28 Kasım 2024 Perşembe

ДЕНЕБИЗДИН МИКРОСКОПИЯЛЫК МОТОРЛОРУ: БУЛЧУҢДАРЫБЫЗ

Булчуңдар денебиздин кубаттуулук станциялары болуп саналат. Алардын милдети энергияны күчкө айландыруу жана муну өмүр бою кемчиликсиз аткарышат. Биз муну кээде байкасак, кээде эч байкабайбыз. Мисалы, кээ бир булчуңдарыбыз бизден эч кандай аракетти талап кылбастан иштейт. Жүрөк жана ашказан булчуңдары ушул түргө кирет. Алардын иштешин биз башкара албайбыз. Биздин каалообуз боюнча кыймылдаган булчуңдарыбыз болсо скелетке туташкан булчуңдар. Денебизде мындай 650 даана булчуң бар. Биз кыймылдаганда сөөктөр менен бирге ал булчуңдар да жыйрылат жана бошоңдойт.

Булчуңдарды кан тамырлар менен нервдер иштетет. Кан тамырлар аркылуу булчуңдарга кычкылтек менен азык келсе, нервдер аркылуу булчуңдар кыймылдатылат.

Ушул учурдан баштап булчуңдарыңарды башкаруу толугу менен өзүңөргө тапшырылса, эмне болмок? Мисалы, жүрөк булчуңуңарды өзүңөр башкарышыңар керек дейли. Анда башка эч нерсе кылбай, убактыңардын баарын жүрөк булчуңуңардын жыйрылып, кайра бошоңдошуна арнашыңар керек болмок. Анткени жүрөк булчуңуңар бир саамга эле токтосо, жашооңор бүттү дегенди билдирет. Уктап калганыңарда болсо жүрөгүңөрдүн иштешин башкара албай калганыңар үчүн, жашооңор менен коштошмоксуңар. Бирок эч качан мындай болбойт. Себеби денебизде кемчиликсиз көзөмөл системасы болгондуктан, биз буларды ойлоого мажбур эмеспиз.

Биздин милдетибиз болгону бизге бардык бул жеңилдиктерди берген чексиз боорукер жана мээримдүү Раббибизге шүгүр кылуу жана Ал ыраазы боло турган иштерди жасоо. Аллах Ага гана ибадат кылышыбыз керек экенин бизге бир аятта төмөнкүчө кабар берген:

Мына Раббиңер Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага ибадат кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. (Энъам Сүрөсү, 102)

 

Булчуңдарыңар өтө шайкеш иштешет

Күлгөнүңөрдө жүзүңөрдө бир учурда 17 булчуңдун чогуу жыйрылаарын билесиңерби? Эгер алардын бирөөсү жыйрылбаса же кызматын туура эмес аткарса жылмайа албайсыңар, ал тургай, жүзүңөрдүн мимикасы түшүнүксүз көрүнүп калат.

Жүзүңөрдө мимиканы жасоого жооптуу жалпысынан 28 булчуң бар. Ал булчуңдардын биргелешип жыйрылышынан миңдеген түрдүү мимика пайда болот. Ачуулануу, таң калуу, кубануу, жылмайуу сыяктуу сезимдериңерди ошол булчуңдар аркылуу көрсөтөсүңөр. Жүзүңөрдүн булчуңдарынан тышкары денеңердеги башка булчуңдар да абдан шайкеш иштешет. Мисалы, бир эле кадам ташташыңар үчүн буттарыңарда жана белиңерде жайгашкан 54 булчуң бирдей иштейт. Ушул сыяктуу дагы жүздөгөн кыймылды булчуңдарыбыз аркылуу оңой гана жасайбыз жана ал бизге табигый нерседей сезилет. Бирок бул маалыматтардын баарын окуган соң токтоп дагы бир жолу ойлонушубуз керек. Себеби биз ал булчуңдарыбыз иштеши үчүн эч нерсе кылбайбыз. Эгер булчуңдарыбыз толук иштебегенде, чуркоо, сууда сүзүү, велосипед тебүү мындай турсун, кадам таштап баса да алмак эмеспиз. Ошондуктан унутулбай турган абдан маанилүү бир чындык бар. Аллах денебизде кемчиликсиз система жараткан. Ал бизге Раббибиздин бир белеги. Ошондуктан биз Аллахтын бизге болгон чексиз мээримин ар дайым ойлонуп, Аллахтын улуулугун эстеп, шүгүр кылышыбыз зарыл.

 

Ар кандай жумушту жасай алган чебер колдорубуз

Китепти барактоо, унаанын эшигин ачуу, кол чайкоо... Булар колдорубузду колдонуп эч кыйынчылыксыз, көп кылган иштерибиз. Колубузду ушул сыяктуу жүздөгөн ар кандай иштерде колдоно алабыз.

Колубуз ушунчалык күчтүү болгондуктан, муштум түйүлбөгөн абалда да бир буюмдун үстүнө колубуз менен 45 кг салмакта күч көрсөтө алабыз. Ошончолук күчтүү болгону менен, колубузду каалаган учурда өтө аяр жана кылдат иштерде да колдоно алабыз. Мисалы, ийненин тешигинен жип өткөрүү сыяктуу. Бул иштердин бирөөсүндө өтө көп күч керек болсо, экинчисинде абдан кылдаттык талап кылынат. Бирок биз буларды жасап жатканда чындыгында колубуздун канчалык ийгиликтүү иштеп жатканын байкабайбыз дагы. Башкача айтканда, эч качан «азыр столдун үстүнөн бир кагаз алам, эң жакшысы 500 граммдык күч колдоноюн» же «азыр топту ыргытам, 5 килограммдык күч колдоноюн» деп ойлонбойбуз. Булардын баарын автоматтык түрдө, эч нерсени ойлонбой жасайбыз. Анткени Аллах бизди кемчиликсиз кылып жараткан. Колубуздагы бул теңдешсиз жөндөм Аллахтын теңдешсиз жаратуусунан пайда болгон.

Окумуштуулардын эң чоң аракеттеринин биринин адамдын колуна окшош жасалма колду иштеп чыгууга багытталганын билчү белеңер? Иштелип чыккан робот колдор күчү жагынан адамдын колуна тең келгени менен, биздин колубуздагы тийүү кылдаттыгы жана ар түрдүү иштерди бирдей жасай алуу жөндөмүнө ээ эмес.

Ошондой эле, көптөгөн окумуштуулар адамдын колунун бардык функцияларын аткара ала турган робот колду жасоо мүмкүн эмес деп эсептешүүдө. «Карлсруэ колу» деп аталган робот колду жасаган инженер Ханс Шнебели бул тууралуу мындай дейт:

Робот колдор багытында иштеримди уланткан сайын адамдардын колдоруна суктануум артууда. Адамдын колу жасаган иштердин бир бөлүгүнө эле жетүүбүз үчүн да дагы көп убакыт керек.

Учурдагы технология менен копиясы жасала албаган колдорубузду Аллах атайын долбоорлогон. Колдорубуз бизге Аллахтын кемчиликсиз жаратуу чеберчилигин көрсөтөт.

Аллахтан башка жаратуучу жок. Аллах бир аятта Өзүнөн башка кудай жок экенин кабар берип, бул акыйкатты көрбөгөн адамдарга мындайча кайрылат:

Айткын: «Асмандар менен жердин Рабби ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Анын жаратышы сыяктуу жаратуучу шериктерди табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бири-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder