Эволюция теориясы алгач 1800-жылдардын ортосунда пайда болгон. Ошондон бери эволюция теориясы бир гана нерсеге таянууда: илимди өз көз карашына өнөктөш катары көрсөтүү. Окшош жандыктардын бири-биринен эволюциялануу баскычтары жөнүндөгү көз караштардын баары ушуга таянып чыгарылган. Илимий пропагандалар ушунчалык үзгүлтүксүз кайталангандыктан, илимден алыс адамдар мындай турсун, илимге жакын адамдар да бул көз бойомочулуктун чын экенине ишене башташкан. Ошондуктан эволюция тууралуу сүрөттөөлөрдө адатта илимий далилдерди эмес, илимий сөздөр менен кооздолгон ойдон чыгарылган сценарийлерди жолуктурасыз.
Бирок кээде эволюционисттер үчүн сценарий ойлоп табуу да абдан кыйын болгон жагдайлар болот. Эволюционисттер рух, мээнин кабылдоо күчү, эс тутум жана сезимдер сыяктуу темаларда кандайдыр бир эволюция баскычын ойлоп табууга да чамалары жетпейт. Себеби бул жерде алар спекуляция кыла ала турган физикалык дүйнө эмес, бир гана жаратылууну көрсөткөн метафизикалык рух турат.
Ошондуктан эволюционисттик булактарда көбүнчө бул темаларда эң узун түшүндүрмө катары «убакыттын өтүшү менен мээ пайда болуп, кабылдай баштаган» же «убакыттын өтүшү менен мурун пайда болуп, жыт сезе баштаган» деген сыяктуу сүйлөмдөрдү жолуктурушуңуз мүмкүн. Бул сүйлөмдөрдү тастыктай турган бир илимий далилди же ачылышты болсо көрө албайсыз. Эволюционисттер да бул тууралуу эч нерсе айта алышпай турганын билишет. Ошондуктан ойдон чыгарып каалагандай спекуляция кыла ала турган темаларга басым жасап, эволюция аркылуу түшүндүрө албай турган темаларда болсо эч сөз кылышпайт.
Буга чейин сөз болгон кемчиликсиз жыт системасы жана ал системаны түзгөн бөлүктөрдүн ортосундагы кереметтүү шайкештик да дарвинисттер түшүндүрө албаган темалардын бири. Себеби бул кереметтүү жыт сезүү механизми аркылуу бизге чексиз кудуреттин кемчиликсиз жаратуу күчү көрсөтүлүүдө. Ал теңдешсиз Жаратуучу ааламдардын Рабби Аллах. Бул темадагы бардык илимий изилдөөлөр, бүт илимий далилдер жана ушунчалык татаал системанын эч катасыз иштеши бул акыйкатты толук айгинелейт.
Эволюционисттер да бул чындыкты билишет. Бирок алардын максаты – чындыктарды көрүп турса да, Аллахтын бар экенин четке кагуу. Ансыз да жалгандар жана көз бойомочулуктар менен ар түрдүү жомокторду ойлоп табуунун башка түшүндүрмөсү жок. Ошондуктан эволюция теориясы чындыктарды четке кагуу үчүн колдонулган, бирок ааламдагы механизмдердин кантип пайда болгону тууралуу бир суроого да жооп таба албаган, илимге таптакыр сыйбаган бир теория. Бул бөлүмдө эволюция теориясынын тарапкерлери болгон күчү менен карманган негизсиз көз караштарга илимдин берген жоопторун карайбыз.
Эволюционисттердин жыт сезүү тууралуу сценарийлери
Эволюционист окумуштуулар тарабынан жазылган макалаларда көбүнчө жыт сезүү системасынын механизми терең сүрөттөлөт да, аягында бул эволюция аркылуу пайда болгон деп айтылат. Эволюционисттердин жалпы пикири боюнча, жыт сезүү жөндөмү башка сезүү органдарынан мурда келип чыккан жана толугу менен примитивдүү бир сезим. Органдар менен сезимдер муктаждыкка жараша пайда болгон жана кайра эле муктаждыкка жараша өрчүгөн. Бир дагы илимий далили жок бул көз караштар эволюционисттик булактарда мындай деп айтылат:
Сырткы дүйнөнүн ар бир туш келди таасири организмдердин абалынын белгилүү деңгээлде өзгөрүшүнө себеп болот. (...) Ар бир себеп бир натыйжага, бир таасирге алып келет жана натыйжа сөзсүз түрдө ага түрткү болгон себеп тууралуу бир маалыматты камтыйт. Эволюциянын биз элестете албай турган көнүшүү (адаптация) жана ойлоп табуу жөндөмү менен, биологиялык чындыктын ичиндеги бул жөнөкөй логикалык байланышты абалга жараша, жараткан нерселеринин жашап кетүү мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн кандайча колдонгонун көрүп таң калбоо мүмкүн эмес.92
Кандайдыр бир далил, ачылыш, эксперимент же илимий баскычтарга таянбаган мындай сөздөрдүн кокустук көз карашын актоо аракетинен башка эч кандай мааниси жок. Жыт сезүү сезиминин алгачкы жана «примитивдүү» сезим катары кабыл алынышы да ушул эволюционисттик логиканын натыйжасы. Бул көз караштын бир гана максаты бар: угуу же көз сыяктуу башка сезимдерди татаалыраак системалар катары кабыл алуу жана ошентип эволюциянын «жөнөкөйдөн татаалды көздөй» деген көз карашын сактап калуу. Дарвинизмдин жактоочуларынын бул тууралуу айткандары төмөнкүдөй:
Жыт сезүү сезими жаныбарлар сыяктуу эле, адамдар үчүн да маанилүү сезим. Эволюциялык көз караш менен алганда эң байыркы сезимдердин бири.93
Жыт сезүү системасы алгачкы филогенетикалык өнүгүүсү жана мээнин байыркы, көмүскө туюм бөлүктөрү менен болгон байланыштарынан улам, көбүнчө эң примитивдүү сезүү системасы катары сүрөттөлөт.94
Жыт сезүү сезими эволюциялык жактан көрүү жана угуу сезимдеринен байыркы.95
Бул жерде бир нерсени эске салуу керек: бул сөздөрдү айткандар жыт сезүү механизминин бардык өзгөчөлүктөрүн жакшы билген, адис кишилер. Системанын татаалдыгын жана кемчиликсиздигин билбеши мүмкүн эмес. Ошого карабастан, ушундай кереметтүү түзүлүш тууралуу «примитивдүү» деп айтуудан тартынышпайт. Себеби бир түзүлүш примитивдүү болсо алардын ою боюнча кокусунан пайда болуу ыктымалдыгы жогорулайт. Татаал системанын кокусунан кантип пайда болушу мүмкүн экенин түшүндүрө алышпайт, ал эми жөнөкөй түзүлүштү кокусунан пайда болгон деп айтсак ишеничтүүрөөк болот деп ойлошот.
Эволюционисттер мындай тыянактарды ишенимдүүлүк менен айтканда, кайсы илимий далилдерге таянышат? Алар «примитивдүү дүйнө» деп сүрөттөгөн шарттарда кантип «примитивдүү жыт сезүү сезими» пайда болгон? Бул суроонун жообун изилдесеңиз, төмөнкүдөй жооп аласыз:
Примитивдүү дүйнөнүн байыркы океандарында, үч миллиард жыл мурда бир клеткалуу бир жандык күнүмдүк иш-аракеттерин баштаганда органикалык химиялык заттарды бөлүп чыгарган. Кипкичинекей жандык тарабынан байкалбай чыгарылган химиялык заттардын изи калып, аны жырткыч жаныбар сезген. Жырткыч жаныбар сездирбестен жакындап, кол салган жана бактысыз олжосун жеп салган. Ошентип жыт өзүнүн узак эволюциялык өнүгүүсүн баштаган. Жыт сезүү сезими, Луизиана мамлекеттик университетинин биология профессору Джон Каприо айткандай, башында аминокислотага окшогон сууда ээриген химиялык заттарды аныктоо үчүн пайда болгон. Абадагы учуучу молекулаларды аныктоо жөндөмү баштапкы механизмдин ыңгайлашуусу болуп саналат.96
Эгер бул абзац «илгери илгери» деп башталганда, бул сөздөргө эч ким эч нерсе демек эмес, албетте. Бирок бул абзац илимий деп сыпатталган бир эволюционисттик булакта орун алган. Бул дагы бир жолу эволюционисттердин теориясында кандай ыкмаларды колдоноорун жана кандай көз карашка ээ экенин айгинелейт.
Канчалык логикасыз болсо да, илимдин атын жамынган бул көз караштарды илимий чындыктар менен жокко чыгаруу туура болот. Эволюционист окумуштуу Каприонун айткысы келген ою кыскача мындай: бир клеткалуу жандыктар байкабастан айланага химиялык заттарды бөлүп чыгарышкан, кээ бир жырткыч жаныбарлар ал химиялык заттарды сезип, аларды таап жешкен. Бул теория өтө логикасыз гана эмес, ошол эле учурда жыттын пайда болушу тууралуу бир дагы суроого жооп бербейт. Аңчы жаныбарлардын бир клеткалуу жандыктарды байкашына мүмкүнчүлүк берген сезүү органдары тууралуу эч кандай маалымат бербейт. Бир клеткалуулардын душмандарынын жыттарын сезишине жана ошентип аман калышына шарт түзгөн жыт сезүү сезимдеринин кантип пайда болгону түшүндүрүлгөн эмес. Укмуш комплекстүү бул механизмдин калыптанышында кайсы «эволюция механизмдеринин» кантип салым кошкону сүрөттөлгөн эмес.
Эволюционисттер бул жагдайларга көп токтолушпайт. Себеби алардын түшүндүрмөлөрү бир гана механизмге таянат: кокустуктар.
Кокустуктар жандыктардагы бир дагы түзүлүштү пайда кыла албайт:
Жер жүзүндөгү эмнени гана изилдебеңиз, улуу акылдын бар экенин көрөсүз. Бул жагдай бирден бир жана өтө маанилүү бир чындыкты жар салат: жер бетиндегилердин баарын улуу акылман Раббибиз жараткан. Дарвинисттер жаратуучу күч бир гана кокустуктарга таандык дешет. Башкача айтканда, көзөмөлсүз, башкаруусуз жана туш келди окуялар өзүнөн-өзү келип чыгып, абдан кылдат көзөмөлдөнгөн, кылдат тең салмактуулуктарга таянган, өтө комплекстүү жандыктарды пайда кылган.
Жыт сезүүнүн эволюциясын түшүндүрүүгө аракет кылганда, дарвинисттер кайра эле жаратуучу күч катары кокустуктарга таянышат. Бир жандык кокусунан жыттоо муктаждыгын сезген жана ал үчүн кокусунан керектүү орган пайда болгон, ал органдын курамында кокусунан белгилүү молекулярдык тартипке ээ белоктор келип чыккан, ошол эле учурда дал ошондой молекулярдык тартипке ээ жыт молекулалары пайда болгон. Жыт сезүүнү камсыз кылган мурундан мээни көздөй жайгашкан укмуш татаал нервдер кайра эле кокусунан пайда болуп, ал сезимди жеткире турган электрдик сигналдар да кокусунан өз милдетин аткара башташкан. Сөз кылып жаткан нерсебиз ушунчалык ирээттүү бир кокустуктар ырааттуулугу болгондуктан, бул механизмдин ичинде талап кылынган, сансыз кокустуктардын бири да туш келди эч нерсе кылган эмес. Кандайдыр бир себептен ар бир көзөмөлсүз кийлигишүү системага бир жаңылык киргизип, аны андан ары өнүктүргөн. Эволюционисттер туш келди окуяларды кемчиликсиз иштейт деп айтканга мажбур. Себеби комплекстүү системанын бир эле бөлүгүндө, бир эле кичинекей өзгөчөлүгүндө эгер кандайдыр бир ката кетирилсе, бүт баары кайра башына кайтат жана система толугу менен бузулат. Ошондуктан эволюция көз карашы боюнча, бардык окуялар канчалык көзөмөлсүз жана башкаруусуз болсо да, ката кетиришпейт.
Сөз болуп жаткан туш келди окуялар болсо – бул туш келди мутациялар. Мутация деп жандыктын генетикасында радиация сыяктуу күчтүү сырткы таасирлердин натыйжасында келип чыккан өзгөрүүлөр айтылат. Мындай өзгөрүүлөр көзөмөл астында жасалбаса, өтө чоң коркунуч туудурат. Бүгүнкү күндө мутациялардын жандыктын молекулярдык түзүлүшүнө абсолюттук түрдө зыяндуу экени илим тарабынан далилденди. Мутациялардын 99%ы зыяндуу, 1%ы болсо натыйжасыз. Демек, мутация бир тирүү организмдин кемчиликсиз түзүлүшүнүн бузулушу дегенди гана билдирет. Анын таасири абдан пландуу курулган бир шаарда болгон жер титирөөдөн айырмасыз. Болгондо да, тирүү организм кылдат эсептөөлөр менен курулган чоң шаардан алда канча татаал жана кемчиликсиз түзүлүшкө ээ.
Демек мутациялар бир организмге эч кандай жаңылык кошо албайт. Учурда илимпоздор бул анык чындыкты кабыл алышып, мутациялардын эч кандай эволюциялык таасири жок деп айтышууда. Өсүмдүк физиологиясынын профессору Майкл Питман бул жөнүндө мындай дейт:
Биз ушул күнгө чейин мутациялардын жаңы функциялык түзүлүштү түзүүгө аракет кылганын көрдүкпү? Калыптанган бир органдын пайда болуу баскычтары эч качан байкоолордон көрүлгөн жок, бирок органдардын ишке жараксыз баштапкы абалы эволюция теориясынын негизин түзөт. Алардын кээ бирлерин бүгүнкү күндө көрүшүбүз керек эле, организмдерде ар түрдүү баскычтардан баштап ишке жарамдуу жаңы бир системаны пайда кылганга чейинки бул баскычтар байкалышы керек болчу. Бирок биз аларды көрбөй жатабыз. Мындай радикалдуу жаңылыктын эч кандай белгиси жок. Байкоолор да, көзөмөл астындагы эксперименттер да табигый тандалуунун жаңы генди, гормонду, ферментти, системаны же органды пайда кылуу үчүн мутацияларды колдоноорун көрсөткөн жок.97
Дарвиндин табигый тандалуу көз караштарына мутация түшүнүгүн биринчи жолу кошкон неодарвинисттердин алдыңкы өкүлү Джулиан Хаксли да мутациялардын натыйжасыз экенин моюнга алган.
Мындай процесстин (түрлөрдүн мутациялар аркылуу өзгөрүүгө дуушар болушунун) эволюцияда эч кандай роль ойнобогондугу анык.98
Бул апачык чындыкка карабастан, эволюционисттер бардык түрлөрдөгү түзүлүштөрдүн жана функциялардын пайда болушун түшүндүрө алуу үчүн мутацияларды куткаруучу катары көрүшөт. Таасири толугу менен зыяндуу болгонуна карабастан, өздөрүнүн көз караштарын ынанымдуу көрсөтө алуу үчүн түзүлүштөрдү «жөнөкөй» өзгөчөлүктөргө ээ дешет. Эволюционисттердин жыт сезүү системасын эч нерсеге карабастан «примитивдүү» деп аташынын себеби мына ушунда. Өз ойлорунда «примитивдүү» системаны кокустуктар менен оңой эле түшүндүрө алабыз деп ойлошот. Бирок бул күтүү таптакыр маанисиз. Система «примитивдүү» болсо да, анда бир тартип бар. Кокустуктардын тартипти пайда кылуусу эч качан мүмкүн эмес. Болгондо да, Аллах жараткан бул кереметтүү ааламда «примитивдүү» деп атоого боло турган бир дагы нерсе жок.
Мурдакы бөлүмдөрдө терең сүрөттөлгөн жыт сезүү системасы болсо, эволюционисттердин айткандарынын тескерисинче, өтө кылдат тең салмактуулуктарды жана кемчиликсиз механизмдерди камтыган өтө татаал түзүлүш. Жыт сезүү системасына байланыштуу илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы да анык: «примитивдүү сезим» деген нерсе жок, тескерисинче бардык жыйынтыктар өтө татаал түзүлүштүн бар экенин көрсөтүүдө. Миңдеген илимпоздор көп жылдар бою жыт сезүү механизмин түшүнүүгө аракет кылышты, ошого карабастан системаны үстүртөн гана түшүнө алышты. Системанын майда-чүйдө өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтар божомолдор жана теориялар менен гана чектелүүдө. Бул темадагы адистердин бири Медициналык институттун профессору Линда Бак. Бактын бул тууралуу пикири төмөнкүдөй:
Жыт сезүү, кыязы, бардык сезимдердин эң сезгичи жана эң татаалы, ошондой эле илимпоздор үчүн эң табышмактуусу.99
Штутгарт-Гоэнхайм университетинин кызматкери Хайнц Бреер жыт сезүү боюнча эмгеги үчүн Германиянын эң жогорку илимий сыйлыгы болгон «Лейбниц сыйлыгын» алган. Профессор Бреер жыт сезүүнүн маанисин мындайча түшүндүрөт:
Жыт сезүү, абадагы көптөгөн молекулаларды абдан тактык жана сезгичтик менен айырмалоо жана таануу жөндөмү эң таң калаарлык, бирок көп тарабы ачыла элек сезимдердин бири.100
Эволюционисттердин жыт сезүү сыяктуу татаал механизмди примитивдүү деп атоо аракеттери – чындыгында көз алдыларында турган апачык чындыкты четке кагуу ыкмаларынын бири. Алар да апачык күбө болгондой, жыт сезүү механизминдеги теңдешсиз түзүлүш чексиз акылман жана илим ээси Аллахка таандык. Аллахтын белгилүү бир тартип жана чен-өлчөм менен жараткандыгы жана жаратуунун бир гана Ага таандык экени Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны калыпка (тартипке) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан. Андан (Аллахтан) башка, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да тийгизе албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жаюуга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды (кудай) тутунуп алышты. (Фуркан Сүрөсү, 2-3)
Эволюционисттердин үзүлгөн үмүттөрү
Эволюционисттер жыт сезүү механизми убакыттын өтүшү менен келип чыккан дешет, ошондой эле экинчи жагынан «адамдын эволюциясында» жыт сезүүнүн мааниси убакыт өткөн сайын башка сезимдерге салыштырмалуу азайган дешет. Бул көз караш 5 сезүү органын акырындан пайда болгон деп көрсөтүү үчүн эволюционисттердин колдонгон дагы бир бурмалоосу. Бул көз караш боюнча, убакыттын өтүшү менен «эволюция болгон» жандыктын сезүү органдары да барган сайын өнүгүп отурган. Бирок бул көз караштарына бир дагы илимий далил келтире алышпайт жана аны ойдон чыгарылган сценарийлер жана илимий терминдер менен кооздоп, ынанымдуу көрсөткөнгө аракет кылышат.Эң башта бир чындыкты белгилей кетүү керек. Бир гана спекуляцияларга таянган адамдын эволюциясы сценарийинин эволюционисттер тарабынан эң көп колдонулган материалы – бул реконструкциялар. Реконструкция деп мурдакы доорлордо жашап, тукум курут болгон маймылдардын баш сөөктөрүн колдонуп жасалган айкелдер, чиймелер жана сүрөттөр айтылат. Эволюционисттер баш сөөктөрүнөн жаныбардын бет түзүлүшүн жасаганда, адамдарды бир кездерде «маймыл адамдар» жашаган деп ишендирүүнү көздөшөт. Бир маймылдын баш сөөгүн адамдын бетине окшоштуруп, бир канча өзгөчөлүгүн маймыл бойдон калтырышат. Баш сөөгүнө жайгаштырыла турган жумшак кыртыштарды каалагандай формага салуу аркылуу бир маймылды адамга окшоштура алышат. Себеби бет сөөктөрү менен баш сөөгүндө оозду, мурунду, көздөрдү түзгөн жумшак кыртыштарды көрсөтө турган кандайдыр бир өзгөчөлүк болбойт. Ошондуктан бул ыкманы колдонуп бир маймылдын бетин оңой эле адамга окшотууга болот. Ушул себептен эволюционист булактардын баарында жарым маймыл-жарым адам сүрөттөр, ушул максатта жасалган айкелдердин сүрөттөрү толтура.101
Байкаган болушуңуз керек, атайын максатты көздөп, ойдон чыгарылган реконструкцияларда көбүнчө мурундар чоң жана кенен кылып жасалат. Ошондуктан маймылдын адамга «айлануу процессинде» атайылап чоң жана кенен кылып тартылган мурундар убакыттын өтүшү менен кичирейип, адамдын азыркы мурдундай көрүнүшкө келиши керек. Ушул себептен эволюционисттер мурун бара бара кичирейген сайын анын функциясы да азайган деген жыйынтыкка келишет жана бул кемчиликсиз органдын бардык татаал жана жогорку өзгөчөлүктөрүн апачык четке кагышат.
Негизи бул парадокс эволюционисттердин чарасыздыгынын да бир белгиси. Эң башта бул көз караш эволюционисттердин «жөнөкөйдөн татаалды» көздөй өнүккөн, ойдон чыгарылган процесстерине толугу менен карама-каршы келет. Татаалды көздөй эволюциялануу тескериге айланып, кандайдыр бир себептен татаалдан жөнөкөйдү көздөй артка кайткан. Башкача айтканда, кокустуктар бул жолу башка сезүү органдарына көбүрөөк муктаж болоорубузду болжоп, мурунга тиешелүү бир катар өзгөчөлүктөрдү керексиз деп чечишкен. Бул жомокко ишенүү жогорудагы логикасыз көз карашка да ишенүү деген мааниге келет.
Мындан тышкары, мурундун татаалдыгы кийинчерээк азайган деген көз караш да эч кандай далили жок бир божомол гана. Бул божомолдун акыл менен илимден канчалык алыс экени жакынкы жылдары апачык белгилүү болду. Биз жашап жаткан 21-кылымдагы бардык илимий изилдөөлөр менен ачылыштар мурундун жана жыт сезүү системасынын укмуш татаал түзүлүшкө ээ экенин көрсөттү, ошентип эволюционисттердин үмүттөрү таш капты. Жаңы илимий ачылыштардын эволюционисттердин үмүттөрүн үзүүнү улантаары анык.
Бир адистин сөздөрү
Эволюционисттер башка сезимдерге салыштырмалуу «примитивдүү» деп сыпаттоого аракет кылган жана механизмин кокустуктар менен оңой эле түшүндүрө алабыз деп ойлогон жыт сезүү сезими көптөгөн табышмактары менен учурдагы илимпоздор үчүн дагы эле абдан татаал жана көптөгөн сырлары чечилбеген механизм бойдон калууда. Бул багытта жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен илимпоздордун сөздөрү бул чындыкты апачык көрсөтүүдө. Анын мисалдарынын бири – жыт сезүү тармагындагы изилдөөлөрү менен белгилүү болгон жана бул тармактагы абройлуу илимпоз катары кабыл алынган Стюарт Файрстейн. Профессор Файрстейн Life Sciences энциклопедиясындагы 2000-жылдын декабрында жарыяланган «жыт сезүүчү рецепторлордун нейрондору» аттуу макаласында бул багыттагы акыркы ачылыштар тууралуу сөз кылган. Бул макала жыт сезүү тууралуу табышмактар да айтылганы жагынан абдан маанилүү.Колумбия университетинин профессору Файрстейндин моюнга алган сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Ар кандай жыттар кантип айырмаланат? Бул жыт таануу илиминдеги табышмактуу суроолордун бири бойдон калууда.
Бир нече жүздөгөн нейрондордун аксондору жыт сезүүчү дөмпөкчөгө түйдөкчө тегиздиги аркылуу топтолуп кирет. Аксондор дөмпөкчөнүн ичине киргенден кийин, алигече белгисиз механизмдер менен гломерул деп аталган түзүлүлүштөрдүн ичиндеги белгилүү максаттарды көздөй өздөрүнүн жолдорун табышат.
Жыт сезүү нейронунун миң рецептордун кайсынысын колдоноорун кантип чечээри белгисиз.
Ар бир аксондун дөмпөкчөдөгү 1800 гломерулдун арасынан туура келген бир же экөөсүнө барчу жолду кантип так аныктаары жалпысынан белгисиз.
Дөмпөкчөдө дагы бир канча процесс катмары бар, алардын схемалары жалпысынан белгилүү, майда-чүйдөлөрү болсо аныктала элек.
Эки тараптуу синапстар тармагы дөмпөкчөнүн айланасында бөгөт коюучу жолду түзөт деп эсептелет, бирок бул функциясы анык далилдениши керек.
Жыт сезүү байланышынын жогорку деңгээлдеги (мээдеги) процессине байланыштуу өтө аз маалымат бар.
Базалдык (түпкү) клетканы клетканын бөлүнүшүнө жана башка жолго түшүүгө түрткөн өзгөчө молекулярдык кубулуштар белгисиз бойдон калууда.
Бул тармакта көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүшү зарыл.
Ар дайым болбосо да, көпчүлүк учурда жыт сезүү сезими кайра калыбына келиши мүмкүн. Толук түшүнүксүз болсо да, көрүнүшүнө караганда, калыбына келүү базалдык клеткалар жыйындысынын саламаттыгынан жана нейрондордун жабыркоо деңгээли менен түрүнөн көз каранды.
Ар бир рецептордун генинин төрт аймактын бирөөсүндө гана орун алаары аныкталган... Аймактык түзүлүштүн кызматынын мааниси бүдөмүк бойдон калууда.
Рецепторлор химиялык же структуралык жактан байланышы бар молекулярдык кабарчыларды тааный тургандай көрүнүүдө, бирок бул байланыш азырынча далилдене элек.102
Бул сөздөрдүн баарынан бир гана тыянак чыгарууга болот: бүгүнкү күндө илим ушунча өнүккөнү менен жыт сезүү тууралуу колдогу маалыматтар өтө аз, ал маалыматтардын көпчүлүгү азырынча теория бойдон калууда. Бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулганына жана болгон аракеттерге карабастан, алынган жыйынтык ушундай. Бирок бир чындык анык белгилүү: жыт сезүү системасы кереметтүү түзүлүшкө ээ. Стюарт Файрстейн макаласынын кыскача мазмунунда буга төмөнкүчө көңүл бурат:
Омурткалуу жаныбарлардын жыт сезүү системасы көптөгөн ар кандай жыттуу химиялык заттарды тааный алат, бул аны планетадагы эң натыйжалуу химиялык сенсорго айлантат.103
Демек, чындык мындай: жыт сезүү системасы абдан комплекстүү түзүлүш жана ушунчалык кереметтүү механизмди кокустук, мутация же табигый тандалуу сыяктуу ичи бош түшүнүктөр менен эч качан түшүндүрүүгө болбойт. Жыт сезүү сезимибиздин кемчиликсиздиги аны жараткан чексиз илимдүү жана кудуреттүү Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун белгилеринин бири.
Жыт сезүүнүн кемитилгис комплекстүүлүгү
Лихай университетинин профессору Майкл Бихи биздин доордо илим тарабынан тирүү организмдерде «кемитилгис комплекстүүлүктүн» аныкталганын көрсөттү. Анын жыйынтыгы боюнча, эң чоңунан эң кичинесине чейин бардык системалар эбегейсиз татаалдыкка ээ жана ал системалардын ичинде бир тетигин да кемитүүгө болбой турган бир тартип бар. Тагыраак айтканда, бир орган өзүнүн кызматын аткара алышы үчүн, ал органды түзгөн бөлүктөрдүн бирөөсү да кем болбошу шарт. Антпесе, орган өзүнүн кызматын аткара албайт.Бул илимий чындык негизи эволюция теориясынын көз караштарын толугу менен четке кагат. Себеби кемитилгис комплекстүүлүк эволюционисттер айткан акырындап өрчүү пикирин жокко чыгарат. Мисалы, баары биригип бир көздү түзгөн 40 бөлүктүн акырындап, бир бирден пайда болушу мүмкүн эмес. Анткени 40 бөлүк калыптанып бүтмөйүнчө орган иштебейт. Кайра эле эволюция теориясы боюнча, иштебеген орган «табигый тандалуу» аркылуу жок болушу керек.
Мындай шартта эволюционисттер үчүн башка татаал органдарга байланыштуу да ушул эле маселе келип чыгат. Мурунку бөлүмдөрдө теңдешсиз механизми майда-чүйдөлөрүнө чейин каралган жыт сезүү системасы да кемитилгис комплекстүүлүккө ээ. Жытты сезе алуу үчүн түкчөлөр, рецепторлор, жыт сезүүчү клеткалар, жыт сезүүчү нервдер, оору сезүүчү нервдер, жыт сезүү дөмпөкчөсү, былжыр, базалдык клеткалар, атайын белоктор менен ферменттер жана дагы көптөгөн бөлүктөр толугу менен, бир жерде болушу шарт. Ушулардын баары бириккен учурда да чындыгында система толук болбойт. Мурун ага келген жытты «сезиши» шарт. Ал үчүн «ааламдагы эң чоң табышмактардын бири»104 деп айтылган адамдын мээси болушу керек. Бул бөлүктөрдүн баары бирикмейинче, бул татаал система эч нерсеге жарабайт.
Эч кандай жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгү болбогон мындай системада кандайдыр бир эволюция процесси болушу мүмкүн эмес. Жыт сезүүчү клеткалар жыт рецепторлору менен түкчөлөр болбосо, эч нерсеге жарабайт. Нервдер болбосо, жыт мээдеги сезүү борборуна жете албайт. Көптөгөн баскычтан турган, бири-биринен көз каранды болгон бул чынжыр системасынын бир тогоосу (бөлүгү) иштен чыкса, мээде жыт пайда болбойт. Демек, бул система бир заматта, бардык бөлүктөрү менен бирге толук бойдон пайда болушу шарт. Бир жыт болобу, он миң жыт болобу айырмасы жок, кандайдыр бир жытты сезүү үчүн, жогоруда айтылган бөлүктөрдүн баары чогуу бир жерде болуп, бири-бири менен шайкештикте иштеши зарыл. Бул ачык-айкын акыйкатты көрсөтөт: ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, бул механизмди да бардык теңдешсиз өзгөчөлүктөрү менен бирге Аллах жараткан. Дарвинисттер бул маанилүү чындыкты кабыл алгылары келбегени үчүн, канчалык логикасыз болсо да эволюция көз карашын жакташууда. Бардык жандыктарды комплекстүү системалары менен бирге жараткан бир Жаратуучунун бар экенин кабыл алмайынча, бул туңгуюктан эч качан чыга алышпайт.
Бирок Аллах адамдарга билдирген чындык айдан ачык. Аллах теңдешсиз кооздуктарды жана өзгөчө түзүлүштөрдү жаратуу аркылуу адамдарга Өзүнүн бар экенин апачык көрсөтүүдө. Теорияларын тастыктай турган бир дагы далили болбогонуна карабастан, эволюционисттердин бул чындыкка каршы күрөшүшү болсо, чындыгында бул дүйнөдөгү сыноонун бир талабы. Аллах бул дүйнө жашоосун Саба сүрөсүнүн 21-аятында билдиргендей, «...акыретке ыйман кылгандарды (ишенгендерди), андан күмөн санагандардан айырмалоо...» үчүн жараткан. Акыретке ишенбей өжөрлөнгөндөр Аллахтын теңдешсиз жаратуусун четке кагуу үчүн жалгандарды токуганды улантышат, Аллахтын бар экенине ишенгендер болсо көргөн кооздуктарынан эбегейсиз ырахат алып, бейиштен өздөрүнө орун даярдашат. Албетте, эң чоң кутулуу мына ушул. Куранда мындай деп айтылат:
Күмөнсүз, ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандарга болсо; алар үчүн астынан дарыялар аккан бейиштер бар. Чоң «кутулуу жана бакыт» мына ошол. (Буруж Сүрөсү, 11)
Булактар:
92- Hoimar Von Ditfurth, "Dinozorların Sessiz Gecesi 3", 2. baskı, Şubat 1997, Alan Yayıncılık s. 134
93- John C. Leffingwell, "Olfaction", 2001, http://www.leffingwell.com/olfaction.htm
94- Marjorie Murray, "Our Chemical Senses: 1. Olfaction", 2001, http://faculty.washington.edu/chudler/chems.html.
95- "The Olfactory System: Anatomy and Physiology", Macalester College, 2001, http://www.macalester.edu/~psych/whathap/UBNRP/Smell/nasal.html.
96- "How The Nose Knows Research On Smell Boosted", Science Daily Magazine, 24 May 1999, http://www.sciencedaily.com/releases/1999/05/990524040220.htm
97- Michael Pitman, Adam and Evolution, 1984, p. 67-68 http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/10mut06.htm
98- Julian Huxley, Major Features of Evolution, p. 7 - http://www.pathlights.com/ce_encyclopedia/10mut06.htm
99- "Researchers Discover How Mammals Distinguish Different Odors", Howard Hughes Medical Institute News, 1999, http://www.hhmi.org/news/buck.html.
100- Heinz Breer, "Olfaction", Encyclopedia of Life Sciences, August 1999.
101- Earnest A. Hooton, Up From The Ape, New York: McMillan, 1931, p. 332
102- Stuart Firestein, "Olfactory Receptor Neurons", Encyclopedia of Life Sciences, December 2000
103- Stuart Firestein, "Olfactory Receptor Neurons", Encyclopedia of Life Sciences, December 2000
104- G. Fischbach, "Dialogues on the Brain: Overview", The Harvard Mahoney Neuroscience Institute Letter, 1993, vol.2












Hiç yorum yok:
Yorum Gönder