«Зат абсолюттук жана түбөлүктүү» деген гипотезалар жана убакыт түшүнүгү жөнүндөгү бир катар ишенимдер адамдардын бейиш, тозок, тагдыр сыяктуу темаларды түшүнүшүнө тоскоол болгон негизсиз (далилсиз, жалган) ишенимдер болуп саналат. Булардын зат темасына алдыда «Заттын чыныгы жүзү көрсөткөн улуу акыйкат» аттуу бөлүмдө токтолобуз. Бул бөлүмдө болсо убакыттын адамга гана тиешелүү, салыштырмалуу бир кабылдоо (элес, сезим) экендигин жана Аллах Кабатында бүт нерсенин бир көз ирмем ичинде жаратылганын карайбыз. Мисалы, бир адам бир бөлмөгө кирип, ал жерде креслодо отурган бир адамды көргөндө бир салыштыруу жасап, «бул киши менден мурда бөлмөгө кирди» деген тыянакка барат. Эгер мындай салыштыруу болбогондо, убакыт сезими да болмок эмес эле. Башкача айтканда, эгер адамдын эс-тутуму болбогондо, мээси мындай жоромолдорду жасай алмак эмес, жана натыйжада убакыт сезими да пайда болмок эмес. Себеби бир адам мээсинде отуз жылга тиешелүү кээ бир маалыматтар чогулгандыгы үчүн «мен отуз жаштамын» дейт. Эгер эс-тутуму болбосо, артында мындай убакыт аралыгы бар экенин ойлобой, жашап жаткан бир «көз ирмеми» менен гана жашай бермек.
Мындан тышкары, мээбиз белгилүү бир катарга тизүү ыкмасына көнүп калгандыктан, дүйнөдө убакыт дайыма алга жылат деп ойлойбуз. Чындыгында болсо бул мээбиздин ичинде чыгарылган бир тыянак жана ошондуктан толугу менен салыштырмалуу нерсе. Чындыгында болсо убакыттын кандай өтүп жатканын, же өтүп-өтпөй жатканын эч качан биле албайбыз. Бул дагы убакыттын абсолюттук бир чындык эмес экенин, бир сезим (кабылдоо, элес) гана экенин көрсөтөт.
Убакыттын бир сезим (элес) экени 20-кылымдын эң улуу физиги кабыл алынган Эйнштейн чыгарган «Жалпы салыштырмалуулук теориясы» менен да тастыкталган. Линкольн Барнетт Аалам жана Эйнштейн аттуу китебинде бул жөнүндө мындай деп жазат:
Абсолюттук космос менен бирге Эйнштейн чексиз өтмүштөн чексиз келечекти көздөй аккан адашпаган жана өзгөрбөгөн бир универсалдуу убакыт теориясын да четке какты. Салыштырмалуулук теориясын түшүнбөстүктүн негизги себеби адамдардын убакыт сезиминин да түс сезими сыяктуу бир элес экендигин кабыл алгылары келбегендигинен пайда болууда... Космос заттык нерселердин ыктымалдуу катары болгон сыяктуу, убакыт да – окуялардын ыктымалдуу бир катары. Эйнштейндин төмөнкү сөздөрү убакыттын өзгөчөлүгүн эң жакшы түшүндүрөт: «Бир адамдын жашоосу бизге бир тизмектелген окуялардын ичинде курулган сыяктуу көрүнөт. Бул тизмектен эсибизге келген окуялар «мурдараак» жана «кийинчерээк» өлчөөсүнө жараша тизмектелген сыяктуу. Ушул себептен бир адам үчүн мен-убактысы, б.а., субъективдүү (жекече) убакыт бар. Бул убакыт өзүнчө өлчөнө албайт. Окуялар менен сандар арасында ушундай бир байланыш курамын, чоң бир сан мурдакы бир окуяга эмес, кийинки бир окуяга тиешелүү болот. (Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980, ss. 52-53.)
Убакыт бир элес (сезим), демек толугу менен кабылдагандан (сезгенден) көз-каранды, б.а. салыштырмалуу бир түшүнүк. Убакыттын салыштырмалуулугу түштө апачык көрүнөт. Түшүбүздө көргөнбөрүбүз канчалаган саатка созулгандай сезилгени менен, кээде чындыгында бир канча секундага гана созулган болот.
Өтмүш, ушул учур жана келечекчындыгында бир убакыт:
Аллах убакыттан көз-карандысыз. Анын Кабатында бүт нерсе бир көз ирмемде болуп бүткөн. Адамдар убакыттан көз-каранды болгондуктан, окуяларды өтмүш, ушул учур жана келечек процесси ичинде көрүшөт. Чындыгында болсо, биз өтмүш деп ойлогон окуялар биз үчүн болуп бүткөн, келечек деп ойлогон окуялар болсо биз үчүн келечекте боло турган окуялар. Аллах үчүн өтмүш, келечек, ушул учур баары бир. Мына ушул себептен эч нерсе Аллахтан жашыруун болбойт. Аятта бул чындык төмөнкүчө билдирилген:
Эй уулум, (кылган ишиң) чындап бир сары кычы өсүмдүгүнүн данынчалык (кичинекей) болуп, чоң аска таштын ичинде же болбосо асманда же жердин түбүндө болсо да Аллах аны таап келет (ачыкка чыгарат). Шексиз Аллах Латиф, (баарынан) кабардар. (Локман Сүрөсү, 16)
Чындыгында болсо, көп адамдар өтүп жаткан бир убакыт бар, өмүрүм өтмүш, ушул учур жана келечек деген бөлүмдөргө бөлүнөт деп ойлойт. Ушул себептен мындай кишилер акыреттин бар болушу, бейиш, тозок, сурак күнү сыяктуу жагдайлардын качан, кандайча жана кантип болоорун оңойчулук менен түшүнө алышпайт. Аллах Кабатындагы убакыт түшүнүгү менен адамдар моюн сунган убакыт арасында бир байланыш кура алышпайт. Бирок жаратылган бүт жандыктардын, ар бир окуянын жана бүт нерсенин бир фильм лентасын түзгөн кадрлар сыяктуу, бир-бирден бир учурда жаратылганын билүү муну түшүнүүнү жеңилдетет.
Аллах бүт адамдардын өтмүшүн, келечегин жана баштарына келген бүт окуяларды бардык майда-чүйдөсүнө чейин толук билет. Ал эми адам болсо сыноо мекени болгон бул дүйнө жашоосунда убакытты тынымсыз өтүп жаткан, мурдасы жана кийини бар бир нерсе деп ойлойт. Чындыгында болсо, мурда-кийин, өтмүш-келечек деген нерселер жок. Бүт баары, бүт адамдар, бүт жандыктар бир учурда жашап, бүт убакыттар, бүт доорлор, бүт кылымдар, бүт даталар жана ал тургай, бүт күндөр, бүт сааттар жана көз ирмемдер бир учурда болуп жатат. Адам өзүнүн чектүү мүмкүнчүлүгү менен муну көрө албай жатса да, бул анык бир чындык.
Аллах Кабатында бүт окуялардын бир көз ирмемде болуп бүткөнүн төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрсөк болот: алдыңызда чоң бир шаардын сүрөтү турат деп элестетиңиз. Сүрөттө шаардын проспекттери, көчөлөрү, ал көчөлөрдө бараткан машиналар, оңдо солдо тизилген имараттар жана адамдар тартылган дейли. Жана ал сүрөттө шаардын бир четинен экинчи тарабына бара жаткан бир адамдын сүрөтү тартылган деп элестетиңиз. Ал адам үчүн шаардын бир четинен экинчисине чейинки аралык белгилүү бир алыстыкта жана ал аралыкты басып өтүшү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат. Ал адам ошол белгилүү бир убакыттан кийин гана көздөгөн жерине жете алат. Бир учурда эки жерде тең болушу мүмкүн эмес. Бирок түз бир тегиздиктеги ал сүрөттү карап турган бир киши катары сиз үчүн абал башкача. Сиз сүрөттү бир караганда шаардын бир учунан экинчи тарабына чейинки бүт нерсени бир убакта көрө аласыз, жана болгондо да ал үчүн эч убакыт талап кылынбайт.
Заманбап илим тарабынан тастыкталган, убакыттын психологиялык бир элес (сезим) экенин, окуяга, мейкиндикке жана шарттарга жараша ар кандай сезилиши мүмкүн экенин көп Куран аяттарынан көрүүгө болот. Мисалы, бир адамдын бүт өмүрү Куранда айтылышы боюнча, өтө кыска бир убакыт:
Силерди чакыра турган күн Ага мактоо айтуу менен жооп бересиңер жана (дүйнөдө) абдан аз убакыт турдук деп ойлойсуңар. (Исра Сүрөсү, 52)
Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу аларды бир жерде топтой турган күндө алар бир-бирлерин таанышат... (Йунус Сүрөсү, 45)
Кээ бир аяттарда адамдардын убакытты ар кандай сезээрине, адамдын чындыгында өтө кыска бир убакытты өтө узундай же тескерисинче узун убакытты кыскадай сезиши мүмкүн экендигине ишарат кылынат. Адамдардын акыреттеги сурагы учурундагы маектер мунун бир мисалы:
«Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» деди. «Бир күн же бир күндүн бир аз бөлүгүнчөлүк болдук, эсептегендерден сура» дешти. «Аз (убакыт) гана болдуңар, чындыгында билген болгонуңарда» деди. (Мүминун сүрөсү, 112-114)
Башка кээ бир аяттарда болсо убакыттын ар кайсы шартта ар кандай ылдамдыкта өтөөрү кабар берилет:
... Чындыгында, сенин Раббиңдин кабатында бир күн силер санап жаткан миң жыл сыяктуу. (Хаж Сүрөсү, 47)
Периштелер жана Рух (Жабраил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыгышат. (Мераж Сүрөсү, 4)
Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат. Кийин (иштер) силер санап жаткан миң жылга тете бир күндө кайрадан Ага көтөрүлөт. (Сежде Сүрөсү, 5)
Бул аяттар убакыттын салыштырмалуу экенин апачык айтууда. Илим тарабынан 20-кылымда алынган бул жыйынтыктын мындан 1400 жыл мурда кабар берилиши болсо – албетте, Курандын убакыт менен мейкиндикти толугу менен ороп-курчап турган Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринен бирөөсү гана.
Инжилде убакыттын салыштырмалуулугун айткан бир сүйлөм мындай:
Сүйүктүү бир туугандарым, муну унутпагыла, Раббиң көз алдында бир күн миң жыл жана миң жыл бир күн сыяктуу. (Петирдин экинчи каты, 3-бөлүм, 8)
Төмөнкү аятта баяндалган жагдай да убакыттын чындыгында психологиялык бир сезим экендигинин маанилүү бир далили:
Же асты үстүнө айланган, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени инсандарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди? деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экендигин билдим.» (Бакара Сүрөсү, 259)
Аяттан көрүнүп тургандай, демек убакытты абсолюттук нерсе деп айтуу такыр акылга сыйбайт.
Пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде убакыттын салыштырмалуулугуна төмөнкүдөй көңүл бурган:
... Силер бейишке элдин байларынан (кыямат күнү менен) жарым күн мурда киресиңер, бул дүйнө жылы менен беш жүз жыл. [Ramuz el-Ehadis-1, s. 7/6]
Бейиш калкы тагдырда белгилүү:
Булардын баары көрсөткөн дагы бир чындык болсо мындай: эч бир көз ирмем, эч бир кадр, эч бир окуя, эч бир жандык жок болгон жок жана жок болбойт. Телевизордо көргөн бир тасмабыз фильм лентасында сакталуу турат, ар кандай кадрлардан түзүлгөн жана ал кадрларды биз көрбөсөк алар жок деген мааниге келбейт. Биздин «өтмүштө болгон» же «келечекте болот» деген окуялар да ушул сыяктуу.
Бирок бул жерде бир нерсени туура түшүнүү өтө маанилүү. Ал сахналардын эч бири бир эскерүү же бир элес сыяктуу эмес. Алардын баары азыр биз жашап жаткан көз ирмем сыяктуу жандуу. Баары тирүү, жандуу бойдон турат. Биз Аллах бизге берген кабылдоолор (сезимдер) менен чектелгенибиз үчүн гана, аларды өтмүш, болуп бүткөн окуялар деп ойлойбуз. Бирок Аллах кааласа, бизге ал көрүнүштөрдү көрсөтүп, ал окуяларга тиешелүү кабылдоолорду (көрүү, угуу, тийүү, даам жана жыт сезүү сезимдерин) берип, бизге ал окуяларды кадимкидей жашатышы мүмкүн.
Акыреттин, түбөлүк жашоонун, бейиш менен тозоктун бар экенинен кабарсыз же аларды жокко чыгарып жашаган бир катар кишилер өлгөн соң кайра тирилтилээрине ушул себептерден улам ишенишпейт. Чындыгында болсо, ал кишилер да түбөлүктүүлүктүн ичинде бир убакыт тилкесинде жашап жатышат жана ошого жараша бүт адамдардын бара турган жери –бейиш же тозок- белгилүү. Ушул учурда адамдардын бир бөлүгү бейиште, бир бөлүгү болсо тозокто. Бул чындык Куранда айтылат; бейиш менен тозок жөнүндөгү көп аяттарда өткөн чак же учур чак колдонулуп, алардын чындыгында бир көз ирмем экендигине көңүл бурулат:
Чындыгында, бүгүн бейиш калкы – «кубаныч жана бакыт толо» бир алаксуу (жашоо) ичинделер. Өздөрү жана жарлары көлөкөлөрдө, тактылар үстүндө жазданышкан. (Йасин Сүрөсү, 55-56)
Раббилеринен коркуп-тартынгандар бейишке топ топ киргизилишти. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (бейиштин) кароолчулары айтышты: «Силерге салам болсун, кош жана таза келдиңер. Түбөлүк калуучулар катары ага киргиле.» (Алар) Айтышты: «Бизге берген убадасында бекем болгон жана бизди бул жерге мураскор кылган Аллахка мактоолор болсун. Бейиштен каалаган жерибизде конок боло алабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди жасагандардын сыйлыгы – кандай сонун. Периштелердин да Арштын айланасын торошкон абалда Раббилерин мактоо менен аруулап жаткандыгын көрөсүң. Араларында чындык менен өкүм чыгарылды жана: «Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун» деп айтылды. (Зүмер Сүрөсү, 73-75)
Кылмышкер-күнөөкөрлөр отту көрүштү, эми анын ичине өздөрүнүн киришээрин да түшүнүштү; бирок андан качуунун эч бир жолун таба алышпады. (Кехф Сүрөсү, 53)
Убакыттын салыштырмалуу экени бизге өтө маанилүү бир чындыкты көрсөтөт: бул салыштырмалуулук өтө өзгөрүп турат, биз үчүн миллиарддаган жылга созулган бир убакыт тилкеси башка бир чен-өлчөмдө бир секундага гана созулушу мүмкүн. Ал тургай, ааламдын башынан аягына чейин өткөн өтө узун убакыт мөөнөтү башка бир чен-өлчөмдө бир секунда да эмес, бир «көз ирмемге» гана созулушу мүмкүн.
Көп адамдар түшүнө албаган, материалисттер болсо түшүнүп туруп түшүнмөксөн болгон тагдыр чындыгынын маңызы мына ушунда. Тагдыр – бул Аллахтын өтмүш жана келечектеги бүт окуяларды билиши. «Боло элек окуялар» - биз үчүн гана боло элек окуялар. Аллах болсо убакыт менен мейкиндиктен көз-каранды эмес, аларды Өзү жараткан. Ушул себептен Аллах үчүн өтмүш, келечек жана ушул учур баары бир, жана баары болуп бүткөн. Себеби тагдыр Аллахтын илими жана бүт убакытты бир учурда билген, бүт убакыт менен мейкиндикти башкарган Аллах үчүн бүт нерсе тагдырда жазылган жана бүткөн.
Буга Пайгамбарыбыз (сав)дын бир куттуу хадисинде төмөнкүдөй көңүл бурулган:
Бейиш калкы өздөрүнүн аттары, аталарынын жана урууларынын аттары менен белгилүү. Кыямат күнүнө чейин алардын саны көбөйтүлбөйт жана азайтылбайт. Тозок калкы да өздөрүнүн аттары, аталарынын жана урууларынын аттары менен белгилүү. Кыямат күнүнө чейин алардын саны да көбөйтүлбөйт жана азайтылбайт... [Ramuz el-Ehadis-1, s. 155/3]
Өлүм, бейиш, тозок, акырет сыяктуу темалар, убакыттын жоктугун түшүнүү менен бирге «Аллах каерде», «кабыр жашоосу канча убакытка созулат», «бейиш менен тозок каерде», «бейиш менен тозок азыр барбы» деген сыяктуу маанилүү суроолордун жообу оңой гана табылган болот. Аллахтын ааламды кандай система менен жоктон жаратканы түшүнүктүү болот. Бул сырдын урматында «качан» жана «каерде» деген сыяктуу суроолордун да мааниси жоголот. Себеби убакыттын жоктугун түшүнгөндө, бүт баарынын бир көз ирмемде болуп жатканын көрөбүз; эч нерсени күтүүнүн кереги жок, убакыт өтпөйт, бүт баары ансыз да болуп бүткөн.
Бул сырды түшүнгөндө, ыймандуу киши бейиште болушунун дүйнөдөгү тайманбастыгы, сабыры, боорукердиги, акылмандыгы, туруктуулугу, бекемдиги, сүйүүсү, жан аябастыгы үчүн экенин түшүнөт. Бул теманы ыйман менен, акыл менен, баам-парасат менен, сүйүү менен баалап түшүнгөн киши эсинде калган маалыматтары менен акыретке барганда жакшы кулк-мүнөзүнө жана мамилелерине сыйлык катары бейиштин берилишинен да өзүнчө бир ырахат сезет. (Туурасын Аллах билет.)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder