Мурдакы
бөлүмдөрдө дин адеп-ахлагынан алыс болгон учурда адамдардын маанайынын жана
кулк-мүнөзүнүн кандай болоорун жана андан келип чыккан адам моделдерин терең
карадык. Бул бөлүмдө болсо дин адеп-ахлагына ылайык жашап баштаган бир коомдо
кылымдардан бери айыкпаган коомдук жарааттардын кантип жоголоорун көрөбүз.
Адеп-ахлактык бузулуунун бардык түрлөрү жок болот
Дин адеп-ахлагынан
алыс коомдордун эң белгилүү өзгөчөлүгү коомдо адеп-ахлактык бузулуу жайылат
жана ал күн сайын чектен чыгып күчөй берет. Мындай коомдордо Курандын өкүмдөрү,
Аллахтын ыраазылыгы же Аллахтан коркуу сыяктуу баалуулуктар жок болгондуктан, мындай
бузулууга эч нерсе бөгөт боло албайт. Коомдордогу үрп-адаттардын, салттардын,
адамдар же жетекчилер тарабынан иштелип чыккан коомдук эрежелердин кандайдыр
бир бөгөт коюучу таасирлери болсо да, ал эрежелер адамдар тарабынан иштелип чыккандыктан
жана Аллахтан коркууга таянбагандыктан, адамдардын абийирсиз, ырайымсыз жана
адамгерчиликсиз жүрүм-турумдарына жолтоо боло албайт.
Мисалы,
адеп-ахлаксыздык кылган адамдын андан да адеп-ахлаксыз болбошуна эч кандай
себеп жок. Бир ишкананын ээсин элестетиңиз. Эгер ал киши Аллахка ишенбесе жана
Андан коркуп тартынбаса, анда абийирсиз болууну чечип, мүмкүнчүлүк болоор замат
андан пайдаланууга даяр кишиге айланган болот. Анткени бир адамдын аны жараткан
Затка моюн сунбашы, Ал тартуулаган сый-жакшылыктарды байкай албашы жана Анын
буйруктарын, тыюуларын укпашы ансыз да эң чоң абийирсиздик болуп саналат. Андай
адам ишканасында иштеген кишилерге жаман мамиле кылууну, ачууланып акарат
келтирүүнү, аларды мүмкүн болушунча аз төлөп, көп иштетүүнү өзүнүн абийири
боюнча кадимки көрүнүш катары көрөт. Чогуу иштешкен кишилерди же фирмаларды
мүмкүнчүлүк болгондо алдап кетпеши же өзүнүн фирмасын чоңойтуп күчтөндүрүү жана
көбүрөөк киреше табуу максатында мыйзамсыз иштерге барбашы үчүн өзүн абийирдик
жактан жоопкерчиликтүү сезе турган бир себеп болбойт.
Башында айтылгандай,
Жараткандын мыйзамдары чен-өлчөм катары алынбаганда, адеп-ахлактык чен-өлчөмдөр
адамга жараша өзгөрө берет. Бир адам өтө чоң уятсыздык деп эсептеген нерсени
башка бирөө кадимки көрүнүш катары көрүшү мүмкүн. Ошондуктан дин адеп-ахлагынан
алыс коомдордо адеп-ахлактык баалуулуктар адамга, жашка, аймакка, шаарга,
өлкөгө жана коомго жараша өзгөрө берет. Жалпы баалуулук болбогондуктан, коомдо
адеп-ахлактык чен-өлчөмдөр тууралуу талаш-тартыштар, чыр-чатактар келип чыгат. Ар
бир жаңы муун мурунку муунга салыштырмалуу адеп-ахлактык баалуулуктар жагынан
көбүрөөк бузулат.
Бул жерде негизги
жагдай – адеп-ахлактык бузулуунун ылдамдыгынын барган сайын өсүп жатышы.
Аллахка болгон ишенимдин жетишсиздигинен улам коомдор жылдан жылга начарлап,
бир жыл мурда коомчулукка өтө чоочун сезилген бир иш-аракет же түшүнүк бир
жылдан кийин коомдун мүчөлөрү тарабынан кадимки нерседей кабыл алынып баштоодо.
Бул, албетте, ал коомго чоң зыянын тийгизип, динсиздиктен келип чыккан жаман
адеп-ахлак күн сайын күч алууда. Кызыгы, адеп-ахлаксыздык заманбаптык
(модернизм) катары көрсөтүлүүдө жана коомго ошентип сиңирилүүдө. «Заманбап
коомдун, 21-кылымдын адамы эркин жана чектөөсүз болушу керек» деген түшүнүк
динсиз идеологдор тарабынан коомдук аң-сезимге орнотулууда.
Адеп-ахлаксыздыктын
жашы күн сайын төмөндөп, адеп-ахлаксыздыктын түрлөрү да көбөйүүдө. АКШда жана
Европада өспүрүмдөрдүн арасында киши өлтүргөндөрдүн саны бир топ өстү. Ыраакы
Чыгыш өлкөлөрүндө жаш балдар кичинекей жашында сойкулукка аралашып, ар кандай
бузуку иштердин куралына айланууда. 1980-жылдары жыныстык бузукулуктар эч ким
сөз да кылбаган уят түшүнүктөр болсо, бүгүнкү күндө мындай мамилелер кадимки
көрүнүштөй кабыл алынып, бул уятсыздыктарды кылгандарга толеранттуулук менен
каралууда, аларга каршы чыккандар болсо заманбап эмес (караңгы) адамдар деп
айыпталууда. Динсиз коомдордогу адамдардын мындай аракеттери аятта төмөнкүчө
сүрөттөлөт:
Ал эми дин
адеп-ахлагы орногондо, адеп-ахлактык бузулуу болбойт. Эң башта ар бир адам
Аллахтан абдан корккондуктан, ансыз да адеп-ахлаксыздыктан алыс болот. Ал үчүн
Курандын өкүмдөрүн аткаруу жетиштүү. Мисалы, төмөнкү аятта Аллах каалаган
адеп-ахлак чен-өлчөмдөрү апачык кабар берилген:
Чындыгында Аллах адилеттүүлүктү, жакшылыкты жана жакындарга (жардам) берүүнү
буйуруп, уятсыздыктардан, жаман иштерден жана залимдиктен тыят. Силерге ушинтип
насаат берет, балким сабак алып-ойлоноорсуңар. (Нахл Сүрөсү, 90)
Бул жана ушул сыяктуу
аяттардагы өкүмдөрдү билген ыймандуулар булардын чегинен чыкпайт. Ошондуктан
ыймандуулардан турган коомдо адеп-ахлаксыздыктар болбойт.
Ошондой эле,
адамдардын анча-мынча каталары болсо, ага башка ыймандуулар унчукпай
койбогондуктан, кайра эле адеп-ахлаксыздык болбойт. Караңгы (динден алыс)
коомдордогудай адеп-ахлаксыздыктардын колдоо көрүп, жайылышы эч мүмкүн эмес.
Анткени ыймандуулардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири, аяттарда көп жолу
белгиленгендей, бири-бирин жакшылыкка үндөп, жамандыктан тосушу:
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-биринин досу. Жакшылыктарга үндөп,
жамандыктардан кайтарышат, намазды туптуура окушат, зекетти беришет жана Аллахка
жана Анын Элчисине моюн сунушат. Аллах мына ушуларга ырайым кылат. Күмөнсүз, Аллах
улуу жана кудуреттүү, даанышман жана өкүмдар. (Тообо Сүрөсү, 71)
Демек, Куран
адеп-ахлагы менен жашаган коом адеп-ахлак жагынан өтө бийик болот. Анткени
ыймандуулар жакшы адеп-ахлакта бири-бири менен жарышышат (Али Имран Сүрөсү,
114) жана бири-бирин үндөшөт (Фуссилет Сүрөсү, 33). Өзүнө карата жакшы насаат
же кеңеш айтылганда, ошол замат аткарышат (Зүмер Сүрөсү, 18). Куранда Аллах дин
менен жашаган адамдардан турган коомдун бул өзгөчөлүктөрүн төмөнкүчө сүрөттөйт:
Силер адамдар үчүн чыгарылган жакшы бир үммөтсүңөр; маруфту (жакшы жана Исламга
туура келгенди) буюруп, мүнкерден (жаман иш, күнөөлөрдөн) тососуңар жана Аллахка
ыйман кыласыңар. (Али Имран Сүрөсү, 110)
Албетте, мындай
коомдун адеп-ахлак жагынан динден алыс коомдорго салыштырмалуу канчалык бийик
тураары айдан ачык.
Дин адеп-ахлагы үй-бүлө түзүлүшүндөгү кемчиликтерди жок кылат
Коомдор бекем коомдук
түзүлүшкө ээ болушу үчүн үй-бүлө түзүлүшү бекем болушу керек. Үй-бүлө
бузулганда коом да сөзсүз бузулат. Ошондуктан атеизмге таянган идеологиялар
(коммунизм, социализм ж.б.) эң алгач үй-бүлөгө чабуул жасашат. Нике, эненин
баалуулугу, купуялуулук, бекемдик, ар-намыс, адеп сыяктуу баалуулуктарды жок
кылууну көздөшөт. Динсиз коомдорго багыт берген философтор менен лидерлер ушул
себептен бул баалуулуктарды пайдасыз көрсөтүүгө аракет кылышат. Мисалы, мурда
никесиз мамилени коом кабыл алчу эмес, азыр бул табигый көрүнүшкө айланды. Ошондой
эле, никесиз мамилелердин жашы ушунчалык төмөндөп, мектеп жашындагы балдардын
арасында да мунун көбөйүп баратканы белгилүү.
Коомдун басымдуу
бөлүгүнүн үй-бүлө куруу тууралуу көз карашы туура эмес. Жаш кыздар турмушка
чыгууну өмүрлөрүн кепилдикке ала турган камсыздандыруу сыяктуу көрүшүүдө.
Натыйжада негизги критерий материалдык байлык болот. Кээде буга кызматы, сырткы
келбети, чөйрөсү сыяктуу өзгөчөлүктөр да кошулат. Бирок эң негизгиси акча.
Ошондуктан караңгы коомдо үй-бүлө курууда көбүнчө эркектин мал-мүлкү менен
акчасына каралат. Акча, кызмат, сырткы келбет сыяктуу күтүүсүздөн, ар бир адам
жоготуп алышы мүмкүн болгон нерселерге таянып курулган үй-бүлөнүн канчалык
бекем болоорун түшүнүү үчүн ажырашуу тууралуу статистиканы кароо жетиштүү.
Анткени, белгилүү болгондой, ажырашуулар жыл сайын өсүүдө.
Үй-бүлөнү бузган дагы
бир себеп – бул эркектердин жубайларында каалаган өзгөчөлүктөрү. Белгилүү
болгондой, жалпысынан эркектер үйлөнөөрдө эң башта сулуулугуна карашат. Мындан
тышкары, ал кыздын жакшы билим алып, жөндөмдүү болушуна да көңүл бурулат. Албетте,
эки тарап тең каалаган бул өзгөчөлүктөргө ээ болуу жаман нерсе эмес, бирок
бекем болушу керек болгон үй-бүлө институту ушуларга гана таянса, анда бул
өзгөчөлүктөрдү жоготкон учурда үй-бүлөнүн бузулушунан башка альтернатива
калбайт.
Чындыгында болсо
үй-бүлө курууда туруктуулук, опаа, сүйүү, сый-урмат сыяктуу түшүнүктөр абдан
маанилүү. Бирок адамдарды бириктирген дин адеп-ахлагынын күчтүү баалуулуктары
болбостон, бул өзгөчөлүктөр болбойт. Ошондуктан диний баалуулуктар болбосо,
үй-бүлөнүн бузулушу өтө оңой болот.
Жогоруда айтылгандай
туура эмес логикаларга таянган үй-бүлөлөрдүн пайдубалы бекем болбогондуктан,
сүйүү жана сый-урмат кыска убакытта жоголуп, жубайлар бири-бирин түшүнө албай
калышат. Натыйжада күн өткөн сайын чыр-чатактар, пикир келишпестиктер,
айыптоолор күчөй берет. Белгилүү убакыттан соң бул көнүмүш адатка айланып,
коомдогу үй-бүлөлөрдүн классикалык туюк айлампасы башталат. Төрөлгөн балдар да
ушундай чөйрөдө чоңоюп, психологиясы бузук, кулк-мүнөзү тең салмаксыз муундар
өсө баштайт. Чындыгында динсиз коомдордогу адамдарда үй-бүлөлөрүнөн көргөнүнө
жараша сүйүүнү жана сый-урматты билбеген кулк-мүнөз калыптанат.
Дин адеп-ахлагын жол
башчы катары кабыл албаган коомдордо үй-бүлө түзүлүшүндөгү көйгөйлөр абдан көп
кездешет. Өзгөчө үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бири менен болгон мамилелеринде акча
өтө чоң роль ойнойт. Көп акча берген эркекти жубайы ар дайым абдан жакшы көрүп,
урматтайт, ошондой эле, акчасы көп атаны балдары да абдан жакшы көрүшөт. Бирок
ал сүйүүнүн жана сый-урматтын канчалык чын жүрөктөн экенин болжолдоо кыйын
эмес. Үй-бүлөнүн кожоюнунун иштери жакшы жүрүшпөй, берген акчасы азайган учурда
көбүнчө сүйүү менен сый-урмат кыжырга айланат. Акчанын айынан чыр-чатактар,
уруштар башталат. Бизнеси банкрот болуп же иштери жүрбөй калганда болсо ал
кишини жубайы таштап кетпей турганына кепилдик жок. Көбүнчө мындай учурларда
көп өтпөй үй-бүлө ажырашат. Бул Куран адеп-ахлагынан алыс болуунун
натыйжаларынын бири.
Караңгы коомдун
үй-бүлө тууралуу көз карашы ушундай болсо, ыймандуулардыкы таптакыр башкача.
Алар нике түбөлүккө чейин уланат деген ниет менен үй-бүлө курушат, анткени
өлгөндөн кийин түбөлүк жашоо болоорун билишет. Жубай тандоодо Аллахка жакын
(такыба) болушу, тагыраак айтканда, Аллах каалаган Куран адеп-ахлагы менен
жашашы эң негизги чен-өлчөмү болот. Себеби башка өзгөчөлүктөрдүн баарынын
убактылуу экенин билишет. Үй-бүлө жашоосунда эки тарап тең жалгыз чен-өлчөм
катары Куранды алгандыктан, ынтымактуу өмүр сүрүшөт, бири-бирине сүйүү жана
сый-урмат менен мамиле кылышат. Бир тарап ката кетирсе, ошол замат экинчиси
Куран адеп-ахлагына үндөйт жана маселе чечилет. Анткени мындай чакырыкка
ыймандуу адам эч качан кайдыгер мамиле кылбайт. Ошондуктан Аллахтан корккон,
ыймандуу адамдардын үй-бүлө турмушу абдан бекем болот.
Үй-бүлө дегенде бир
гана жубайлардын ортосундагы мамилени элестетүү туура эмес болот. Дин
адеп-ахлагы өкүмчүлүк кылган чөйрөдө балдары да ата-энелерине жана үй-бүлөнүн
башка улууларына абдан сый-урмат менен мамиле кылышат. Сүйүүдө жана сый-урматта
кемчилик кетирилбейт. Азыркы үй-бүлөлөрдөгү сыяктуу үйлөрдө кыйкыруу, бакыруу,
орой сөздөр жана мамилелер болбойт. Ар дайым бейпилдик жана кубаныч орнойт.
Үй-бүлө адамдар кубануу менен баргысы келген жерге айланат. Балдары
ата-энелерин куттуу адамдар катары көрүп, сүйүшөт. Үй-бүлөлөр балдарын Аллахтын
бир аманаты катары көрүп, коргошот. Үй-бүлө дегенде ойго жылуулук, сүйүү,
ишеним, көмөктөшүү келет. Бирок кайрадан белгилей кетүү керек: мындай кооз
чөйрөгө дин адеп-ахлагын толук, кемчиликсиз жана чын ыкластан орундатуу жана
Аллахтан коркуп, Аны сүйүү менен гана жетүүгө болот.
Коомдун мүчөлөрүнүн ортосунда сүйүү жана сый-урмат сезими пайда болот
Динсиз жашоонун
адамдарга руханий таасирлерин карап жатканда, андай адамдардын сүйүүнү жана
сый-урматты билбей турганын белгиледик. Андай адамдардан турган коом чоңу,
кичинеси, карысы, жашы, айылдыгы, шаардыгы баары бири-бирин кучактай албаган
коом болот. Андай чөйрөдө ар бир адам өзүн дайыма жалгыз жана сүйүлбөгөн адам
катары сезет. Боорукердик, мээрим болбойт жана ар бир адам өзүн гана ойлойт.
Адамдардагы сүйүү жана сый-урмат сезимдери эч качан Куранда сүрөттөлгөндөй
чыныгы сый-урмат же сүйүү боло албайт. Анын эң негизги себеби – жашоодогу бүт
баалуулуктардын жеке кызыкчылыктарга таянышы.
Эч ким эч кимди чын
дилинен урматтабайт. Жетекчисин урматтабаса жумуштан айдалаарын билген адамдын,
мугалимине сый-урмат көрсөтпөсө кийинки класска көчпөй калаарын ойлогон
окуучунун, күйөөсүн ачуулантса акча ала албай калаарын түшүнгөн аялдын
сый-урмат түшүнүгүнүн кызыкчылыкка гана таянаары анык.
Динге жана анын кооз
адеп-ахлагына таянган жашоо образында болсо эч качан мындай көрүнүш болбойт.
Аллахты ыраазы кылууга аракет кылган, Аллахтан корккон ыймандууну бардык
адамдар жакшы көрүп, урматтайт. Ал адам сый-урмат көрүү үчүн мал-мүлк, сырткы
келбет сыяктуу нерселерге муктаж эмес. Жакшы көрүлүп, урматталышы үчүн бир гана
ыймандуу болушу, тагыраак айтканда, Аллахтан коркуп тартынышы жана Аны ыраазы
кылуу үчүн жашашы жетиштүү.
Динсиз коомдордо
адамдардын түшүнүгүнүн жана кулк-мүнөзүнүн кандай болоорун мурунку бөлүмдөрдө карадык.
Эми ошондой адамдардан турган бир коомду элестетип көрүңүз, сиздин оюңузча
андай коомдо сүйүү жана сый-урмат үстөмдүк кылабы? Албетте, жок. Аны жоктон
жаратып, ага сансыз сый-жакшылыктарды берген Раббибизди кадырлай албаган жана
Аны чындап сүйө албаган адам Анын пенделерин, албетте, эч качан сүйө албайт.
Мунун бир гана чечүү жолу бар: коомдун дин адеп-ахлагы менен жашашы жана
Аллахты сүйүшү.
Кумар оюндары жок болот
Дин адеп-ахлагынан
алыс жашаганда келип чыккан көйгөйлөрдүн эң негизгилеринин бири – бул адамдардын
ичимдикке жана кумар оюндарына негизделген жашоо образы. Динден алыс болгону
үчүн Аллахка таянуунун, сабырдын, үмүт кылуунун эмне экенин билбеген адамдар
кандайдыр бир кыйынчылыкка туш болгондо биринчи эле ичимдикке жана кумар
оюндарына чуркашат.
Иштери оңунан
чыкпаганда, жаны кыйналганда, ачууланганда, кайгырганда, ал тургай, кубанганда
да ошол замат ичимдик ичип, өз ойлорунда «көңүл көтөрүшөт». Бирок бул
кылгандары өздөрү баш болуп бүт айлана-чөйрөсүнө зыяндан башка эч нерсе алып
келбейт. Ичимдиктин дозасы өскөн сайын өздөрүн билбей башташат жана белгилүү
чектен кийин кылган нерселеринин баары мас болуп калган деген шылтоо менен
кадыресе кабыл алынат. Натыйжада бир адамдын айланасындагыларга акарат
келтириши, коомчулукта эч ким кылбай турган нерсени жасашы же күнүмдүк
жашоодогу олуттуу бир адамдын ичимдик столунда шолоктоп ыйлашы коом тарабынан
табигый көрүнүш катары кабыл алынат.
Адамдардын ичимдик
ичип өздөрүн билбей калышы, натыйжада айлана-чөйрөсүнө ар кандай зыян
тийгизиши, өмүр бою тапкан мал-мүлкүнүн баарын кумар оюнуна салып уттурушу,
чыр-чатактар, киши өлтүрүүлөр, өзүн-өзү өлтүрүүлөр динсиз жашоонун кандай чоң
зулумдуктарга алып бараарынын апачык далилдери. Бул чындыкты аяттан да
түшүнүүгө болот:
Эй ыйман кылгандар, ичкилик, кумар, бакшы таштары жана төлгөлөрү шайтандын иштеринен
болгон көңүл иренжиткен жамандыктар гана. Демек, бул нерселерден сактангыла, балким
кутулууга жетишесиңер. Чындыгында шайтан ичкилик жана кумар аркылуу араңарга душмандык
жана кек салып, силерди Аллахты эстөөдөн жана намаздан тоскусу келет. Эми токтоттуңарбы?
(Маида Сүрөсү, 90-91)
Куран адеп-ахлагы
кумарга тыюу салгандыктан, ыймандуулар ага эч качан жакындабайт. Аллахтан
корккону үчүн ал жолго барышпайт. Кандай абал болсо да, канчалык оор кырдаалга
туш болсо да, канчалык жагымдуу сунуштар айтылса да, канчалык кысымчылык жасалса
да, канчалык кызыктырышса да, эч качан андай ишке барышпайт. Дин адеп-ахлагында
буларга карата эч кандай шылтоо, олуттуу себеп жок. Эч ким кандайдыр бир
шылтоону айтып уятсыздык кылбайт. Анткени бир нерсе арам болсо, анын бир жолун
табуу, жумшартуу же аны аткарбай коюу мүмкүн эмес.
Дин адеп-ахлагынан
алыс адамдардын баалуулуктарына жана чен-өлчөмдөрүнө ишенүүгө болбойт. Анткени
баалуулуктар да, адамдар да жерге, убакытка, кишиге жана чөйрөгө жараша
өзгөрөт. Бул нерселерге жараша ар кандай чечмелей беришет. Мисалы, кумар
оюндары жана ушул сыяктуу жаман нерселер кээ бир чөйрөлөрдө жаман деп кабыл
алынса, аны жаман деген адамдардын кээ бир чөйрөлөрдө ойношу же ал ишти кылышы
кадимки нерседей көрүлөт. Мейманканаларда же көңүл ачуучу жайларда кумар ойноо
жаман нерсе деп эсептелбейт. Принцип катары ойнобогон адам да ушул сыяктуу
жайга барганда принцибин бузуп, ойнойт.
Бир нерсе жаман болсо
же уятсыздык катары кабыл алынса, кайсы жерде жана кандай гана формада болбосун
ал нерсе жасалбашы керек. Жерге, убакытка же адамдарга жараша өзгөрүү
калыптанбаган кулк-мүнөздүн көрсөткүчү болуп саналат. Дин адеп-ахлагынан
кабарсыз адамдын кулк-мүнөзү жана эрки эч качан бекем болбойт.
Баңгизат көйгөйү жок болот
«Бириккен Улуттар Уюму тарабынан даярдалган 1997-жылкы
Баңгизат тууралуу отчетунда дүйнөдө 200 миллион адамдын баңгизат колдоноору
айтылды...» (Yeni
Yüzyıl гезити,
27-июнь 1997-жыл)
Дээрлик күн сайын
жаңылыктардан баңгизатка байланыштуу кабарлардын чыгышы бүгүнкү күндө кадимки
көрүнүшкө айланды. Бирок бир аз ойлонуп көргөнүбүздө, жер бетиндеги
жандыктардын эң акылдуусу болгон адам баласынын бир канча миллиграммдык бир
затка ансыз жашай албай турган, ал болбосо өзүн жоготуп, кризиске кире турган
деңгээлде көз каранды болушу такыр акылга сыйбайт. Болгондо да, мындай
адамдардын санынын абдан көп экенин эске алганда бул абалга таң калбай коюу
мүмкүн эмес.
«Бир жолу колдонуп
көрсөм эчтеке болбойт» деген ой менен башталып, наркоманга айланган адамдардын
баарынын көмүскө туюмунда бир козголоңчулук мүнөзү болот. Анткени адатта
алардын оюнда баңгизатты колдонуп баштоонун акылга сыярлык себептери бар. Жеке
эрксиздигин жана алсыздыгын мойнуна албай, бүт күнөөнү айлана-чөйрөсүнө
жүктөшөт. Үй-бүлөдөгү чыр-чатактар, окуу жайдагы же жумуштагы ийгиликсиздиктер,
айлана-чөйрөсү менен пикир келишпестиктер, материалдык кыйынчылыктар,
окуялардын алар ойлогондой болбошу же кандайдыр бир себептен улам маанайынын
чөгүшү андай адамдардын нааразы болуп башташына жетиштүү болот. Андан соң
аларга бүт баары жаман жана терс көрүнө баштайт. Барган сайын маанайларын
депрессия жана караңгылык каптайт.
Жашоодо өздөрүн бүт
жагынан абдан алсыз сезишет, чындап эле Аллахты дос тутпаганы үчүн таянаар эч
кими болбойт. Баарын унутуп, аң-сезимин жоготуп өзүн билбей калууну бирден бир
жол катары көргөндүктөн, күн өткөн сайын баңгизаттын дозасын дагы бир аз
көбөйтүп, өз колдору менен өздөрүн өлүмгө түртүшөт. Мындан тышкары, өлгөндөн
кийин чыныгы жашоонун башталаарына ишенбегени жана жок болобуз деп ойлонгону
үчүн, өз ойлорунда жыргап жашап көңүл ачкылары келген бул жашоолорунун ушундай
азапка айланышы жана күн өткөн сайын дене жагынан да, руханий жактан да
начарлашы аларды ансайын туңгуюкка салат.
Алардын мындай
коркунучтуу маанайы, депрессиясы, жек көрүүсү, кыжырдануусу жана нааразылыгы –
алардын Аллахтын ыраазылыгынын ордуна жеке каалоолорун тандагандыгынын, б.а.
абийирин укпагандыгынын бул дүйнөдөгү жазасы, чындыгында.
Аллах адамдарга акыл,
эрк, абийир берген жана иш-аракеттерин Анын ыраазылыгына ылайык жасашса, бул
дүйнөдө да, акыретте да жакшылыктарды убада кылган. Ал эми буга карама-каршы
жашоону тандагандар болсо бул дүйнөдө да, акыретте да азапка туш болушат.
Чындыгында, Аллахка жакындоонун жолун издеген адам бир жагынан Аллахты ыраазы
кылып, түбөлүк бейиш мекенине кирүүнү үмүттөнө алса, экинчи жагынан бул дүйнөдө
да бейпил жана бакубат өмүр сүрөт.
Жерлердин,
асмандардын жана бул экөөнүн ортосундагы бүт нерсенин Рабби Аллахка чын
жүрөктөн жакын болуу, албетте, ал адам үчүн эң чоң колдоо болот. Ушул себептен
ыймандуулар дүйнөнүн эң күчтүү жана эң чыдамкай адамдары болушат. Ошондой эле,
эрки күчтүү жана өтө акылман адамдары. Ошондуктан мындай алсыздыкка түшүшпөйт
жана өздөрүнө мындай алсыздыкты эч ыраа көрүшпөйт. Аларды мындай күчтүү жана
эрктүү кылган нерсе Аллахка болгон ыймандары жана Ал жиберген акыйкат динди
бекем тутунуулары.
Сойкулук жоголот
Зынага (ойноштукка) жакындабагыла. Чындыгында, ал «жаман уятсыздык» жана жаман
жол. (Исра Сүрөсү, 32)
Аллах Куранда тыюу
салган иштердин бири зына (никесиз байланыш) аны кылган адамды тообо кылбаса,
бул дүйнөдө да, акыретте да жек көрүндү кыла турган чоң күнөө.
Зынанын же сойкулуктун
коомго жана зына кылган адамдарга материалдык жана руханий көптөгөн зыяндары
бар. Ыймандуулар жагынан Аллахтын бул иштерге тыюу салышы булардан алыс болуп,
бул иштерди жаман көрүшү үчүн жетиштүү. Аллах мыйзамдуу нике менен үй-бүлө
курууга чакырат.
Ошондой эле, сойкулуктун
коомго жана адамдарга тийгизген апачык зыяндарын көрүү да ыймандуулардын
ыйманын бекемдейт. Курандын аяттарында катуу тыюу салынган жана айыпталган сойкулукту
эч чегин билбей жасагандардын кандай абалга түшкөнү ыймандууларга жакшы сабак
болот.
Бүгүнкү күндө сойкулуктун
себебинен көп адамдар кадыр-баркын, өзүнө бойгон сый-урматын жана ишенимин
жоготуп, жийиркеничтүү жашоо образын кабыл алышкан. Сойкулуктун себебинен
көптөгөн уялар бузулуп, үй-бүлөлөр ажыроодо. Адамдардын басымдуу бөлүгүндө
бактысыздык, бейпилсиздик жана издегенин таба албоо психологиясы өкүмчүлүк
кылууда. Бирок Аллах көрсөткөн жолго түшүп, тазасын тандаса, тагыраак айтканда,
адал жолду тандаса, адамдар психологиялык жактан да бейпил болушат, өздөрүнө
ишеними да артат, ортолорундагы сүйүү менен сый-урмат да сакталат жана
үй-бүлөлөр да, коомдор да бекем болот.
Коомдордун
бузулушунда сойкулуктун ролу чоң. Анткени никесиз байланыш коомдун эң негизги
тиреги болгон үй-бүлө мекемесине сокку урат. Натыйжада өздөрүнө жана
айлана-чөйрөлөрүнө сый-урматын жоготкон адамдардан турган бир коом пайда болот.
Сойкулукту бир гана акча үчүн жасалат деп ойлоо туура эмес. Чоң же кичине, узун
мөөнөттүү же кыска мөөнөттүү кандайдыр бир кызыкчылык үчүн жасалганда да ушул
эле мааниге келет. Адатта адамдар «акча үчүн чогуу болуп жаткан жокпуз» деп,
өздөрүн жоошутканга аракет кылышат, бирок негизи бул өзүн-өзү алдоо гана.
Анткени Аллах койгон чектен чыккан соң, баары бир эле мааниге келет. Аллах
Куранда никесиз жыныстык байланыштын бардык түрүнө тыюу салган. Ошондуктан
сойкулукту белгилүү мисалдардын чегинде элестетүү туура эмес болот.
Мындан тышкары,
сойкулук кылгандардын көбү негизи буга тыюу салынганын билгендиктен, көмүскө
туюмунда абийир азабын тартып, тынчсызданышат. Кабыл алышпаса да, ичтеринен
өздөрүнө болгон ишенимин жоготушу мунун бир көрсөткүчү.
Сойкулуктун коомго
тийгизген зыяндарынын бири – бул сойкулук кылынган жайлар. Бузулуу өскөн сайын
сойкуканалар да көбөйүп, бул коомдун адеп-ахлактык кыйроосун ылдамдатууда. Ал
жерде жашы кичинекей өспүрүмдөрдүн саны көбөйүп, үй-бүлөлүк байланыштар
бузулуп, анын себебинен алдамчылыктар жана опаасыздыктар тынымсыз өсүүдө. Бирок
Аллах адамдарды таза, адал, ишенимдүү, бекем, сүйүү менен сый-урмат өкүмчүлүк
кылган бир моделге үндөп, аны сый-жакшылык катары көрсөтүүдө.
Ошондой эле,
адамзаттын тарыхында көптөгөн адамдар сойкулук менен күн көрүп, басмырлануу
жолун тандашкан. Азыркы күндө да сойкулук дүйнө жүзүндө оңой акча табуу тармагы
катары көрсөтүлүүдө. Ошентип акча табуу жана люкс жашоо каалоосунан улам көп
адамдар абийирсиздикти тандашууда. Аллах Куранда адамдарды бул коркунучка
карата төмөнкүчө эскертет:
Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана силерге жаман-уятсыздыкты буйрук
кылат. Аллах болсо силерге Өзүнөн кечиримди жана көп жакшылыктарды убада кылат.
Аллах (ырайымы) кенен, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 268)
Адам эгер Аллахка
таянып, ыймандуунун кадыр-баркы менен өмүр сүрүүгө ниет кылса, Аллах ага эч
күтпөгөн жактан ырыскы берип, алдынан көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү чыгарып, аны
Өзүнүн мээрими менен бай кылат. Мындай кадыр-барктуу жана чын ыкластуу
мусулмандын бул дүйнөдөгү жашоосу да, акыреттеги жашоосу да, Аллахтын каалоосу
менен сый-жакшылыктарга бөлөнөт. Ошондой эле, Аллах сыноо үчүн аз байлык да
бериши мүмкүн. Андай учурда адам бул дүйнөнүн кыскалыгын, ал эми акырет
мекенинин түбөлүктүүлүгүн ойлоп сабыр кылса, Аллах тарабынан бериле турган
сыйлыгы чоң болот.
Бирок бир нерсени
кайрадан эске салуу туура болот: бир адам бул дүйнөдө ар кандай катаны жасаган,
Куранда тыюу салынган күнөөлөрдү кылган же өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн адашып
сойкулук кылып өткөргөн да болушу мүмкүн, бирок туура жолго чакырылганда
Аллахка толук чечкиндүүлүк менен тообо кылып, кечирим сураса, иншаАллах, Аллах
тообосун кабыл кылат. Бирок муну да унутпаш керек: Аллах кабыл алат деп үмүт
кылынган тообо өлүм учуру келип башка чара калбаганы үчүн жасалма кылынган
тообо эмес. Анткени Аллах муну Куранда апачык кабар берген:
Аллах кабыл кыла турган тообо – бир гана билбестик (караңгылык) себебинен жамандык
кылып, артынан ылдам тообо кылгандардын (тообосу). Аллах ушундайлардын тооболорун
кабыл алат. Аллах – билүүчү, өкүмдар жана даанышман. Ал эми күнөө кылып жүрө берип,
качан алардан бирине өлүм келгенде гана «мен эми тообо кылдым» дей турган адамдардын
жана каапыр бойдон өлгөндөрдүн тооболору кабыл кылынбайт. Андай адамдарга Биз жан
ооруткан азапты даярдап койгонбуз. (Ниса Сүрөсү, 17-18)
Эч ким оңой акча издебейт
Мурунку бөлүмдөрдө
дин адеп-ахлагынан алыс адамдардын өлүмдөн кийинки жашоого чыныгы мааниде
ишенбей турганын, ошондуктан убактылуу болгон бул дүйнөгө абдан маани берип,
жеке каалоолорун ээрчишээрин жана бул багытта өздөрүн эч чектебей турганын
айттык. Андай адамдар напсилеринин жаман кыялдары жана каалоолору үчүн баарына
даяр болушат. Өздөрүнүн кадыр-баркына, ар-намысына
жана өзүн-өзү сыйлоо сезимине оңой эле доо кетириши мүмкүн. Эң негизгиси
каалаган нерселеринин баарына жетүү керек. Алардын туура эмес түшүнүгүндө,
аягында ансыз да топуракка айланып, жок болобуз деп ойлошкондуктан, бул кыска
өмүрдө жыргап жашаш керек. Бул дүйнөдө бүт нерсенин ачкычы акча деп
эсептелгендиктен, акчалуу болуу баарынан маанилүү. Өз ойлорунда акчасы болсо
каалаган нерселеринин баарына жете алышат. Ушул жерден адеп-ахлактык
кемчиликтеринин баары ачыкка чыгат. Оңой акча табуу үчүн бүт нерсеге даяр
болушат.
Алдамчылык,
кыянаттык, шылуундук, уурулук, эсептен жана таразадан алдоо, жалган көрсөтмө
берүү сыяктуу ар түрдүү уятсыздыктын жолу ачылат. Бул чындыкты көрүү үчүн
маалымат каражаттарына көз жүгүртүү жетиштүү. Акча үчүн жасалган киши
өлтүрүүлөр, уятсыздыктар, аялын, кызын, кошунасын акча табуу үчүн сойкулукка
түрткөндөр, акча уурдагандар, шылуундар көнүмүш жаңылыктардан болуп саналат.
Ал эми ыймандуулар
болсо Аллахтын Раззак сыпаты менен адамдарга ырыскы берээрин билишет. Албетте,
Аллахтын ыраазылыгына ылайык алар да иштешет, бирок эч качан дүнүйөгө берилип,
арам иштерге барышпайт. Дүнүйөгө берилбегени үчүн сыйлык катары жашоолоруна молчулук
жана береке келет. Чыныгы жашоонун акырет мекени экенин билишкендиктен, чын
ыкластан ыймандуу болушса бейиш менен сыйланып, сансыз сый-жакшылыктарга бөлөнөөрүн
да билишет.
Дин адеп-ахлагы менен жашаганда коомдук жашоо кандай болот?
Дин адеп-ахлагы менен
бирге Аллах сүйүүсү да келгендиктен, бул бардык адамдарга оң жана абдан жакшы
таасир берет. Ар бир адам Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн кулк-мүнөзүн оңдойт
жана адамдар бири-бирин Аллахтын ыраазылыгы үчүн жакшы көрүп, сыйлашат. Бүтүндөй
коомдо боорукердик, кайрымдуулук жана сабырдуулук орнойт. Адамдар Аллахтын
буйругуна ылайык жакшылык иштерде жарышышат.
Ошондой эле, Аллахтан
корккондуктан бардык адамдар уятсыз жана жаман иштерден алыс болушат.
Кылымдардан бери бүтпөгөн, бөгөт коюла албаган терс көрүнүштөрдүн баары бир
заматта жок болот. Диндин жылуулугу жана руху бүт тарапты каптайт. Албетте, бул
жерде Куранда сүрөттөлгөн чыныгы дин жана ал дин адеп-ахлагынын чын жүрөктөн
кабыл алынышы жөнүндө сөз болуп жатат.
Коомдун бейпилдигинде
үй-бүлөнүн ролу абдан чоң. Дин адеп-ахлагы чындап өкүмчүлүк кылган коомдо
жогоруда айтылгандай үй-бүлө мамилелери абдан жакшырып, чыныгы сүйүү жана
сый-урмат орнойт. Үй-бүлө болбосо мамлекеттин да, элдин да мааниси жоголот.
Булар бири-бири менен тыгыз байланыштуу түшүнүктөр. Үй-бүлө кулаганда эл
түшүнүгү да жок болот, мамлекет да зыян тартат. Бул абал чынжыр реакция түрүндө
уланат. Дин адеп-ахлагынан алыс коомдордо адамдардын кулк-мүнөзүндө
козголоңчулдук күчөп, анархисттик иш-аракеттерди жасап, мамлекетке каршы
чыгаары белгилүү чындык. Өзгөчө улуттук жана руханий баалуулуктарды коргоо
керек болгондо, Аллахтан коркпогон адамдардын кайдыгер мамиле кылаары анык.
Улуттук жана руханий кызыкчылыктар менен жеке кызыкчылыктарын салыштыруу керек
болгондо, дин адеп-ахлагынан алыс адамдардын жеке каалоолорун тандай тургандыгы
анык. Буга зарыл учурда мекенге жана элге кызмат кылуудан, ал үчүн күрөшүүдөн
качуу, ал тургай, сепаратисттик иш-аракеттерге катышуу сыяктуу көп мисалдарды
келтирүүгө болот. Ал эми дин адеп-ахлагы менен жашаган адамдар үчүн мамлекет
жана эл түшүнүктөрү абдан баалуу. Керек учурда өлкөсү үчүн адам өз жанын
аябайт, өлкөсүнүн жана элинин кызыкчылыктарын жеке кызыкчылыктарынан жогору
көрөт. Улуттук жана руханий баалуулуктарын болгон күчү менен коргойт.
Дин адеп-ахлагы
өкүмчүлүк кылган коомдо окуучулар да мамлекетин жана элин сүйүп, урматтайт. Бул
ыйык институттарга каршы күрөшүү мындай турсун, тескерисинче колдоо көрсөтүп,
жардам беришет. Азыркыдай аскерге, полицияга кол салышпайт, тескерисинче өлкөнү
коргогон бул кызматкерлерди абдан сыйлап, көмөкчү болушат. Жалпы коомдо
мамлекетке, армияга жана полицияга толук ишеним жана колдоо сезими өнүгөт. Жаштардын,
бир туугандардын ортосундагы чыр-чатактар, идеологиялык кагылышуулар сыяктуу
көйгөйлөр чечилет. Анткени адамдардын ортосундагы түшүнбөстүктөр, пикир
келишпестиктер жоюлат. Бардык адамдар Аллахтын китебине ишенип, ал китепте
сүрөттөлгөн мыкты адеп-ахлакты кабыл алат, натыйжада эч кимдин пикири
башкаларга каршы келбейт. Маселелерди чечүүдө ар бир адам өзүн тигил адамдын
ордуна коюп, боорукердик жана түшүнүү менен мамиле кылат. Ошентип ар кандай
маселе кыска убакытта жакшылык жолу менен чечилет.
Мындай шартта
мамлекетти башкаруу өтө жеңил болот. Өлкө абдан коопсуз жана гүлдөп өнүккөн
мамлекетке айланат. Башчылар да адамдарга карата өтө адилеттүү, ырайымдуу
болушат жана бардык адилетсиздиктер жоюлат. Ошондуктан өлкө башчылары да абдан
сый-урмат көрүшөт. Мындай мамлекеттердин пайдубалы абдан күчтүү жана бекем
болот.
Дин адеп-ахлагынан
алыс болгондо ата бала менен, бала ата менен касташат, бир туугандар бири-бири
менен жаңжалдашат, жумушчу жетекчисине, жумуш берүүчү жумушчуга душман болот.
Анархиянын айынан завод-фабрикалардын, ишканалардын иши токтоп, талкаланат. Социалдык
анархия болуп, жакырлар байларга кол салат, байлар жакырларды мүмкүн болушунча
эзип иштеткенге аракет кылат. Ар кандай кесиптик топтордун арасында жаңжалдар
келип чыгат. Коомдо чыр-чатактар, талаш-тартыштар, анархия бүтпөйт. Булардын
баарына адамдардын Аллахтан коркпошу себеп болот. Аллахтан коркпогон адамдар акыйкатсыздык,
адилетсиздик кылуудан, киши өлтүрүүдөн, болуп көрбөгөндөй мыкаачылык жана ырайымсыздык
кылуудан тартынбайт. Ал тургай, абийир
азабын да сезбестен, кылган мыкаачылыктары үчүн өкүнбөй турганын айтышат. Ал
эми акыретте жаза катары түбөлүктүү тозок азабы бар экенине ишенген адам мындай
иштерге эч качан барбайт. Адамдар Куран адеп-ахлагы менен жашаганда мындай терс
көрүнүштөрдүн эч бири болбойт. Бүт баары тынчтык менен, жакшылык менен, адилеттүүлүк
менен чечилет. Соттук териштирүүлөр болбойт, полиция жана сот мекемелерине
дээрлик эч жумуш калбайт.
Адамдар эркин жана бейпил жашаганда, коомдун бүт тармагы гүлдөп өнүгөт. Илимий иштер көбөйүп, жаңы ачылыштар жасалат, технология, маданият жана бакубаттык деңгээли абдан жогорулайт. Анткени адамдардын аң-сезиминдеги басым жоголгондо, жеңилдеп, эркин жана бейпил ойлонуу жөндөмү өнүгөт. Адеп-ахлактын оңолушу менен бирге, адамдардын мал-мүлкүнө, акчасына, кылган иштерине, соодасына, айыл чарбага, өнөр жайга береке келет. Дээрлик бардык тармактар бирдей өнүгөт.
Искусство тармагында
да чоң өнүгүүлөр болот. Күнүмдүк көйгөйлөрдөн, маселелерден, санаалардан улам
кыялдануу жана ой жүгүртүү күчтөрү соолуп калган адамдар дин адеп-ахлагы менен
жашаганда бул кыйынчылыктардан кутулушат. Ошондуктан искусство жөндөмдөрү
өнүгүп, кыялдануу күчтөрү артат. Аллахтын адамдарга Өзүнүн рухунан үйлөгөнүн
жана түбөлүк жашашы үчүн кооздуктарга, чеберчиликтерге, сансыз
сый-жакшылыктарга бөлөнгөн бейишин убада кылганын билген адам, албетте, искусстводон
жана сулуулуктан терең ырахат ала турган жан дүйнөгө ээ болот. Мунун терең
ырахатын сезет жана андан да көбүрөөк ырахат алуу үчүн аракет кылат. Ошондой
эле, айланасындагы адамдарга болгон жакшы көрүү жана урматтоо сезимдери да
аларга кооздуктарды тартуулоо каалоосун арттырып, чоң дем күч берет. Ошондуктан
дин адеп-ахлагы чындап орноп, чыныгы мааниде Куран менен жашаган коомдо
искусствонун бардык түрлөрү тездик менен өнүгөт.
Ал эми дин
адеп-ахлагынан алыс адамдардын болсо жан дүйнөсүн байытып, көркүн ачуу ниети болбойт.
Айланасына кооздук кошууга таптакыр ынталуу болушпайт. Анткени айланасындагы
адамдарды түпкү теги маймылдан пайда болгон жана аягында жок боло турган
жандыктар катары көрүшөт. Алардын бирден бир максаты – жеке каалоолорун,
айбандык инстинкттерин канааттандыруу. Бул максатка умтулуу адамдын жан
дүйнөсүн байытпайт, тескерисинче караңгылатат. Андай адамдардын искусствого эч
кандай салымы болбойт жана аларда кооз искусстводон ырахат алуу, искусство
чыгармаларына суктануу сезимдери болбойт. Искусстводон ырахат албаган, сулуулук
түшүнүгү жок адамдардан турган коомдо маданияттын өкүлдөрү да шыктануусун жана
дем күчүн жоготушат. Акча жана кызыкчылык үчүн гана чыгармачылык
кылышкандыктан, чыныгы маанидеги искусство чыгармаларын жарата алышпайт.
Жыйынтыктасак, дин
адеп-ахлагы эч кандай кошумчасыз, чын ыкластан Куранда сүрөттөлгөндөй орногондо,
дүйнө кандайдыр бир мааниде бейишке айланат. Адамдар кылымдардан бери эңсеген,
жетүүгө аракет кылган, бирок утопия сыяктуу көргөн жалпы элдин бактылуу жашоосу
бир заматта келет.












Hiç yorum yok:
Yorum Gönder