26 Ekim 2025 Pazar

ЖАНЫБАРЛАРДАГЫ ЖЫТ СЕЗҮҮ СЕЗИМДЕРИ

  

Адамдар менен жаныбарлардын мурундарын колдонуу максаттары бири-биринен айырмаланат. Жаныбарлар жыт сезүү органдарын көбүнчө азык издөө, аңчылык кылуу, өз ара байланышуу, багыт аныктоо жана түгөйлөрүн же балдарын табуу үчүн колдонушат. Канаттуулар, сүт эмүүчүлөр, сойлоочулар, балыктар, чымын-чиркей, курт-кумурскалар жана башка жаныбарлар жашаган чөйрөсүнө эң ыңгайлуу жыт сезүү системалары менен жабдылган.



Бул бөлүмдү окуп жатканда төмөнкү чындыктарды унутпаш керек: бул жандыктардагы жыт сезүү системалары кантип пайда болгон? Жандыктар жыттарды сезишибиз керек деп ойлонуп, денелериндеги кемчиликсиз жыт сезүү системаларын өздөрү жасап алган же бул кемчиликсиз система жандыктарда кокусунан пайда болгон деп айтуу акылга жана логикага таптакыр туура келбейт. Албетте, жандыктар өздөрү да, кокустуктар да мындай кереметтүү системаларды кураштыра алышпайт. Болгондо да, 21-кылымдын жогорку технология шарттарында илимпоздор, изилдөөчүлөр жана инженерлер болгон аракетине карабастан, бул укмуштуу системалардын копияларын эч жасай алышкан жок. Жандыктардагы жыт сезүү органдары кантип пайда болгон деген суроого келсек, мунун акылга жана логикага туура келген бир гана жообу бар: жаратуу.

Жаныбарлардын жаратылышынан сабак алуу керек экени Куранда төмөнкүчө айтылат:

Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар... (Нахл сүрөсү, 66)

Чындыгында жаныбарларда да силер үчүн бир сабак (насаат) бар... (Мүминун Сүрөсү, 21)

 

Жыт боюнча адистер: иттер

Көчөдө бараткан адам менен анын ити сезген жыттар бирдей болбойт. Ит кожоюну сезбеген жыттардан ал чөйрөгө байланыштуу терең маалымат алат. Башка иттерден калган жыттарды жана айланадагы адамдардын өздөрүнө таандык жыттарын талдап, алар тууралуу маалымат чогултат. Абадагы билинээр-билинбес жыттарды да оңой эле сезет.

Иттердин мурдунун жыттарга карата сезгичтиги абдан жогору. Иттердин кээ бир түрлөрүнүн жыт сезгичтиги адамдардыкынан миллион эсе күчтүү.62 Бул өзгөчө түзүлүштүн кемчиликсиздигин элестетишиңиз үчүн бир канча санга токтолууга болот. Биздин мурдубуздун жыт сезүү аймагынын жалпы аянты 5 сантиметр квадрат болсо, иттерде 150 сантиметр квадратка чейин жетет.63 Иттердин мурдундагы жыт сезүү клеткаларынын саны да биздикинен эсе эсе көп. Мисалы, фокстерьерде 147 миллион, немец овчаркасында 225 миллион жыт сезүүчү клетка бар.64

Бул өзгөчөлүктөрүнөн улам иттер адамдардын жана алдыңкы электрондук түзүлүштөрдүн колунан келбеген иштерди кыла алышат. Баңгизаттарды, контрабандалык товарларды, жоголгон адамдарды, жарылуучу заттарды, аңчылык жаныбарларын, кылмышкерлерди, кырсыкка кабылган адамдарды табууда иттердин ушул жогорку жөндөмү пайдаланылат. Мисалы, жыт сезүү органы күчтүү изкубар ит жыт аркылуу эч кандай белгилер көрүнбөгөн жерде из кууп, төрт күндүк изди сезе алат65 жана бир адамдын изин 80 километрден ашуун ээрчий алат.66

Дагы бир таң калаарлык жагдай, жер жүзүндөгү сансыз жыттарга карабастан иттер жаңылбайт. Көптөгөн жыттардын арасынан издегенин оңой эле тандай алышат. Эксперименттерде үйрөтүлгөн иттин сасык жыт чачылган нерселердин арасынан каалаганын таба алаары байкалган.67

«Шлирен сүрөткө тартуу ыкмасы» менен иттердин дем алууда башкача ыкманы колдоноору аныкталган: бир нерсени жыттап жаткан ит дем алганда мурдун кыймылдатат, натыйжада аба каптал тешиктеринен артка өтөт. Бул өзгөчө түзүлүштөн улам ит дем чыгарганда, аба жыттын булагынан башка тарапка чыгат. Ошентип дем алган аба менен жыт аралашпайт.68




Учурда илимпоздор иттин мурду менен мээсиндеги жыттын татаал анализин түшүнүү аркылуу жаңы аппараттарды иштеп чыгууга аракет кылышууда.69 Бүгүнкү күндө өзгөчө бомбаларды, миналарды жана уулуу заттарды аныктоо үчүн мындай электрондук аппараттарга чоң муктаждык бар. Бирок долбоорлонгон аппараттар азырынча иттердин жыт сезгичтигине жете элек.



 

Балыктардагы жыт сезүү

Жыт сезүү дээрлик бардык балыктар үчүн маанилүү.70 Балыктардын жыт сезүү аймагы мурундарынын арткы капталында жайгашат. Сууда ээриген жыт молекулалары аркылуу азыктарын табышат. Ошондой эле, жыт органдары аларды коркунучтардан эскертет, балыктар жаракат алган бир балыктын жытын сезгенде, сак боло башташат.

Акуланын да адамдардай мурун тешиктери бар, бирок аларды жыттоо үчүн гана колдонот. Сүзүп баратканда таноосунан кирген суудагы молекулаларды талдайт. Мээсинин болжол менен үчтөн бири жыт сезүүгө арналган.71 Акулалардагы жыт сезүү механизми толугу менен уникалдуу. Ал аркылуу жытты булагына чейин аныктай алышат, океандагы бир тамчы кандын, башка жаныбарлардан чыккан болор-болбос өлчөмдөгү химиялык заттардын жытын сезе алышат. Мисалы, бассейндин көлөмүндөй суунун ичиндеги 10 тамчы суюк тунецтин жытын аныктай алышат.72

Жылан кебетелүү балыктардын жыт сезгичтиги да абдан күчтүү. Алар чоң көлдөгү бир тамчы химиялык заттын жытын да сезе алышат.73

Жыт сезүүсү эң көп изилденген балыктардын бири – бул лосось балыктары.



 

Лосось балыгынын мурдундагы компас

Көч дегенде көбүнчө канаттуулардын жыл мезгилине жараша орун которушу эске келет. Бирок бир гана абада эмес, кургактыкта жана сууда да көчкөн көптөгөн жандыктар бар. Лосось балыктары алардын бири. Лососьтордун чабактары кыш айларынын аягында агын сууларда жумурткалардан чыгышат. Кээ бир түрлөрү жумурткадан чыгаар замат, кээ бирлери бир канча жума азыктангандан кийин, кээ бирлери болсо агын сууларда бир канча жыл жашаган соң деңизди жана океанды көздөй көчүшөт. Ачык деңиздерде бир канча жылын өткөрүп, тукум улоо үчүн жетилгенден кийин лососьтор дагы бир таң калаарлык саякатка чыгышат.

Лососьтун бул көчтөгү көздөгөнү өзү жумурткадан чыккан жер, максаты болсо ал жерге жумурткаларын таштоо. Бул саякаты мурункусуна караганда алда канча татаал болот. Себеби дарыянын шаркыраган агымына каршы сүзөт, кыркалар менен шаркыратмалардан өтүү үчүн секирет. Ар бир лосось туулуп өскөн дарыянын нугуна же куймасына жетүү үчүн жүздөгөн, ал тургай, миңдеген километрди басып өтөт.74 Кызыл лососьтор деңизде жана агын сууда жалпысынан 1600 километрден ашуун жол жүрүшөт.75 Падыша лососьтор менен кеталар Юкон дарыясында 3200 километрден ашуун сүзүшөт.76 Атлантикалык лосось бул көчтү жыл сайын кайталайт, башка түрлөрү өмүрүндө бир гана жолу жасашат. (Бул жерде лосось балыктарынын кереметтүү көчүнүн колуңуздагы китептин темасына байланыштуу бөлүгү гана каралат.)

Лососьтун бул узун жана машакаттуу сапарында карта же компас сыяктуу багыт көрсөтө турган көмөкчүсү жок. Бул багытта кандайдыр бир билим да алган эмес. Ошого карабастан, жаш кезинде сүзгөн дарыянын деңизге куйган жерин оңой эле табат жана дарыянын көптөгөн бутактарынын арасынан аны туулган жерине алып бара тургандарын адашпай тандайт. Лосось ушундай таң калаарлык иштерди жасай алат. Себеби багыт көрсөтүүчү орган сыяктуу иштеген кемчиликсиз жыт сезүү системасы бар.

Лосось балыктарынын бул жөндөмү биринчи жолу 1970-жылдары бир экспериментте аныкталган. Висконсин университетинен Аллан Шольц күмүш лососьторго жыты эки түрдүү химиялык заттардын бирөөсүнөн берип, андан соң балыктарга белги тагып, коюп жиберген. Эки жылдан кийин лососьтордун жумуртка таштоо убактысы келгенде, балыктар коюп жиберилген жерге жакын жайгашкан бир дарыянын бир бутагына химиялык заттардын бирөөсүнүн, экинчи бутагына экинчи химиялык заттын жыты аралаштырылган. Натыйжада лососьтордун жаш кезде кайсы жытты жыттаган болсо кайра ошол жытка кайтып келээри аныкталган.77

Лососьтун мурдунун эки тешиги бар. Суу бир тешиктен кирип, экинчисинен чыгат. Ал тешиктер балыктын дем алуусу менен бир убакта ачылып жабыла тургандай долбоорлонгон. Ошентип, лосось сууда ээриген жыт молекулаларын заматта талдайт. Дарыянын ар бир бутагынын өсүмдүктөрдөн, жаныбарлардан жана топурактан келип чыккан өзгөчө жытын сезет жана чабак кезинде деңизге саякатында эс тутумунда сакталып калган жытка салыштыруу аркылуу көздөгөн жерине жетет.78 Кыскасы, жыт сезүү сезими миңдеген километрлик сапарында адис жол башчыдай лососько жол көрсөтөт.

Албетте, лосось балыгынын жыт сезгичтиги Аллахтын кереметтүү жаратуусун көз алдыга тартуулаган сансыз далилдердин бири. Аллах бир аятында мындай дейт:

Асмандар менен жердин жаратылышы жана аларда ар бир жандыкты көбөйтүп-жайышы Анын (Аллахтын) далилдеринен. Жана Ал каалаган кезде алардын баарын топтогонго кудуреттүү. (Шура Сүрөсү, 29)

 

Канаттуулардагы жыт сезүү

Мындан жарым кылымдай мурда илим чөйрөлөрүндө канаттуулар дээрлик таптакыр жыт сезбейт деген көз караш басымдуулук кылчу. Бирок кийинчерээк мунун туура эмес экени аныкталды. Изилдөөлөр салыштырмалуу жыт сезүү дөмпөкчөсү кичинекей болгон канаттуулардын да жыт сезээрин көрсөттү. Канаттуулар азык издегенде, уяда колдонула турган материалдарды тандаганда жана учу-кыйырсыз бейтааныш жерлерди кыдырганда жыт сезүү органдарын колдонушат.79 Бул жерде канаттуулар жана жыттар боюнча адистер тарабынан жүргүзүлгөн кээ бир изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына токтолобуз.

Кузгундардын кээ бир түрлөрү өлгөн жаныбарларды алардан чыккан жыттар аркылуу табышат. Ал тургай, кузгундардын табигый газ түтүктөрүнүн газ чыккан жерлеринин үстүндө айланып учканы байкалган. Мындай кыймыл-аракеттин себебин божомолдоо кыйын эмес. Кузгундар табигый газга кошулган жана тарп сыяктуу жыттанган химиялык заттын жытын сезишет.

Көгүчкөндөрдүн ар кайсы түрлөрүнүн мээсинде ар кандай чоңдуктагы жыт сезүү аймагы жана жыт сезүү дөмпөкчөсү бар. Анткен менен, лабораторияда жүргүзүлгөн экспериментте ар бир канаттуунун жыттарга белгилүү бир реакция көрсөтөөрү аныкталган. Алыс аралыктан койо берилгенде, уяларына кайткан көгүчкөндөр көрүү сезими менен бирге жыт сезүү сезимин да колдонушат. Мурун тешиктери тосулуп жыт сезүүсүнө бөгөт коюлган көгүчкөндөрдүн уяларына кайта албай калаары көп жолу далилденген. Божомолдор боюнча, көгүчкөндөр уяларына жакын жерде визуалдык белгилерди, бейтааныш жерлерде болсо негизинен шамал аркылуу келген жыттарды колдонушат. (Мындан тышкары, көгүчкөндөр жердин магниттик талаасын сезүү аркылуу да багытын аныктай алышат.)



Европадагы чыйырчыктар уя курганда, зыяндуу микробдор менен мителердин пайда болушун азайта турган өсүмдүктөрдү тандашат. Мындай өсүмдүктөрдү жыты аркылуу табышат.

Түштүк уюлда жашаган канаттуулардын азык булагы болгон жандыктардын үймөктөрү жашаган жерин тез-тез алмаштырып турушат. Ошондой эле, аларды табууга жардам бере турган визуалдык белгилер абдан аз. Ошондуктан ал аймакта жашаган канаттуулардын азыктарын көздөрү аркылуу табышы чөптүн ичинен кыймылдаган ийнени табуу сыяктуу кыйын. Бирок уюлда жашаган канаттуулар өзгөчө жыт сезүү органы менен жаратылган, жыт аркылуу олжолорун табышат. Жыт сезүү органдары түштүк уюлдун татаал шарттарында азык табууларына шарт түзөт.80

Адистердин ою боюнча, канаттуулардын жыт сезүүсүн жакшыраак түшүнүү үчүн көбүрөөк изилдөөлөр жана эксперименттер жүргүзүлүшү зарыл. Албетте, жаңы илимий изилдөөлөр канаттуулардын жыт сезүүлөрү тууралуу белгисиз кереметтерди ачат. Канаттуулардагы Аллахтын белгилери Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

Асман мейкиндигиндеги моюн сундурулган канаттууларды көрүшкөн жокпу? Аларды (бош мейкиндикте) Аллах гана кармап турат. Күмөнсүз, ыйман кылган бир коомго мында аяттар (далил белгилер) бар. (Нахл Сүрөсү, 79)

 

Жыт изилдөөчүлөр: чиркейлер

Бир гана жыт сезүүңүздү колдонуп, сизден 64 километр алыстагы бир жыттын булагын таба аласызбы? Албетте, жок. Мынчалык алыстан келген жытты сезе албаганыңыз үчүн булагын да таба албайсыз. Бирок сиз кыла албаган бул ишти чиркейлер кыла алышат.81

Бул чындыкты Флорида университетинин профессору Джерри Батлердин илимий изилдөөлөрү аныктаган. Белгилүү болгондой, ургаачы чиркей жумурткалары өрчүшү үчүн канга жана өзү иштеп чыгара албаган кээ бир химиялык заттарга муктаж болот. Ал химиялык заттардын арасында холестерин жана В витамини бар. Аларды адамдардан же жаныбарлардан алат. Профессор Батлердин изилдөөлөрү ургаачы чиркейдин канын соро турган олжосун туш келди тандабай турганын көрсөткөн. Ургаачы чиркей бул муктаждыктарын эң жакшы камсыздай турган жандыктарды тандайт. Ал жандыктарды эң башта жыт сезүү органын колдонуп аныктайт. Батлердин айтымында, чиркейлер ушунчалык өзгөчө жыт сезүү жөндөмүнө ээ болгондуктан, адамдын денесинен чыккан абдан аз өлчөмдөгү химиялык заттарды аныктай алышат.82

Адамдын денесинен чыккан жыттар, дем аркылуу чыккан көмүр кычкыл газы жана башка жыттар абада тарайт. Ургаачы чиркей ушул жыттарды сезүү жөндөмүнө ээ. Жыт молекулаларын зигзаг жолдор менен ээрчип олжосун оңой эле таба алат. Андан соң денесиндеги сезгич жылуулук сенсору аркылуу тамырдын ордун так аныктайт.



Албетте, 1 сантиметрдик бир жандыктын бир канча километр алыстагы олжосун жыт аркылуу табышы жана ал жытты талдашы таң калтырбай койбойт. Чиркейдин абдан өнүккөн жыт сезүү системасы денесиндеги кереметтүү жабдыктардын бирөөсү гана жана адамдардын Улуу Аллахтын кемчиликсиз чеберчилигин дагы бир жолу көрүшүнө шарт түзө турган жаратылуу далили. Кээ бир адамдарга жөнөкөй бир жандыктай көрүнгөн чиркейдин кичинекей денесиндеги жыт сезүү системасы чексиз жаратылуу далилдеринин бири. Чиркейдин канчалык маанилүү мисал экени Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

Чындыгында Аллах бир чиркейди да, андан өйдөнү да мисал келтирүүдөн тартынбайт. Ошентип ыймандуулар, албетте, мунун Раббилеринен келген бир чындык экенин билишет; каапырлар болсо «Аллах бул мисал менен эмнени максат кылган?» дешет. Муну менен бир тобун адаштырат, бир тобун болсо туура жолго (хидаятка) жеткирет. Бирок Ал бузукулардан башкасын адаштырбайт. (Бакара Сүрөсү, 26)

Чиркейдин кемчиликсиз жыт сезүү органынын, алдыңкы учуу механизминин жана башка системаларынын бир гана түшүндүрмөсү бар. Дээрлик күн сайын көрүлгөн, бирок маани берилбеген чиркейде көптөгөн кереметтүү долбоорлонгон системалар бар жана ал маанилүү жаратылуу далили. Аллах Хаж сүрөсүндө төмөнкүчө кабар берет:

Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. (Хаж Сүрөсү, 73)

 

Күбө курттардын таң калыштуу жөндөмү

Күбө курттар уюлдар менен океандардан тышкары, дүйнөнүн дээрлик бүт тарабында жашаган жана бир миллиондой түрү бар деп болжолдонгон жандыктар.83 Бул кичинекей жандыктын жыт сезүү органы катары кызмат кылган органдары – башындагы эки антенна. Ар бир антеннада жүздөгөн майда түкчөлөр бар, ал түкчөлөрдө жыт сезүүчү клеткалар жайгашкан. Антенналардын өзгөчө түзүлүшү күбө курттарды чыныгы жыт адистерине айлантат.84

Күбө курттар бул органы аркылуу кайсы нерселер азыкка жарап, кайсылары зыяндуу болушу мүмкүн экенин аныкташат. Мындан тышкары, жыт сезүүнүн күбө курттар үчүн дагы бир чоң мааниси бар. Жупталуу убактысы келгенде ургаачы көпөлөк бир феромонду бөлүп чыгарат, эркек көпөлөк аны сезип, анын булагын көздөй учуп ургаачыны табат. Бул жерде көңүл буруу керек болгон бир жагдай бар. Эркек көпөлөк жыт аркылуу бир канча километр алыстагы ургаачыны таап барат. Мисалы, эркек жибек көпөлөктөр 20 километр, ал тургай, андан да алыстагы ургаачылардын феромонун сезе алышат.85 Чындыгында бул кичинекей жандыктардын жыт сезүү органдарынын сезгичтиги абдан таң калыштуу.

Бул жерде мындай суроо туулушу мүмкүн: бир эркек көпөлөк ошол аймактагы он миңдеген, ал тургай, жүз миңдеген көпөлөктөрдүн түрлөрүнүн арасынан өзүнүн ургаачысын кантип адашпай таба алат? Бул суроонун жообу да күбө курттун күчтүү жыт сезүү жөндөмүндө катылган. Бир мисал келтирели: Түндүк Америкада жашаган көпөлөктөрдүн бир түрүнүн (Helicoverpa zea) эркеги ортосунда 1 миллиметрдей аралык болгон эки түрдүү феромондун булагын максимум 0,001 секундада айырмалай алат.86

Изилдөөчүлөр көпөлөктөрдүн жыт сезүү органына, т.а. антеннасына кичинекей эки сенсор жайгаштырып кээ бир эксперименттерди жасашкан.87 Бир туннельдин ичинде феромонду көздөй учкан эркек көпөлөктүн антеннасынын мээсине жиберген электрдик сигналдары каттоого алынган. Көпөлөк феромон булутуна жолугаар замат антеннасынан келген сигналдардын өзгөргөнү байкалган. Берлин нейробиология институтунан Джованни Галиция көпөлөктөрдүн жыт сезүү системасы катуу шамалда жыттарды аныктоого эң ылайыктуу болушу мүмкүн дейт.88 Көлөмү бир канча миллиметр болгон бул жандыктагы кемчиликсиз система апачык жаратылуу керемети.

 

Аарылардын жыт аркылуу байланышуусу

Аарылардын өз ара байланышуу ыкмаларынын бири – феромондор. Бир аары колониясындагы он миңдеген аары бири-бири менен феромондор же химиялык сигналдар аркылуу байланышат. (Кумурскалар да ушундай жол менен байланыш курушат.) Аарылар өздөрүнүн колониясына таандык башка аарыларды жытынан таанышат, колонияга тиешесиз бир аары уюкка киргенге аракет кылса, ошол замат жытынан таанып, сыртка чыгарып салышат. Бир гүлдүн ширесин жеп түгөткөн аары аны өзгөчө жыт менен белгилеп койот, башка аарылар ал жытты түшүнүшөт, ошентип убакыт жана энергия которушпайт.

Аарыларда феромондордогу билдирүүлөрдү сезе турган жыт сезүү системалары бар. Жыт сезүү клеткалары антенналарында жайгашкан. Аарылар тууралуу изилдөө жүргүзгөн Сатис Чандра аарылардын жыт сезүүдө абдан ийгиликтүү экенин айтат.89 Бал жасоо үчүн аарыларга шире (нектар) керек. Ошондуктан көптөгөн түрдүү гүлдөргө конуп, кыска убакытта кайсылары эң көп шире берээрин аныкташат.90

Бул чындыктын негизинде илимпоздор мындай жыйынтыкка келишкен: аарыларда гүлдөрдүн жыттарын тааный турган өзгөчө механизм бар.91 Ал механизм аркылуу гүлдөрдөн алынган жыттардын маалыматын «фильтрлешет» жана кайсы гүлдөрдүн аларга керектүү ширени эң жакшы берээрин түшүнүшөт. Бул кичинекей жандыктардын жыт сезүү органын мынчалык аң-сезимдүү жана акылдуу колдонушунун бир гана түшүндүрмөсү бар. Аарылар да, ааламдагы бардык жандыктар сыяктуу, Аллахтын каалоосу менен пайда болушкан жана Анын илхамы менен кыймыл-аракет кылышат. Куранда бул төмөнкүчө кабар берилет:

Раббиң бал аарыга вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Эч күмөнсүз, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар. (Нахл Сүрөсү, 68-69)




Булактар:

60- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Aromatherapy".

61- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Aromatherapy".

62- Norma Bennett Woolf, "The nose knows: Canine scents and sensibilities", 2001, http://www.canismajor.com/dog/nose.html.

63- Eric Chudler, "Amazing Animal Senses", 2001, http://faculty.washington.edu/chudler/amaze.html

64- "K9 Olfactory System - Theory of Scent", Eden & Ney Associates Inc., 2000, http://www.policek9.com/Trainers_Digest/theory/theory.html

65- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Domestic Dog"

66- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Bloodhound"

67- L. Wilson Davis, "Go Find! Training Your Dog To Track", Howell Book House, NY., 1974

68- Mark Schrope, "Sniffing danger", New Scientist, 26 August 2000

69- oanne Cavanaugh Simpson, "Building better sniffers", Johns Hopkins Magazine, November 1999

70- Britannica CD 2000 Deluxe Edition, "fish: Olfaction"

71- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Shark"

72- "Shark Attack!, The Hunt, Smell", NOVA Online, 2001, http://www.pbs.org/wgbh/nova/sharkattack/hotsciencesharks/sensesmell.html

73- "Super Senses", World Magazine, National Geographic Society, June 2000

74- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Salmon (fish)"

75- Britannica CD 2000 Deluxe Edition, "sockeye salmon"

76- Britannica CD 2000 Deluxe Edition, "salmon"

77- Marcia Barinaga, "Salmon Follow Watery Odors Home", Science 286, 22 October 1999, p. 705-706

78- Marcia Barinaga, "Salmon Follow Watery Odors Home", Science 286, 22 October 1999, p. 705-706

79- David Malakoff, "Following the Scent of Avian Olfaction", Science 286, 22 October 1999, p. 704-705

80- David Malakoff, "Following the Scent of Avian Olfaction", Science 286, 22 October 1999, p. 704-705

81- "Mosquitoes have discriminating tastes", CNN Environmental News Network, 26 August 1999, http://www.cnn.com/NATURE/9908/26/mosquitoes.enn/index.html

82- "Mosquitoes use super senses", BBC News, 21 August 1999, http://news.bbc.co.uk/hi/english/sci/tech/newsid_426000/426655.stm

83- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Butterflies and Moths"

84- Bente Haarstad, "Insects amazing sense of smell", January 1998, http://www.ntnu.no/gemini/1998-01E/30.html

85- M. Encarta Encyclopedia 2000, "Butterflies and Moths"

86- T.C. Baker, H.Y. Fadamiro, A.A. Cosse, "Moth uses fine tuning for odour resolution", Nature 393, 11 June 1998, p. 530

87- N.J. Vickers, T.A. Christensen, T.C. Baker, J.G. Hildebrand, "Odour-plume dynamics influence the brain's olfactory code", Nature 410, 22 March 2001, p. 466-470

88- Helen Pearson, "Sniffing out smell's secret code", Nature science update, 22 March 2001, http://www.nature.com/nsu/010322/010322-12.html

89- Sara Abdulla, "Getting up bees' noses", Nature science update, 12 November 1998, http://www.nature.com/nsu/981112/981112-9.html

90- Jessa Netting, "What's in a smell?", Nature science update, 15 September 2000, http://www.nature.com/nsu/000921/000921-2.html

91- J.S. Hosler, B. H. Smith, "Blocking and the detection of odor components in blends", Journal of Experimental Biology 203, 2000, p. 2797-2806

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder