Адамзаттын тарыхындагы маанилүү бурулуш чекитинде жашап жатабыз. Ал бурулуш чекитинин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул бир кездерде илимдин атын жамынып бүт дүйнөгө сиңирилген материалисттик философиянын түздөн-түз илим тарабынан кыйратылышы. Материализм, тагыраак айтканда, заттан башка эч нерсе жок деп ойлогон жана Аллахтын бар экенин четке каккан философия түпкүрүндө путтарга (идолдорго) сыйынуунун заманбап түрү. Белгилүү болгондой, байыркы путпарастар таштан жана жыгачтан жасалган тотемдерге, башкача айтканда, жансыз заттарга сыйынып, аларды кудай деп кабыл алышкан. Материалисттик философия болсо адамдар жана бардык жандуулар атомдор менен молекулалар тарабынан жаратылган деген ишенимге таянат. Тагыраак айтканда, кайра эле заттарды «кудай» деп кабыл алат. Материализмдеги бул негизсиз ишеним боюнча, жансыз атомдор кандайдыр бир себептен кокусунан өздөрүн өздөрү уюштурушуп, убакыттын өтүшү менен жашоого жана аң-сезимге ээ болушкан жана аягында адамды пайда кылышкан.
Материализмдин бул негизсиз ишеними «эволюция» деп аталат. Алгачкы жолу Байыркы Шумердеги, андан соң Байыркы Грециядагы путпарас маданияттарда пайда болгон «эволюция» ишеними 19-кылымда бир материалисттик илимпоздор тобу тарабынан кайрадан тирилтилип, дүйнөнүн күн тартибине киргизилген. Чарльз Дарвин ал илимпоздордун эң белгилүүсү. Анын чыгарган эволюция теориясы 150 жыл бою илим дүйнөсүн алагды кылып, туура эмес экени көрүнүп турса да, идеологиялык себептер менен сакталып келди.
Бирок жогоруда да айтылгандай, материализм бүгүнкү күндө чоң ызы-чуу менен кыйроодо. 19-кылымга багыт берген үч белгилүү материалист ойчул болгон деп айтылат: Фрейд, Маркс жана Дарвин. Алгачкы экөөсүнүн теориялары 20-кылымда текшерилип, талданды жана аягында жараксыздыгы аныкталып, биринин артынан бири четке кагылды. Дарвин болсо биз жашап жаткан доордо жокко чыгарылууда.
![]() |
Чарльз Дарвин, Карл Маркс жана Зигмунд Фрейд |
2000-жылдын июнь айында болгон кээ бир маанилүү окуялар материализмдин бул чоң кыйроосун ылдамдатты.
Алгач, жарыктын ылдамдыгынан ашып өтүү максатында эксперимент жүргүзгөн илимпоздор бүт илимий божомолдорду астын-үстүн кылган бир ачылышка туш болушту. Жарыктын ылдамдыгынан эсе эсе жогору болгон эксперименталдык чөйрөдө эксперименттин натыйжасынын себебинен мурда келип чыкканына күбө болуп, абдан таң калышты. Бул 19-кылымда материалисттик пайдубалга таянып чыгарылган «себеп-натыйжа» көз карашын четке каккан. Бул ачылыш бир гезиттин биринчи бетинде «себепсиз натыйжа болушу мүмкүн экени жана бир окуянын аягы башынан мурда келип чыгышы мүмкүн экени далилденди» деп сүрөттөлдү. Чындыгында бир окуянын натыйжасынын себеби сыяктуу көрүнгөн окуядан мурда ишке ашышы бүт окуялардын өз-өзүнчө жаратылганын илимий жактан далилдейт жана материалисттик догманы толугу менен четке кагат.
Мындан тышкары, адамдын генинин түзүлүшүн түшүнүү максатын көздөгөн Адам геному долбоору жыйынтыкталды жана Аллахтын жандууларды канчалык кереметтүү жаратканын көрсөткөн «генетикалык маалыматтын» өзгөчөлүктөрү адамдардын көз алдына тартууланды. Бүгүнкү күндө бул долбоордун жыйынтыктарын талдап, адамдын бир клеткасында миңдеген беттик маалымат жашырылганын көргөн ар бир адам мунун жаратылуунун канчалык улуу далили экенин түшүнүүдө.
Бирок эволюционисттер чындыгында өздөрүнүн зыянына болгон бул ачылышты бурмалап, «эволюциянын» далилиндей көрсөтүүгө аракет кылышууда. Эң кичинекей бактериянын ДНК чынжырынын да кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган эволюционисттер адамдын гендеринин жаныбарлардын гендерине окшошушун өз ойлорунда эволюциянын далили сыяктуу чечмелешип, элдердин ойлорун жаңылтуу максатын көздөгөн пикирлерди айтышууда. Кээ бир маалымат каражаттары болсо билиминин жетишсиздигинен жана калыстыгы жоктугунан улам, Адам геному долбоору «эволюцияга далил» болду деп ойлошууда же ошондой көрсөтүүгө аракет кылышууда.
Бул китепте ушул эволюционисттик жаңылыштыктар түшүндүрүлүп, жаратылууга каршы айтылган көз караштардын логикасыздыгы жана үстүртөндүгү көрсөтүлөт. Акыркы илимий ачылыштардын дарвинизмге канчалык чоң сокку урганы да апачык көз алдыга тартууланат.
Бул китепти окуганыңызда, Аллахты танган материалисттик философиянын өлүм алдында жандалбастап жатканын жана адамзаттын 21-кылымда буга окшогон жалгандардан кутулуп, чыныгы жаралуу максатына кайтаарын сиз да түшүнөсүз.
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (эч нерсени өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder