26 Ekim 2025 Pazar

ЖЫТ СЕЗҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ ДОЛБООР

  

Көргөн же уккан нерселерибизди сүрөттөө биз үчүн абдан оңой. Бирок кандайдыр бир жытты сүрөттөө көбүнчө абдан кыйын болот. Аны башка жытка салыштырып сүрөттөгөнгө аракет кылабыз. Көбүнчө ал бизде кандай сезимдерди пайда кылганын айтып беребиз. Жактырган жыттарды жакшы же сонун, жактырбагандарды болсо жаман же жагымсыз деген сыяктуу сөздөр менен сыпаттайбыз. Себеби күнүмдүк жашообузда кездешкен көптөгөн жыттардын белгилүү бир аты жок.

Биз жыт деп атаган нерсе чындыгында заттардан бууланып чыккан химиялык бөлүкчөлөр, б.а. молекулалар. Мисалы, жаңы даярдалган кофенин жыты келгенде бизге жагымдуу сезилген жыттын булагы кофеге таандык учуучу жыт молекулалары болуп саналат. Буулануу канчалык күчтүү болсо, пайда болгон жыт да ошончолук айкын сезилет. Меште бышып жаткан кекстин муздап калган кекске караганда көбүрөөк жыттанышына мештеги кекстен көбүрөөк жыт бөлүкчөлөрүнүн айланага тарашы себеп болот. Себеби температуранын таасиринен жыт молекулалары абада эркин кыймылдай башташат жана кең аймакка тарай алышат. Бул жерде адамзаттын жашоосуна ыңгайлаштырылган кээ бир кылдат тең салмактуулуктар бар экенине көңүл буруу керек. Ушул учурда айланаңызда таш, темир, айнек сыяктуу жыттанбаган заттар бар. Себеби алар бөлмөнүн температурасында бууланбайт. Бир саамга бөлмөңүздөгү буюмдардын баарынын жыттанып баштаганын элестетели. Андай учурда ал жыттардын канчалык тынчыңызды алаарын, ал тургай, жашооңузду астын-үстүн кылаарын ойлоп көргөн белеңиз?



Дагы бир кызыктуу жагдай, суу төмөн температураларда буулануу касиетине ээ болгонуна карабастан, жыты жок. Суунун бул касиети да абдан маанилүү. Мындан улам кургак роза менен жаңы суу куюлган, үстүндө суунун тамчылары турган бир розанын жытында айырма болбойт. Тагыраак айтканда, розанын табигый жыты бузулбайт.

Ошондой эле, абадагы суунун буусу, б.а. нымдуулук ал жердеги жытты күчөтөт. Мисалы, жамгырдан кийин бууланган суунун молекулалары гүлдөрдүн жыттуу бөлүкчөлөрүн да абага көтөрүп, гүлдөрдүн жагымдуу жыттарынын айланага тарашына жардам берет.

Азыркы учурда табиятта жыттардын канча түрү бар экени белгисиз. Молекулалардын миллиондогон түрү бар экенин эске алганда, табиятта жыттын абдан көп түрү бар деп айтууга болот. Аларды белгилүү категорияларга бөлүштүрүү үчүн изилдөөлөр жүргүзүлгөн, бирок жыттардын түрлөрү өтө көп болгондуктан, көңүлгө толоорлук классификация жасала алган эмес.1

Бир жытка мүнөздүү сапатты молекулалардын ортосундагы микроскопиялык өзгөрүүлөр берет. Мисалы, жаңы бышкан жумуртка менен чириген жумуртканы айырмалаган өзгөчөлүк алардан айланага тараган бөлүкчөлөрдүн түзүлүшүндөгү айырмачылыктар. Ар кайсы молекулалардын химиялык түзүлүшүндөгү айырмачылыктар болсо өтө кылдат айырмаларга таянат.2 Ал тургай, көмүртектин бир эле атомунун өзгөрүшү жагымдуу жытты жагымсызга айландырышы мүмкүн.

Ааламдын ар бир чекитиндеги тартип жыт молекулаларынын түзүлүшүндө да бир караганда эле байкалат. Какаонун, лаванда гүлүнүн же кулпунайдын өзгөчө жыты жыт молекулаларын түзгөн атомдор менен алардын ортосундагы байланыштардын белгилүү тартипке ылайык түзүлүшүнөн келип чыгат. Ар бир молекула белгилүү максатка ылайык, дал талап кылынгандай пландалган. Эч күмөнсүз, бул кереметтүү тартип «бүт нерсени жаратып, аны калыпка (тартипке) салган, белгилүү бир чен-өлчөм менен жараткан» (Фуркан Сүрөсү, 2) Аллахка таандык.



 


 

Мурундагы инженерия

Жыт сезүү органы дегенде биринчи эле мурунду эстейбиз. Бирок, жыт сезүү процессинин мурундун 5%дык бөлүгү тарабынан гана жүргүзүлөөрүн аз санда эле адамдар билет.3 Йель университетинен профессор Гордон Шеперддин «мурундарыбыз менен жыттайбыз деп ойлойбуз, (бирок) бул кулак көнчөгү менен угабыз дегенге окшошот»4 деген сөзү ушул чындыкты сүрөттөйт.

Алдыда мурундун жыт сезүү бөлүгүн түзгөн аймагын карайбыз. Бирок алгач калган 95%дык бөлүккө кыскача токтолуу туура болот. Мурдубуз дем алуу системабызга байланыштуу эки негизги кызматты аткарат. Алардын бири биз дем алган абаны жылытуу жана нымдоо. Мурундун ички бетин каптаган былжыр катмар буу чыгарып абаны нымдайт. Былжыр катмардын астында жайгашкан көп сандаган капиллярлар болсо өтүп бараткан абаны жылытат. Ошентип аба өпкөлөрдүн сезгич түзүлүшү үчүн максималдуу ылайыкташтырылат. Бул механизм имараттардын жылуулугу менен нымдуулугун жөнгө салган алдыңкы кондиционер системасына окшошот.

Мурундун экинчи негизги кызматы болсо дем алган абанын ичиндеги чаң бөлүкчөлөрүн, бактерияларды жана микробдорду тосуу аркылуу өпкөдөгү ыктымалдуу ооруларга бөгөт коюу. Бул кереметтүү коопсуздук механизми төмөнкүдөй иштейт: абадан келген зыяндуу бөлүкчөлөрдү былжыр катмар кармайт. Андан соң ал жердеги түкчөлөр ишке киришет. Зыяндуу заттар камтылган былжыр түкчөлөр тарабынан мүнөтүнө бир сантиметр ылдамдык менен жогору көздөй түртүлөт, андан соң жөтөл аркылуу сыртка чыгарылат же жутулуп ашказандагы кислоталар тарабынан жок кылынат. Бул жерде кыскача сүрөттөлгөн бул процесстер чындыгында абдан татаал. Миллиондогон түкчөнүн кантип бир багытта кыймылдаары жана анын иштөө механизминин өзгөчөлүктөрү дагы деле толук түшүнүлө элек. Былжыр катмар, былжырды иштеп чыгуучу клеткалар жана түкчөлөрдүн жыйындысынан кемчиликсиз химиялык тазалоочу завод келип чыгат. Көңүл буруңуз, денеңиздеги тазалоочу завод ушунчалык мыкты иштегендиктен, денеңизге эмненин керектүү, эмненин кооптуу экенин ошол замат аныктайт жана керектүү чараларды көрөт.

Бул жерде апачык бир чындык бар: мурундагы кондиционер, коопсуздук жана тазалоо механизмдери инженериянын эң мыкты үлгүлөрү. Дем алуу, кан айлануу жана тамак сиңирүү системасына таандык аң-сезими жок клеткалардын өз ара макулдашып, кызматташууну чечиши жана инженерлердей план түзүшү мүмкүн эмес. Бул системалардын кокустуктардын натыйжасында адамдын жүзүндөгү жарашыктуу органдын ичинде пайда болушу да мүмкүн эмес. Булар Аллахтын кемчиликсиз жана шайкеш жаратуусунун далилдеринен. Аллахтын асмандан жерге чейин бүт баарын кемчиликсиз тартип менен жараткандыгы аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:

... Асмандардагы жана жердегилердин баары Ага таандык, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. Асмандарды жана жерди (үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 116-117)

 

Мурундагы химиялык анализ жайы

Бир күндө орточо 23040 жолу дем алабыз.5 Үзгүлтүксүз кайталанган бул процесс учурунда мурдубуз кирген абаны өпкөлөр үчүн максималдуу ылайыкташтырат. Аны менен бирге ошол эле учурда абдан маанилүү дагы бир кызматты аткарат: жыт сезет.

Ар бир дем алганыбызда биз «аба» деп атаган газ аралашмасы таноо аркылуу денеге кирет. Биз бир демде жуткан абадагы молекулалардын саны миллиард эсе триллионго барабар.6 Куралсыз көзгө көрүнбөгөн өтө кичинекей жыт бөлүкчөлөрү да эбегейсиз сандагы молекулалардан турган ошол топтун ичинде болушат. Дем алганда мурундун ичиндеги атайын сөөктөр (турбина сөөктөр) абанын бир бөлүгүн жыт сезүү аймагына багыттайт. Ошентип жыт молекулалары мурун көңдөйүнүн үстү жагында жайгашкан жыт сезүү аймагына барат. Ал жер таноодон болжол менен 7 сантиметр ич жакта, жогоруда орун алган. Жыттагыбыз келген гүлдү мурдубузга жакындатып терең дем алганыбызда, жыт сезүү аймагына көбүрөөк жыт молекулалары барат.

Көп адамдардын денелеринде кереметтүү химиялык анализ жайы бар экенинен кабары да жок. Ал курулма мурундун ичиндеги жыт сезүү аймагында жайгашкан жана химия заводундай эч тынымсыз иштеп, айланадагы жыттарды талдайт. Биз күнүмдүк иштерибиз менен алек болуп жатканда жыттарды сезүү үчүн эч нерсе кылбайбыз, ал болсо иштеп жаткан болот. Түнкүсүн уктап жатканыбызда да түтүнгө окшогон зыяндуу жыттарды байкап, ошол замат бизди эскертет. Бул ушунчалык теңдешсиз курулма болгондуктан, он миңден ашык жытты аныктай алат7, болгондо да кемчиликсиз тактык жана сезгичтик менен иштейт.

Жыттын булагы болгон жыт молекулаларынын формалары менен көлөмдөрү ар кандай болот жана башка молекулаларга салыштырмалуу абдан «кичинекей».8 Бакчадагы гүлдөрдүн жагымдуу жыттары, даамдуу тамактын жыты же чириген мөмө-жемиштин сасык жыты ар башка молекулалардан турат. Мурдубуздагы химиялык курулма ал молекулалардын баарын оңой эле аныктайт. Ал тургай, химиялык формуласы окшош, т.а. окшош атомдордон турган молекулаларды да ошол замат тааныйт. Мисалы, «L-карвон» менен «D-карвон» молекулаларынын ортосундагы кичинекей айырма атомдорунун тизилишиндеги айырмадан келип чыгат. Ушунчалык окшош болгонуна карабастан, мурдубуз бул эки молекуланы оңой эле айырмалай алат жана булардын биринчисинин зире, экинчисинин жалбыз жыттуу экенин бизге кабар берет.9

Мурундун илимпоздорду таң калтырган дагы бир өзгөчөлүгү – бул кемчиликсиз сезгичтиги. Бир жыт байкалышы үчүн талап кылынган эң төмөнкү концентрация «жыттын босого чеги» деп аталат. Мурдубуздагы анализ механизминин сезгичтиги абдан таң калаарлык: кээ бир жыттардын тыгыздыгы абада триллиондон бирден төмөн болгондо да сезилет. Мисалы, изилдөөлөр май кислотасынын тыгыздыгы 10 миллиарддан бир болгондо да аныктала алаарын көрсөткөн.10

Молекулалар изилденген сайын жыт сезүү системасынын кереметтери да ачыкка чыгууда. Биздин бир жыт катары сезгенибиз негизи көптөгөн ар башка молекулалардын таасиринен келип чыгат. Мисалы, ак нандын жыты болжол менен 70 түрдүү жыт молекуласынан турат. Кофенин жытынын да жок дегенде 150 түрдүү химиялык заттын жыйындысынан тураары болжолдонууда.11 Сапаттуу атыр болжол менен 500 түрдүү заттын аралашмасынан турат.12 Мурдубуздагы анализ механизми бизге сездирбестен, өтө аз өлчөмдөгү бул химиялык заттарды талдайт. Бардык процесстер жытташыбыз менен «кофе жыттанып жатат» деген жыйынтыкка келишибиздин ортосундагы бир секундадан да кыска убакытта болуп бүтөт. Албетте, бул чындыктар эске алынганда, жыт сезүү системасынын канчалык кереметтүү жаратылганын жакшыраак түшүнөбүз. Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. (Жасия Сүрөсү, 4)



 

Ойлонууга чакыруу

Телевизор көрүп жатканыңызда, бирөө келип андагы телеберүү станциядан келген жок, экрандагы сүрөттөлүштөр абада кокусунан келип чыккан электромагниттик толкундардын натыйжасында пайда болуп жатат десе, ошондой эле, телевизор заводдо жасалган эмес, үйүңүздөгү атом менен молекулалардан көп жылдар аралыгында өзүнөн-өзү пайда болгон десе, кандай ойго келмексиз?

Балким, бул киши тамашалап жатат деп ойлоп, айткандарына маани деле бермек эмессиз. Ал кишинин бул пикирлерин чындап айтып жатканын түшүнгөнүңүздө болсо, ал кишини акылынан адашыптыр деген жыйынтыкка келмексиз. Себеби бул жерде технологиялык долбоор бар. Телевизор атайын телеберүүлөрдү кабыл алуу үчүн иштелип чыккан аппарат. Телеберүү станциясынын берүүлөрү да телевизордун аны кабыл алуусуна ылайыкталып даярдалат. Кыскасы, телевизор да, телеберүү да, экөөсүнүн ортосундагы шайкештиктин ар бир өзгөчөлүгү да бүт майда-чүйдөсүнө чейин пландалган жана бул комплекстүү системада эч кандай кокустукка орун жок.

Эволюционисттердин көз карашы мындан да акылсыз. Дарвин менен анын жолдоочуларынын көз карашы кыскача төмөнкүдөй: эволюционисттик логика боюнча, телеберүү технологиясынан алда канча өнүккөн жана дагы деле толук чечмелене элек жыт сезүү механизми, сансыз жыт молекулалары жана молекулалар менен мурундун кемчиликсиз шайкештиги кокустуктардын натыйжасында пайда болгон. Башкача айтканда, атомдор кокусунан биригип, жер жүзүндө ар түрдүү жыттарды түзгөн молекулаларды пайда кылган, ошол эле учурда кайра ошол эле атомдор алардын баарын өз-өзүнчө сезе ала турган жана сезгендерин чечмелей ала турган бир органды, т.а. мурунду кокусунан пайда кылышкан. Бул жерде эч кандай план, долбоор же акылдуу кийлигишүү жок. Эволюционисттердин ою боюнча, миллиарддаган жылда аң-сезими жок, башаламан, туш келди окуялардын натыйжасында бүт баары келип чыккан жана кемчиликсиз системалар пайда болгон.

Бул эволюционисттик түшүнүктүн акылсыздыгын бир аз акыл жүгүрткөн ар бир адам түшүнө алат. Алдыдагы бөлүмдөрдө каралган темалар да эволюционисттердин бул жаңылыштыктарын толук ачып көрсөтөт. Чындыгында мурдубуздагы система атайын жыт сезүү үчүн жаратылган жана жараткан Аллахтын чексиз илиминин бир көрсөткүчү. Китепте айтылган ар бир өзгөчөлүк кемчиликсиз жаратуунун жана кемчиликсиз тартиптин бир далили болот. Аллах Курандын аяттарында жер жүзүнүн бүт тарабын курчаган шайкештикти жана кемчиликсиздикти төмөнкүчө кабар берген:

Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» таба албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн үзүп чарчаган абалда сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 1-4)

 

Жыт сезүү теориялары

Эрте менен ашканадан келген жагымдуу жыттарды сезип ойгоносуз. Сиз, мисалы, «тосттун жыты кандай сонун» дегениңизде мурдуңуздагы татаал процесстерди сезбейсиз. Ошол учурда мурдуңуздагы клеткаларда кандай процесстер жүрөт?

Илимпоздор көп жылдардан бери бул суроонун жообун табууга аракет кылышууда. Ошого карабастан, жыт сезүүчү клеткалардын жыт бөлүкчөлөрүн кантип аныктаарын толук түшүнө алышкан жок. Бул тууралуу алынган маалыматтар теория бойдон эле калууда. Ал тургай, жыт сезүү сезими тууралуу билгендерибиз башка сезимдерге салыштырмалуу эң аз.13

Бүгүнкү күндө көпчүлүк тарабынан кабыл алынган теориялардын бири «стерикалык теория» деп аталат. Аны биринчи жолу Р.У. Монкрифф чыгарган. Бул теория боюнча, жыт бөлүкчөлөрүнүн формалары менен көлөмдөрү ар түрдүү болот жана жыт сезүү аймагындагы өзүнө тиешелүү рецепторлор менен биригишет. Жыт рецепторлору менен жыт бөлүкчөлөрүнүн ортосундагы байланыш кулпу менен ачкычтын шайкештигине салыштырылат. Кулпу өзүнүн ачкычы менен гана ачылгандай, жыт рецепторлору да өздөрүнө тиешелүү молекулалар менен өз ара аракеттенишет. Джон Амур бул теорияны өнүктүрүп, жыттарды 7 негизги топко (эфир, камфора, мускус, гүл, жалбыз, ачуу, чирик) бөлгөн. Амур жыттар 7 негизги жыттын аралашмаларынан турат деген ойду айткан.14

Лука Турин аттуу башка окумуштуу болсо «термелүү теориясын» кайрадан карап чыгып, мурундагы рецепторлор спектроскоп (термелүү жыштыктарын изилдөөчү аппарат) сыяктуу иштеп, молекулярдык термелүүлөрдү аныктайт деген көз карашты жактаган. Мурундагы рецепторлордун жыт молекулаларынын термелүү жыштыгына шайкеш кылып долбоорлонгону аныкталган. Муну көздөгү өзгөчө клеткалардын жарыктын ар түрдүү толкун узундуктарына шайкеш кылып жаратылганына салыштырсак болот. Турин жыттын булагы электрондорду өткөрүүгө негизделген татаал механизмдер деп эсептейт.15

Мындан тышкары, жыт сезүү теорияларынын арасында Дэвис жана Тейлордун «диффузия тешикчеси» теориясы, Дайсондун «молекулярдык термелүү» теориясы жана Розенбергдин «пьезоэффект» теориялары бар.16

Кыскасы, жыт молекулалары менен жыт рецепторлорунун ортосундагы байланыштын кантип түзүлөөрү дагы деле толук белгисиз. Тагыраак айтканда, жыт сезген учурда мурдубуздагы рецептор клеткаларда кандай процесстер жүрөөрү толугу менен чечмелене элек. Бирок бул багытта божомолдордун саны көп. Бул китепте бүгүнкү күндө башка теорияларга салыштырмалуу көбүрөөк жарамдуу болуп эсептелген бир көз карашка токтолобуз.

Учурдагы алдыңкы технологиялар менен жабдылган лабораторияларда ар түрдүү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошого карабастан, жыт сезүү сезимибиздин кантип иштээрин дагы деле түшүнө албашыбыз адамдын жана бул системанын канчалык кемчиликсиз жаратылганын дагы бир жолу көрсөтөт. Илим адамдын сезимдеринин өзгөчөлүктөрүн ачкан сайын чындыктар көз алдыга тартууланууда: сезүү органдары кемчиликсиз түзүлүштөр жана адамдын жашоосу үчүн өтө кылдат тең салмактуулуктар жана эсептөөлөр менен жөнгө салынган. Бул ачылыштар көрсөткөн экинчи чындык болсо, «жашоо кокустуктардан пайда болгон» деген эволюция теориясынын канчалык чоң жаңылыштык экендиги.

 

Жыт сезүү системасындагы кереметтер

Жыт сезүү сезимибиз бизге сырткы дүйнө жөнүндө көптөгөн маалыматтарды берет. Кээде байкабашыбыз мүмкүн, бирок бул сезимибиздин турган жерибизди, айланабызда болуп жаткан окуяларды жана айланабыздагы адамдарды кабылдашыбызда маанилүү салымы бар. Көзүбүздү жумуп, дасторкондогу тамактарды жыттайлы, ал тамактарды так тааный алабыз. Бышып жаткан тамактын бышып бышпаганын же муздаткычтагы тамактын бузулуп бузулбаганын жытынан аныктай алабыз. Оорукана, ресторан, базар, окуу жай же үй сыяктуу көп жерлерди жытынан айырмалай алабыз.

Жыт сезүү сезимибиздин мүмкүнчүлүктөрү биз ойлогондон алда канча чоң. Ал тургай, кээ бир илимпоздор аны белгилүү бир сан менен чектөөгө болбойт, анткени жыт сезүү органыбыз сансыз көп химиялык кошулманы айырмалай алат дешет.17 Эми бул «жөндөмдүү» жана «шыктуу» системаны түзгөн жаратылуу кереметтерин тереңирээк карайлы.

 

Былжырдагы укмуш кыймылдуулук

Эки көзүбүздүн ортосунун артында, таноолорубуздун жогору жагында жыт сезүү аймактары жайгашкан. Алардын ар биринин аянты 2,5 см2 жана былжыр менен курчалган. Былжыр жабышчаак суюктук, аны «Боумен бези» бөлүп чыгарат. Жыт сезүүчү аймакты каптаган былжыр катмарынын калыңдыгы болжол менен 0,06 мм.18 Эгер былжырдын калыңдыгы бир аз жогорураак болгондо, жыт сезүү жөндөмүбүз бир топ начарламак. Сасык тумоо болгондо жыт сезүүбүздүн начарлашына былжырдын көп бөлүнүп чыгышы себеп болот. Анын калыңдыгы төмөнүрөөк болгондо, дененин иммундук системасы начарламак жана былжыр катмардын ичиндеги жыт түкчөлөрү бат жабыркамак.



Былжырдын кээ бир маанилүү кызматтарды аткараары көптөн бери белгилүү. Алардын арасында мурундун ичинин кургап кетишине бөгөт коюу жана чоочун химиялык заттарга каршы коргонуу системасын түзүү кызматтары бар. Былжырдын өтө уюшкан түзүлүш экендиги жана идеалдуу чөйрөнү түзөөрү болсо жакында эле белгилүү болду.19 Чындыгында былжыр белоктор, ферменттер, мукополисахариддер, иммуноглобулиндер жана липиддерден турган бай аралашма.

Жыт сезүүнүн алгачкы баскычы былжыр катмарда башталат. Жыт бөлүкчөлөрү жыт түкчөлөрүндөгү рецепторлор менен жолугушу үчүн алгач ушул катмардан өтүшү керек. Бул баскычта кызмат кылган абдан өзгөчө белоктор бар. Былжыр катмардагы байланыш белоктору жыт бөлүкчөлөрү менен биригип, аларга жол башчылык кылат.20 Бул өзгөчө белоктор изилденип бүтө элек, божомолдор боюнча, алар жыт бөлүкчөлөр менен рецепторлордун жолугушуусуна көмөкчү болушат жана рецепторлорго жыт молекулаларынын ашыкча өлчөмдө келишине бөгөт коюшат.21 Чындыгында байланыш белокторунун миңдеген түрдүү жыт бөлүкчөлөрүн таанып, алар менен байланыш түзүшү жана былжыр катмардагы молекулалардын кыймылын жөнгө салышы жаратылуунун таң калаарлык далилдеринин бири.

Жыпар жыттуу гүлдөр өскөн бир бакчада сейилдеп, ар түркүн гүлдөрдү бир-бирден мурдуңузга жакындатып жыттап жатасыз дейли. Мындай учурда жаңы жыт бөлүкчөлөрү рецепторлорду стимулдашы үчүн эски жыт молекулалары жок кылынышы керек. Антпесе биринчинин артынан экинчи гүлдүн жытын сезе албайбыз. Абдан терс натыйжаларга себеп болушу мүмкүн болгон мындай окуяга былжырдын ичиндеги кээ бир ферменттер бөгөт коюшат.22 Жөнөкөйлөтүп айтканда, ал ферменттер белгилүү убакыттан соң жыт бөлүкчөлөрүнүн түзүлүштөрүн өзгөртүшөт, ошентип алар жыт рецепторлорун стимулдай албай калышат. Андан соң ал молекулалар былжыр менен бирге ашказанга жөнөтүлүп, жок кылынат. Көңүл буруңуз, муну кылган адис профессорлор же окумуштуулар эмес, мээси, акылы жана аң-сезими жок ферменттер. Ошондой эле, былжырдагы атайын ферменттер тынымсыз жаңы чечимдерди чыгарып, аларды ийгиликтүү орундатышат. Албетте, ферменттер мындай татаал иштерди өз алдынча аткара алышпайт. Булардын баары Аллахтын чексиз илими жана кереметтүү жаратуусу менен ишке ашат.

Кыскасы, мурдубуздагы жыт сезүү аймагын каптаган былжыр катмарында тынымсыз таң калаарлык процесстер жүрөт. Биз байкабаган жана куралсыз көз менен көрө албаган сансыз процесстер кемчиликсиз планга ылайык, өз убактысында улантылууда.



 

Кереметтүү кабарчылар: жыт сезүү клеткалары

Жыт сезүүчү клеткалар чындыгында нерв клеткалары. Алардын негизги кызматы – жыт молекулаларындагы билдирүүнү алып жыт сезүү дөмпөкчөсүнө жеткирүү. Алардын жалпы саны тууралуу илим чөйрөсүндө ар түрдүү көз караштар бар: кээ бир илимпоздор алардын саны 10 миллион десе23, кээ бирлери болжол менен 50 миллион дешет.24 Миллиондогон жыт сезүү клеткалары кичинекей почта маркасындай болгон жыт сезүү аймагында кереметтүү тартиптүүлүк менен жайгашкан. Бул жерде оюбузга мындай чындык келет: колуңузда бардык техникалык мүмкүнчүлүктөр болсо жана сизден миллиондогон клетканы өз орундарына жайгаштыруу талап кылынса, муну кыла алат белеңиз? Албетте, кыла алмак эмессиз. Ансыз да илимпоздордун көп жылдарга созулган изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында миллиондогон клетканы жайгаштыруу мындай турсун, ал клеткалардын санын да аныктай албашы бул чындыкты айгинелейт.

Жыт клеткасынын өзүнүн ичинде да иштер таң калаарлык бөлүштүрүлгөн. Белгилүү илимпоздордун бири Стюарт Файрстейн «бардык сезүү органдары сыяктуу, жыт сезүү клеткасы да түзүлүшү жана функциясы жагынан көптөгөн бөлүккө бөлүнгөн»25 деп бул клеткалардагы өзгөчө тартипке көңүл бурган. Бул өзгөчө долбоор электрондук микроскоптун сүрөттөрүнүн негизиндеги чиймелерден бир караганда эле көрүнөт. Жыт клеткасы жалпысынан үч негизги бөлүктөн турат, ортосунда клетканын тулку бою, бир учунда кирпикче деп аталган түкчөлөр, экинчи учунда болсо аксон деп аталган бутагы жайгашкан. Клетканын тулку боюнда көптөгөн татаал клетка процесстери ишке ашса, аксон аркылуу электрдик сигналдар өтөт, түкчөлөрдө болсо жыт молекулалары менен байланыш түзүлөт.

Клетканын бир учундагы жыт түкчөлөрүнүн саны 10дон 30га чейин, узундугу 0,1-0,15 миллиметр болот.26 Жыт түкчөлөрүнүн мурундун башка аймактарындагылардан айырмасы, алар кыймылдуу болушат жана аларда жыт рецепторлору бар. Башкача айтканда, жыт түкчөлөрү денедеги башка түкчөлөрдөн өзгөчө, толугу менен уникалдуу түзүлүшкө ээ. Жыт түкчөлөрү рецепторлор үчүн скелет кызматын да аткарышат. Тереңирээк караганда түкчөлөрдүн дизайнынын эң натыйжалуу модель экенин көрөбүз: ушунчалык кичинекей жерде жыт молекулалары рецепторлор менен байланыш түзө ала турган кеңири аймак түзүлгөн. Ошондой эле, акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар бир жыт клеткасында жыт рецепторлорунун миң түрүнүн бирөөсү гана болот.27 (Муну кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк карайбыз.)

Бул жерде бир маанилүү чындыкка көңүл буруу керек: түкчө дегенде окурмандын оюна бир жөнөкөй түзүлүш келиши ыктымал. Бирок бул аталыш анын формасын гана сүрөттөйт. Чындыгында жыт түкчөлөрү теңдеши жок, кереметтүү байланыш технологиясына ээ. Былжырдын ичинде ээриген жыт молекулалары жыт түкчөлөрүндөгү атайын рецепторлор менен биригишет. Жыт молекуласы менен рецептордун ортосундагы байланыш ачкыч менен кулпунун шайкештигине окшошот деп божомолдонууда. Молекулярдык баскычтары дагы деле толук чечмелене албаган татаал процесстердин натыйжасында жыт сезүүчү клеткада бир сигнал пайда болот. Бул баскычта көптөгөн белоктор менен ферменттер өз милдеттерин эч үзгүлтүксүз аткарышат.

Жыт сезүүчү клеткалардын жыт молекулаларындагы билдирүүнү электрдик сигналга айландырышы абдан татаал процесс. Азыркы учурда жыт сезүүчү клеткалардагы байланыш тармактарынын экөөсү гана белгилүү. Бул байланышты кыскача жана мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүп төмөнкүчө түшүндүрүүгө болот:



Алгач цАМФ (циклдүү аденозин 3' 5'-монофосфат) аркылуу түзүлгөн байланышты карайлы. Жыт молекулаларынын рецепторлор менен биригишинин натыйжасында жыт сезүүчү клеткада өтө ылдам процесстер башталат. Алгач G-olf белок активдешет. Ал белок AC ферментин активдештирет. AC ферменти АТФтин цАМФке айланышын тездетет. цАМФ клеткадагы бир кабарчы жана кирпикчени клетка мембранасына байланыштырган каналдарга туташат. Бул каналдардын ачылып, кальций иондорунун кирпикченин ичине киришине себеп болот. Кальций иондорунун киришинин натыйжасында хлорид каналдары ачылып, хлорид иондору кирпикчеден чыгат. Ошентип башында терс заряддуу болгон клетка нейтралдуу болуп калат да, электрдик сигнал пайда болот. Бир сүйлөм менен айтканда, бир катар химиялык реакциялардын натыйжасында электрдик сигнал келип чыгат. Пайда болгон сигнал клетканын аксону аркылуу жол жүрүп, жыт сезүү дөмпөкчөсүнө барат.

Кээ бир жыт молекулалары цАМФ өлчөмүнө таасир бербейт, бирок IP3 (инозитол 1, 4, 5-трифосфат) концентрациясын жогорулатат, андан улам клеткада электрдик сигналды пайда кылуучу процесстер башталат. Бул клеткалык байланыш линиясынын реакция чынжырына байланыштуу баскычтар дагы деле чечмелене элек.28 Анткен менен, апачык көрүнүп тургандай, кипкичинекей клеткалардагы байланыш кереметтүү түзүлүшкө ээ.

Жыт клеткаларынын бир учунда бул процесстер жүрүп жатканда, экинчи учундагы аксондордо да таң калаарлык процесстер ишке ашат. Клеткада пайда болгон сигнал аксон аркылуу жыт сезүү дөмпөкчөсүнө жеткирилет. Мээнин алдыңкы бөлүгүндөгү жыт сезүү дөмпөкчөсүнө жетүү үчүн 10дон 100гө чейинки аксондон бир боо түзүлүп, баары чогуу баш сөөктөн өтөт.29 Бул жерде көңүлүбүздү бурган нерсе – бул сөөктүн жыт нервдеринин өтүшүнө мүмкүнчүлүк түзгөн торчолуу түзүлүшү. Баш сөөгүнүн бул бөлүгүндөгү түзүлүш жыт сезүүдөгү көптөгөн шарттардын бирөөсү гана. Мындай болбогондо, нервдер бири-бири менен байланыш түзө алмак эмес, натыйжада жыт сезими да болмок эмес. Жыт сезүү системасын түзгөн бардык бөлүктөр бар болуп, бирок сөөктөгү торчолор эле болбосо жыттарды сезе алмак эмеспиз. Эч күмөнсүз, бул системанын ар бир бөлүгү өтө маанилүү.

Бул чындыктарды бир сүйлөм менен төмөнкүчө жыйынтыктоого болот: жыт сезүү клеткасындагы кемчиликсиз байланыш клеткадагы өзгөчө тартиптин жыйынтыгы жана бул тартип Аллахтын кемчиликсиз жаратуусунун сансыз далилдеринин бири.



 

Теңдешсиз байланыш борбору: жыт сезүү дөмпөкчөсү

Жыт сезүү дөмпөкчөсү мээнин алдыңкы бөлүгүндө жыт сезүү аймагынын жана баш сөөгүн түзгөн сөөктүн бир аз жогору жагында жайгашкан. Эки жыт сезүү аймагы үчүн эки жыт сезүү дөмпөкчөсү бар, ар биринин чоңдугу буурчактай. Бирок кичинекей болгону менен, кылган иштери жагынан эбегейсиз чоң байланыш борборуна же базасына салыштырууга болот. Жыт рецепторлорунан келген бардык сигналдар алгач ошол борбордо топтолот. Миллиондогон маалымат кайрадан тартипке келтирилип, чечмелениши үчүн ал жерден жыт сезүү нервдери аркылуу мээдеги жыт сезүү кабыгына, гиппокампка, амигдалага жана гипоталамуска жөнөтүлөт. Башкача айтканда, бул кичинекей органда миллиондогон жыт сезүү клеткаларынын ортосундагы кемчиликсиз координация түзүлөт. Эми дөмпөкчөнүн ичиндеги байланышты бир аз тереңирээк карайлы. Ошондо координация борборунун эмне үчүн теңдешсиз экенин жакшыраак түшүнөбүз.



Дөмпөкчөгө кабар жеткирүүчүлөр – бул жыт сезүүчү клеткалар. Дөмпөкчөдөн алган кабарларды мээге жеткирүүчүлөр болсо митралдык клеткалар жана алардын саны бойго жеткен адамда болжол менен 50 миңге барабар. Бул эки топко кирген клеткалардын ортосундагы байланыш дөмпөкчөдө жайгашкан, «гломерул» аттуу байланыш бирдиктеринде түзүлөт. Дароо эске сала кетели, тоголок формадагы бул байланыш блогунун диаметри 0,1 миллиметрди түзөт.30 Бир дөмпөкчөдө болжол менен 2000 гломерул болот. Ар бир гломерулда 25000дей жыт сезүүчү клетканын аксондору менен 25тей митралдык клетканын дендриттери жолугушат.31



Бул сандарды бүтүндөй караганыбызда мындан да таң калаарлык сандар келип чыгат. Башкача айтканда, миллиондогон жыт сезүү клеткасынан келген билдирүүлөр он миңдеген митралдык клеткага өткөрүлөт. Миллиондогон маалымат секунданын миңден бир канчасына барабар убакыт аралыгында, эч катасыз клеткалардын ортосунда орун которот. (Нейрондордогу байланыш кереметтерине бул жерде токтолбойбуз. Бул тууралуу тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Гормондогу кереметтер» аттуу китебин караңыз.) Болгондо да, ар бир рецептордон келген маалыматтардын жыт дөмпөкчөсүндө топтолуп, кайрадан тартипке салынып, уюштурулушунун натыйжасында жыт сезгичтиги андан да жогорулайт, тагыраак айтканда, баштапкыга караганда жакшыраак натыйжа алынат.32 Ал жердеги катасыз байланышты төмөнкүчө сүрөттөөгө болот: белгилүү бир маалымат бир миллион телефон линиясы аркылуу жеткирилет жана ал линиялардын саны бир станцияда бир заматта миңге түшүрүлөт деп элестетели. Мындай учурда баштапкы маалыматта кандайдыр бир жоготуу же ката кетирилбейт деп айта албайбыз. Канчалык жогорку технологияны колдонсоңуз да, буга бөгөт койо албайсыз. Бирок жыт сезүү клеткалары бул кызматты өмүр бою кемчиликсиз аткарышат. Чындыгында жыт сезүү дөмпөкчөсүндөгү билдирүүлөрдү өткөрүү системасы таң калаарлык түзүлүштүн жыйынтыгы.

Акыркы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында жыт сезүү дөмпөкчөсүндөгү көптөгөн кереметтүү өзгөчөлүктөр аныкталды. Жыт клеткаларынын жыт сезүү дөмпөкчөсүндөгү тиешелүү бөлүмдөр менен байланыштары өтө уюшкандык менен түзүлгөн. Ар бир жыт сезүүчү клетка бара турган гломерул белгилүү. Тагыраак айтканда, бир типтеги рецепторлордон келген сигналдар белгилүү гломерулда жолугушат. Жыт сезүү аймагынын ар кайсы тараптарында жайгашкан миллиондогон жыт сезүү клеткаларынын ар бири эки миң гломерулдун арасынан өздөрүнө таандык болгонуна туташат.33 Бул чындыкты ачкан илимпоздордун жалпы пикири боюнча, ар түрдүү рецепторлордон чогулган маалыматтар өтө уюшкандык менен топтоштурулат.34 Көңүл буруңуз, миллиондогон клетканын ар бири эки миң варианттын арасынан дал өзүнө таандык болгонун табат. Бул кокустуктардын артына жашынууга аракет кылган эволюционисттердин кыялдарын дагы бир жолу талкалайт.

Жыт сезүү дөмпөкчөсүндө, мындан тышкары, «перигломерулярдык» жана «гранула» клеткалар жайгашат. Алар билдирүүлөрдүн агымын токтотуу керек болгон учурда ишке кирип, бөгөт коюу кызматын аткарат деп болжолдонууда.35 Ал жердеги көзөмөл механизмдери ушунчалык татаал болгондуктан, иштөө системасы дагы эле толук түшүнүлө элек.



Стамбулга окшогон чоң шаардын телефон тармагын көз алдыбызга элестетели. Миллиондогон телефондор туташкан мындай тармак өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүнбү? Телефондор туташкан борборлор, тагыраак айтканда, телефон коммутаторлору кокусунан пайда боло алабы? Ал тургай, эволюционисттер айткандай керектүү бардык тетиктердин чийки заттары бир талаага топтолсо жана миллиондогон жыл өтсө, мындай байланыш тармагы кемчиликсиз пайда болушу мүмкүнбү?

Бул суроолордун жообу анык белгилүү. Канча убакыт күтпөңүз, шаардын телефон тармагы мындай турсун, бир даана телефон линиясы да пайда болбойт. Себеби телефон тармагы долбоордун жана инженериянын натыйжасы, өтө кылдат өлчөмдөр жана эсептөөлөр менен пландалып, жасалган. Мындан башка түшүндүрмөлөрдүн баары сандырактык болот. Ошол сыяктуу эле, жыт сезүү дөмпөкчөсүнүн өтө татаал түзүлүшүн сокур кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракет кылуу да толугу менен акылсыздык.

Жыт сезүү дөмпөкчөсүндөгү байланыш учурунда кыпындай башаламандыктын да чыкпашы, албетте, жаратылуунун таң калаарлык далилдеринин бири. Бул кемчиликсиз системаны жараткан, ар бир өзгөчөлүгүн адамдарга сый-жакшылык катары тартуулаган ааламдардын Рабби Аллах. Мунун тескерисин айтып, бул системадагы кемчиликсиз түзүлүштү сокур жана туш келди кокустуктарга байланыштыргандарга айта турган сөз жок. Себеби бир Жараткан тарабынан жаратылгандыгы бүт далилдери менен апачык көрүнүп турат. Кокусунан пайда болгон деген кишинин абийири сокур болуп, акылы менен логикасы иштебей калган жана чындыктарды кабыл албаганга өзүн-өзү шарттап алган. Куранда ыймандуулардын мындай туура эмес түшүнүктөгү адамдарга төмөнкүчө кайрылаары кабар берилет:

... Сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени бир тартиптеги (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)ты жокко чыгарып жатасыңбы? Бирок, Ал Аллах менин Раббим жана мен Раббиме эч кимди шерик кошпойм. (Кехф Сүрөсү, 37-38)

 

«Жыт алиппеси»

1990-жылдары илимпоздор мурдубузда жыт рецепторлорунун 1000ге жакын түрү бар экенин аныкташкан.36 Бул илимпоздорду абдан таң калтырган. Себеби жыт сезүү системасындагы рецепторлордун түрлөрүнүн көрүү, угуу жана даам сезүү системаларына салыштырмалуу эсе эсе көп экени белгилүү болгон. Ошондой эле, ансыз да жообу белгисиз болгон суроолор тизмесине дагы бир суроо кошулган. Биринчи эле ойго келген суроолордун бири төмөнкүдөй: кантип 10 миңден ашуун жыттардын түрүн рецепторлордун 1000 түрү менен сезе алабыз?

Бул суроонун жообун изилдеген америкалык жана япониялык адистер 1999-жылы жыт сезүүнүн иштөө системасы тууралуу кээ бир маанилүү ачылыштарды жасашты. Ал изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча, бир жыт рецептору ар кандай жыт молекулалары менен байланыш түзө алат жана бир жыт молекуласы ар кандай жыт рецепторлорун стимулдай алат.37 Изилдөөлөр улантылганда, жыт сезүү системасында өзгөчө механизм бар экени аныкталган. Бул изилдөөнү жүргүзгөн окумуштуулардын бири Линда Бактын сөзү менен айтканда, бул механизмди өзгөчө алиппе деп айтууга болот.38

Белгилүү болгондой, күнүмдүк жашообузда колдонгон сөздөр жана сүйлөмдөр тамгалардан түзүлөт. Мисалы, башка адамдар менен байланыш куруу үчүн кыргыз алиппесиндеги 36 тамганы колдонобуз. Тамгалар өзү жалгыз эч кандай маанини билдирбейт, белгилүү катар менен тизилгенде гана бир маанини билдирген сүйлөмдөр пайда болот.

Ошол сыяктуу, жыт сезүү системасында да рецепторлордон турган бир алиппе колдонулат. Тагыраак айтканда, 1000 түрдүү рецептор 1000 түрдүү тамганы билдирет. Жыт сезүү аймагында ар бир жытка туура келген бир рецептор жок, анын ордуна жыт молекулалары белгилүү рецепторлорду стимулдайт. Алар жыт сезүү дөмпөкчөсүндөгү белгилүү гломерулдарды активдештирет. Келип чыккан жытка таандык өзгөчө комбинация жыттын кодун түзөт. Мисалы, А жыты жыт сезүү дөмпөкчөсүндөгү 23, 246, 456, 799 номерлүү, Б жыты болсо 382, 573, 684, 812, 1245 номерлүү байланыш бөлүмдөрүн стимулдайт. Бул эки түрдүү код мээдеги жыт сезүү кыртышында эки башка жыт катары кабылданат. Жөнөкөй математикалык эсептөө денебизде миллиондогон түрдүү жытты айырмалай алган бир механизм бар экенин көрсөтөт.39

«Ашкана ванилин жыттанып жатат» деген сүйлөм алиппебиздеги тамгалар белгилүү катарда тизилгени үчүн бир маанини билдирүүдө. Ошол сыяктуу, ашканадагы жыт рецепторлор менен гломерулдар белгилүү калыпка ылайык стимулданганы үчүн «ванилиндин жыты» деген маанини билдирет.

Мээдеги жыт сезүү борбору ар кайсы жыт рецепторлорунан келген билдирүүлөрдү бүтүн бойдон талдайт, 1000 түрдүү рецептордун бири-бири менен шайкештигине жараша биз «жыт» деп атаган сезим келип чыгат. Башкача айтканда, ар бир рецептор чындыгында мозаиканын бир бөлүгү болуп саналат жана жыт мозаиканын бардык бөлүктөрү жайгашкандан кийин пайда болот.



Профессор Дж. Леффингвелл рецепторлордун белгилүү комбинацияларда биригип, мээде жыт сезимин пайда кылышын тамгалардан сөздөрдүн, ноталардан музыкалык чыгармалардын же экилик коддон компьютер программаларынын куралышына салыштырат.40 Албетте, бардык жаңы илимий ачылыштар сыяктуу, бул ачылыш да эволюционисттерге чоң сокку болду. Себеби тамгалардан Шекспирдин бир чыгармасы же ноталардан Моцарттын бир композициясы эч качан кокусунан пайда болбойт. Булардан эсе эсе татаал процесс болуп саналган жыт сезүү системасынын алиппеси аркылуу жыттардын кокусунан пайда болушу да эч мүмкүн эмес. Ал тургай, эч мүмкүн эмес деген сөз да бул абалды сүрөттөөгө жетишсиз.

Болгондо да, эволюционисттердин «жыт рецепторлору кокусунан пайда болгон» деп ишениши да аларды туюктан куткара албайт. Анткени алар болжол менен 1000дей ген тарабынан башкарылат.41 Тагыраак айтканда, жыт рецепторлору ошол гендерде алдын ала коддолгон пландын негизинде жасалат. Жана жыт рецепторлорунун гендери 20-хромосома менен Y хромосомасынан тышкары, бардык хромосомаларда чачыранды жайгашкан.42 Бир эле жыт рецепторуна тиешелүү генетикалык коддун дагы өзүнөн-өзү же кокустуктардын натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес. 20-кылымдан мурда жашаган жана компьютердин эмнелигин билбеген акылдуу жана аң-сезимдүү адамдардын баары чогулса, бир жөнөкөй компьютер программасын да жаза алышпайт. Андай болсо, сокур жана аң-сезимсиз атомдор гүлдөрдүн, мөмө-жемиштердин жана сансыз химиялык заттардын жытын кабылдай турган рецепторлордун генетикалык коддорун жаза алат деп күтүүгө болобу?

Албетте, жок! Жыт рецепторлору, жыт сезүү клеткалары, жыт сезүү системасы жана аларды башкарган гендер, аларды жараткан бир Жаратуучу болмоюнча, эч качан пайда боло албайт. Ал Жаратуучу «асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы бүт нерсенин Рабби» (Шуара Сүрөсү, 24) Аллах.

 

Жыт нервдериндеги кереметтүү байланыш

 

Жыт нерв клеткаларын башка нейрондордон айырмалаган маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Мээбиздеги жүз миллиард нейрон өмүр бою жаңыланбайт, ал эми мурдубуздагы миллиондогон жыт сезүү клеткалары болсо орточо 45 күн жашайт. Андан соң өлгөндөрдүн ордун жаңы клеткалар ээлейт.43 Жаңы жыт сезүү клеткалары жыт сезүү аймагындагы базалдык клеткаларда жасалат. Базалдык клеткалар жыт сезүү клеткаларын өндүрүүчү завод сыяктуу иштеп, үзгүлтүксүз өндүрүш жасашат.

Башка катуу сокку тийген кээ бир учурларда, мисалы жол кырсыгында, жыт сезүү нервдери баш сөөгүн түзгөн сөөктөрдүн арасында кысылып, үзүлүп кетиши мүмкүн. Эгер зыян катуу болбосо, жаңы клеткалар кызматты аркалайт жана натыйжада жыт сезимин жоготууга бөгөт коюлат. Көп учурларда жыт сезүү сезиминин калыбына келгендиги байкалган.44

Жаңы клеткалар кантип жайгашышы керек болгон жерлерди эч жаңылбай, адашпай билишет? Кантип жыт сезүү аймагындагы дал керектүү жерге барышат? Кантип жаңы жыт рецепторлору эскилердин жыт молекулалары менен болгон байланышын эч кандай жоготуусуз жана катасыз дал ошондой улантышат? Кантип рецепторлор менен жыт сезүү дөмпөкчөсүнүн ортосундагы байланыш тармагы кайра башынан кемтиксиз жана катасыз курулат?

Ушул жана ушуга окшогон суроолордун жооптору илим чөйрөсүндө чоң кызыгууга жана изденүүгө себеп болууда.45 Азыркы учурда клеткалардын ортосунда кереметтүү механизмдер бар экени белгилүү, ал механизмдердин өзгөчөлүктөрү болсо белгисиз. Көңүл буруңуз, болжол менен ар бир 45 күндө миллиондогон жыт сезүү клеткаңыз толугу менен алмашат. Бирок сиз розанын жытын кайра эле роза катары, апельсиндин жытын апельсин катары сезесиз. Жыт клеткаларындагы кызмат алмашуу учурунда кандайдыр бир ката кеткенде, көп жыттарды туура эмес сезишиңиз же сезбей калышыңыз мүмкүн эле. Башаламандык чыкса, аны оңдой да албаганыңыз үчүн жыт сезимиңиз сизди тынымсыз жаңылтып, чоң көйгөйгө себеп болушу мүмкүн болчу. Бирок эч качан мындай болбойт. Жаңы нерв клеткалары өз кызматын кемчиликсиз улантышат.

Бул жерде таң калаарлык дагы бир жагдай – бул жаңы жыт сезүү нервдеринин жыт сезүү дөмпөкчөсүнө баруучу жолду жаңылбастан таба алышы. Мурунда жана мээде кандайдыр бир багыт көрсөткүч жок, жаңы клеткалар жолду сурай да алышпайт. Жыт сезүү нервдериндеги байланыштардын өмүр бою эч катасыз жаңыланышын ыктымалдуулук эсептөөлөрү менен да түшүндүрүүгө болбойт. 

Миллиондогон жыт сезүү нервдеринин ортосундагы байланыштарды кокусунан түзүлүп калган деп айтуунун Стамбулдай чоң шаардын телефон системасын түзгөн зымдарды шамалдын, чагылгандын жана кокустуктардын натыйжасында кемчиликсиз төшөлүп калган деп айтуудан эч кандай айырмасы жок. Албетте, булар чексиз илимдүү жана кудуреттүү Раббибиздин кемчиликсиз жаратышынын жана теңдешсиз чеберчилигинин далилдери. Жыт сезүү системасын түзгөн ар бир орган, ар бир клетка, ар бир молекула жана ар бир атом жаратылган алгачкы күнүнөн бери аларды жараткан чексиз илимдүү жана акылман Аллахтын илхамы менен кыймыл-аракет кылууда. Аллах ар бирине кандай кылышы керек экенин бүт майда-чүйдөсүнө чейин, ар бир көз ирмем сайын билдирүүдө. Бул акыйкат Курандын бир аятында төмөнкүчө кабар берилет:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чындыгында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чындыгында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, көрүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)


Булактар:

1-P.M. Wise, M.J. Olsson, W.S. Cain, "Quantification of Odor Quality", Chemical Senses 25, Oxford University Press, 2000, p. 429-443.

2- M. Chastrette, "Trends in structure–odor relationships", SAR QSAR Environ. Res. 6, 1997, p. 215-254.

3- P. Whitfield, D.M. Stoddard, "Hearing, Taste, and Smell; Pathways of Perception", Torstar Books, Inc., New York, 1984. (http://www.macalester.edu/~psych/whathap/UBNRP/Smell/nasal.html)

4- Maya Pines, "Finding the Odorant Receptors", Howard Hughes Medical Institute, 2001, http://www.hhmi.org/senses/d/d120.htm.

5- Diane Ackerman, A Natural History of the Senses, Vintage Books Edition, 1995, p. 6.

6-Philip Morrison, "The Silicon Gourmet", Scientific American, April 1997, p.92.

7- Stuart Firestein, "Olfactory Receptor Neurons", Encyclopedia of Life Sciences, December 2000, http://www.els.net.

8- Heinz Breer, "Olfaction", Encyclopedia of Life Sciences, August 1999, http://www.els.net.

9- Heinz Breer, "Olfaction", Encyclopedia of Life Sciences, August 1999, http://www.els.net.

10- Heinz Breer, "Olfaction", Encyclopedia of Life Sciences, August 1999, http://www.els.net.

11- Britannica CD 2000 Deluxe Edition, "Chemoreception: Process of olfaction".

12- Diane Ackerman, A Natural History of the Senses, Vintage Books Edition, 1995, p. 46.

13- "Research Uncovers Details Of How Sense Of Smell Works", Science Daily Magazine, 1998, http://www.sciencedaily.com/releases/1998/01/980112064707.htm

14- J. E. Amoore, "Molecular Basis of Odor", C.C. Thomas, Pub., Springfield, 1970.

15- L. Turin, "A spectroscopic mechanism for primary olfactory reception", Chemical Senses 21, 1996, p. 773-791.

16- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html.

17- G. Ohloff, "Scent and Fragrances", Springer-Verlag, Berlin Heidelberg, 1994, p.6.

18- John C. Leffingwell, "Olfaction", 2001, http://www.leffingwell.com/olfaction.htm.

19- Heinz Breer, "Olfaction", Encyclopedia of Life Sciences, Ağustos 1999, http://www.els.net.

20- S. Goldberg, J. Turpin, S. Price, "Anisole binding protein from olfactory epithelium evidence for a role in transduction", Chemical Senses & Flavour, 1979, p. 4:207.

21- John C. Leffingwell, "Olfaction-Page 2: The Odorant Binding Proteins", 2001, http://www.leffingwell.com/olfact2.htm.

22- A. Chess, I. Simon, H. Cedar, R. Axel, "Allelic inactivation regulates olfactory receptor gene expression", Cell 78, 1994, p. 823-834.

23- Stuart Firestein, "Olfactory Receptor Neurons", Encyclopedia of Life Sciences, December 2000, http://www.els.net.

24- John C. Leffingwell, "Olfaction", 2001, http://www.leffingwell.com/olfaction.htm.

25- Stuart Firestein, "Olfactory Receptor Neurons", Encyclopedia of Life Sciences, December 2000, http://www.els.net.

26- Eric Chudler, "Brain Facts and Figures", 2001, http://faculty.washington.edu/chudler/facts.html.

27- B. Malnic, J. Hirono, T. Sato, L. Buck, "Combinatorial receptor codes for odors", Cell 96, 5 March 1999, p. 713-723.

28- Heinz Breer, "Olfaction", Encyclopedia of Life Sciences, August 1999, http://www.els.net.

29- John C. Leffingwell, "Olfaction", 2001, http://www.leffingwell.com/olfaction.htm.

30- K. Mori, H. Nagao, Y. Yoshihara, "The Olfactory Bulb: Coding and Processing of Odor Molecule Information", Science 286, 22 October 1999, p. 711-715.

31- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html.

32- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html.

33- P. Mombaerts, F. Wang, C. Dulac, S.K. Chao, A. Nemes, M. Mendelsohn, J. Edmondson, R. Axel, "Visualizing an olfactory sensory map", Cell 87, 15 Nevember 1996, p. 675-686.

34- "Sensing Smell", Howard Hughes Medical Institute Annual Report, 1999, http://www.hhmi.org/annual99/a243.html.

35- Tim Jacob, "Olfaction", 2001, http://www.cf.ac.uk/biosi/staff/jacob/teaching/sensory/olfact1.html.

36- L. Buck, R Axel, "A novel multigene family may encode odorant receptors: A molecular basis for odor recognition", Cell 65, 1991, p. 175-187; R. Axel, "The Molecular Logic of Smell", Scientific American, October 1995, p. 154-159.

37- B. Malnic, J. Hirono, T. Sato, L. Buck, "Combinatorial receptor codes for odors", Cell 96, 5 March 1999, p. 713-723.

38- "Researchers Discover How Mammals Distinguish Different Odors", Howard Hughes Medical Institute News, 1999, http://www.hhmi.org/news/buck.html.

39- "The Sense Of Smell", 3 April 2000, http://www.edc.com/~jkimball/BiologyPages/O/Olfaction.html.

40- John C. Leffingwell, "Olfaction-Page 5: Recent Events in Olfactory Understanding", 2001, http://www.leffingwell.com/olfact5.htm.

41- R. Axel, "The Molecular Logic of Smell", Scientific American, October 1995, p. 154-159.

42- "A database of human olfactory receptor genes", The Human Olfactory Receptor Data Exploratorium, 2001, http://bioinformatics.weizmann.ac.il/HORDE/humanGenes/.

43- Heinz Breer, "Olfaction", Encyclopedia of Life Sciences, August 1999, http://www.els.net.

44- Stuart Firestein, "Olfactory Receptor Neurons", Encyclopedia of Life Sciences, December 2000, http://www.els.net.

45- W. Wu, K. Wong, J.H. Chen, Z.H. Jiang, S. Dupuis, J.Y. Wu, Y. Rao, "Directional guidance of neuronal migration in the olfactory system by the protein Slit", Nature 400, 22 July 1999, p. 331-336.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder