездешкен баалуулугуна басым жасашы жагынан маанилүү бир мисал. Берметти чыгаруу үчүн деңиздерге көп жолу терең сүңгүш керек. Болгондо да көп санда чогултулган устрицалардын аз бөлүгүндө гана бул баалуу зыйнат кездешет. Бул кичинекей таштын сулуулугунан тышкары, аны баалуу кылган дагы бир өзгөчөлүк болсо – бул жерде айтылгандай, көп кыйынчылыктар менен алынышы.
Дүйнөдө аны алуу үчүн көп убакыт, эмгек жана каражат талап кылган бул баалуу таш акыретте мол санда болот. Өтө баалуу, аз кездешкен бир кооздуктун мол болушу, албетте, адамдын рухунда башкача бир толкундануу жаратат. Мындан тышкары, аяттарда айтылган бейиш нематтары биз элестеткенден алда канча сулуу болушу мүмкүн. Хадистерде «чыгыш менен батыштын арасын жарык кыла турган бир бермет» деп айтылганда, биз мындай берметтин жалтырак кооздугун толук элестете албашыбыз мүмкүн.

БЕЙИШТЕГИ ЖЕРЛЕРДИН СУЛУУЛУГУ

Дүйнөнүн эң сулуу жерлери арасында сарайлар, заңгыраган үйлөр дайыма башкы орундарда турат. Ал жерлердин сулуулуктары сүрөттөлүп жатканда да дайыма сулуу бир пейзажы, буюмдарынын өтө баалуу болушу, жасалгаларынын сулуулугу, устундардын, алтын жалатылган тактылардын, эмеректердин даңазалуу сулуулугу айтылат.
Аллах Куранда билдирген бейиш жөнүндөгү аяттарда да адамдар жактырган жерлер –заңгыраган үйлөр, сарайлар, бакчалар, чатырлар- көп айтылат. Дүйнөдө аз санда кездешкен мындай жерлер бейиште кемчиликсиз жана эң кооз абалда Аллахтын сүйгөн кулдары жашаган жерлер катары түбөлүккө чейин бар болот.

Бейиштеги байлык менен молчулук сүрөттөлгөн хадистердин кээ бирлери мындай:
Бир кирпичи күмүш, бир кирпичи алтын, аралашмасы кескин жыпар жыттуу, асты бермет менен жакут, топурагы болсо заапаран болуп, ал жерге кирген бактылуу болот, үмүтсүз болбойт, түбөлүктүү болот, өлбөйт... [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 408/10088]
... Бейиштин шагылдары бермет менен жакуттан, топурагы болсо заапаран (шафран)... [(Tirmizi); Kütüb-i Sitte-14, s. 451/6]
Хадистерде бейиштеги жерлердин бүт материалдарынын өтө баалуулугуна көңүл бурулуп, шагыл сыяктуу көп кездешчү майда таштардын ордуна да бермет менен жакут болоору кабар берилген.

Бейиштеги заңкайган үйлөр:

Дүйнөдөгү сулуулуктар дүйнө шарттарында канчалык кемчиликсиз болсо да, баары бир көп кемчиликтери болот. Ошондуктан дүйнөдөгү эң кооз үй да бейиш үйлөрүнө салыштырмалуу өтө жупуну болуп калат. Эң биринчиден, убакыт дүйнөдөгү көп сулуулуктарды бузуп, талкалайт. Мисалы, кандайдыр бир үй эч колдонулбаса дагы, каралбай ташталса, акырындап эскире берет. Ичиндеги буюмдар эскирип, нымдын таасиринен көгөрөт жана чирип баштайт. Төшөктөрдүн бекемдиги барган сайын азайып, кездемелердин өңдөрү соолуп баштайт. Ошондой эле, буюмдардын үстүн калың чаң басып, айлананы жөргөмүш торлору каптайт. Ошентип ал кооз жер убакыттын өтүшү менен адам жашагыс болуп калат. Бейиштеги үйлөр болсо бүт мындай кемчиликтерден, убакыттын эскиртүүчү таасирлеринен алыс. Куранда бейиш үйлөрү айтылып жатканда, ал үйлөрдүн астыларынан суулар агаары, бийик жана коопсуз жерлер экени кабар берилет:

Ыйман кылып салих амал кылгандар; аларды ичинде түбөлүк калуучулар кылып, астынан дарыялар аккан бейиштин бийик сарайларына сөзсүз жайгаштырабыз. (Салих) Амалдарды кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. (Анкебут Сүрөсү, 58)

Биздин Кабатыбызда силерди (Бизге) жакындата турган силердин мал-мүлкүңөр же бала-чакаңар эмес; бир гана ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылгандар башка. Мына ошолор; алар үчүн кылгандарынын акысы катары эсе эсе сыйлыктар бар жана алар бийик сарайларында бейпилдик (тынчтык) ичинде. (Саба Сүрөсү, 37)


Пайгамбарыбыз (сав)дын бир хадисинде болсо бейиш үйлөрү төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Гурфелер (бейиш сарайлары) кызыл жакут, жашыл зымырыт (изумруд) жана ак берметтен. Аларда эч кандай кемчилик жок. Бейиш калкы аларга силердин асманда чыгыш менен батыштагы жылдыздарды караганыңардай карашат... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 225/6]
Инжилде болсо Аллах акыретте даярдаган орундардан төмөнкүчө сөз кылынат:
Биз билебиз; жашап жаткан бул дүнүйөлүк чатырыбыз куласа, асмандарда Аллах бизге берчү бир турак жай, кол менен курулбаган жана түбөлүк тура турган үйүбүз бар. (Корунттуктарга экинчи кат, 5-бөлүм, 1)
Бейиш сүрөттөөлөрүндөгү байлык жөнүндө айтылгандардын баары – бүт доорлордо жашаган адамдардын баары жактыра турган кооздуктар. Байлык менен даңазалуу сулуулуктун символу деп кабыл алынган жакут, изумруд, бермет сыяктуу баалуу таштар – бул бүт адамдар өзүндө болушун каалаган өтө баалуу жана сейрек таштар. Ушул себептен бейиш үйлөрүнүн ушул таштардан жасалышы алардын теңдешсиз баалуулугуна басым жасоо жагынан өтө маанилүү.

Булардан кызыл өңдүү айнек сымал бир таш болгон жакут жер жүзүндөгү төрт баалуу таштардын арасынан эң сейреги. Бермет болсо жалтырак, седептей өңү, жылмакайлыгы жана тоголок формасы менен өтө кооз. Көп кыйынчылыктар менен алынган бул кичинекей бөлүкчөнүн пайда болушу да өтө өзгөчө. Устрицанын ичиндеги кичинекей кумдун айланасынын акырындап кальций карбонат менен оролушу натыйжасында ушундай көз жоосун алган кооздук пайда болот. Албетте, бейиш жөнүндө айтылган бул салыштыруу жана сүрөттөөлөр да дүйнө шарттарына жараша берилген мисалдар. Бул адамдардын көз-карашынын кеңейиши, бейишти ойлонушуна себепчи болушу жагынан керектүү. Бирок бейиште бул сулуулуктар алда канча сонун болот.

Бейиштеги бүт нерселер эң жагымдуу сулуулукта жаратылган. Бейиш үйлөрү жөнүндө Пайгамбар Мырзабыз (сав) башка бир хадисинде мындай дейт:
Бейиште бир сарай бар. Айланасы мунаралар, чөптүү, суулуу жерлер менен курчалган. Беш миң эшиги бар... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 125/5]
Ал сарайлардын сулуулугуна сулуулук кошкон дагы бир өзгөчөлүк болсо – ал сарайлардын өтө кооз жерлерде жайгашышы. Мисалы, жогорудагы хадисте да сүрөттөлгөндөй, кээ бир сарайлардын жашыл майсаң менен курчалышы жана суунун жээгинде орун алышы өзүнчө бир сулуулук. Ал сарайлар деңиз жээктеринде, океан пляждарында, көл жээктеринде, дарыялардын жанында, шаркыратманын маңдайында жана ушул сыяктуу таң калтырчу жерлерде курулган болушу мүмкүн.
Мындан тышкары, бейиш сарайлары жөнүндө төмөнкүдөй дагы бир өзгөчөлүккө көңүл бурулат:
Бейиште ушундай сарайлар бар; ичиндеги сыртындагыны, сыртындагы ичиндегини көрөт... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 125/9]
Бейиште бийик жерлер бар. Сырты ичинен, ичи сыртынан көрүнөт. [Kütüb-i Sitte-14, s. 447/2]
Бул хадистерден түшүнгөнүбүз боюнча, бейиштеги кээ бир сарайлар адамдар ичин да, сыртын да көрө ала турган айнек же башка бир тунук материалдан жаратылган болушу мүмкүн. Полдун, дубалдардын жана шыптын мындай тунук болушу болсо ичинде отурган кишилерге ырахат тартуулоочу бир сулуулук болуп саналат.

Бул хадисте бейиште кишилердин ичти да, сыртты да бир учурда көрө ала турган өзгөчө бир көрүү жөндөмүнө да ишарат кылынып жатышы мүмкүн. Б.а. бейиште дүйнөдөгүдөн башкача бир көрүү жөндөмү да болушу ыктымал. Себеби адам кээде турган жеринен башка бир жердегилерди да көргүсү келиши мүмкүн.
Мисалы, асманды караганыбызда каалаганда планеталарды, жылдыздарды эч бир технологиялык каражатсыз бүт майда-чүйдөлөрүнө чейин көргүбүз келет. Бирок жаркыраган чекиттерди гана көрө алабыз. Бир буюмду караганыбызда анын атом деңгээлиндеги көрүнүшүн да көз менен көрө албайбыз. Ошондуктан көрүү аймагыбыз турган жерибиз жана көзүбүздүн көрө алгандары менен эле чектелет. Бейиште көздүн көрүү кескиндиги каалоого жараша бир аймакка тигилип, майда-бараттарды көрө алышы, дубал сыяктуу эч нерсе көрүүгө тоскоол боло албашы мүмкүн. Себеби бейиште бүт нерсе кишинин каалоосуна жараша жаратылат жана бейиш калкы көргүсү келген бүт нерсесин көрө алат. Аллах бул чындыкты Куранда «...ал жерде напсилер (көңүлдөр) каалаган жана көздөр ырахат алган бүт нерсе бар...» (Зухруф Сүрөсү, 71) аяты менен сүйүнчүлөйт.

Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринин бирөөсүндө болсо бейиш сарайларынын эч нерсеге таянбастан тураары айтылат. Албетте, бул да теңдешсиз жана көңүл толкута турган бир сулуулукка ишарат кылат:
Бир күнү Расулуллах «Бейиште ушундай сарайлар бар; аны жогоруда кармап тура турган карматкычтары да, астында тирөөчтөрү да жок» деди. Муну уккан сахабалар «Эй Аллахтын Элчиси, ал сарайлардын тургундары ага кантип киришет?» деп сурашты. Расулуллах (а.с.м.) «Алар куштар сыяктуу учуп киришет» деди. [Dünya Ötesi Yolculuk, s. 294]

Бейиштеги шаарлар:

Бейиште «Реййан» деп аталган бир дарыя бар. Үстүндө маржандан бир шаар курулган. Анын алтын менен күмүштөн жетимиш миң эшиги бар. Бул Куран жолундагыларга тиешелүү. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 326/4]
Бул хадисте Пайгамбарыбыз (сав) көңүл бурган алтын менен күмүш даңазалуулуктун, байлыктын жана искусствонун символу болгон металлдар. Экөө тең жалтырак, бекем, формага оңой кирген жана алынышы кыйын металлдар катары тарых бою өтө маанилүү болуп келген. Алтын жер жүзүндө тоннасына 0,004 грамм кездешет. Алтын кендеринде болсо алтындын көлөмү тоннасына 6-12 грамм арасында өзгөрөт. Ошондуктан кичинекей алтынды алуу үчүн тонналаган салмак ташты процесстен өткөрүү керек болот. Алтындын кыйынчылык менен алынышы жана жер жүзүндө башка металлдарга салыштырмалуу аз көлөмдө кездешиши аны өтө баалуу кылууда. Жалтырак, бекем, оңой формага кирген бул баалуу металлдын адамдарга ырахат тартуулоодо да маанилүү орду бар.
Бул болсо кооз жана чеберчилиги жогору болгон эмгектерди жасоодо алтындын тандалышына себеп болот. Бизге кооз көрүнгөн, бай жана даңазалуу сезилген көп нерселер же алтындан жасалган же алтын менен кооздолгон. Мындан тышкары, алтын буюмдарды кооздоо, мукаба, каллиграфия, декорациялоо, жарыктандыруу сыяктуу көп искусство тармактарында да орду алмаштырылгыс бир материал. Бул жагынан хадистерде айтылган жерлерде көп санда алтындын колдонулушу да адамдардын көңүлүнө жаккан, баалуу бир нематтын ишараты. Дүйнө шарттарында адамдар алтынды куйма абалында гана көрүшөт. Кээ-кээде гана бир катар буюм же аксессуарларды, балким бир сарайда алтын менен капталган устундарды көрүшү мүмкүн. Булар алтынды кичинекей бир катар зыйнат буюмдарында көрүп көнгөн адамдарды өтө таң калтырат. Сом алтындан курулган бир бийик имаратты же бир сарайды, вилланы, особнякты элестетүү да кыйын. Мунун чындык экенин ойлоп коюу эле адам рухуна зор толкундануу менен ырахат тартуулайт. Төмөнкү хадисте болсо бейиштеги имараттардын кирпичтеринин алтын менен күмүштөн экени айтылат. Бул ансыз да өтө кооз болгон бейиш үйлөрүнүн сулуулугун андан да арттырып, аларды андан да сонун кылат:
Бейиш имараттарынын бир кирпичи алтын, бир кирпичи күмүш, аралашмасы жыпар жыттуу, шагылы бермет менен жакут жана топурагы болсо заапаран (шафран)... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 200/6]
Төмөнкү хадисте болсо алтын бир тирөөчтөн сөз болуп, бейиштеги байлык менен даңазалуулуктун башка тарабы айтылат:
Бейиште алтындан бир тирөөч жана үстүндө изумруддан (жалтырак, жашыл, кымбат баалуу бир таш) шаарлар бар; алар бейиште жылдыздар сыяктуу жарык чачышат... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 125/6]
Бул хадисте көңүл бурулган дагы бир нерсе болсо шаарлардын бийиктиги болушу мүмкүн. Албетте, дүйнө шарттарында бийик бир шаар пейзажы жана көңүлгө ырахат тартуулашы жагынан жактырылат. Бейиштеги шаарлардын сонун пейзаждардын ичинде экенин эске алсак, ал жерлердин адам рухуна канчалык ырахат тартуулашын жакшыраак түшүнөбүз. Хадистердеги мындай жерлер –тирөөчтөр үстүндөгү шаарлар- Куранда айтылган бийик сарайлар жөнүндөгү аяттарга окшошот:

Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар болсо; аларга бийик сарайлар бар, алардын үстүндө болсо бийик сарайлар курулган. Алардын астында суулар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. (Зүмер Сүрөсү, 20)

Шаар жашоосун ойлогонубузда эсибизге эң биринчиден көптөгөн көйгөйлөр келет. Көчөлөр, медицина, транспорт, абанын булганычтыгы, инфраструктура, суу, электр энергиясы, телефон, коопсуздук сыяктуу көп жагдайлар адамдардын өмүр бою алектенген маселелерине айланган. Ал тургай, адамдардын бакубат, бейпил өмүр сүрүшүн камсыздоо жана бул маселелерди чечүү үчүн көптөгөн адистиктер да пайда болгон.
Бейиш шаарларында болсо мындай маселелер да, аларга себеп болчу факторлор да жок кылынган болот. Ошондой эле, Аллах «... Ал жерде (күйгүзүүчү) бир күн да, тоңдура турган суук да көрүшпөйт.» (Инсан Сүрөсү, 13) аятында билдиргендей, бейиште аба адам руху менен денеси эң ырахат алып, бейпил боло тургандай температурада болот. Ушул себептен атайын бир жылытуу же салкындатуу системасына да муктаждык болбойт. Ошол сыяктуу, кийинки бөлүмдөрдө каралгандай, бейиште транспорт кыйынчылыгы да болбойт. Туурасын Аллах билет.

Хадисте бейиштеги имараттар жөнүндө айтылып жатканда алардын материалынын жыпар жыттуу бир зат болоору сүрөттөлүүдө. Көрүнүп тургандай, Аллах бейиште жараткан нематтар бүт сезимдерибизге ырахат тартуулай турган абалда жаратылат. Сонун жыт адамдар үчүн өтө чоң бир немат. Розанын, гвоздиканын, лилиянын, гиацинттин, сиреньдин, акациянын жана арчалардын жыттары адамдар үчүн сонун тартуулар болот. Мындан тышкары, ар кандай сонун жыттар адамдын көңүлүнө абдан жагат. Бейиштеги сонун жыттар дүйнөдөгүгө салыштыргыс жана адамдар эч күтпөгөндөй болот. Пайгамбарыбыз (сав) хадисинде билдиргендей, имараттардын материалдарынын жыпар жыттуу болушу мунун эң сонун мисалдарынын бири. Албетте, материалы жыпар жыттуу болгон бир имарат – Аллах бейиште ыймандууларга даярдаган сонун нерселердин бирөөсү гана.

Бейиштеги чоң сарайлар:

Бир хадисте бейиштеги сарайлардан төмөнкүчө сөз кылынат:
Бейиштин ичинде берметтен бир сарай бар. Ал сарайдын ичинде кызыл жакуттан жетимиш особняк бар. Ар особняктын ичинде жашыл изумруддан (жалтырак, жашыл, кымбат баалуу бир таш) жетимиш үй бар. Ар үйдүн ичинде жетимиш такты, ар тактынын үстүндө болсо ар кандай түстө жетимиш төшөк бар. Ар үйдүн ичинде жетимиш дасторкон, ар дасторкондун үстүндө болсо жетимиш түрдүү тамак бар. Ошондой эле, ар үйдүн ичинде жетимиш кызматчы бар... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 323/554]
Бул жөнүндө башка бир хадис болсо төмөнкүдөй:
Сөзсүз, бейиш сарайларынан бир сарайдын ичинде жетимиш түр (жер, дүйнө, үй) болот. Ар биринде ичине кирүү үчүн жетимиш эшик, ар эшиктен башкаларынан кирип жаткан жыттан башка бейиш жыттарынан жыт кирет... [Tezkireti'l Kurtubi, s. 323-324/555]

Хадистерде бейиш сарайларынын эң баалуу таштардан жасалганы, эң кооз жана эң комфорттуу жасалгаланганы, ичтеринде немат толо экени айтылууда. Дүйнө жашоосуна ыраазы болбогон жана бул жашоонун убактылуу кооздуктарына алданбаган ыймандуулар акыретте бүт немат-жакшылыктардын чыныгысы, эң сонуну жана түбөлүктүүсү менен сыйланышат. Акырет мекенин каалап болгон аракетин кылганы үчүн чыныгы ырахаттануу менен кубанычты бир-биринен сулуу бейиш мекендеринде түбөлүккө сезет. Ал жердеги чөйрө ар кандай люксту, сулуулукту, байлыкты камтуу менен бирге, бейиш калкы дайыма Аллахты эстеген жана Ага чын көңүлдөн шүгүр кылган бийик жана таза чөйрө болот. Аллах бир аятта бейиш калкы шүгүр кылып, бактылуу жашашын төмөнкүчө кабар берет:

(Алар болсо) Мындай дешти: «Бизге болгон убадасында бекем турган жана бизди бул жерге мураскор кылган Аллахка мактоолор болсун; бейиштен каалаган жерибизде жашай алабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. (Зүмер Сүрөсү, 74)

 Бейиштеги чатырлар:

Бейиштеги чатырлар да көп хадистерде сүрөттөлгөн. Бул хадистердин бир канчасы төмөнкүдөй:
Сөзсүз, бейиште (ыймандуу үчүн) ичи бошотулган нагыз берметтен бир чатыр бар. Ал чатырдын туурасы алтымыш миль (болжол менен 100 км). Анын ар бурчунда (ыймандууга тиешелүү) бир катар тургундар бар; алар башкаларын (б.а. бир-бирлерин) көрө алышпайт. Ал эми момун (ыймандуу) болсо аларды кыдырып зыярат кылат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325/560]
Бейиште момундун (ыймандуунун) бийиктиги алтымыш миль (болжол менен 100 км) болгон бир бермет чатыры бар. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 408/10091]
Туурасы да ошондой (б.а. алтымыш миль). Ал жерде ыймандуунун үй-бүлөлөрү болот. Момун (ыймандуу) аларды бир-бирден кыдырат... [(Buhari, Müslim ve Tirmizi); Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 408/10092]
Бейиш калкынан даражасы эң төмөн адамдын сексен миң кызматчысы бар. Ал үчүн берметтен, изумруддан жана жакуттан бир чатыр курулат. Ал чатырдын чоңдугу Жабиядан Санъага чейин созулат. [(Tirmizi), Büyük Hadis Külliyatı- 5, s. 412/10114]
Бүт нерсе эң сонун абалда жаратылган бейиште чатырлар да эң жогорку комфорт менен, ыймандуулардын ырахатына, бейпилдигине ылайык жаратылат. Пайгамбарыбыз (сав) кабар бергендей, баалуу таштардан жасалган ал чатырлар өтө чоң болот. Хадистерде бейиште кишилердин өтө кенен жана бийик берметтердин ичинде, үй-бүлөлөрү жана жакындары менен сонун өмүр сүрөөрү кабар берилүүдө. Албетте, бул Раббибиздин теңдешсиз жаратуу кудуретинин жана чеберчилигинин бир чагылуусу. Дүйнө жашоосунда сансыз кемчиликтер менен алсыздыктар ичинде жашаган адамдын мындай сулуулукту элестетиши эле аны канчалык толкундантат. Сулуулугу менен чоңдугунан тышкары, изумруд менен жакуттан жасалган бейиш чатырларынын ичинде бир кишиге кызмат кылгандардын саны да дүйнөдө Аллахтын ыраазылыгын, мээримин жана бейишин үмүттөнүп, аракет кылып чарчаган бүт адамдар үчүн сонун бир сүйүнүчтүү кабар.

Бейиштеги базарлар:

Базарлар, маркеттер адамдар муктаждыгын камсыздашы үчүн алдыларына көп варианттарды сунган соода жерлери болуп саналат. Мындай соода борборлорунда ар кандай тамак-аш менен буюмдар ар кандай түрдө, ар кандай пакеттерде (таңгакталып) турат. Адамдар жакшы тамактануу, ар кандай даамдарды татуу, жарашыктуу кийинүү, ишин жеңилдете турган каражаттарды сатып алуу, көңүлүнө жаккан жана комфорт бере турган буюмдарды алуу каалоосу менен базарларга барышат. Дүйнө шарттарында адамдарга жаккан бул нематты Аллах бейиште да эң сонун абалда жаратат. Бейиштеги базарлар сансыз түрдүү нематтары менен, молчулук кубанычын тартуулаган көрүнүштөрү менен бейиш калкынын ичиндеги ушул каалоосун канааттандырат. Болгондо да, бейиште дүйнөдөгү мүмкүнчүлүк чектүүлүктөрү да жок болот. Мисалы, дүйнөдө адамдар соода борборлорун кыдыруудан ырахат алса да, андан чарчашат. Көп адамдардын ал жерлерди кенен кыдыра турган убактысы да жок. Мындан тышкары, каалаганын сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар адамдардан тышкары, андан ырахат алса да, каалаганын сатып алуу мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар да бар. Адамдар акчасын төлөсө, көптөгөн түрлөрдүн арасынан каалаганын сатып ала алат. Бирок эгер жетиштүү акчасы болбосо, аларды кыдырып көрүү менен гана чектелиши керек болот. Пайгамбарыбыз (сав) хадистерде айтышы боюнча, бейиш базарларында адамдар каалаган нерселеринин баарынан каалаганча ала алышат. Ал жерде соода жок, бүт адамдар каалаганын ала алат. Ал жерлердеги немат түрлөрү болсо адамдар мурда эч көрбөгөн жана элестете да албаган нематтар болот. Аллах берешендиги менен бүт адамдарга каалаганын берип, эч кимдин эч кандай муктаждыгы калбайт.

Хадистерде бул мындайча айтылат:
Сөзсүз, бейиште бир базар бар, периштелер аны зыярат кылышат. Ал жерде көз көрбөгөн, кулак укпаган жана көңүлгө келбеген нематтар бар. Көңүлүбүз каалаган нерселердин баары бизге алып келинет. Бирок ал жерде эч нерсе алынып сатылбайт. Ал жерде бейиш калкынын кээ бири кээ бирлерине жолугат. Алардын арасында жолуккан кишинин кийген кооз кийимин көрүп суктангыдай, бир нерсеси кем эч ким жок. Сөзү аяктай электе андан да кооз кийимдүү болуп калат. Бейиште эч ким эч качан кайгырып, көңүлү чөкпөйт. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 325-326/563]
Күмөнсүз, бейиште бир базар бар. Бирок ал жерде эч нерсе сатып алынып, эч нерсе сатылбайт. Эркектер менен аялдардын жүзү жана келбеттери бар. Ал жерде кайсы келбетти кааласа ошого кирип калат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 326/564]
Хадисте дагы бир немат катары эркек менен аялдын келбеттеринин болоору да айтылууда. Каалаганда каалагандай келбетте болуу, ар кандай сулуу көрүнүштөрдө боло алуу көп адамдар дүйнөдө кыялданган нерсе. Ар бир адам жүзү менен денесинин кемчиликсиз сулуулукта болушун самайт. Чачынын түсү, көзүнүн өңү, бет түзүлүшү, терисинин түсү, бою, дене түзүлүшү сыяктуу көп өзгөчөлүктөр адамдарга тубаса белгиленген. Дүйнөдө бир түрдүү гана сулуулук натыйжасында келип чыккан монотондуулуктун бейиште болбошу, сулуулуктун киши каалагандай өзгөрүшү да адамдын рухуна ырахат тартуулай турган өзүнчө бир немат-жакшылык.
Башка бир хадисте болсо бейиштеги базарларда ыймандуулар отура турган сонун жыттуу, кооз жерлердин бар экени, бейиш калкынын ал жерлерде таанышып маектешээри, кыскасы, адамдын көңүлүнө жага турган бир социалдык жашоонун бар экени айтылат:
Сөзсүз, бейиште ушундай базарлар бар; ал жерде соода-сатык жок. Бейиш калкы ал жерге барганда жаңы жана жалтырак бермет жана жыпар жыттуу топурак үстүнө жазданып отурушат. Дүйнөдөгү сыяктуу ал бейиштерде таанышышат. Дүйнөдө кандай болушканын жана Раббилерине ибадаттарынын кандай болгонун, түндөлөрү кантип жанданышканын, күндүздөрү кантип орозо кармашканын, дүйнөнүн байлыгы менен кедейлигинин кандай болгонун, өлүмдүн кандай экенин жана ... кантип бейиш тургундарынан болушканын сүйлөшүп маек курушат. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 326/565]

БЕЙИШТЕГИ ТАМАКТАР

Бейиште адамдардын көңүлүнө жага турган, жандары каалаган жана самаган өтө даамдуу көп тамактар бар экени Куранда жана Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде кабар берилет. Өзгөчө дүйнөдө да жагымдуу тамактар арасында болгон эт менен мөмө-чөмөнүн ар түрдүүсү бейиш калкына көп-көптөн тартууланат. Аллах аяттарында бейиш калкына сунулган даамдардын сонундугун төмөнкүчө кабар берет:

Каалап-тандай турган мөмөлөр, жандары тарткан куш эти. (Вакыа Сүрөсү, 20-21)

Кылгандарына сыйлык катары (аларга тартууланат); (Вакыа Сүрөсү, 24)

Куран аяттарында да, хадистерде да бейиш калкына тартууланган кээ бир нематтардын дүйнөдөгүлөргө окшош экенине көңүл бурулат. Аллах бул чындыкты бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

(Эй Мухаммед) ыйман келтирип салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарды сүйүнчүлө. Чындыгында алар үчүн астыларынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга ырыскы катары ал түшүмдөрдөн ар жедирилгенде: «муну мурда да жегенбиз» дешет. Бул аларга (дүйнөдөгүгө) окшош кылып тартылат. Ал жерде алар үчүн таптаза жубайлар бар жана алар ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 25)


Бейиш нематы катары тартылган тамактардын баары көрүнүшү жагынан да кооз, даамы да өтө таттуу тамактар болот. Алардан өзгөчө мөмөлөр көрүнүшү, түсү, жыты жана өзгөчө даамдары менен бир-биринен сонун болушат.
Мисалы, кулпунайды көп адамдар сүйүп жеп, жыты менен даамын өтө жактырышат. Бирок сонун болсо да, кулпунайды көп жегенде кээ бир денелерде аллергияга себеп болушу мүмкүн. Бул дүйнө жашоосуна тиешелүү бир кемчилик. Дүйнөдө бүт нематтар сыяктуу мөмөлөрдүн да көптөгөн кемчиликтүү тараптары бар. Тигип өстүрүүдөн баштап, сатып алуу, жууп тазалоого чейин көп эмгекти талап кылат. Канча аракет кылынса да, кээде чирип, кээде болсо даамдары жакшы болбойт. Кыскасы, адамдар бир нерселерди жеп жатканда негизи көп кемчиликтер, кыйынчылыктарга туш болушат. Дүйнө жашоосундагы тамактардын баары белгилүү бир кемчилик менен жаратылып, адамдардын бул нематтардын чыныгысын самашына себеп болушат. Болгондо да, тамак канчалык көңүлгө жакса да, аны көп жегенде андан башындагыдай көп ырахат алынбайт.
Бейиштеги тамак менен мөмөлөр болсо бейиш калкынын алдына кемчиликсиз жана кыйынчылыксыз келет. Аллах Куранда «(Мөмөлөрдүн) Көлөкөлөрү аларга өтө жакын жана үзүлүшү өтө жеңилдетилген.» (Инсан Сүрөсү, 14) аяты менен ал мөмөлөргө жетүүнүн өтө оңой экенин кабар берген. Бейиште бутагынан жулунган мөмөлөр чаңы, кири жок таптаза жана даамы болсо кемчиликсиз болот. Башка аяттарда болсо Аллах бейиш мөмөлөрү жөнүндө мындай дейт:

Кылгандарыңар үчүн мураскор болгон бейишиңер мына ушул. Ал жерде силер үчүн көптөгөн мөмөлөр бар; алардан жейсиңер. (Зухруф Сүрөсү, 72-73)


Пайгамбарыбыз (сав) болсо бир хадисте бейишке кире турган ыймандууларга «Аны мөмөлөрү төмөн самсаалаган бийик бейишке койгула!» деп айтылаарын кабар берет. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 413/10120]
Ыймандуулар бейиште тамакты муктаж болгону үчүн (б.а. курсагы ачканы үчүн) эмес, Аллахтан бир немат жана тартуу катары ырахат үчүн жешет. Ал жерде ыймандуулардан курсак ачуу, суусоо сыяктуу дүйнөгө тиешелүү алсыздыктар алып салынган болот. Инжилде да бейишке ылайыктуу кишилер жөнүндө, «Эми курсагыңар ачпайт, эми суусабайсыңар...» деп айтылат (Иоанн алган аян, 7-бөлүм, 16)
Бейиш нематтарынын аят менен хадистерде айтылган дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул өтө берекелүү болушу. Аллах акырет мекени жөнүндө ал жерде ырыскынын эсепсиз экенин жана эч түгөнбөй турганын Сад Сүрөсүндөгү аяттарда төмөнкүчө кабар берет:

Сурак күнү силерге убада кылынган мына ушул. Күмөнсүз, бул Биздин ырыскыбыз, эч түгөнбөйт дагы. (Сад Сүрөсү, 53-54)

Инжилде болсо тамактардын түгөнбөшүнө ишарат кылган бир маалымат төмөнкүдөй орун алат:
Убактылуу тамак үчүн эмес, түбөлүк жашоо бою боло турган тамак үчүн иштегиле... (Иоанн, 6-бөлүм, 27)

Мөмөлөрдүн молчулугу:

Мөмөлөр – бул денени уулуу таасирлерден тазалоочу, ооруларга каршы денеге иммунитет берүүчү, витамин менен минералдарга өтө бай, адамга ырахат, ден-соолук жана сулуулук берүүчү таптаза азыктар. Бул бейиш нематы жөнүндө бир хадисинде Пайгамбарыбыз (сав) мындай дейт:
Сидретүъл-Мүнтеха дарагынын мөмөсүнөн ар мөмө жарылганда ичинен жетимиш эки түстөгү жана ошончо түрдүү тамак чыгат; алардын эч биринин түсү менен түрү экинчисине окшобойт. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 312/517]
Пайгамбарыбыз (сав) бул хадисинде бейиштеги мөмөлөрдүн түсү менен түрлөрүнө көңүл бурган. Нематтардын көп түрдүү болушу адамдардын көңүлүнө өтө жагат. Бир нерсенин формасынын, жытынын, даамынын же түсүнүн дайыма бирдей болбой, ар жолкусунда биринчи жолу көрүп жаткандай өзгөртүп жаратылып турушу өтө чоң бир сюрприз болот. Бул ошол эле учурда Аллахтын чексиз жаратуу кудуретинин жана чеберчилигинин далилдеринен бирөөсү гана. Мындай көп түрдүүлүк бейиште чексиз болушу мүмкүн. Бейиштеги мөмөлөрдүн көп түрдүү болооруна көңүл бурган дагы бир хадис болсо төмөнкүдөй:
Бейиш калкынын эң төмөнкү даражалуусунун башында 10000 кызматчы, ар кызматчынын колунда ар башка түстө алтын менен күмүштөн эки идиш жана ичинде түрдүү түрдүү мөмөлөр бар. Эң акыркы жегенин да биринчи табит (ач тургандагы каалоо, ырахаттануу) менен жейт... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 71/5]
Хадистен көрүнүп тургандай, бейиштеги нематтар бейиш калкына эң ырахат ала тургандай кылып тартууланат. Аларга кызмат кылышы үчүн жаратылган жана ал кызматын чын көңүлдөн, өтө кылдаттык менен аткарган кызматкерлер алтын менен күмүш идиштерде сунган ар түрдүү мөмөлөр бейиш калкына Аллахтын бир сыйы болот. Аллах аяттарда мындай дейт:
... Ал жерде напсиңер (көңүлүңөр) каалаган нерселердин баары силердики жана каалаган нерселериңердин баары да силердики. Өтө кечиримдүү, өтө боорукер (Аллах)тан бир сый катары. (Фуссилет Сүрөсү, 31-32)
Мындан тышкары, Пайгамбарыбыз (сав) бейиште бир мөмө бутагынан үзүлгөндө, ал мөмөнүн орду бошоп калбашын, ордуна жаңысынын пайда болоорун кабар берген:
... Бейиштин мөмөсүнөн үзүлгөндө, ордуна жаңысы чыгып калат. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 98/9]

Башка бир риваятта Пайгамбарыбыз (сав)дын төмөнкү сөздөрү орун алат:
Бир айылдык арап «Эй Аллахтын Расулу (Пайгамбары) бейиштин ичинде мөмө барбы?» деп сурады. Расулуллах:
«Ооба, Туба деп аталган бир дарак бар» деди. Ал киши:
«Эй Расулуллах, биздин жерибиздеги кайсы дарак ага окшошот?» деди.
Расулуллах:
«Сенин жериңдеги дарактардын эч бири ага окшобойт. Бирок сен Шамга (Дамаскка) барган белең? Себеби ал жерде жаңгак деп аталган бир дарак бар, бир сөңгөктөн чыгып үстү –б.а. бутактары- жайылат. Мына ошол дарак Туба дарагына окшошот» деди. Ал зат:
«Эй Расулуллах, ал дарактын түпкү сөңгөгүнүн жоондугу канчалык?» деди. Аллахтын Расулу:
«Сенин үйүңдөгү төөлөрдөн беш жашка жеткен жаш бир төө жолго чыкса, түбүн кыдырып айлангычакты, картайып өлөт» деди. Айылдык арап:
«Бейиште жүзүм барбы?» деп кайрадан сурады. Расулуллах:
«Ооба бар» деди. Ал зат:
«Ал жүзүмдүн шиңгилинин чоңдугу канчалык?» деди. Улуу Пайгамбар:
«Ала карга эч тынымсыз бир ай учуп жете турган аралыгынчалык» деди. Ал зат:
«Ал жүзүмдүн бир даанасы(нын чоңдугу) канчалык?» деди. Аллахтын Расулу:
«Чоң чакадай» деди. Ал зат:
«Эй Аллахтын Расулу, ал жүзүмдүн бир даанасы мени менен үй-бүлөмдү сөзсүз тойгузат» деди. Расулуллах:
«Ооба сени менен үй-бүлөңдүн жана туугандарыңдын канчасын тойгузат... Бейиштин курмасы дарактын түбүнөн бутактарын көздөй тартип менен тизилип коюлган. Мөмөлөрү чоң кумуралар сыяктуу. Бир мөмө үзүлгөн сайын ордуна башкасы келип турат. Бейиштин суусу чуңкур эмес жерлерден агат. Бейиш жүзүмүнүн ар бир шиңгили он эки аршын (чакырым).» [Tezkireti'l Kurtubi, s. 312-313/518]
Бейиш мөмөлөрүн ойлогондо, дүйнөдөгүлөр менен эле чектелбеш керек. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын жогорудагы хадисинде бир канча мөмө гана мисал катары берилген. Бейиш – адам каалаган бүт нерсе эң сонун абалда боло турган, акылыбызга келбеген, бирок көңүлүбүзгө өтө жага турган дагы көп нематтарга толгон бир мекен.
Куранда бейиш мөмөлөрүнөн сөз кылынган аяттардын бир канчасы төмөнкүдөй:

Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. (Вакыа Сүрөсү, 28-29)

Ичтеринде (ар түрдүү) мөмө, теңдешсиз курма жана теңдешсиз анар бар. (Рахман Сүрөсү, 68)

Жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). (Вакыа Сүрөсү, 32-33)

Мына ошолор; алар үчүн белгилүү бир ырыскы бар. Ар түрдүү мөмөлөр. Алар даам татышат. Немат-жакшылыктарга толгон (наим) бейиштерде. (Саффат Сүрөсү, 41-43)

Бейиштеги тамактардан мисалдар:

Курма:

Бир хадисте курма жөнүндө төмөнкүдөй риваят кылынган:
Бир киши «Эй Расулуллах бейиштин ичинде курма барбы? Себеби мен курманы жакшы көрөм» деп сурады. Расулуллах:
«Ооба бар. ... бейиш курмаларынын алтындан бутактары бар. Бутактарынын баштары алтындан. Алтындан бутактары бар. Ааламдардан кайсы бир адам көргөн кийимдердин эң сулуусундай жалбырактары бар. Алтындан курма шиңгилдери бар. Курма шиңгилдеринин ыпыр-сыпырлары да алтындан. Алтындан курма данынын түбүндө жабышкан мөөр сыяктуу нерселер бар. Чоң кумурадай мөмөлөр бар; (алар) көбүктөн жумшак, балдан таттуу.» [Tezkireti'l Kurtubi, s. 315/522]
Курма сүрөттөлгөн дагы бир хадис болсо төмөнкүдөй:
Бейиштеги курма дарагынын бутактары кызыл алтын. Шактары жашыл изумруд. Жалбырактары жибек сыяктуу. Мөмөсү мунара сыяктуу ири, каймактан жумшак жана данексиз. [Ramuz el-Ehadis-2, s. 451/4]
Көңүл бурулган болсо, бейиштеги бүт нерселер биз билген эң кооз жана баалуу нерселерге салыштырылып, көрүнүшү жана даамы менен канчалык сонун немат экени айтылууда. Мисалы, бейиштеги курма дарагынын бутактары алтынга, жалбырактары өтө кооз жана баалуу бир кездеме жибекке окшотулган.

Бейиштеги курмалардын чоңдугуна көңүл бурган башка бир хадис болсо төмөнкүдөй:
Бейиште курма дарактарынын бутактары жашыл изумруд. Шактары кызыл алтын. Жалбырактары бейиш калкы үчүн кийе турган кийимдер. Анын бир бөлүгү кыска (ич) кийимдер, бир бөлүгү болсо ичи жасалгаланган тышкы кийимдер. Бейиш курмасынын мөмөсү чоң кумуралар жана чакалар сыяктуу. Сүттөн да агыраак, балдан таттуу, көбүктөн жумшак. Ичинде болсо данек жок. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 314]
Бул хадисте баалуу таштар менен сүрөттөлгөн курманын көрүнүшүнөн тышкары, даамынын да, Аллахтын каалоосу менен, өтө сонун болоору айтылууда.

Инжир (анжир):

Бир риваят боюнча Пайгамбар Мырзабыз (сав) инжир жөнүндө мындай деген:
Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир табак инжир тартуу алып, андан жеди жана сахабаларына: «Мындан жегиле. Эгер мен бир мөмөнүн бейиштен түшкөнүн айта турган болсом, мына бейиштен түшкөн мөмө ушул инжир.» деди. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 313)
Инжир Куранда айтылган жана көңүл бурулган мөмөлөрдүн бири (Тин Сүрөсү, 1). Эң минералдарга бай мөмөлөрдүн бири болгон инжир энергия берүүчү бир азык катары да зор мааниге ээ.

Дарбыз:

Пайгамбарыбыз (сав)дын бир хадисинде дарбыз жөнүндө мындай дегени риваят кылынган:
Дарбыздан пайдалангыла жана ага таазим (урмат) кылгыла. Себеби анын суусу бейиштен, даамы да бейиш даамынан... дарбыз бейиштен (бейиш мөмөлөрүнөн). (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 313)

Банан:

Хадистерде айтылган дагы бир бейиш мөмөсү болсо – бул банан:
Дүйнөдө бейиш мөмөсүнө окшогон нерсе бир гана банан. Себеби Аллах Таала (бейиштин жемиши жөнүндө) «Анын жемиштери дайыма болот» деген. Сен болсо бананды жай, кыш болсун жылдын ар мезгилинде таба аласың. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, s. 312-313)
Бейиш сүрөттөлгөн аяттарда Аллах бул мөмө жөнүндө мындай дейт:

Оор бутактары ийилген алча (дарактары). Үстү-үстүнө тизилген мөмөлөрү төгүлгөн банан дарактары. Жайылып-созулган көлөкөлөр, токтобой аккан суу(лар); жана (дагы) көптөгөн мөмөлөр арасында түгөнүп-азайбаган жана тыюу салынбаган (мөмөлөр). (Вакыа Сүрөсү, 28-33)

Банан – өзгөчө ароматы, теңдешсиз даамы жана сансыз пайдасы менен көп адамдар жактырган бир немат-жакшылык. Бирок, албетте, бейиштеги банан да башка бүт нематтар сыяктуу, дүйнөдөгүдөн алда канча сонун, алда канча даамдуу жана сонун жыттуу болот. Туурасын Аллах билет.

Эт:

Аят менен хадистерде мөмөдөн тышкары, айтылган нематтардын бири – бул эт. Аллах бир аятында «Аларга эңсеп-каалаган мөмөлөрдөн жана эттен мол мол бердик.» (Тур Сүрөсү, 22) деп эттин бир бейиш нематы (сыйы) экенин кабар берет.
Пайгамбарыбыз (сав) да бир хадисте эт жөнүндө мындай дейт:
Бейиш калкынын нанга кошуп жегенинин эң сонуну – эт. Ааламдардын Рабби Аллахка мактоолор болсун. [Tezkireti'l Kurtubi, s. 363/654]
Куранда жана хадистерде өзгөчө көңүл бурулган эт түрү болсо – бул канаттуунун эти. Куранда «жандары тарткан (каалаган) куш эти» аяты менен кабар берилген (Вакыа Сүрөсү, 21) куш эти бир хадисте төмөнкүдөй айтылат:
Бейиште сенин жаның кушту каалайт. Ошол замат куурулуп алдыңа алып келип коюлат. [Büyük Hadis Külliyatı-5, s. 414/10123)
Эт түрлөрү арасынан Куранда айтылгандардан өзгөчө «бөдөнө эти» жагымдуу бир тамак болуп саналат. Бул сый тамак бейиште мол болуп, Мусулмандарга эң сонун кылып тартууланат. (Туурасын Аллах билет.)