
Reader's Digest журналында тема катары канаттууларды колго алган илимий бир макала төмөнкү сүйлөм менен башталып, бул суроонун жообун мындайча берүүдө:
Аэродинамикалык бир керемет болгон канаттуу менен салыштырылганда эң алдыңкы аба унаасы да болгону орой бир көчүрмөдөй болуп калат.79
Канаттуулар кемчиликсиз учуу машиналары. Бир унаа уча алышы үчүн жеңил болушу керек. Бул канатты карматуу үчүн колдонулган болт жана тырмактарга да тиешелүү эреже. Мына ушул себептен адамдар учак жасоодо дайыма өзгөчө материалдарды колдонууга аракет кылышат: катуу бирок жеңил, ошол эле учурда соккуларга чыдамкай. Бардык мындай аракеттерге карабастан, бул жагдайда канаттууларга жакындаша да албадык деп айтууга болот. Сиз төмөндөп (конуп) баратканда, жарылып кеткен же талкаланган бир канаттууну көрдүңүзбү? Же учуп баратканда денеге болгон байланыштары начарлаганы үчүн канаты үзүлгөн бир канаттууну?

Ичи бош жеңил сөөктөр, бул сөөктөрдү кыймылдата тургандай күчтүү көкүрөк булчуңдары, абада турууну камсыз кыла турган сыпаттагы түктөр, аэродинамикалык канаттар, жогорку энергия муктаждыгын камсыздай турган бир метаболизма... Канаттуулардын бир долбоор натыйжасы экенин апачык көрсөткөн мындай өзгөчөлүктөр аларга абада кыймылдоонун жогорку жөндөмүн берет.
Канаттуулар дагы көп тараптардан учактардан алдыда. Мисалы, кузгун, көгүчкөн сыяктуу канаттуулар абада чимириле алышса, аары куштары абада асылып тура алышат. Абада учуп баратканда, ойун өзгөртүп, кокус бир кыймыл менен бир бутакка коно алышат. Учактар болсо мындай кыймылдарды жасай алышпайт.
Али учактар табыла элек кезде эле канаттуулар учуу үчүн колдонгон кемчиликсиз долбоор көптөгөн ачылыш жасагандарга таасир берген. 19-кылымда кээ бир адамдар үйдө жасаган канаттарды колдоруна бекем байлап, имараттардын чатырынан өздөрүн абага ташташып, канаттуулардын кыймылын тууроого аракет кылышкан. Сиз болжогондой эле, бул адамдардын учуу үчүн бир эле канаттын жетиштүү эмес экенин түшүнүшү көп убакыт алган эмес.
Ал күндөрдөн бүгүнкү күнгө чейин дээрлик 200 жыл өттү. Адамзаттын илимий тажрыйбалары жана изилдөө-өнүктүрүү ыкмалары абдан алдыга жылды. Бирок кээ бир адамдар дагы эле ушул ачылышчылардай акылдан алыс жана бош догмаларды жасашууда. Бул көз-караш боюнча, сойлоочулар убакыттын өтүшү менен баскыч баскыч өнүгүп отуруп, канаттуу абалына келген. Баскычтуу эволюция деп аталган мындай ойдон чыгарылган механизм чындыкка эч сыйбайт. Канаттуулардын сойлоочуларга бираз да окшобогон сөөк жана булчуң түзүлүштөрү, түктөрү, аэродинамикалык канаттары жана метаболизмдери бар.83 Кургактыкта жашаган жандыктардан толугу менен айырмалуу бир түзүлүшкө ээ болгон канаттуулардын эч бир дене механизмин догма кылынган баскычтуу эволюция модели менен түшүндүрүүгө болбойт.
Учак технологиясындагы жаңы максат: өзгөргөн шарттарга жараша калыбы өзгөргөн куш канаты
Канаттуулар учуп баратышканда, канаттарын шарттарга жараша эң ылайыктуу колдонушат. Ысыктык жана шамал сыяктуу факторлорго жараша керектүү өзгөрүүлөрдү автоматтык түрдө жасай турган абалда жаратылышкандыктан, эң жакшы учуучу деп кабыл алынышат. Учурда учак технологиясына жол көрсөткөн фирмалар канаттуулардын мындай жаратылуу өзгөчөлүктөрүнөн пайдаланып, долбоорлор жасашууда.
НАСА (NASA), Боинг (Boeing) фирмасы жана АКШ аба күчтөрү учакка орнотулган бир компьютерден келген маалыматтардын негизинде калып өзгөртүү жөндөмүнө ээ, айнек жипчелерден жасалган ийкемдүү бир канат долбоорлошкон. Бул компьютер ошол эле учурда учуу шарттарын (ысыктык, шамал күчү) билдирүүчү өлчөгүч аппараттар берген маалыматтарды баалоо жөндөмүнө да ээ болот. Компьютер ушундай жол менен алган маалыматтарга жараша канаттардын ийрилигин эң ылайыктуу абалда өзгөртө алат.84
Бул багытта эмгектенген дагы бир фирма – бул Эйрбас (Airbus). Эйрбас да учактын канаттарына канаттуулардыкы сыяктуу учуш шарттарына жараша калыбын өзгөртүү өзгөчөлүгүн бере турган жөнгө салынуучу канаттарды (adaptive wings) жасоого аракет кылууда. Максаты болсо күйүүчү май коротууну үнөмдөө.85
Кыскача айтканда, канаттуулардын учуш калыптары жана канат түзүлүштөрү толук бир долбоор керемети. Канаттуулардагы мындай теңдешсиз долбоор көп жылдардан бери учак инженерлеринин илхам булагы болууда. Аллах бул жандыктарды учууга эң ыңгайлуу системалар менен жабдыган. Аллах Курани Керимдин бир аятында бул жандыктарга мындайча көңүл бурууда:
Алар үстүлөрүндө тизилип канат кагып, учкан куштарды көрбөй жатышабы? Аларды Рахман болгон Аллахтан башкасы бош абада кармаган жок. Шексиз Ал – бүт нерсени толугу менен көрүүчү. (Мүлк Сүрөсү, 19)
Канаттуулардын канаттары учак технологиясына жол көрсөтүүдө
Канаттуулардын учушунун изилдениши учак канаттарынын түзүлүштөрүндө маанилүү өзгөрүүлөргө себеп болууда.
Мындай өзгөрүүлөрдөн биринчи болуп пайдаланган учактардын бири – бул бир Америка аңчы учагы болгон F-111. Эми бул учактын канаттарында багыты өзгөрө алган кыймылдар менен учактын оңго же солго бурулушун камсыздаган канатчалар бар. Учак бурулуштарын канаттуулар кылган сыяктуу, канаттарынын калыптарын, канаттын капталдан көрүлгөн ийрилигин көбөйтүү же азайтуу аркылуу жасоодо. Мунун урматында учактар багытын өзгөртүп жатканда, тең салмактуулукта кала алышат.87
Грифтердин уч түктөрү абада учуу изилдөөлөрүнө жол көрсөтүүдө
Бир учак учуп баратканда, канатынын учунда басым айырмачылыктарынан улам чоң аба агымдары (соккулары) пайда болушу мүмкүн. Мындай соккулар учуу учурунда учакка терс таасир этет.
Учуу изилдөөлөрү үчүн жасалган анализдерде грифтер учуп баратканда канаттарынын учтарында жайгашкан чоң түктөрүн бир колдун манжалары сыяктуу ачаары аныкталган. Мунун натыйжасында изилдөөчүлөр грифтин канат учтарын өрнөк алып, кичинекей металл канатчаларды жасоону жана буларды учактарда эксперимент кылууну ойлонушкан. Бул канатчалар урматында бир катар кичинекей аба агымы жаратылуу менен, булардын мурдакы чоң аба агымдарынын ордун ээлеши камсыздалат, натыйжада агымдардын учакка болгон зыяндуу таасири азайтылган болот. Эксперименттер менен далилденген бул пикир эми учактарда колдонууга аракет кылынууда.
20-кылымдын илими курт-кумурскалар учуу үчүн колдонгон аэродинамикалык техникаларды түшүнө албады
Бир курт-кумурска учуп баратканда секундасына орточо бир канча жүз жолу канат кагат. Ал тургай канаттарын секундасына 600 жолу кага алган курт-кумурскалар да бар.90
Бир секундада мынчалык кыймыл-аракеттин кереметтүү бир тактык-назиктик менен жасалышы бул долбоорду технологиялык жактан тууроого мүмкүндүк бербей келүүдө.
Калифорния университетинде биология профессору Майкл Дикинсон (Michael Dickinson) жана курдаштары мөмө чиркейлеринин учуу техникасын аныктоо үчүн иштеп чыккан робот мөмө чиркейинен 100 эсе чоң жана чиркейдин канат ылдамдыгынын болгону миңде бириндей ылдамдыкта канат кага алууда. Болгондо да ар бир беш секундада бир канатын кыймылдаткан робот чиркейдин мындай кыймылы үчүн 6 мотор колдонууда.91
Проф. Дикинсон сыяктуу көптөгөн илимпоздор көп жылдан бери курт-кумурскалардын канат кагуу кыймылдарын тереңирээк аныктоо үчүн ар түрдүү эксперименттерди жасашууда. Мөмө чиркейлерине жасалган мындай экспериментер учурунда Дикинсон чиркей канаттарынын, жөнөкөй илгичтер менен карматылган сыяктуу, түз кыймылдар жасабаганын, тескерисинче абдан комплекстүү аэродинамикалык техникалардан пайдаланганын аныктаган. Мындан тышкары, ар бир кагууда канаттардын багыты өзгөрүүдө: ылдый кыймылдаган канатта жогорку тарап өйдө карап турса, жогору көздөй кыймылда канат айланат жана бул жолу канаттын ылдыйкы тарабы өйдө карайт. Мындай комплекстүү учуу техникасын анализ кылууну каалаган илимпоздор болсо учак канаттары үчүн колдонулган «кадимки аэродинамиканын» жетишсиз экенин айтышууда.
Мөмө чиркейлери да учуу үчүн бирден көп аэродинамикалык өзгөчөлүктү пайдаланат. Мисалы, канаттар бир какканда артында турбуленттүү, татаал бир аба толкунун калтырат. Канат кайра кайтып атканда болсо муну тушталган суу сыяктуу толкундун ичинен өткөрүп, мурда жоготкон энергиясынын бир бөлүгүн кайрадан иштетет. Секундасына 200 жолу канат каккан 2,5 миллиметрлик мөмө чиркейинин учушун камсыздаган булчуң башка бардык курт-кумурскалардын учуу булчуңдарынын арасында эң күчтүүсү деп айтылат.92
Мындан тышкары, чиркейлерде канаттар менен бирге алар ээ болгон кескин көздөр, тең салмактуулук үчүн колдонгон кичинекей арткы канаттар жана канаттардын убактысын жөнгө салган кабылдагычтар сыяктуу дагы көптөгөн детальдар да долбоордогу кемчиликсиздикти артырууда.
Чиркейлер миллиондогон жылдан бери ушул аэродинамикалык эрежелерди пайдаланып учушууда. Бүгүнкү күндө эң алдыңкы технологияларды колдонгон илимпоздордун да чиркейлердин учуу техникаларын толук түшүндүрө албашы – алардын Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын апачык далилдеринин бири. Аллах ойлоно алган адамдар үчүн бир чиркейде акылынын жана илиминин теңдешсиздигин бизге көрсөтүүдө. Куранда мындайча буюрулууда:
«Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да.» (Хаж Сүрөсү, 73)
Булактар:
76 Bilim ve Teknik, Kasım 1985, s. 11
77 Bu konu hakkında daha detaylı bilgi için bakınız: Harun Yahya, Doğadaki Tasarım, . . .
78 "Harika Balık", Bilim ve Teknik, Mart 1991, sf. 43
79 "Kusursuz Uçuş Makineleri", Reader's Digeest'tan çev: Ruhsar Kansu, Bilim ve Teknik, Sayı:136, Mart 1979, s. 21
80 http://www.yourplanetearth.org/terms/details.php3?term=Biomimicry
81 "Kusursuz Uçuş Makineleri", Reader's Digeest'tan çev: Ruhsar Kansu, Bilim ve Teknik, Sayı:136, Mart 1979, s. 22
82 "Bilim Damlaları, Yeni Avcı Uçakları: Pougatchev'in Kobraları", Doç. Dr. Selçuk Aslan, Bilim ve Teknik, …….
83 Bu konuda ayrıntılı bilgi için bakınız: Hayatın Gerçek Kökeni, Harun Yahya, …..
84 "Biyonik, Doğayı Kopya Etmektir", Science et Vie'den Çev. : Dr.Hanaslı Gür, Bilim ve Teknik Temmuz 1985, s. 19-20
85 http://www. biltek. tubitak. gov. tr/dergi/98/ocak/yakitsiz. html
86 http://www. fonz. org/zoogoer/zg1999/28(4)biomimetics. htm : "Designs from Life", Robin Meadows, Zooger, July/August 1999
87 "Biyonik, Doğayı Kopya Etmektiré, Science et Vie'den Çev. : Dr.Hanaslı Gür, Bilim ve Teknik Temmuz 1985, s. 19
88 "Kusursuz Uçuş Makineleri", Reader's Digeest'tan çev: Ruhsar Kansu, Bilim ve Teknik, Sayı:136, Mart 1979, s. 23
89 Clive Gifford, Her Yönüyle Uçaklar, Tubitak Popüler Bilim Kitapları, TUBİTAK, 4.Basım Ocak 1999 s. 24
90 http://www. sciam. com/2001/0601issue/0601dickinson. html; Michael Dickinson, Scientific American, Solving the Mystery of Insect Flight, June 2001
91 http://www. sciam. com/2001/0601issue/0601dickinson. html; Michael Dickinson, Scientific American, Solving the Mystery of Insect Flight, June 2001
92 http://www. sciam. com/2001/0601issue/0601dickinson. html; Michael Dickinson, Scientific American, Solving the Mystery of Insect Flight, June 2001
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder