
Жарыяланган кабарда «64 компьютерди колдонуп сандык (цифровой) бир сүрөттөлүш алынгандыгы жана компьютерлердин мындай сүрөттөлүшкө жетишинин болсо болгону бир канча секунда улангандыгы» айтылды.110 Бул, албетте, абдан чоң бир жетишкендик, бирок бул жерде унутпаш керек болгон бир жагдай бар:
Адамдын көзү торчодогу сүрөттөлүштү секунданын ондо биринчелик кыска убакыт ичинде пайда кылат жана бул сүрөттөлүш болгону 1 миллиметр квадрат кеңдигиндеги бир аянтты ээлейт. Мындай өзгөчөлүктөрү эске алынганда адамдын көзүнүн эң алдыңкы технологияга ээ 64 компьютерден бир топ ыкчам жана ыңгайлуу бир механизм экендиги апачык көрүнүп турат.
Технология адамдын жүрөгүндөгү долбоорго жете албай жатат
Орточо 70-80 жылдай узун бир мөөнөт жашаган бир адамдын жүрөгү мүнөтүнө 70-80 жолу, өмүр бою болжол менен бир канча миллиард жолу согот. Жасалма жүрөк изилдөөлөрү менен белгилүү болгон «Abiomed» аттуу фирма бардык изилдөөлөрүнө карабастан, жүрөктүн жылдардан бери ийгиликтүү аткарып келген функциясын туурай алышпаганын айтты. Фирма жаңы иштеп чыккан жасалма жүрөктүн 5 жылда 175 миллион жолу согушу болсо абдан жакшы бир максат көрсөткүч деп бааланууда.111
Акыркы технология продукту болгон мындай жасалма жүрөк адамдардан мурда уйларда эксперимент жасалган, бирок уйлар болгону бир канча ай жашай алышкан. Бир канча майда-чүйдө өзгөрүүлөр жасалып, жаңы жүрөктүн эмки жылы адамдарда да эксперимент кылынышы пландалууда. Duke университетиндеги бир био-инженер жана бул темада жазылган бир китептин автору Стивен Вогель (Steven Vogel) изилдөөчүлөрдүн эмне үчүн адамдын жүрөгүн тууроодо мынчалык кыйналганын мындайча түшүндүрөт:
Биз ээ болгон моторлор, күчү жана натыйжалуулугу кандай гана болбосун, ушунчалык башкача иштешет. Ал эми жүрөк булчуңу биздин технологиялык жабдуубуздагы эч нерсеге окшобогон жумшак, нымдуу, кысыла алган машина сыяктуу. Бир жүрөктү мына ушул себептен туурай албайсыз.112
Abiomed фирмасынын жасалма жүрөгү да чыныгы бир жүрөк сыяктуу 2 карынчадан турат. Эки жүрөк арасындагы окшоштук ушул гана. Изилдөөнү башкарган Пенсильвания университетинен биоинженер Алан Снайдер (Alan Snyder) бул айырманы «Чыныгы бир жүрөктө булчуң бир идиш сыяктуу кызмат кылат жана өзү кысылат» деген сөзү менен баяндайт.113 Жүрөк менен бирдей принципте иштеген насостордо бир идиш жана бул идиштин ичиндеги суюктукту насостогон (айдаган) дагы бир система болот. Жүрөктө болсо идиштин өзү насос кызматын аткарат. Алан Снайдер бир сүйлөм менен баяндаган айырма мына ушунда.
Өзүнөн өзү кысылган бир идишти кантип жасашаарын билбеген изилдөөчүлөр эки карынчанын арасына жайгаштырган бир мотор жардамында эки карынчанын тең ички капталдарын түртүп кыймылдатышкан. Жасалма жүрөк карын ичине жайгаштырылган бир батарея менен иштөөдө, бул батарея болсо оорулуу алып жүргөн заряддала турган чоңураак бир батарея пакетинен таркаган радио толкундар менен тынымсыз заряддалууга мажбур.
Чыныгы жүрөктүн болсо энергия үчүн батареяга муктаждыгы жок, себеби жүрөгүбүз өз энергиясын ар бир клеткасынын ичинде өз башынча өндүрө алган теңдешсиз бир булчуң долбооруна ээ. Мындан тышкары, жүрөктүн тууроого мүмкүн болбогон өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул анын эч теңдешсиз динамикалык бир согуу көлөмүнө ээ болушу. Тыныгуу учурунда мүнөтүнө 5 литр кан айдаган бир жүрөк кыймыл (спорт) учурунда муну 25-30 литрге чейин көбөйтө алат. Abiomed фирмасынын башкаруучусу Кунг (Kung) мындай кереметтүү темп өзгөрүшү жөнүндө «Бул алигече эч бир механикалык аппарат жете албаган бир нерсе» деп айткан. Фирма жасаган жасалма жүрөк болсо мүнөтүнө эң көп 10 литр кан айдай алат, бул болсо көп кыймыл-аракеттер үчүн жетишсиз болот.114
Бирок негизги кол жетпеген нерсе – бул жүрөктүн өзүнө айдаган кан менен азыктанышы жана муктаждыкка жараша күчтөнүшү. Ушундай жол менен бир жүрөк эч кароосуз 50-60 жыл иштей алат. Жүрөк өзүн-өзү жаңылоо өзгөчөлүгүнө ээ. Ошондуктан, үзгүлтүксүз иштөө күчүн эч жоготпойт. Бул дагы аны тууроого мүмкүн эмес кылган эң чоң өзгөчөлүктөрдүн дагы бири.
Илимпоздор учурдагы технология менен жете албаган, бир гана жетүүнү кыялданган өзгөчөлүктөргө ээ болгон жүрөгүбүз теңдешсиз долбоору менен Жаратуучубуздун, Улуу Раббибиз болгон Аллахтын улуу илимин бизге таанытууда.
Компьютерлердеги вирус коркунучуна иммундук системабыздан чечүү жолу
Кибер ааламда бир компьютерге бир вирус таасир этсе, анда ал дүйнөдөгү башка компьютерлерге да таасир этиши мүмкүн дегенди билдирет. Ошондуктан көп фирмалар компьютер түйүн системаларын вирустардан коргоо үчүн «иммундук системаны» түзүү керек экенин сезишип, бул тармакта көп санда эмгек жасап башташкан. Бул эмгектерди жасаган борборлордун бири – бул Нью-Йоркто жайгашкан, IBMдин Watson изилдөө борборундагы вирус изоляция лабораториясы. Ал жер - өлтүрүүчү вирустар менен иштеген абдан коопсуз бир микробиология лабораториясы. Мындан тышкары, ал жерде ушул күнгө чейин белгилүү болгон 12000 компьютер вирусун аныктай ала турган, жана вирусту коопсуз абалда компьютерлерден изоляция кылып, жок кыла алган программалар өндүрүлүүдө.
Бираз мурдараак сөз болгон кибер ааламдагы вирустарга каршы учурдагы компьютер системаларын коргой алчу дүйнөлүк масштабдагы бир иммундук системаны курууга аракет кылган фирмалардын бири – бул атактуу бир марка IBM фирмасы. Фирма жооптууларынын бири Стив Уайт (Steve White) бул маселени чечүү үчүн адам денесиндеги сыяктуу бир иммундук системаны куруу керек экенин мындайча баяндайт:
Адам расасынын тукумун уланта алышынын жалгыз себеби – бул анын иммундук системасы. Кибер-ааламдын жашоосун улантышы үчүн да бир иммундук система болушу шарт.115
Изилдөөчүлөр компьютер уюлдары менен жандыктар арасында курган мындай байланыш урматында компьютерлерди коргонуу системабыздын иштеши сыяктуу коргоочу программаларды өндүрүп башташкан. Алардын ою боюнча, эпидемиология (жугуштуу ооруларды изилдеген илим тармагы) жана иммунологиядан (иммунитет системасын изилдеген илим тармагы) үйрөнгөндөрүбүз жандуу организмдерин коргогон сыяктуу электрондук организмдерди да жаңы коркунучтардан коргой алат.
Компьютер вирустары – бул компьютерлерге акырын кирип, өзүн өзү копиялап көбөйө турган жана кирген компьютерине зыяндар жарата турган абалда жасалган жашыруун программалар. Бул вирустардын белгилери адамдарда байкалган ар кандай оорулар сыяктуу компьютер системасынын жайлашы, кээде болсо сырдуу абалда документ, файлдардын жабыркашы.
Вирус коркунучунан компьютерибизди коргоону убада кылган программалар компьютерибиздин эси тарабынан мурда аныктама берилген вирустардын издерин табуу үчүн компьютердин бүт эсиндеги ар бир кодду изилдеген аныктоочу программалар. Компьютер вирустары программисттинин колу (подпись) сыпатын алып жүргөн жана таанылышына мүмкүнчүлүк берген издерге ээ. Компьютердеги вирус издөөчү программа бул колду тапканда компьютерге вирус кирди деген бир сигнал берет.
Бирок анти-вирустук программалар компьютерлерди толук коргой алат деп айтууга болбойт. Себеби кээ бир адамдар бир канча күн ичинде жаңы вирустарды даярдашып, компьютер чөйрөсүнө жайгаштыра алышууда. Демек анти-вирустук программалар тынымсыз жаңыланып, жаңы вирус издерин тааный ала турган маалыматтар берилиши керек. Ошондуктан системалар тынымсыз жаңыланышы жана жаңы чыгарылган вирустарга каршы жаңы анти-вирус программалары кошулушу зарыл.
Мындан тышкары, дүйнөлүк масштабда интернет колдонуунун жайылышы менен бирге бул вирустар да абдан бат жайылып, компьютерлерге олуттуу зыяндар берип баштады. IBM фирмасынын изилдөөчүлөрү да чечүү жолун табиятты тууроодон табышкан. Баарынан мурда компьютер вирустарынын да жасалма жашоосу бар жана табияттагы вирустар сыяктуу ичинде турган чөйрөсүн өздөрүн көбөйтүү үчүн колдонушат. Изилдөөчүлөр ушундай окшоштуктан жолго чыгышып, адамдын иммундук системасынын адамдын денесин кандайча коргоорун анализдешкен:
Дене жат бир организмге жолугаар замат ылдам баскынчыны таанып, аны таасирсиз кыла турган бир антитело пайда кылып баштайт. Иммундук система ооруга жол ачышы мүмкүн болгон клетканы толугу менен анализ кылууга да мажбур эмес. Алгачкы инфекция тизгинделгенде, дене эмки бир инфекцияга ылдам каршы тура алуу үчүн бул антителолордун бир бөлүгүн даяр кармап турат. Мына ушул антителолордун урматында клетканын баарын изилдөө кажети болбойт. Анти-вирустук программалар да бүт вирусту эмес, вирустун колун тааный турган бир антителого ээ.
Байкалгандай, адамдарды технологиялык чөйрөдө көйгөйгө салган нерселерден кутулуу жолу да табиятта бар. Ар бир майда-барат эске алынган кемчиликсиз иштөө механизмине ээ коргонуу системабыз али биз төрөлө электе бизди коргоо милдети менен бирге даярдалган. Раббибиз бүт нерсени коргоочу жана карап туруучу. Бир аятта мындайча буюрулууда:
…Чынында менин Раббим бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Худ Сүрөсү, 57)
Көздөн фотоаппаратка: көрүү технологиясы
Омурткалуу жаныбарлардын көздөрү жарык «көз чечекейи» деп аталган тешиктен ичкери кирген тоголок топторго окшошот. Чечекейдин артында линзалар жайгашкан. Жарык алгач бул линзанын, андан соң көз чарасын толтурган суюктуктун ичинен өтөт жана торчонун бетине түшөт. Торчонун бетинде «конус клеткалар» жана «чыбык клеткалар» деп аталган болжол менен жүз миллион клетка бар. Чыбыктар жарыкты жана караңгыны айырмаласа, конустар түстөрдү тандашат. Бул клеткалар бетине түшкөн жарыктын таасиринде пайда болгон сүрөттөлүштү электрдик импульстарга айландырып, оптикалык нерв тармагы аркылуу мээге жөнөтөт. Көздөр жарыктын күчүн чечекейди курчаган чел кабык аркылуу жөнгө салат. Чел кабык болсо өз түзүлүшүндөгү кичинекей булчуңдар жардамында чоңойуп кичирейе алат. Бул – фотоаппараттардыкына окшош бир механизм.
Аппаратка кирген жарык көлөмү «перепонка» (диафрагма-diaphragm) деп аталган механикалык бир чел кабык аркылуу жөнгө салынууда. Фил Гейтс (Phil Gates) Wild Technology аттуу китебинде фотоаппараттардын көздү туураган жөнөкөй бир модель экенин мындайча айткан:
Фотоаппараттар омурткалуу жаныбар көздөрүнүн привитивдик жана механикалык бир версиясы. Бул аппараттар чынында дал көз сыяктуу, алдыларындагы ачыктыктан башка ичине жарык өткөрбөөчү кутучалар. Сүрөттөлүштү торчо ордуна бир пленкага чагылтышат (түшүрүшөт). Көздөрдө бир чекитти кароо (фокус кылуу) линзанын калыбынын өзгөрүшү менен ишке ашат. Фотоаппараттарда болсо бул процесс линзанын пленкага болгон аралыгы өзгөртүлүү аркылуу ишке ашырылат.116
Тунуктукту жөнгө салуу
Сүрөткө тартууда эң алгач тунуктук жөнгө салынат. Көрүү процессинде да айланабыздагы сүрөттөлүштөрдүн катмар бетине тунук түшүшү үчүн ушул эле процесс жасалышы керек. Фотоаппараттарда бул процесс кол менен, алдыңкы (өнүккөн) камераларда болсо автоматтык түрдө жасалат. Өзгөчө максаттарда колдонулган микроскоп жана телескоптордо да тунуктук жөнгө салынат. Бирок бул процесс кайсы мисалда болбосун убакыт талап кылат.
Ал эми адамдын көзү мындай жөнгө салууну тынымсыз жана абдан кыска убакыт ичинде өзүнөн өзү жасайт. Болгондо да колдонулган ыкма тууроого мүмкүн болбой турганчалык татаал. Көз линзасы айланасындагы булчуңдар урматында сүрөттөлүштү торчо бетине түшүрөт. Түзүлүшү ушунчалык ийкемдүү жана калыбы оңой өзгөргөн бул линза керек болгондо дөмпөйүп, керек болгондо чойулуп жарык түшкөн чекитти туруктуу кармайт.
Эгер көздө мындай жөнгө салуу өзүнөн өзү жасалбаганда, мисалы адам караган бир чекитине бир баскыч (кнопка) жардамы менен концентрация болууга мажбур болгондо, көрүү үчүн тынымсыз атайын бир кыймыл жасашы керек болмок. Сүрөттөлүш бир тунук болуп, бир тунармак. Бир нерсени караганда, аны көрө алуу убакыт алмак, натыйжада бүт кыймылдарыбыз жайлап калмак.
Бирок Аллах көздөрүбүздү кемчиликсиз кылып жараткан жана ошондуктан мындай кыйынчылыктарга эч кабылбайбыз. Эч ким алдында белгилүү бир алыстыкта турган нерсени тунук, даана көргүсү келгенде, ортодогу аралыкты, линзанын жөнгө салынышы жана булар менен байланыштуу көптөгөн оптикалык эсептөөлөрдү жасап отурбайт. Бир нерсени даана көрө алуу үчүн ага карап коюшу гана жетиштүү. Калган бардык процесстер автоматтык түрдө көз жана мээ тарабынан жасалат. Болгондо да бул процесстердин баары каалаар замат ошол кыска убакыт ичинде ишке ашат.
Жарыктын ыңгайлуулугу

Көп түстүү дүйнөгө ачылган терезе
Көз бир эле учурда сүрөттөлүштүн ак-кара да, түстүү да сүрөтүн тартат. Андан соң бул сүрөттөр мээде бириктирилип (синтезделип), кадимки сүрөттөлүш абалына келет.
Торчо катмарындагы чыбык клеткаларынын милдети – бул каралып жаткан нерсенин көрүнүшүн ак-кара катары майда-баратына чейин кабылдоо. Конус клеткалар болсо нерсенин түстөрүн аныктайт. Аягында эки клеткадан тең алынган импульстар иштелип, натыйжада сырткы дүйнөнүн көрүнүшү калыптанат жана көп түстүү абалда мээбизде пайда болот.
Көздөгү жогорку технология

Бир телевизор камерасынын иштөө принциптери изилденгенде, бул чындык бир топ даана көрүнөт. Бул камеранын иштөө принциби сүрөттөлүштөрдүн эмес, бир сүрөттөлүштү кайра пайда кыла турган жарык чекиттеринин өткөрүлүшүнө таянат. Ошондуктан камера алдындагы нерсе жолчо деп аталган белгилүү сандагы катарларга бөлүнөт жана телевизордон көрсөтүү учурунда бир «сканерлөө» иши жасалат. Бир фотоэлемент мындай бир жолчонун бардык чекиттерин солдон оңду көздөй биринин артынан экинчисин сканерлейт. Баарынын жарык абалын баалайт жана аягында аларга таянып бир катар сигналдарды берет. Бир жолчону башынан аягына чейин сканерлеген соң кийинки жолчого өтөт жана сканерлөө иши ушундайча улантылат. Бул фотоэлементтин иштөө ритми бир сүрөттөлүштүн 625 же 819 жолчосун 1/25 секундада сканерлей ала турган кылып эсептелген. Натыйжада сүрөттөлүш толукталган соң жаңы бир сүрөттөлүш жөнөтүлөт. Ушундай жол менен жөнөтүлгөн маалыматтардын саны абдан көп жана сигналдар абдан бат чыгарылып турат.

Медицина технологиясы өнүккөн сайын адамдын көзүнүн канчалык чоң бир керемет экендиги жакшыраак көрүнүүдө. Көз жөнүндө алынган маалыматтардын технологияда колдонулушу натыйжасында күн сайын бир топ өнүккөн камералар, фотоаппараттар жана сансыз оптикалык системалар өндүрүлүүдө. Бирок технология канчалык өнүкпөсүн, жасалган электрондук аппараттар көздүн жөнөкөй бир копиясынан алдыга жыла алган жок. Компьютер менен жабдылган камералар да кошо адамзат тапкан эч бир аппарат көз менен атаандаша албайт.117
Андай болсо көздөгү мындай комплекстүү түзүлүш кантип пайда болду?
Албетте, мындай түзүлүштүн кокустуктар натыйжасында же көп убакыт ичинде өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн эмес. Көз – жалгыз бир бөлүгү эле кем болсо кызматын аткара албай турган бир түзүлүшкө ээ. Эч бир долбоор кокусунан пайда боло албайт, көздө болсо абдан даана жана теңдешсиз бир долбоор бар жана албетте, ал кокустан пайда болгон эмес. Жандуу-жансыз бүт нерселер сыяктуу көзүбүздү да Улуу Аллах жараткан. Ушунчалык комплекстүү «органикалык машинанын» бизге берилген болушу – Аллахка шүгүр кылышыбыз үчүн бир себеп. Кураны Керимдин бир аятында Аллах мындай буюрууда:
Айткын: «Силерди курган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал.» Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Мүлк Сүрөсү, 23)
Илимпоздор көздү тууроого аракет кылышууда
Көздүн кызматтарына таң калган жана көздүн жогорку долбоорун технология тармагында тууроону каалаган илимпоздор акыркы убактарда бул багытта көп изилдөөлөрдү жасашууда. Натыйжада табияттагы жандыктарды жана кемчиликсиз механизмдерди да жакыныраактан изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Биомиметика тармагында жасалган мындай эмгектер технология тармагындагы өнүгүүлөргө чоң ылдамдык кошууда.
Компьютер циклдеринин долбоору табияттагы өрнөктөрүн туурап жатат
Көзүбүздүн нерв клеткалары болгон «торчо клеткалар» келген жарыкты таанып жоромолдойт. Торчо клеткалары андан соң бул бааланган маалыматтарды байланышта болгон башка клеткаларга өткөрөт. Көзүбүздөгү бул процесстердин баары жаңы компьютерлерге модель болду:
Торчо клеткаларынын жумушу жарыкты кабылдоо менен эле чектелбейт. Торчо бири-бири менен кереметтүү бир жыштыкта байланышкан нерв клеткаларынан турат. Жарыкка тиешелүү сигналдар мээге жөнөтүлөөрдөн мурда сансыз процесстен өткөрүлөт. Мисалы, торчону түзгөн клеткалар заттардын бурчтарын эсептейт, жарык сигналынын күчүн арттырат, жарык же караңгылыкка ылайык оңдоолорду жасайт. Учурдагы күчтүү компьютерлер да ушуга окшош процесстерди аткара алышууда. Бирок торчодогу нерв түйүнү бул жумуш үчүн компьютерлерге салыштырмалуу бир топ аз энергия коротот.118
Калифорния технология институтунан Карвер Мид (Carver Mead) башында турган бир изилдөөчү топ торчодо оңой гана ишке ашкан процесстерге мүмкүнчүлүк берген долбоордун сырын изилдешүүдө. Карвер Мид Caltech фирмасынан биолог Миша Маховальд (Misha Mahowald) менен бирге торчодогу нерв түйүнүнө окшош түзүлүштө электрондук циклдерди долбоорлогон. Жасалган бул циклдерде көздөгү сыяктуу жарык кабылдагычтары бар. Кабылдагычтар торчодогу сыяктуу башка бир кабылдагыч менен байланышта. Колдонулган каршылык, электрондук цикл тетиктеринин, жарык кабылдагычтарынын торчо клеткалары сыяктуу өз ара кабардашуусуна шарт түзүүдө.119
Бирок бардык мындай аракеттерге карабастан, бул циклде торчо түйүнүн дал өзүндөй кылып тууроо мүмкүн болгон жок. Себеби жандуу бир торчодогу клеткалардын жана алардын арасындагы байланыштардын саны абдан көп. Мунун ордуна долбоор инженерлери азырынча торчодогу нерв түйүнүнүн баштапкы процесстерин кандайча жасашын түшүнүүгө аракет кылышып, ушул эле жумушту жасай алган жөнөкөй процесстерди долбоорлошууда.
Чымындын кулагындагы долбоор угуу аппараттарында төңкөрүш жасайт
Калифорния университети Мээ изилдөө институтунун физиология бөлүмүндөгү изилдөөчүлөр сезгичтиги күчтүүрөөк аппараттарды жасай алуу үчүн табияттагы угуу системаларын изилдешкен. Жасалган илимий изилдөөлөр натыйжасында Ormia ochracea аттуу чымын түрүнүн кулагынын кереметтүү долбоору менен угуу аппаратын долбоорлоодо бир төңкөрүш жасаарына көз жеткен. Бул чымындын кулагы үндүн келген багытын кемчиликсиз аныктай турган абалда долбоорлонгон. Нейробиолог Рон Хой (Ron Hoy) бул абалды мындайча баяндайт:
Бүгүнкү күнгө чейин үндүн келген багытын аныктоодо адамдын кулагы эң жакшы деп ойлоп жүргөн элек. Бири-биринен 15 см алыстыкта жайгашкан эки кулагыбыз урматында үндүн булагынын орду жөнүндө жетиштүү ишарат ала алабыз. Ал эми Ormia чымыны болсо кулактарынын арасында жарым миллиметрдик аралык болгонуна карабастан, үндүн булагын бардык жандыктардан жакшыраак аныктай алат.120
Ormia чымынынын үндүн келген ордун жаңылбастан аныктай алышы тукумунун уланышы үчүн шарт, себеби личинкаларына азык боло алчу бир кара чегирткени табууга мажбур. Ormia жумурткаларын кара чегирткени таап анын үстүнө таштоо менен келечекте чыкчу личинкаларынын аны менен азыктанышын камсыздайт.
Ormia чымынынын кара чегирткенин ордун табышы үчүн долбоорлонгон сезгич кулактары бар. Ырдаган кара чегирткенин ордун ушунчалык так аныктагандыктан, чоң токойдун ичинде максатын болгону 2 градустук бир жаңылыштык үлүшү менен кармайт.
Адамдын мээси да үндүн ордун аныктоо үчүн Ormia колдонгон ыкманы колдонот. Бул үчүн үндүн алгач жакындагы кулакка, андан соң алыстагы кулакка барышы жетиштүү. Үн толкуну кулак челине урунганда бул таасир электрдик импульска айландырылып, ыкчам мээге өткөрүлөт. Үндүн эки кулакка канча миллисекунда айырма менен жеткенин эсептеген мээ мунун негизинде үндүн келген багытын ылдам аныктайт. Адамда мындай эсептөө 10 миллисекундада натыйжаланат. Ал эми бул чымын түрү ушундай эле эсепти ийне көзүндөй чоңдуктагы мээси менен адамдан миң эсе бат жасайт.121
Бул чымындын кичинекей болгонуна карабастан, абдан күчтүү болгон кулак долбоору «ORMİAFON» деп аталган угуу аппаратында жана угуу аппараттарын жасоодо тууроого аракет кылынууда. Байкалгандай, кичинекей бир чымын да эволюция теориясынын «кокустан пайда болуу» жомогун тамырынан кыйраткан абдан жогорку бир түзүлүшкө жана долбоорго ээ. Ошондой эле, бул кичинекей чымын ар бир бөлүгү жана өзгөчөлүгү менен аны жараткан чексиз илим жана кудурет ээси Жаратуучубуздун улуу жаратуу чеберчилигин көрсөтөт. Мындай кичинекей бир чымындын өз башынча же эволюция сыяктуу ойдон чыгарылган бир процесс менен пайда болушу мындай турсун, акылы жана мээси бар адамдардын баарынын чогулуп, эң акыркы технология жана мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен да жасалышы мүмкүн эмес.
Кичинекей бир чымын да Аллахтын улуу жаратуусунун апачык далилдеринен.
Булактар:
110 ABD Ulusal Sandia Laboratuvarları Haber Bülteni, 12 Temmuz 2001
111 http://www. findarticles. com/cf_0/m1511/1_21/58398795/print. jhtml; Robert Kunzig, Discover, "The Beat Goes On", January 2000
112 http://www. findarticles. com/cf_0/m1511/1_21/58398795/print. jhtml; Robert Kunzig, Discover, "The Beat Goes On", January 2000
113 http://www. findarticles. com/cf_0/m1511/1_21/58398795/print. html; Robert Kunzig, Discover, "The Beat Goes On", January 2000
114http://www. findarticles. com/cf_0/m1511/1_21/58398795/print. jhtml; Robert Kunzig, Discover, "The Beat Goes On", January 2000
115 http://www. newscientist. com/hottopics/ai/strikesback. jsp
116 Wild Technology, Phil Gates, s. 54
117 David H.Hubbel, Eye Brain and Vision, Scientific American Library, 1988, s.34.
118 http://www. nature. com/cgi-taf/DynaPage. taf?file=/nature/journal/v410/n6828/full/410510a0_fs. html&filetype=&_UserReference=C0A804EC46516639F0E0A2AC62BC3BB39855; Jim Giles, Nature, "Think Like A Bee", 29 March 2001, s.510-512
119 http://www. nature. com/cgi-taf/DynaPage.taf?file=/nature/journal/v410/n6828/full/410510a0_fs. html&filetype=&_UserReference=C0A804EC46516639F0E0A2AC62BC3BB39855; Jim Giles, Nature, "Think Like A Bee", 29 March 2001, s.510-512
120 Peter M.Narins Acoustics: In a Fly's Ear, Nature 410, 644-645 (2001)
121 Peter M.Narins Acoustics: In a Fly's Ear, Nature 410, 644-645 (2001)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder