26 Şubat 2025 Çarşamba

ЖАНДУУЛАРДАГЫ МААЛЫМАТ ЖАНА МАТЕРИАЛИЗМДИН БҮТҮШҮ

  

Эволюция теориясынын пайдубалында материалисттик философия турат. Материализм ааламда заттар (материя) гана бар деген божомолго таянат. Бул философия боюнча, зат түбөлүктөн бери бар, ар дайым бар болот жана заттан башка эч нерсе жок. Материалисттер бул көз караштарына пайдубал катары «редукционизм» (төмөндөтүү) деп аталган бир логиканы колдонушат. Редукционизм түшүнүгү боюнча, зат сыяктуу көрүнбөгөн нерселерди да түпкүрүндө заттык факторлор менен түшүндүрүүгө болот.

Муну түшүндүрүү үчүн мисал катары акыл-эсти алалы. Белгилүү болгондой, адамдын акыл-эси «кол менен кармап, көз менен көрө ала турган» нерсе эмес. Ал тургай, адамдын мээсинде бир «акыл-эс борбору» да жок. Бул бизди сөзсүз түрдө акыл-эс заттын чегинен тышкары бир түшүнүк деген жыйынтыкка алып барат. Башкача айтканда, биз «мен» деп атаган, ойлонгон, жакшы көргөн, ачууланган, капа болгон, ырахат алган же кыйналган жандык бир отургуч, стол же таш сыяктуу материалдык зат эмес.

Материалисттер болсо акыл-эсти «затка төмөндөтүүгө болот» дешет. Материалисттик көз караш боюнча, биздин ойлонуубуз, кубануубуз, кайгыруубуз жана акыл-эсибиздин бардык иш-аракеттери чындыгында мээбиздеги атомдордун ортосунда келип чыккан химиялык реакциялар гана. Бир адамды жакшы көрүшүбүз мээбиздеги кээ бир клеткалардагы бир химиялык реакция, бир окуядан коркушубуз дагы бир химиялык реакция. Белгилүү материалист философ Карл Фохт бул логиканы «боор өт суюктугун бөлүп чыгаргандай эле, мээ да ойлорду чыгарат» деген белгилүү сөзү менен сүрөттөгөн.16 Чындыгында болсо өт суюктугу, албетте, бир зат, ал эми ойлордун зат экенин көрсөтө турган бир дагы далил жок.

Редукционизм бир ой жүгүртүү ыкмасы. Бирок ой жүгүртүү туура негиздерге да, туура эмес негиздерге да таянышы мүмкүн. Ошондуктан биз үчүн негизги суроо мындай: материализмдин негизги логикасы болуп саналган «редукционизм» илимий маалыматтарга салыштырылганда кандай жыйынтык келип чыгат?

19-кылымдын материалист илимпоздору же ойчулдары бул суроого оңой эле «илим редукционизмди тастыктайт» деп жооп берүүгө болот деп ойлошкон. Бирок 20-кылымда илим таптакыр башка чындыкты көрсөттү.

Ал чындык табиятта бар болгон жана затка эч качан төмөндөтүүгө болбой турган «маалымат».

 

Зат маалыматты пайда кыла албайт

Организмдердин ДНКларында эбегейсиз чоң маалымат бар деп мурдакы бөлүмдөрдө айттык. Миллиметрдин жүз миңден бириндей болгон кичинекей жерде бир жандыктын денесинин бардык өзгөчөлүктөрүн сүрөттөгөн бир «маалымат базасы» бар. Ал тургай, жандыктын денесинде ошол эле учурда ал маалыматты окуган, чечмелеген жана ошонун негизинде «өндүрүш» жасаган бир система да бар. Бардык жандуу клеткаларда ДНКдагы маалымат көптөгөн ферменттер тарабынан «окулат» жана ошол маалыматтын негизинде белок өндүрүлөт. Денебизде секунда сайын керектүү жерлерге талап кылынган белоктордун миллиондогон түрлөрү ошол система аркылуу өндүрүлөт. Бул система аркылуу өлгөн көз клеткаларыбыз жаңы көз клеткаларына, кан клеткаларыбыз кайра кан клеткаларына алмаштырылат.

Бул жерде материализмдин көз карашын карайлы: ДНКдагы маалыматты, материалисттер айткандай, затка төмөндөтүүгө болобу? Же башкача айтканда, ДНК бир гана заттардын жыйындысы жана андагы маалымат заттардын туш келди өз ара аракеттешүүсүнөн пайда болгон деп кабыл алуу мүмкүнбү?

20-кылымда жүргүзүлгөн бардык илимий изилдөөлөр, бардык эксперименттердин жыйынтыктары жана бардык байкоолор бул суроого сөзсүз түрдө «жок» деп жооп берүү керек экенин көрсөтүүдө. Германиянын Федералдык физика жана технология институтунун жетекчиси профессор, доктор Вернер Гитт бул тууралуу мындай дейт:

Коддоо системасы ар дайым акыл-эс процессинен гана келип чыгышы мүмкүн. Бир нерсеге көңүл буруу керек: зат кандайдыр бир маалыматтын кодун иштеп чыга албайт. Бардык эксперименттер маалымат пайда болушу үчүн, жеке эркин, сынчыл көз карашын жана жаратмандыгын колдонгон бир акылдын болоорун көрсөтүүдө... Заттын маалыматты пайда кылышына шарт түзө турган бир дагы белгилүү табият мыйзамы, физикалык процесс же материалдык кубулуш жок... Маалыматтын заттын ичинде өзүнөн-өзү пайда болушуна шарт түзө турган бир дагы табият мыйзамы жана физикалык процесс жок.17

Вернер Гиттин сөздөрү ошол эле учурда акыркы 20-30 жылда өнүккөн жана термодинамиканын бир бөлүгү катары кабыл алынган «Маалымат теориясынын» да бир жыйынтыгы. Маалымат теориясы ааламдагы маалыматтын түзүлүшүн жана булагын изилдейт. Маалымат теоретиктеринин көптөгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында жеткен тыянагы төмөнкүдөй: «маалымат заттан көз карандысыз нерсе. Затка эч качан төмөндөтүүгө болбойт. Маалымат менен заттын булагын өз-өзүнчө изилдөө шарт».

Мисалы, бир китептин булагын алалы. Китеп кагаздан, сыядан жана ичиндеги маалыматтан турат. Көңүл бурулган болсо, кагаз менен сыя заттар. Алардын булагы да зат: кагаз целлюлозадан, сыя болсо ар түрдүү химиялык заттардан жасалат. Ал эми китептеги маалымат болсо заттык нерсе эмес жана анын заттык булагы жок. Бардык китептердеги маалыматтын булагы ал китепти жазган автордун акыл-эси.

Ошондой эле, кагаз менен сыянын кантип колдонулаарын да ошол акыл-эс аныктайт. Бир китеп алгач ал китепти жазган автордун акыл-эсинде пайда болот. Автор оюнда логика куруп, сүйлөмдөрдү түзөт. Аларды экинчи баскычта заттык формага салат. Башкача айтканда, компьютерди колдонуп, оюндагы маалыматты тамгаларга айландырат. Андан соң ал тамгалар басмаканага кирип, кагаз менен сыядан турган китепке айланат.

Мындан төмөнкүдөй жалпы тыянак чыгарууга болот: «эгер бир затта маалымат камтылган болсо, анда ал зат ал маалыматты билген бирөө тарабынан калыпка салынат. Алгач аң-сезимдүү бир адам болот. Анан ал аң-сезимдүү адам маалыматты затка түшүрүп, бир долбоорду пайда кылат».

 

Табияттагы маалыматтын булагы

Илим тастыктаган бул тыянакты табиятка колдонгонубузда өтө маанилүү жыйынтыкка келебиз. Себеби табиятта, ДНК мисалындагы сыяктуу, эбегейсиз чоң маалымат бар жана ал маалыматты затка төмөндөтүүгө болбойт, демек заттан жогору турган бир булактан келүүдө.

Эволюция теориясынын учурдагы эң алдыңкы жактоочуларынын бири болуп саналган Джордж К. Уильямс көпчүлүк материалисттер жана эволюционисттер көрмөксөн болгон бул чындыкты кабыл алат. Уильямс материализмди көп жылдар бою катуу жактап келген, бирок 1995-жылы чыккан бир макаласында «баары заттан гана турат» деп эсептеген материалисттик (редукционисттик) подходдун туура эместигин төмөнкүчө белгилейт:

Эволюционист биологдор эки башка тармакты изилдеп жатышканын ушул кезге чейин байкашкан жок: ал эки тармак зат жана маалымат... Бул эки тармакты «редукционизм» деп аталган формула менен эч качан бириктирүүгө болбойт... Гендер заттык объекттер эмес, алар маалымат пакеттери... Биологияда гендер, генотиптер жана генофонддор сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө сөз кылганда, маалымат жөнүндө айтып жаткан болосуз, физикалык объекттер жөнүндө эмес... Бул маалымат менен заттын пайда болуунун (жаралуунун) эки башка тармагы экенин көрсөтүүдө жана ал эки башка тармактын булагы да өз-өзүнчө изилдениши керек.18

Ошондуктан табияттагы маалыматтын булагы да, материалисттер ойлогондун тескерисинче, заттын өзү боло албайт. Маалыматтын булагы зат эмес, заттан жогору турган бир улуу Акыл. Ал Акыл заттан мурда да бар. Зат Ал аркылуу пайда болуп, Ал аркылуу калыптанган жана Ал аркылуу жөнгө салынган. Ал акылдын ээси – бүт ааламдардын Рабби Аллах.


Булактар:

16 Encyclopædia Britannica, "Modern Materialism"
17 Werner Gitt. In the Beginning Was Information. CLV, Bielefeld, Germany, s. 107, 141
18 George C. Williams. The Third Culture: Beyond the Scientific Revolution. (ed. John Brockman). New York, Simon & Schuster, 1995. s. 42-43

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder