
Учурда илим чөйрөлөрү бир катар инвестиция, маалымат жана изилдөө натыйжасында пайда болгон технологиялык продукттардын көпчүлүгүнүн табиятта бар экенине күбө болушту.
Wild Technology китебинин автору, атактуу илимпоз Фил Гейтс (Phil Gates) бул чындык жөнүндө мындай сөз кылган:
Ачылыштарыбыздын эң жакшыларынын көпчүлүгү, же ошол бойдон башка жандыктардан тууралган же болбосо алар тарабынан ансыз деле колдонулууда. Алигиче бир планетада жашаган көп сандагы жандуу организмдин абдан аз бөлүгүн гана аныктап түшүнө алдык. Бир жерлерде, миллиондогон организм арасында, жашообузду оңойлотуп, алдыга жылдыра алчу табигый ачылыштар бар. Булардан жаңы дарыларды, курулуш материалдарын, зыяндуу курт-кумурскаларды башкаруу ыкмаларын жана булганычтык менен күрөшүү жолдорун үйрөнүүгө болот.150
Асмандан жер бетине жана деңиздердин тереңдерине чейинки айланабыздын туш тарабы сансыз жаратылуу өрнөгү болгон «табигый технология кереметтери» менен жабдылган. Эң жөнөкөй бир өнөр-жай продуктусунун да бир долбоорчусу жана өндүрүш жайы бар. Демек, ири заводдор менен же болбосо татаал машиналар менен салыштырууга мүмкүн болбогончолук кемчиликсиз системаларга ээ болгон жандыктарды кокустан жана өзүнөн-өзү, табигый шарттар натыйжасында пайда болду деген пикирди жактоо, албетте, абдан чоң бир акылсыздык болот.
Ар бир жандык улуу жана кемчиликсиз бир долбоорго ээ. Мындай толук кандуу долбоорлор алгач жаратылганда кемчиликсиз болуп пайда болгон. Себеби Аллах - «кемчиликсиз пайда кылуучу».
Бул бөлүмдө табияттагы жаратылуу кереметтеринин кээ бирлерин колдогу кээ бир технология продукттары менен салыштырып, анализ кылабыз. Бул өрнөктөрдү биз үчүн бир ой жүгүртүүгө себеп катары көрүшүбүз керек. Себеби Аллах Куранда мындай буюрууда:
(Булар) «Чын жүрөктөн Аллахка багытталган» ар бир кул үчүн «хикмат менен караган бир ич көз» жана бир зикир. (Каф Сүрөсү, 8)
Өсүмдүктөрдөгү жарык сенсорлору
Кээ бир өсүмдүктөр жарык күчүнө карата сезгич болушат. Түнкүсүн жалбырактарын жыйнап, жабышат. Ал тургай муну абаны булут каптап, жарык азайганда кылган гүлдүү өсүмдүктөр да бар. Илимпоздор бул нерсе гүлдөрдөгү чаңчаларды түнкүсүн пайда болгон кыроо жана жамгырдан коргоо максатында жасалат дешет. Биз да жарыктын күчүн кабылдоочу сенсорлорду колдонобуз. Бул сенсорлор түн кирип караңгы болгондо жануучу, жарык болгондо болсо өчүүчү чырактарда колдонулат.151
![]() |
Жогорудагы жарык сенсору циклинин бир эле бөлүгү болбосо, ал ишке жарабай калат. Ошол сыяктуу эле, өсүмдүктө да эч бир кемчилик болбошу керек. |
Өрдөк (гага) жана жылуулук изоляция системасы
Денелерибиз күн бою алган азыктарды сиңирип, жылуулук өндүрөт. Бул жылуулукту жоготпоонун эң жакшы жолу – бул жылуулуктун ылдам чыгышына тоскоол болуу. Бул үчүн кээде кабат кабат кийим кийебиз. Натыйжада жылуу аба кабаттар арасында кармалып, сыртка кача албайт. Ушундай жол менен энергия жоготууга тоскоол болуу «изоляция» деп аталат.
Өрдөк да ушул ыкманы колдонот. Бул канаттуунун түктөрү башка көптөгөн канаттуу сыяктуу бир тараптан учушун камсыздайт, экинчи тараптан аны жылуу кармайт. Өрдөктүн абдан жумшак жана үрпөйгөн төш түктөрү бар. Өрдөк төш түктөрүн колдонуп уя жасайт. Ушундайча жумурткаларынын да, жумурткадан чыккан балапандарынын да үшүп, тоңушуна тоскоол болот. Өрдөктүн түктөрү жылуу аба катмарларын кармагандыктан, эң жакшы табигый жылуулук коргоочусу болот.152
Учурда альпинисттер жылуулукту сактоо мүмкүнчүлүгү жогору болгон түктөрдөн жасалган өзгөчө кийимдерди кийишип, денелерин жылуу кармашууда. Бул кийимдердеги түктөрдүн изоляция өзгөчөлүгү өрдөктүкүнүн дал өзүндөй.
Жандыктардагы була-оптика технологиясы
![]() |
1- Була-оптикалык кабель; 2- Кабельдин ичинен чагылып өткөн жарык. |
Була-оптика технологиясында бир күзгү сыяктуу жарыкты чагылтуу өзгөчөлүгүнө ээ жалтырак айнек кабельдер колдонулат. Була-оптикалык кабельдер оңой гана ийилип-бүгүлгөндүктөн, ичтериндеги жарык эң кыйын бурчтарга да алпарылып колдонула алат. Мындан тышкары, була-оптикалык кабельдер аларга жүктөлгөн электрондук кабарларды башка кабельдерден бир топ жакшы өткөрүү өзгөчөлүгүнө да ээ.
Уюл аюусунун жүнү (мех) – табигый бир була-оптикалык кабель сыяктуу. Алсыз уюл нурларын түздөн-түз аюунун денесине ташыйт. Түктөрдүн мындай өзгөчөлүгү ушунчалык жакшы болгондуктан, жаныбардын териси уюл климатына карабастан, күнгө күйүп карарат (түктөр була-оптикалык кабель өзгөчөлүгүндө болгондуктан, күн нурлары аюунун жүнү жок сыяктуу түздөн-түз терисине жетет). Ал жерде нур жылуулукка айлантылып, аюунун денеси тарабынан сорулат. Аюу терисиндеги түктөрдүн мындай өзгөчөлүгү урматында суук уюл климатында да денесин жылуу кармай алат.153
Аюулардан өрнөк алууга мүмкүн болгон нерсе бир гана түктөрүнүн түзүлүшү эмес: аюулар кыш уйкусун толук 6 айга чейин уланта алышат жана муну бөлүп чыгаруу системаларын токтотуп, өздөрүн уулабастан жасашат. Мунун кандайча болоорун изилдөө диабет менен күрөшүүдө жардамчы болушу мүмкүн.155
«Карама-каршы агуучу жылуулук өзгөртүүчүлөрүн» колдонгон уюл канаттуулары
Суук климаттарда жашаган канаттуулардын буттары көбүнчө же муздак суунун ичинде же болбосо муздун бетинде болот. Ошого карабастан, бул жандыктардын буту эч тоңбойт. Себеби баарынын жылуулук жоготушун минимум кылуучу бир айлануу системалары бар. Бул канаттууларда ысык жана муздак кан ар башка кан-тамырларда агат. Бирок бул кан-тамырлар бири-бирине абдан жакын. Натыйжада ылдый көздөй аккан жылуу кан жогору көздөй аккан муздак канды жылытат. Бул ошол эле учурда буттардан денеге кайра кайткан кандын абдан муздак болушу себебинен пайда болчу шок таасирин да азайтат. «Карама-каршы агуучу» деп аталган бул табигый жылуулук алмашуу системасы машиналарда колдонулган система менен бирдей.156
Инженерлер мындай системаларды «карама-каршы агуучу жылуулук өзгөртүүчүсү» деп аташат. Мындай системаларда бири-биринен башка, бирок бириккен каналдардагы эки агуучу (суюктук же газ) бири-бирине карама-каршы багытта агышат. Бир каналдагы агуучу берки каналдагыдан жылуураак болсо, жылуулук жылуу агуучудан муздагына өтөт.
Өсүмдүктөр электрдик ажыраткычты колдоно алабы?
Чолпон эт жегич – бир өсүмдүк. Өсүмдүк үстүнө конгон бир курт-кумурсканы капканындагы түктөргө тийер замат кармайт. Түктөр бир электрдик фаза сыяктуу кыймылдайт. Түккө тийээр замат электрдик сигналдар таркайт жана өсүмдүк клеткаларындагы суу тең салмактуулугу өзгөрөт. Суу алып шишиген клеткалар болсо капканды жабышат.157
Электрдик фазаларда да агымды башкаруу үчүн колдонулган ажыраткычтар Чолпондун түктөрү сыяктуу иштейт. Ажыраткыч ачык турганда фазадан ток акпайт. Ажыраткыч бириктирилип, фаза толукталганда, ток кайрадан зымдарда агып баштайт (натыйжада мисалы чырак күйөт). Жаныбарлар жана өсүмдүктөр ушуга окшогон көптөгөн ажыраткычты организмдеринин тиешелүү бөлүктөрүнө сигнал алып барган электрдик агымдарды баштоо же токтотуу үчүн колдонушат.158
Негизи Чолпондун электрдик фазасы бири-бирине бекем туташкан эки ажыраткыч сыяктуу иштейт: капкандын жабылышы үчүн эки түктүн сигналы керек.159 Бул – жамгыр сыяктуу бир себеп менен капкандын керек эмес учурда жабылбашы үчүн алынган бир чара.
Негизи Чолпон өсүмдүгүнүн электрдик ток жөнүндө да, бул токтордун өтүшүн камсыз кылган электрдик ажыраткычтар жөнүндө да эч маалыматы жок. Чолпон өсүмдүгүнүн бул темада билим алышы да мүмкүн эмес. Андай болсо бир өсүмдүк бир адам да атайын бир изилдөө жасабастан биле албай турган бул маалыматтарды кайдан билүүдө жана эч катасыз кантип колдонууда?
Албетте, өсүмдүктүн бир акылы, жана натыйжада кандайдыр бир үйрөнүү жөндөмү жок. Бул өсүмдүктү мынчалык кемчиликсиз бир система менен бирге жараткан – бул бүт нерсенин Ээси Улуу Аллах.
Нерв клеткаларындагы изоляция болбогондо
Нерв жипчелери мээден булчуңдарга жана башка органдарга кабарлар жөнөтөт жана бул кабарларды мээге кайра өткөрөт. Нерв жипчелеринин сырты «миелин» деп аталган майлуу атайын бир зат менен капталган. Эгер миелин заты болбогондо же электрдик импульстар айланадагы кыртыштарга сиңип кабарды бузмак же болбосо денеге зыян бермек. Миелин электрдик кабельдердин айланасындагы пластикалык изоляция сыяктуу милдет аткарат.161
Электрдик кабельдер бир тараптан ага тийгендердин жабыр тартпашы, экинчи тараптан болсо ток башка жакка чыгып кубаты азайбашы үчүн изоляция кылынат. Бул кызмат үчүн катуу жана чыдамкай болгондуктан пластикалык материалдар колдонулат.
![]() |
1- Нерв клеткасы; 2- Электрдик кабель; 3- Изоляция; 4- Миелин. |
Чайыр иттеринин желдетүү ыкмасы
Көп жаныбарлар душмандарынан коргонуу үчүн атайын бир жөндөм талап кылган жердин астында башпаанектерди курушат.
Бул башпаанектердеги тунельдер жерден белгилүү бир бийиктикте жана жерге параллельдүү болушу керек. Антпесе ал жерлерди оңой гана суу басышы мүмкүн. Тунельдер эгер кескин ийилип жасалса, бул жолу бузулуу риски пайда болот. Тунель курууда дагы бир жагдай – бул аба муктаждыгынын көйгөйсүз канааттандырылышы.
Чайыр иттери коомдук жаныбарлар. Чоң топтор болуп жер астында казган уяларында жашашат. Саны көбөйгөн сайын жаңы уялар ачышат жана уяларын тунельдер менен бир-бирине туташтырышат. Кээде уялардын аянты бир шаар чоңдугунда да болушу мүмкүн. Мындай жер астындагы шаарда желдетүү абдан маанилүү. Ошондуктан чайыр иттери тунельдер жер бетине ачылган жерлерде вулканга окшогон желдетүү мунараларын курушат. Бул мунаралар жер астындагы шаарларга аба агымынын тартылышын камсыздайт.
Аба жогорку басым чөйрөлөрүнөн төмөнкү басым чөйрөлөрүн көздөй кыймылдайт. Чайыр иттери жасаган мунаралардын кээ бирлери жапыс, кээ бирлери болсо бийик. Ортодогу мындай айырма тунельдин чыга беришинде басым айырмасынын пайда болушуна себеп болот. Натыйжада аба үстүндө төмөн басым пайда болгон мунарадан кирип, жогорку басым пайда болгон мунарадан чыгат. Тунельдерге тартылган аба бардык уялардан өтөт, натыйжада кемчиликсиз бир желдетүү системасы курулган болот.162
Чайыр иттеринин тунельдериндеги сыяктуу бир желдетүү кура алуу үчүн тунель ачуу ыкмасын, төмөн жана жогорку басымдын эмне экенин, булардын бийиктикке жараша өзгөрүшүн билүү керек. Булардын баары болсо аң-сезим талап кылган, акыл жана логиканын бар экенине ишарат кылган кыймыл-аракеттер. Демек чайыр иттериндеги мындай акылдын булагын изилдөө керек, жана бул акылдын чайыр иттерине тиешелүү эмес экендиги же болбосо эволюционисттер жактагандай сокур кокустуктардын натыйжасында пайда болбошу апачык.
Чайыр иттерин да дүйнөдөгү бардык жандыктар сыяктуу Аллах жараткан. Аллах адамдар ой жүгүртүшү үчүн сансыз өрнөк жаратат. Акылы бар ар бир адамдын милдети – бул ой жүгүртүү жана абийиринин добушун угуп, көргөн ар бир сулуулукта Аллахка багытталуу. Себеби Аллах кечиримдүү, чексиз адилеттүү. Аллах Куранда ыйман келтирген пенделерине мындай сүйүнүчтүү кабар берүүдө:
Раббиңер силердин ичиңердегини жакшыраак билет. Эгер силер ыкластуу болсоңор, албетте Ал да (Ага) багытталып, кайткандарды кечирүүчү. (Исра Сүрөсү, 25)
![]() |
1- Вентиляция каналдары; 2- Тунель тешүү каналдары; 3- Метро тунели; 4- Сервис каналы. |
Жапайы аарылар жана кагаз өнөр-жайы
Адамдар дарак тоголокторун бир катар химиялык процесстен өткөрүп, андан соң кагазга айлана турган бир камырга айлантышат. Кагаз жасоонун табияттагы ачуучулары болсо – бул жапайы аарылар.
![]() |
Бул сүрөттө кагаз өндүргөн заводдун схемасы чагылдырылган. Эгер бул этаптардын бирөөсү эле болбосо, кагаз өндүрүүгө болбойт. Ушундай татаал жумуш жапайы аарынын кичинекей денесинде жасалууда. |
Жапайы аарылар уяларындагы уюктарды жасоо үчүн кагаз колдонушат. Аары бул кагазды өз шилекейи менен аралаштырган чайналган тактай бөлүктөрүнөн жасайт. Эмерек жасоодо колдонулган ДСПлар да жапайы аары колдонгон ыкманын дал өзүндөй ыкма менен жасалат. ДСП өндүрүүдө аарынын шилекейинин ордуна клей колдонулат.163
Жапайы аарылар өнүккөн бир дарак иштетүү жана кагаз заводу сыяктуу. Бирок алар абдан ири өнөр-жай мекемелери жасаган бардык процесстерди кичинекей денелеринде жасашат. Бул кагаз өнөр-жайынын жапайы аарылардан үйрөнө турган көп нерсеси бар экенин көрсөтөт.
Пилдин мурду өрнөк алынып жасалган робот-кол
Илимпоздор робот-колду долбоорлоп жатканда эң кыйналган нерселердин бири – бул колдун кыймылдоо өзгөчөлүгү. Бир робот-кол ишке жарашы үчүн ал иш талап кылган бардык кыймыл-аракеттерди жасай алышы шарт. Аллах табияттагы жандыктардын органдарын алардын муктаждыктарын толук камсыздай турганчалык кыймылдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ кылып жараткан. Буга эң даана мисалдардын бири – бул пилдердин мурду.
Пилдин 50 миң даана булчуң менен курчалган мурду164 кемчиликсиз түзүлүшү урматында көптөгөн аярдыкты, назиктикти талап кылган кыймылдарды жасай алат. Мындан тышкары, жаныбар мурдун каалаган багытта кыймылдата алат.
АКШдагы Rice университетинде жасалган робот-кол пилдин мурдунун канчалык улуу бир долбоор экенин бир топ даана көрсөттү.
Пил мурдунда скелетке окшогон бир даана да түзүлүш жок. Мындай өзгөчөлүк мурунга абдан ийкемдүүлүк (кыймылдуулук) мүмкүнчүлүгүн берет жана жеңил болушун камсыздайт. Ал эми робототехникалык колдун бир омурткасы бар. Пил мурду бүт тарапка бурула ала турганчалык кыймыл эркиндигине ээ. Ал эми робототехникалык кол ээ болгон 16 байланышы жардамында болгону 32 түрдүү кыймыл жасай алат.165
Булардын баары пилдин мурдунун бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллахтын жаратуу чеберчилигиндеги кемчиликсиздикти көз алдыга тартуулаган өзгөчө бир түзүлүш экенин көрсөтүүдө.
Булактар:
150 Wild Technology, Phil Gates, s. 5
151 Wild Technology, Phil Gates, s. 55
152 Wild Technology, Phil Gates, s. 64
153 Wild Technology, Phil Gates, s. 67
154 Wild Technology, Phil Gates, s. 67
155 http://www.yourplanetearth.org/terms/details.php3?term=Biomimicry
156 Wild Technology, Phil Gates, s. 65
157 Bu konuda ayrıntılı bilgi için bakınız: Harun Yahya, Düşünen insanlar için, Vural Yayıncılık, Aralık 2000, 4. baskı ss. 99-101
158 Wild Technology, Phil Gates, s. 66
159 http://www.bitkidunyasi.net/ilgincbitkiler/ilgincbitkiler1.html
160 Wild Technology, Phil Gates, s. 44
161 Wild Technology, Phil Gates, s. 67
162 Natiaonal Georaphic Channel (Türkiye), Animal Inventors, 25/11/2001
163 Wild Technology, Phil Gates, s. 16
164 Richard Dawkins, Climbing Mount Im probable, W.W. Norton & Company; ISBN: 0393039307, September 1996, s.92
165 http://ece.clemson.edu/crb/labs/biomimetic/elephant.htm
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder