20 Şubat 2026 Cuma

ЖЫЙЫНТЫК: ЧЕЧҮҮ ЖОЛУ КУРАН АДЕП-АХЛАГЫ

 

Бул китепте дин адеп-ахлагынан алыс жашаган адамдардын көз караштарын, жүрүм-турумдарын жана ал адамдардан турган коомдун негизги өзгөчөлүктөрүн ар тараптан карадык. Ал адамдардын чечилбес көйгөйлөр жана кыйынчылыктар менен алпурушкан жашоо образынын денелерине жана жан дүйнөлөрүнө тийгизген зыяндарын талдадык. Салыштыруу катары чын ыкластуу ыймандуулардын бейпил жана коопсуз жашоолорунан мисалдарды келтирдик. Динчил адамдардын бейпил жана коопсуз жашоосунун булагы – бул, китептин көп жеринде айтылгандай, Куранда бардык маселелердин чечүү жолдорунун камтылгандыгы. Куран ар кандай көйгөйгө, ар кандай туюкка эң жакшы жана эң акылдуу чечүү жолдорун сунуштайт:

Адилетсиздик, карама-каршылык, теңсиздик, талаш-тартыш, чыр-чатак, акыйкатсыздык, ысырапкорчулук, шектенүү, калыссыздык, зулумдук, зордук-зомбулук, экономикалык мамилелер, жубайлардын ортосундагы мамиле, соода-сатык мамилелери, адамдардын ортосундагы коомдук мамилелер, туугандык мамилелер жана ушул сыяктуу сансыз коомдук маселелерде жана иш-аракеттерде Куран адеп-ахлагына таянуу адамдардын жашоосун жеңил, бейпил жана бактылуу кыла турган эң негизги, эң адилеттүү, эң кемчиликсиз жана эң түптүү чечимдерди алып келет.

Мындан тышкары, Куран адамдарга ар кандай кырдаалда жана ар кандай шартта көрсөтүлүшү керек болгон идеалдуу жүрүм-турумду жана адеп-ахлакты да сүрөттөйт. Куранда сүрөттөлгөн бийик адеп-ахлак үлгүсү менен жашаган адамдардан турган коом, албетте, адамзат кылымдардан бери эңсеп келген идеалдуу түзүлүшкө жетет.

Куранда адамдарга бардык маселелердин түшүндүрмөсү бар экени бир аятта төмөнкүчө белгиленет:

 

... (Бул Куран) ойдон чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин «ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)

 

Адамдар чыныгы диндин жетекчилигисиз, жеке маселелерине да, коомдук маселелерге да эч качан түптүү жана ыраазы кыларлык чечимдерди өз алдынча таба алышпайт. Тарых бою дин адеп-ахлагынан алыс жашаган коомдордун ушул күнгө чейин чече албай уланып келген сансыз көйгөйлөрү бул чындыктын апачык далили. Адамзат дин адеп-ахлагынан баш тартса, анын жазасын ар бир адамга жана коомго келген, эч качан чечилбей турган кыйынчылыктар жана көйгөйлөр аркылуу тартканга мажбур болот. Бул динсиз жашоонун бул дүйнөдөгү жазасы. Акыреттеги жазасы болсо алда канча оор жана түбөлүктүү болот.

Адамды эң жакшы билген – бул аны жараткан Аллах. Аллах адамзатка ар бир доордо чыныгы дин аркылуу керектүү маалыматтардын жана түшүрдүрмөлөрдүн баарын жөнөткөн. Чыныгы дин менен жашаса, адамдын эң жакшы жашоого жетээрин да кабар берген:

 

Эркек болсун, аял болсун, бир ыймандуу катары ким чын ыкластуу иш-аракет жасаса, албетте, Биз аны сонун жашоодо жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз. (Нахл Сүрөсү, 97)

 

Ошого карабастан, эгер бир адам арзыбаган эсептери, дүнүйөлүк кызыкчылыктары жана өзүмчүл алсыздыктары себептүү чыныгы динден баш тартса, өзүнө эле эң чоң зыян болот. Анткени бир адамдын Курандан баш тартышы анын өзүнө керектүү эң маанилүү маалыматтардан куру калышы дегенди билдирет. Бирок өзүнүн тажрыйбасы да, өзүнө окшогон бардык адамдардын тажрыйбасы да бул дүйнөдө башына келген шарттарды жана көйгөйлөрдү чечүүгө жетпейт. Бүт өмүрү санаалар, тынчсыздануулар, стресс, куру ойлор, терс жыйынтыктар жана чечилбеген көйгөйлөр менен өтөт. Белгилүү убакыттан соң ал бул кырдаалга моюн сунуп, динден алыс жашашынын жазасы болгон азаптуу өмүрүн бул жашоонун өзгөрүлбөс чындыгындай кабыл алат жана өмүрү чоң алдануу менен өтөт.

Мунун чечими болсо белгилүү: бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахка кайрылып, Анын биз үчүн тандап жактырган дини менен жашоо аркылуу бакытка жетүү. Аллах бул дүйнөдөгү кутулуу жолунун динге кайрылуу экенин кабар берген жана чын ыкластуу пенделерине дин менен жашаса бул дүйнөдө коркпой жашай турганын сүйүнчүлөгөн:

 

Аллах араңардан ыйман келтиргендерге жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз, алардан мурдакыларга кандай «күч жана бийлик» берген болсо, аларга да жер жүзүндө ошондой «күч жана бийлик» берет, алар үчүн тандап жактырган динин аларга бекемдеп, орнотот жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат. Алар бир гана Мага ибадат кылышат жана Мага эч нерсени шерик кошушпайт. Ким мындан кийин чындыктан баш тартса, дал ошолор – бузукулар. (Нур Сүрөсү, 55)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder