Буга чейин өзүңөргө бул суроолорду берип көргөн белеңер?
3 Азыр дем
алышым керекпи?
3 Жүрөгүм айландырып жаткан кан жетиштүүбү?
3 Кайсы клеткаларыма, кайсы органдарыма канчалык өлчөмдө
энергия керек?
3 Ашказаным жеген тамактарымды качан сиңирип башташы
зарыл?
3 Көзүмө кирген жарыктын өлчөмү туура жөнгө салынып
жатабы?
3 Колумду кыймылдатуу үчүн кайсы булчуңдарымды
иштетсем?
Бул суроолор
кулагыбызга кызыктай угулат, туурабы? Себеби эч качан биз өзүбүзгө бул
суроолорду бербейбиз, ал тургай, көпчүлүгүбүздүн бул процесстердин тынымсыз
жасалып жаткандыгынан кабарыбыз да жок. Денебиз бул иштерди автоматтык түрдө
жасайт. Ал үчүн бүт тарабыбызды курчаган нейрондук тармакты колдонот. Нейрондук
тармак сүрөттөрдө көрсөтүлгөн сыяктуу триллиондогон нерв клеткаларынын
биригишинен түзүлөт. Денебиздин бүт тарабын каптаган нейрондук тармакты төмөнкү
сүрөттө чагылдырылган унаа жолдоруна салыштырууга болот. Бул тармак аркылуу
мээбиздеги клеткалар менен буттарыбыздагы булчуң клеткаларынын ортосунда байланыш
түзүлөт жана денедеги бардык клеткалар бири-бири менен байланыш курушат. Бирок
нерв системабыз километрлерге созулган, көптөгөн кесилиштери, эки кабаттуу жолдору
жана баруу-келүү тилкелери өз-өзүнчө болгон бир унаа жолуна караганда алда
канча татаал системага ээ. Унаа жолдордон унаалардын бир аймактан башка бир
аймакка барышы сыяктуу, денебиздеги нейрондук тармак аркылуу жол жүргөн
электрдик нерв импульстары бар. Ал импульстар бир аймактан башка аймакка кабар
жеткиришет.
Дененин ичиндеги
ал импульстардын ылдамдыгын элестетүү да мүмкүн эмес. Мисалы, силер колуңарды бүккүңөр
келгенде мээңерден бир электрдик сигнал жолго чыгат. Татаал сапар учурунда
сигнал алгач жүлүнгө барат. Ал жерден кабар жеткирилиши керек болгон органды
көздөй тездик менен зымырайт. Колуңардын булчуңу бүтүндөй жыйрылат жана колуңар
чыканактан бүгүлөт. Бул процесстердин баары секунданын миңден бириндей өтө
кыска убакытта ишке ашат. Көзүңөрдү жай ачып жумганыңарда болжол менен 1
секунда өтөөрүн эске алганда, секунданын миңден биринин канчалык кыска убакыт аралыгы
экенин жакшыраак түшүнөбүз. Ушул мисалдагы сыяктуу дененин бүт тарабына барган
импульстар нервдер аркылуу мээге жиберилет. Эбегейсиз ылдамдык менен денеңердин
бүт тарабынан мээге тынымсыз кабарлар барат. Ошол аркылуу силер сүйлөйсүңөр,
күлөсүңөр, чуркайсыңар, балмуздактын даамын сезесиңер, итиңер менен ойнойсуңар.
Бул кыймыл-аракеттерди жасаганда ортодо эч үзгүлтүк болбойт, ойлогон нерсеңерди
заматта кыла аласыңар. Караганда ошол замат көрөсүңөр, бирөө сүйлөөр замат
угасыңар, бир нерсеге тийээр замат ысык же муздак экенин түшүнөсүңөр. Булардын баарына
нерв системаңар менен мээңердин кемчиликсиз шайкештиги шарт түзөт.
Ушул учурда да
нерв импульстары таң калаарлык ылдамдык менен иштеп жатат. Манжаларыңардын учтарындагы
нервдер мээңерге колуңарда турган бул китептин салмагы тууралуу маалымат жөнөтүп
жатат жана силер китепти ошол салмакка ылайыктуу күч менен көтөрүп жатасыңар. Мындан
тышкары, көздөрүңөрдөн, мурдуңардан, кулактарыңардан, буттарыңардан жана денеңердин
дагы көптөгөн тарабынан мээңерге импульстар барып жатат.
Мээңер келген
сигналдарды баалап, бүт тарапка керектүү жоопторду жөнөтөт. Денеңер ошол жоопторго
жараша кыймыл-аракеттерди жасайт. Эми булардын баарын башынан баштап кайрадан
ойлонолу. Денеңерде бир учурда көптөгөн процесстер жүрүп жатат. Бир эле учурда
китеп окуп жатасыңар, сырттан келген үндөрдү угуп жатасыңар, бутуңарга
сүйкөнгөн мышыгыңардын жумшак жүндөрүн сезип жатасыңар, жемиш ширесинин даамын татып
жатасыңар, жүрөгүңөр согуп жатат жана денеңерде дагы көптөгөн иш-аракеттер
жүрүп жатат.
Булардын баарын
бир-эки секундага эле өзүңөр башкарышыңар керек болуп калса, эмне болмок? Албетте,
булардын баарын бир учурда башкара албайбыз. Анткен менен, Аллахтын кемчиликсиз
жаратуусунун натыйжасында мээ менен денебиздин башка мүчөлөрү кызматташып,
булардын баарын өздөрү эле жасай беришет. Денеден бардык маалыматтар сигнал түрүндө
мээге барат жана ал сигналдардын мааниси түшүнүлүп, чечмелениши керек. Ошондо гана
силер итиңердин жүнүнүн жумшактыгын, шамалдын салкындыгын, шабдалы ширесинин
таттуу даамын, куурулган картошканын жытын сезесиңер. Анда, силердин оюңар
боюнча, салмагы 1,5 килограммдан ашпаган эттен түзүлгөн мээңер булардын баарын
өз алдынча жасай алабы? Бул, албетте, мүмкүн эмес. Аллахтын кемчиликсиз
жаратуусу себептүү мээңер бул процесстердин баарын бир учурда жасай алууда.
Сүрөттө мээнин ичинде
сүйлөп, көрүп, угуп жаткан, жыттап жаткан, кыймылдап жаткан, уктап жаткан
балдар чагылдырылган. Бирок, албетте, бул ойдон чыгарылган сүрөт. Бул сүрөт мээнин
кайсы аймагында кайсы процесстер ишке ашаарын түшүнүү үчүн даярдалган. Чындыгында
мээнин ичинде микроскоптон араң көрүнгөн нерв клеткалары гана бар. Силердин оюңар
боюнча, нерв клеткалары эң жакшы көргөн оюнчугуңарды көрө алабы же шоколад
кошулган балмуздактын даамын сезе алабы? Албетте, андай болушу мүмкүн эмес. Себеби
нерв клеткалары жип сыяктуу ипичке эттерден турат. Демек, айланабыздагы бул
кемчиликсиз дүйнөнү жараткан өтө улуу башка бир кудурет болушу шарт. Ал кудурет
Аллахка таандык. Бүт нерсенин кожоюну Аллах айланабыздагы нерселердин баарын кемчиликсиз
жаратып, бизге кооз жашоо тартуулоодо. Биздин милдетибиз болсо Раббибизге шүгүр
кылуу. Аллах Куранда көздөрүбүздү жана кулактарыбызды мисал келтирип, ал үчүн
шүгүр кылышыбыз керек экенин төмөнкүчө кабар берген:
Ал силер үчүн кулактарды, көздөрдү жана
көңүлдөрдү жараткан; канчалык аз шүгүр кыласыңар. (Мүминун Сүрөсү, 78)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder