Бул китепте денебизде бизге сезилбестен сансыз процесстер жүрүп жатканын көптөгөн мисалдар менен түшүндүрдүк. Бир учурда бардык органдарыбыз жана бардык клеткаларыбыз эбегейсиз ылдамдыкта, кемчиликсиз иштеп жатат. Баары өздөрүнө тапшырылган милдетти абдан ынтымактуу аткарып жатышат. Кан клеткаларга керектүү азыктарды тынымсыз жеткирип жатат. Ашказан менен ичегилер ал азыктарды клеткалар пайдалана алышы үчүн майдалап жатышат. Нерв клеткалары дененин бүт тарабына сигналдарды жөнөтүп жатат, мээбиз ал сигналдарды талдап жатат жана ошонун негизинде биз көрүп, сезип, даамдап, угуп жатабыз жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн иш-аракеттер жүрүп жатат.
Бул иш-аракеттердин
бирөөсүндө маселе пайда болсо, бүт дененин иштөө тартиби бузулат. Нерв клеткалары
жабыркаса колу-бутубуз жакшы иштебейт, ашказан клеткалары жабыркаса тамак сиңбейт,
тилибиздеги клеткалар жабыркаса жеген тамактарыбыздын, торттун, апельсиндин, банандын,
токочтордун даамын сезе албайбыз. Бирок кээ бир өзгөчө оорулардан тышкары, бул маселелердин
эч бири келип чыкпайт. Күнүмдүк жашообузда денебиз эч тынымсыз өзүнүн
иш-аракеттерин улантат. Жашообуздун ар бир көз ирмеминде уланып жаткан бул кемчиликсиздиктин,
албетте, бир себеби бар. Эч нерсе өзүнөн өзү мынчалык кемчиликсиз механизм
менен иштей албайт.
Үйүңөрдөгү телевизордун,
муздаткычтын, компьютериңердин, дептерге жазганда колдонгон калемиңердин,
кыскасы, бүт нерсенин бир дизайнери, бир өндүрүүчүсү бар. Бир учак же бир унаа
өзүнөн өзү пайда болуп, иштебейт. Инженерлер менен техникалык кызматкерлер
аларды долбоорлоп, иштеп чыгышат жана алардын кемчиликсиз иштешин камсыз кылышат.
Демек адамдын денеси сыяктуу кемчиликсиз системалардын жыйындысы эч качан
кокусунан пайда болбойт.
Силердин да
оюңарга «анда кээ бир адамдар кантип өздөрүнүн денелерин кокустуктардын
натыйжасында ушундай кемчиликсиз иштейт деп ойлошу мүмкүн?» деген суроо келет. Чындап
эле бул эң акылга сыйбаган көз караш болуп саналат. Денебиздеги кемчиликсиз
тартип кокусунан пайда боло албайт. Бул кемчиликсиздик бизге денебизди улуу акылмандын
долбоорлогонун көрсөтөт. Денебиз өтө улуу Жараткандын чыгармасы. Ал улуу Жараткан
– Раббибиз Аллах.
Аллах Куранда бизге пенделерине карата өтө боорукер экенин кабар берет. Биз Аллахтын боорукердиги жана мээрими үчүн Ага моюн сунуп, бизге Куранда буйругандарын кемчиликсиз аткарышыбыз жана берген бардык жакшылыктары үчүн ар дайым шүгүр кылышыбыз шарт. Аллах бир аятта бизге мындайча кайрылат:
Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага ибадат кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder