«Эмне үчүн?»
Бул суроо – жообу табылганда адамды таптакыр башка дүйнөгө алып бара турган бир эшиктин ачкычы. Ошондой эле, билгендерди билбегендерден айырмалоочу ичке сызык...
Адамзат бул дүйнөдө «эмне», «кантип» жана «кандайча» деген сыяктуу көптөгөн суроолордун жообун издейт, бирок бул суроолордон ары көп алыска бара албайт. Бүт тарабын курчаган кереметтүү тартип жана тең салмактуулук тууралуу өзүнө өзү «эмне үчүн?» деген суроону узатмайынча чындыкка эч качан жете албайт.
Бул китепте жандуу, жансыз бүт нерсенин пайдубалы болгон «атомду» карайбыз. Атомго байланыштуу эмнелердин, кантип жана кандайча ишке ашканын караган соң, «эмне үчүн» деген суроонун жоопторун издейбиз. Бизди чыныгы акыйкатка жеткире турган ушул акыркы суроонун жообу болот. Бул суроонун жоопторун болсо Аллахтан келген жол көрсөтүүчү жана бүт нерсенин жообун камтыган Курандан табабыз.
19-кылымдын биринчи жарымынан бери атомдун сырларын ачуу үчүн жүздөгөн илимпоз көп жылдар бою эмгектенди. Атомдун формасын, кыймыл-аракетин, түзүлүшүн жана башка өзгөчөлүктөрүн ачкан бул изилдөөлөр затты «башталышы жана аягы жок нерсе» деп кабыл алган классикалык физиканы түп-тамырынан кулатып, заманбап физиканын пайдубалын түздү. Бул изилдөөлөр, ошондой эле, көптөгөн суроолорду да пайда кылды.
Ал суроолорго жооп издеген көптөгөн физик изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында бүт ааламдагы сыяктуу, атомдо да кемчиликсиз тартип, жаңылбас тең салмактуулук жана акылдуу дизайн бар деген жыйынтыкты бир ооздон тастыктады.
Бул чындык көп кылым мурда Аллах тарабынан түшүрүлгөн ыйык китеп Куранда да белгиленген. Курандын апачык аяттарында таамай айтылгандай бүт ааламда кемчиликсиз тартип бар. Мындай болушу толугу менен табигый көрүнүш, себеби жер, асман жана ал экөөнүн ортосундагылар чексиз кудуреттүү жана акылдуу Аллах тарабынан жаратылган.
Аллах тарабынан жаратылган бүт нерсенин укмуш кемчиликсиз болушу жана кемчиликсиз тартип менен иштеши, албетте, табигый көрүнүш. Чыныгы таң кала турган нерсе – бул адамдын өзүнүн денеси да кошо, айланасындагы көргөн, уккан жана билген нерселеринин бүт баарындагы сансыз кереметтерден таасирленбеши жана ал кереметтер «эмне үчүн» көрсөтүлүп жатат деген суроонун жообун эч ойлонбошу.
Сиз окуп жаткан «атомдун сырлары» аттуу бул китеп илимий теманы караганы менен, илимий китептерден башка максатта даярдалган. Бул китеп жандуулардын да, жансыздардын да курулуш материалы болгон, өзгөчө мааниси бар «атом» темасын «эмне», «кантип» жана «кандайча» деген суроолордун жоопторунун негизинде карап, ал жооптордон «эмне үчүн» деген суроонун эшигин ачат. Ал эшиктен киргенде, Аллахтын акылынын, илиминин жана жаратуусунун бүт заттарды ороп-курчап тураары көз алдыга тартууланат.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder