Китептин кириш сөзүндө денебиздин триллиондогон клетканын жыйындысынан тураарын айттык. Бирок бул окуп коюп эле өтүп кете турган сан эмес. Триллион деген өтө чоң санды түшүндүрөт. Бойго жеткен ар бир адамдын денесинде жалпысынан 100 триллионго жакын клетка бар. Бирок ал клеткалар өтө кичинекей болгондуктан, биздин денебиздин өлчөмү абдан чоң эмес. Төмөнкү мисалды окуганыңарда клеткалардын канчалык кичинекей экенин жакшыраак түшүнөсүңөр. Денебиздеги клеткалардын бир миллиону бириксе, бир ийненин учундай гана жерди ээлейт. Ушунчалык кичинекей болгонуна карабастан, клетканын түзүлүшүнүн кандай экени дагы деле толук чечмелене элек. Илимпоздор клетканын ичиндеги системаларды дагы эле изилдешүүдө.
Силерди түзгөн
алгачкы клетка апаңар менен атаңардан келген бирден клетканын апаңардын
денесинде биригишинен пайда болот. Ал клетка эч тынымсыз бөлүнөт жана белгилүү
убакыттан кийин алгач бир бүртүк этке айланат. Анан ал этти түзгөн клеткалар да
бөлүнүүнү улантышат жана акырындан денеңер калыптана баштайт.
Пайда болгон ар
бир жаңы клеткаңардын формасы ар түрдүү болот. Бири кан клеткасына, экинчиси
сөөк клеткасына, үчүнчүсү нерв клеткасына айланат. Денебизде бири-бирине
окшобогон 200 клетка түрү бар. Ал клеткалардын баары түпкүрүндө окшош бөлүкчөлөрдөн
турат, бирок ар түрдүү кызматтарды аткарышат. Мисалы, буттарыңардагы булчуң
клеткалары силер басып, чуркай алышыңар үчүн сүрөттө көрсөтүлгөндөй өрүлгөн
арканга окшош болот. Мындай түзүлүшү себептүү силер топ менен ойноп жатканыңарда
бутуңардагы же колуңардагы булчуңдар ашыкча созулуудан улам үзүлүп кетпейт. Кан
клеткаларыңар болсо тегерек диск формасында. Ал клеткалардын милдети – денеге керектүү
кычкылтекти тамырлар аркылуу жеткирүү. Мындай формасынан улам кычкылтек менен
бирге кан тамырларынын ичинен эч кыйынчылыксыз агып өтө алышат. Тери клеткаларыңар
болсо бири-бирине бекем жабышып, катарынан тизилген. Ошентип терибиз
микробдорду жана сууну өткөрбөйт.
Ушул сыяктуу
башка клеткаларыбыздын баары өзүнүн кызматы үчүн эң ылайыктуу формага ээ. Бирок
алардын мындай формаларга ээ болушу, албетте, кокустук эмес. Компьютерлерди,
унааларды же учактарды элестеткиле. Ал машиналардын формаларын жана алардын иштешине
керектүү системаларды долбоорлогон бирөөлөр бар. Майда-чүйдөлөрдүн баарын ал
машиналарды өндүргөн фирманын кызматкерлери ойлонуп, пландашат. Унаалар жолоочулардын
эң бейпил жана коопсуз сапар тартышына, телевизорлор болсо сүрөттөлүш менен
үндү көрүүчүлөргө эң сапаттуу жеткирүүгө ылайыкталып жасалат. Бул бир гана
технологиялык шаймандарга эмес, колдонгон буюмдарыбыздын баарына тиешелүү. Стол,
отургуч, жашаган үйүңөр, колдонгон калемиңер, тамак жеген кашык, вилкаңар...
Баары долбоор менен, пландалып жасалган. Бүт баарынын ар бир майда-чүйдөсү абдан
кылдат эсептелген, эч кандай кокусунан пайда болгон эмес. Силер да билгендей, бир
долбоор жана анын натыйжасында бир буюм пайда болушу үчүн акыл болушу шарт.
Эми ушул эле
мисалды денебиздеги клеткалар тууралуу ойлонолу. Клеткаларыбызда телевизордон
же башка технологиялык шаймандан алда канча татаал долбоор жана иштөө
системалары бар. Болгондо да, кереметтүү өзгөчөлүктөрү бар клеткаларыбыз
жандуу. Илимпоздор, жогоруда да айтылгандай, бул кичинекей жандыктардын ичиндеги
кереметтүү системаны дагы деле толук изилдеп бүтө элек.
Кичинекей жерде
адамзаттын акылы да чечмелей албаган мындай долбоор кантип пайда болгон деген
ой келди силерге, туурабы?
Бул бизге клеткаларыбызды
өтө улуу бир акылман пландап жаратканын көрсөтөт. Ал улуу акылман – бизди бүт
тарабыбызды кемчиликсиз кылып жараткан Аллах.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder