Күн сайын байкабай кылган нерселериңердин бири – бул дем алуу. Мурун, кекиртек жана өпкөлөр аткарган бул кызмат учурунда көптөгөн процесстер жүрөт. Негизи дем алуу денеңердеги клеткалардын кычкылтек менен азыктанышы дегенди билдирет. Клеткалар эгер кычкылтек менен азыктанбаса жашай алышпайт. Ошондуктан дем албай кыска убакыт гана тура аласыңар. Көбүрөөк дем албай калсаңар, клеткаларыңардын өлүмү менен бирге денеңер да өлөт.
Дем алганыңарда
мурдуңарга кирген аба тазалана баштайт. Атайын кондиционер сыяктуу иштеген
мурдубуздун ичинде чыпканын кызматын аткарган түкчөлөр булганыч, ысык, муздак
же нымдуу абаны өпкөлөрүбүзгө ылайыкташтырат. Ал түкчөлөр аркылуу дем алган
абабыз фильтрден өтүп, тазаланып, нымдалып, жылытылат жана ичиндеги
бактериялардан тазаланат. Мурдубуздагы кичинекей түкчөлөр күн сайын болжол
менен 20 миллион чоочун заттан денебизди коргойт.
20 миллион
Түркиянын калкы жагынан эң чоң шаары болуп эсептелген Стамбул шаарындагы
адамдардын санынан да көп. Мурдубуздун ушунча чоочун затты таанып, айырмалашы өтө
татаал процесс. 20 миллион чоочун заттын аныкталып, мурундан өтүшүнө бөгөт коюлушу
эч кандай кокустук эмес. Бул Аллахтын жаратуу кудуретинин улуулугун апачык
көрсөтөт. Бирок кээ бир кишилер чындыкты билип туруп, муну кокусунан пайда
болгон дешет. Эволюция теориясына ишенген ал кишилер бардык жандыктарды жана
бул жерге чейин денебиз тууралуу айтылган нерселердин баарын илгери бир күнү
өзүнөн-өзү, кокусунан келип чыккан дешет. Эмне үчүн мындай дешет? Аллахтын бар
экенин четке кагуу үчүн. Алардын ою боюнча, мунун бир гана жолу бар. Бүт баарын
кокусунан пайда болгон деп айтуу. Бирок бул пикирдин акылга сыйбай турганын
түшүнүү үчүн бир аз ойлонуу жетиштүү болот. Мурдубуздагы системадан мисал
келтирип муну чогуу карайлы.
Мурдубуздагы кондиционер
системасы денебиздин дагы бир кемчиликсиз бөлүгү. Мынчалык мыкты иштеген
системанын кокусунан пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Муну жакшыраак түшүнүү
үчүн төмөнкүдөй салыштыруу жасасак болот. Бир кондиционерди элестеткиле,
силерди жайында ысыктан коргоп, кышында жылыткан жана пульт менен иштеген
мындай техника кокусунан пайда болушу мүмкүнбү? Анын бардык тетиктерин бир
жерге топтоп таштап койсок, ал тетиктер убакыт аралыгында өзүнөн өзү куралып,
кемчиликсиз иштеген бир кондиционерге айланышы мүмкүнбү?
Бул, албетте,
мүмкүн эмес. Кандайдыр бир техника пайда болушу үчүн акылы бар бирөө ага көп
аракет жумшашы керек. Анын башка жолу жок. Техника мындай турсун, эң жөнөкөй
баш катырма оюнунда да туура сүрөт келип чыгышы үчүн бирөө анын бөлүктөрүн
туура жайгаштырышы шарт. Денебизде кондиционер сыяктуу иштеген мурдубуз да
көптөгөн тетиктерден турат жана дүйнөдөгү бардык кондиционерлерден алда канча
мыкты системага ээ. Кондиционер кокусунан пайда болбогон сыяктуу, андан да мыкты
иштеген мурдубуз да кокусунан пайда болгон эмес. Бул бизге «дүйнөдөгү теңдеши
жок эң мыкты кондиционер системасы» катары белгилүү болгон мурдубузду Раббибиз
жаратканын көрсөтөт. Бир аятта Аллах мындай деп билдирет:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда
кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Ага таандык.
Асмандардагы жана жердегилердин баары Аны тасбих кылат. Ал – Азиз (Улуу), Хаким
(Даанышман). (Хашр Сүрөсү, 24)
Кекиртекте багытты катасыз аныктай алган түкчөлөр
Мурунда тазаланган
аба дем алуунун кийинки баскычында дененин ичинде жол жүрүп, дагы бир аз
төмөнгө түшөт. Аба мурундан кийин өтө турган аймак кекиртек деп аталат. Дем алган
абанын ичинде чаңга окшогон денеге зыяндуу чоочун заттар дагы эле болот. Ошондуктан
дем алган абабыз өпкөлөргө жетээрден мурда дагы бир жолу коопсуздук көзөмөлүнөн
өтүшү керек. Ал коопсуздукту бүт дем алуу каналдарынын үстүңкү бетин каптаган
жылмакай катмар камсыз кылат. Ал былжырлуу катмар деп аталат.
Ал катмарды
түзгөн былжырлуу зат аба менен кошо кирген чаңга окшогон майда заттарды кармап
калып, өпкөлөрүбүзгө барышына бөгөт койот. Бирок чоочун заттардын былжыр
тарабынан кармалып калышы жетиштүү эмес, мындан тышкары чогулган чоочун
заттарды денеден чыгаруу зарыл. Ал үчүн дагы бир коопсуздук механизми ишке кирет.
Ал коопсуздук механизми кекиртегибиздин ички бетин каптаган түкчөлөр. Ал түкчөлөр
кекиртектен жогору, башкача айтканда, оозубузду көздөй тынымсыз кыймылдап турушат.
Муну айдоо талаасында шамалдан улам буудайдын башактарынын тынымсыз бир тарапты
көздөй кыймылдашына салыштырсак болот. Түкчөлөрдүн тынымсыз оозубузду көздөй
кыймылдашынын натыйжасында чоочун заттарды кармаган былжырлуу катмар да
кекиртектен жогору көздөй жылат.
Чоочун заттар
жогору көздөй көтөрүлүп, тамагыбызга келгенде, табигый түрдө жутуу сезими пайда
болот. Ошентип бизге зыяны тийе турган чоочун заттардын баары жутулуп ашказанга
барат жана ашказан кислотасында ажыратылып жок кылынат. Кекиртегибизге орнотулган
бул түкчөлөрдүн көрүү үчүн көзү, ойлонуу үчүн мээси жок. Бирок өздөрүнүн
көлөмүнө салыштырмалуу канчалаган километр алыста жайгашкан оозубуздагы
кулкундун ордун аныктай алышат. Мындан тышкары, чоочун заттардын зыяндуу экенин
билип, денеге киришине жол беришпейт. Илимпоздордун көп жылдарга созулган
изилдөөлөрүнө карабастан, түкчөлөрдүн иштөө механизми дагы эле толук чечмелене
элек. Бирок унутпагыла, адамдар кантип иштээрин толук түшүнө албаган бул
түкчөлөр денебиздин бардык мүчөлөрү сыяктуу, жер бетинде алгачкы адам
жаралгандан бери кемчиликсиз иштеп келе жатат.
Биз дем алган
аба эмне үчүн мынчалык маанилүү? Белгилүү убакыт дем ала албаса эмне үчүн адам
өлөт? Бул суроолорго төмөнкүчө жооп берели: денебизди түзгөн клеткалардын эң
негизги азыгы – бул кычкылтек. Азыр колуңарда бул китепти кармап тура алышыңар
үчүн колуңардагы булчуң клеткалары тынымсыз кычкылтек менен азыктанып жатышат. Ал
үчүн дем алышыбыз шарт.
ДЕМ АЛГАН АБАБЫЗ ӨПКӨЛӨРГӨ БАРАТ...
Дем алган соң аба
кекиртектен өпкөлөргө барганда, тазаланып, нымдуулугу жөнгө салынып колдонууга ыңгайлаштырылган
болот. Өпкөлөрдөн кан аркылуу дененин эң тереңиндеги клеткаларга чейин жетип,
аларды азыктандырат. Ошол эле учурда клеткалардагы калдык заттарды, тагыраак
айтканда, көмүр кычкыл газын алат. Биз демибизди чыгарганда клеткалардан жыйналган
көмүр кычкыл газы денебизден сыртка чыгарылат.
Көрдүңөрбү балдар,
балким дем алуу силерге жөнөкөй нерседей сезилиши мүмкүн, бирок дем алуу учурунда
денеңердин тереңинде эбегейсиз кычкылтек-көмүр кычкыл газы алмашуусу ишке ашат.
Булардын баары Аллахтын план менен жаратып, бизге кызмат кылдырган
сый-жакшылыктары. Ойлоп көргүлө, бир эле дем алышыңарды өзүңөр башкарганыңарда,
аны эч жаңылбай жана башаламандык чыгарбай башкарганга күчүңөр жетмек эмес. Белгилүү
убакыттан кийин чарчап, уланта албай калмаксыңар. Раббибиз мындай нерсеге
күчүбүз жетпегени үчүн, бизге китепте айтылган денебиздин бардык башка системалары
сыяктуу кемчиликсиз иштеген дем алуу системасын да берген. Бул Аллахтын бизге
бул дүйнөдө тартуулаган жакшылыктарынын бири. Аллах бир аятта мындай дейт:
Силерге каалаган бүт
нерсеңерди берди. Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санаганга аракет кылсаңар,
аны санап бүтө албайсыңар. Чындыгында, адам абдан залим, абдан шүгүрсүз.
(Ибрахим Сүрөсү, 34)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder