Көп убакыттан бери эволюционисттер «адамдар менен шимпанзелердин арасында 1% гана генетикалык айырма бар» деп эволюция пропагандасын жүргүзүп келишкен. Адам менен шимпанзенин гендери так салыштырылбаганына карабастан, дарвинисттик идеология аларды бул эки түрдүн ортосунда абдан аз айырма бар деген божомолго түрткөн. Бирок илим тармагындагы ачылыштар, башка эволюционисттик пропагандалар сыяктуу, бул көз караштын да негизсиз жалган экенин көрсөттү.
Адам менен шимпанзенин арасында 1% гана айырма бар деген эски изилдөөлөр бул эки жандыктын ген тизмектерин бүтүн бойдон эмес, жарым-жартылай салыштырууларга таянган. Себеби илимпоздор шимпанзенин геномун ал кезде толук чечмелей элек болчу. Алардын салыштыруу изилдөөлөрү кээ бир негизги белоктордогу аминокислота тизмектерине таянган.
Эволюционисттер бул эки жандыктын геномдорунун бир бөлүгүн гана чагылдырган 98,5%, 99% сыяктуу окшоштук коэффициенттерин табышкан. Анан бир канча он жыл бою бул жогорку көрсөткүчтөрдү адам менен шимпанзе бир ата-тектен эволюцияланган деген сценарийдин далили катары жайылтышкан. Бул алдамчы пропаганда эки калың китептин болгону үч-беш сүйлөмүнүн бири-бирине окшош экенин көрүп, ал китептер дээрлик толугу менен бирдей деп айткан сыяктуу, бир сандырак көз караш болгон.
Эволюционисттердин бул жалганы ДНКны талдоо ыкмаларынын өнүгүшү менен бирге, адам менен шимпанзенин геномдорунун чечмеленүү процессинде толук айгинеленди. Эволюционисттер эки жандыктын арасында ага чейин пропаганда кылынган 1-1,5%дык айырма көрсөткүчтөрүнүн чындыкка туура келбей турганын, алардын сөзү менен айтканда мунун «тилекке каршы туура эмес» экенин моюндарына алышты. Бул багытта төмөнкүдөй маанилүү ачылыштар болду:
1. Proceedings of the National Academy of Sciences журналында Р.Дж. Бриттен тарабынан 2002-жылы жарыяланган макала: «Divergence between samples of chimpanzee and human DNA sequences is 5% counting indels (Адам менен шимпанзенин ДНК үлгүлөрүнүн ырааттуулугунун ортосундагы айырма инделдерди* кошкондо 5%ды түзөт)» (Proceedings of the National Academy of Sciences 99:13633-13635)
Калифорния технология институтунан генетик Рой Бриттен эки жандыктан алынган (735 миң жуп негизден турган) ДНК үлгүлөрүн бир гана ар кандай нуклеотиддик чекиттер (SNP) жагынан эмес, бири-бирине карата тизмектер түрүндө кем же ашыкча болгон аймактар (*indel: insertions and deletions, б.а. кошундулар жана кемүүлөр) жагынан да изилдеген.
Бриттен инделдер маанилүү орунду ээлегенине карабастан, мурдакы изилдөөлөрдө эске алынбаганын, аларды эске алуу менен жүргүзүлгөн салыштыруулардын окшоштук көрсөткүчүн маанилүү өлчөмдө төмөндөтөөрүн көрсөттү. Бриттен өзү изилдеген ДНК үлгүлөрүнүн ортосундагы окшоштук болгону 95% деген тыянакка келген. Дарвинизмдин күчтүү жактоочусу катары таанымал New Scientist аттуу Британиянын илимий журналы муну 2002-жылы 23-сентябрьда интернетте «Human-Chimp DNA Difference Trebled» (Адам менен шимпанзенин генетикалык айырмасы үч эсеге өстү) деген аталыш менен жарыялады жана эволюционисттик жаңылыштыкты төмөнкүчө моюнга алды:
Адам менен шимпанзенин ДНКларынын жаңы салыштырууларына ылайык, биз мурда ойлогондон да уникалдуубуз. Көп убакыт бою эң жакын туугандарыбыз менен генетикалык түзүлүшүбүз 98,5% окшош деп айтылып келди. Эми мунун туура эмес экени аныкталды. Чындыгында генетикалык түзүлүшүбүздүн 95%ынан азы окшошот, шимпанзелер менен ортобуздагы айырма мурда ойлогондон 3 эсе жогору.19
2. 2003-жылы апрельде Мексиканын Канкун шаарында өткөрүлгөн Адам геному коомунун чогулушунда баяндама кылынган бир изилдөөдө Япониянын Иокогама шаарындагы RIKEN Геномдук илимдер борборунан Тодд Тейлор жетекчилик кылган топ шимпанзенин 22-хромосомасы менен адамдын 21-хромосомасын салыштырышкан.
Nature журналынын баракчасында Тейлордун пикирлери төмөнкүчө чагылдырылган:
«Буга чейин адам менен шимпанзенин генетикалык тизмектери ДНКда бир канча тамгадан гана айырмаланат жана бири-бирине 99% окшош деп айтылып келди. Чындыгында окшоштук көрсөткүчү 94-95%дай төмөн болушу мүмкүн, дейт Тодд Тейлор».20
Ал кабарда салыштыруу ыкмалары жөнүндө да сөз кылынып, ал ыкмалардын ишенимдүүлүгү тууралуу эволюционисттер да күмөн санаарын көрсөткөн бир пикир билдирилген. Мурдакы жана жаңы ыкмалар кыскача белгиленгенден кийин мындай деп айтылган: «канчалык окшош экенибизди көрсөтө алуунун дагы эле жакшы жолу жок, деп Тейлор мойнуна алууда».
3. 2003-жылы Genome Research журналында жарыяланган макала: «Genomic DNA Insertions and Deletions Occur Frequently Between Humans and Nonhuman Primates (Геномдук ДНК кошундулар жана кемүүлөр адамдар менен башка приматтардын ортосунда көп кездешет)» (Kelly A. Frazer, Xiyin Chen, David A. Hinds, P.V. Krishna Pant, Nila Patil, and David R. Cox. Genome Research, 2003 13: 341-346)
Калифорниядагы Perlegen Sciences мекемесинде эмгектенген Келли Фрейзердин жетекчилиги астында жасалган бир изилдөөдө адамдын 21-хромосомасы орангутан, макак-резус, шимпанзе жана жүндүү маймылдын тиешелүү генетикалык материалына салыштырылган. Алынган жыйынтыктар Бриттендин жыйынтыктарына окшош чыккан: кошундулар жана кемүүлөр (индел) адамды ал маймылдардан маанилүү өлчөмдө айырмалайт.
New Scientist журналы муну «Маймылдар менен бизди чоң ажырым бөлүп турат (Yawning Gap Divides Monkeys and Us)» деген аталыш менен жарыялады.21
4. Nature журналынын 2004-жылы 27-майдагы санында жарыяланган А. Фудзиямага таандык макала: «DNA sequence and comparative analysis of chimpanzee chromosome 22», (Nature 429, 27-май 2004, 382-388-беттер)
Британиянын Nature аттуу илимий журналында жарык көргөн бул изилдөөдө шимпанзенин 22-хромосомасынын тизмеги менен анын адамдагы эквиваленти болгон 21-хромосоманын тизмеги салыштырылган. Шимпанзенин 22-хромосомасы боюнча эл аралык консорциум тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө маанилүү айырмаларды аныктады. Nature журналынын жаңылыктарында бул изилдөө «Шимпанзенин хромосомасы таң калтырды» деген тема менен жарыяланды жана ал кабарда «алгачкы жолу жасалган терең изилдөөнүн жыйынтыгында шимпанзе менен адамдын гендери күтүлбөгөндөй айырмалуу чыкты» деп белгиленди.22 Ошондой эле, ал кабарда Франциянын Эври шаарындагы Улуттук тизмектөө борборунда эмгектенген доктор Жан Вайссенбахтын «22-хромосома геномдун 1%ын түзөт, шимпанзе менен адамда бири-бирине окшобогон миңдеген ген болушу мүмкүн» деген сөздөрү да орун алды.
5. Шимпанзе геномунун алгачкы комплекстүү анализи эволюционисттердин окшоштук тууралуу сөздөрүнүн аша чапкандыгын көрсөттү. (The Chimpanzee Sequencing and Analysis Consortium 2005. "Initial sequence of the chimpanzee genome and comparison with the human genome," Nature 437:69-87)
Nature журналынын кабарларында чыккан жана University of Washington School of Medicine окуу жайынан Эван Эйхлердин пикирлери да орун алган бир кабарда бул тууралуу мындай деп айтылды:
«Адам менен шимпанзе мурда ойлогондой жакын туугандар эмес. ДНКларыбыздын мурдакы үстүртөн салыштыруулары тизмектерибиздин 98,5-99% окшош экенин көрсөткөн. Саны 35 миллион болгон жана жалпы геномдун 1,2%ына туура келген жалгыз тамгалардагы өзгөрүүлөрдү өз алдынча караганда ушундай чыгышы мүмкүн. Бирок башка айырмалар да бар, дейт Эйхлер. Башка булакта кайталанган бөлүктөрдүн эки жандыкка таандык тизмектерде ар кандай формада таралаары белгиленет. Бул аймактар эсепке дагы 2,7% айырманы кошот. «Ошондуктан 1,2% көрсөткүч абдан эле туура эмес» дейт Эйхлер».23
Дагы бир эволюция пропагандасынын
сабатсыздыкка таянгандыгы аныкталды
Жогорудагы изилдөөлөр бир тарапта илимий маалыматтарда өнүгүү болсо, экинчи тарапта эволюционисттердин жоготууга туш болгонун дагы бир жолу көрсөттү. Рудимент орган жана керексиз ДНК догмалары да ушундай жыйынтыкка туш болгон эле. Ал догмалар «булардын аткарган кызматтарын билбейбиз, демек эч кандай кызмат аткарбайт» деген туура эмес логикага таянган болчу. Бирок илим өнүккөн сайын эволюционисттердин бул көз караштарынын сабатсыздыктан келип чыккан чоң жаңылыштыктар экени аныкталды. Эми болсо генетикалык окшоштук пропагандасы да ошол эле процесстен өтүүдө. Илимпоздор генетикалык окшоштук жөнүндөгү мурдакы эволюционисттик пикирлердин үстүртөн жана туура эмес ыкмага таянганын түшүнүшүүдө.
Болгондо да, адам менен шимпанзенин генетикаларынын ортосундагы окшоштук көрсөткүчү кандай гана болбосун, ал көрсөткүчтөрдү эволюциянын далили катары көрсөтүү дарвинизмдин эч нерсесин тастыктабайт. Бир гана шимпанзеде эмес, эч нерсеси окшобогон жандыктардагы гендер да адамдардыкына окшош чыгууда.
Адамдын ДНКсы сөөлжан, чымын же
тоокко да окшошот!
Мисалы, New Scientist журналында жарыяланган генетикалык анализдер нематод сөөлжандары менен адамдын ДНКларында 75% окшоштук тапкан.24
Мындан тышкары, өткөн жылдары Түркиянын маалымат каражаттарында жарыяланган бир ачылыш боюнча, дрозофила түрүнө таандык мөмө чымындарынын гендери менен адамдын гендери салыштырылганда, 60%дык окшоштук аныкталган.25
Ошондой эле, кээ бир белоктордун анализи адамды таптакыр башка жандыктарга жакындай көрсөтүүдө. Кембридж университетиндеги илимпоздордун бир изилдөөсүндө кургактыкта жашаган жандыктардын кээ бир белоктору салыштырылган. Таң калыштуусу, болжол менен бардык үлгүлөрдө адам менен тоок бири-бирине эң жакын тууган деп табылган. Кийинки эң жакын тууган деп крокодил табылган.26
Бул мисалдар генетикалык окшоштук түшүнүгүнүн эволюция теориясына далил болбой турганын көрсөтүүдө. Себеби генетикалык окшоштуктар ойдон чыгарылган эволюция схемаларына туура келбейт, тескерисинче аларга толугу менен карама-каршы жыйынтыктарды берүүдө.
Генетикалык окшоштуктар максатталган
«эволюция схемасын» жокко чыгарууда
Абалды бүтүндөй караганыбызда, «биохимиялык окшоштуктар» темасынын эволюцияга далил болбостон, тескерисинче теорияны четке какканын көрөбүз. Түштүк Каролина университетинин Медицина факультетинен окумуштуу, биохимик доктор Кристиан Швабе молекулярдык тармакта эволюцияга далил табуу үчүн көп жылдарын короткон эволюционист илимпоз. Өзгөчө инсулин жана релаксин тибиндеги белокторду изилдеп жандуулардын ортосунда эволюциялык байланыштарды түзүүгө аракет кылган. Бирок изилдөөлөрүндө эч качан эволюцияга кандайдыр бир далил таба албаганын көп жолу моюнга алууга мажбур болгон. Бир макаласында мындай дейт:«Молекулярдык эволюция эволюциялык тектештиктерди аныктоодо дээрлик палеонтологиядан да жогору турган бир ыкма катары кабыл алына баштады. Молекулярдык эволюционист катары муну менен сыймыктанышым керек эле. Бирок, тескерисинче, түрлөрдүн белгилүү бир тартиптүүлүк менен өрчүгөнүн көрсөтүшү керек болгон молекулярдык окшоштуктардын көптөгөн бөтөнчөлөрүнүн болушу абдан тынчсыздантат. Андай бөтөнчөлөр ушунчалык көп болгондуктан, чындыгында бөтөнчөлөр менен кызыктай үлгүлөр маанилүү бир нерсеге ишарат кылышат деп ойлойм».27
Белгилүү биохимик профессор Майкл Дентон молекулярдык биология тармагындагы ачылыштарга таянып мындай дейт:
«Молекулярдык деңгээлде жандуулардын ар бир классы уникалдуу, өзгөчө жана башкалар менен байланышы жок. Ошондуктан молекулалар да фоссилдер сыяктуу эволюциялык биология көптөн бери издеген теориялык өткөөл формалардын жок экенин көрсөттү... Молекулярдык деңгээлде эч бир организм башка организмдин «түп атасы» эмес, башка организмден «примитивдүүрөөк» же «жакшыраак өрчүгөн» да эмес... Эгер бул молекулярдык далилдер мындан бир кылым мурда болгондо... органикалык эволюция көз карашы эч качан кабыл алынбашы мүмкүн эле».28
Жыйынтык: окшоштуктар эволюциянын эмес,
жаратылуунун далили
Бул маалыматтардын баары окшоштуктун эволюцияны далилдебей турганын апачык көрсөтүүдө. Эволюционисттер бул темада болгону миңдеген илимий ачылыштардын арасынан өздөрүнө туура келген бирөөсүн гана пайдаланып, коомчулукту алдоого аракет кылууда. Мисалы, маймыл менен адамдын белокторунун кээ бирлери бири-бирине окшош. Бир гана ошолорду көрсөтүп, «карагыла маймыл адамга окшош, демек анын түп атасы» дешүүдө. Бирок башка белокту карап көргөндө, адам тоокко же сөөлжанга окшош чыгууда. Маалыматтардын баарын бүтүн бойдон караганда, профессор Дентондун жогоруда айткан жыйынтыгы келип чыгат: молекулярдык деңгээлде эч бир организм башка организмдин «түп атасы» эмес, башка организмден «примитивдүүрөөк» же «жакшыраак өрчүгөн» да эмес...
Албетте, адамдын денесинин башка жандууларга молекулярдык окшоштуктары болот, себеби бир эле элементтерден турат, бир эле сууну жана абаны колдонот, окшош молекулалардан турган азыктарды пайдаланат. Албетте, зат алмашуусу жана натыйжада генетикалык түзүлүшү бири-бирине окшошот. Бирок ал «окшош материал» эволюциянын эмес, «бирдиктүү жаратылуунун», т.а. бүт баарынын бир план менен Аллах тарабынан жаратылгандыгынын натыйжасы.
Төмөнкүдөй мисал муну жакшыраак түшүндүрө алат: дүйнө жүзүндөгү бардык курулуштар да окшош материалдардан (кирпич, темир, цемент ж.б.) курулат. Бирок бул ал имараттар бири-биринен «эволюцияланган» деген мааниге келбейт. Окшош материал колдонулуп, ар бири өз-өзүнчө курулат. Жандуулар да ушундай.
Жашоо эволюция айткандай аң-сезимсиз кокустуктардан эмес, чексиз илимдүү жана акылман Улуу Аллахтын жаратуусунун пайда болгон.
Булактар:
20 "Chimps expose humanness", Helen Pearce,29 Nisan 2003: http://www.nature.com/nsu/030428/030428-3.html
21 "Yawning gap divides monkeys and us", New Scientist, 15 Mart 2003, sf 26
22 Laura Nelson, "First chimp chromosome creates puzzles", Nature Science Update, 27 Mayıs 2004, http://www.nature.com/nsu/ 040524/040524-8.html
23 Michael Hopkin, "Chimpanzee joins the genome club", news@nature.com, 31 August 2005, http://npg.nature.com/ news/2005/050829/full/050829-9.html
24 New Scientist, 15 May 1999, s. 27
25 Hürriyet, 24 Şubat 2000
26 New Scientist, c. 103, 16 Ağustos 1984, s. 19
27 Christian Schwabe, "On the Validity of Molecular Evolution", Trends in Biochemical Sciences, c. 11, Temmuz 1986
28 Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, London: Burnett Books, 1985, ss. 290-91
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder