Адам кантип пайда
болгон? Адамдын бул дүйнөдөгү максаты эмне? Өлүм деген эмне? Өлүмдөн кийин
адамды кандай жашоо күтөт? Бул дүйнөдөгү жашоонун булагы эмне? Адамдын денеси,
жаныбарлар, өсүмдүктөр жана ааламдагы кемчиликсиз тартип кантип пайда болгон?
Жакшы, жаман, туура, туура эмес деген эмне? Бул суроолордун жоопторун кайдан
таба алабыз?
Ушул сыяктуу
суроолордун жоопторун адамдар кылымдар бою издеп, алар тууралуу ой жүгүртүп,
талашып-тартышып келишкен. Бирок бул суроолорго бардык доорлордо эң туура
жоопту философтор эмес, Аллах тарабынан түшүрүлгөн «чыныгы дин» берген.
Тарых бою адамдар
көптөгөн жалган диндерди чыгарышкан: синтоизм, буддизм, шаманизм, бутпарастык алардын
кээ бирлери. Бул жалган диндер философия же көз караш агымынын чегинен чыга
алган эмес. Бул диндерди чыгарган кишилер да жогорудагы суроолордун жообун
издеп, өз ойлорунда жооп табышкан, бирок алардын эч бири так жана түптүү
чечимди сунуштай алган эмес.
Чыныгы диндерди
башкалардан (жалган диндерден) айырмалаган эң негизги өзгөчөлүгү – бул
Жараткандан келгендиги. Аллах чыныгы диндин адамдар ойлоп чыгарган башка
диндерден, философиялык же социологиялык системалардан үстөмдүгүн Куранда
төмөнкүчө кабар берет:
Ал элчилерин туура жол жана чыныгы дин менен жиберет. Ал динди
(Исламды) бардык диндерден үстөм кылат. Мушриктер жаман көрсө да. (Сафф Сүрөсү,
9)
Жараткандан келген диндердин бүгүнкү
күндө сакталып калгандары – бул иудаизм, христиан жана ислам диндери. Бул үчөө
тең башында Аллах тарабынан түшүрүлгөн, бирок христиан жана иудаизм диндери
аларды элге жеткирген пайгамбарлардан кийин бурмаланып кеткен.
Христиан жана иудаизмдин бурмаланышы
башында ал диндердин китептеринде, тагыраак айтканда, Инжил жана Тооротто келип
чыккан, Жараткандан келген бул китептерге кошумча-алымчалар жасалып, алар
сансыз бурмалоолорго туш болгон, аягында бири-бирине дал келбеген көптөгөн
Инжил жана Тоороттор пайда болгон. Бул китептердин оригиналдары болсо
кийинчерээк жоголуп же унутулуп кеткен. Бул диндер бурмаланып кеткен соң Аллах
кыяматка чейин жарамдуу боло турган эң акыркы китеби Куранды жөнөткөн жана аны
ар түрдүү бурмалоолордон коргой турганын кабар берген:
Эч күмөнсүз, зикирди (Куранды) Биз түшүрдүк Биз. Анын коргоочулары да – чындыгында
Бизбиз. (Хижр Сүрөсү, 9)
Куран Аллахтын коргоосу менен 14
кылымдан бери эч жери бурмаланбастан, бүгүнкү күнгө чейин сакталды. Курандын
алгачкы жазылган нускалары менен азыркы күндө колубузда турган нускаларынын
ортосунда эч кандай айырма болбошу, бир тамгасынын да өзгөрбөгөндүгү, дүйнөнүн
төрт бурчунда окулуп жаткан Курандардын баарынын бирдей болушу – Аллахтын бул
акыркы китепти атайын коргогондугунун далилдеринен.
Аллах ага чейин да ар кайсы доорлордо
Өзүнүн элчисин жөнөтүп, кээде китеп түшүрүп адамдарга кабар жеткирген. Алгачкы
инсан Аз. Адамды да Аллах элчи кылып жер жүзүнө жиберген. Андан кийин да Аллах
жер жүзүнө көптөгөн элчилерди (пайгамбарларды) жөнөтүп, китептерди түшүргөн.
Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Адамдар жалгыз бир үммөт эле. Аллах кубанычтуу кабар берүүчүлөр жана эскертүүчүлөр катары пайгамбарларды жөнөттү жана аларга
адамдар талашка түшкөн нерселер жөнүндө араларында өкүм берүү үчүн акыйкат китептерди
түшүрдү... (Бакара Сүрөсү, 213)
Жогорудагы аятта да айтылгандай, Аллах
динин адамдарга китептери жана элчилери аркылуу билдирет. Элчилер адамдарды бир
жагынан сурак күнү жана түбөлүктүү тозок азабы тууралуу эскертип коркутушса,
экинчи жагынан түбөлүктүү бейиш жашоосун сүйүнчүлөшөт. Адамды жараткан Аллах,
албетте, анын бул дүйнөдө кандай тартипте жана кандай чөйрөдө жакшы жашаарын да
эң жакшы билет. Ошондуктан пенделеринен талап кылган жашоо образы жана
адеп-ахлак үлгүсү чындыгында адамдардын бул дүйнөдө да эң жакшы жашашына шарт
түзөт жана акыретте да бактылуу жашоолоруна себепчи болот. Кыскача айтканда,
дин адеп-ахлагы – бул адамдар коомдук жактан да, жеке жактан да эң идеалдуу
түзүлүшкө жетиши үчүн Аллахтын мээриминин бир көрүнүшү катары жөнөтүлгөн
система.
Чыныгы диндер жөнөтүлгөн кездеги доордун
абалына жана шарттарына жараша ар башка өкүмдөрдү камтыганы менен, түпкүрүндө
бир эле ишеним жана адеп-ахлак үлгүсүн адамдарга сунуштаган. Бүт баары Аллахтын
бар экени, жалгыздыгы, сыпаттары, адамдын жана бардык жандыктардын жаралуу
максаттары, Аллахка кантип ибадат кылуу керек экени, Аллахка жаккан идеалдуу
мамиле, кыймыл-аракет жана жашоо образы, жакшы, жаман, туура, туура эмес
түшүнүктөрү, адамдар бул дүйнөдө кандай жашап, түбөлүк жашоосу үчүн эмнелерди
кылышы керек экени жана ушул сыяктуу эң негизги жагдайлар тууралуу бир эле
негизги чындыктарды адамдарга жеткиришкен.
Аллах Кабатында чыныгы дин бирөө эле. Аз.
Адамдан бери адамзатка жөнөтүлгөн чыныгы диндердин баарынын пайдубалы Ислам,
тагыраак айтканда, «Аллахка моюн сунуу». Бул чындык Куранда мындайча кабар
берилет:
Эч күмөнсүз дин – Аллах кабатында Ислам... (Али Имран Сүрөсү,
19)
Мусулмандар менен ахли китаптын, т.а.
иудейлер менен христиандардын шарияттары бири-биринен айырмаланат. Бирок иудей
жана христиандардан да, мусулмандардан да чын жүрөктөн ыйман кылгандардын
жашоолорундагы негизги баалуулуктары бирдей: Аллахка билип-түшүнүп чындап
ишенүү, Аллахка эч нерсени шерик кошпоо, Аллахтын ыраазылыгы, мээрими жана
бейиши үчүн жашоо. Бардык коомдор Аллахтын буйруктарын толук аткарууга жана
Аллахтын ыраазылыгы үчүн Раббибизге чын жүрөктөн моюн сунуп, жакшы иштерде
жарышууга милдеттүү. Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына ишенген, акыретке
чындап ишенген жана чын ыкластан жакшы иштерди кылган үч акыйкат диндин
жолдоочулары да чындыгында Раббибиздин Аз. Ибрахимге түшүргөн чыныгы динин
жолдошууда.
... Ал силерди тандап алды жана силерге диниңерде оорчулук жүктөгөн
жок, атаңар Ибрахимдин дининдеги сыяктуу. Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда)
да силерди «мусулмандар» деп атады... (Хаж Сүрөсү, 78)
Тарых бою бардык пайгамбарлар Аллахтын
алдында туура болгон бир гана дин адеп-ахлагын адамдарга жеткиришкен. Аз.
Ибрахим, Аз. Йакуб, Аз. Йусуф, Аз. Муса, Аз. Иса, Аз. Нух, Аз. Шуайб жана башка
пайгамбарлардын баары адамдарды жалгыз Аллахка шерик кошпостон ыйман кылууга,
бир гана Анын ыраазылыгы үчүн жашоого жана Анын буйруктарын аткарууга
чакырышкан. Курандын бир аятында мындайча кабар берилет:
Ал: «Динди туптуура сактагыла жана анда бөлүнүүчүлүккө түшпөгүлө»
деп динден Нухка осуят кылганын жана сага вахий кылганыбызды, Ибрахимге, Мусага
жана Исага осуят кылганыбызды силер үчүн да бир шарият кылды... (Шура Сүрөсү,
13)
Көрүнүп тургандай, иудейлерге жана
христиандарга, кээ бир өкүмдөрүндө айырмачылыктар болгону менен, түшүрүлгөн дин
түпкүрүндө бир эле. Үч диндин жолдоочулары да чындыгында Аз. Ибрахимдин
урпактары. Еврей жана христиандар да, дал мусулмандар сыяктуу, эч нерсени шерик
кошпостон Аз. Ибрахимдин «ханиф» (таухид: жалгыз Аллахка ишенип, Ага гана
ибадат кылуу) динин жолдогонго милдеттүү. Курандын бир аятында Раббибиз бардык
ыймандуулардын Аз. Ибрахимдин динин жолдогонго милдеттүү экенин төмөнкүчө кабар
берет:
Куранда
пайгамбарлардын бардык доорлордо бир эле негизги ибадат жана ишеним системасына
чакырганы кабар берилген:
- Аз. Закария
тууралуу «Ал мээрапта намаз кылып жатканда...» (Али Имран Сүрөсү, 39);
- Аз. Шуайб тууралуу «Эй
Шуайб, аталарыбыз сыйынган нерселерди таштоону же мал-мүлкүбүз жөнүндө каалаганыбызды
кылуудан баш тартышыбызды сенин намазың буйрук кылып жатабы?...» дешти (Худ
Сүрөсү, 87);
- Исмаил пайгамбар
тууралуу «Өз элине намазды жана зекетти буйруган...» (Мариям Сүрөсү,
55);
- Исхак жана Йакуб
пайгамбарлар тууралуу «... аларга жакшы иштерди, намаз окууну жана зекет
берүүнү вахий кылдык...» (Анбия Сүрөсү, 73) деп айтылат.
- Башка бир аятта «Муса
менен анын бир тууганына мындайча вахий кылдык: «... үйлөрүңөрдү намаз окулган
(жана кыбыланы караган) жерлер кылгыла жана намазды туптуура окугула...»
(Йунус Сүрөсү, 87) деп белгиленет.
- Иса пайгамбар
Аллахтын ага билдирген буйруктарын санап жатып мындай дейт: «... мага
намазды жана зекетти осуят (буйрук) кылды» (Мариям Сүрөсү, 31).
- Ошондой эле,
Куранда Аз. Локман уулуна «Эй уулум, намазды туптуура оку, жакшылыкка үндөп,
жамандыктан кайтар...» (Локман Сүрөсү, 17) жана «... Эй уулум, Аллахка
шерик кошпо. Албетте, ширк чындыгында чоң зулумдук» (Локман Сүрөсү, 13) деп
насаат берет.
- Аз. Мариям тууралуу
болсо «Мариям, Раббиңе чын көңүлдөн моюн сун, сажда кыл жана рүку кылгандар менен
бирге рүку кыл» (Али Имран Сүрөсү, 43) деп айтылат.
Булар белгилүү
негизги ибадаттар жана ишенимдер тууралуу Куранда кабар берилген кээ бир
мисалдар гана жана мындай мисалдар көп. Анын себеби бардык пайгамбарларга
түпкүрүндө бир эле чыныгы дин вахий кылынган. Ал чыныгы диндин негизги жана
өзгөрүлбөс өкүмдөрү бир аятта төмөнкүчө кайталанат:
Аларга динди Ага гана чын ыкластан арнаган ханифтер (жалгыз Аллахка
ишенгендер) катары бир гана Аллахка сыйынуу жана намаз окуп, зекет берүү буйрук
кылынды. Эң туура (акыйкат жана бекем) дин мына ушул. (Беййине Сүрөсү, 5)


Hiç yorum yok:
Yorum Gönder