Сезүү органдарыңыздын сизди ар дайым айланаңыздагы коркунучтардан эскертип тураарын ойлонгон белеңиз? Мисалы, көчөдөн өтүп баратып катуу ылдамдыкта келе жаткан унаанын сигналын угасыз, көзүңүздү дароо үн чыккан тарапка буруп, кайсы тарапка басаарыңызды чечесиз, ошентип балким өлүмгө алып бара турган кырсыктан аман каласыз. Бирок кээ бир коркунучтарды бул эки орган менен сезе албайбыз. Ушундай учурларда жыт сезүү органы ишке кирип, эскертүү кызматын ийгиликтүү аткарат. Кандайдыр бир жумуш менен алек болгон учурда үйдөгү ыктымалдуу кырсыктарды элестетип көрүңүз. Мисалы, ашканадан газ чыгып жатканын жыт сезүү органыңыз аркылуу гана сезе аласыз. Же болбосо, көзүбүзгө көрүнбөгөн жактагы бир өрттүн биринчи белгисин түтүндүн жытынан сезебиз. Жыт сезүүсү начар же жыт сезимин жоготкон адамдар мындай учурларда коркунучту сезбей калышат.
Ушул сыяктуу коркунучтарга чара катары бир катар электрондук шаймандар иштелип чыккан. Алардын долбоорун түзүүдө адамдын мурдунун жыт сезүү жөндөмү үлгү алынган. Мисалы, бул максатта иштелип чыккан газ же өрт детекторлору мурундун өтө одоно жасалмалары болуп саналат.
Өрт детектору
Белгилүү болгондой, өрт детекторлору түтүндү аныктап, сигнал берип адамдарды эскертет. Иондошуу принцибине ылайык иштеген моделди карайлы. Мындай шаймандарда иондор менен, т.а. электрдик заряды бар бөлүкчөлөр менен толтурулган атайын сенсордук бөлүгү болот. Шайманга таза аба кирип турганда ал бөлүкчөлөр чыгарган электр тогу туруктуу бойдон калат. Түтүн кирген учурда болсо иондор нейтралдашып электр тогу азайат, андан соң шайман сигнал бере баштайт.105
Бул электрондук шаймандын сенсордук бөлүгүн адамдын мурдундагы жыт сезүүчү клеткаларга салыштырсак болот. Татаал процесстердин натыйжасында жыт сезүүчү клеткадагы электрдик заряд өзгөрөөрүн, натыйжада белгилүү бир билдирүүнүн келип чыгаарын мурдакы бөлүмдөрдө айттык. Детектордогу сенсордук механизм ошол жыт сезүүчү клеткадагы системанын өтө жөнөкөй бир модели. Ошол эле учурда бир чындыкты өзгөчө баса белгилөө керек. Өрт детектору менен адамдын мурдунун ортосундагы айырма космос кемеси менен өгүз арабанын ортосундагы технологиялык айырмадан да чоң.
«Электрондук мурун»
Адамдагы жыт сезүү системасы он миңден ашуун жытты эч кыйынчылыксыз айырмалоо мүмкүнчүлүгүн берет. Атайын химиялык билими бар адистер атырдагы жүзгө жакын жыттын булагын аныктай алышат.106 Адамдын мурдундагы бул теңдешсиз долбоор көптөгөн илимпозду аны туурап шаймандарды долбоорлоого түртүүдө. Дүйнөдөгү көптөгөн изилдөө жана өнүктүрүү борборлорунда адамдын кереметтүү жыт сезүү системасынын копиясын жасоо аракеттери көрүлүүдө. Мурунду үлгү алуу менен иштелип чыккан мындай моделдер «электрондук мурун» деп аталууда.Адамдын мурдундагы белоктордон турган рецепторлордун ордуна, электрондук копияларында бир катар химиялык рецепторлор колдонулууда. Ал рецепторлордун ар бири ар башка жытты сезе тургандай кылып долбоорлонот, айырмалоо жөндөмү өскөн сайын өндүрүшү татаалдап, баасы кымбаттайт. Сенсорлордун айлана-чөйрөдөн топтогон сигналдары электрондук системалар аркылуу экилик коддорго айландырылып, компьютерге жөнөтүлөт. Электрондук системалар жыт сезүү органында кызмат кылган нерв клеткаларынын, компьютер болсо адамдын мээсинин бир копиясы деп элестетүүгө болот. Компьютер ага келген маалыматтарды талдоо үчүн программаланат жана натыйжада экилик коддон турган сигналдарды чечмелейт.
Бул ыкма аркылуу иштелип чыккан электрондук мурундар тамак-аш, парфюмерия, медицина жана химия өнөр жайы сыяктуу көптөгөн тармактарда колдонулууда. Университеттер менен эл аралык уюмдар бул багыттагы долбоорлорго чоң колдоо көрсөтүүдө. Ошого карабастан, Уорик университетинин кызматкери Джулиан Гарднер белгилегендей, электрондук мурун технологиясы азырынча башталгыч баскычында гана.107
Адамдын мурду менен электрондук мурунду салыштыруу
Эң биринчиден белгилей турган нерсе, илимпоздор мурундагы жыт сезүүчү клеткалардын сезүү жөндөмүнүн теңдеши жок деп айтышат.108 Ошондой эле, адамдын мурдун толугу менен алмаштыра ала турган бир электрондук шайманды иштеп чыгуу мүмкүн эмес деп кээ бир окумуштуулар белгилешет. Электрондук сенсор технологиясынын адистеринен Э.Дж. Стейплс бул чындыкты айткан адистердин бири.109 Дагы бир илимпоз, профессор Джеймс Харпер «электрондук мурун адамдардын мурдунун ордун ээлей турган бир нерсе эмес, бир толуктоочу» деп, электрондук мурундун жардамчы гана боло алаарын айтат.110 Муну төмөнкүдөй түшүндүрүүгө болот: бир фотоаппарат же камера көздүн ордун ээлей албайт, болгону ага жардам берет. Электрондук копиясынын адамдын мурду менен байланышы да дал ушул сыяктуу.
НАСАнын жыт сезүү боюнча адиси Джордж Олдрич New Scientist журналынын 2001-жылдын 23-июнундагы санында адамдын мурдун алмаштыра турган эч нерсе жок экенин айткан. НАСА эмне үчүн жыт сыноолорунда электрондук шаймандарды колдонбойт деген суроого Олдрич мындай деп жооп берген:
«Менимче, алар (электрондук мурундар) адамдын мурдунун чегине да жакындабайт. Адамдын мурдунан артык эч нерсе жок».111
Бул чындыктарды бир саамга унутуп, эки мурун моделин салыштырып көрөлү. Мындай салыштыруу адамдын мурдунун канчалык теңдешсиз түзүлүшкө ээ экенин дагы бир жолу көрсөтөт:
1) Электрондук мурундар адамдар сыяктуу миңдеген жыттарды эмес, чектелген сандагы жыттарды гана аныктай алат.
2) Компьютердик электрондук мурундар адамдын мурду менен мээсине салыштырмалуу абдан чоң; алар күчтүү көзөмөл жана тейлөө астында иштеген назик түзүлүштөр. Болгондо да, сенсорлордун өмүрүнүн кыскалыгы маанилүү бир көйгөй.112 Ал эми, денебиздеги өмүр бою иштеген жыт сезүү системабыз эч кандай кароону талап кылбайт.
3) Бир эле электрондук мурундун баасы 100 000 АКШ долларына (болжол менен 9 миллион сом) чейин жетет.113
4) Адамдардагы жыт сезүү процесси бир секундадан бир топ кыска убакытта бүтөт. Анын электрондук аналогунда талдоо бир канча секунда, ал тургай бир канча мүнөткө созулат.114
5) Сенсорлорду жөнгө салуу жана алар туташкан компьютерди программалоо өтө маанилүү. Изилдөөлөр суунун, спирттин, көмүр кычкыл газынын жана уксус кислотасынын жогорку концентрациялары аппараттын сезгичтигин начарлатышы мүмкүн экенин көрсөттү.115 Мындан тышкары, электрондук мурун жыт сезүү адистери тарабынан өтө тактык менен программаланышы керек. Болбосо, кээ бир жыттар аппараттын так эмес же белгисиз жыйынтык чыгарышына себеп болот.
6) Сенсорлор менен компьютерлерден турган бир системанын логикалык ой жүгүртүү механизми жок экенин унутпаш керек. Ал эми адамдар болсо бул процессти бала кезинен эле жасай алат. Мисалы, наристе төрөлөөр замат жыт сезүү аркылуу энесин тааный алат, төрөлгөндөн эки күндөн кийин жыттарды ажырата алат.116
7) Кыскасы, бүгүнкү күндөгү өнүккөн технологияга карабастан, адамдын мурдунун сезүү жөндөмүнө теңтайлаша турган бир дагы электрондук шайман өндүрүлө алган жок. Бул биздин жыт сезүү системабыздын кереметтүүлүгүн көрсөтөт. Электрондук мурундар менен иштеген адистер бул чындыкты башкаларга караганда жакшыраак билишет.
Адамдын жыт сезүү системасы алгачкы адам жаралгандан бери кемчиликсиз иштеп келүүдө. Бул ушунчалык татаал түзүлүш болгондуктан, жыт сезүү рецепторлорунун иштөө механизминин жана мээдеги кабылдоо системасынын көптөгөн өзгөчөлүктөрү белгисиз бойдон калууда. Ал тургай, биздин жыт сезүү системасы тууралуу билгендерибиз көрүү, угуу жана тийүү органдарына караганда азыраак.117 Демек, адамдын мурдун алмаштыра ала турган электрондук системаны иштеп чыгуунун куру кыял гана экендиги анык.
Жакынкы жылдарда мындан да өнүккөн электрондук мурундар чыгарылышы мүмкүн. Бирок бул төмөнкү апачык чындыкты эч качан өзгөртө албайт: бир электрондук мурун кокусунан пайда боло албайт; ал белгилүү бир пландын, программанын жана долбоордун натыйжасы. Анын сыңарындай, электрондук копияларынан алда канча жогору турган адамдын мурду менен жыт сезүү системасы да өзүнөн-өзү же кокусунан пайда болгон эмес. Чексиз боорукер жана мээримдүү Аллахтын теңдешсиз жаратуусунун бир далили жана бүт жандыктарга кызмат кылдырылышы өтө чоң сый-жакшылык.
Жыйынтык катары мындай деп айта алабыз: адамдын денесин жана анын жыт сезүү системасын түшүнүүнү көздөгөн ар бир жаңы илимий жетишкендик эволюцияны өжөрлүк менен жактагандарга дагы бир жолу сокку урат жана ошол эле учурда Аллахтын чексиз илими менен акылы тууралуу тереңирээк ой жүгүртүшүбүзгө жардам берет. Мындай ой жүгүртүүлөр акылман ыймандуулардын Аллахка болгон жакындыгын арттырып, Анын кудуретин жакшыраак түшүнүүсүнө шарт түзөт жана Аллахтан коркуу сезимин өстүрөт. Ыймандуулардын Аллахтын аяттарына карата мамилеси Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ой жүгүртүшөт. (Жана мындай дешет:) «Раббибиз, Сен муну максатсыз жараткан жоксуң. Сен – абдан Улуксуң, бизди оттун азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 190-191)
Булактар:
105- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Fire Fighting".
106- Elise Hancock, "A Primer on Smell", Johns Hopkins Magazine, September 1996.
107- Mia Schmiedeskamp, "Plenty to Sniff At", Scientific American, March 2001, http://www.sciam.com/2001/0301issue/0301techbus1.html.
108- Philip Morrison, "The Silicon Gourmet", Scientific American, April 1997, http://www.sciam.com/0497issue/0497wonders.html.
109- Mia Schmiedeskamp, "Plenty to Sniff At", Scientific American, March 2001, http://www.sciam.com/2001/0301issue/0301techbus1.html.
110- Pam Frost, "Electronic Nose Inspects Cheese, Hints at Human Sense of Smell", The Ohio State University Research News, 30/9/1998, http://www.acs.ohio-state.edu/units/research/archive/nosetron.htm.
111- New Scientist magazine, Nose Jop 23 June 2001, p. 44-47
112- W. James Harper, "Strengths and Weakness of the Electronic Nose", http://www.fst.ohio-state.edu/FS/nose/sld024.htm
113- Pam Frost, "Electronic Nose Inspects Cheese, Hints at Human Sense of Smell", The Ohio State University Research News, 30/9/1998, http://www.acs.ohio-state.edu/units/research/archive/nosetron.htm.
114- Philip Morrison, "The Silicon Gourmet", Scientific American, Nisan 1997, http://www.sciam.com/0497issue/0497wonders.html.
115- W. James Harper, "Strengths and Weakness of the Electronic Nose", http://www.fst.ohio-state.edu/FS/nose/sld026.htm.
116- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Infancy".
117- Pam Frost, "Electronic Nose Inspects Cheese, Hints at Human Sense of Smell", The Ohio State University Research News, 30/9/1998, http://www.acs.ohio-state.edu/units/research/archive/nosetron.htm.





Hiç yorum yok:
Yorum Gönder