Бейиште жыныстык мамилелер
Саид б. Мансур айтат:
... Икриме «Бейиш калкы ал күнү бир алаксуу (алектенүү) ичинде ырахат алышат» (Йасин Сүрөсү, 55) аятында «кыздардын кыздыгын кетирүү абалында деген.» (Beyhakî, el-Ba's ve'n-Nuşûr, 362; ed-Durr el-Mensur, V, 266; İbn el-Mübârek, ez-Zühd, s, 553)
Абдуллах б. Ахмед айтат:
... Ибн Месъуд «Бейиш калкы ал күнү бир алаксуу (алектенүү) ичинде ырахат алышат» аятында «алар кыздардын кыздыгын кетирүү иши менен алектенишет» деген.» (Ebu Nuaym, Sıfat el-Cenneh, 375; Taberî, Tefsîr, XXIII, 17-18)
Хаким айтат:
... «Эвзаи да бул аятта ушул эле нерсени айткан.» (Beyhakî el-Ba's ve'n-Nuşûr, 361)
Төмөндөгү аятта айтылган «эраик» сөзү – «эрикенин» көптүк түрү.
«Ал жерде эрикелер (келин бөлмөсү үчүн даярдалган тактылар) үстүнө таянып» (Кехф Сүрөсү, 31) аятында Мужахид Ибн Аббастын төмөнкү пикирин алып жазган:
«Диван көшөгөнүн ичинде болмоюнча ал эрике деп айтылбайт. Эгер серир (диван) көшөгө ичинде эмес болсо, анда эрике эмес. Диван да, көшөгө да болмоюнча, эрике болбойт. Экөөсү чогуу болсо ал эрике (келин бөлмөсү үчүн даярдалган үстү көшөгөлүү такты же диван) деп аталат.» (Beyhaki, el-Ba's ve'n-Nuşur, 305; Suyuti, ed-Durr el-Mensur, IV, 222)
Аллах мындай деп билдирет:
«Күмөнсүз, муттакилер (Аллахтан корккондор) үчүн кутулуу бар, бакчалар, жүзүм бактары бар, көкүрөктөрү бүчүр сымал тикчийген бир курактагы кыздар бар.» (Небе Сүрөсү, 31-33)
Аяттагы «кеваиб» сөзү – «каибдин» көптүк түрү, каиб көкүрөгү (эмчеги) тикчийген дегенди билдирет.
Катаде, Мужахид жана муфассирлер (чечмелөөчүлөр) «кеваиб – бул көкүрөктөрү тикчийип, болпойгондор» дешкен.
Кеваибдин уңгу мааниси «тоголок болууну» билдирет. Бул жерде максат көкүрөктөрдүн анар сымал болпойгон жана тикчийген экенин, төмөн көздөй шалпайган эмес экенин белгилөө болуп саналат. Ушундайлар болпойгон эмчектүүлөр (невахид) деп аталат.
Вакыа Сүрөсү, 37: Жубайларын ашык менен сүйгөн (жана) бир курактуу,
«Урубен» сөзү болсо «арубдун» көптүк түрү. Жубайларын сүйгөн, аларга ашык аялдар дегенди билдирет. Ибн эль-Араби «аялдардын арубу – бул жубайына өтө жакын, аны сүйгөн аял» дейт. (Lisan el-Arab, arb maddesi.)
Эбу Убейде «аруб – бул сүйүшү, ойношу сонун аял» дейт. (Mecaz el-Kur'an, 11, 251)
Башкача айтканда, Эбу Убейде жыныстык катнаш учурундагы кыймыл менен ойноктуктарды айтып жатат.
Эль-Муберрид «күйөөсүнө ашык, сүйгөн аял.» (Lisan el-Arab, arb maddesi; Tefsîr eI-Kurtubî, XVII, 211) деген.
Бейиште жубайлардын абалы жөнүндөгү хадистер
Эбу Хурейреден келген төмөнкү хадис мурда айтылган:
«Эй Аллахтын элчиси, бейиште аялдарыбызга барабызбы?» деп айтылды.
«Киши бир күндө жүз кыз менен мамиледе (катнашта) болот» деди. (Taberanî, el-Mucem es-Sağîr, II, 12-13)
Ишенимдүүлүгү бир ооздон кабыл алынган төмөнкү Эбу Муса хадиси да ушундай:
«Момундун (ыймандуунун) ичи бош берметтен гана турган бир чатыры болот. Бейиште узундугу алтымыш миль. Ичинде момундун үй-бүлөлөрү бар, момун аларды кыдырат.»
Энес хадиси да айтылган:
«Момунга бейиште момунча, момунча аялга жете турган бир күч берилет.»
Тирмизи муну сахих (ишенимдүү) деген. (Tirmizî, 2536)
Таберани, Абдуллах б. Ахмед жана башкалар риваят кылышат:
... Лукайт б. Амир, эй Аллах Расулу (Элчиси), бейиште эмнелерди көрөбүз? деген. Мындай деп айткан:
«Сүзүлгөн (таза) балдан дарыяларды, баш оору жана бушаймандык бербеген ичимдик дарыяларын, даамы өзгөрбөгөн сүттөн дарыяларды, бузулбаган суу дарыяларын, Кудайынын өмүрүнө ант болсун, биз билген мөмөлөрдү жана алардын жакшыраактарын жана таптаза жубайларды.»
Эй Аллахтын элчиси, бизге ал жерде салих (чын ыкластуу) жубайлар барбы? дедим. Мындай деди:
«Салих аялдар салих эркектердики, алардан ал эркектер силердин дүйнөдөгү ырахат алышыңар сыяктуу ырахат алышат, бирок ал жерде төрөө жок.»
(Heysemî, Mecmau'z-Zevaid, X, 34'тө муну Абдуллах жана ушуга окшошту Таберани риваят кылган)
Ибн Вехб айтат:
... Дерраждан,
... Эбу Хурейреден. Мындай деген:
«Эй Аллахтын Элчиси; бейиште жыныстык катнаш кылабызбы?»
«Жаным колунда болгонго ант болсун, ооба, болгондо да каалашынча кылат, деди жана жумушу бүтүп турганда аял кайрадан таптаза бир кыз болуп калат» деди. (Ebu Nuaym, Sıfat el-Cenneh, 393)
Таберани айтат:
... Бизге Муалла б. Абдиррахман эль-Васити айтып берди,
... Эбу Саид эль-Худри Расулуллах, саллаллаху алейхи ва саллам, мындай деп айткан дейт: «Бейиш калкы аялдар менен жыныстык катнашта болгондо, алар кайра кыз болуп калышат.» (Taberanî, el-Mu'cem es-Sağir, I, 91)
Таберани айтат:
... Хашим б. Зейдден,
... Эбу Урнаменин айтуусу боюнча, Расулуллахтан саллаллаху алейхи ва саллам, бейиш калкы жабышышабы деп сурашкан.
«Тажабаган бир эркектик мүчөсү, басылбаган бир каалоо менен каалашынча» деген. (Taberanî, el-Kebîr, 7674)
Таберани айтат:
... Бизге Халид б. Йезид айтып берди,
... «Эбу Умаменин айтуусу боюнча, Расулуллахтан саллаллаху алейхи ва саллам бейиш калкы жыныстык катнашта болобу деп суралган.
«Ойношо-ойношо, бирок мани (сперма) да жок, маниййе (өлүм) да жок» деген. (Taberanî, el-Kebîr, 7479; Beyhakî, el-Ba's ve'n-Nuşûr, 367)
Эбу Нуайм айтат:
... Бизге Абдуррахман б. Зийад айтып берди,
... Эбу Хурейренин айтуусу боюнча;
Расулуллахтан, саллаллаху алейхи ва саллам, бейиш калкы жубайларына тийеби деп суралган.
«Ооба, мени акыйкат менен жөнөткөнгө ант болсун, тажабаган бир эркектик мүчөсү, бүтпөгөн бир каалоо менен,» деген. (Ebu Nuaym, Sıfat el-Cenneh, 366)
Эль-Хасен б. Суфйан Муснединде мындай деген:
Бизге Хишам б. Аммер айтып берди,
... Бизге Осман б. Эби Атике айтып берди, Али б. Зейдден,
... Эбу Умаме Расулуллахтан, саллаллаху алейхи ва саллам, бейиш калкы нике (жыныстык катнаш) кылышабы, деп суралды, анда;
«мени акыйкат менен жөнөткөнгө ант болсун, ооба, болгондо да каалашынча» деди жана колу менен ишарат кылып, анан «бирок мани (сперма) жок, маниййе (өлүм) жок» деди деген. (Ebu Nuaym, Sıfat el-Cenneh, 369)
Исхак б. Ибрахим айтып берет, Йахйа б. Йеман айтып берет,
... Саид б. Жүбейр айтат:
«Адамдын жыныстык каалоосу денесинде жетимиш жыл өкүм сүрөт, тынымсыз ырахат алат, тазаланууга муктаж болушпайт, себеби аларга жунубдук келбейт. Алсызданып же күчтөрү азайбайт. Ырахаттануу жана немат-сыйлар ичинде жыныстык катнашта болуп турушат, эч бир кырсык болбойт.»
Энестен (р.а.) риваят боюнча, Расулуллах (с.а.в.) мындай деп айткан:
«Бейишке кирген бир Мусулманга мынча жана момунча жыныстык катнаш кыла алуу күчү берилет.» Анда: «Эй Аллахтын Элчиси! Ал адамдын буга күчү жетеби?» деп айтылды.
Расулуллах (с.а.в.) мындай деди: «Ал адамга жүз эркек күчү берилет.» (Tirmizî) –Бул темада Зейд б. Эркамдан да хадис риваят кылынган.
«Бейиштиктер аялдары менен жыныстык катнашта (болушат) болушканда, алар кайра кыз болуп калышат.» (M.i. Kesir 3/434)
«Бейиштиктердин эң төмөнкү даражасынын сексен миң кызматчысы жана жетимиш эки аялы болот. Ага (жубайлары менен жыныстык катнашта болушу үчүн атайын) Санъа менен Жабийа аймактарынын арасындагы аянтка толо тургандай чоң бир чатыр да курулат. Курулган ал чатыр болсо бермет, жакут жана изумруддан жасалат.» (M.i. Kesir 3/425 )
Бухари менен Муслимдин сахихтеринде (ишенимдүү хадистер жыйнагында) Эбу Муса эль-Эшари радыйаллаху анхудан Пайгамбардын, саллаллаху алейхи ва саллам, мындай дегени риваят кылынат:
«Момун (ыймандуу) үчүн бейиште ичи бош берметтен бир чатыр бар, узундугу алтымыш миль, ичинде үй-бүлөлөрү бар, момун аларды кыдырат (жыныстык катнашта болот), бирөө экинчисин көрбөйт.» (Müslim, 2838, Cennet ve nimetleri ile ehlinin sıfatı kitabının, Cennet çadırlarının sıfatı babı (Муслим, 2838, Бейиш жана немат-жакшылыктары менен калкынын сыпаты китебинин Бейиш чатырларынын сыпаты бөлүмү))
Ибн Эбиъд-Дүнйа айтат: ... Абдуллах айтты:
«Ар бир Мусулман үчүн бир сулуу (селки) бар, ар сулуунун бир чатыры бар. Ар чатырдын төрт эшиги болот, ар күнү ар эшиктен ал сулууга бир белек, бир сый тамак келет, эч бири мурдакыга окшобойт, алар шылдыңчыл да, ач көз да эмес, жейрен көздүү үр кыздар, седептер (перламутр) ичинде жашынган берметтер сыяктуу.» (İbn Ebi'd-Dünya mevkuf olarak rivayet etmiştir, bk. et-Terğib vet-Terhib, IV, 515-516)
Бухари менен Муслимдин башка бир риваяты боюнча, Расул-и Экрем мындай деген:
«Алардын бейиштеги идиштери алтындан. Ал жерде терлери жыпардай сонун жыттуу болот. Ал жерде ар бирине балтырынын чучугу этинин үстүнөн көрүнө тургандай сулуу экиден аял берилет. Алардын жүрөктөрү бир адамдын жүрөгүндөй бирдей сезимде болгондуктан, араларында пикир келишпестик да, уруш-талаш да болбойт. Кечинде (шамда), эрте менен Аллах Тааланы улуулугуна жарашпаган сыпаттардан аруулашат. (Buhârî, Bed'ü'l-halk 8, Enbiyâ 1; Müslim, Cennet 17)
«Мени акыйкат (бир китеп болгон Куран) менен жөнөткөн Аллахка ант ичем, силер бейиштиктердин жубайларын жана үйлөрүн таанышынан жакшыраак жубайларыңарды жана үйлөрүңөрдү тааныбайсыңар. Бейишке кире тургандардын баары Аллах ал үчүн жараткан жетимиш эки аялы менен жыныстык катнашта болуп, ыймандары менен кылган иштери себебинен бейишке кирген дүйнө аялдарынан болгон эки жубайы менен да жыныстык катнашта болот». Бирок дүйнө жашоосунда Аллахка ибадат кылганы себептүү ал эки жубай Аллах жараткан башка жубайлардан өйдө. Киши анын (жубайларынын бирөөсүнүн) жанында кезинде жубайынан, жубайы да андан тажабайт. Ар жакындаганда болсо жубайы кыз болот. Ошондо жыныстык органы соолубайт. Жубайы оору сезбейт. Экөө тең бүтпөйт. Катнаштары уланып жатканда, киши мындай бир эскертүү угат: сени менен жубайыңдын катнаштан тажабашыңарды билебиз. Бирок сенин башка жубайларың да бар. Киши бул эскертүүдөн соң ал жерден чыгып, бир-бирден ар бир жубайы менен жыныстык катнашта болот. Жанына келгенде ар бир жубайы мындай дейт:
«Бейиште сенден жакшы эч ким жок. Бейиште мен үчүн сенден сүйүктүү бирөө да жок.»
«Бейиштегилерге жеп, ичиш жана жыныстык катнаш жагынан толук жүз кишинин күчү берилет.» (Zeyd radıyallahu anh. Dârimî.)
Тавус, Мужахид жана Ибрахим эн-Нехаи (рахматуллахи алейх) сыяктуу аалымдар мындай дешкен:
«Бейиште жыныстык кошулуу бар, бирок бала болбойт.»
Абдуллах б. Месъуддан (р.а.) риваят боюнча, Расулуллах (с.а.в.) мындай деген:
«Бейиштиктерге бериле турган аялдар болгон үр кыздардын балтырларынын актыгы жетимиш кабат кийимдин астынан көрүнөт, ал тургай, чучуктары да, себеби Аллах; «Алар жакут жана маржан сыяктуу» (Рахман Сүрөсү, 58-аят) дейт. Жакут ушундай бир таш: тунуктугунан улам артынан бир жип созсоң ал жипти дал өзүндөй көрөсүң.» (Тирмизи)
Алардан ар бир эркектин эки аялы болот, ар бир аялдын үстүндө кийими болот, ал кийимдердин артынан да ал аялдардын чучуктары көрүнөт.» (Müsned: 10702, Tirmizî: Bu hadis hasendir (güzeldir.) )
«... Корголгон жумуртка сыяктуу аппак болгон бейиш аялдарынын терилеринин жукалыгы жумуртканын кабыгы ичиндеги ак бөлүгүн жапкан тунук кабыкчанын жукалыгындай болот.» (I.Kesir 3/417 )
Эль-Ферйаби мындай деген:
... Халид б. Йезид айтып берди
... Эбу Умаме Расулуллахтын, саллаллаху алейхи ва саллам, мындай дегенин риваят кылган:
«Бейишке кайсы кул кирсе, жетимиш эки жубай менен жуп кылынат, экөө жейрен көздүү үр кыздардан, жетимиши болсо дүйнө калкынан ага калгандардан. Ал аялдардан кайсынысы болсо, баарынын өтө жагымдуу бир алды, ал кишинин болсо ийилбеген бир эркектик мүчөсү бар.» (en-Nihâye, II, 457; İbn Mâce, 4337; Zühd kitabının, Cennet'in sıfatı babı; Beyhakî, el-Ba's ve'n-Nuşûr, 367; Ebu Nuaym, Sıfat el-Cenneh, 370)
Эт-Табарани айтат:
... Эбу Хурейре айтат:
«Эй Аллахтын Расулу (Элчиси), бейиште аялдарыбыз менен катнашта болобузбу? деп айтылды. Мындай деди: «Киши бир күндө жүз кыз менен катнашта болот.» (Taberanî, el-Mucem es-Sağîr, II, 12-13. Heysemî)
Эбу Йаъла эль-Мевсили айтат:
... Эбу Хурейре радыйаллаху анху айтат:
Бизге Расулуллах бир топ сахабалардын ичинде сүйлөп жаткан.
... Киши анын жанында канча турса тажабайт, аял да тажабайт, ага ар бир барганда ал кыз болот, аспабы чачырабайт, аялдыкы да каалабастык кылбайт. Адам мындай абалда, ага өзүнүн да тажабашы, андан да тажабашы түшүнүктүү болот. Бирок ал жерде өлүм жок, кыял (элес) жок. Анткен менен анын андан башка жубайлары да бар. Муну укканда ал адам чыгып, баарына бир-бирден барат. Кайсынысына барса, барган аял Аллахка ант болсун бейиште сенден жакшыраак нерсе жок дейт. Бейиште мен үчүн (никелүү жубайым катары) сенден көбүрөөк сүйүктүү эч нерсе жок, дейт.» (Ebu Ya'lâ, Müsned'inde rivayet etmiştir (Эбу Йаъла Муснединде риваят кылган), bk, en-Nihaye, I, 213-223.)
Оригиналы (түркчөсү) үчүн караңыз: http://www.harunyahya.org/tr/books/2547/Resulullahin-(sav)-Dilinden-Cennet/chapter/12460/Cennette-Esler
Оригиналы (түркчөсү) үчүн караңыз: http://www.harunyahya.org/tr/books/2547/Resulullahin-(sav)-Dilinden-Cennet/chapter/12460/Cennette-Esler
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder