Адамдын денеси өзүнүн маанилүү функцияларын улантышы үчүн тамак-ашка жана суусундукка муктаж. Алар аркылуу триллиондогон клеткабыздагы процесстерге керектүү энергияны алабыз. Тамак жегенде негизи ден-соолугубузга түздөн-түз таасир тийгизе турган чечимдерди алабыз. Эмнени жеп, эмнени жебешибиз керек экенин билебиз. Кайсы азыктардын пайдалуу жана жегенге болоорун, кайсыларынын азыктык баалуулугу жок экенин, кайсылары зыяндуу болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Чириген же бузулган тамактардын жагымсыз даамын ошол замат сезип, таштандыга ыргытабыз. Кычкылдыгына карап бышкан мөмөнү быша элегинен айырмалайбыз.
Кычкыл кошулмаларды кычкыл даамынан, уулуу заттарды болсо кескин ачуу даамынан тааныйбыз. Денебиздин ичиндеги шарттар туруктуу сакталышы үчүн керектүү болгон минерал туздарды жана суюктуктарды, клеткаларыбыздагы белок синтезинде колдонулган аминокислоталарды, энергия муктаждыгыбызды камсыздай турган углеводдор менен майларды бере турган азыктарды оңой эле тандай алабыз. Ал тургай, эмнени качан жеп, качан жебешибиз керек экенин да билебиз. Өзүбүздү алсыз сезген учурларда витамин, минерал жана кантка бай тамак-аштарды тандайбыз. Кан басымыбыз төмөндөгөндө туздуу тамактарды жейбиз, жогорулаганда болсо туздуу тамак-аштар менен суусундуктардан баш тартабыз.
Булардын баарына мүмкүнчүлүк түзгөн кереметтүү бир системабыз, даам сезүү органыбыз бар. Даам сезүү системабыз белокторду, иондорду, татаал молекулаларды жана көптөгөн химиялык кошулмаларды талдайт жана өмүр бою эс албай биз үчүн иштейт.
Болгондо да, күнүмдүк тамак-аш муктаждыгыбызды камсыздоодо тамактардын, суусундуктардын, мөмө-жемиштердин, торттордун, таттуулардын өзгөчө даамдарынан эбегейсиз ырахат алабыз. Ушул күнгө чейин даамын таткан бири-биринен даамдуу тамак-аштарды жана суусундуктарды элестетүүгө аракет кылыңыз: чаңкооңузду кандыруу үчүн ичкен лимонадыңыз же мөмө ширелери, жайдын ысыгында жеген коон же дарбызыңыз, шишкебек, мөмө-жемиш же шоколад кошулган балмуздак, таттуулар, күрүч пудинг, манты, кулпунайлуу торт, палоо, бал...
Бул ырахаттарды чексиз берешен Раббибиз бизге тартуулаган даам сезүү механизми аркылуу сезебиз. Китептин бул бөлүмүндө ушул теңдешсиз системаны тереңирээк карайбыз жана анын канчалык улуу жаратылуу чыгармасы экенине күбө болобуз.
Тилдеги кемчиликсиз уюштуруу
Бир кулинардык китепти барактап көрүңүз, ичинде миңдеген рецепттерди көрөсүз. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча, дүйнөдө 20 000дей жегенге боло турган өсүмдүктөрдүн түрү бар.118 Чындыгында коюу жана суюк тамактардын түрлөрү абдан көп. Бирок ошончо көп түрү болгонуна карабастан, даамдарды бири-биринен айырмалоо биз үчүн абдан оңой. Мисалы, көздөрүбүз жумулуу болсо да, кайнатылган тоок эти менен куурулган тоок этинин ортосундагы айырманы ошол замат байкайбыз. Тоок этинен жасалган ондогон түрдүү тамакты эч кыйынчылыксыз айырмалай алабыз. Бул жөндөмүбүздүн сыры даам сезүү органыбыз болгон тилибиздеги уюштурууда жашырылган.
Тилди татаал химиялык анализдерди жасаган бир лабораторияга салыштырсак болот. Анткени жеген же ичкен азыктарыбыздын баары көптөгөн ар түрдүү даам молекулаларынан турат. Кандайдыр бир табактагы тамак-ашта жүздөгөн же миңдеген химиялык зат болот.119 Даам сезүү адиси Дэвид Шаппинин ою боюнча, даам менен жытты пайда кылган химиялык заттардын саны бананда 225, кулпунайда 350.120 Балким сиз алгачкы жолу уккан бул маалыматтын мааниси айкын: тил деп аталган кереметтүү лаборатория химиялык түзүлүштөрү ар түрдүү болгон сансыз молекуланы катасыз тактык менен талдайт. Ушунчалык «жөндөмдүү» тилибиздин түзүлүшү кандай болду экен?
Тилибизде көптөгөн нерв талчалары бар. Бул касиетинен улам ал ар кайсы багытта эркин кыймылдай алат. Тилибиз манжаларыбыздан төрт эсе кыймылдуураак.121 Сүйлөгөндө, тамактарды чайнаганда жана жутканда тилибиз маанилүү кызматтарды аткарат. Оозго салынган тамактар шилекей бездеринен чыккан шилекей менен нымдалып жумшартылат, андан соң кекиртекти көздөй түртүлөт. Мына ушул учурда тилибиздеги даам сезүү клеткалары да кызмат кылат. Алардын аткарган кызматын түшүнүү үчүн алгач тилдин ичиндеги система менен таанышышыбыз керек.
Даам сезүү клеткалары даам сезүү боюнча адистешкен клеткалар; тилде жана ооздун белгилүү аймактарында гана болот. Тилдеги даам сезүү клеткалары «даам сезүү бүчүрлөрү» деп аталган пияз сымал түзүлүштө топ топ болуп жайгашышат. Даам бүчүрлөрү майда бүртүкчөлөрдүн ичинде болот. Бүртүкчөлөр тилди одуракай көрсөткөн кичинекей дөмпөкчөлөр; тилдин үстүңкү бетинде жана капталында жайгашкан. Бүртүкчөлөрдүн төрт түрү бар жана алар тилдин ар кайсы аймактарында орун алган. Алардын арасынан эң белгилүүлөрү тилдин алдыңкы бөлүгүндө жайгашкан козу карын сымал бүртүкчөлөр болуп саналат; алар өзгөчө сүт ичкенден кийин жакшыраак байкалат. Башкаларга салыштырмалуу чоңураак жана саны азыраак болгону чөйчөк сымал бүртүкчөлөр; алар тилдин арт жагында тескери V тамгасы формасында тизилген. Жалбырак сымал бүртүкчөлөр болсо тилдин арткы капталында. Козу карын сымал, чөйчөк сымал жана жалбырак сымал бүртүкчөлөр даам бүчүрлөрүн камтышат. Ичинде даам бүчүрлөрү жок жана саны эң көп болгону – бул жип сымал бүртүкчөлөр; алар дээрлик тилдин бүт тарабын каптайт. Жип сымал бүртүкчөлөр тийүү сезимине байланыштуу кызмат кылат.
Алдыңкы микроскоп менен изилдегенде, тилде эң биринчи эле сөз болуп жаткан ушул түзүлүштү көрөбүз. Эң кичинесинен эң чоңун көздөй тизсек алар төмөнкүдөй жайгашат: даам сезүү клеткасы, даам сезүү бүчүрлөрү жана бүртүкчөлөр. Тилде жалпысынан 10 миңдей даам бүчүрлөрү бар.122 Чөйчөк сымал бүртүкчөлөр жалпысынан 700-3000, жалбырак сымал бүртүкчөлөр жалпысынан 320-2950дөй даам бүчүрлөрүн камтышат. Бир козу карын сымал бүртүкчөдө болсо 3төн 10го чейин даам бүчүрлөрү жайгашат.123 Ар бир даам бүчүрүндө 50дөн 100гө чейин даам сезүү клеткалары болот.124 Бул сандар жаратылуудагы тең салмактуулукту көрсөтүшү жагынан маанилүү. Анткени даам сезүү клеткалары менен даам бүчүрлөрүнүн саны нормадан төмөн болгондо, даам сезүү жөндөмү начарлайт, ал тургай, жоголот; ал эми нормадан жогору болгондо, көнүмүш даамдар ашыкча таттуу же ачуу сезилет. Көрүнүп тургандай, клеткалардын баарынын саны дал керектүү өлчөмдө. Антпесе, жеп-ичүү кыйынчылык жана азап берип, адамга түйшүк жаратмак.
Белгилүү болгондой, бир электрондук шайман канчалык кичинекей болсо, ошончолук ийгиликтүү долбоор катары кабыл алынат. Инженерлер ошондуктан белгилүү көлөмдү эң натыйжалуу колдонгонго аракет кылышат. Даам сезүү клеткаларынын бүчүрлөрдөгү жайгашуусун караганыбызда, ошол замат бул принциптин үлгүсүн байкайбыз. Сүрөттөн көрүнүп тургандай, 100гө жакын даам сезүү клеткасы даам бүчүрүндө идеалдуу жайгашкан. Ошондой эле, даам бүчүрүндө даам сезүү клеткалары өндүрүлө турган базалдык клеткалар менен секреция клеткалары да орун алган. Бүртүкчөлөрдөгү түзүлүштү караганыбызда да ушул сыяктуу абалды көрөбүз. Бүртүкчөнүн бурчтарына тизилген даам сезүү клеткалары менен даам молекулалары бүртүкчөнүн айланасындагы жаракада байланыш түзүшөт. Бул түзүлүштөн улам кичинекей аймакта мүмкүн болушунча максималдуу байланыш түзүү аянты келип чыгат.
Даам сезүү системабыздагы клеткалардын дал керектүү санда жана эң идеалдуу формада болушу өтө теңдешсиз жаратылуу далилин көз алдыга тартуулайт. Дагы бир керемет – бул алардын дал керектүү жерде жайгашышы.125 Даам сезүү системасындагы көптөгөн өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү эле башкача болгондо, мисалы даам сезүү клеткалары тилдин үстүндө жана капталдарында эмес, астында болгондо кандай болмок? Мунун жообу анык: даам сезүү абдан начарлап, адам кыйын абалда калмак. Даам сезүү клеткаларындагы ар бир өзгөчөлүктүн өз ордунда болушу акылдуу адамдарга бир нерсени эскертет: Аллахтын бүт нерсени кемчиликсиз тартип менен, эң мыкты кылып жараткандыгын.
Бир уюштуруучу болбосо бир уюштуруунун, бир жөнгө салуучу болбосо бир тартиптин пайда болбой турганын ар бир адам кабыл алат. Айланаңызга көз жүгүртүп көрүңүз, көргөн нерселериңиздин баары долбоорлонуп жасалган: стол, отургуч, чырак, парда, терезенин айнеги, телевизор, компьютер... Булардан эсе эсе татаал болгон даам сезүү системасы да улуу жаратуунун натыйжасы. Ал улуу жаратуу ааламдардын Рабби Аллахка таандык.
Негизги даамдар
Бүгүнкү күндө илим дүйнөсүндө беш негизги даам бар деген көз караш басымдуулук кылат: таттуу, туздуу, ачуу, кычкыл жана умами.126 Булардын биринчи төртөөсү баарыбыз тааныган, билген даамдар; ал эми умами кээ бир окурмандар биринчи жолу уккан түшүнүк болушу мүмкүн. Умами белоктордун түзүлүшүндөгү 20 түрдүү аминокислотанын бири болгон глутаматтан келип чыккан бир даам. (Глутамат этте, балыкта жана буурчак түркүмүнө кирген өсүмдүктөрдө болот. Ошондой эле, даяр тамактарда даамды күчөтүүчү катары колдонулган натрий глутамат да ушундай даамды берет.)
![]() |
| 1- Ачуу; 2- Кычкыл; 3- Туздуу; 4- Таттуу. |
Изилдөөлөрдөн аныкталган дагы бир маалымат – бул «даам картасынын» туура эмес экендиги.128 Даам картасына ылайык, таттуу тилдин учу, туздуу тилдин четтери, кычкыл даам тилдин капталдары, ачуу даам болсо тилдин арт жагы тарабынан сезилет деп эсептелчү. Бул картанын 19-кылымда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн туура эмес чечмеленишинен келип чыккандыгы аныкталды. Анткени акыркы илимий изилдөөлөр даам клеткаларынын бир эмес, бир нече стимулга жооп берээрин көрсөттү.129 Тагыраак айтканда, ар бир даам клеткасында мурда ойлогондон алда канча татаал байланыш системаларынын бар экени аныкталды. Ар бир даам клеткасы мурда ойлогондой бир стимул менен эле эмес, бир нече стимул менен байланыш түзөт. Сезүүчү клеткалардагы байланыш ыкмалары клеткалардын бир Жаратуучунун чыгармасы экенин апачык айгинелеген далилдердин бири.
Татаал байланыш системалары
Профессор Джозеф Брэнд даам сезүү тууралуу жүргүзгөн изилдөөлөрү менен таанымал окумуштуу. Брэнддин айтуусу боюнча, тилибиздин үстүнө коюлган бир нерсенин даамын болгону 0,2-0,5 секундада сезебиз.130 Көзүбүздү жумуп ачышыбыздан да кыска убакытта кандай процесстер жүрөөрү кылымдардан бери изилденүүдө. Бүгүнкү күндө даам сезүү процессинин негизги баскычтарын билебиз.131
Даам сезүү жеген тамак-аштарыбызга таандык даам кошулмаларынын шилекейде ээришинен башталат. Туздуу азыктардын даамынын батыраак сезилишинин себеби, туз шилекейде башкаларга салыштырмалуу батыраак ээрийт. Ал тургай, кээде тамак-аштардын жыты келээри менен шилекей бездери шилекей бөлүп чыгара баштайт жана тил даам сезүүгө даяр болот. Даам сезүүнүн бардык баскычтары сыяктуу бул баскычтын да мааниси чоң. Ойлоп көрүңүз, эгер шилекей бөлүнүп чыкпаганда, кургак азыктардын даамын сезе алмак эмеспиз. (Бул суюктук тамак сиңирүү жана иммундук системаларга жардам берген белоктор менен ферменттерди камтыйт. Шилекей суюктугунун өзгөчөлүктөрү жана аткарган кызматтары тууралуу изилдөөлөр уланууда. Изилдөөлөр адатта көп маани берилбеген бул суюктуктун өтө татаал экенин көрсөтүүдө.)
Тамактан келген даам молекулалары менен тилдеги даам сезүү клеткаларынын ортосундагы байланыш клеткалардын үстү жагында жайгашкан микро түктөр деп аталган түкчөгө окшогон түзүлүштөр аркылуу ишке ашат. Микро түктөр (даам түкчөлөрү) даам тешикчелери деп аталган кичинекей тешиктер аркылуу тилди каптаган былжыр челге чыгат. Даам клеткаларынын рецепторлору даам түкчөлөрүнүн үстүндө жайгашат. Көңүл буруңуз, даам тешикчесинин диаметри орточо миллиметрдин миңден төртүнө барабар.132
Даам кошулмалары ошол эле учурда кабарчы молекулалар болуп саналат, алардын милдети даам сезүү клеткасынын кабыкчасындагы рецепторлорго же ион каналдарына кабарды жеткирүү. Бул баскычта клеткалык жана молекулярдык деңгээлде болуп өткөн процесстер, Майами университетинин профессору Стивен Ропер айткандай, азырынча изилденип бүтө элек.133 Көптөгөн ар кандай даам кошулмалары үчүн ар кандай байланыш жолдору бар. Башкача айтканда, таттуу, кычкыл, ачуу, туздуу сыяктуу ар түрдүү даамдар үчүн ар түрдүү байланыш тармактары түзүлөт. Тагыраак айтканда, даам клеткаларында бир нече байланыш ыкмалары бар жана учурда алардын бир бөлүгү тууралуу үстүртөн гана маалымат бар. Дагы бир таң калыштуу өзгөчөлүгү даам сезүү механизмдери түрлөр боюнча олуттуу айырмаланат.134 Булардын баары ой жүгүртө турган окуялар. Албетте, акылы жана аң-сезими жок молекулалар менен клеткалар бири-бири менен байланышуу үчүн ар түрдүү ыкмаларды ойлоп таба алышпайт, алардагы байланыш системалары аларды жараткан Раббибиздин чексиз акылынын жана илиминин көрсөткүчтөрү.
Туздуу жана кычкыл даамдарга таандык даам молекулалары түздөн-түз даам сезүү клеткасынын кабыкчасындагы ион каналдары менен байланыш түзүшөт. Таттуу, ачуу жана умами даам молекулалары болсо клетканын кабыкчасындагы рецепторлорго туташат. Белгилүү илимпоздор Дэвид Смит (Мэриленд университетинин Медицина мектебинен) жана Роберт Марголски (Маунт-Синай медицина мектебинен) молекула менен рецептордун ортосундагы байланышты жыттагы сыяктуу кулпу менен ачкычка салыштырышат.135 Башкача айтканда, ар бир кулпуну белгилүү бир ачкыч ачкан сыяктуу, ар бир рецепторду стимулдаган белгилүү бир молекула бар. Туурасы миллиметрдин жүз миңден бириндей болгон, май менен белоктордон турган клетка мембранасынын бетинде клеткага кирген-чыккандарды көзөмөлдөөчү каналдар жана байланыш станциясы сыяктуу иштеген рецепторлор бар. Алардын миллиондогон түрдүү даам молекуласын дайыма эч катасыз таанышы жана керектүү процесстерди кемчиликсиз жасашы адамды таң калтырган кереметтер.
Бул жерде бир жагдайды белгилей кетүү керек. Жыт сезүүдө рецепторлордун миңге жакын түрү бар деп айткан элек. Даам сезүүдө рецепторлордун канча түрү бар экени болсо дагы эле белгисиз. 2000-жылы кээ бир илимпоздор алгачкы жолу «T2R/TRB» рецепторлорун аныкташты.136 Профессор Линда Бактын айтымында, бул ачылыш даам сезүүгө байланыштуу балким көпкө созула турган бир изилдөөнүн башталышы гана.137 Окумуштуу профессор Чарльз Зукерда изилдөө жүргүзбөй туруп, даам рецепторунун канча түрү бар экенин божомолдоо мүмкүн эмес дейт.138 Бул чындыктар мындай мааниге келет: 21-кылымдын технологиясы да даам клеткаларынын рецепторлорундагы түзүлүштөрдүн кичинекей бир бөлүгүн гана чечмелей алды. Бул сөз болуп жаткан түзүлүштөрдүн улуу Жаратуучунун чыгармасы экенин дагы бир жолу көрсөттү.
Рецепторлор стимулданганда даам клеткасынын ичинде бир катар татаал процесстер башталат. Бул баскычтарда көптөгөн белок жана ферменттер өз милдетин кемчиликсиз аткарат. Мисалы, кант же жасалма таттуу заттын молекуласы рецепторго туташканда, «густдуцин» аттуу белок комплекси ишке кирет. Ал белок комплексинен ажыраган бөлүкчөлөр бир атайын ферментти стимулдайт. Ал фермент клетканын ичиндеги кээ бир белокторду «экинчи кабарчыларга» айлантат.
Ал кабарчылар клетканын мембранасындагы калий каналдарына жабуу буйругун жеткиришет. Ошол эле учурда натрий жана кальций каналдары ачылат, оң заряддуу иондор клетканын ичине кире башташат. Ошентип клетка баштапкы терс заряддуу абалдан чыгып, нейтралдуу абалга өтөт. Ошондой эле, клетка азырынча толук белгисиз болгон кээ бир татаал процесстердин натыйжасында «нейротрансмиттер» деп аталган химиялык кабарчыларды бөлүп чыгара баштайт. Ал химиялык кабарчылар жакын жердеги нейрондорго билдирүү жеткиришет. Кайсы нейротрансмиттерлердин даам клеткасы менен нейрондун ортосунда кабар жеткирээри азырынча так белгисиз. Бирок божомолдор боюнча, серотонин, GABA, ацетилхолин жана адреналин сыяктуу химиялык кабарчылар даам сезүү системасында кызмат кылышат.139
Графикте ар кайсы сигналдарга жараша даам клеткаларында ишке ашкан процесстер сүрөттөлгөн. Аларды карап жатканда, төмөнкү эки нерсени эстен чыгарбоо керек. Биринчиден, ар кайсы сигналдарга жараша даам клеткаларында келип чыккан өзгөрүүлөр ар башка клетка чиймелери менен көрсөтүлгөн, мындагы максат окурмандын оңой түшүнүшүнө көмөкчү болуу. Чындыгында даам клеткалары, жогоруда айтылгандай, бир эле эмес, бир нече стимул менен өз ара аракеттенет. Дагы бир жагдай, бул жерде даам клеткасындагы байланыштар үстүртөн гана көрсөтүлгөн.
Белгилүү болгондой, инженерлер механикалык же электрондук аппараттардын иштөө системаларын техникалык чиймелер менен майда-чүйдөсүнө чейин көрсөтүшөт. Ал чиймелер аппараттын инженерлер, техниктер же адистер тарабынан иштелип чыккандыгынын апачык далили. Акыл-эси жайында болгон эч ким техникалык чиймеде сүрөттөлгөн аппаратты өзүнөн-өзү же кокусунан пайда болгон деп ойлобойт. Эми графиктеги даам клеткаларынын байланыш механизмдерин караңыз. Аларды плансыз, долбоорсуз эле пайда болгон деп ойлойсузбу? Албетте, жок! Анткени акыл-эстүү жана логикалуу эч бир адамдын мындай жыйынтыкка келүүсү мүмкүн эмес.
Эволюция теориясы ушундай акылга сыйбаган көз карашты жактайт. Даам клеткаларынын татаал байланыш ыкмаларынын кокусунан пайда болбой тургандыгы айдан ачык. Бул системанын ар бир баскычы секундадан да кыска убакытта ишке ашкан, өтө так жана кылдат эсептөөлөрдү жана тартиптерди камтыйт. Бул баскычтардын бирөөсү эле Жаратуучу Аллахтын бар экенин көрүү үчүн жетиштүү. Эволюционисттердин апачык далилдерди көрүп туруп четке кагышын алардын акылга жана логикага сыйбаган көз караштардан арыла албагандыгы менен гана түшүндүрүүгө болот.
Мээдеги даам сезүү сезими
Денеңиздеги нервдер өнүккөн өлкөнүн почта системасынан алда канча кемчиликсиз иштейт. Сиз төрөлгөндөн бери күн сайын, ал тургай, көз ирмем сайын эбегейсиз көлөмдөгү маалыматты укмуш ийгиликтүүлүк менен эң туура даректерге жеткирип келишет, эч бир маалыматты жоготуп алышпайт. Мээңизде болжол менен жүз миллиард нерв клеткасы бар.140 Сиз бир нерселерди жегениңизде же ичкениңизде үч даам нервиңиз даам клеткаларыңыздан алган билдирүүлөрдү жүз миллиард даректин тиешелүүлөрүнө жеткиришет. Жана муну өмүр бою эч кемчиликсиз орундатышат.
Эң башта белгилей кетели, даам нервдеринин диаметри 0,004 миллиметрден кичирээк.141 Даам билдирүүлөрү мээге тилдин алдындагы үчтөн эки бөлүгүнөн «chorda tympani» нерви аркылуу, арттагы үчтөн бир бөлүгүнөн болсо «glossopharyngeal» нерви аркылуу жиберилет. «Vagus» нерви болсо ооздун арт жактарынан келген даам сигналдарын мээге жиберет.142 Ушул үч нерв он миңдеген даам клеткасынан келген маалыматтарды мээ сөңгөгү деп аталган аймакка жеткиришет. Даам тууралуу маалыматтар ал жерден мээнин кабык, гипоталамус жана амигдала аймактарына барат. Бир нерсе жеп жатканда, ушул үч нерв мээнин тиешелүү аймактарына тынымсыз маалымат жеткирүү менен алек болушат. Мындан тышкары, жылуулук, тийүү, басым жана ооруга байланыштуу маалыматтарды мээге жеткирүүчү дагы бир атайын нерв («V баш мээ нерви») бар.
Ал маалыматтар анан кантип «таттуу токоч» же «даамдуу козу карын шорпосу» сыяктуу жыйынтыктарга айланат? Жеген нерселерибиздин даамдуу, даамсыз же бузулган экенин кантип түшүнөбүз? Азыктарды даамынан кантип ошол замат тааныйбыз? Тамак-аштарды майда-чүйдө өзгөчөлүктөрүнө чейин кантип талдап түшүнөбүз?
Бул суроолорго так жана толук жооп берүү үчүн жаңы изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын күтүшүбүз керек. Даам тууралуу маалыматтардын мээде кантип түшүнүктүү сезимдерге айланаары азырынча белгисиз. Тагыраак айтканда, даам сезүү системасындагы коддоо системасы жана мээнин ал коддорду чечмелөө механизми дагы деле түшүнүксүз. Азыркы учурда даамдарды айырмалоонун белгилүү бир клетка моделине байланыштуу эмес экени жана даам клеткаларынан келген маалыматтарды мээде бүтүн бойдон талдоонун негизинде даам сезиминин пайда болоору белгилүү.143
Жакынкы жылдары балким даам сезиминин иштөө механизми тууралуу көбүрөөк маалыматка ээ болушубуз мүмкүн. Бирок бул китептин колуңузда турганына канчалык ишенимде болсоңуз, төмөнкү чындыкка да дал ошондой ишенип коюңуз: ар бир жаңы илимий ачылыш даам сезүү системасындагы жаратылуу акыйкатын дагы бир жолу тастыктайт. Себеби жандууларга Өзүнүн бир сый-жакшылыгы катары жагымдуу жыттары жана теңдешсиз даамдары менен бирге сансыз өсүмдүктөрдү, мөмө-жемиштерди, жашылчаларды жаратып, алар аркылуу жандууларга ырыскы берген – ааламдардын Рабби Аллах. Бул чындык Курандын көптөгөн аяттарында кабар берилет жана адамдарга сабак алып ойлонгула деп насаат кылынат. Кээ бир аяттар төмөнкүдөй:
Ал асмандан суу түшүрөт. Аны менен бүт нерсенин өсүмдүгүн өстүрөт, андан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо тизилген дандарды чыгаруудабыз. Жана курма дарагынын бүчүрүнөн да жерге самсаалаган бутакчалар, - бири-бирине окшогон жана окшобогон – жүзүмдөрдөн, зайтундан жана анардан бакчалар (өстүрүүдөбүз). Мөмөсүнө, түшүм бергенде жана жетилгенде бир карап көргүлө. Эч күмөнсүз, ыйман келтире турган бир коом үчүн мында чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Энъам Сүрөсү, 99)
Эй адамдар, Аллахтын силерге болгон сый-жакшылыгын эстегиле. Асмандан жана жерден силерге ырыскы берүүчү Аллахтан башка бир жаратуучу барбы? Андан башка кудай жок. Андай болсо, кантип бурулуп кетесиңер? (Фатыр Сүрөсү, 3)
Даам сезүү клеткаларындагы жумушту өткөрүп берүү
Белгилүү болгондой, ар бир шаймандын белгилүү бир кызмат мөөнөтү бар. Шайман канчалык татаал жана оор шарттарда иштесе, колдонуу мөөнөтү ошончолук кыска болот. Ушундай эле абал тилдеги даам сезүү клеткаларына да тиешелүү. Даам сезүү клеткалары күн сайын дененин температурасынан бир топ жогору же төмөн болгон тамак-аштар жана кислоталуу азыктар менен байланышта болушат, бул жагынан алар оор жана татаал шартта иштеген шаймандарга окшошот. Мисалы, ыпысык чай, муз кошулган мөмө ширеси, ачуу кофе же кычкыл грейпфрут ширеси аларды белгилүү бир деңгээлде эскиртет. Албетте, мындай шартта даам сезүү клеткалары убакыттын өтүшү менен кабылдоо жөндөмдөрүн жоготуп, даам сезүү сезими жоголот деген күтүү келип чыгат. Бирок андай болбойт. Анда кантип даам сезими сезгичтигин жоготпойт?
Чындыгында бул акыйкат тууралуу терең ой жүгүртүү керек. Айланаңызга көз жүгүртүңүз, айланаңыздагы жогорку технологиялуу шаймандардан өзүн-өзү жаңылай алгандары барбы? Албетте, жок! Бул чындыкты эске алганда, даам сезүү системасынын канчалык кереметтүү жаратылганын жакшыраак түшүнөбүз. Ошондой эле, бул чындык бизди жараткан Раббибиздин чексиз жоомарттыгын жана берешендигин дагы бир жолу эстешибизге себепчи болот. Бирок адамдардын көпчүлүгү бул чындыкты билсе да, көрмөксөн болуп жакшылыкты түшүнүшпөйт жана шүгүр кылышпайт. Өздөрүнүн денелериндеги бири-биринен кереметтүү жаратылуу далилдерине ар дайым күбө болушса да, кайдыгерлик менен жүз бурушат. Мындай адамдардын абалы Немл сүрөсүндө төмөнкүчө кабар берилет:
Чындыгында сенин Раббиң адамдарга көп берешендик (жакшылык) кылуучу, бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. (Немл Сүрөсү, 73)
Эволюционисттердин абалы
Эволюция теориясын жактаган окумуштуулардын жана авторлордун жалпы өзгөчөлүгү бар жана анын издерин алардын сөздөрүнөн, макалаларынан жана китептеринен оңой эле байкоого болот. Алар эволюция теориясын эч нерсеге карабай жакташат. Колдорунда бул теорияны тастыктай турган эч кандай далил болбосо да, ойлорунан кайтышпайт. Каталарын моюнга алуунун ордуна, ансайын өжөрлөнүп, көз бойомочулуктарды ойлоп табууну улантышат.
Сөз болуп жаткан даам сезимин алалы. Эволюционист изилдөөчүлөр даам сезими калориясы жогору жана уулуу азыктарды аныктоо үчүн эволюцияланган дешет.146 Алардын ою боюнча, жашаш үчүн тамак жегенге мажбур болгон алгачкы жандыктар айланасындагы булактардан пайдалануу үчүн ар нерсе кылып көрүшкөн жана уулуу азыктарды пайдалуулардан айырмалаганга чейин аракеттерин улантышкан. Ошол аракеттеринен улам аягында тилдери аларды бири-биринен айырмалай турган касиетке ээ болуп, даамдарды сезе баштаган. Убакыттын өтүшү менен муктаждыктарды айырмалай алган тил даамдарды да ажырата баштаган жана даам сезими муктаждыктардан тышкары жагымдуу даамдардын да булагына айланган.
Чындыгында бул көз караштын эч нерсени түшүндүрө албай тургандыгы анык. Даам сезимибиздин азыктарды бири-биринен айырмалоо кызматын аткараары ансыз да баарыбызга белгилүү. Муну «эволюция процесси» менен байланыштыруу эч кандай илимий негизи жок, бүтүндөй туура эмес пикир. Ошондой эле, кантип келип чыккан болсо да, эволюционисттер бул системанын кантип «эволюцияланганын» түшүндүрүүгө милдеттүү. Чыныгы жооп бере турган суроо мына ушул. Бул ойдон чыгарылган сценарийде уулуу заттарды айырмалаганга чейин түрдүн кантип тукумун улаганы белгисиз. Алынган тажрыйбалардын же келип чыккан «өзгөрүүлөрдүн» кийинки урпактарга кантип өткөрүлгөнү түшүнүксүз. Тилдин өзгөчөлүктөрүнүн, сезүү системаларынын жана тилдеги механизмдердин кантип пайда болгонун сурап да кереги жок. Себеби булардын эволюциясы тууралуу түшүндүрмөлөрдү бир дагы булактан таппайсыз.
Жогорудагы икая ушунчалык татаал механизмди түшүндүрүү үчүн дарвинисттердин кандай ыкманы колдоноорун көрсөтүшү жагынан маанилүү. Эволюционисттер көбүнчө эки тактиканын бирөөсүн колдонушат. Кээ бирлери мындай темага эч кирбегенге аракет кылса, кээ бирлери жогорудагы сөздөргө окшогон калып болуп калган түшүндүрмөлөрдү колдонуп, аларды илимий ачылыштардын арасына кошууга аракеттенишет. «Сезимдердин табигый тарыхы» аттуу китептин автору Диана Акермандын даам сезимибиз үчүн океандарга карыздарбыз деген сөздөрү мунун бир мисалы.147 Кошумча эч кандай илимий түшүндүрмөсү жок бул пикирдин эптеп жооп табуу айласы экендиги анык. Эволюционисттер жооп таппай калганда эле «алгачкы дүйнөдөгү океандар» тууралуу жомокко куткаруучудай көрүп жабышышат. Негизи бул автор да жазгандарына далил келтире албай кыйналган. Ошондуктан бул тууралуу кыялын мындай деп жазган:
Бир чоочун цивилизация биз менен байланыш курса, бизге бере ала турган эң чоң белеги видео тасмалардын жыйнагы болмок: түрлөрүбүздүн эволюциясынын ар бир баскычындагы тасмалары.148
Диана Акермандын мындай үмүтүнүн жөнү бар. Чындыгында эволюционисттер ушул күнгө чейин бир эле көз карашын тастыктай турган да илимий далилди табышкан жок. Жана табышы да, албетте, мүмкүн эмес.
Ошондуктан дарвинисттер жыт сезүү системасында кабылган кыйынчылыктарга даам сезүү системасында да туш болушат. Анткени учурдагы технология, мүмкүнчүлүктөр жана илимдин деңгээли менен толук чечмелене албаган даам сезимин «кокустуктар» менен түшүндүрүү болгону мындай пикирди айткан кишини уят кылат. Даам сезүү системасы мээдеги даамды коддоо механизминен баштап рецепторлордун түрлөрүнө чейин ушунчалык кемчиликсиз жана татаал болгондуктан, ар бир бөлүгүнүн атайын долбоор менен жаратылганы анык. Ошондой эле, даам сезүү системасынын идеалдуу түзүлүшү, кемчиликсиз жана катасыз иштөө ыкмасы да апачык көрүнүп турат. Бул чындыктарды эске алганда, бул системанын ичинде көзөмөлсүз жана башкаруусуз эч кандай кийлигишүү боло албай турганын оңой эле түшүнөбүз. Эч бир туш келди окуя аң-сезимсиз молекулаларга жегендерин жана жыттагандарын «сезүү» жөндөмүн бере албайт. Эч бир кокустук бири-биринен кабарсыз молекулаларды бири-бирине кемчиликсиз шайкеш келген геометриялык түзүлүшкө келтирип жарата албайт. Алардын шайкештигин «торт» же «апельсин» сыяктуу кандайдыр бир мааниге айландыра албайт. Эч бир кокустук тилге келген аң-сезимсиз молекулалардын «маалыматын» түздөн-түз мээге жеткирүү керек экенин биле албайт. Кокустуктар, кайрадан эске салсак, мааниси бар бир макаланын ар кайсы жерлерине туш келди жайгаштырылган сөздөр сыяктуу, курулган бир системада туш келди келип чыккан окуялар болуп саналат. Ал туш келди жайгаштырылган сөздөр, албетте, мааниси бар макаланын маанисин жакшыртпайт же ага жаңы маани кошпойт. Тескерисинче, маанинин бүтүндүгүн бузуучу таасир тийгизет. Эволюционисттердин кокустук көз карашы дал ушуга окшош. Жана негизи өздөрү да бул чындыкты билишет.
Мындан тышкары, мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, даам сезүүдө жыт сезүү да маанилүү кызмат аткарат. Бир сөз менен айтканда, жыт менен даам сезүү системалары бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Ошондуктан жыт сезүү сезими болбосо даам сезиминин мааниси болбойт. Бул дагы, албетте, эволюционисттерди тынчсыздантат. Мурдакы бөлүмдөрдө айтылган «кемитилгис комплекстүүлүк» өзгөчөлүгүнө ээ түзүлүштөр, тагыраак айтканда, бири-биринен көз каранды системалар көп баскычтуу эволюция процессинин мүмкүн эместигин көрсөтүүдө. Даам сезүүнүн жыт сезими менен бирге өз кызматын аткара алаары, эволюция теориясы боюнча, алардын бири-биринен көз карандысыз эволюциялануусуна бөгөт койот. Эволюция теориясы боюнча, ар бир органдын, ал тургай, ал органдардын ар бир өзгөчөлүгүнүн миллиондогон жылдарга созулган өнүгүү ырааттуулугу болушу шарт. Андай болсо даам сезими жыт сезүү сезими өрчүгөнгө чейин иштебей күтүп турушу керек, муну болсо кайра эле эволюция теориясынын өзүнүн механизмдери четке кагат. Эволюция боюнча, бир орган же түзүлүш кызмат аткарбаса күтүп тура албайт, ал атрофияга учурап жок болот.
Булардын баары мындай мааниге келет: эволюционисттер абдан татаал даам сезүү системасынын кантип эволюцияланганын түшүндүрө албай жатканда, ага кошумча анын жыт сезими менен кызматташып эволюцияланганын түшүндүрүү деген чоң маселеге туш болушууда. Химиялык заттарды аныктоо үчүн эмне себептен даам жана жыт сезимдери сыяктуу эки башка система эволюцияланган деген суроого болсо эч жооп бере алышпайт.
Ошондуктан абийири жана аң-сезими ачык ар бир адам төмөнкү чындыкты оңой эле түшүнөт. Мээ, тил, даам нервдери, бүртүкчөлөр, даам бүчүрлөрү, даам сезүү клеткалары, даам рецепторлору жана көптөгөн түрдүү белоктор менен ферменттердин бири-бирине толук шайкеш келип биригишинин бир гана түшүндүрмөсү бар: даам сезүү сезимин жаратып, бизге кызмат кылдырган ааламдардын Рабби Аллах. Аллахтын кемчиликсиз жаратуусун көрмөксөн болуп, туура эмес жолго түшкөндөрдүн абалы Куранда төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Аллах силерге өзүңөрдөн жубайларды жаратты жана силерге жубайларыңардан балдарды, неберелерди жаратты жана силерге таза нерселерден ырыскы берди. Эми алар жалгандарга ишенип, Аллахтын жакшылыктарына шүгүрсүздүк кылышабы? Алар, Аллахтан башка, өздөрүнө асмандардан жана жерден бир да ырыскы бере албаган, эч нерсеге кожоюндук кылбаган жана колунан эч нерсе келбеген нерселерге сыйынып жатышабы? Аллахка окшошторду издөөгө аракет кылбагыла, анткени Аллах билет, силер болсо билбейсиңер. (Нахл Сүрөсү, 72-74)
Электрондук тил
Тилибиздеги көз жоосун алган түзүлүштөр кээ бир илимпоздорго илхам булагы болду. Учурда адамдын тилинин функцияларын туураган жана электрондук тил деп аталган шаймандар иштелип чыгуу баскычында. Мындай шаймандар бузулган азыктарды жаңыларынан айырмалоо жана тамак-аштарда бактериялардан келип чыккан чирүүлөрдү аныктоо сыяктуу максатта иштелип чыгууда. Электрондук тил 100гө жакын кичинекей тешиктери бар электрондук схема. Ал тешиктердин ар бири жасалма даам бүчүрүнө окшоштурулуп долбоорлонгон. Схеманын үстүнө кандайдыр бир суюктук тамчылатылганда, тешиктер аны губка сымал сиңирет. Андан соң, жасалма даам бүчүрлөрү суюктуктун химиялык курамына жараша түсүн өзгөртүп, жыйынтыктар бир экрандан көрүнөт. Мисалы, кызгылт түс тест кылынган суюктуктун таттуу, ачык сары болсо бир аз кычкыл экенин көрсөтөт.
Эми тилдин бул эки моделин салыштыралы. Электрондук тилди иштеп чыккан изилдөөчүлөрдүн бири Эрик Анслиндин айтуусу боюнча, алардын долбоору даамдын жүзгө жакын түрүн аныктайт.149 Көп жылдар бою илимпоздор менен инженерлердин чоң каражатты талап кылган изилдөө долбоорлорунун үстүндө иштешинен алынган жыйынтык ушундай. Адамдын тилине салыштырганда, жасалма тилдин даам сезүү жөндөмүнүн жана сапатынын бир топ начар экендиги анык. Ошондой эле, адамдын даам сезими адамзат жаралгандан бери кемчиликсиз иштеп келе жатат.
Албетте, ортодогу айырма айкын көрүнүп турат. Электрондук тил долбоордун, пландын жана инженериянын жыйынтыгы. Ал шаймандын тетиктеринин баарын бир столдун үстүнө тизип, миллиондогон, ал тургай, миллиарддаган жыл күтсөк да, кокусунан электрондук тил пайда болбойт. Аларды деңизге, вулкандардын жээгине же космоско таштаса да, баары бир натыйжа өзгөрбөйт, тетиктер жараксыз абалга келип, талкаланат. Бул электрондук тилден өтө эле жогоруда турган адамдын тили менен даам сезүү системасынын кокустуктардын тизмегинен пайда болбой турганын түшүнүү үчүн жакшы мисал. Адамдагы теңдешсиз түзүлүштү жаратылуу аркылуу эмес, башка жол менен түшүндүрүүгө аракет кылуудан эч майнап чыкпайт. Ар бир эволюционист бул чындыктарды же болбосо эволюция теориясына догматикалык ишенээрин кабыл алышы керек.
Даамдар жана даам сезими ойго салган нерселер
Энеңиздин курсагында эмбрион кезиңизде даамдар менен таанышып баштагансыз, анан төрөлөөр замат даам сезүү органыңыз иштей баштаган.150 Биринчи таткан даамыңыз сизге керектүү азыктардын баарын камтыган энеңиздин сүтү болгон. Денеңиздеги системанын урматында чоңоюшуңуз үчүн керектүү азыктарды жедиңиз, сизге зыян тийгизе турган нерселерди болсо жебедиңиз. Бала кезиңиздеги даам сезүүңүздүн бойго жеткен кезиңизге караганда күчтүүрөөк болушу сиз үчүн маанилүү коопсуздук механизми болду. (Жаш балдарда даам клеткаларынын саны бойго жеткендерге караганда көбүрөөк болот.) Жаш балдарда даам клеткалары тилден сырткары, жогорку таңдайда, жаакта жана тамакта да болот.151 Кыскасы, көпчүлүк заттарды тааныбаган жана зыяндуу заттарды пайдалуулардан айырмалай албаган кезиңизде даам сезүү органыңыз чоң жардам берди.
Өспүрүм курагыңызда да даам сезүү системаңыз ар дайым сизге кызмат кылды. Бир саамга да ишин үзгүлтүккө учураткан жок, тыным албастан, эс албастан сиз үчүн жеген-ичкендериңиздин баарын жаңылбастан талдады. Ачууга карата сезгичтигиңизден улам уулуу же зыяндуу болушу ыктымалдуу заттарды оозуңузга салаар замат түшүндүңүз. (Даамдардын арасынан ачуу даамынын «сезүү босогосу» эң төмөн.152 Даам клеткалары таттууну 200дөн, туздууну 400дөн, кычкылды 130 миңден, ачууну болсо 2 миллиондон бирде сезе алышат.153) Мындан улам өмүргө зыяндуу дозаны жута электе уулуу затты оозуңуздан чыгарып салдыңыз болуш керек. Даам сезүү системаңыз болбосо, кандай болот эле элестетип көрүңүз. Өмүрүңүздү улантышыңыз үчүн химия лабораториясында жашашыңыз жана көчмө анализ шаймандарын алып жүрүшүңүз керек болмок. Мисалы, шкафыңыздагы майда ак бөлүкчөлөрдөн турган банкадагы заттын тузбу, кантпы, кир жуугуч каражатпы же уулуу химикатпы, эмне экенин билүү үчүн химиялык тесттерди жасашыңыз керек болмок. Убактыңыздын баарын күнүмдүк тамактанууда жеп-иче турган азыктарды аныктоого бөлсөңүз да, балким жетмек эмес.
Ойлоп көрүңүз, даам сезүү органыңыз болбосо, балким тамактануу оюңузга да келмек эмес. Күн сайын эки же үч жолу кыла турган бул ишиңиз кыйноого айланмак. Буга көңүл бурбай койсоңуз, тамак-аш жетишсиздигинин белгилери жана оорулар пайда болмок. Бул чындыктардын негизинде азыркы шарттарды карап көрөлү: жеген, ичкендериңизди элестетип көрүңүз. Ден-соолугуңузга керектүү азыктардын ошол эле учурда даамдуу да экенин бир заматта түшүнөсүз. Мисалы, жай айларында суусунуңузду кандырган коон, дарбыз; кыш айларында витамин муктаждыгыңызды камсыздаган апельсин, мандарин сыяктуу мөмө-жемиштердин даамынын канчалык жагымдуу экени анык. Ушул жашка чейин татып көргөн кургак жана суулуу азыктарды даамдары менен бирге эстеп көрүңүз: банан, кулпунай, шабдалы, кокон гилас, инжир, өрүк, тыт сыяктуу мөмөлөр; шпинат, сабиз, помидор, картошка жана буурчак сыяктуу жашылчалар; нокот, буурчак, жасмык сыяктуу буурчак сымалдар; пудинг, паклава, халва сыяктуу таттуулар; ар түрдүү ыкмалар менен бышырылган эт тамактар; ар түркүн сырлар, суюк тамактар, кекстер, торттор, бисквиттер, токочтор, булочкалар, мөмө ширелери, момпосуйлар, балмуздактар, кыямдар жана башка сансыз даамдар... Эгер даам сезүү системаңыз болбогондо, булардын эч биринин мааниси болмок эмес. Ошондой эле, ойлоп көрүңүз, булардын даамы биз көнгөндөй даамдуу болбошу мүмкүн эле: даамсыз, жытсыз, жагымсыз, жүрөктү айландыра турган, жийиркеничтүү же начар болушу мүмкүн эле. Ар бир даамдын атайын адамдар үчүн жаратылганы анык. Көнүмүш кайдыгерлик менен бул чындыкты көрмөксөн болуу, албетте, чоң жаңылыштык болот. Куранда Аллахтын адамдар үчүн жагымдуу жана таза азыктарды жаратканы төмөнкүчө кабар берилет:
Аллах жер бетин силер үчүн бир тегиздик, асмандарды бир там кылды; силерге келбет берди, келбетиңерди эң кооз (бир көрүнүш жана чеберчиликте) кылды жана силерге жакшы-таза нерселерден ырыскы берди. Мына силердин Раббиңер – Аллах ушул. Ааламдардын Рабби Аллах – кандай Улуу. (Момун сүрөсү, 64)
Албетте, ой жүгүрткөн жана акылын иштеткен адамдар үчүн ар бир даам Аллахты жакшыраак таанууга, Аны ыраазычылык менен эстөөгө, Аны даңктап, Ага шүгүр кылууга бир себепчи болот.
Баарыбыз билгендей, эң кооз, эң жагымдуу тамак дагы бөлмөнүн шарттарында кыска убакытта бузулуп жегенге жарабай калат. Мындай көрүнүштүн көптөгөн жаратылуу сырлары бар. Ал сырлардын бири, бул дүйнө жашоосунун убактылуу экенин, ошондой эле, акыретти унутуп бул дүйнөгө ашыкча берилүүнүн чоң жаңылыштык болоорун эске салуу. Бул дүйнөдөгү даамдардын чыныгылары түбөлүккө чейин боло турган жер – бул бейиш. Бейиштин бул өзгөчөлүгү бир аятта төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Такыба ээлерине (Аллахтан корккондорго) убада кылынган бейиштин мисалы (мындай): ичинде бузулбаган суудан дарыялар, даамы өзгөрбөгөн сүттөн дарыялар, ичкендер үчүн ырахат берүүчү шараптан дарыялар жана таза балдан дарыялар бар жана ал жерде алар үчүн мөмөлөрдүн ар түрдүүсүнөн жана Раббилеринен бир кечирим бар. (Мындай сыйланган бир адам) Оттун ичинде түбөлүк кала турган жана ичегилерин «майдалап үзүүчү» кайнак суудан ичирилген адамдардай болобу? (Мухаммед Сүрөсү, 15)
Кээ бир адамдар бар, курсагы ачканда ага тамак берген кишиге кантип ыраазычылык билдирээрин билбей кыйналат, бирок ал үчүн кереметтүү даамдарды жана даам сезүү органдарын жараткан Раббибизди толугу менен унутат. Чексиз сый-жакшылыктарды жараткан Аллахка шүгүр кылбагандардын тозоктогу азыгы Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Кайнаган суудан ичирилишет. Алар үчүн (уулуу) тикенден башка тамак жок. Тойгузуп, салмак да бербейт, ачкалыктан да сактабайт. (Гашия Сүрөсү, 5-7)
Булактар:
118- Diane Ackerman, A Natural History of the Senses, Vintage Books Edition, 1995, p. 133.
119- Harold Mc Gee, "Taking Stock of New Flavours", Nature 400, 1 July 1999, p. 17-18.
120- Ayten Görgün, "Tek başına ne tadın ne kokunun anlamı var", 2000, http://www.hurriyetim.com.tr/tatilpazar/turk/00/03/17/eklhab/08ekl.htm.
121- Selçuk Alsan, "Yemeklerin Tadı, Kokusu", Bilim ve Teknik, Şubat 1999, s. 98-99.
122- Eric Chudler, "That's Tasty", 2001, http://faculty.washington.edu/chudler/tasty.html.
123- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, Haziran 2000, http://www.els.net.
124- Stuart Firestein, "Neurobiology: The Good Taste of Genomics", Nature 404, 6 April 2000, p. 552-553.
125- Charles Zuker, "A Matter of Taste", HHMI Bulletin, Haziran 1999, vol. 12, no. 2, p. 10-13.
126- Stephen D. Roper, "Taste: Cellular Basis", Encyclopedia of Life Sciences, Mayıs 1999, http://www.els.net.
127- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, June 2000, http://www.els.net.
128- D.V. Smith, R.F. Margolskee, "Making Sense of Taste", Scientific American, March 2001, p. 33.
129- D.V. Smith, R.F. Margolskee, "Making Sense of Taste", Scientific American, March 2001, p. 33.
130- The International Food Information Council Foundation, "Experiments in Good Taste", Food Insight, Mart-Nisan 1995, http://ificinfo.health.org/insight/exper.htm.
131- Stephen D. Roper, "Taste: Cellular Basis", Encyclopedia of Life Sciences, May 1999, http://www.els.net.
132- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, June 2000, http://www.els.net.
133- Stephen D. Roper, "Taste: Cellular Basis", Encyclopedia of Life Sciences, May 1999, http://www.els.net.
134- Stephen D. Roper, "Taste: Cellular Basis", Encyclopedia of Life Sciences, May 1999, http://www.els.net.
135- D.V. Smith, R.F. Margolskee, "Making Sense of Taste", Scientific American, March 2001, p. 26-33.
136- H. Matsunami, J.P. Montmayeur, L. Buck, "A family of candidate taste receptors in human and mouse", Nature 404, 6 Nisan 2000, s. 601-604; E. Adler, M.A. Hoon, K.L. Mueller, J. Chandrashekar, N.J. Ryba, C.S. Zuker, "A novel family of mammalian taste receptors", Cell 100, 17 March 2000, p. 693-702.
137- Linda Buck, "Search for Taste Receptors Yields Sweet Success", Howard Hughes Medical Institute News, 6 Nisan 2000, http://www.hhmi.org/news/buck2.html.
138- Charles Zuker, "A Matter of Taste", HHMI Bulletin, Haziran 1999, vol. 12, no. 2, p. 10-13.
139- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, June 2000, http://www.els.net.
140- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Brain (medicine)".
141- Eric Chudler, "Brain Facts and Figures", 2001, http://faculty.washington.edu/chudler/facts.html.
142- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, June 2000, http://www.els.net.
143- D.V. Smith, R.F. Margolskee, "Making Sense of Taste", Scientific American, March 2001, p. 26-33.
144- Tim Jacob, "Taste", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/taste.html.
145- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, June 2000, http://www.els.net.
146- Charles Zuker, "A Matter of Taste", HHMI Bulletin, Haziran 1999, vol. 12, no. 2, p. 10-13.
147- Diane Ackerman, A Natural History of the Senses, Vintage Books Edition, 1995, p. 21.
148- Diane Ackerman, A Natural History of the Senses, Vintage Books Edition, 1995, p. 130.
149- Gina Smith, "High-Tech Taste Tests", ABCNews, 1999, http://more.abcnews.go.com/sections/tech/cuttingedge/gina990304.html.
150- The International Food Information Council Foundation, "Taste Matters", Food Insight, June-August 1999, http://ificinfo.health.org/insight/julaug99/tastematters.htm.
151- Milliyet Resimli Vücut ve Sağlık Ansiklopedisi İşte İnsan, Milliyet Yayınları, s. 13.
152- A.I. Spielman, J.G. Brand, W. Yan, "Chemosensory Systems", Encyclopedia of Life Sciences, June 2000, http://www.els.net.
153- Diane Ackerman, A Natural History of the Senses, Vintage Books Edition, 1995, p. 139.




























Hiç yorum yok:
Yorum Gönder