28 Kasım 2024 Perşembe

ЖЕГЕН ТАМАКТАРЫБЫЗДЫН ДЕНЕДЕГИ САЯКАТЫ

Денебиздин иштешине керектүү энергияны ар түрдүү тамактардан жана суусундуктардан алабыз. Бирок жеген ар бир тамагыңар, мисалы макарон, эт же банан денеде колдонула ала турган абалга келиши үчүн сиңирилиши керек. Ал азыктар сиңирилген соң дененин клеткалары аларды колдонуп баштайт. Банандын же алманын ичиндеги кант клеткаларыңарга күйүүчү зат болуп берет жана энергияңар көбөйөт, эттин ичиндеги белок клеткаларыңардын өрчүшү, башкача айтканда, денеңердин чоңоюшу деген мааниге келет. Муну түшүнүү үчүн бир аз өткөн чакка кайтып, жаңы төрөлгөн кезиңерди элестеткиле.

Төрөлгөн кезиңерде салмагыңар болжол менен 2-3 килограмм болчу. 10 жашта 30-35, 15 жашта 40-50, 20-25 жашта болсо 50-60 килограмм болосуңар.

Ортодогу бул чоң салмактык айырмага жеген тамактарыңардын ичиндеги заттардын акырындап денеге кошулушу себеп болот. Ал азыктардын бир бөлүгү силердин велосипед тебишиңерге, чуркап оюн ойношуңарга керектүү энергияны камсыз кылат, бир бөлүгү болсо денеңерге кошулат жана этиңерди, сөөгүңөрдү пайда кылат. Ишке жараксыз бөлүктөрү болсо денеден чыгарылат. Бул процесстердин баары тамак сиңирүү системаңар аркылуу ишке ашат. Ашказан, ичегилер, уйку бези сыяктуу органдар тамак сиңирүүдө кызмат кылышат.

Тамак сиңирүү системасынын иштеши мунайзат иштетүүчү заводдордун иштөө принцибине окшошот. Мунайзат иштетүүчү заводдорго чийки зат катары келген мунайзат техникалар тарабынан иштетилип, колдонууга жарактуу абалга алып келинет. Ашказаныбызга да жеген тамак-аштарыбыз чийки зат катары кирет жана дене колдоно ала турган абалга келтирүү үчүн көптөгөн процесстерден өткөрүлөт. Ашказан менен ичегилерде ажыратылган тамак-аштар клеткалар азык катары колдоно ала турган абалга келет жана кан тамырлар аркылуу бүт азыктар керектүү аймактарга жеткирилет.

Мунайзат иштетүүчү заводдордо бир эле зат ар кандай формада иштетилип ар түрдүү продукцияларга, мисалы, унааны жүргүзүүчү бензинге же спорттук бут кийимиңердин резинасына айландырылган сыяктуу, тамак-аштардын ичиндеги азыктар да ашказанда муктаждыкка жараша май, кант жана углевод сымал майда бөлүктөргө ажыратылат. Бирок муну унутпагыла, силер даамдуу сендвичти жегенден кийин ашказаныңарда ишке ашкан процесстер мунайзат иштетүүчү заводдон алда канча татаал. Ошондой эле, силер азыр окуй турган бул процесстер эбегейсиз чоң заводдо эмес, денеңердеги кичинекей аймакта жасалат.

Денеңерде тамак сиңирүү процесси ишке ашкан жолдун узундугу жалпысынан 10 метрди түзөт. Бул адамдын боюнан 6-7 эсеге узун жана мындай узундуктун денебизге батырылганы өзүнчө бир керемет. Мындай узун канал денебиздин ичине кантип жайгаштырылган? Бул суроонун жообу денебиздин өзгөчө долбоор менен жаратылганын дагы бир жолу көрсөтөт.

Сүрөттө чагылдырылган тамак сиңирүү каналы денебизге бүктөлүп жайгаштырылгандыктан, абдан узун болгонуна карабастан, кичинекей аймакка батат. Бул өзгөчө долбоор бүт нерсени жараткан Раббибиздин кемчиликсиз долбоору. Тамак сиңирүү системасынын бул өзгөчөлүгү Аллах денебизде жараткан кереметтердин бирөөсү гана.

 

Тиштериңердин формасынын эмне үчүн ар түрдүү экенин билесиңерби?

Анын себеби алардын аткарган кызматтары ар түрдүү. Мисалы, маңдай тиштериңер курч, ошондуктан алманы оңой эле тиштей аласыңар. Арттагы азуу тиштериңер маңдайда болсо эмне болмок? Ооба, туура болжодуңар. Анда алманы азуу тиштериңер менен ажырата алмак эмессиңер. Ошол сыяктуу курч маңдай тиштериңер оозуңардын арт жагында жайгашканда, бул жолу жеген тамактарыңарды чайнай алмак эмессиңер.

Денебиздин бүт тарабы сыяктуу, оозубуздагы тиштер да Аллахтын теңдешсиз жаратуусу менен, биз үчүн эң ыңгайлуу кылып тизилген.

 

Ашказаныңар тамактарды кантип сиңирет?

Жогоруда кыскача сөз кылынган тамак сиңирүү системасын эми тереңирээк карайлы. Дем алганыңарды, сууда сүзгөнүңөрдү, велосипед тепкениңерди, тамак жегениңерди элестеткиле... Булардын баары күнүмдүк жашоонун бир бөлүгү. Бирок көбүнчө булардын кантип ишке ашаарын ойлонбойбуз. Денебиз энергияга муктаж. Ал энергияны жеген тамак-аштарыбыздан алаарыбызды айттык. Бирок денеге керектүү азыктар кандын ичинде айлана ала тургандай майда, жөнөкөй бөлүкчөлөр түрүндө болушу шарт. Антпесе клеткалардын ичине кире албайт. Бирок биз жеген тамак-аштар чоң бөлүктөр түрүндө болот. Ошондуктан жеген тамак-аштарыбызды денебиз колдоно алышы үчүн бир машина талап кылынат. Негизи аны кыскача жеген тамак-аштарыбызды майда бөлүктөргө ажырата турган майдалагыч десек да болот. Денебиздеги бул майдалагыч машина «тамак сиңирүү системасы» деп аталат.

Ал система бардык машиналар сыяктуу көптөгөн тетиктерден турат жана ал тетиктердин баары кемчиликсиз иштегени үчүн тамак-аштарды сиңире аласыңар. Тамак сиңирүү системасынын тетиктери бири-бирине шайкеш жана бир жерде болушу шарт, антпесе система иштебейт.

Бир система иштей алышы үчүн эмне себептен бардык тетиктери кемтиксиз бир жерде болушу керек экенин жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй мисал келтирели:

Пульт менен башкарылган машина дөңгөлөктөр, пульт, мотор, батареялар, чарк, түрмөк (катушка), антенна сыяктуу ар кандай тетиктерден турат. Тамак сиңирүү системасында да ушул сыяктуу көптөгөн бөлүктөр бар. Алар ашказан, кызыл өңгөч, тиштер, тил, ичегилер сыяктуу ар кандай органдарыбыз.

Эми ойлоп көргүлө, пульт менен башкарылган машинанын антеннасы же дөңгөлөктөрү жок болсо, машина жүрөбү? Албетте, жок. Машина бардык тетиктери чогуу бар болгондо гана иштейт. Тамак сиңирүү системасында да ушундай. Кызыл өңгөч жок болсо, ашказандын эч кандай мааниси болбойт. Себеби тамак-аштарды ашказанга кызыл өңгөч жеткирет. Же ашказан болбосо, ичегилер эч нерсеге жарабайт. Анткени ашказанда сиңирилген тамак-аштар ичегилерге өтүп, клеткаларыбызга чейин жете турган абалга келтирилет.

Бул жерден апачык көрүнүп тургандай, бүт ааламдын жаратуучусу Раббибиз биз үчүн бүт жагынан кемчиликсиз системаны жараткан. Бул бизге Раббибизден башка кудай жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт. Курандын бир аятында мындай деп айтылат:

Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган. (Таха Сүрөсү, 98)

 

ТАМАК СИҢИРҮҮ МАШИНАСЫ ИШТЕП БАШТАЙТ...

Тамак-аштарды сиңирүү алгач ооздо башталат. Жеген тамак-аштарыңардын ичиндеги углеводдор алгач оозуңардагы шилекей тарабынан ажыратылат. Мисалы, эрте менен жеген наныңар алгач оозуңарда ажыратылып баштаган. Бирок ага кошуп жеген быштагыңар ажыратылышы үчүн дагы бир аз убакыт талап кылынат.

Ооздо майдаланган тамак-аштар кызыл өңгөчтөн өтүп ашказанга барат. Ашказанга барганда башка кемчиликсиз тең салмактуулук тосуп алат. Тамак-аштар ашказанда ажыратуучу таасири өтө күчтүү бир суюктук тарабынан сиңирилет. Ал суюктук ашказандагы туз кислотасы. Силер да билгендей, кислоталар ажыратуучу касиетке ээ. Тийген жерин күйгүзүп ээритет. Мисалы, апаңар суу кетпей калган раковинаны тазалоо үчүн колдонгон каражаттардын ичинде кислота бар. Ал кислоталар түтүктөргө чогулуп калган тамак-аш калдыктарын жана кирлерди бир заматта майда бөлүктөргө ажыратып, тыгындарды ачат. Ашказаныбыздагы күчтүү кислота болсо чоң бөлүктөр түрүндө ашказанга барган тамак-аштарды денебиз колдоно ала турган абалга алып келет. Бирок бул жерде көңүл бурула турган дагы бир абдан маанилүү жагдай бар.

Жеген тамак-аштарыбызды ашказандагы кислота ажыратат деп айттык. Ал кислота кантип өзү да эттен турган ашказаныбызды ажыратып салбайт? Элестетип көргүлө, мисалы силер кечки тамакта жеген эттерди ашказаныңардагы кислота сиңирип жатып, ошого окшош эле эттен турган ашказаныңардын өзүнө кантип тийишпейт? Бул жерден да Раббибиздин кемчиликсиз жаратуусуна күбө болобуз. Бүт нерсени кемчиликсиз жараткан Аллах бул системанын ичинде ашказандын өзүнүн сиңирилишине тоскоол болуучу бир коргоону да жараткан.

Ал коргоо төмөнкүдөй иштейт: тамак сиңирүү учурунда туз кислотасынын ашказанды ээритишине бөгөт коюу үчүн «былжыр» деп аталган башка бир суюктук да бөлүп чыгарылат. Ал суюктук ашказандын ички бетин толук каптап, туз кислотасынын ашказанга зыян тийгизишине бөгөт болот. Ошентип ашказандын өзүн-өзү сиңирип салышына бөгөт коюлат.

Тамак-аштардын ашказандан кийинки аялдамасы болсо ичегилер. Ичке жана жоон деп аталган эки түрдүү ичегиден өткөн тамак-аштар ал жолдо андан да майда бөлүктөргө ажырайт жана дене колдоно ала турган абалга келет. Тамак-аштардын керектүү бөлүктөрү ичке ичегиден канга аралашат жана керексиздери бөлүп чыгаруу системасы аркылуу денеден чыгарылат. Жеген тамак-аштарыбыздын ичегидеги баскычтары да абдан маанилүү. Ашказандагы сыяктуу ичке ичегиде да тамак сиңирүү уланат. Азыктар андан да майда бөлүктөргө ажыратылат. Аягында ушунчалык майда болуп калгандыктан, ичегилердин капталындагы ипичке кан тамырлардын ичине кирип, кан аркылуу дененин бүт тарабына бара алышат.

Балдар, көңүл бурган болсоңор, денебиздин тамак сиңирүү механизми кемчиликсиз пландалган. Ооздон башталып, кызыл өңгөч, ашказан жана ичегилер аркылуу уланган бул сапар учурунда жеген тамак-аштарыбыз ар түрдүү баскычтардан өтөт. Жана аягында клеткаларыбызга керектүү азыктар алынат. Алар ичегилерден кан аркылуу таратылуу үчүн денеге жиберилет. Эгер бул механизм кемчиликсиз иштебегенде, жеген тамак-аштарыбызды сиңирүү биз үчүн абдан кыйын болмок.

Биринчиден, эгер тиштерибиз болбогондо, тамак-аштарды жетиштүү деңгээлде майдалай алмак эмеспиз жана тамагыбыздан өтмөк эмес. Өтсө да кызыл өңгөчкө чоң зыян тийгизмек. Эгер ашказаныбыз тамак-аштарды сиңирип, ажыратуу өзгөчөлүгүнө ээ болбогондо, жеген тамактарыбыздын баары чоң масса бойдон ашказанда калып, ооруга себеп болмок. Мындан тышкары, тамак-аштар сиңирилбесе, денеге азык жетмек эмес. Азык жетпеген дене белгилүү убакыттан кийин бардык күчүн жоготот жана клеткалар өлүп баштайт. Бирок биз мындай нерселерге туш болбойбуз. Себеби Раббибиз денебиздин бардык мүчөлөрүн кемчиликсиз кылып жараткан. Бизге эч сезилбестен бул кемчиликсиз система ишин улантат. Аллах бир аятта баарын кемчиликсиз жаратаарын төмөнкүчө кабар берет:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Ага таандык. Асмандардагы жана жердегилердин баары Аны тасбих кылат. Ал – Азиз (Улуу), Хаким (Даанышман). (Хашр Сүрөсү, 24)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder