28 Kasım 2024 Perşembe

КАНДЫН ТАМЫРЛАРДАГЫ САЯКАТЫ

Мурдакы бөлүмдөрдө денебиздин бүт тарабын курчаган эбегейсиз чоң нерв тармагы бар экенин айткан элек. Денебизди каптаган дагы бир кереметтүү тармак бар. Ал кан тамырлардан турган система. Кан тамырлар да нерв тармагы сыяктуу дененин бүт тарабын айланат. Ал тургай, тамырларыбыз ушунчалык узун болгондуктан, тегиз жерге жайылса, жалпы узундугу болжол менен 100 миң километр болот. Кан тамырлардын денеңердин бүт тарабын каптап турганын түшүнүү негизи кыйын эмес. Денеңердин кайсы бир жери бир аз эле тилинип кетсе, ошол замат канай баштайт. Бул кан тамырлардын бүт тарабыңарды курчап тураарын көрсөтөт. Кан тамырлардын дененин бүт тарабында болушу абдан маанилүү. Себеби мурдакы бөлүмдө да айтылгандай, кан тамырлар аркылуу клеткаларга керектүү азыктар жеткирилет. Клеткалар иштеши үчүн керек болгон кычкылтек да тамырлардан аккан кан аркылуу клеткаларга барат.

Кан тамырлардан азыктардын жеткирилишин деңиз транспортуна салыштырсак болот. Кемелер аркылуу жүктү жеткирүүдө алгач ал портто жүктөлөт. Ал үчүн туура таңгактоо жана жайгаштыруу шарт. Жүктөлүп бүткөн соң кеме деңизде жолго чыгып, жүк жеткириле турган портту көздөй сапар тартат. Портко жеткенде таңгактар түшүрүлүп, тиешелүү борборго алып барылат. Кан тамырларда да эбегейсиз океанда кемелердин жүк жеткириши сыяктуу клеткаларга керектүү азыктар жеткирилет. Кычкылтек, май, аминокислоталар таңгактар түрүндө канда сапар тартат жана тиешелүү клеткага барганда түшүрүлөт. Бул транспорттук системада эч качан ката кетирилбейт. Ар бир зат тиешелүү клеткага өз убагында жана керектүү өлчөмдө жетет. Эгер ката кетирилип, бир клеткага кычкылтектин ордуна май барганда, бул ал клетканын өлүмүнө себеп болмок. Байкаган болсоңор, бул системадагы кичинекей катачылык өтө чоң зыяндарга алып келиши мүмкүн эле. Бирок андай ката болбойт. Себеби алардын эч бири кокусунан пайда болгон эмес. Жаратуучубуз Аллах бул системаны да кемчиликсиз жаратып, бизге кызмат кылсын деп тартуулаган.

 

КАНДЫН ИЧИНДЕ ЭМНЕЛЕР БАР?

Кан бүт денени айлангандыктан, бир учурда бир канча кызматты аткарат. Ал кайсы кызматтар экенин кыскача карайлы.

 

ЖҮК ЖЕТКИРҮҮ

Денеңерге керектүү бардык заттардын кан аркылуу тиешелүү органдарга жеткирилээрин айттык. Кан клеткалары жүк ташуу учурунда көмүр кычкыл газы сыяктуу калдык заттарды да топтоп, денеден сыртка чыгарылышын камсыз кылышат. Кандайдыр бир мааниде кан таштанды чыгаруу кызматын да аткарат. Күн сайын 100 триллион клетканы кайра кайра кыдырып, бир жагынан аларга керектүү азыктарды калтырып, экинчи жагынан алардын калдыктарын жыйнайт.

Болгону бир суюктук болуп эсептелген кан ушунчалык кылдаттыкты жана жоопкерчиликти талап кылган жумушту эч катасыз аткарат. Ичиндеги заттардын бүт баарынын эмне экенин, кайсы иште колдонулаарын жана каерге калтыруу керек экенин абдан жакшы билет. Мисалы, бир клеткадан калдык зат катары алган көмүр кычкыл газын жаңылыштык кетирип башка клеткага берип койбойт. Ар дайым клеткалардан көмүр кычкыл газын алып, аларга кычкылтек берет. Кан бул кызматын эч чарчабай, эч жаңылбай аткарат. Себеби кан Аллах денебизде жараткан кемчиликсиз пландын бир бөлүгү. Раббибиз жараткан системага кынтыксыз моюн сунган кан клеткалары ушул себептен эч катасыз өз кызматын аткарышат.

 

КАНДАГЫ АСКЕРЛЕР

Денебиз күн сайын көптөгөн бактерия, вирус жана микробдорго каршы күрөшөт. Кээ бирлеринин денеге киришине жол берилбейт, бирок кээ бирлери кирип кетет. Ал микробдор менен күрөшүү үчүн денебизде атайын коргонуу клеткалары бар. Душман менен согушуп денебизди коркунучтардан коргогон аскерлер деп атоого боло турган ал клеткалар да кандын ичинде айланышат. Дененин кайсы бир мүчөсүнө душмандар чабуул койгондо кан тамырлар аркылуу бүт тарапка кыйынчылыксыз жетип, алар менен согуша алышат. Коргонуу клеткалары аткара турган кызматын өз алдынча үйрөнүшкөн эмес. Коргонуу клеткалары аларды алгач пайда болгондон бери билишет. Силер төрөлгөндөн баштап өз кызматын аткарып, денеңерди коргоп башташат. Бул Аллахтын жаратуу чеберчилиги. Раббибиз көзүбүз менен көрө албаган клеткаларга өтө маанилүү маалыматтарды үйрөтүп, аларды биздин кызматыбызга тартуулаган.

 

БАЙЛАНЫШ

Кан ошол эле учурда денебиздин байланыш үчүн колдонгон жолдорунун бири. Кандын ичинде дененин бир жагынан башка жактарына кабар жеткирүүчү кабарчылар да болот. Гормон деп аталган ал кабарчылар аң-сезими бар почтачылар сыяктуу кабарды эч ката кетирбестен тиешелүү органга жеткиришет. Денебиздин чоңоюшу, суусоо, тердөө, жыттарды сезүү сыяктуу көптөгөн маанилүү процесстер ушул кабарлардын туура жеткирилиши аркылуу ишке ашат.

 

ЖАРААТТАРДЫ АЙЫКТЫРГАН КАН

Териңерде кичинекей бир жараат пайда болгондо, кыска убакыттан кийин канаган жердин өзүнөн-өзү токтоп калаары сөзсүз көңүлүңөрдү бурган болушу керек. Бул абдан кызыктуу көрүнүш. Себеби кадимки шарттарда бир суюктук жаңы пайда болгон бир тешиктен агып баштаганда, өзүнөн-өзү эч качан токтобойт. Муну жакшыраак түшүнүү үчүн колуңарда ичи сууга толтурулган бир шар бар деп элестеткиле. Ийне менен сайып шардын кичинекей жерин тешип койгонуңарда, ичиндеги суу ошол замат агып баштайт. Белгилүү убакыттан кийин силер эч нерсе кылбасаңар да суу акпай токтоп калышы мүмкүнбү? Албетте, мүмкүн эмес. Шардын ичиндеги суу түгөнгөнгө чейин тешиктен ага берет. Бул нерсе жабык идиштин ичинде турган бардык суюктуктарга тиешелүү.

Кан дагы тамырлардын ичинде жабык жерде турат жана кичинекей жараат болсо эле тамырлардан сыртка ага баштайт. Бирок ал каноонун токтотулушу денебиздин ден-соолугу жагынан абдан маанилүү. Балким уккан чыгаарсыңар, чоң кырсыктарда же операцияларда көп кан жоготуу адамдардын өлүмүнө себеп болот. Анда, бир жараат канап баштаган соң белгилүү убакыттан кийин кан кантип токтойт?

Аны денебиздеги автоматтык коопсуздук системаларынын бири болгон кандын уюшу камсыз кылат. Кандын ичиндеги кээ бир заттар пайда болгон жараатты тосуп, жабуу өзгөчөлүгүнө ээ. Ошол аркылуу кан жоготуусуна бөгөт коюлат. Сүрөттөн да көрүнүп тургандай, тамырдын жабыркаганын түшүнгөн кандын ичиндеги кээ бир клеткалар дароо окуя болгон жерге жөнөшөт. Алгач жараат пайда болгон тешикке тизилип башташат. Ал жерге желе токуп, кандын агымын кыйындатышат. Андан соң ал желе акырындан катуулай баштайт жана биз карт (жара) деп атаган нерсеге айланат.

Эми чогуу ойлонолу. Бул пландуу процесстердин баары кокусунан болушу мүмкүнбү? Кандын ичиндеги клеткалар алардын көлөмүнө салыштырганда эбегейсиз чоң болгон кан тамырлардын бир жеринде жараат пайда болгонун кантип билишет? Эмне үчүн канаган жерди токтотууга аракет кылышат? Кан жоготууну токтотуу үчүн жараатты жабуу керек экенин кантип түшүнүшкөн? Клеткаларга жараатты жабуу керек экенин ким үйрөткөн?

Булардын баарын клеткалар кокусунан үйрөнө алышпайт же өз күчү менен жасай алышпайт. Мынчалык татаал системаны ойлоп таап, жасап, клеткаларга эмне кылуу керек экенин үйрөтүү акылдуу адамдардын да колунан келбейт. Клеткалардагы бул акыл, албетте, алардын өзүнө тиешелүү эмес. Аллах аларга илхам кылат жана ошол себептен клеткалар кемчиликсиз план менен иш-аракет жүргүзүшөт.

Аллах кемчиликсиз жаратаарын аяттарда бизге төмөнкүчө кабар берет:

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)

 

ДЕНЕНИН МОТОРУ: ЖҮРӨК

Денеңердеги бир канча литр кандын кантип ылдый түшүп, жогору көтөрүлүп, эч тынымсыз кыймылдаарын ойлонгон белеңер? Кандайдыр бир нерсе тынымсыз кыймылдашы үчүн бир мотор керек болот. Унаалар, учактар, кемелер, ал тургай, силердин пульт менен иштеген оюнчуктарыңар да моторлордун жардамы менен кыймылдайт. Демек денебизде эч тынымсыз кыймылдаган кандын да мотору болушу шарт. Канды күнү-түнү, айлап, жылдап кыймылдаткан ал мотор – биздин жүрөгүбүз.

Манжаларыңарды билегиңердин ички тарабына коюп бир саамга күткүлө. Жүрөгүңөрдүн канды кантип айдап жатканын сезесиңер. Жүрөгүңөр бир мүнөттө 70 жолу согот жана өмүрүңөрдүн аягына чейин жалпысынан 300 миллион литр канды айдайт. Мынчалык көлөмдөгү кан 10 миң даана мунайзат танкерин толтура алат. Бул чоңдуктардын баары таң калаарлык, туурабы? Эми өзүңөрдү бир чыны менен чакадан бир мүнөттө 70 жолу суу сузуп алганыңарды элестеткиле. Аягында колуңар менен билегиңердин булчуңдарынын ысып баштаганын сезесиңер жана сөзсүз эс алышыңар керек болот. Ал эми жүрөк болсо бул жумушту эч эс албай, өмүр бою жасайт.

 

ЭҢ МЫКТЫ НАСОС

Дүйнө жүзүндөгү эң мыкты насос ушул учурда сол көкүрөгүңөрдүн астында иштеп жатат. Жүрөк кереметтүү долбоорунан улам эч тынымсыз согуп, 1 күндө денебиздеги кандын баарын 1000 жолу айландырат.

Жүрөк сырткы көрүнүшү жагынан көлөмү болжол менен муштумубуздай болгон, эттен жасалган бир насос. Бирок кубаттуулугу жагынан алганда, дүйнөдөгү эң күчтүү, эң узун өмүрлүү жана эң өндүрүмдүү машина экенин түшүнөбүз. Жүрөктүн күчүн минтип сүрөттөшүбүздүн көптөгөн себептери бар. Эң биринчиден, жүрөктүн иштеп жаткан учурда колдонгон күчү эбегейсиз. Ал күч менен жүрөк канды 3 метрдей жогору учура алат. Жүрөктүн кубаттуулугун төмөнкү мисал менен жакшыраак түшүндүрө алабыз. Жүрөк бир сааттык убакыт аралыгында орточо чоңдуктагы унааны жерден болжол менен 1 метр жогору көтөргөнгө жете турганчалык энергия иштеп чыга алат.

 

Жүрөктөгү өзгөчө насостор

Көлөмү муштумдай болгон бир булчуңдан түзүлгөн жүрөк, сүрөттөн көрүнүп тургандай, эки бөлүктөн турат. Ал бөлүктөрдө эки башка насос бар. Сол тараптагы насос күчтүүрөөк жана таза канды денеге айдайт. Оң тараптагы болсо алсызыраак насос жана булганыч канды өпкөлөрдү көздөй айдайт. Жүрөктөн өпкөлөргө багыт алган бул сапар кыска убакытка созулат жана ушул себептен «кичи кан айлануу» деп аталат. Экинчиси болсо «чоң кан айлануу» деп айтылат.

Жүрөктүн бул эки бөлүгү өзүнүн ичинде дагы экиге бөлүнөт. Ал бөлүктөрдүн ортосундагы кан клапандар аркылуу экинчи бөлүккө өтөт. Ал насостор эч тынымсыз чоң энергия менен иштешет. Натыйжада тамырларыбыздагы кан бир күндө денени 1000 жолу айланат.

 

Жүрөгүбүз өзүнө өзү кам көрөт

Тынымсыз иштеген машиналар үзгүлтүксүз тейлөөнү талап кылат. Машинанын тетиктерин тейлөө керек же эскирген тетиктерди алмаштыруу зарыл. Машиналар белгилүү убакыт колдонулган соң майын алмаштыруу керек, антпесе ашыкча сүрүлүүдөн улам тетиктери жешилип башташы ыктымал.

Машиналарга окшоп эч тынымсыз иштеген жүрөк да тейлөөгө муктаж. Бирок жүрөк өзүнө өзү кам көрөт, мисалы өзүн өзү майлайт.

Силердин оюңар боюнча, жүрөк өзүн өзү кантип майлайт? Бул суроонун жообу жүрөктүн жаратылышында жашырылган. Жүрөктүн сырты эки катмардан турган кабыкча менен капталган. Ал эки катмардын ортосунда жылмакай суюктук бар. Ал суюктук мотордун майы сыяктуу кызмат кылып, жүрөктүн оңой иштөөсүн камсыздайт. Жүрөктөгү өзүн өзү коргоочу бул түзүлүш бизге Аллахтын жаратуу чеберчилигинин канчалык мыкты жана кемчиликсиз экенин дагы бир жолу көрсөтөт.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder