26 Ekim 2025 Pazar

ЖЫЙЫНТЫК (ДААМ ЖАНА ЖЫТ СЕЗҮҮ КЕРЕМЕТТЕРИ)

  

Жакшы билим алып, бир фирманын ар кайсы бөлүмдөрүндө иштеп тажрыйба топтогон бир жетекчини элестетели. Ал жетекчини фирманын ээси ийгиликтүү деп эсептеп, фирманын башкы жетекчиси кылып дайындады дейли. Ага бир жылга фирмада толук бийлик берилсин, каалагандай чечим чыгарып фирманы жетектесин жана фирманын кызматкерлери менен иштерин каалагандай башкарсын. Бирок башкы жетекчинин кызматтык келишими менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жыл эле болсун. Анда ал мөөнөттүн аягында фирманын чыныгы ээси, албетте, жетекчиден эсеп сурайт жана берилген ыйгарым укуктарды кантип колдонгонун жана фирманын кирешесин канчалык өстүргөнүн билгиси келет. Мындай кырдаалда акылман жетекчи колундагы мүмкүнчүлүктөрдү эң жакшы колдонууга аракет кылат жана натыйжада кылган ишинин сыйлыгын алат. Кол алдындагы мүмкүнчүлүктөрдү ысырап кылган, ойлонбой, эсептебей коротуп колундагыларды түгөткөн жетекчи болсо чоң акылсыздык кылган болот, анткени бир жыл абдан бат өтөт жана берилген мүмкүнчүлүктү туура эмес колдонгону үчүн жазасын тартат.

Негизи ар бир адамдын бул дүйнөдөгү жашоосу бул мисалда айтылган башкы жетекчинин абалына окшошот. Адамга берилген мүмкүнчүлүктөрдүн бир бөлүгү – бул дене мүчөлөрү, органдары, бири-биринен теңдешсиз долбоорлонгон системалары жана клеткалары. Булардын баарынын чыныгы кожоюну болсо Аллах. Адам мөөнөтү белгилүү болгон бул жашоосунда өзүнө берилген бул мүмкүнчүлүктөрдү эң туура колдонууга милдеттүү. Өлгөндөн кийин аны жараткан жана сый-жакшылыктарды тартуулаган Раббибизге сурак берет. Колундагы бул чоң белекти эң пайдалуу колдонуунун жолу болсо Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Эй ыймандуулар, силерди оор азаптан куткара турган бир соода тууралуу кабар берейинби? Аллахка жана Анын пайгамбарына ишенесиңер, мал-мүлкүңөр жана жаныңар менен Аллах жолунда күрөшөсүңөр (иш-аракет жүргүзөсүңөр). Эгер билсеңер, бул силер үчүн жакшыраак. Ал (Аллах) силердин күнөөлөрүңөрдү кечирип, силерди астынан дарыялар аккан бейиштерге жана Адн бейиштериндеги кооз жерлерге жайгаштырат. Улуу бакыт жана кутулуу (ийгилик) мына ушул. (Саф Сүрөсү, 10-12)



Жыт жана даам сезүү органдарыбыз да бизге кызмат кылышы үчүн тартуу кылынган теңдешсиз сый-жакшылыктар. Колуңуздагы бул китепте төмөнкү чындыкка көп жолу басым жасадык: жыт жана даам сезүү сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүктөрү дагы эле табышмак болгон, абдан татаал системалардын чоң-кичине туш келди кошумчалар жана көзөмөлсүз, сокур кокустуктар аркылуу келип чыгышы мүмкүн эмес; мындай системалар эч качан акырындан же бир заматта эволюция боло албайт. Мындай идеалдуу, кемчиликсиз жана катасыз шайкеш иштеген системалардын бир гана түшүндүрмөсү бар. Ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, сансыз жыттарды жана даамдарды сезишибизге мүмкүнчүлүк берген системаларды да Улуу Аллах жараткан. Бул сый-жакшылыктар Раббибизге шүгүр кылышыбыз үчүн маанилүү бир себепчи. Бирок кээ бир адамдар бул чындыкты көрмөксөн болуп, Жаратуучубузду унутуп, өзүмчүл каалоолорун гана ойлойт жана кызматына берилген жакшылыктардын баарын напсисинин каалоолору үчүн колдонот.

Адам өмүр бою жагымдуу жыттарды жана сонун даамдарды Аллахтын каалоосу менен сезет. Бул акыйкат акылдуу жана абийирдүү адамдардын Аллахка болгон ыйманын жана ишенимин арттырып, Аны жакшылап таанышына жардам берет жана Анын чексиз кудуретин, илимин жана мээримин жакшылап ой жүгүртүп түшүнүшүнө себепчи болот. Бул чындыкты түшүнгөндөр бир гана Ага ибадат кылуу керек экенин да билишет. Ыймандуулардын мындай моюн сунуучулугу жана Раббибизге болгон бекем ишеними Али Имран сүрөсүндө төмөнкүчө кабар берилет:

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)



Ыймандуулар ушинтип чын жүрөктөн ишенсе, кээ бир адамдар оозу менен Аллахка ишенебиз деп айтышканы менен чындыгында чыныгы диндин жолунан адашышат. Андай адамдардын абалы болсо Куранда төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактардын жана көздөрдүн ээси ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айткын: «Силер дагы эле коркуп, тартынбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер Аллах. Демек, чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder