30 Temmuz 2016 Cumartesi

3-БӨЛҮМ: ТАБИЯТТАГЫ ЫЛДАМДЫК КОРОБКАЛАРЫ (КУТУЛАРЫ) ЖАНА РЕАКТИВДҮҮ УЧАК МОТОРЛОРУ


Мотордуу унааларга кызыккандардын дээрлик баары бул унаалардын кыймылдашында ылдамдык коробкаларынын (кутуларынын) жана реактивдүү моторлордун канчалык маанилүү экенин билишет. Бирок табиятта биз колдонгондордон бир топ жакшы долбоорго ээ ылдамдык кутуларынын жана реактивдүү учак моторлорунун бар экенин абдан аз адам билсе керек.
Ылдамдык кутусу бир унаанын ылдамдыгы өзгөргөндө мотордун эң натыйжалуу колдонулушун камсыздайт. Табияттагы ылдамдык кутулары болсо унаалардыкына окшош ыкмада иштейт. Мисалы, чымындар кадимки бир учуш учурунда абада үч баскычтуу ылдамдыкты камсыздаган табигый бир ылдамдык кутусун колдонушат. Бир чымын мындай система урматында канаттарын каалаган ылдамдыкта кагып, кокустан ылдамдай же жайлай алат.54
Унааларда мотордон алынган күчтү дөңгөлөктөргө өткөрүү үчүн көп санда чарк колдонулат. Жакшы бир кыймыл чарктар баскыч баскыч колдонулганда гана мүмкүн болот. Унаалардагы болушунча оор жана көп орун ээлеген бул чарктардын ордуна, чымындарда болгону бир канча миллиметр квадратка баткан бир механизм бар. Бир топ колдонууга ыңгайлуу болгон бул механизм урматында чымындар канаттарын эч кыйналбастан кага алышат.

Бойок балыгы, осьминог жана наутилус (Nautilus) сууда кыймылдап баратканда, реактивдүү моторлордогу сыяктуу бир түртүү күчүн колдонушат. Бул системанын канчалык натыйжалуу экенин түшүнүү үчүн илимий булактардагы аты Loligo Vulgaris болгон кальмардын суунун ичиндеги ылдамдыгынын саатына 30 киллометрден ашканын айтуубуз жетиштүү болот.56
Бул багыттагы эң теңдешсиз мисалдардын бири болгон наутилус осьминогго окшош бир суу жаныбары жана реактивдүү учак мотору менен иштеген бир кеме сыяктуу. Башынын астындагы бир түтүк менен сууну ичкери алат жана анан кайра чыгарат. Ушундай жол менен жараткан агымы бир багытты көздөй кыймылдап баратканда, наутилус башка багытты көздөй кыймылдайт.
Бул жандыктардын илимпоздорду суктандырган дагы бир өзгөчөлүгү – бул алар ээ болгон табигый реактивдүү моторлордун деңиз тереңдиктериндеги абдан күчтүү басымдардан таасирленбеши. Мындан тышкары, кыймыл-аракетти камсыз кылган системалары үнсүз жана абдан жеңил. Натыйжада наутилустун жаратылышындагы мындай артыкчылык суу-асты кемелер үчүн модел болду.





Суу астындагы 100 миллион жылдык жогорку технология


Суу-асты кемелердеги чумкуу цистерналары сууга толгондо, кеме суудан оор болуп калат жана ылдый чөгөт. Эгер танкадагы суу басымдуу аба менен алмаштырылса, суу-асты кеме кайрадан суунун бетине чыгат. Наутилус да кыймылдап баратканда ушундай ыкманы колдонот. Наутилустун денесинде 19 см чоңдугунда үлүл кабыгы сыяктуу спиралдуу бир орган бар. Бул спиралда бири-бири менен байланыштуу 28 даана «чумкуу клеткасы» жайгашкан. Бирок бул сууну чыгаруу үчүн жетиштүү эмес, күчөтүүчү катары басымы бар абага да муктаждык бар. Анда наутилус сууну чыгаруу үчүн керектүү басымы бар абаны кайдан табат?
Наутилустун денесинде биохимиялык жол менен өзгөчө бир газ өндүрүлөт жана бул газ кан айлануу аркылуу клеткаларга өткөрүлүп, клеткалардан суунун чыгышы камсыздалат. Мунун урматында наутилус аңчылык кылып жатканда же душмандарынан качкысы келгенде, төмөнүрөөккө түшө алат же суунун бетине чыга алат.

Бир деңиз-асты кеме болгону 400 метр тереңдикке түшө алса, наутилус үчүн 450 метр тереңдикке чумкуу абдан оңой.58
Бул – көп жандык үчүн абдан кооптуу бир тереңдик. Бирок ошого карабастан, наутилус мындан эч таасирленбейт, кабыгы басымдан талкаланбайт же денесине кандайдыр бир зыяндуу таасир болбойт.
Бул жерде көңүл буруу керек болгон абдан маанилүү дагы бир жагдай бар. Наутилус жаратылгандан бери бул системага ээ. Анда 450 метр тереңдиктеги басымга чыдамдуу мындай өзгөчө кабык түзүлүшүн наутилус өзү долбоорлогон болушу мүмкүнбү? Же денесиндеги сууну чыгаруу үчүн жогорку басымга ээ аба ала алчу газды өзү тапкан болушу мүмкүнбү? Албетте, наутилустун өз башынча газ өндүрө турган бир химиялык реакцияны билиши да, бул реакцияны ишке ашыра турган түзүлүштү өз денесинде курушу да же болбосо суунун басымынан улам үстүндө пайда болгон тонналаган жүккө чыдамкай бир кабык долбоорун жасашы да эч мүмкүн эмес.
Бул – бүт нерсени өрнөксүз жараткан Аллахтын чыгармасы. Куранда Аллахтын Беди (өрнөк албастан жаратуучу) сыпаты мындайча кабар берилет:


«Асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк албастан жаратуучу…» (Энъам Сүрөсү, 101)





Булактар:

54 http://www. watchtower. org/library/g/2000/1/22/article_02. htm
55 Wild Technology, Phil Gates s. 38
56 Stuart Blackman, "Synchorinised Swimming", BBC Wildlife, Şubat 1998, s.57
57 Bilim ve Teknik Nisan 1985, "İşte Doğa"
58http://waquarium. mic. hawaii. edu/MLP/root/html/MarineLife/Invertebrates/Molluscs/Nautilus. html; Waikiki Aquarium Education Department, December 1998

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder