Өмүрүбүздүн дээрлик ар бир көз ирмеминде ар түрдүү жыттарды сезебиз. Ал тургай, «жыттар дүйнөсүндө» жашайбыз деп айтсак да болот. Айланабыздагы гүлдөрдөн, дарактардан, тамак-аштардан, жаныбарлардан, өнөр жай продукцияларынан, бактериялардан келип чыккан түзүлүштөрдөн, ошондой эле, башка адамдардан чыккан жыттар бизди курчап турат.
Миңдеген түрү бар жыттар дүйнөсүн караганыбызда, абдан таң калаарлык жана кызыктуу бир жагдайды байкайбыз. Табитибиз менен жыттардын ортосунда абдан маанилүү тең салмактуулук жана шайкештик бар. Кыскача айтканда, бизге пайдалуу заттардын жыттары бизге жагат, зыяндуу заттардын жыттары болсо жакпайт.
Денебизге пайдалуу азыктардын жыттары бизде жагымдуу сезимди пайда кылат жана ал заттарга карата бизде кызыгуу пайда болот. Курсагыбыз ачканда бышкан тамактын жыты бизди тамактанууга үндөйт, ошентип бир жагынан тамактан ырахат алсак, экинчи жагынан денебиздин муктаждыгын канааттандырабыз. Ал эми денебиз жеген тамактарыбызды сиңирүү менен алек болуп, жаңы тамакка муктаж эмес кезде, тамактын жыты бизге көп деле жагымдуу сезилбейт.
Биз жаман жыттар деп атаган жыттардын булагы көбүнчө биз үчүн зыяндуу заттар болуп саналат. Уулуу химиялык заттарды жагымсыз жытынан оңой эле биле алабыз. Бактериялардын иш-аракеттеринен келип чыккан жагымсыз жыттар да бизди эскертип, ал заттардан алыс болушубузга шарт түзөт. Чириген мөмө-жемиштен же бузулган тамактан айланага тараган жийиркеничтүү жыттар адамдарды коркунучтарга карата эскертет.
Жыттардагы бул өзгөчөлүктүн адамдын ден соолугу үчүн канчалык маанилүү экени айдан ачык. Жалпы эреже катары, кооптуу же зыяндуу заттардын жыты жагымсыз болот, ошондуктан аларды оңой эле айырмалай алабыз. Мисалы, петрушка көрүнүшү жагынан уу балтырканга абдан окшош. Бирок жыттары бири-бирине таптакыр окшобойт. Петрушканын өзүнө таандык жыты бар, балтыркандын жыты болсо абдан сасык жана жагымсыз. Бул система болбогондо, балтырканды петрушка деп ойлоп жеп алышыбыз же уулуу химиялык затты жемиш ширеси деп ойлоп ичип алышыбыз мүмкүн эле. Өмүр бою күн сайын уулануу коркунучу менен жашамакпыз. Ага чара катары балким жаныбызда эмненин пайдалуу, эмненин зыяндуу экенин көрсөткөн тизмелерди же китептерди алып жүрүүгө мажбур болмокпуз.
Ааламдын бүт тарабын курчаган кылдат тең салмактуулуктарды жыт сезүү системасынан да көрүүгө болот. Ар бир жандыктын жыт сезүү жөндөмү анын жашаган чөйрөсүнө жана муктаждыктарына ылайыкталган. Адамды алалы. Эгер жыт сезүү сезгичтигибиз начарыраак болгондо, бизге коркунуч туудурган нерселерди байкабай калышыбыз мүмкүн эле. Жыт сезүүбүз иттердикиндей күчтүү болгондо, тынымсыз көңүлүбүздү алагды кылган жана абдан тынчыбызды алган жагдайларга туш болмокпуз, балким жашообуз азапка айланмак. Мындай тең салмактар жыт молекулаларынын түзүлүшүндө да бар. Мисалы, кадимки шарттарда бизге жагымдуу болгон жыт жогорку концентрацияда болсо, көңүлүбүзгө жакпайт. Айталы, бакчадагы өсүмдүктөрдүн жыты абдан жагат, бирок ошол өсүмдүктөрдөн жасалган жогорку концентрациядагы эфир майы жакпайт. Бул алардын адам үчүн идеалдуу өлчөм менен жаратылгандыгын көрсөтөт.
Жытка байланыштуу ар бир өзгөчөлүктүн адамзаттын жашоосуна ылайыктуу кылып жаратылганы жана Аллахтын бир сый-жакшылыгы экени анык. Бул сый-жакшылыктын маанисин түшүнүү үчүн бир саамга азыркы системанын тескерисин элестетели. Табияттагы көптөгөн азыктар биз үчүн абдан маанилүү болгонуна карабастан, жаман, ал тургай, жийиркеничтүү жыттанышы мүмкүн эле. Элестетип көрүңүз, суу бензиндей, нан көгөрүп кеткен тамактай, сыр таштандыдай жыттанса эмне болмок? Канчалык курсагыбыз ачып, суусабайлы, аларды жеп-ичүү биз үчүн азапка айланмак. Ал тургай, эң сүйгөн тамактарыбызды жегенде да, алардын жийиркеничтүү жытынан улам абдан кыйналмакпыз.
Төрөлгөндөн бери чогуу жашап көнүп калган жыттар ой жүгүртпөгөн адамга табигый жана өзүнөн-өзү пайда болгондой көрүнүшү мүмкүн. Жогорудагы маалыматтарды тереңирээк ойлонгондор болсо апачык чындыкты бат эле түшүнүшөт: бизге керектүү тамак-аштарды жана өсүмдүктөрдү жагымдуу жыттары менен бирге жараткан Рахман (Мээримдүү) жана Рахим (Ырайымдуу) Аллах. Берешендиги жана жоомарттыгы чексиз Раббибиз денебиздин бардык системалары сыяктуу, жыт сезүү сезимин да биздин бейпилдигибизге ылайыктуу кылып жараткан. Чексиз мээрими жана боорукердиги менен бизге пайдалуу нерселерди жагымдуу, зыяндууларды жагымсыз көрсөтүп койгон. Биздин милдет жагымдуу жыттарды жыттаганда, аларды Аллах жаратып, бизге тартуулаганын ойлоп шүгүр кылуу. Ушинтип шүгүр кылгандар, Аллах кааласа, ошол сый-жакшылыктардын чыныгылары менен түбөлүк бейиште сыйланышат. Аллахтын сый-жакшылыктарын жалганга чыгарып, шүгүрсүздүк кылгандар болсо тозокто алар үчүн атайын даярдалган ириң менен кандын аралашмасына, тикенекке жана кайнак сууга туш болушат. Булар Куранда кабар берилген жана сөзсүз аткарыла турган Аллахтын убадалары.
Адамдын денесинен чыккан жыттар эмнени эске салат
Адам кыска убакыт ачка калганда, бир аз ылдам басканда же тепкичтен чыкканда, же болбосо күнүмдүк иштерин кылуу үчүн кыймылдаганда, эгер керектүү чараларды көрбөсө, денесинде жагымсыз жыттар пайда болот. Эч кыймылдабаса да, жуунуп каранбаса, кыска убакытта бутунан чачына чейин бүт денеси кирдейт жана ал жагымсыз жыттарга себеп болот. Албетте, ааламдагы бүт нерсенин белгилүү бир жаратуу максаты болгон сыяктуу, адамдын денесинде пайда болгон жагымсыз жыттарда да көптөгөн даанышмандыктар бар.
Эгер Аллах каалаганда, жыт сезүү органын жагымсыз жыттарды сезбей турган кылып же бардык жыттарды адамга жагымдуу кылып жаратышы мүмкүн эле. Андай болсо, сөз болуп жаткан жагымсыз жыттардын артында кандай даанышмандыктар болушу мүмкүн?
Булар, албетте, адамдар үчүн алсыздык жана кемчилик. Адамдын денесине таандык мындай кемчиликтер адамдын өзүнүн кемчиликтер менен жаратылганын, бир гана Аллахтын бардык кемчиликтерден аруу экенин ойлонушуна себеп болот. Анын улуулугун жана Ага муктаж экенин жакшыраак түшүнөт. Адам канчалык өзүн каранбасын, белгилүү убакыттан кийин кайра жуунууга мажбур. Анткени көзгө көрүнбөгөн бактериялардын иш-аракеттеринен улам кыска убакыттын ичинде кайрадан жагымсыз жыттар пайда боло баштайт. Бул көрүнүш дүйнөнүн убактылуу жана кемчиликтүү, акыреттин болсо түбөлүктүү жана кемчиликсиз экенин эстетет. Бул дүйнөнүн жалган кооздугуна алдануунун орду толгус жоготууга айланаарын эске салат. Эч кандай жагымсыз жыт болбогон жана ыймандуулар жапжаңы келбетте жаратыла турган түбөлүктүү бейиш мекенин ойлонууга себеп болот. Ошондой эле, ыймансыздар үчүн атайын даярдалган тозоктогу жаман жыттардын канчалык жагымсыз болоорун салыштыруу аркылуу жакшыраак түшүнө алабыз.
Жагымсыз жыттар эскерткен дагы бир чындык – адамдын дене жагынан мактана турган же бой көтөрө турган нерсеси жок. Адам алсыз, ар түрдүү кемчиликтери бар жана ал алсыздыктарын жоюу үчүн канчалык аракет кылбасын, максатына жете албайт. Эң сулуу адам да, эң ийгиликтүү ишкер да, же болбосо эң мээлүү окумуштуу да, баарында бирдей алсыздыктар бар.
Бир нерсени эске салалы: ылай топурактан чыккан, шамалдан, жамгырдан жана чаңдан корголбогон розалар таптаза, өтө жагымдуу жыттанат. Жыпар жыттуу өсүмдүктөр аба-ырайынын ар түрдүү терс шарттарына дуушар болгонуна карабастан, атайын тазалоону талап кылбайт. Себеби Аллах аларды өзгөчө табиятта, таң калыштуу кылып жараткан. Ошондуктан сулуу, таза жана кооз бир нерсени сүрөттөгөндө, аны гүлгө салыштырабыз. Демек, адамдын бой көтөрүшүнүн канчалык маанисиз экени айдан ачык.
Жалпысынан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот: ой жүгүрткөн адамдар үчүн жагымсыз жыттар да ааламдын бүт тарабындагы миллиондогон жаратылууну көрсөткөн далилдер сыяктуу, өмүр бою бизге сабак жана эскертүү болуп саналат. Ал үчүн болгону терең ойлонуу керек. Аллах бир аятта мындай дейт:
Чындыгында асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Жыттардагы шыпаа
Өсүмдүктөрдүн маңыздарынан же майларынан алынган жыпар жыттар миңдеген жылдардан бери дарылоо максатында колдонулуп келүүдө. Бул ыкма жыттардын адамга тийгизген таасирлерине таянат. Бүгүнкү күндө ЭЭГ (электроэнцефалография) ыкмасы менен, т.а. мээдеги электрдик сигналдарды аныктоочу электроддор менен жүргүзүлгөн эксперименттер кээ бир жыпар жыттардын мээде күтүлгөн багытта өзгөрүүлөргө жол ачаарын көрсөттү.59 Кээ бир жыттар менен дем алуу мээде белгисиз бир катар системаларды стимулдайт. Анын натыйжасында жүрөктүн согушуна, кан басымына, дем алууга, эс тутумга, стресске жана кээ бир гормондорго таасир тийгизүүчү өзгөрүүлөр келип чыгат.60
Өсүмдүктөр адамдын ден соолугуна кайсы жыпар жыттар пайдалуу болоорун кайдан билишет? Шыпаа берүүчү жыпар жыттарды иштеп чыга турган абдан өнүккөн химия лабораторияларын өздөрүнүн ичинде кантип курушу мүмкүн? Болжол менен 500 түрдүү химиялык заттарды камтыган жана өтө татаал химиялык түзүлүшкө ээ болгон жыт молекулаларын61 кантип иштеп чыгышат? Кантип жагымдуу жыттарын эч тааныбаган жана иштөө системасын билбеген жыт сезүү системасынын кабылдоо чегинде бөлүп чыгарышат? Адам үчүн эң идеалдуу концентрацияны кантип аныкташат?
Муну башка жагынан караганыбызда болсо төмөнкүдөй суроолор туулат: адамдын жыт сезүү органы миңдеген өсүмдүктүн уникалдуу жыпар жыттарын айырмалай ала турган жөндөмгө кантип ээ болгон? Жыт сезүү клеткалары эч кандай маалыматы жок жыпар жыттардын молекулаларын биринчи жолу жолукканда эле кантип таанышат? Аң-сезимсиз белоктор, клеткалар жана нервдер өсүмдүктөр ааламынын баш айланткан жыпар жыттарын сезе ала турган кереметтүү татаал системаларды кантип курушу мүмкүн?
Бул суроолордун жооптору эч кандай шектенүүгө жол бербей тургандай айкын: өсүмдүктөрдүн жагымдуу жыттарды иштеп чыккан механизмдери менен аларды сезе турган жыт сезүү системасын бири-бирине кемчиликсиз шайкеш кылып жараткан, өсүмдүктөрдү шыпаага себепчи кылган ааламдардын Рабби Аллах. Куранда жыпар жыттуу өсүмдүктөрдүн сый-жакшылык катары жаратылганы төмөнкүчө кабар берилет:
Сансыз кереметтүү сый-жакшылыктарга карата адамдардын жообунун кандай болушу керек экени бир аятта төмөнкүчө кабар берилет:
Айткын: «Силерди жасаган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал.» Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Мүлк Сүрөсү, 23)
Булактар:
59- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html.
60- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Aromatherapy".
61- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Aromatherapy".








Hiç yorum yok:
Yorum Gönder