26 Ekim 2025 Pazar

КИРИШҮҮ (ДААМ ЖАНА ЖЫТ СЕЗҮҮ КЕРЕМЕТТЕРИ)

  

Өмүр бою өзүңүз сезген жагымдуу жыттарды эстегенге аракет кылыңыз. Оюңузга көптөгөн жыттар келет: роза, гвоздика, сирень, жасмин, лаванда, көк чөп жана ар түрдүү өсүмдүктөрдөн жаз айларында айланага тараган жыпар жыттар, жаңы гүлдөгөн апельсин, мандарин жана лимон дарактарынын айлананы каптаган жыттары, ар түркүн атырлардын жагымдуу жыттары, ар кандай татымалдардын табитти ачкан жыттары, эрте менен туруп эч нерсе жей элек кезиңизде ашканадан келген жаңы бышкан же куурулган нан, помидор, жумуртка, зайтун, чай, кофе же сүттүн жыттары, шишкебектин жыты же бир самындын таптаза жыты...

Мындан тышкары, ушул күнгө чейин өзүңүз таткан сонун даамдарды эстеп көрүңүз. Ар түркүн тамактардын, таттуулардын, эттердин, балыктардын, жашылчалардын, сорполордун, салаттардын, торттордун, токочтордун, мөмө-жемиштердин, суусундуктардын, кыямдардын, балмуздактардын, кондитердик азыктардын жана башка азык-түлүктөрдүн жагымдуу даамдарын...

Ар бир адамдын эсинен кетпеген, унутулбаган көптөгөн жыттар жана даамдар бар. Ал тургай, алардын кээ бирлерин бир саамга ойлонуу да адамдын көңүлүн көтөрөт. Чындыгында бул жерде айтылган жагымдуу нерселердин ар бири терең ойлонууну талап кылган теңдешсиз сый-жакшылыктардан. Аллах жараткан сый-жакшылыктар тууралуу Куранда мындай деп айтылат:

Эгер Аллахтын сый-жакшылыктарын санагыңар келсе, аны топторго бөлүп да санай албайсыңар. Чындыгында Аллах – кечиримдүү, боорукер. (Нахл Сүрөсү, 18)

Аллах бул айтылган сый-жакшылыктар менен бирге, денебизде аларды байкап, алардан ырахат алышыбызды камсыздаган системаларды да жаратып, чексиз мээриминин бир көрсөткүчү катары бул сый-жакшылыктарды адамдардын кызматына тартуулаган. Ал системалардын экөөсү биз үчүн абдан маанилүү болгон «жыт жана даам сезүү» системалары. Жыт жана даам дүйнөлөрүнүн ырахатын ошолор аркылуу гана сезе аласыз. Ойлоп көрүңүз, алар болбогондо, жыт, даам сыяктуу түшүнүктөрдү таптакыр билмек эмессиз. Жеген жана ичкен нерселериңиздин жагымдуу жыттарын жана даамдарын сезе албаганыңызды элестетиңиз, алардын канчалык маанилүү экенин ошол замат түшүнөсүз. Мисалы, кулпунайды кулпунай кылган анын жыты менен даамы. Аларды сезе албасаңыз, кулпунайдын эмне экенин да биле албайсыз.

Бул дүйнөгө келген күндөн баштап жыт жана даам сезүү сезимдериңизди колдонуп, он миңдеген жытты жана даамды эч кыйынчылыксыз сезип келе жатасыз. Себеби аны камсыздаган кереметтүү системаларыңыз бар. Жыт жана даам сезүү сезимдериңиз өмүр бою токтоп эс албастан, бир дагы ката кетирбестен сиз үчүн кызмат кылышат. Болгондо да, алар үчүн эч кандай акы төлөгөн жоксуз, ал жөндөмдөргө ээ болуу үчүн билим алган жоксуз жана атайын аракет кылган жоксуз.

Албетте, бул айтылган чындыктар тууралуу терең ой жүгүртүү зарыл. Бул чындыктардын алдында акыл-эстүү жана абийирдүү ар бир адам өзүнө төмөнкү суроону бериши керек: денедеги кемчиликсиз жыт жана даам сезүү механизмдери кантип пайда болгон?

Бул жөнүндө медицина жана биология китептеринде жыт жана даам сезимдерибиз үчүн мурдубуз, тилибиз жана мээбизге карыздарбыз деп айтылат. Жыт менен даамды ушул органдар аркылуу сезээрибиз, албетте, чындык. Бирок бул жерде билип же билбей көз жаздымда калтырылган өтө маанилүү дагы бир жагдай бар. Демейде айтыла бербеген, бирок чыныгы жооп бериле турган суроо төмөнкүдөй: тилибиз, мурдубуз жана мээбиз үчүн кимге карыздарбыз?

Көп адамдар мурдум менен жыт, тилим менен даам сезээримди билишим жетиштүү, андан аркысы мени кызыктырбайт деп ойлойт. Бирок бул чоң жаңылыштык. Жыт жана даам сезүү адамдын жашоосунун абдан керектүү, ажырагыс бөлүктөрү жана бул чындыкты түшүнгөн адамдын жогорудагы суроолорду көз жаздымда калтыруусу өтө чоң кайдыгерлик болот.

Эч күмөнсүз, колубуздагы бардык нерселер сыяктуу, бул кереметтүү жакшылыктар үчүн да ааламдардын Рабби Аллахка карыздарбыз. Жыт жана даам сезүү системаларын изилдегенде, бул кемчиликсиз системаларда көптөгөн таң калаарлык жаратылуу далилдеринин катылганын апачык көрөбүз. Колуңуздагы бул китептин максаты – бул системалардагы жаратылуу далилдерин ачып берүү жана Аллахтын чексиз илимин жана кудуретин ойлонууга, Анын сансыз сый-жакшылыктарын жакшылап түшүнүүгө көмөкчү болуу. Китепте башынан аягына чейин Раббибиз тартуулаган сый-жакшылыктар эскерилип, эске салынат. Ошондой эле, сөз болуп жаткан кереметтүү системаларды кокусунан пайда болгон деп эсептеген эволюция теориясынын акылга жана логикага канчалык сыйбай тургандыгы дагы бир жолу көз алдыга тартууланат.

Аллахтын кемчиликсиз жаратышы Куранда төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз пайда кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Ага таандык. Асмандардагы жана жердегилердин баары Аны тасбих кылат. Ал – Азиз (Улуу), Хаким (Даанышман). (Хашр Сүрөсү, 24)

 

АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ

Китепте кез-кезде колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллах жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder