30 Temmuz 2016 Cumartesi

КИРИШҮҮ


Абдан майда-бараттарына чейин жасалган бир учак макети сатып алдыңыз дейли. Жүздөгөн кичинекей бөлүктөрдөн турган бул макетти кураштыруу үчүн кандай кыласыз? Албетте, бул үчүн эң алгач кутунун ичиндеги сүрөттөргө карап, ичиндеги кураштыруу боюнча маалыматтардан пайдаланасыз. Себеби бир макетти жасоодо монтаж буйруктарын аткаруу жасала турган жумуштун мөөнөтүн кыскартат, ал макеттин эң туура жана кемчиликсиз куралышын камсыз кылат.
Учактын монтажы менен байланыштуу маалыматыңыз болбосо да, эгер колуңузда ага окшош бир модел бар болсо, макетти курай аласыз. Себеби сиз көргөн учак моделинин долбоору ага окшошту кураштырууда сизге маанилүү бир жол башчы болот. Ушул сыяктуу, табиятта бар болгон кемчиликсиз бир долбоорду өрнөк алуу да ага окшош функцияларга ээ бир технологиялык каражаттын долбоор жана монтажынын эң кыска жол менен жана эч кемчиликсиз ишке ашырылышын камсыздайт. Муну түшүнгөн көптөгөн илимпоз жана изилдөө-өнүктүрүү (R&D, НИОКР) адиси да ар бир изилдөөсүн жасоодон мурун мунун жандуулардагы өрнөгүн изилдешип, алардагы система жана долбоорлорду өрнөк алышып, аларды туурашууда. Б.а. илимпоздор Аллах табиятта жараткан жандууларды көрүп, анализ кылышууда жана алардан пайдалануу менен жаңы технологияларды иштеп чыгышууда.
Бул багыт жаңы бир илим тармагын пайда кылды: «биомиметика». «Табияттагы жандууларды тууроо» маанисине келген жана өзгөчө акыркы убактарда технология дүйнөсүндө көп сөз кылынган бул илим тармагы адамдарга маанилүү багыттарды ачты.
Жандуулардагы системалардын түзүлүшүн тууроо илими катары таанылган биомиметиканын ортого чыгышы учурда эволюция теориясын жактаган илимпоздор үчүн да абдан чоң бир жеңилүү болду. Себеби эволюция баскычынын эң өнүккөн жандуусу катары кабыл алынган адамдын өзүнөн примитивдүү (мурдакы, жөнөкөй) болушу керек болгон жандууларды туураганга аракет кылышы, алардан илхам алышы эволюционисттер тарабынан кабыл алынбай турган бир абал болмокчу.
Примитивдүү деп аталган жандуулардын өзгөчөлүктөрү жакшыраак өнүккөндөр тарабынан өрнөк алынып жаткан болсо, анда бул келечекте боло турган технологиялардын көпчүлүгү бул сөз жүзүндө примитивдүү жандуулардын долбоорлорунун негизинде жасалат дегенди билдирет. Бул болсо «чөйрөлөрүнө көнө албаган примитивдүү жандуулар жок болуп, калгандары өнүгөт» деген ойду жактаган эволюция теориясынын логикасына толугу менен карама-каршы келет.
Эволюция теориясынын жактоочуларын чыкпас бир айлампага камаган бул илим тармагы күн өткөн сайын өнүгүүдө жана технология дүйнөсүнө өкүмчүлүк кылууда. Бул багытта «биомимикрия» деп аталган жана «жандуулардын кыймыл-аракеттерин тууроо илими» маанисине келген жаңы дагы бир илим тармагы пайда болду.
Бул китепте биомиметика жана биомимикриянын табияттагы кемчиликсиз системаларды өрнөк алуу менен жеткен жетишкендиктер каралат. Мурда көп көңүл бурулбаган, бирок жандуулар жаратылгандан бери табиятта бар болгон теңдешсиз долбоорлор анализ кылынат. Ошол эле учурда эволюция теориясынын жактоочуларынын оозун жап кылган табияттагы абдан акылдуу механизмдердин баарынын ааламдардын Рабби болгон Аллахтын өрнөксүз жаратуу чыгармасы экендиги баяндалат.


АКЫЛДУУ ПЛАН, Т.А. ЖАРАТЫЛУУ


Аллах жаратуу үчүн долбоор жасоого муктаж эмес.
«План (долбоорлоо)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын кемчиликсиз бир план менен жараткандыгы Раббибиз алгач план куруп (долбоорлоп), андан соң жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби болгон Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план, долбоор» жасоого муктаж эмес экендигин билүү керек. Аллахтын пландоосу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, улук.
Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын болушу үчүн бир гана «Бол!» деши жетиштүү. Аяттарда мындайча буюрулат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага жалаң гана «БОЛ» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)


БИОМИМЕТИКА ДЕГЕН ЭМНЕ?



Биомиметика да, биомимикрия да – табияттагы моделдери анализдеп, андан соң бул долбоорлорду тууроо менен же булардан илхам алуу менен адамдардын маселелерин чечүүнү максат кылган жаңы илим тармактары.
Биомиметика – бул адамдар табияттагы системаларды тууроо аркылуу жасаган заттар, аспаптар, механизм жана системалардын баарын камтыган бир термин. Табияттагы долбоорлор өрнөк алынуу менен жасалган аспаптарга өзгөчө нанотехнология,1 робот технологиясы, жасалма мээ (AI), медицина өнөр-жайы жана аскердик каражаттар сыяктуу чөйрөлөрдө колдонуу үчүн муктаждык болууда.
Биомимикрия алгачкы жолу Монтаналык бир жазуучу жана илим изденүүчү Жанин М. Бенюз тарабынан айтылган бир түшүнүк. «Биотууроо» дегенди билдирген бул сөз кийинчерээк көп адамдар тарабынан жоромолдонгон жана иш жүзүнө ашырылган. Биомимикрия жөнүндө жасалган жоромолдордун бирөөсү мындайча:
Биомимикриянын негизги темасы – бул табияттан модель, өлчөө жана акыл катары үйрөнө турган көп нерсебиз бар экендиги. Бул изилдөөчүлөрдүн орток чекити – бул табияттагы долбоорго урмат көрсөтүшү жана адамдар кабылган көйгөйлөрдү чечүүдө буларды колдонуу менен илхам алуулары.2
Продукттун сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда табияттан пайдаланган фирмалардын бири Интерфейстин (Interface) продукт стратеги Давид Оаклей (David Oakley) болсо биотууроо жөнүндө мындай дейт:
Табият – менин жумуш жана долбоор темаларында акыл мугалимим, жашоо калыбым үчүн бир модел. Табияттын системасы миллиондогон жылдан бери иштеп келүүдө... Биотууроо – бул табияттан үйрөнүүнүн бир жолу.3
Илимпоздор да бат тараган мындай пикирди кабыл алышып, алдыларындагы теңдешсиз жана кемчиликсиз моделдерди өрнөк алуу менен эмгектеринде жаңы күч-кубат алышты. Өзгөчө өнөр-жай тармагында табияттагы сыяктуу ылайыктуу чийки заттарды жана үнөмдүү системаларды иштеп чыгууну максат кылган илимпоздор жана изилдөөчүлөр эми баары биргеликте табиятты кантип туурай алуу жолдорун изилдешүүдө.
Табияттагы долбоорлор эң аз каражат жана энергия менен эң көп өндүрүмдүүлүккө жетиши, өзүн-өзү оңдоо өзгөчөлүктөрү, кайра иштетиле турган жана табияттын досу болушу, үнсүз иштеши, кооз, чыдамкай жана узун өмүрлүү болушу жагынан технологиялык эмгектерге өрнөк болушууда. High Country News аттуу бир гезитте биомиметикага илимий бир иш-аракет деген аныктама берилген жана мындай жоромол жасалган:
Табигый системаларды модел алуу менен бүгүн колдонгонубуздан бир топ узун өмүрлүү технологияларды жасай алабыз.4
Biomimicry аттуу китептин автору Жанин М. Бенюз болсо табиятта кезиккен кемчиликсиз системалар жөнүндө ой жүгүртүп, табияттагы моделдерди тууроо керек деген жыйынтыкка келген. Анын мындай көз-карашты жакташына түрткү болгон өрнөктөрдүн кээ бирлери төмөнкүлөр:
Аары жегич канаттуунун 10 граммдан аз бир күйүүчү май менен Мексика Корфезунан өтө алышы,
Ийнеликтердин эң мыкты вертолеттордон да жакшыраак маневр жасай алышы,
Термит мунараларында жайгашкан температураны жөнгө салуу жана желдетүү системаларынын каражат жана энергия колдонушу жагынан адамдардын жасагандарынан жакшы болушу,
Жарганаттын көп-жыштыктуу кабар жөнөтүүчүсүнүн адамдар жасаган радарлардан ийгиликтүү жана сезгичирээк иштеши,
Жарык чыгарган балырлардын дене чырактарын күйгүзүү үчүн ар кандай химикаттарды бириктириши,
Уюл балыктары жана бакалардын тоңгондон кийин кайрадан жашоого кайтуулары жана органдарынын муздан жабыркабашы,
Хамелеондун жана сыя балыгынын жашаган чөйрөлөрүнө толук окшош абалга келе турган негизде терилеринин өңдөрүн, «саймаларын» заматта өзгөртүүлөрү,
Аарылардын, ташбакалардын жана чымчыктардын колдорунда карталары болбостон, алыс жолго сапар кылуулары,
Киттердин жана пингвиндердин кычкылтек түтүгүн колдонбостон сууга чөмүлүүлөрү,
ДНК спиралынын маалымат кампалоо сыйымдуулугу,
Жалбырактардын фотосинтез процесси менен бир жылда 300 миллиард тонна шекер өндүрүп, дүйнөнүн эң ири химиялык процессин жасашы...

Бул жерде болгону бир канча гана мисал берилген табияттагы таң калыштуу мындай механизм жана долбоорлор технологиянын көптөгөн тармактарын байытуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Маалымат жыйнагыбыздын көбөйүшү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен бирге бул потенциал күн өткөн сайын жакшыраак көрүнүүдө.
Мисалы, 19-кылымда табиятты тууроо бир гана кооздук чөйрөсүндө жасалчу. Ошол доордун сүрөтчү жана архитекторлору табияттагы кооздуктардан таасирленип, жасаган эмгектеринде бул түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүштөрүн өрнөк алышкан эле. Бирок табияттагы долбоорлордун кереметтүүлүгү жана аларды тууроо адамдарга пайда алып келээри табияттагы механизмдердин молекулярдык деңгээлде изилденип башташы менен гана башталган. Себеби табияттагы кемчиликсиз система улам тереңирээк каралган сайын ошончолук таң калыштуу, кереметтүүлүгү өсүүдө.
Биомиметика менен жасалган каражат жана аспаптар келечекте да колдонууга боло турган түзүлүшкө ээ: жаңы солар клеткалар, өнүккөн роботтор жана космостук кемелердин каражаттары сыяктуу... Бул тараптан караганда табияттагы долбоорлор абдан алдыңкы бир технологияга жол ачууда.


Биомиметика жашообузду кайсы тарапка өзгөртөт?


Табияттагы кемчиликсиз долбоорлор Раббибиз бизге берген абдан чоң жакшылыктар. Бул долбоорлорду тууроо жана өрнөк алуу болсо адамзатты дайыма жакшылыкка, туурага багыттай турган бир өзгөрүү болмокчу. Бирок илим чөйрөсү табияттагы долбоорлордун абдан улуу бир булак экенин жана күнүмдүк жашоодо колдонуу керек экенин акыркы жылдарда гана байкады.
Илимде кадыр-барктуу деп кабыл алынган көптөгөн басмаканалар да табияттагы улуу түзүлүштөрдөгү долбоорлордун адамдарга жол көрсөтүү жагынан өтө чоң бир булак экенин кабыл алышууда. Мисалы Nature илимий журналы бул чындыкты мындайча баяндаган:
Табияттагы механизмдер жөнүндө жасалган изилдөөлөр пилден протеинге чейин көптөгөн түзүлүштүн долбоордоочулар жана инженерлер үчүн бай бир пикир бассейнин түзөөрүн көрсөтүүдө. Болгондо да бул бассейндин тереңдигин артыруу мүмкүнчүлүгү да абдан жогору.5
Албетте, бул булакты туура колдонуу жана технологияга айлантуу адамзаттын абдан бат өнүгүшүн камсыздайт. Биомиметика тармагында адис катары таанылган Жанин М. Бенюз да табиятты туураганыбызда тамак-аш жана энергия өндүрүү, маалымат кампалоо, саламаттыкты сактоо сыяктуу көптөгөн чөйрөдө өзүбүздү өнүктүрө алаарыбызды айткан. Жанин Бенюз жалбырактардан өрнөк алып жасалган жана Күн системасы менен иштеген механизмдерди, клеткалар сыяктуу сигнал жөнөткөн компьютерлердин өндүрүшүн, седепти (перламутр – үлүл кабыктарынын (раковина) ички катуу катмары) тууроо менен жасалган бекем керамикаларды мисал катары берген.6
Байкалгандай, биомиметика төңкөрүшү күнүмдүк жашообузга жана өмүрүбүзгө терең таасир берип, адамдардын бейпилирээк жана ыңгайлуу шарттарда жашашын камсыздайт.
Учурда өнүккөн технологиянын Аллахтын жаратуу кереметтерин бир-бирден ачып жатканын жана «биомиметика» илиминдеги сыяктуу жандуулардагы кереметтүү долбоорлорду өрнөк алуу менен адамзатка кызмат кылып жатканын көрүп жатабыз. Бул темалар каралган көптөгөн илимий макалалардын бир канчасы төмөнкүлөр:
Жашоонун кереметтүү долбоорлорунан өрнөк алуу7
Биомиметика жакшыраак бир дүйнө убада кылууда8
Илим табиятты тууроодо9
Табияттагы долбоорлордон үйрөнүү10
Жашоонун долбоордогу сабактары11
Биомимикрия: көз алдыбызда жашырылган сырлар12
Биомимикрия: табият илхам берген ачылыштар13
Биомимикрия: бизди курчаган жогорку талант14
Биомиметика: табияттан жакшы дизайндар чыгаруу15
Биомиметика: табияттагы долбоорлордон материалдарды жасоо16
Инженерлер долбоор үчүн табияттан өрнөк алышууда17

Бул макалалар окулганда да илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын Аллахтын бар экендигинин далилдерин кайра кайра көрсөтүп жатканы көрүнөт.


Булактар:

1 Nanoteknoloji, teknolojinin, büyüklüğü metrenin 100 milyon ile 1 milyarda biri arasında değişen malzemelerin üretimi, montajı ve kullanımı ile ilglinen bir koludur.
2 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html
3 http://www.bfi.org/trimtab/spring01/TrimtabSpring01.pdf
4 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html; Michelle Nijhuis, Hidgh Country News, July 06, 1998, Vol.30, No.13
5 Nature. 18 0cak 2001
6 http://www. biomimicry. org/faq. html
7 http://www. jehovantodistajat. fi/library/g/2000/1/22/article_01. htm
8 http://www. jehovantodistajat. fi/library/g/2000/1/22/article_01. htm)
9 Bilim ve Teknik Dergisi, Ağustos 1994, s.43
10 http://www. watchtower. org/library/g/2000/1/22/article_02. htm
11 http://www. nature. com/cgi-taf/DynaPage. taf?file=/nature/journal/v409/n6818/full/409413a0_fs. html&_UserReference=C0A804EF46B465AFF2C953AE40623B641423
12 http://www. natlogic. com/resorces/nbl/v06/n22. html
13 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html
14 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html
15 http://www. rdg. ac. uk/AcaDepts/cb/96vincent. html
16 http://www. the-scientist. com/yr1991/july/research_910708. html
17 NewYork Tımes,11 Aralık 2001

1-БӨЛҮМ: АКЫЛДУУ МАТЕРИАЛДАР


Учурда табияттагы материалдардын түзүлүшүн изилдөө менен аларды эмгектеринде өрнөк катары колдонгон көптөгөн илимпоздор бар. Себеби табияттагы материалдар муктаждык болгон бекемдик, жеңилдик, ийкемдүүлүк сыяктуу өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, «Abalone» (морское ушко)  деп аталган бир сууда жашаган жандуунун ички кабыгы алдыңкы технологиялар менен өндүрүлгөн керамикалардан эки эсе чыдамкайыраак; жөргөмүштүн жибеги (жиби) болоттон беш эсе бекемирээк; мидиядагы жабышчаак болсо суунун астында да өз таасирин сактай алууда.18
Bilim ve Teknik Dergisi аттуу журналдын изилдөө жана жазуу тобунун бир мүчөсү Гүлгүн Акбаба (Gülgün Akbaba) табияттагы материалдардын жогорку өзгөчөлүктөрү жана адамдардын буларды кандайча пайдаланаару жөнүндө мындай дейт:
Адаттагы керамика жана айнек материалдар дээрлик күн сайын өзүн жаңылаган технологияга туруштук бере албас абалга келди. Илимпоздор мындай боштуктун ордун толтуруу үчүн эмгектенишүүдө. Табияттагы түзүлүштөрдүн архитектуралык сырлары акырын акырын ачыкка чыгып баштады... Табияттагы бир мидия кабыгынын өзүн өзү жаңылашы же болбосо жаракат алган бир акуланын терисинин оңдолушу сыяктуу, технологияларда колдонулган материалдар да өздөрүн өздөрү жаңылай алышат. Катуураак, бекемирээк, чыдамкайыраак, жогорку физикалык, химиялык жана электромагниттик өзгөчөлүктөргө ээ болгон мындай материалдар, мисалы космос изилдөөлөрүндө рокета, космос кемеси, космос унаалары сыяктуу унаалар атмосферага кирүү жана чыгууда муктаж болгон жогорку температураларга чыдамкай жана жеңил болуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Материктер арасы транспорт үчүн иштеп чыгылышы пландалган суперсоникалык ири жолоочу учактары изилдөөлөрүндө да өзү жеңил жана жогорку температураларга чыдамдуу материалдар керек болууда. Медицинада, мисалы жасалма сөөк жасоодо болсо губка сыяктуу көрүнүшү, катуу формасы менен кыртышы табигыйга мүмкүн болушунча жакын болгон материалдарга муктаждык бар.19
Керамика – бул курулуштан электрдик материалдарга чейин көп тармакта колдонулуучу бир материал. Бирок бул материалды өндүрүүдө көбүнчө 1000-1500oCден жогорку температурадагы ысыктык колдонуу керек болот.
Табиятта көптөгөн керамика материалдары бар. Бирок булардын пайда болушу учурунда эч качан мындай жогорку температура колдонулбайт. Мисалы, мидия кабыгы 4oCде, кемчиликсиз пайда болууда. Табияттагы мындай улуу жаратылуу өрнөгү бир Түрк илимпоз Илхан Аксайдын (İlhan Aksay) көңүлүн өзүнө бурган жана ал жакшыраак, бекемирээк, колдонууга ыңгайлуу керамикаларды кантип өндүрүүгө болот деген суроого жооп издеген. Кээ бир сууда жашоочулардын кабыктарынын ички түзүлүшүн изилдеген Аксай Abalone аттуу суу жандыгынын кабыгындагы түзүлүштүн кереметтүүлүгүн ошол замат байкаган. Аксай бул жөнүндө мындай дейт:
Мидия кабыгы электрондук микроскоп менен 300000 эсе чоңойтулганда, кирпичтен жасалган бир дубал көрүнүшү пайда болот. Бул дубал анын каражаты сыпатындагы бир протеинден жана кальций карбонаттан жасалган кирпичтерден куралат. Кальций корбонат оңой сына турган сыпатка ээ болгонуна карабастан, кабык капталган түзүлүшүнөн улам кереметтүү бекем жана адам жасаган керамикадан бекемирээк. Бир халаттын бир гана жиби үзүлгөндө, халаттын баары үзүлгөн болбойт. Ошого окшош мидия кабыгынын мындай катмарлуу түзүлүшү жаракалардын жайылышына тоскоол болот.20
Аксай бул моделдерден өрнөк алуу менен абдан катуу жана бекем болгон алюминий-бор карбид металл-керамика бир материал иштеп чыккан. Бул материал АКШда аскердик тармактын көптөгөн лабораторияларында сыналган соң танкаларда соот катары колдонулган.21
Учурда илимпоздор биомиметика материалдарын өндүрүү үчүн микроскопиялык деңгээлде изилдөөлөрдү жасашууда. Мындай илимпоздордун бири Проф. Аксай сөөк жана тиш түрүндөгү биокерамикалардын дене температурасында протеин сыяктуу органикалык заттардын кошулмасы менен пайда болоорун жана булардын адам жасаган керамикалардан бир топ жогору сапатта экендигин айткан. Аксайдын эмгектери, т.а. «табияттагы жогорку сапаттар нанометр (миллиметрдин миллиондо бири) чоңдугундагы кошулманын натыйжасы» деген гипотезасы мындай чоңдуктарда инструмент өндүрүүнү максат кылган бир катар электрондук чөйрөдөгү фирмаларды биотаасирдүү материал (биологиялык материалдардан таасирленип, адамдар тарабынан жасалган материалдар) изилдөөлөрүнө багыттаган.22
Өнөр-жайда колдонулган бир катар заттар зыяндуу химикаттар бар, жогорку температура жана басым талап кылган чөйрөлөрдө өндүрүлүшөт. Ал эми табияттагы материалдар болсо «жашоонун досу» деп атоого боло турган зыянсыз шарттарда, мисалы сууга негизделген шарттарда, бөлмө температурасында өндүрүлүшөт. Бул болсо, албетте, илимпоздорго абдан маанилүү бир артыкчылык тартуулайт.23

Синтетикалык алмаз өндүрүүчүлөр, металл эритүү долбоорчулары, полимер илимпоздору, була-оптика адистери, ичке керамика өндүрүүчүлөрү жана жарым-өткөргүч материал иштеп чыгуучулар эң ыңгайлуу жол катары биомиметика ыкмаларына кайрылышууда. Себеби ар тараптан муктаждыктарына жооп берген табияттагы материалдар, ошол эле учурда абдан көп түрдүүлүккө да ээ. Ошондуктан, ар түрдүү тармактарда изилдөө жасаган адистер ок өткөрбөс сооттордон ыкчамдуу реактивдүү учак моторлоруна чейин көптөгөн багытта табияттагы жогорку өзгөчөлүктөрдөгү материалдарды жасалма жол менен жасай алуу үчүн оригиналдарын туурап башташты.
Адамдар жасаган материалдар белгилүү мөөнөттөн соң жарака кетет, сынат. Бул учурда сырттан болгон бир кийлигишүү менен, мисалы жабыштыруу аркылуу материал оңдолот. Ал эми табиятта абал башкача. Мидия үлүл кабыгы сыяктуу табияттагы кээ бир материалдар өзүн өзү жаңылай алат. Илимпоздор да акыркы убактарда өзүн жаңылай алган полимерлер, полициклаттар сыяктуу материалдарды изилдөөгө багытталышты. Бекем жана өзүн өзү оңдой алган биотаасирдүү материал өндүрүү үчүн өрнөк алынган табигый материалдардын бири – бул носорогдун мүйүзү. Бул изилдөөлөр 21-кылымдын материал илиминдеги изилдөө-эмгектерге негиз болот.24





Композиттер


Бир-бирине аралашпаган эки же андан көп катуу заттын кошулмасынан пайда болгон катуу материалдар «композит материал» деп аталат.25 Табияттагы материалдардын көпчүлүгү «композит» деп аталган кошулма түзүлүштөгү заттардан турат. Мындай аралашманын өзгөчөлүгү – бул аны түзгөн заттардын сыпаттарынан абдан жогору болушу.




Мисалы, фиберглас (айнек-пластик) жасалма бир композит жана кеменин капталы, кайырмак таякчасы, жаа жана ок сыяктуу бир катар спорттук материалдарды жасоодо колдонулат. Фиберглас «полимер» деп аталган гельге окшош пластикалык бир заттын ичине аралаштырылган айнек жипчелеринен алынат. Полимердин катуулашы натыйжасында пайда болгон композит материал жеңил, бекем жана ошол эле учурда ийкемдүү. Аралашмада колдонулган жипчелердин же пластикалык заттын сыпаттары өзгөртүлсө, композит материалдын өзгөчөлүктөрү да өзгөрөт.26
Адамдар өндүргөн композиттер табигый композиттерге салыштырмалуу бир топ начар жана жөнөкөй болуп калат. Графит жана көмүртек жипчелерден турган композиттер акыркы 25 жылда адамзат тапкан эң мыкты 10 инженердик ачылыштын арасында орун алууда. Муну менен бирге жаңы учактар, космос кемесинин тетиктери, спорттук каражаттар, Формула-1 жарыш унаалары жана жел кемелер үчүн жеңил түзүлүштөгү композит материалдар долбоорлонуп, жаңы ачылыштар ыкчамдык менен илгерилөөдө.
Бул жерде кыскача сөз кылынган композит материалдар да – табияттагы бардык кереметтүү түзүлүш, материал жана системалар сыяктуу Аллахтын теңдешсиз жаратуу чеберчилигинин мисалдары. Жаратылыштагы мындай теңдешсиздик жана кемчиликсиздикке көптөгөн Куран аяттарында да көңүл бурулган. Аллах теңдешсиз жаратуусунун бир натыйжасы катары адамдарга берген ар кандай немат-жакшылыгынын санап бүтүүгө эч болбой турганчалык көп экендигин бир аятында мындайча билдирген:

Эгер Аллахтын нематтарын санагыңар келсе, аны топторго бөлүп да санай албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, боорукер» (Нахл Сүрөсү, 18)


Крокодилдин терисиндеги фиберглас техникасы


Фиберглас техникасы технологияда 20-кылымда колдонулуп башталган. Бирок бул материал жаныбарларда алар жаралгандан бери бар. Мисалы, крокодилдин териси фиберглас менен бирдей түзүлүшкө ээ бир материал.
Илимпоздор ок, бычак жана ал тургай кээде мылтык огу да өтө албаган крокодил терисинин эмне үчүн мынчалык бекем экендигин жакынкы убакка чейин билбей келишкен. Бул жөнүндө жасалган изилдөөлөр абдан кызыктуу жыйынтыктарды берген: крокодилдин сырткы терисинде атайын бир кыртыш бар. Бул кыртышка бекемдик тартуулаган материал – бул ичинде колдонулган коллаген протеин жипчелери. Бул жипчелердин өзгөчөлүгү болсо – бул кыртыштардын ичине кошулуп, кыртыштын түзүлүшүн бекемдеши. Албетте бул материал (коллаген) мынчалык деталь жана өзгөчөлүккө, эволюционисттер жактагандай көп жылдар бою биринин артынан экинчиси уланган кокустуктар натыйжасында ээ болгон эмес. Бул зат жер бетинде алгач пайда болгондо эле бардык кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен бирге жаратылган.





Булчуңдардагы болот трост технологиясы


Табигый композиттерге дагы бир мисал катары булчуңдарды сөөктөргө байлаган кыртыштарды, т.а. «кемирчектерди» берүүгө болот. Кемирчектер аларды түзгөн коллаген негиздүү жипчелер урматында абдан катуу бир түзүлүшкө ээ болушат. Бул жипчелердин дагы бир өзгөчөлүгү – бул алардын бири-бирине өрүлүү абалы.
АКШ Rutgers университетинин окутуучуларынан Жанин М. Бенюз (Janine M. Benyus) Biomimicry (Биомимикрия) аттуу китебинде булчуңдарыбыздагы кемирчектердин абдан өзгөчө бир ыкма менен жасалганын айтып, бул багыттагы жыйынтыктарын мындайча баяндаган:
Чыканак менен билегиңиз арасындагы кемирчек асма көпүрөнү көтөргөн тросттор сыяктуу бири-бирине оролгон кабель байламталарынан турат. Ар бир кабель байламтасы болсо ичиндеги ичке кабельдердин бири-бирине оролушунан пайда болгон. Бул ичке кабельдер болсо бири-бирине оролгон молекула байламталарынан түзүлгөн. Ал тургай молекулалардагы атомдор да спираль бир түзүлүш абалында болушат.27
Чынында учурдагы асма көпүрөлөрдө колдонулган болот трост технологиясы адамдын денесиндеги кемирчектер өрнөк алынуу менен иштеп чыгылган. Кемирчектердин мындай теңдешсиз долбоору – Аллахтын жогорку чеберчилиги жана чексиз илиминин апачык далилдеринин бирөөсү гана.




Көп максатта колдонууга мүмкүн болгон кит майы


Дельфин жана киттердин денелери май катмары менен капталган. Бул катмар киттерге дем алуу үчүн суунун бетине чыгышына шарт түзгөн табигый бир «көтөргүч» милдетин аткарат. Ошол эле учурда бул жылуу кандуу сүт эмүүчүнү океандын муздак сууларынан коргойт. Кит майынын дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул шекер жана протеинге салыштырмалуу эки-үч эсе көп энергия бериши. Кит миңдеген киллометр жол басып өткөн, жетиштүү деңгээлде тамактана албаган узак сапарларда муктаж болгон энергиясын денесиндеги ушул майдан алат.
Мындан тышкары, киттин майы резина сыяктуу ийкемдүү бир материалдан турат. Кит куйругун сууга урган сайын куйругу алгач кысылып, кийин кеңейүү менен мурдакы абалына келет. Мына ушул өзгөчөлүк китке кошумча ылдамдык берет жана узак сапарларда 20% энергия үнөмдөөнү камсыз кылат.28 Кит майы бүт бул өзгөчөлүктөрү себебинен белгилүү болгон эң көп функциялуу материал деп кабыл алынууда.



Кит майы киттерде кылымдар бою бар болуп келген бир зат. Бирок бул майдын бир тор сыяктуу бири-биринен өткөн коллаген жипчелеринен тураары жакынкы жылдарда эле аныкталды. Илимпоздор бул май-композит аралашмасынын функцияларын түшүнүү үчүн дагы эле изилдөөлөрүн улантышууда. Бүгүнкү күнгө чейин алган маалыматтары да синтетикалык материал өндүрүүдө абдан пайдалуу болду.

Седептин жабыркоону азайтуучу атайын түзүлүшү


Реактивдүү учак моторлорундагы күчтүү канаттарды (винт) жасоодо колдонула турган материалдарды иштеп чыгууда берметти түзгөн седептин түзүлүшү тууралган. Көптөгөн үлүлдөрдүн кабыгынын (раковина) ички катмарындагы седептин 95%ы бор (мел); бирок седеп композиттик түзүлүшү урматында бордон 3000 эсе чыдамкай. Бул түзүлүш изилденгенде, туурасы 8 микрон (1 микрон = 10-6 метр) жана калыңдыгы 0,5 микрон болгон микроскопиялык пластинкалардын катмарлар абалында тизилгени байкалат. Бул пластинкалар кальций көмүртектин жыш жана кристалл сыяктуу жалтырак бир абалы. Бирок бул пластинкалардын бириктирилиши жибекке окшош жабышчаак бир протеин урматында мүмкүн болууда.29
Бул комбинация эки тараптуу бир катуулукту камсыз кылат. Эң биринчиден седеп үстүнө оор бир жүк жүктөлгөндө, пайда болгон сыныктар ичке катмарлар бою илгерилейт, бирок протеин катмарларынан өтүүгө аракет кылып жатканда, багыт өзгөртүшөт. Бул күчтү таркатат жана натыйжада сынуу токтотулат. Экинчи бир күчтөндүрүүчү фактор болсо – бул бир сынык пайда болгондо, протеин катмарларынын сыныктар бою керилиши. Мындай керилүү урматында сынууну уланта турган энергия жутулган болот.30



Ушундай седептин жабыркоону азайтуучу өзгөчө түзүлүшү көптөгөн илимпоздор үчүн да изилдөө темасы болгон. Табияттагы материалдардын ушунчалык акылдуу ыкмалар менен чыдамкай абалга келиши, албетте, жогорку бир жаратуу чеберчилигин көрсөтүүдө. Бул мисалдан да байкалгандай, Аллах бизге апачык бар экендигинин жана жаратуусундагы жогорку күч-кудуретинин далилдерин чексиз илими жана акылы менен көрсөтүүдө. Бир аятта Аллах мындайча буйурууда:

Асмандарда жана жердегинин баары Аныкы (Ага тиешелүү). Албетте, Аллах – эч нерсеге муктаждыгы жок (Ганий), мактоого татыктуу. (Хаж Сүрөсү, 64)


Дарактын катуулугу жасалгасында катылуу


Өсүмдүк композиттери башка жаныбарлардагыдан айырмаланып, коллагенден көбүрөөк «целлюлоза» деп аталган бир заттан турат. Дарактын катуу жана чыдамкай түзүлүшү ал өндүргөн бул целлюлоза жипчелери урматында пайда болот. Себеби целюлоза катуу жана сууда ээрибей турган бир зат. Тактайдын курулуштарда колдонулушун артыкчылыктуу кылган жагдай да – целлюлозанын ушундай өзгөчөлүгү. «Кериле алган жана теңдешсиз» бир материал катары белгилүү болгон целлюлоза тактай имараттардын кылымдар бою тик турушунда, имарат, көпүрө, эмерек жана көптөгөн аспаптардын жасалышында башка бардык материалдардан көбүрөөк колдонулууда.
Тактай – бул төмөнкү ылдамдыктагы соккулардын энергиясын жутуу менен, пайда болгон жабыркоону белгилүү жерде чектеген абдан натыйжалуу бир зат. Өзгөчө сокку тактайдын тамырларына тик бурч менен келгенде, талкаланууну азайтууда бир топ жакшы натыйжалар алынат. Жасалган изилдөөлөрдө тактай түрлөрү арасында да чыдамкайлык жагынан айырмачылыктар аныкталган. Бул жерде таасир этүүчү факторлордун бири – бул жыштык. Жышыраак болгон тактайлар сокку учурунда көбүрөөк энергия жутушат. Тамырлардын саны, чоңдугу жана таркашы да тактайга келген соккунун деформациясынын азайтылышында маанилүү факторлордон.32
Экинчи дүйнөлүк согуштун «чиркейлери», бүгүнкү күнгө чейинки эң жабыркоого чыдамкай учактар жеңил бальза тактайынын жышыраак болгон фанера катмарлары арасына тыгылышынан жасалган эле. Тактайдын катуулугу ага абдан ишенимдүү бир материал сыпатын берет. Тактай сынып баратканда, жаракаларды көрүп турууга мүмкүн болгончолук жай бир сынуу ишке ашат жана мындай өзгөчөлүк чара көрүүгө убакыт берет.33
Тактай уч- учуна уланган узун, оюк клеткалар түзгөн параллелдүү саптардан турат. Айланасында болсо спиральдар абалындагы целлюлоза жипчелери оролгон. Мындан тышкары, бул клеткалар комплекстүү полимер түзүлүштөгү смоладан жасалган бир заттын ичинде. Спираль абалында оролгон бул катмарлар клетка дубалынын жалпы калыңдыгынын 80%ын түзөт жана негизги жүктү аркалаган кошулма да ушул бөлүк. Бир тактай клеткасы ичин көздөй кирип кеткенде, аны курчаган клеткалардан үзүлүп, соккунун энергиясын жутат. Ичин көздөй кирүүлөр жипчелер боюнча узун бир жараканы пайда кылса да, тактай бузулбастан калат. Тактай сынык абалда болсо да белгилүү бир көлөмдөгү жүктү көтөрө алат. Тактайдын долбоорун тууроо менен жасалган бир материал бүгүнкү күндө колдонулган башка синтетикалык материалдардан 50 эсе чыдамкайыраак болуп чыккан.34
Тактайдын мындай дизайны бүгүнкү күндө да мина жана бомба сыяктуу чоң ылдамдыктагы, кыйратуу күчү күчтүү каражаттардан коргонуу үчүн иштеп чыгылган материалдарда өрнөк алынууда.
Бул жерге чейин берилген бир канча мисалдан да байкалгандай, табияттагы материалдар абдан жогорку сапаттуу долбоорлорго ээ. Бир седептин же бир тактайдын мынчалык чыдамкай болушу, атайын түзүлүштө болушу кокустуктун чыгармасы эмес. Бул материалдарда улуу бир долбоор бар экендиги апачык көрүнүп турат. Ар бир деталь – катмарлардын ичкелиги, жыштыгы, тамырлардын саны, тизилиши ж.б. – мындай чыдамкайлыкты камсыздоо үчүн атайын пландалып, кемчиликсиз бир система менен жаратылган. Аллах Курандын бир аятында айланабыздагы бүт нерсени Өзү жаратканын мындайча билдирет:

Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)


Жөргөмүштөрдүн жибеги болоттон бышыгыраак



Табиятта көптөгөн курт-кумурскалар жибек өндүрүшөт, бирок жөргөмүш өндүргөн жибек башкаларга салыштырмалуу бир топ айырмачылыктарга ээ.
Илимпоздордун ою боюнча, жөргөмүш тору жер бетиндеги эң бышык (чыдамкай) материалдардын бири. Мындан тышкары, жөргөмүш торунун өзгөчөлүктөрүн баарын санап отурсак, абдан узун бир тизме болуп кетет. Бирок бул тизменин бир аз бөлүгү да илимпоздордун канчалык туура айтканын көрсөтүүдө. Жөргөмүш жибегинин өзгөчөлүктөрүнүн бир канчасын төмөнкүдөй саноого болот:36
Жөргөмүштөр өндүргөн жана калыңдыгы бир миллиметрдин миңде биринен кичинекей болгон жибек жиби ушундай калыңдыктагы болот кылынан беш эсе бышыгыраак.
Узундугу төрт эсеге чейин чоюлушу мүмкүн.
Жибек ошол эле учурда абдан жеңил. Анын жеңилдигин мындай бир мисал менен түшүндүрүүгө болот: дүйнөнү бир орогон жибек жибинин оордугу болгону 320 грамм болот.
Мындай өзгөчөлүктөр кээ бир материалдарда бир-бирден болушу мүмкүн. Бирок баарынын бир материалда болушу абдан өзгөчө бир абал. Себеби бир тараптан бышык, экинчи тараптан ийкемдүү бир материалды таба алуу абдан кыйын. Мисалы, болот трост эң бышык материалдардын бири. Бирок каучук тросттор сыяктуу ийкемдүү болбогондуктан, убакыттын өтүшү менен деформация болушат. Каучук тросттор болсо оңойчулук менен деформация болбойт, бирок анча чыдамкай болбогондуктан оор жүктөрдү көтөрө албайт.
Мындай бир ойлонуп көрөлү... Кичинекей бир жандык өндүргөн жип кандайча болуп адамзат кылымдар бою топтогон тажрыйбасы менен жасаган каучук тросттордон бийик өзгөчөлүктөргө ээ болууда?
Жөргөмүш жибин мынчалык жогорку сапатта кылган нерсе жибектин химиялык түзүлүшүндө жана өндүрүш борборунда жашырылган. Жөргөмүш жиптеринин чийки заты – бул өрүлгөн спираль сымал амино-кислота тизмектеринен турган «кератин» аттуу протеин. Кератин чач, тырмак, түк, тери сыяктуу бир-биринен абдан айырмаланган нерселердин материалы жана коргоочулук сыпаты менен маанилүү. Мындан тышкары, кератиндин ийкемдүү суутек байланыштары менен байланышкан амино-кислоталардан турушу бул материалдарга абдан ийкемдүү болуу өзгөчөлүгүн берет. Бул ийкемдүүлүк Американын атактуу илимий журналдарынан Science News'де мындай бир окшоштуруу менен сүрөттөлгөн:
Адам критерийлери боюнча, балык торунчалык чоңдуктагы бир жөргөмүш тору бир жолоочулар учагын кармай алат.37
Жөргөмүштөрдүн куйруктарында алты бөлүктөн турган жана жибек чөйчөгү деп аталган бир аймак бар. Чөйчөктөрдүн ар биринде ар түрдүү суюктуктар өндүрүлөт. Бул чөйчөктөрдүн чыгаргандары ар кандай комбинацияларда биригүү менен ар кандай түрдөгү жибек жиптерин пайда кылышат. Чөйчөктөр арасында өзгөчө бир гармония бар. Жибек өндүрүшү учурунда жөргөмүштүн денесинде жайгашкан, абдан жогорку өзгөчөлүктөргө ээ насостор, клапандар жана басым системалары колдонулат. Өндүрүлгөн чийки жибек суу краны сыяктуу иштеген бөлүктөр аркылуу жипче абалында сыртка агызылат.38
Жөргөмүш бул крандардын бүркүтүү басымын да каалагандай өзгөртө алат. Бул абдан маанилүү бир өзгөчөлүк. Себеби бул процесс урматында суюк кератинди түзгөн молекулалардын түзүлүшү да өзгөрөт. Клапандарды башкаруу механизми урматында жип өндүрүлүп жатканда, жиптин чоңдугун, бекемдигин жана ийкемдүүлүгүн өзгөртүүгө болот. Натыйжада жибектин химиялык түзүлүшүн өзгөртпөстөн, жипке каалагандай физикалык өзгөчөлүктөрдү берүүгө болот. Эгер жипти көбүрөөк өзгөртүү керек болсо, анда башка бир безди колдонуу керек болот. Чыгарылган ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ жипчелер арткы буттардын кемчиликсиз колдонулушу урматында каалаган багытка бурулат.
Жөргөмүштөгү мындай химиялык кереметти толугу менен тууроо мүмкүн болгондо, керектүү деңгээлде чоюла алган коопсуздук кемерлери, абдан бекем тигиштер, из калтырбаган операция жиптери, абдан жеңил кабельдер, ок өткөрбөс кездемелер сыяктуу көптөгөн пайдалуу материалды өндүрүүгө мүмкүн болот. Болгондо да бул материалдарды өндүрүүдө зыяндуу жана уулуу зат да колдонулбаган болот.
Жөргөмүштөр өндүргөн жибектер кереметтүү өзгөчөлүктөргө ээ материалдар. Чоюлуу ийкемдүүлүктөрү абдан жогору болгондуктан, жөргөмүш жибегин үзүү үчүн талап кылынган энергия ага окшош башка биологиялык материалдарды үзүү үчүн талап кылынган энергиядан он эсе көп.39
Жөргөмүш өндүргөн жипти майдалоо ошондой калыңдыктагы нейлон бир жипти майдалоодон бир топ көп күч коротууну талап кылат. Жөргөмүштүн мынчалык бекем бир жип өндүрө алышынын негизги себептеринин бири – бул анын негизги протеин бирикмелеринин кристалдашуусун жана катуулашын башкарып, системалуу бир түзүлүштө жардамчы кошумчаларды кошо алышы. Өрүү материалы суюк кристалл болгондуктан, жөргөмүштөр бул учурда абдан аз күч колдонушат.

Жөргөмүштөр жасаган жибек белгилүү болгон табигый же синтетикалык жипчелерден бир топ күчтүү. Мындан тышкары, жөргөмүш өндүргөн жибекти жибек курттардыкы сыяктуу алып эле колдоно бергенге болбойт. Ошондуктан, адамдар колдонуу үчүн «жасалма өндүрүш» керек болот. Изилдөөчүлөр да биринчиден жөргөмүштүн жибегин, андан соң бул жибектин кандайча өндүрүлөөрүн абдан терең изилдешүүдө. Araneus diadematus деп аталган бакча жөргөмүшүн изилдеген Др. Фриц Волратт (Fritz Vollrath) бул ыкманын маанилүү бир бөлүгүн ача алган. Волратт изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын мындайча баяндайт:

Жөргөмүштөр жибектерин кислоталап катуу кылып жатышты. Жибек пайда болчу каналына кирүүдөн мурда суюк протеиндерден турган эле. Каналдын ичинде атайын клеткалар жибек протеиндериндеги сууну өздөрүнө тартып жатышкан. Суутек атомдору болсо башка бир каналда насостолгон сууну алып, бир кислота бассейни жасап жаткан. Жибек протеиндери кислота менен кезиккенде болсо, биринен экинчисин көздөй бир көпүрө жасап жаткан. Натыйжада абдан күчтүү бир жибек пайда болуп жатты. Жөргөмүштүн жибеги ок өтпөс сооттордо, велосипед каскаларында колдонулган жана бир пластик түрү болгон «кевларга» салыштырмалуу он эсе бекемирээк.40
Илимпоздор алдыңкы технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып алган Кевлар адам жасаган эң күчтүү синтетика. Бирок жөргөмүштүн жибеги Кевлардан бир топ жогорку өзгөчөлүктөргө ээ. Мисалы, бекемдигинен тышкары жөргөмүш жибеги кайрадан иштелип, кайра кайра колдонулушу мүмкүн.
Эгер илимпоздор жөргөмүштүн ички процесстерин ийгиликтүү көчүрө алып, протеиндин эселенишинин кемчиликсиз болушун камсыздай алышса жана өрүү материалынын генетикалык тизилүү маалыматын кошо алышса, абдан өзгөчө өзгөчөлүктөрү болгон жибек негиздүү жиптерди өнөр-жай жолу менен өндүрүшү мүмкүн. Ошондуктан жөргөмүш жибиндеги өрүү процессинин кандай болгонун түшүнүү мүмкүн болсо, адам жасаган материалдардагы ийгилик да жогорулайт деп кабыл алынууда.
Илимпоздор убара болуп, изилдеп жаткан жөргөмүш жиби 380 миллион жылдан бери жөргөмүш тарабынан кемчиликсиз өрүлүүдө.42 Бул көрүнүш, албетте, Аллахтын кемчиликсиз жаратуу далилдеринин бири. Албетте, мындай кереметтүү окуялардын баары Аллахтын башкаруусу жана Анын уруксаты менен ишке ашууда. Бул чындык бир аятта мындайча билдирилет:

…Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок… (Худ Сүрөсү, 56)


Жөргөмүштүн жипче өндүрүү механизми тигүү машиналарынан жогорураак



Ар бир жөргөмүш ар кандай функциялар үчүн ар түрдүү сыпаттагы жиптерди өндүрөт. Diatematus аттуу жөргөмүш курсагындагы бөлүп чыгаруу бездерин колдонуп, жети түрдүү жибек өндүрө алат. Бул өндүрүш ыкмасына окшош ыкмалар учурда көптөгөн тигүү машиналарында колдонулууда. Бирок бул жөргөмүштөгү бир канча миллиметр кубдук өндүрүш ордун тигүү машиналарынын ири чоңдугу менен салыштырып да болбойт. Жөргөмүштүн дагы бир артыкчылыгы болсо – бул жиптин толугу менен кайра иштетүүгө мүмкүн болушу. Жөргөмүш бузулган уясын жеп, кайра жип өндүрө алат.













Булактар:

18 http://www. biomimicry. org/reviews_text. html; David Perlman, San Francisco Chronicle, November 30, 1997
19 "Malzeme Biliminin Önderlerinden İlhan Aksay", Bilim ve Teknik, Şubat 2002 s.92
20 www.princeton.edu/.../publicity/ PAW19980128/0128feat.htm
21 "Malzeme Biliminin Önderlerinden İlhan Aksay", Bilim ve Teknik, Şubat 2002 s.93
22 "Malzeme Biliminin Önderlerinden İlhan Aksay", Bilim ve Teknik, Şubat 2002 s.93
23 Julian Vincent, New Scientist, "Tricks of Nature", 17 August 1996, vol.151, No.2043, s.38
24 "Malzeme Biliminin Önderlerinden İlhan Aksay", Bilim ve Teknik, Şubat 2002 s.93
25 Bilim ve Teknik, Şubat 1995, s.38
26 http://www. watchtower. org/library/g/2000/1/22/article_02. htm
27 Janine M.Benyus, Biomimicry, Innovation Inspired By Nature, William Morrow and Company Inc. , New York, 1998, s.99-100
28 http://www. watchtower. org/library/g/2000/1/22/article_02. htm
29 Julian Vincent, New Scientist, "Tricks of Nature", 17 August 1996, vol.151, No.2043, s.38
30 Julian Vincent, New Scientist, "Tricks of Nature", 17 August 1996, vol.151, No.2043, s.39
31 Julian Vincent, New Scientist, "Tricks of Nature", 17 August 1996, vol.151, No.2043, s.40
32 http://www. rdg. ac. uk/AcaDepts/cb/97hepworth. html
33 Julian Vincent, New Scientist, "Tricks of Nature", 17 August 1996, vol.151, No.2043, s.39
34 Julian Vincent, New Scientist, "Tricks of Nature", 17 August 1996, vol.151, No.2043, s.40
35 Julian Vincent, New Scientist, "Tricks of Nature", 17 August 1996, vol.151, No.2043, s. 40
36 Structure and Properties of Spider Silk", Endeavour, Ocak 1986, sayı 10, s.42
37 http://www. watchtower. org/library/g/2000/1/22/article_02. htm
38 Fritz Vollrath & David P.Knight, Nature, 29 March 2001, 541-548
39 http://iago. stfx. ca/people/edemont/abstracts/spider. html
40 http://faculty. washington. edu/yagerp/silkprojecthome. html;Gosline, J.M. , M.E.Demont, et al.(1986)."The structure and properties of silk. " Endeavour 10(1): 37-43
41 http://www.yourplanetearth.org/terms/details.php3?term=Biomimicry
42 http://faculty. washington. edu/yagerp/silkprojecthome. html; [(1) Shear, W.A. , J.M.Palmer, et al.(1989)."A Devonian Spinneret: Early Evidence of Spiders and Silk Use. " Science 246:479-481.