Атомдордон түзүлгөн дене менен абадагы атомдорду дем алып, азыктардагы атомдорду жеп, суунун атомдорун ичесиз. Көргөндөрүңүз болсо көзүңүздөгү атомдорго таандык электрондордун фотондор менен сүзүшүүсү болуп саналат. Кармап сезгендериңизчи? Алар териңиздеги атомдордун буюмдардын атомдорун түртүшү болуп эсептелет.
Албетте, бүгүнкү күндө көп адамдар денесинин, ааламдын, дүйнөнүн, кыскасы, бүт нерсенин атомдордон тураарын билет. Бирок балким ушул күнгө чейин «атом» деп аталган «нерседе» кандай система катылганын ойлонбогон болушу мүмкүн. Же ойлонгон болсо да кантип пайда болгонун изилдөө зарылчылыгын сезген эместир, себеби аны бир гана физиктердин иши деп ойлогондур.
Бирок айланабызды караганыбызда кемчиликсиз системаны көрөбүз. Ал тургай, бул ушундай кереметтүү система болгондуктан, отурган креслобузду түзгөн триллиондогон атомдун ар биринин ичиндеги тартипти сүрөттөө үчүн бир китеп жазуу керек болот. Бир даана атомдун пайда болушун, системасын жана күчүн түшүндүрүү да көптөгөн бетке созулушу мүмкүн. Ошондой эле, технология өнүгүп, аалам тууралуу маалыматыбыз өскөн сайын ал беттер андан да көбөйүүдө.
Анда, ушул системалардын баары кокусунан пайда болушу мүмкүнбү? Чоң жарылуудан соң айланага тараган бөлүкчөлөр күтүүсүз бир чечимге келишип атомду түзүп, андан соң кокусунан ыңгайлуу шарттар пайда болуп, ал атомдор затка айланган болушу мүмкүнбү?
Мындай системаны, албетте, «кокустук» менен түшүндүрүүгө болбойт. Себеби айланаңызда көргөн нерселериңиздин баары, ал тургай, көзүңүзгө көрүнбөгөн аба да атомдордон турат. Жана ал атомдордун ортосунда өтө татаал кыймыл бар.
Атомдордун ортосундагы бул кыймылды ким башкарып жаткан болушу мүмкүн, сизби? Өзүңүздү болгону атомдордон гана турам деп кабыл алсаңыз, анда атомдоруңуздун кайсынысы эмнени башкарып жатат? Башка атомдордон эч кандай айырмасы жок мээңиздин атомдору калгандарын башкарып жатабы? Мээңиздин атомдорун башкаруучу деп кабыл алсак, анда төмөнкү суроолорго жооп беришибиз керек:
• Мээни түзгөн атомдордун баары башкаруучу болсо, анда өз ара кантип жана эмнеге карап чечим чыгарышат?
• Мээни түзгөн триллиондогон атом өз ара кантип кызматташып, түшүнүшөт?
• Эмне үчүн триллиондогон атомдун бирөөсү да кабыл алынган чечимге каршы чыкпайт?
• Атомдор өз ара кантип байланыш курушат?
Бул суроолорду эске алганда, мээни түзгөн триллиондогон атомдун баарын башкаруучулар деп кабыл алуунун канчалык логикасыз тыянак болоорун ачык-айкын түшүнөбүз.
Андай болсо, ал триллиондогон атомдун бирөөсү гана башкаруучу, калгандары болсо ага баш ийет деп ойлоо туура болушу мүмкүнбү? Бир атом гана баарын башкарат деп кабыл алсак, анда ошол замат кайсы атом башкаруучу жана ал атомду ким тандаган деген суроо туулат:
• Ал атом мээнин кайсы жеринде жайгашкан?
• Ал атомдун башкалардан кандай айырмасы бар?
• Эмне үчүн башка атомдор ал атомго толук баш ийишет?
Бул суроолорго жооп берээрден мурда бир нерсени белгилей кетүү керек: сөз болуп жаткан башкаруучу атом да башка бөлүкчөлөрдөн турат. Ал бөлүкчөлөр эмне үчүн жана эмнеге карап ал башкаруучу атомду түзүү үчүн биригишет? Ал бөлүкчөлөрдү ким башкарат? Ал бөлүкчөлөрдү башкарган башка бир күч-кудурет бар болсо, анда ал атомду башкаруучу деп эсептөө канчалык туура болот?
Бул жерден мээбизди түзгөн атомдордун бирөөсү башкаруучу атом болушу мүмкүн деген көз караш өзүнөн өзү четке кагылат.
Адамдар, жаныбарлар, өсүмдүктөр, таш-топурак, аба, суу, буюмдар, планеталар, кара тешиктер, космос мейкиндиги, бүт баары атомдон турат жана ааламдагы бул сан жеткис атомдор кантип бири-бири менен толук шайкештикте сакталып турушат? Бул сан жеткис атомдордун кайсынысы, болгондо да өзү да көптөгөн бөлүкчөлөрдөн турса, башкаруучу боло алсын?
Мындай пикирди жактоо же баарын кокустуктарга шылтап, ааламдарды жараткан улуу Кудуреттин бар экенин тануу «абийирлери кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердиктин себебинен гана четке кагуу» (Немл Сүрөсү, 14) болуп саналат.
Ойлоп көрүңүз, атомдордун ар кайсы формада биригишинен куралган адам бул дүйнөгө келип, атомдор менен азыктанып, чоңойот. Анан атомдордон турган бир имаратта атомдордон турган китептерди окуйт. Анан колуна атомдордон турган жана бетинде атом инженери деп жазылган диплом беришет. Бирок анан ал чыгып, «бул атомдордун аң-сезими жок жана алардын ичиндеги кереметтүү система кокусунан пайда болгон» деген сыяктуу сөздөрдү айтат. Эгер андай болсо, өзү бул сөздөрдү айта турган аң-сезимди, эркти жана мээни кайдан алып жатат?
Колуңуздагы бул китептин дээрлик ар бир бетинде ааламдагы жандуу-жансыз бүт нерсени түзгөн атомдун өзүнөн-өзү же кокусунан эч качан пайда болбой турганын кайра кайра көрдүк. Бүт бул айтылгандарга карабастан, дагы эле бул түзүлүштү «кокусунан» пайда болгон же «сыноо жана жаңылуу жолу менен» азыркы абалына келген деп ойлогондорго айта турган сөзүбүз Аз. Ибрахимдин ыймансыздарга айткан сөзүнө окшош болот:
Аллах мага мүлк берди деп Раббиси жөнүндө Ибрахим менен талашка киргенди көрбөдүңбү? Ибрахим: «Менин Раббим тирилтет жана өлтүрөт» деген эле; ал болсо: «Мен да өлтүрөм жана тирилтем» деген. (Анда) Ибрахим: «Чындыгында Аллах күндү чыгыштан чыгарат, (кана) сен болсо аны батыштан чыгарчы» дегенде, ал каапыр ошентип мукактанып калган эле. Аллах залимдер коомун хидаятка (туура жолго) жеткирбейт. (Бакара Сүрөсү, 258)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder