Химиялык заттарды бир гана жыт жана даам сезүү аркылуу сезебиз деп ойлойбуз. Бирок бул туура эмес. Себеби булардан тышкары белгилүү болгон эң аз дагы эки система бар: оору сезүүчү нервдер жана «вомероназалдык» орган.
Оору сезүүчү нервдердин учтары жыт сезүү аймагы да кошо мурун көңдөйүнүн бүт тарабында жайгашкан, басым, оору, ысыктык же муздактык сезимдерин пайда кылуучу стимулдарга жооп беришет. Мисалы, аммиак газынын кескин жана күйгүзүүчү таасирине себеп болгон сигналдар ошол нервдер аркылуу мээге жиберилет. Мурдубузда оору сезүүчү нервдер болбогондо, ден соолугубузга зыяндуу кээ бир газдарды байкамак эмеспиз. Бул балким терс натыйжаларга себеп болмок. Бул өзгөчө түзүлүштөн улам оору, жаракат алуу же өлүмгө алып бара турган кырдаалдарга бөгөт коюлат.
Божомолдор боюнча, бул нервдердин сезгичтиги жыт рецепторлоруна салыштырмалуу төмөнүрөөк, бирок жыт сезимин толуктоочу маанилүү роль ойнойт.46 Ментолдун нормалдуу концентрацияда муздатуучу, жогору концентрацияда болсо жылытуучу таасирге ээ экени белгилүү. Бул айырманы түшүнүшүбүздү оору сезүүчү нервдердин учтарындагы өзгөчө түзүлүш камсыз кылат.
Кээ бир жыт бөлүкчөлөрү жыт сезүү аймагына таасир тийгизбейт. Мындай өзгөчө химиялык сигналдар феромондор деп аталат. Мурунда феромондорду сезүү үчүн жаратылган атайын орган бар. Вомероназалдык орган (VNO) деп аталган бул түзүлүш узундугу болжол менен 1 мм болгон түтүкчө формасына ээ жана мурундун ички бөлүгүндө, мурундун эки таноосун бөлүп турган кемирчектин үстү жагында жайгашкан. Кыскасы, бул орган башка бир сезүү органы. Негизги кызматы феромондордогу билдирүүлөрдү алып, мээ түшүнө турган формага айландыруу жана атайын нервдер аркылуу түздөн-түз мээнин тиешелүү бөлүктөрүнө жиберүү. Бул органдын адамдардагы иштөө системасы дагы эле толук түшүнүлө элек жана илимпоздор арасында талкууларга себеп болууда.47
Вомероназалдык органдын кээ бир чымын-чиркейлер жана жаныбарлар үчүн өтө маанилүү экени аныкталган. Мисалы, бул органы жабыркаган жыландардын коомдук, көбөйүү жана аңчылык кылуу иш-аракеттеринин бузулаары байкалган. Бул органы операция аркылуу алынган, жыныстык тажрыйбасы жок чычкандардын, башка органдары кемчиликсиз иштегенине карабастан, жуптала албай калаары аныкталган.48
Мурдубуздагы жыт сезүү аймагында белгисиз механизмдер бар экени анык. Мисалы, түс менен жыт сезгичтигинин ортосундагы байланышты карап көрөлү. Бул аймактын түсү адамдарда ачык сары, иттерде болсо күрөң. Жыт сезүүнүн күчүнө түс да таасир берет деп болжолдонууда, бирок ортодо кандай байланыш бар экени азырынча белгисиз.49
Ар бир жаңы илимий изилдөөнүн мурдубуздагы жаратылуу кереметтерин жакшыраак түшүнүүгө шарт түзө тургандыгы анык, балким азырынча белгисиз болгон кемчиликсиз системалар ачылат. Ошондой эле, аларды жараткан чексиз боорукер жана мээримдүү Раббибизге шүгүр кылуубуз үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк болот.
Адаптация механизмдери
Азыр бул китепти окуп жатканыңызда, териңизге тынымсыз тийип турганына карабастан кийимдериңизди сезбей элесиз. Мисалы, жаңы кийгениңизде кийимиңиздин териңизге тийгенин сезесиз, бирок көп өтпөй ал сезим жоголот. Себеби териңиздеги рецепторлор белгилүү убакыттан кийин мээңизге сигнал жиберүүнү токтотушат. Бул кереметтүү система болбогондо, кийинүү сыяктуу күнүмдүк иш-аракет дагы бизди абдан тынчсыздандырмак. Ошондой эле, кийимдер көңүлүңүздү алагды кылганы үчүн, башка сигналдарды сезбей калмаксыз. Кыскасы, жашооңуз абдан кыйындап, эч нерсе кыла албай калмаксыз.
Ушундай эле өзгөчөлүк жыт сезүү сезимине да тиешелүү. Тамактын жыты бүт тарапты каптаган бир кафеге киргениңизде, ал жыттарды ошол замат сезесиз. Бир аз убакыт өткөн соң ал жердеги буркураган жыттарды байкабай каласыз. Бирок жыттардын көлөмү азайган эмес болот. Болгону сиз кафедеги жытка көнүп калган болосуз. Жыт өзгөрбөсө да, жытка карата сезгичтиктин өзгөрүшүнө адаптация деп аталган атайын механизмдин иштеп башташы себеп болот.
Бул механизмдин канчалык маанилүү экенин мындан түшүнсөк болот: бүт тарап жыттар менен буркураган бир жерде иштегендерди, мисалы кафенин ашканасындагы ашпозчуларды алалы. Эгер ашпозчулардын айланадагы жыттарга карата сезгичтиги азайбаганда, бул бир топ түйшүккө себеп болмок. Ошондой эле, жыт рецепторлору алагды болгону үчүн ашканадагы бир коркунучту, мисалы газ чыгып жаткан болсо анын жытын балким сезбей калмак.
Бул тармактагы изилдөөлөрү менен белгилүү Франк Зуфалл жыт адаптациясы татаал механизмдерди камтыйт дейт.50 Мындан улам молекулярдык деңгээлдеги татаал процесстердин өзгөчөлүктөрү дагы эле белгисиз бойдон калууда. Жыт сезүүчү клеткаларда жок дегенде үч түрдүү адаптация механизми бар деп болжолдонууда. Мындан тышкары, мээде да сезүү органдарынан келген маалыматтарды талдап, өткөрүүчү же токтотуучу борборлор бар деп кабыл алынууда.
Көмүртек, азот, кычкылтек сыяктуу атомдордон турган жыт сезүү жана мээ клеткалары иштөө өзгөчөлүктөрү дагы эле чечмелене албаган адаптация системасын кантип пайда кылып, өнүктүргөн болушу мүмкүн? Аң-сезимсиз клеткалар кайсы маалыматка көңүл бурулуп, кайсынысына көңүл бурулбай турганын кантип чечишет? Качан ишке киришип, качан киришпеш керек экенин кантип билишет? Сиздин кийлигишүүңүзсүз, кантип сиз үчүн эң туура иш-аракеттерди жасай алышат?
Ой жүгүрткөн адамдар үчүн бул суроолордун жообу белгилүү: жыт сезүүдөгү бул адаптация системасы ааламдын бүт тарабында көрүнүп турган кемчиликсиз пландын жана идеалдуу жөнгө салуунун сансыз мисалдарынын бири. Жана, албетте, мындай кереметтүү тартипте кокустуктарга эч кандай орун жок. Денебиздеги бул кемчиликсиз системалардын ар бир бөлүгү кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турган идеалдуу жаратуунун далилдери. Аллахтын теңдешсиз жаратуу илими Курандын бир аятында «Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат...» (Сажда Сүрөсү, 5) деп кабар берилет.
Жыт эс тутуму
Жыт сезүү сезими менен эс тутумдун ортосунда тыгыз байланыш бар. Айланабыздагы жыттарды бейтааныш сезбестен тааный алышыбыздын себеби жыт эс тутумубуз. Жыттардын бардык түрлөрү өзгөчө код системасы аркылуу жыт эс тутумуна жазылат. Бир жыт келгенде ошол архивге кайрылып жыт талданат. Биринчи жолу жыттаган, эс тутумубузда маалыматы жок жыттар да башка жыттарга окшоштурулуп чечмеленет. Мындай эс тутумубуз болбогондо, жыт аныктала алмак эмес.
Жыт менен эс тутумдун байланышы муну менен эле чектелбейт. Анткени жыттар аларга байланыштуу мурда болуп өткөн кээ бир окуяларды да эстетет. Жолдо баратканда тааныш атырдын жыты бизге ал атырды колдонгон досубузду эстетет. Бир тамактын жыты көп жылдар мурда болгон эски окуяны эсибизге салышы мүмкүн. Бир эле жыт бир адамда жагымдуу сезимдерди ойготсо, башка адамда жагымсыз сезимдерди пайда кылышы ыктымал.
Жыттар ошол учурдагы башка сезимдер менен бирге, көп жылдар бою сакталган жер каерде? Миңдеген түркүн жыттарга тиешелүү маалыматтар сакталган жана сыйымдуулугу өтө чоң экени белгилүү болгон жыттардын маалымат базасы каерде? Бул суроолордун так жообу дагы эле белгисиз. Бирок жыттарга тиешелүү маалыматтар мээдеги гиппокамп жана амигдала аймактарында топтолот деп болжолдонууда.51
Бул багытта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары так белгилүү: жыт эс тутумуңуз (олуттуу ооруга же кырсыкка кабылбасаңыз) өмүр бою сизге жыттардын маалымат базасы катары кызмат кылат. Болгондо да, ал статикалык эмес, динамикалык түзүлүшкө ээ жана алынган жаңы тажрыйбаларга жараша тынымсыз жаңыланып турат.52 Бир химиялык затты өмүрүңүздө алгачкы жолу жыттаганда, ага байланыштуу маалыматтар эс тутумуңузга жазылат жана натыйжада кийинки жолу ал жыт келгенде ошол замат тааныйсыз. Көңүл буруңуз, жыт эс тутуму белоктордон турган клеткалардан түзүлөт, ал клеткалар эбегейсиз архив жасашат жана жаңы жыттарга жараша ал архивди өнүктүрүшөт. Бир салыштыруу жасайлы. Адамзаттын эң чоң ачылыштарынын бири катары кабыл алынган компьютериңиз да өзүнөн-өзү жаңыланбайт, сиз жаңы программаларды жүктөмөйүнчө эскилери ошол бойдон кала берет. Жыт эс тутум клеткаларынын архивге сактоо касиети да өзүнөн-өзү пайда болгон эмес. Аларды Аллах жараткан, алардагы теңдешсиз түзүлүш да Аллахтын мээрими жана илими менен бүт нерсени ороп-курчап тураарынын (Момун Сүрөсү, 7) сансыз далилдеринин бири.
Жыт эс тутумун көрүү жана угуу эс тутумунан айырмалаган маанилүү бир жагдай бар. Жытка байланыштуу маалыматтардын башкаларга салыштырмалуу узак убакыт бою сакталаары аныкталган.53 Ушул себептен бир нерсенин жыты келгенде көп нерселерди эстейбиз. Ал жыт бир гүлдөн, татымалдан же адамдан келген болушу мүмкүн. Изилдөөлөр ар бир адамдын жытынын, манжаларынын изи сыяктуу, толугу менен уникалдуу экенин көрсөткөн.54 (Бул эреже бир гана бир энелик клеткадан төрөлгөн эгиздерге таандык эмес.) Атайын үйрөтүлгөн иттер кылмышкерди издегенде аны терисинин жытынан издешет, ар бир адамдын жеке өзүнө таандык жытынан улам кылмышкерди башкалардан айырмалай алышат. Куранда кабар берилген, Аз. Йусуфтун жытын атасы көп жылдардан кийин айырмалап таанышы да ушуга ишарат кылган болушу мүмкүн. Аз. Йусуфтун бала кезиндеги жытын билген атасы арадан көп жылдар өткөнүнө карабастан, ал жытты эстейт:
Кербен (Египеттен) чыгып баштаганда, аталары: «Эгер мени акылдан азган дебесеңер, ишенгиле, Йусуфтун жытын (мурдумда) алып жатам» деди. (Йусуф Сүрөсү, 94)
Жыт сезүүнүн даам сезүүдөгү ролу
Наабайканадан чыккан жаңы бышкан нандын жыты, ысык кондитердик азыктардын жыты, татымалдардын же жаңы тартылган кофенин жыты адамга абдан жагат. Бул жыттар ушунчалык жагымдуу болгондуктан, бизди нанды, кондитердик азыкты же кофени татып көрүүгө түртөт. Ал тургай, кээде оозубуздагы шилекей бездери иштеп баштайт жана даам сезүүгө керектүү болгон шилекейди бөлүп чыгарышат. Жыт сезүүбүз даам сезүүдөн миң эсе жогору болгондуктан, жыттардын тамак-аштардын даам сезүүдө маанилүү ролу бар.55 Жыт менен даам сезүү сезимдерибиздин ортосундагы байланыш муну менен эле чектелбейт.
Жүзүм ширесин кулпунайдын ширесинен кантип айырмалайсыз?
Бул суроонун жообу белгилүү да, албетте даамын татып айырмалайм деп ойлоп жатсаңыз, анда жаңыласыз. Себеби даамын татуу бул эки ширенин ортосундагы айырманы түшүнүүгө жетишсиз. Эгер жыт сезүү органыбыз болбогондо, эки ширени тең «таттуу» деп сыпаттамакпыз, бирок алардын айырмалоочу өзгөчөлүктөрүн айта алмак эмеспиз.56
Себеби жеген нерселерибиздин даамын билүү үчүн жыт сезүү сезими да керек. Тагыраак айтканда, жытын сезмейинче азыктардын даамын да толук түшүнө албайбыз. Бир тамакты даамдуу кылган нерсе анын даамы менен жытынын айкалышынын бизде калтырган жагымдуу таасири. Ал тургай, изилдөөчүлөр «даамдын 75%ы жыттан турат» деп жыттын маанисин баса белгилешет.57
Белгилүү болгондой, тамак-аштар менен суусундуктардын табитти ачуучу жыттары адамдарды жеп-ичүүгө багыттайт. Бир оорудан же кырсыктан улам жыт сезүү сезимин жоготкондордун табитин да жоготоору байкалган.58 Сасык тумоо болгон же суук тийген кездериңизди эстеңиз. Андай учурда жеген нерселериңиздин даамсыз сезилишине жыт молекулаларынын жыт рецепторлоруна жете албашы жана натыйжада жыт сезүү сезимиңиздин убактылуу жоголушу себеп болот.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй эксперимент жүргүзүүгө болот. Бир досуңуздун көздөрүн байлап, мурдун жаап коюп, алгач бир кесим картошканы, андан соң бир кесим алманы тилинин үстүндө кармап туруусун сураныңыз. Мындай учурда досуңуз кайсынысы картошка, кайсынысы алма экенин ажырата албайт. Себеби экөө тең бир аз таттуу даамды пайда кылат. Досуңуз аларды чайнап көргөндө гана туура жооп бере алат. Себеби чайнаганда учуучу жыт молекулалары ооздун арт жагындагы көңдөйдөн мурундагы жыт сезүү аймагына жетет, ошентип кайсынын картошка кайсынын алма экени түшүнүктүү болот.
Бул жерде көңүл буруучу бир жагдай, ооз менен мурундун адамдын денесиндеги идеалдуу жайгашуусу. Адамдын денесинин бул эки органы бири-бирине жакын жайгашып, мурундагы жыт сезүү аймагы бир аба каналы аркылуу ооз көңдөйүнө туташкан. Мындай байланыш болбогондо же алар жакын жайгашпаганда, же болбосо жыт рецепторлору дененин башка жагында жайгашканда, эмне болмок?
Бул сүйлөмдө «же» менен башталган дагы көптөгөн альтернативаларды санаганга болот. Бирок суроонун жообу белгилүү: азыркы жайгашкан жеринен башка жерде жайгашканда, даам сезүү сезими абдан начарламак. Кыскасы, ооз, мурун жана жыт сезүү аймагы дал керектүү формада жана дал керектүү жерде жаратылган. Куранда Улуу Аллахтын адамды белгилүү бир тартипке ылайык жараткандыгы төмөнкүчө кабар берилет:
Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап-жаңылтып койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)
Айтылгандарды жалпысынан төмөнкүчө жыйынтыктоого болот. Биз даам деп атаган түшүнүк даам менен жыттын айкалышынан келип чыгат. Ошондуктан жыт сезүү органыбыз болбогондо, даам сезүү органыбыздын мааниси болмок эмес. Себеби даамды сезүү үчүн тилдеги даам рецепторлору менен бирге мурундагы жыт рецепторлору да керек.
Чындыгында даам жана жыт сезүү органдарынын ортосундагы кызматташтык атайын план менен жаратылган. Аң-сезимдүү адамдардын өз ара макулдашып, жалпы максатка умтулушу табигый көрүнүш. Акылы жана аң-сезими жок миллиарддаган клетканын кемчиликсиз шайкештигин түшүндүрүүнүн бир гана жолу бар: аларды жаратып, адамдарга кызмат кылдырган жана ар дайым башкарып турган ааламдардын Рабби Аллах.
Булактар:
46- G. Ohloff, "Scent and Fragrances", Springer-Verlag, Berlin Heidelberg, 1994, p. 6.
47- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, June 2000.
48- Michael Meredith, "The Vomeronasal Organ", Florida State University, 2001, http://www.neuro.fsu.edu/research/vomer.htm.
49- "The Olfactory System: Anatomy and Physiology", Macalester College, 2001, http://www.macalester.edu/~psych/whathap/UBNRP/Smell/nasal.html.
50- Frank Zufall, Trese Leinders-Zufall, "The Cellular and Molecular Basis of Odor Adaptation", Chemical Senses 25, Oxford University Press, 2000, p. 473-481.
51- R.S. Herz, T. Engen, "Odor memory: review and analysis", Psychonomic Bulletin and Review 3, 1996, no. 3, p. 300-313.
52- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html.
53- R.S. Herz, T. Engen, "Odor memory: review and analysis", Psychonomic Bulletin and Review 3, 1996, no. 3, p. 300-313.
54- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html
55- Selçuk Alsan, "Yemeklerin Tadı, Kokusu", Bilim ve Teknik, Şubat 1999, s. 98-99.
56- "Disorders of Smell", Macalester College, 2001, http://www.macalester.edu/~psych/whathap/UBNRP/Smell/disorders.html.
57- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html.
58- "Nutrition and Appetite", Monell Chemical Senses Center, 1998, http://www.monell.org/researchoverview_h.htm









Hiç yorum yok:
Yorum Gönder