Жамандык,
адилетсиздик, кайгы-муң, үмүтсүздүк, кыйынчылык, жалгыздык, коркуу, стресс,
ишенимсиздик, абийирсиздик, тынчсыздануу, кыжырдануу, көрө албастык, кекенүү,
баңгизатка көз карандылык, уятсыздык, кумар, сойкулук, ачарчылык, жакырчылык,
коррупция, уурулук, уруш-талаш, душмандык, киши өлтүрүү, согуш, кагылышуу,
зулумдук, өлүм коркунучу... Булардын баары сиз дээрлик күн сайын гезит жана
телевизорлордон көргөн, күнүмдүк жашоодо күбө болгон же ал тургай өзүңүздүн
башыңызга келген көйгөйлөрдөн.
Адамдар жана
коомдор кутулуу үчүн аракет кылган, ар тараптан күрөшкөн мындай терс
көрүнүштөр, башаламандыктар жана караңгы коомдук түзүлүштөр жер бетинде кылымдардан
бери өкүм сүрүүдө. Ал үчүн Байыркы Грецияны же Улуу Рим империясын, падышалык Россияны же Агартуу доорун, же ал тургай эки чоң дүйнөлүк согушка жана чоң коомдук окуяларга күбө болгон 20-кылымды карап көрсөңүз болот. Кайсы кылымга
же дүйнөнүн кайсы жерине барбаңыз, абал жалпысынан көп деле өзгөрбөйт.
Адамдар ушуга чейин бул жамандыктарга каршы күрөшүштү беле же кандайдыр бир аракеттерди
көрүштү беле?
Албетте, дүйнөнүн
дээрлик бардык доорлорунда адамдар жогоруда айтылган терс көрүнүштөргө туш
болуп, алар менен күрөшүшкөн, бирок алар эч качан чечим таба алышкан эмес,
анткени алар чечимдерди ар дайым туура эмес жолдордон издешкен. Кээде башкаруунун ар кандай формаларын сынап көрүүнү, кээде
адашкан агымдарга алданып, төңкөрүш жасоону жана көбүнчө кайдыгерликти тандап, терс кырдаалдардын баарына макул болууну чечим катары көрүшкөн.
Бүгүнкү күндө
көпчүлүк адамдар мындай жашоо образына ушунчалык көнүп калгандыктан, жогоруда
аталган көйгөйлөрдү жашоонун чындыгы катары кабыл алып, бул көйгөйлөр болбогон
коомду эч мүмкүн эместей көрүшөт. Мындай жашоого ыраазы эместигин ар дайым
айтышат, бирок башка жол жок деп ойлоп, ага моюн сунушат.
Бирок бул дүйнөдө
жогоруда аз эле бөлүгү айтылган мындай терс көрүнүштөрдүн эч бирине руханий
жактан да, физикалык жактан да туш болбогон, ар дайым молчулук, береке, бакыт,
сүйүү, сый-урмат, бейпилдик, ишенимдүүлүк, жакшы адеп-ахлак, тынчтык жана
достук сыяктуу сансыз сый-жакшылыктарга бөлөнгөн адамдар да бар. Ал адамдар
Аллахтын ыраазылыгы үчүн жашаган, Курандын өкүмдөрүн аткарган, Аллахтын
мээримин жана бейишин үмүт кылган чыныгы динчилдер, тагыраак айтканда,
ыймандуулар.
Башкача айтканда, бул
терс көрүнүштөрдү чечүүнүн бир гана жолу бар: дин адеп-ахлагы менен жашоо. Адамдар
толугу менен дин адеп-ахлагына ылайык жашаса, коомдордо өкүмчүлүк кылган бул
караңгы көрүнүштөрдүн ордуна жаркын жашоо келет. Бардык адамдар жана коомдор
кылымдар бою кыялданган, жакшылыкка жана бейпилдикке бөлөнгөн мындай маанай
Куран адеп-ахлагы менен жашаганда гана орнойт.
Башында сүрөттөлгөн
кырдаал болсо Куран адеп-ахлагы сакталбаганда жана Аллахтын буйруктарына көңүл
бурулбаганда сөзсүз түрдө келип чыгат. Башкача айтканда, дин адеп-ахлагынан
алыс болгон учурда адамдар сөзсүз бул терс көрүнүштөргө туш болушат. Себеби бул
«динсиз жашоонун азабы».
Бул китепте Аллах
адамдарга түшүргөн Куранда сүрөттөлгөн «мыкты адеп-ахлак» үлгүсү туу тутулган
учурда «динсиз жашоонун азабына», тагыраак айтканда, жамандыктарга,
үмүтсүздүккө, коомдук башаламандыктарга кантип бөгөт коюлаары, терс
көрүнүштөрдүн кантип жоголоору, идеалдуу жашоонун кантип орноору, адамдардын
материалдык жана руханий кандай пайдаларга ээ болоору жана бардык терс
көрүнүштөрдөн кутулуу үчүн Куран адеп-ахлагынын эмне үчүн жалгыз альтернатива
экендиги түшүндүрүлөт.
Буга чейин балким
көптөгөн китептерде коомдордун жана адамдардын оор кырдаалдары каралып,
социологиялык жана психологиялык жактан талданып, маселелер бардык
майда-чүйдөлөрүнө чейин сүрөттөлгөндүр. Бирок колуңуздагы бул китептин
өзгөчөлүгү – ал талдоолорго жана жыйынтыктарга карата адамдарга эң реалдуу
чечүү жолун сунуштоо жана ал жолду тандабаган учурда аларды кандай келечек
күтөөрүн сүрөттөп, чын жүрөктөн эскертүү.
Ошондуктан бул
китепти окуган абийирдүү ар бир адам бейпилдикке, коопсуздукка жана идеалдуу
коомдук жашоого Куран адеп-ахлагы менен гана жетүүгө болоорун түшүнүп, чыныгы
динге, тагыраак айтканда, Исламга багыт алат деп үмүттөнөбүз.
АКЫЛДУУ ПЛАН, башкача айтканда, ЖАРАТЫЛУУ
Китепте кез-кезде
колдонулган «долбоор, план» сөздөрүнүн маанисин туура түшүнүү керек. Аллахтын
бүт ааламды кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратышы Раббибиз алгач план
түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Рабби Аллах
жаратуу үчүн кандайдыр бир «план» түзүүгө муктаж эмес. Аллахтын бир нерсенин
планын, долбоорун түзүшү менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай
кемчиликтерден таза. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ага «Бол»
деп айтышы гана жетиштүү болот. Курандын аяттарында мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Ал «Бол» деп гана буйрук берет; ал ошол замат болуп
калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (эч нерсени үлгү албастан) жараткан. Ал бир иштин
болушун чечсе, ага бир гана «Бол» деп айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара
Сүрөсү, 117)

Эгер сиз өмүр бою үй-бүлө жана мурас куруу үчүн эмгектенсеңиз, аны бир нече айдын ичинде үчүнчү тараптын көлөкөсү жок кылышына жол бере албайсыз. Мен күйөөмдүн мүнөзүнүн күтүүсүз өзгөрүшү жөн гана орто жаштагы кризис эмес, руханий кийлигишүү экенин түшүндүм.
YanıtlaSilМен жеке кийлигишүү үчүн Мистик Какаага кайрылдым. Анын иши хирургиялык болчу. Ал көлөкөнү аныктап, аны эч кандай коомдук драмасыз биротоло жок кылды. 5 күндүн ичинде күйөөмдүн көңүлү биздин үйгө жана келечегибизге кайтып келди. Эгер сиз баалуу жашоону коргоп жатсаңыз жана акылдуулукту түшүнгөн кожоюнга муктаж болсоңуз, аны менен төмөнкү дарекке кайрылыңыз: dawnacuna314@gmail.com
WhatsApp: +2349046229159
Ал алтын стандарт.
Мамиле/нике жарашуу сыйкыры үчүн.
Мурунку сүйгөнүңүздү/өнөктөшүңүздү кечирим суроо үчүн сыйкыр.
Сүйгөнүңүздү кайтарып алуу/жаңы сүйгөнүңүздү тартуу үчүн сыйкыр.
Уурдалган мүлктү/акчаны кайтарып алуу үчүн сыйкыр.
Форманы өзгөртүү/жок болуу сыйкыры.
Лотереяда/сот ишин утуп алуу үчүн сыйкыр. Жана башкалар