28 Kasım 2024 Perşembe

СӨӨКТӨРДӨН ТУРГАН СКЕЛЕТИБИЗ

Денеңерде жалпысынан 206 даана сөөк бар. Мынча сөөк аябай көп деп ойлошуңар мүмкүн, бирок төмөнкү мисалдан мунун канчалык керектүү экенин түшүнөсүңөр. Манжаларыбызды алалы. Эгер манжаларыбыз бир сөөктөн турганда, силер азыр бул китепти кармай алмак эмессиңер. Эмне үчүн дейсиңерби? Себеби түптүз турган сөөктү ийе албайсыңар, ийгенге мажбурласаңар сөөк сынат. Манжаларыңарды бүгө албаганыңар үчүн буюмдарды кармоо, бир жерди кармап туруу, бир нерсени жазуу же тамактануу сыяктуу иштерди кыла алмак эмессиңер. Азыркы учурда бул китепти эч кыйынчылыксыз кармап турушуңардын, ошондой эле, бир тараптан суусундукту алып иче алышыңардын себеби – колуңарда, манжаларыңарды да кошуп санаганда, бири-бирине уланган 27 даана сөөктүн болушу.

Жогоруда айтылгандай, денебизде колубуздагы сыяктуу бири-бирине уланган жалпы 206 сөөк бар. Ал сөөктөрдүн баары өз ордуна өтө акылдуу план менен жайгаштырылган. Ошол кемчиликсиз пландан улам алдыңарды көздөй ийиле аласыңар, тизелериңерди бүгө аласыңар жана башыңарды капталдарга бура аласыңар. Бирок көңүл бургула, булардын баарын бир гана сөөктөрүңөрдү колдонуп жасай албайсыңар. Себеби сөөктөр ийилип, бүгүлбөйт. Бул кыймылдар үчүн сөөктөр бири-бирине туташкан жерлерде муундарыбыз жайгашкан. Муундарыбыздан улам колубузду бүгүп, бутубузду жогору көтөрүп, манжаларыбызды колдоно алабыз.

Сөөктөрүбүз кыймылдашы үчүн муундарыбыздын канчалык маанилүү экенин жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй мисал келтирели:

Жыгачтан бир куурчак жасадыңар дейли. Ал куурчак колдорун кыймылдата алышы үчүн эмне кылышыңар керек? Албетте, далысы менен колу туташкан жерге кыймылдай турган бир тетик кошмоюнча, куурчактын колдору кыймылдабайт. Буттарын кантип кыймылдата аласыңар? Ал үчүн буту менен тулку бою туташкан жерге кыймылдай турган бир тетик орнотуу керек. Ошондо гана жыгач куурчактын колдору менен буттарын кыймылдата аласыңар. Ошол сыяктуу, колу менен бутун жасоодо колдонулган чыбыктарды эки бөлүккө бөлүп, ортолоруна кыймылдай турган тетик жайгаштырсаңар, бул жолу куурчактын колу чыканагынан, буттары болсо тизелеринен бүгүлүп калат. Бул жөнөкөй мисалдан да көрүнүп тургандай, сөөктөрүбүздүн көп санда болушу жана ортолорунда керектүү жерлерге муундардын жайгаштырылышы биздин эркин кыймылдашыбызга шарт түзөт.

Сөөктөрүбүздү мынчалык күчтүү кылган нерсе эмне? Бул суроонун жообу негизи сөөктөрдүн жогоруда кыскача айтылган теңдешсиз түзүлүшүндө жашырылган. Сөөктөрдүн ички түзүлүшү аарынын уясы сыяктуу торчолордон турат. Ушул себептен сөөктөр бир жагынан абдан бекем, экинчи жагынан колдонууга ыңгайлуу жеңил болот. Эгер мындай болбогондо, тагыраак айтканда, сөөктөрдүн ичи да сыртындай катуу жана көңдөйсүз болгондо, сөөктөр абдан оор болмок. Ошондой эле, ийкемдүүлүгүн толугу менен жоготуп, болор-болбос соккудан улам, мисалы колуңарды шкафтын бурчуна уруп алсаңар да сөөгүңөр сынып же жарака кетиши мүмкүн эле. Бирок Аллах абдан мээримдүү жана сөөктөрүбүздү биздин кыйналбай, жабыркабай жашашыбызга ыңгайлуу кылып жараткан.

Сөөктөр илимпоздор абдан маани берген жана тууроо үчүн көп жылдар бою изилдеген бир заттан турат. Абдан жеңил болгонуна карабастан, өтө бекем жана эң негизгиси өзүн өзү оңдоо жөндөмүнө ээ болгон бул зат өз алдынча чоңойо алат. 4-5 жаштагы боюңар менен 19-20 жашка чыккан кезиңердеги боюңардын бирдей болбошунун себеби – сөөктөрүңөрдүн чоңоюшу. Болгондо да, сөөктөр абдан шайкеш чоңойот. Буттарыңар өсүп жатканда, колдоруңар да өсөт, колдоруңар менен буттарыңардын манжалары да шайкеш чоңойот жана бүт сөөктөрүңөр дал убактысында токтойт. Ошондой эле, бул бир гана силерге эмес, айланаңардагы бардык адамдарга тиешелүү. Бардык адамдардын сөөктөрүнүн өзгөчөлүгү ушундай.

Илимпоздор изилдөөлөрүн адамдын денесиндеги сөөктөрдү түзгөн затка окшогон бир затты иштеп чыгуу максатында улантышууда. Бирок ушул күнгө чейин эч ким өзгөчөлүктөрү мынчалык жогору болгон бир затты иштеп чыга алган жок.

Раббибиздин мээрими менен сөөктөрүбүз биздин эч кыйналбай өмүр сүрүшүбүзгө жана өтө кыйын кыймыл-аракеттерди да оңой гана, эч жерибиз оорубастан жасай алышыбызга шарт түзүүдө.

 

ӨЗҮНӨ ӨЗҮ КАМ КӨРГӨН МУУНДАРЫБЫЗ

Сөөктөр бири-бирине туташкан жерлерде муундарыбыз бар экенин жогоруда айттык. Мисалы, чыканагыбызды жана тизебизди ал жерлерде жайгашкан муундардан улам өмүр бою тынымсыз бүгүп, түздөй алабыз. Муундар өмүр бою кыймылдаганына карабастан майлоону талап кылбайт. Ал эми ушул сыяктуу иштеген машиналар болсо үзгүлтүксүз тейлөөгө муктаж. Мисалы, велосипедиңердин педалдарын же чынжырын белгилүү убакыт өткөн соң майлатып турушуңар керек болот, анткени ал жердеги май азайып, кыймылдашы кыйындай баштайт. Ошол сыяктуу сөөктөрүңөрдүн учтарындагы муундар да тынымсыз колдонулат, бирок алардын майын эч качан алмаштыруунун кереги жок. Эмне үчүн дейсиңерби?

Бул суроонун жообун илимпоздор изилдеп, төмөнкү чындыкты аныкташкан: муундардын үстүңкү бетинин түзүлүшү ичке жана торчолуу болот. Анын астында жылмакай суюктук бар. Муундун бир жерине сөөктүн салмагы түшкөндө ал суюктук тешиктерден сыртка чыгып, муундун үстүңкү бетинин «май сыяктуу» сыйгаланышына шарт түзөт.

Булардын баары бизге адамдын денесинин эң мыкты долбоор менен теңдешсиз жаратылганын көрсөтөт. Биз ошол кемчиликсиз долбоор себептүү ар түрдүү кыймыл-аракеттерди абдан ылдам жана оңой гана жасай алабыз. Сөөктөрүбүздүн бул өзгөчөлүктөрүн да Раббибиз жараткан. Аллах Куранда адамдарды сөөктөрдүн жаратылуусу тууралуу ойлонууга төмөнкүчө чакырган:

... Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди?... (Бакара Сүрөсү, 259)

 

СЫНГАН СӨӨК КАНТИП АЙЫГАТ?

Сөөктөрдүн түзүлүшүнүн абдан катуу жана күчтүү экенин жогоруда айттык. Бирок ошого карабастан, сөөктөрүбүз да абдан катуу соккуга дуушар болгондо сынат. Андан кийин эмне болот? Сөөк өзүн өзү айыктырат. Дарыгерлер сынган сөөк туура биригиши үчүн сынган сөөктүн багытын түздөп, сынган жерди гипске салышат. Мындан башка эч нерсе кылуунун кереги жок. Анткени сөөктүн ансыз да өзүн өзү оңдоо механизми бар. Сөөк сынганда дароо өзүн өзү калыбына келтире башташы жана айыккандан кийин мурдакыдан да бекем болуп калышы абдан таң калыштуу. Бул кереметтүү процесс төмөнкүчө ишке ашат:

Алгач сынган сөөктүн айланасындагы кан уюп, «гематома» деп аталган чоң уюган кан пайда болот. Ал чоң уюган кан силер да жакшы билген, териңердеги карттын үстүндө пайда болгон кабык сыяктуу катмар. Сөөк жасоочу клеткалар минералдарды бөлүп чыгарып, ал уюган канды катуу сөөккө айландырышат. Бул процесс бүткөн соң сөөк бузуучу клеткалар ишке киришет. Сөөк бузуучу клеткалар тажрыйбалуу скульптордой иштешет жана ээриткич туз кислотасы менен жаңы сөөктү жылмалап, калыпка сала башташат. Бул процесс сөөк мурдакы көрүнүшүнө келгенге чейин уланат. Ал тургай, сөөк сынгандан бир жылдан кийин да сөөк ээриткич клеткалар силерге сездирбестен дагы эле сөөгүңөр мурдакы калыбына келиши үчүн сабырдуу скульптордой жылмалоо процессин улантышат.

Силер да байкагандай, көзүбүзгө көрүнбөгөн кыпындай сөөк клеткаларынын кылган бул иш-аракеттеринин баары бийик аң-сезимдин көрсөткүчү. Себеби клеткалардын көрө турган көздөрү жок, ошого карабастан сөөк жасай алышат. Ошондой эле, сынган көңдөйдүн толгонун түшүнүп, иш-аракеттерин качан токтотуулары керек экенин да билишет. Андан соң сөөк бузгуч деп аталган клеткалар жаңы жасалган сөөктүн одуракай болуп калганын байкап, сөөктү жылмалап башташат. Ал үчүн катуу сөөктү буза ала турган күчтүү кислотаны колдонушат, бирок ал кислотаны керек учурда көп, керек учурда аз колдонуп сөөктү эң ылайыктуу формага алып келишет.

Көрүнүп тургандай, сөөк клеткаларынын баары эмнени, кантип жана качан кылаарын эң жакшы билишет. Сөөктөрдү оңдоо үчүн курулган система кемчиликсиз иштеп, сөөктүн өзүн өзү оңдошун камсыз кылат. Сөөктөрдүн бул касиетин илимпоздор көп жылдардан бери, абдан суктануу менен туураганга аракет кылышууда. Бирок дагы эле туурай алышкан жок.

Адамдар туурай албаган мындай жөндөм сөөк клеткаларыбызда кантип пайда болгон? Сынган сөөктү оңдоо үчүн кандай материалдар керек экенин, кандай иштер жасалаарын клеткалар кайдан билишет? Клеткалардын кээ бирлери сөөктөрдү бузуучу касиетке ээ болсо, кээ бирлери калыпка салуу милдетин аткарат. Аларга бул иштерди ким бөлүштүргөн? Кантип башаламандык чыкпай, баары өз убагында өзүнүн милдетин аткарат? Сөөк клеткалары буларды өздөрү үйрөнгөнбү?

Албетте, бул кереметтүү иштердин баарын көзгө көрүнбөгөн клеткалар өздөрүнүн акылы менен жасай алышпайт. Буларды кокусунан үйрөнүшү да мүмкүн эмес. Сөөк клеткаларыбыз аларды жараткан улуу акылман Аллахтын илхамы менен кыймыл-аракет жасаганы үчүн тажрыйбалуу скульптордой сөөктөрдү формага сала алышат.

 

Денеңердеги клеткалардын сөөктөрдү кантип калыптандыраарын ойлонгон белеңер?

Денеңердеги 206 сөөктүн көпчүлүгү формасы жагынан бири-бирине окшобойт. Алар бири-биринен алгач пайда болгондо, тагыраак айтканда, силер энеңердин курсагында жаткан кезиңерде эле айырмалана баштайт. Клеткалардын саны барган сайын көбөйөт жана алар дененин кайсы бөлүгүнүн клеткасына айланаары үйрөтүлгөндөй, ар кандай формага ээ боло башташат.

Кээ бир клеткалар сөөктөрүңөрдү, кээ бирлери бооруңарды, кээ бирлери бөйрөктөрүңөрдү жана кээ бирлери көздөрүңөрдү түзөт. Бирок боорду, сөөктү же көздөрдү түзгөн клеткалар бириксе эле жетиштүү болбойт. Алар өз ара да айырмаланышы шарт. Мисалы, сөөк клеткалары калыптана турган сөөктүн денеңердин кайсы жеринде болоорун билип, ошого жараша ылайыктуу жерге барып, ылайыктуу формага келиши керек.

Буттарыңардагы сөөк клеткалары тажрыйбалуу скульптордой иштеп, ийилген, манжалар үчүн оюктары жана дөмпөктөрү бар кемчиликсиз бут сөөктөрүн пайда кылышат. Баш сөөгүңөрдү түзгөн сөөк клеткалары болсо мээнин көлөмүн билгендей, ага эң ылайыктуу, оюгу менен дөмпөгү жок, мээни кемчиликсиз курчап турган сөөк катмарын пайда кылышат. Кичинекей жасап мээни кысышпайт же чоң жасап баштын салмагын көбөйтүшпөйт.

Өздөрүн кандай формага келтирүү жана кайсы мүчөнүн клеткасына айлануу керек экенин эң жакшы билип, сөөктөрдү кемчиликсиз калыпка салган клеткалардагы бул аң-сезимдин булагы эмнеде?

Аларга бул кылдат планды илхам кылган Раббибиз. Курандын аяттарында Аллахтын теңдешсиз илимине төмөнкүчө көңүл бурулат:

Асмандардагылар жана жердегилер Ага таандык; баары Ага чын көңүлдөн моюн сунган. Жаратууну баштаган, кийин аны кайталай турган Ал; бул Ага абдан оңой. Асмандарда жана жерде эң улуу сыпаттар Ага таандык. Ал кудуреттүү жана улуу, өкүмдар жана даанышман. (Рум Сүрөсү, 26-27)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder