Чексиз адилеттүү Раббибиз ар бир адамдын дүйнө жашоосунда кылгандарынын жаза же сыйлыгын акыретте берет. Аллах Исра Сүрөсүнүн 71-аятында муну курма данегиндеги жипчедей да адилетсиздик кылбастан берээрин билдирген. Бул Аллах Куранда билдирген апачык бир чындык. Бирок кээ бир адамдар өлүмдөн кийинки жашоонун бар экенине, б.а. бейиш менен тозокко ишенишпейт. Кээ бирлер болсо сөз жүзүндө акыреттин бар экенин кабыл алып, бирок буга жүрөгүнөн чындап ишене албайт. Аллах Курандын көп аяттарында акыреттин бар экендигинен күмөн санаган адамдардын абалын төмөнкүчө кабар берген:
... Биз акыретке ыйман келтиргенди, андан күмөн санагандан айырмалоо үчүн (ага мындай чакыруу мүмкүнчүлүгүн бердик). (Саба Сүрөсү, 21)
Абайлагыла; алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)
Сенден Аллахка жана акырет күнүнө ишенбеген, жүрөктөрү күмөнгө түшүп, олку-солку болуп шектенгендер гана уруксат сурашат. (Тообо Сүрөсү, 45)
Жок, алардын акырет жөнүндөгү маалыматтары «чогулуп бекемделди», жок, алар андан бир күмөн ичинде; жок, алар ал жөнүндө сокур. (Немл Сүрөсү, 66)
Кээ бир адамдар заттын чыныгы жүзү жөнүндө туура эмес пикирде болгону үчүн бейиш менен тозоктун бар экенинен күмөн санашат. Затты абсолюттук (көз-карандысыз, өзүнчө бар болгон бир) нерсе деп ойлогон мындай адамдар заттан тышкары эч нерсе жок деп кабыл алышат. Б.а. ал адамдардын ою боюнча, көздөрүнө көрүнбөгөн, колдору менен кармап катуулугун сезбеген нерселер жок. Чындыгында болсо, бул чоң бир жаңылыштык. Аллах Рум Сүрөсүнүн 7-аятында да кабар бергендей, мындай адамдар «Дүйнө жашоосунун тышкы (көрүнгөн) тарабын гана билишет жана акыреттен болсо капылет (кабарсыз) болушат (түшүнүшпөйт).»
Аллах бир аятта чындыкты тануучулардын акыреттен «каапырлардын мазардагылардан үмүтүн үзгөнү сыяктуу» (Мүмтехине Сүрөсү, 13) үмүт үзүшкөнүн билдирет. Бул алардын затка өтө маани берээринин бир далили. Адамды эттен, сөөктөн, б.а. заттан гана турат деп ойлошкондуктан, сөөккө айланган бир адамдын кайрадан тирилтилээрине эч ишене алышпайт. Чындыгында болсо, тириле турган сөөктөр эмес.
Заттык дүйнө гана бар деп ишенген бул кишилер бейиш менен тозокту бул дүйнөнүн ичинде бир жерге жайгаштыра албагандыктан, акыреттин бар экенине да ишенишпейт. Кээ бирлери ушул себептен бейиш менен тозок үчүн космосто бир жер издей турганчалык адашышкан. Ушул себептен улам, б.а. заттык дүйнөнүн жана ааламдын бир жеринен таба албагандыктан, Аллахтын, периштелердин жана жиндердин бар экенине да ишенишпейт. Чындыгында болсо, Аллахты, акыретти жокко чыгарышынын негизин түзгөн зат жөнүндөгү ишенимдери чоң жаңылыштык. Алардын жаңылыштыкта экени бүгүнкү күндө илим тарабынан апачык аныкталды.
Илим тарабынан далилденгендей, биз көрүп-сезген дүйнө – көп адамдар ойлогондой заттан турган бир жер эмес. Тышкы дүйнөдө зат бар; бирок биз көргөн, кармаган, сезген нерселерибиздин баары – ар бир адамдын мээсинин артындагы, өтө кичинекей бир кабылдоо (сезүү) борборунда жаратылган бир кабылдоолор (элестер, сезимдер) жыйындысы. Аллах биздин сыртыбызда заттык бир дүйнө жараткан жана ал дүйнө Аллах Кабатында түбөлүккө чейин жок болбойт. Бирок биз ал заттык дүйнөнү беш сезимибиз аркылуу гана көрүп-сезе алабыз, б.а. чыныгысын эч качан көрүп-биле албайбыз. Бул маанилүү чындыкты жакшыраак түшүнүү үчүн илимий түшүндүрмөсүнө кыскача токтололу.
Заттык дүйнө – сүрөттөлүштөрдүн жыйындысы гана
Азыр колуңузда кармап турган китепти көзүм менен көрүп жатам деп ойлосоңуз, анда жаңылып жатасыз. Себеби көргөн көзүңүз эмес. Көздөрүңүз сырттан келген нурду өткөрүп берүү кызматын гана аткарган бир орган. Көргөн мээңиз.
Көзүңүзгө келген фотондор көзүңүздүн артындагы кээ бир клеткалар тарабынан бир катар химиялык процесстер натыйжасында электрдик сигналга айландырылат. Ал электрдик сигнал түз мээнин арткы тарабында жайгашкан көрүү борборуна жетет. Көрүү борбору – бир канча сантиметр кубдук өтө кичинекей бир жер. Электрдик сигнал ал жерге жеткенде, колуңузда кармап турган китебиңиздин сүрөттөлүшүн пайда кылат. Б.а. сиз азыр бул китепти мээңиздин артында көрүп жатасыз. Сиз көрүп жаткан – заттык (материалдык) бир китеп эмес, «жылмакайлык жана катуулук сезими» берилген, мээңиздеги бир китеп сүрөттөлүшү гана.
Китеп басылган кагазды да ушул сыяктуу көрүп-сезесиз. Манжаларыңыздагы нерв клеткаларынан мээге жиберилген электрдик сигналдар мээңиздеги тийүү борборунда тийүү сезимине айланат. Б.а. жылмакай кагазга тийген жана сезген манжаларыңыз эмес; бул сезим да мээңизде бир кабылдоо (сезим) катары пайда болот.
Адам мээсинин сыртындагы ааламга болсо эч качан жете албайт. Көргөн, уккан, тийген, даамын сезген нерселердин баары мээсиндеги кабылдоолор (сезимдер) гана. Адам өзүнүн сыртында, алыста деп ойлогон нерселер – чындыгында анын мээсинин ичинде. Б.а. бүт аалам, дүйнө жашоосунун баары, жылдыздардан бөлмөсүндөгү гүлгө чейин бүт баары адамдын башынын (мээсинин) ичинде жаратылат. Ар бир адам мээсинде пайда болгон ааламды көрүп, мээсинде пайда болгон ааламга тийип, мээсиндеги ааламдын үнүн угат.
Аллах Өзү жараткан заттар ааламын ар бир адамга мээсинде бир сүрөттөлүш абалында көрсөтүп, ал сүрөттөлүшкө бекемдик, катуулук берип сүрөттөлүштү чындыктай сездирүүдө. Көптөгөн кылым мурда Имам Раббани, Мухйиддин Араби сыяктуу улуу Ислам аалымдары тарабынан да түшүндүрүлгөн бул улуу чындык 20-кылымда илимий ачылыштар менен далилденди.
Заттын чыныгы жүзү жана акырет
Заттын өзүн көрүп жатам деп ойлогону үчүн бейиш менен тозоктун бар экенинен күмөн санагандар үчүн бул жерде айтылгандар өтө маанилүү. Бүт ааламдын мээсинде бир сүрөттөлүш экенин түшүнгөн бир адам бейиш менен тозоктун чыныгы маңызын түшүнөт. Ошондой эле, Аллахтын дүйнөнү адамдын мээсинде кантип жаратканын түшүнгөн бир адам бейиш менен тозоктун кантип жаратылаарын да түшүнө алат. Себеби ал адам дүйнөдө да, акыретте да заттын чыныгысын эч качан көрүп-кармай албашын түшүнөт. Көрүп-сезген нерселеринин баарынын ага элес (сезим) катары көрсөтүлүп жатканын аңдап-түшүнгөндө, бейиш менен тозокту көзү менен көрүп, колу менен кармабаганы үчүн жокко чыгарышы маанисиз болуп калат.
Мындан тышкары, Аллахтын чексиз илимин, улуу чеберчилик менен жаратуусун жакшыраак көрө алат. Себеби Аллах сүрөттөлүшкө бекемдик менен катуулук берип, сүрөттөлүштү заттай кылып жаратууда. Ал сүрөттөлүш ушунчалык чындыктай жана ушунчалык чыныгысына окшош болгондуктан, миңдеген жылдан бери көп адамдар мээлеринин ичиндеги бир элести көрүп жатышканын байкай алышкан эмес. Ал тургай, мээлериндеги сүрөттөлүштү көрүп жатышып, сырттагы чыныгысын көрүп жатабыз деп; бөлмө алардын ичинде турса, өздөрүн бөлмөнүн ичиндебиз деп ойлошкон. Ошол сыяктуу, мээлериндеги жылдыз сүрөттөлүшүн өздөрүнөн миллиондогон километр алыста деп ойлоп жаңылышкан. Миңдеген жылдан бери миллиарддаган адамдын капкараңгы баш сөөгүнүн ичинде, чыныгысынын дал өзүндөй, кемчиликсиз, жаркыраган дүйнөлөрдү жараткан Улуу Аллах, албетте, ушул сыяктуу бейиш менен тозокту да жаратууга кудуреттүү.
Аллах дүйнөнүн сүрөттөлүшүн көрсөтүп жаткан бир адамга өлгөн соң сүрөттөлүштү өзгөртүп; ага акыреттин сүрөттөлүшүн көрсөтүп баштайт. Бул бир парда ачылып, артынан такыр башка бир сүрөттөлүштүн чыгышы сыяктуу бир өтүү болот. Мисалы, креслосунда отуруп инфарктка кабылган бир адам үйүнүн бөлмөсүнүн сүрөттөлүшүн көрүп жатып, бир заматта жанын алууга милдеттендирилген периштелердин сүрөттөлүшүн көрүшү жана андан соң сурагына жана түбөлүк мекенине киргизилишине күбө болушу мүмкүн.
Аллах өлүм учурундагы адам жөнүндө мындай деп билдирет:
Жан тамакка келип такалганда, ал кезде силер (бир гана) карап-турасыңар. Биз ага силерден жакыныраакпыз; бирок көрбөйсүңөр. (Вакыа Сүрөсү, 83-85)
Вакыа Сүрөсүндөгү бул аяттарда да кабар берилгендей, өлгөн адамдын денеси жакындарынын жанында турганы менен, ал киши чындыгында алардын жанында болбойт. Себеби ал эми такыр башка бир ааламдын сүрөттөлүштөрүн көрүп жаткан болот.
Аллах Куранда кабар бергендей, бейиш менен тозок ушул учурда ансыз да жаратылган жана бар. Мисалы, Аллах Хадид Сүрөсүндө мындайча кабар берет:
Раббиңерден болгон бир кечиримге жана бейишке (жетүү үчүн) «аракет кылып-жарышкыла», (ал бейиш) кенендиги асман менен жердин кеңдигиндей болуп, Аллахка жана Пайгамбарына ыйман кылгандар үчүн даярдалган. Мына ушул Аллахтын берешендиги, аны каалаганына берет. Аллах өтө берешен. (Хадид Сүрөсү, 21)
Нежм Сүрөсүндөгү аяттарда болсо Раббибиз Пайгамбар Мырзабызга дүйнөдө жашап турган кезинде Меъва-Бейишинин жанындагы Сидретъүл-Мүнтеханын көрсөтүлгөнүн кабар берет. Бул аяттар да бейиштин ушул учурда жаратылган абалда бар экендигинин апачык бир далили:
Сидретүъл-Мүнтеханын жанында. Меъва-Бейиши анын жанында. Сидрени жапкан жаап турганда, көз жылып-адашкан жок жана (чектен) чыкпады. Ант болсун, ал Раббиңдин эң чоң аяттарынын бирөөсүн көрдү. (Нежм Сүрөсү, 14-18)
Бирок Аллах бизге көрсөткөн сүрөттөлүштө азыр дүйнө жашоосу гана бар. Аллах кааласа ар бир адамга бейиш жана тозоктун сүрөттөлүшүн көрсөтүп баштайт. Аллах кээ бир аяттарында бейиштин жакындатылганын кабар берет. Башкача айтканда, ансыз да бар болгон бейиш адамга жакындаштырылып анын «экранына» алып келиниши мүмкүн. Бул – дүйнөгө тиешелүү сүрөттөлүш алыстатылып, акырет сүрөттөлүшүнүн жакындатылышы сыяктуу болушу мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.) Ал аяттар төмөнкүдөй:
Бейиш болсо такыба (адам)дар үчүн алыста эмес, (ал күнү) жакындатылган. (Каф Сүрөсү, 31)
Тозок оту алоолоп жалындаганда, бейиш да жакындатылганда, (эми ар бир) напси (адам) эмне даярдаганын билип-көрөт. (Таквир Сүрөсү, 12-14)
Бедиүззаман бейиш менен тозоктунэлес катары жаратылганын түшүндүргөн
Өткөн кылымдын эң улуу Ислам аалымы Устат Бедиүззаман Саид Нурси да бейиш менен тозок жөнүндөгү баяндарында бейиш менен тозоктун –дал дүйнө жашоосу сыяктуу- элес катары жаратылганын айткан. Мисалы, төмөндөгү сөзүндө бейиш калкы элес катары жаратылганы үчүн, Аллахтан бир немат-жакшылык катары, бир учурда бир канча жерде боло алышаарын айткан:
Мобул бозомук, караңгы, тар дүйнөдө күндүн көп күзгүлөрдө бир учурда дал өзүндөй көрүнүшү сыяктуу, ошондой: нурдуу бир зат бир учурда көп жерлерде дал өзүндөй болушу –Он алтынчы сөздө далилденгендей- мисалы, Азрети Жабраил Алейхиссалам миң жылдызда бир учурда Аршта (Аллахтын улуулугу көрүнгөн жер) да, Пайгамбар алдында да, Аллахтын алдында да бир учурда болушу; Азрети Пайгамбар Алейхиссалату Вассаламдын хаширде (кыяматтан кийин бүт адамдар чогула турган майдан) бир учурда эң көп Пайгамбардын жолунан жүргөн өтө такыба адамдар менен көрүшүшү жана дүйнөдө эсепсиз макамдарда бир учурда көрүнүшү жана олуядан башка нурга жеткендердин бир убакта көп жерлерде көрүнүшү жана карапайым адамдардын түшүндө кээде бир мүнөттө бир жылдай иштерди көрүшү жана күбө болушу жана бүт адамдардын жүрөк, рух, кыял жагынан бир учурда көп жерлер менен байланышта болушу маалым жана белгилүү болгондуктан... албетте нурдуу, шартсыз, кенен жана түбөлүктүү болгон бейиште денелери рух күчүндө жана кыял ылдамдыгында болгон бейиш калкы бир убакта жүз миңдеген жерде болуп, жүз миң үр кыздар менен маектешип, жүз миң түрдө ырахат алуу; ал түбөлүктүү бейишке, ал чексиз мээримге ылайыктуу жана Чынчыл Кабар берүүчү (б.а. Пайгамбар А.С.М.) кабар бергендей чындык жана акыйкат. Бирок, мобул кичинекей акылыбыздын таразасы менен ал кереметтүү акыйкаттарды тартууга болбойт. (Сөздөр, 502)
Бедиүззаман бул сөзүндө көңүл бурган чындык ыймандуулар үчүн улуу бир кубанычтуу кабар. Аллахтын каалоосу менен бейиш калкы бир учурда бир канча денелүү болуп, көптөгөн каалоолорун бир учурда орундата алышат. Китептин мурдакы бөлүмдөрүндө айтылгандай, Пайгамбар Мырзабыз (сав) да бул улуу сүйүнчүнү бизге хадистери аркылуу кабар берген.
Албетте, дүйнөдө мейкиндик менен заттан көз-каранды болгон бир адамга муну түшүнүү мүмкүн эмес. Бирок Аллахтын чексиз илими жана чексиз акылы менен жаратылган бейиште Аллах адамды –дүйнөдөгү сыяктуу- мейкиндик менен заттан көз-карандысыз кылып жаратат, мындан тышкары, Өзүнөн бир сый катары дүйнөдө биз көз-каранды болгон себептер менен мыйзамдардан да башкача бир шарттарда жашатат. Ал жерде бейишке ылайыктуу кулдарына чексиз нематтарынан тартуулайт.
Жыйынтык
Чын жүрөктөн ишенген (ыйман кылган) бир адам үчүн Аллахтын бейиш менен тозоктун бар экенин кабар бериши жетиштүү; Аллахтын сөзүнө жана Куранда билдирген чындыктарга ыйман кылган бир момун буларга, эч күмөн санабастан, чындап ыйман кылат (ишенет). Чыныгы момундар бул бөлүмдө баяндалган чындыктарды билишпесе да, акыреттин бар экенине ыйман кылышат. Бирок акырет жөнүндө күмөн санагандарга акыреттин бар экенин түшүндүрө алуу, алардын түшүнүшүнө көмөкчү болуу үчүн бул жерде айтылган маалыматтар өтө маанилүү. Бейиш менен тозокту көзү менен көрбөгөнү үчүн ишенбеген, күмөн санаган адамдар бул жашоосунда да материалдык (заттык) дүйнөнүн өзүн эч качан көрө албашын түшүнүшкөндө, акыретке болгон көз-караштары өзгөрөт. Бул дүйнөдө заттын өзүн көрбөй туруп, анын чындык экенинен күмөн санабай жаткан сыяктуу эле, Аллах Кабатында түбөлүккө чейин жок болбой турган заттык бир дүйнөнүн бар экенинен да күмөн санай алышпайт.
Заттын чыныгы жүзү темасы чындыкты тануучулардын колдорунан бейиш менен тозоктун бар экенин тануу үчүн колдонгон «далилдерин» алып койот. Бул тема аларга түшүндүрүлгөн соң да акыретти жокко чыгарууну улантышкан болсо, чындыктарды да көрмөксөн болуп каапырдыкты тандаган болушат. Бирок алардын баары чындыктарды кабыл ала турган, күмөндөрүнөн тазалана турган бир учур келет. Чындыкты тануучу жана күмөн саноочулардын бүт баары сөзсүз Аллах менен акыреттин бар экенине ыйман кыла турган бир учурга жолугат. Ал учур дүйнө жашоосунун сүрөттөлүшү алынып, периштелердин сүрөттөлүшү көрсөтүлгөн өлүм учуру болот. Сурагын көрүп тозокко айдалганда болсо, тозок менен бейиш жөнүндө эч биринин эч кандай күмөнү калбайт.
Чексиз адилеттүү Раббибиз Духан Сүрөсүндөгү аяттарда мындайча кабар берет:
Аны кармап, тозоктун ортосуна айдагыла. Анан кайнак суунун азабынан башынан ылдый куйгула; (азапты) тат; себеби сен (өз оюңда) жогору, кадырлуу элең. Чынында бул силер күмөндө болгон нерсеңер. (Духан Сүрөсү, 47-50)
ЖАЛГЫЗ АБСОЛЮТТУК ЗАТ – АЛЛАХ
Аллахтан башка нерселерге күч таңуулап, алардын Аллах жараткан сүрөттөлүш нерселер экенин унутуп, ширк (Аллахка шерик кошуу) менен жашаган адамдар канчалык чоң жаңылыштыкта экенин да акыретте түшүнүшөт. Аллах Куранда адамдардын дүйнө жашоосунда ширк кошкон нерселеринин алардан алыстап көздөн кайым болгонун көрүшөөрүн кабар берет:
Кара, өздөрүнө кандай жалган айтышты жана пландап ойлогондору да алардан жоголуп-алыстады. (Энъам Сүрөсү, 24)
... «Аллахтан башка сыйынгандарыңар кайда?» «Алар бизди таштап-жоголушту» дешет... (Аьраф Сүрөсү, 37)
... Чындыгында алар өздөрүн кыйроого түртүштү, ойлоп чыгарган нерселери да алардан алыстап жоголушту. (Аьраф Сүрөсү, 53)
... алар чыныгы кожоюну болгон Аллахка кайтарылышат. Жалгандан ойлоп чыгаргандары болсо алардан жоголуп алысташат. (Йунус Сүрөсү, 30)
«Аллахтан башка (сыйынгандарыңар).» «Бизди таштап жоголуп кетишти. Жок, биз мурда эч нерсеге сыйынчу эмес экенбиз» дешти. Аллах каапырларды мына ушундай жаңылтып-адаштырат. (Момун Сүрөсү, 74)
Момун Сүрөсүндөгү аятта да айтылгандай, бул адамдар өлгөн соң, б.а. дүйнөгө тиешелүү сүрөттөлүштөр өзгөргөн соң, дүйнө жашоосунда сыйынгандарынын бир сүрөттөлүш экенин түшүнүшүп, «биз мурда эч нерсеге сыйынчу эмес экенбиз» деп жатышкан болушу мүмкүн. Акылдуу жана абийирлүү адамдар болсо ансыз да акыретте түшүнө турган бул чындыкты жакшылап ойлонуп, дүйнөдө жашап турган кезде, б.а. кеч кала электе түшүнүшү зарыл.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder