Куран
адеп-ахлагынан алыс болгондуктан, коомдордо көптөгөн терс көрүнүштөр келип
чыгат. Мисалы, динден алыс болгон коомдо адамдардын көпчүлүгүнүн өзүмчүл,
адилетсиз жана адеп-ахлагынын начар болоору талашсыз. Анткени адамдардын чыныгы
мааниде адеп-ахлагынын жакшы болушунун бир гана булагы бар: дин адеп-ахлагы.
Аллахка ыйман кылып, акыретке чындап ишенген адамдар Аллахты ыраазы кылууну
каалагандыктан жана кылган иштери үчүн сурак берээрин билгендиктен, жүрүм-турумдарында
Аллахтан коркуп-тартынышат. Аллах тыюу салган жаман иштерден,
жүрүм-турумдардан, кыймыл-аракеттерден жана терс кулк-мүнөздөн сактанышат.
Мындай адамдардан турган бир коомдо болсо ар кандай коомдук көйгөйлөр жоголот.
Ал эми дин
адеп-ахлагынан алыс адам болсо кылган жамандыктарынын жазасын бир күнү сөзсүз
алаарына жана кылган иштери үчүн сурак берээрине ишенбегендиктен,
жүрүм-турумунда эч кандай чекти тааныбайт. Кылган иштери үчүн эч кимге жооп
бербейм деп ойлогон адам үчүн жамандыктын чеги болбойт. Принцип катары кээ бир
терс иш-аракеттерди жасабаса да, ылайыктуу шарт түзүлгөндө, аргасыз калганда,
айлана-чөйрөсүнөн дем-күч алганда же мүмкүнчүлүк табылганда эч тартынышпайт.
Мындай жашоону
тандаган адам үчүн динсиз жашоонун материалдык жана руханий жазасы бул дүйнөдө
эле башталат. Себеби ар бир адамдын абийири дин адеп-ахлагын карманышы керек
экенин билет. Жогоруда да айтылгандай, ар бир адамда абийир механизми бар.
Бирок ыймандууларда бул сапат абдан өнүксө, динден алыс адамдарда басым астында
калат. Башкача айтканда, динден алыс адамдар абийирлерин укпай, өздөрүн руханий
азапка салышат. Жыйынтыгында ар бир адам негизи бир Жаратуучусу бар экенин,
Анын алдында жоопкерчиликтүү экенин жана жакшы кулк-мүнөздүү болушу керек
экенин билет. Бирок аларды аткаруу бул дүйнөдөгү кызыкчылыктарына карама-каршы
келгендиктен, ал талаптарды аткарбайт.
Ошондуктан же диндин
талаптарын толугу менен четке кагып, бул жоопкерчиликтен качат, же болбосо дайыма
өзүн «ак көңүл, жүрөгүм таза жана чынчыл адаммын» деп актап, Куранда
сүрөттөлгөн диндин талаптарын аткарбаш үчүн шылтоолорду ойлоп табат. Бирок
кандай болгондо да адамдар көмүскө туюмунда Аллах талап кылгандай жашашы керек
экенин билишет. Абийирлеринин бул үнүн укпагандыктан, бул дүйнөдө эле анын
руханий азабын тарта башташат. Динден алыс жашаган коомдордогу депрессиянын,
психологиялык көйгөйлөрдүн жана психикалык кыйынчылыктардын негизги булагы мына
ушул «абийир азабы» деп аталган руханий азап. Кылган иштеринин азабын акыретке
бара элек туруп, бул дүйнөдө тарта баштагандардын абалы аятта төмөнкүчө
сүрөттөлөт:
«Эгер чындыкты айтып жатсаңар, бул убада кылынган (азап) качан?» дешет. Айткын:
«Балким шаштырып жатканыңардын (азаптын) бир бөлүгү силерге келип да калгандыр».
(Немл Сүрөсү, 71-72)
Акыреттеги түбөлүктүү
жана жан чыдагыс руханий азаптын кичинекей бир бөлүгү болгон бул дүйнөдөгү
абийир азабы, жогоруда айтылгандай, адамдын табиятына жана жаралуу максатына
карама-каршы жүрүм-турумду, көз карашты жана жашоону тандаганда башталат. Адам
мындай туура эмес, динге туура келбеген жүрүм-турумун жана түшүнүгүн
өзгөртмөйүнчө, бул руханий азаптан кутула албайт. Бирок ар кандай ыкмалар менен
өзүн алаксытып, абийиринин үнүн укпаганга жана азабын жеңилдеткенге аракет
кылат.
Адам физикалык жактан
да, руханий жактан да дин менен жашаганга ылайыктуу кылып жаратылган. Адамды
да, ага эң ылайыктуу жашоо моделин да Аллах жараткан. Адамдар ал жолдон
чыкканда, табигый түрдө жеке жана коомдук деңгээлде көйгөйлөр башталат. Ал
көйгөйлөр, китептин башында айтылгандай, тарых бою бүт адамдар чечүүгө аракет
кылган, бүгүнкү күндө да натыйжалары дээрлик бардык коомдордо байкалган коомдук
жана жекече азаптар менен кыйынчылыктар. Алардан кутулуунун бирден бир жолу –
бул диндин талаптарын аткаруу. Аллах Куран адеп-ахлагы аркылуу алардын ар
биринин чыныгы чечүү жолдорун көрсөткөн.
Дин адеп-ахлагы адамдарды кылмыштардан тосот
Динден алыс жашаган
адам өзүнүн туура эмес түшүнүгү боюнча, кылган иштери үчүн сурак бербейм, жазага
тартылбайм, аягында мунун мага зыяны болбойт деп ишенет. Мындай адамдын жеке
кызыкчылыктары үчүн өзүн кандайдыр бир жол менен чектешине, башкалардын акысын,
жакшылыгын, кызыкчылыгын ойлошуна эч кандай себеп болбойт. Анткени анын туура
эмес түшүнүгү боюнча, бир келген бул жашоодо эң жакшы шарттарда жашап, каалаган
нерселеринин баарына жетиши жана оюна келген нерселердин баарын жасай алышы
керек. Куранда динден алыс жашаган адамдардын бул түшүнүгү төмөнкүчө
сүрөттөлөт:
«(Баары) Бул дүйнө жашообуз менен бүтөт, өлөбүз жана тирилебиз; бизди «эч токтобогон
убакыт» (агымы) гана кыйратат (өлтүрөт)» дешти. Чындыгында болсо алардын бул жөнүндө
эч кандай маалыматы жок; болгону ушинтип болжолдошууда.» (Жасия Сүрөсү, 24)
Мындай түшүнүктөгү
адам эч кандай чекти тааныбастан, ар кандай жамандыкты же уятсыздыкты жасай
алат, көз бойомочулук кыла алат, калп айта алат, иштеген жеринен акча уурдай
алат, уурулук, алдамчылык кыла алат, жеке кызыкчылыгы үчүн жалган күбө боло
алат, убадасынан кайта алат, колуна акча, күч же мүмкүнчүлүк тийгенде башка
адамдарды эзе алат... Мындан да жаман иштерди жасашына эч нерсе тоскоол боло
албайт.
Белгилүү убакыттан
соң абийири ушунчалык мокогондуктан, ал адам толугу менен напсисине баш ийип
калат. Напсиси эмне десе, кандай буйрук берсе ошол замат аткарат. Эч кандай
чектей турган, бөгөт койо турган күчтү тааныбайт. Жеке кызыкчылыгы үчүн адам
өлтүрүүгө да барышы мүмкүн. Күн сайын жаңылыктарда ушул сыяктуу көптөгөн
кабарлар чыгат. Билериктери үчүн кошунасын, кызганычтыктан улам күйөөсүн,
ачуусу себептүү курдашын, жиндеп кетип балдарын, акча үчүн атасын-энесин
өлтүргөн адамдар тууралуу кабарлар толтура. Негизи ал кабарлар көрүнгөн тарабы
гана, жаңылыктарга чыкпаган буга окшогон дагы көптөгөн окуялар бар. Булардын
баары ал адамдардын абийири толук жабылып, напсиси башкарып калганын көрсөтөт.
Андай адамдар динге маани бербей, Аллахтан коркпогону үчүн ошондой абалга
келишкен жана руханий жактан адамдык сапатын жоготушкан. Аятта андай адамдар «чектен
чыккан, зомбулукчу, күнөөкөр...» (Мутаффифин Сүрөсү, 12) сыяктуу сыпаттар
менен сүрөттөлөт.
Күтүүсүздөн ар кандай
кадамга барууга жөндөмдүү адамдар басымдуулук кылган чөйрөдө көчөдө, автобуста,
дүкөндө, бир көңүл ачуучу жайда же кандайдыр бир жерде жаныңызда турган
катардагы адам чындыгында потенциалдуу коркунуч туудурушу мүмкүн, ууру, зөөкүр,
киши өлтүргүч же ушул сыяктуу бирөө болушу ыктымал. Ал тургай, келбеттүү,
билимдүү адам да ошондой чыгышы мүмкүн. Мунун толук мүмкүн экенин белгилүү
журналда жарыяланган бир маектин үзүндүсүнөн көрүүгө болот:
- Журнал: «Киши
өлтүрүү сизди кызыктырганына караганда, аны кылгыңыз келеби?»
- Конок: «... Киши
өлтүргүм келген учурлар да болгон, конкреттүү бир адамды эле эмес. Бир күндө
сегиз-он кишини өлтүргүм келиши мүмкүн. Ушундай жырткычтык бар адамдардын
ичинде. Менде да жырткычтыкка бир жакындык бар. Бирок конкреттүү киши өлтүрүү
мага жакпашы мүмкүн, кандар агат, адам кулайт, сигнал чалат, полиция келет...
Узун иш... Ал эми абстракттуу ойлонгондо киши өлтүрүү мага жагымдуу сезилет».
- Журнал: «Кантип
киши өлтүрмөксүз?»
- Конок: «Албетте,
куралды тандайм. Уу кырдаалдын олуттуулугуна көп туура келбейт, өтө эле тымызын
болуп калат».
Көрүнүп тургандай, эл
арасында интеллигент катары таанымал бир адамдын ичинде да ушундай коркунучтуу
ойлордун катылгандыгы жана аны эч тартынбай эркин айтып жатышы динден алыс
жашаган коомдун жалпы менталитети тууралуу жакшы маалымат берет. Эринбесе,
ыңгайсыздыкка кабылбаса, кыйынчылыкка туш болбой турганына ишенсе, мындай
коркунучтуу ишти ырахаттануу менен жасоодон тартынбай турганы сөздөрүнөн апачык
көрүнүп турган бул кишинин мисалы адамдарда Аллахка ишеним жана Аллахтан коркуу
болбогон жана Куран адеп-ахлагын тутунбаган учурда коомдун кандай коркунучтуу
масштабга жетиши мүмкүн экенин айгинелейт. Караңгы (динден алыс) коомдогу адамдар
эч ойлонуп, тартынбастан жасай ала турган киши өлтүрүү сыяктуу оор кылмыш жөнүндөгү
Курандын өкүмү төмөнкүдөй:
...Ким бир жанды, ал башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч
күнөөсүз жерден) өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот...
(Маида Сүрөсү, 32)
Чындыгында аятта
келтирилген мисал абдан маанилүү; Аллах бул кылмышты бүт адамдарды өлтүрүүгө
теңеген, ошондой эле, башка аяттарда мунун жазасынын тозок экенин кабар берген
(Ниса Сүрөсү, 93). Ошондуктан Аллахтан корккон адам бул күнөөгө жакындоо мындай
турсун, оюна да келбейт. Мунун эң сонун мисалдарынын бирин Куранда Адам (ас)
пайгамбардын уулдары жөнүндөгү окуядан көрүүгө болот. Аз. Адамдын уулдарынын
бири бир тууганын адилетсиздик менен, көрө албастыктан улам гана өлтүргүсү
келгенде, экинчисинин жообу төмөнкүдөй болгон:
Эгер мени өлтүрүү үчүн колуңду мага узатсаң, мен сени өлтүрүү үчүн колумду сага
узатпайм. Себеби мен ааламдардын Жаратуучусу Аллахтан коркомун. (Маида Сүрөсү,
28)
Ыймандуулар менен
башка адамдардын ортосундагы айырма мына ушунда. Ыймандуулар кандай гана
болбосун, тыюу салынган нерсеге жакындабайт, ал эми башкалар болсо ар кандай
жамандыкты оңой эле жасай алышат же жасоодон тартынышпайт.
Диндин өкүмдөрүн
аткарган бир коомдо адамдар Аллахтан абдан корккондуктан, уурулук, жалган,
паракорчулук, киши өлтүрүү сыяктуу уятсыздыктардын эч бири болбойт. Диндин
адеп-ахлагы менен жашаган адам өмүрүн Аллах койгон чектерден чыкпастан,
абийирин угуп өткөрөт, ичиндеги напсинин терс үнүнөн, жамандыкка үндөгөн
буйруктарынын баарынан баш тартат.
Диндин
адеп-ахлагынан алыс адам напсинин буйруктарына баш ийип, эркин жоготкондуктан,
дайыма жеке кызыкчылыктарын гана көздөйт. Натыйжада ар кандай жаман
уятсыздыктардын эшиги ачылат. Мисалы, уурулук кылуу адамдын кызыкчылыктарына
туура келиши мүмкүн, бирок динде буга тыюу салынган, ошондой эле, бул тигил
тарапка зыян алып келет. Тигил тараптын көп жылдар бою иштеп тапкан акчасы, бүт
эмгеги бир түндө жок болот жана бул байлыктын ээсин кайгыга салат. Негизи
уурдаган кишини да абийир азабы кыйнайт. Ошондуктан Куран адеп-ахлагы мындай
жаман иштерге тыюу салып, арам кылуу аркылуу адамдарга бул дүйнөдө да эң сонун,
бейпил чөйрөгө шарт түзөт.
Бул жерде
айтылгандарга бир динсиз киши каршы чыгып, «мен динсизмин, бирок пара албайм»
деши мүмкүн. Чындап эле ал киши өмүр бою эч пара албаган да болушу ыктымал,
принциптеринен улам пара алууну туура эмес деп эсептеши мүмкүн. Бирок ушундай
шарт түзүлүп, мунун эч кандай зыяны жок деген ойго келиши ыктымал. Мисалы,
материалдык жактан абдан оор абалда калышы мүмкүн, жубайы же үй-бүлөсү пара
алууга мажбурлашы ыктымал, жаңы чөйрөсүндө пара алууну элдин баары кадыресе
көрүнүш катары кабыл алышы мүмкүн же ага алсыз, сезимтал жагынан басым жасалышы
ыктымал. Ушул сыяктуу ар кандай кырдаалдар келип чыгып, ал киши үчүн жөндүү
себептер пайда болушу мүмкүн жана ал киши аягында эч ойлонбой пара алышы
ыктымал.
Ал эми Куран
адеп-ахлагында болсо паракорчулук алган тарапка да, берген тарапка да тыюу
салынган жана бул кеңири тараган коомдук илдетке карата эки тарап үчүн тең чара
көрүлгөн. Ошентип дин адеп-ахлагына ылайык жашаган адам көптөгөн аяттарда тыюу
салынган адилетсиздиктин бир түрү болуп эсептелген пара алуудан алыс болот,
ошондой эле, төмөнкү аяттын эскертүүсүнө ылайык пара берүүгө же аны колдоого
аракет да кылбайт:
Куранда жоопкерчиликтерди ошол тармактагы билимдүү жана тажрыйбалуу адамдарга берүү буйрук кылынат
Учурдагы
коомдордо келип чыккан көйгөйлөрдүн, чечилбеген маселелердин эң негизги себеби
– ал тармакка тиешелүү адамдардын ошол маселелерди чечүүгө, жөнгө салууга
жөндөмдүү жана компетенттүү болбошу. Динден алыс жашаган коомдордо өз милдетин
жана алган жоопкерчилигин аткарбаган адамдар көп болот. Анткени аларда
адамдарга пайдалуу иштерди жасоого, кызмат кылууга шыктануу жетишпейт,
ошондуктан өздөрүн пайдалуу иштер жагынан өстүрүшпөйт. Белгилүү бир кызматка ал
кызмат талап кылган жоопкерчиликтерди аркалоо жөндөмүнө ээ болгону үчүн
келишпейт. Ар кандай тааныш-билиш, колдоо жана эки тараптуу кызыкчылык
мамилелеринин негизинде ал кызматка дайындалышат.
Мисалы, бир
ишкананын жетекчиси болуп адатта ал ишкананын ээсинин уулу дайындалат. Мында ал
адамдын бул ишке жөндөмү, ошондой эле, бул багытта тиешелүү билими барбы же
жокпу, ага көп деле көңүл бурулбайт. Ал тургай, кызматка коюлган кишинин балким
ал жумушка каалоосу жоктур, болгону башка жумушта каалаган кызыкчылыктарына
жете албаганы үчүн аргасыздан бул кызматта иштеп жаткандыр. Аргасыздыктан жана
билими жоктугунан улам пайдалуу иштерди жасай албайт. Учуру келгенде эң жөнөкөй
маселелерди да чече албайт, катардагы адамдардын акылы жеткен чараларды өз
убагында көрө албайт жана ишканада жаңы чечилбеген маселелердин пайда болушуна
себеп болот.
Куран
адеп-ахлагына ылайык жашаган коомдо мындай көрүнүш болбойт. Анткени
кызматтарды, жоопкерчиликтерди ылайыктуу кишилерге тапшыруу Аллахтын Куранда
билдирген так буйругу:
Аллахтан корккон
жана дин адеп-ахлагына ылайык жашаган адамдар Аллахтын буйруктарын өтө
кылдаттык менен аткарышат. Ошондой эле, динчил коомдо ар кандай кызматтар,
жоопкерчиликтер аманат кылынган адамдар да Аллахтан коркушкандыктан, берилген
кызматтарды мүмкүн болушунча мыкты жасаганга аракет кылышат:
Дин адеп-ахлагы адамдардын арасындагы опаасыздыкка бөгөт койот
Ишенимдүүлүк,
берилгендик жана туруктуулук сыяктуу түшүнүктөр дин аркылуу адамдарга
үйрөтүлгөн баалуулуктар жана динди карманган коомдо гана сакталат. Куран
адеп-ахлагынан алыс коомдо бул баалуулуктардын сакталышын үмүт кылуу чоң
жаңылыштык болот. Себеби адамдар бири-бирине кандай гана шарт болбосун,
ооруганда, оорубаганда, кыйын жана татаал учурларда, Аллахтын ыраазы болоорун
билгенде жана акыретте ал мамилесинин сыйлыгын алаарын үмүт кылганда гана
туруктуу боло алышат. Антпесе, бир адам эгер кылгандарым үчүн суракка
тартылбайм, жасаган жамандыктарым үчүн жазаланбайм деп ойлосо, жеке
кызыкчылыктарын биринчи кезекке коюп, өзүмчүлдүк кылат.
Эл арасында мунун
мисалдары абдан көп; материалдык жактан бай адам банкрот болгондо, жогору
кызматтагы бирөө кызматынан түшкөндө, чини жогору адам пенсияга чыкканда,
атактуу бирөө атагын жоготкондо айланасында эч ким калбайт. Ошол сыяктуу, бир
адам оор дартка чалдыкканда көбүнчө айланасында ал-жайын сураган достору
калбайт. Көп кездешкен мисалдардын дагы бири – бул бизнес өнөктөштөрдүн
бири-бирин алдап кетиши. Өзгөчө мындай материалдык кызыкчылык мамилелеринде
адамдар ар кандай уятсыз иштерге баруудан тартынышпайт. Анткени акча динден
алыс жашаган адамдар үчүн эң баалуу нерсе болуп саналат. Бул мисалдар күнүмдүк
жашоодо адамдар көп уккан, ал тургай, түздөн-түз өздөрү күбө болгон окуялар.
Достук
мамилелеринде да опаасыздыктын мисалдары көп кездешет. Башка бирөөдөн көбүрөөк
кызыкчылык алаарын түшүнгөндө эң жакын досторун да бир заматта таштап кетишет,
бул көп адамдардын башына келген жана көп адамдар мындан жабыркаган. Бул эреже
сөйкө салынган же үйлөнүү тоюна даярданып жаткан адамдарга да тиешелүү.
Материалдык мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк, дене мүчөсү сулуураак же карьерасы
жакшыраак бирөөнү жолуктурганда, ошол замат сүйгөн адамын таштап кетишет. Бул
үй-бүлөлүк мамилелерге да таандык. Жубайлар бири-биринин көзүнө чөп салышат же
таштап кетишет. Алардын туура эмес түшүнүгү боюнча, аларды эч ким көрбөйт,
кылгандарын эч ким билбейт, ошондуктан эч нерседен тартынышпайт. Жыйынтыгында
караңгы коомдо адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелерде опаасыздык жана
натыйжада ишенимсиздик кеңири тараган. Адамдардын бири-бирине болгон
ишенимсиздиги алардын ар дайым тынчсызданып жашашына себеп болот.
Коомдогу опаасыздыктардын
мисалдары булар менен эле чектелбейт. Жаш кезинде кандайдыр бир тармакта
популярдуу болгон адамдар ошол кезде элдин баарынын көңүлүн бурса, улгайганда
алардын көпчүлүгү адатта жалгыз калышат. Адатта көптөр ачка жана жакырчылыкта,
үйлөрүндө же шарттары начар жайларда жалгыздыкта өлүмдү күтүшөт. Айланаларында
эми фанаттары да, журналисттер да, достору да жок. Ал-жайын сураган эч кими
калбайт. Улгайганда жашоолорунун түп-тамырынан өзгөрүшү аларды да таң калтырат
жана динден алыс болуунун бир натыйжасы катары, албетте, азапка салат. Бирок
мындай адеп-ахлак Куран адеп-ахлагына ылайык жашабаган коомдордун өзгөрүлгүс
эрежеси.
Динге
ишенбегендердин арасында басымдуулук кылган ишеним боюнча, адамдар – бул
кокустуктардын натыйжасында эволюцияланып, маймылдан пайда болгон жандыктар.
Сырткы келбети жана байлыгы үчүн гана бааланышат, аларды жоготкондо эч кандай
баркы калбайт. Албетте, бул философия боюнча маймылдан пайда болуп, топуракка
көмүлө турган жандык баркталбайт. Ансыз да жашыраак, сулуураак, популярдуураак
адамдар алардын ордун ээлеп, алардын кереги жок болуп калат. Коомдун башка
мүчөлөрү да аягында топуракка көмүлүп, жок болобуз деп ойлогон адамдардан
турат. Динге ишенбегендиктен, ал адамдардын туруктуулукка, бекемдикке убакыт
жоготушу алардын философиясы жагынан маанисиз болот. Ошол сыяктуу, карылар
үйүндө жана камкордук мекемелеринде балдары каалабаган же «үйдөн чыгарылган»
ата-энелер толтура болот. Аларды да канчалаган кыйынчылыктар менен, бапестеп
чоңойткон балдары таштап кетишет. Ал тургай, жаман мамиле кылышат.
Көрүнүп
тургандай, динден алыс болгондо, адамдын эң жакыны болгон ата-энесине карата
мамилеси да ушундай катаал болушу мүмкүн. Ошондой эле, мындай уятсыздыкты жана опаасыздыкты
адамдардын ортосундагы ар кандай мамилелерден көрүүгө болот. Негизи бардык
адамдарды кыйнап, азапка салган бул коомдук илдеттин бирден бир чечүү жолу –
бул дин адеп-ахлагы менен жашоо. Дин адеп-ахлагы менен жашаганда адам барксыз
көрүлбөй калат жана Аллах рух берген баалуу жандыкка айланат. Бул баалуу
жандыктын эң негизги өзгөчөлүгү, албетте, сырткы келбети, байлыгы же статусу
эмес, такыбалыгы, тагыраак айтканда, Аллахка жакындыгы жана кооз адеп-ахлагы
болот. Анткени адамдын бул дүйнөдө колдонгон денеси, колундагы бардык нерселери
сыяктуу эле, убактылуу. Адам бул дүйнөгө сыналуу үчүн келген, кыска убакыт
туруп, акырет мекенине барат жана бул дүйнөдөгү адеп-ахлагынан ал жакта суракка
алынат. Демек адам үчүн эң негизги нерсе анын адеп-ахлагы болот. Дин
адеп-ахлагында опаа жана туруктуулук абдан маанилүү, себеби Аллах пенделеринен
муну талап кылат, динчил адамдар Аллах жактырган бул адеп-ахлактан табигый
түрдө ырахат алышат.
Куран адеп-ахлагы
менен жашаганда адамдар опаанын жана бекемдиктин эң сонун үлгүлөрүнө күбө
болушат. Ата-эне сыйга бөлөнөт, кадыр-барктуу искусство адамдары, илимпоздор,
элге жана мекенге кызмат кылып, эмгеги сиңген инсандар жашы канчага келсе да,
коомдо ар дайым урмат-сыйга ээ болушат. Жаштар жана жакшы көргөн адамдары
тынымсыз кабар алып, ар тараптан көмөк көрсөтүшөт. Достук бир туугандык
мамилеге айланып, өмүр бою уланат. Ал тургай, оору-сыркоо, оор кырдаал,
материалдык кыйынчылык сыяктуу учурларда жардам берүү жана ал мыкты адеп-ахлак
аркылуу Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн бүт чөйрөсү бири-бири менен жарышат.
Жубайлар, үйлөнө турган жаштар Аллахтын ыраазылыгына жетүү жана муну түбөлүккө
улантуу ниети менен баш кошушат. Өлүмдөн кийин түбөлүккө улана турган жашоо
күтүп тураарын билгендиктен жана ага ишенгендиктен, бири-бирине абдан бекем,
опаакер жана туруктуу болушат. Бул опаа түшүнүгү ушунчалык терең болгондуктан,
бирөөсү майып болуп калса да, алсыз абалга түшсө да, ден-соолугун же сырткы
келбетинин сулуулугун жоготсо да, бекемдик жана опаа өзгөрүүсүз уланат. Мисалы,
бир сулуу адамдын бети күйүп, таанылгыс абалга келсе, ыймандуу жубайы ага
боорукердик жана сабырдуулук кылат, бул жашоонун абдан бат өтөөрүн, чыныгы
мекендин акырет экенин билгендиктен, жубайын мурдакыдай сүйүп, урматтап,
мээримдүү мамиле жасайт. Анткени ал адамда баалаган нерсеси – бул анын руху. Ал
тургай, мындай учурда опаакер болуу ыймандуу үчүн жагымдуураак болот.
Ыймандуулардын
мындай опаа түшүнүгү бизнес өнөктөштүгүнө жана башка бардык мамилелерге
тиешелүү. Сөзүндө туруу, убадасын аткаруу, өнөктөштүгүн ишенимдүүлүк менен
улантуу опаакер жана ишенимдүү кулк-мүнөздөрүнүн көрсөткүчү болот. Берген
убадасында туруу ыймандуунун негизги белгилеринин бири. Куран адеп-ахлагынан
алыс коомдордо болсо адамдардын убадасына жана бири-бирине бекем болуусун күтүү
пайдасыз.
Бир маанилүү
жагдайды белгилей кетүү керек: дин адеп-ахлагын карманбаган же өзүн атеистмин
деп эсептеген бир адам бул мисалдарды окуп, мен динчил эмесмин, бирок булардын
эч бирин эч качан кылбайм деши мүмкүн. Чындап эле ушул күнгө чейин эч кылбаган
болушу да ыктымал. Бирок буга чейин да айтылгандай, шарттар абдан өзгөрүшү
мүмкүн жана чоң жеке кызыкчылыктары үчүн бир жерде опаасыздык кылышы ыктымал.
Балким ал үчүн эч ким сындабай турган чөйрөгө туш болушу мүмкүн же өтө жагымдуу
көрүнгөн варианттар чыгышы ыктымал. Ушул сыяктуу дүнүйөлүк адеп-ахлагын,
принциптерин тебелей ала турган ар түрдүү ыктымалдыктар ишке ашышы мүмкүн. Ал
эми ыймандуу адам шарттар кандай гана болбосун, Аллах ыраазы болбой турган
адеп-ахлакты же Аллах тыюу салган ишти эч качан жасабайт. Кандайдыр бир өзгөчө
учур деген түшүнүк да болбойт.
Дин адеп-ахлагы менен жашаган коомдо бейпилдик жана тынчтык орнойт
Аллах Куранда
ыймандууларга бейпилдик жана мыкты адеп-ахлак өкүм сүрө турган түзүлүштү насаат
кылган. Мындай түзүлүштө кыжырдануу, кек саноо сыяктуу жаман кулк-мүнөздөр
болбойт. Себеби Аллах Куранда ыймандууларды мындай мамиледен тыйган:
Алар - барчылыкта да, жокчулукта да садака бергендер, ачууларын
жеңгендер жана адамдарды кечиргендер. Аллах жакшылык кылгандарды сүйөт. (Али Имран
Сүрөсү, 134)
Аллах
ыймандууларды жогорудагы аяттарда айтылгандай сүрөттөгөн. Ыймандуулар мындан
башкача кулк-мүнөздө болуудан тартынышат. Анткени бүт өмүрлөрүн Аллахтын
сүйүүсүнө жана ыраазылыгына арнашат. Өмүр бою жасаган ар бир кадамында, ар бир
адеп-ахлагында, ар бир мамилесинде, айткан ар бир сөзүндө эң туурасын, эң
жакшысын тандап, Аллахка эң жаккан адеп-ахлакка жетүүгө аракет кылышат. Аллах
ыймандуулардан жакшы адеп-ахлактан да жогору адеп-ахлакты талап кылып, аны «эң жакшы»
деп сыпаттаган. Көптөгөн аяттарда бул өзгөчөлүккө көңүл бурулган:
Пенделериме сөздүн эң жакшысын айткыла деп
айт... (Исра Сүрөсү, 53)
... Биз чындыгында эң жакшы иштерди жасагандардын сыйлыгын жоготууга
учуратпайбыз. (Кехф Сүрөсү, 30)
Жамандыкка эң жакшы жол менен жооп бер... (Мүминун Сүрөсү,
96)
Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт. Жамандыкка сылык
мамиле менен жооп бер. Ошондо (көрөсүң) ортоңордо душмандык болгон киши ынак дос(уң)
болуп калат. (Фуссилет Сүрөсү, 34)
Ислам адеп-ахлагы
орногон чөйрөдө ар бир адам «эң жакшы» кулк-мүнөзгө суктанып, ага жетүүгө
аракет кылат. Ар бир адам «эң жакшыга» умтулган чөйрөдө бейпилдик, тынчтык жана
жакшылык табигый түрдө орнойт. Кыжырдануу, ачуулануу, мушташ, ызы-чуу, уруш-талаш
сыяктуу жаман кулк-мүнөздөрдүн эч бири болбойт. Үй-бүлөдө, достук
мамилелеринде, соода-сатыкта, жолдо, ар түрдүү өнөктөштүктө жана бөлүшүүдө,
күнүмдүк жашоонун эч бир тармагында ыймандуулар мындай майда жана төмөн иштерге
барышпайт. Башка адамдарга кадыресе көрүнгөн мындай жүрүм-турумдар ыймандуулар
үчүн уят болуп саналат.
Ислам адеп-ахлагы
чындап сиңген коомдо табигый түрдө бейпилдик орнойт. Дин адеп-ахлагы менен
жашамайынча, адамдар башаламандыктан жана кыйынчылыктардан кутула алышпайт. Дин
адеп-ахлагы менен жашабаган же динге ишенбеген адамды токтото турган кандайдыр
бир механизм жок, ал адам толугу менен напсисине баш ийет. Андай адамдын
жүрүм-турумун билүү кыйын. Күтүүсүз учурда ачууланып, көңүл оорутушу мүмкүн,
үнүн көтөрүп, кыйкырып, кыжырданышы, ал тургай, зордук-зомбулукка да барышы
ыктымал. Негизи ачуулануу жеке жана коомдук бейпилсиздиктин сырткы чагылуусу,
жогоруда да айтылгандай, бул көрүнүштү жубайлар менен достордун арасында,
соода-сатык мамилелеринен же көчөдөгү тыгындардан да көп көрүүгө болот. Өзгөчө
кыйынчылык учурларында, жолу болбогондо, күтүүсүз кырдаалдарда, жеке
кызыкчылыгына коркунуч туулганда ачууланбаган адам өтө сейрек кездешет. Мындай
адамдардан турган коомдун бүт тарабын бейпилсиздик каптайт. Жанындагы адам
чарчаган, бир нерсеге алаксып кеткен, бир нерсеге кайгырып жаткан же уйкусу
канбай калган, өзүнө окшогон бир адам экенин ойлонбостон, болор-болбос катасы
үчүн же кичинекей зыяны үчүн катуу ачууланып, кыйкырып өкүрөт, акарат келтирет,
ал тургай, аны менен мушташат. Тамактын туздуураак болуп калганына, көйнөгүндө
так калганына же кароолдун акыр-чикирди кечирээк алганына жана ушул сыяктуу
кырдаалдарга да катуу ачууланышы ыктымал. Чындап маани берип, көңүл бурушу жана
кийлигишиши керек болгондо, кандайдыр бир адилетсиздик жасалганда болсо, өзүнө
зыяны тийбесе камырабастык жана кайдыгерлик кылышы мүмкүн.
Дин адеп-ахлагы адамдардын бир калыптуу болушуна шарт түзөт
Дин адеп-ахлагы менен
жашаган адамдар Аллахка чындап моюн сунуп, бүт нерсенин Аллахтын көзөмөлүндө
болуп жатканын билгендиктен, абдан токтоо жана бир калыптуу болушат. Жакшы же
жаман кандай гана окуя болбосун, ар дайым өзүн кармап, акылдуу мамиле кылышат,
күтүүсүз реакция кылышпайт. Ошондуктан абдан ишенимдүү адамдар болушат. Эң оор
шарттарда да өздөрүнө жана айланасындагыларга эң аз зыяны тийе тургандай, эң
акылдуу чараларды көрүшөт. Анткени ыймандуулар Аллахтын китеби Куран менен
тарбияланган адамдар жана бүт жүрүм-турумдары менен кыймыл-аракеттери Курандан
үйрөнгөн бийик адеп-ахлактын жана кулк-мүнөздүн чегинен чыкпайт. Аллахтын
өкүмдөрүн өтө кылдаттык менен аткаргандыктан жана Аллахтан коркуп
тартынгандыктан акылы менен аң-сезими абдан бийик болот. Окуяларга карата эң
туура жана эң мыкты мамиле жасай ала турган түшүнүккө, парасатка жана ой
жүгүртүү жөндөмүнө ээ болушат.
Албетте, мындай
өзгөчөлүктөргө ээ ыймандуу адам эч бир окуяда паника болуп, үмүтсүздүккө
түшпөйт, тынчсызданбайт жана кайгырбайт, ар дайым тең салмактуу, тобокелчил
(Аллахка таянган), ишенимдүү маанайда болот. Кыйынчылык келгенде коркуп,
чечкинсиздик кылбайт жана сабырдуу болот. Адамдарга түшүнүү жана боорукердик
менен мамиле кылат. Сөздүн эң жакшысын сүйлөйт жана эң кооз жүрүм-турумду
көрсөтөт. Күчтүү, ишенимдүү жана жетилген кулк-мүнөзгө ээ болот. Бүт нерсенин
Аллахтын көзөмөлүндө экенин унутпайт жана башына кандай гана окуя келбесин
төмөнкү аяттарды эсинен чыгарбайт:
Жер жүзүндөгү жана силердин напсиңердеги ар кандай нерселердин (окуялардын)
баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах
үчүн абдан оңой. (Силердин) Колуңардан чыкканга кайгырбашыңар жана силерге (Аллахтын)
бергендеринен улам сүйүнүп-көппөшүңөр үчүн (ушундай кылды). Аллах текебер-мактанчаакты
сүйбөйт. (Хадид Сүрөсү, 22-23)
Куран адеп-ахлагын
билбеген адамдар болсо Аллахты таанып, бүт окуялардын Аллахтын башкаруусунда
экенин ойлонбогону үчүн өмүрлөрү ар дайым коркуу жана тынчсыздануу менен өтөт.
Ошондуктан мүнөздөрү туруксуз жана тең салмаксыз болот. Сырттан караган адам
үчүн мындайлардын мүнөзү абдан кооптуу көрүнөт. Мындай кишилердин маанайы
тынымсыз өзгөрүп турат. Бактылуудай көрүнүп жатып, бир заматта кайгырып ыйлай
башташы мүмкүн. Эмнеге кайгырып же эмнеге ыйлай турганы да белгисиз. Кээде эски
бир окуяны эстеп, көзүнө жаш алат. Бат эле депрессия болот жана аны кадыресе
нерседей көрүп, башкаларга «депрессиядамын» деп айтат. Өзүн-өзү өлтүрүүнү да
ойлонот, ал тургай, аракет да кылышы мүмкүн. Мындай адамдардын
кыймыл-аракеттеринин эч кандай чеги жана чен-өлчөмү жок. Эмненин туура эмненин
туура эмес, эмненин жакшы эмненин жаман, эмненин мыкты эмненин начар экени
жөнүндө так пикирлери жок, эмненин ордунда эмненин орунсуз, эмненин керектүү
эмненин керексиз, эмненин маанилүү эмненин маанисиз, эмненин акылдуулук эмненин
жиндилик экенин туура айырмалай алышпайт. Себеби бул түшүнүктөр тууралуу эң
туура чен-өлчөмдөрдү билдирген чыныгы динди билишпейт.
Динден кабарсыз
болгондуктан Аллахка ишенип таянышпайт. Аллахтын бүт баарын бир тагдырга ылайык
жаратканынан, бүт нерсенин Аллахтын каалоосу менен ишке ашаарынан жана бул
дүйнөдө баштарына келген жакшы же жаман нерселердин баарынын аларды сыноо үчүн
жаратылганынан кабарлары жок. Динден кабарсыз болгондуктан, баштарына келген
окуялардын сырларын жана маңызын түшүнө алышпайт жана ал окуяларга карата
кандай мамиле кылуу керек экенин билишпейт. Бүт окуяларды кокусунан болот деп
ойлогондуктан, бүт өмүрү тынчсыздануу жана стресс менен өтөт. Ошондуктан
тынымсыз олку-солку болуп, туура эмес чечим чыгарып, туура эмес жооп
көрсөтүшөт. Ар бир кылган ишинен бушайман болушат.
Эч бир багытта туура
чен-өлчөмдөрү жок, жакшы окуя болсо ошол замат кубанып, эсирип көөп, чектен
чыгып кетүүлөрү мүмкүн. Бой көтөрүү жана текебердик сезимдери күчөйт.
Кубанганда өзүн жоготуп, өзүн уят кылган кыймыл-аракеттерди жасашы ыктымал.
Баштарына жаман окуя келгенде да кайра эле өздөрүн кармай алышпайт, күтүүсүздөн
алсыз жана жагымсыз жүрүм-турумдарын көрсөтүшөт. Өзүн-өзү жерге таштап,
кыйкырып өкүрүп, шолоктоп ыйлашы мүмкүн. Ачууланганда өзүн кармай албай, жаман
сөздөрдү айтышат.
Мындай
жүрүм-турумдарды маданияты белгилүү деңгээлден төмөн болгон топторго тиешелүү
деп ойлобош керек. Дин адеп-ахлагынан алыс коомдордо эң көсөм, эң маданияттуу,
эң акылдуудай көрүнгөн, «сөзүн таптап сүйлөгөн» деп сыпатталган адамдар да
күтүүсүз окуяга туш болгондо, өзүн башкара албай орой, жагымсыз мамиле жасашы
мүмкүн. Напсисине оор тийген, жеке кызыкчылыктарына карама-каршы келген учурларда
мындай адамдардын кантип жагымсыз, агрессивдүү же алсыз мүнөзүн көрсөтөөрү көп
байкалган чындык.
Дин адеп-ахлагы менен жашаган адамдар күчтүү жана чечкиндүү мүнөзгө ээ болушат
Караңгы коомдо адам
мүнөзү жагынан күчтүү көрүнсө да, сөзсүз бир катар чектөөлөрү болот. Дин
адеп-ахлагынан алыс адам белгилүү бир чектен соң алсыздыктарын жеңе албайт. Ар
кандай терс жүрүм-турумдарга жана мамилелерге принцип катары каршы болгондор
да, жеке кызыкчылыгы олуттуу болгон учурда принциптеринен кайтып кетиши мүмкүн.
Жубайлары же жакындары кысым жасаганда, оору-сыркоо, муктаждык же ушул сыяктуу
бир кырдаалда жана ал шарттардан улам сынга кабылбай турган мүмкүнчүлүк
болгондо, эч кандай эреже же принципке карашпайт. Жагымдуу кызыкчылыктар үчүн
туура эмес кадамдарга баруудан тосо турган эч кандай олуттуу себеп жок.
Бирок, жогоруда да
айтылгандай, динден алыс бир адамдын ушул күнгө чейин мындай нерсе кылбаган
болушу эч нерсени өзгөртпөйт. Эң негизгиси, мындай кадамга барышына тоскоол
боло турган, тартына турган себебинин болбошу. Андай адамдардын Аллахтан
коркпогондуктан, эрктерин бекем кармай турган күчү болбойт.
Дин адеп-ахлагы менен
жашаган адамда абал таптакыр башкача. Бул дүйнөдөгү эч бир себеп аларды туура
билген нерсесин кылуудан жана ал багытта чечкиндүү болуудан тосо албайт. Анын
негизги себеби болсо Аллахтан коркуу. Аллахтын кудуретин түшүнө алганы үчүн,
Аллахтын азабынан жана жазасынан абдан коркушат. Аллахтын адамдарды ар дайым
угуп, көрүп тураарын жана жашырган нерселеринин баарын Аллахтын билээрин билип,
ар дайым Аллахтын алдында турганын сезип жашашат. Чындап дин менен жашаган
адамдар күчтүү жана эрктүү болушат, кандай гана болбосун Куран аркылуу тыюу
салынган, Аллахка жакпаган бир нерсени кылышпайт. Ыймандуулардын башына кандай
гана окуя келбесин, ар дайым Аллахка жакын болоору аяттарда төмөнкүчө кабар
берилген:
(Алар ушундай) Адамдар, соода да, алып-сатуу да аларды Аллахты эстөөдөн, туптуура
намаз кылуудан жана зекетти берүүдөн «каалоого алдантып, тосо албайт»; алар жүрөктөр
жана көздөр аңтарылып (абдан корко) турган күндөн коркушат. Себеби, Аллах (аларга)
жасагандарына эң сонун менен жооп берет жана аларга Өз берешендигинен көбөйтүп берет.
Аллах каалаганына эсепсиз ырыскы берет. (Нур Сүрөсү, 37-38)
Куран адеп-ахлагы өзүмчүлдүктү жок кылат
Динден алыс адамдар сөзсүз түрдө өздөрүн гана ойлошот. Бул негизи философиялык зарылчылык, анткени алар жашап жаткан система ошону талап кылат. Жан аябастык, боорукердик, жакшы адеп-ахлак сыяктуу баалуулуктар дин аркылуу келген жана дин менен гана чыныгы мааниде сакталат. Аллахка жана акыретке ишенген, сурак берээрин билген адамдар гана Аллах ыраазы боло турган жана жактырган бул адеп-ахлакты бекем сакташат. Ошондуктан динден алыс адамда бул адеп-ахлактын чыныгы мааниде болушу мүмкүн эмес. Бирок муну «коомдо өзүмчүл адамдар да бар, мен алардан эмесмин» деп ойлоп, өзүнө жакындатпоо туура эмес болот. Анткени эгер дин адеп-ахлагынан алыс болсо, өзүмчүлдүктөн башка альтернатива жок. Башка жаман кулк-мүнөздөр сыяктуу мунун да себеби ошол эле: түбөлүктүү жашоонун бар экенине, сурак берээрине, жаза тартаарына ишенбөө жана Аллахтан коркпоо.Ошондуктан динден
алыс адамдар өздөрүнүн сөзү менен айтканда «кемесин куткарган капитан» сыяктуу
өмүр сүрүп, айланасындагы адамдарга көңүл бурушпайт. Келечек тууралуу
максаттары бай болуу, жакшыраак карьера кылуу, жакшыраак жашоо жана ушул
сыяктуу максаттар. Айланасындагы адамдарды, досторун, муктаждарды ойлоо жана
бүт адамзатка пайдалуу болуу ойлоруна да келбейт. Себеби алардын ою боюнча,
мындай жан аябастык кылууну жана мындай адеп-ахлакта болууну талап кылган эч
кандай себеп жок. Айланаларында башкача түзүлүштү көрүшпөйт, ансыз да бүт коом
ушундай. Бул алардын абийирине жеңилдик сезимин берет.
Кыскасы, дин
адеп-ахлагынан алыс коомдо сөзсүз өзүмчүлдүк орнойт. Андай коомдо ар бир адам
аздыр же көптүр сөзсүз түрдө өзүмчүл болот. Чындыгында болсо өзүмчүлдүк адамдын
напсисине андан сактанышы үчүн, сыноо максатында берилген бир өзгөчөлүк. Аятта
бул төмөнкүчө белгиленет:
Адатта өзүмчүл
адамдар кичинекейден эң маанилүүлөргө чейин бүт нерседе алардын каалоолорунун
аткарылышын каалашат. Башкалардын каалоосу же ыраазылыгы алар үчүн маанилүү
эмес. Мисалы, чарчаган болсо ошол замат отургусу келет, бирок андан көбүрөөк
чарчаган же жашы улгайган же оорулуу адамдардын отурушуна маани бербейт.
Курдаштары менен жолукканда эң жакшы тамак, эң жакшы орун, эң жакшы керебет, эң
жакшы кийим баары ага берилиши керек. Анын бейпилдиги үчүн башкалардын
бейпилдиги бузулса, ал да маанилүү эмес. Өзү эс алып жатканда тынчтыкты талап
кылат, бирок көңүл ачкысы келгенде башкалардын тынчын алып жатамбы деп
ойлобойт, муну өзүнүн табигый укугу катары көрөт. Жумушта, окуу жайда,
курдаштары менен мамилелеринде, турмушунда, дээрлик бүт тарапта өзүмчүлдүктүн
ар кандай түрлөрү келип чыгат.
Кээде динден алыс
коомдордо да өзгөчө адамдар чыгышы мүмкүн. Мисалы, «жакшы адам» катары белгилүү
адамдар бар. Жакындарына, досторуна карата берешен, жан аябас катары белгилүү
болгон мындай адамдар ошол эле учурда көптөгөн коомдук жардам иш-чараларына да
салым кошушат. Бирок андай кишилер көбүнчө кылган жакшылыктарын Аллахтын
ыраазылыгына жетүү үчүн эмес, эголору үчүн, жакшы жана берешен көрүнүү,
макталуу, өзүн көрсөтүү үчүн жасашат. Ошондой эле, алардын кылган жардамдары
өздөрүнүн материалдык абалына таасир тийгизе тургандай жүк болбойт.
Идеалист деп
сыпатталган адамдарда да ушундай эле түшүнүктө лидерлик кылуу, жоопкерчилик
алуу каалоосу болот. Алардын максаты эч качан Аллахтын ыраазылыгын көздөө,
адамдарга, коомго пайдалуу болуу, кызмат кылуу эмес. Өзүмчүл каалоолорун
канааттандыруу, атак-даңк, мактаныч, кадыр-баркка ээ болуу үчүн гана
жоопкерчилик алып, бийликке жана кызматка умтулушат. Олуттуу кызыкчылыгы
болгондо, чыныгы кулк-мүнөздөрүн көрсөтүшөт.
Динден алыс коомдордо
«жан аябас, берешен» адаммын деп ойлогон киши да ыймандуулардын адеп-ахлагына
жана жан аябастыгына салыштырганда өтө өзүмчүл болуп калат. Анткени
ыймандуулардын жан аябастык түшүнүгү алардын түшүнүгүнөн алда канча жогору
болот. Ыймандуулар бир туугандарынын напсилерин өзүнүн напсисинен өйдө тутат.
Өздөрүнө каалагандын көбүрөөгүн чын жүрөктөн бир туугандары үчүн каалашат.
Себеби Куранга баш ийүү аларга ушундай адеп-ахлак бергендиктен, «Өздөрү сүйүп
(жегиси келип) турган тамакты жакырларга, жетимдерге жана туткундарга жедиришет»
(Инсан Сүрөсү, 8). Бул адеп-ахлак менен ыймандуулар аятта айтылгандай, «эркектерден,
аялдардан жана жаш балдардан кыйынчылыкта калгандар үчүн» (Ниса Сүрөсү, 75)
күрөшүп, өздөрүн гана ойлобостон бардык адамдардын жоопкерчилигин алып,
масштабдуу ойлонушат.
Ошентип дин
адеп-ахлагы чындап орногон учурда коомдук мамилелер да жан аябастыкка таянып,
көптөгөн маселелер чечилет.
Дин адеп-ахлагы менен жашоо дүнүйөлүк амбицияларга жана ач көздүккө бөгөт болот
Адамдар сүйүү, бир
туугандык, көмөктөшүү, достук жана бөлүшүү сыяктуу түшүнүктөрдү чыныгы мааниде
дин адеп-ахлагы аркылуу үйрөнүшкөн. Бул баалуулуктар дин менен жашаганда гана
сактала алат. Анткени адамдардын напсилери, жогоруда айтылгандай, дүнүйөлүк
амбицияларга жана өзүмчүл каалоолорго жакын кылып жаратылган. Динден алыс
адамдар акыретти максат кылбагандыктан, өмүр бою тойбогон каалоолорун
канааттандырууга аракет кылышат. Аллах мындай адамдарды Куранда төмөнкүчө
сүрөттөйт:
Мен ага «ушунчалык көп мал-мүлк» бердим. Көз алдында даяр балдар. Жана сансыз
мүмкүнчүлүктөрдү алдына койдум. (Ал болсо) мындан да көбөйтүшүмдү каалап, ач көздүк
кылат. (Мүдессир Сүрөсү, 12-15)
Динден алыс коомдордо
адамдар улам көбүрөөк байлык жана көбүрөөк акча каалап, өмүр бою ач көздүк
кылышат. Андай коомдо адамдардын ортосундагы атаандаштык сезими да өтө күчтүү
болот. Эң бай, эң ийгиликтүү, эң сулуу, эң атактуу, эң жакшы көрүлгөн адам ал
болушу керек. Башкаларда бул өзгөчөлүктөрдүн болушуна такыр чыдай алышпайт.
Чындап эле башкалардын жакшылыгы, сулуулугу же колундагы мал-мүлктөрү дүнүйөгө
ач көз кишилерди абдан тынчсыздантат. Ошондой эле, көрө албастык кылып, алардан да көбүнө жетүүнү каалашат. Ал
тургай, өздөрү каалап жете албаган нерсе башка адамдарда болсо, аны жоготуп
алганын көргөндө абдан кубанышат.
Ач көз адамдардын
ортосундагы бул көз караштын түбүндө алардын жашоо философиясы турат. Себеби
андай адамдар башка адамдарга Аллах жаратып, рух берген баалуу инсандар катары
эмес, маймылдан эволюция аркылуу пайда болгон жана белгилүү убакыттан кийин
топуракка айланып, эч качан кайра тирилбей турган жөнөкөй макулуктар катары
карашат. Өздөрү да «бул дүйнөгө бир жолу келгендиктен», бүт нерсенин эң көбүнө
жетип, напсилерин чексиз канааттандыруудан башка максаты болбошу керек. Бул
туура эмес логика боюнча, азыраакка канааттанып, башкалардын каалоо, кызыкчылык
жана муктаждыктарын ойлоонун аларга эч кандай пайдасы болбойт. Албетте, алардын
бул түшүнүгү таптакыр туура эмес жана аларды руханий азапка түртөт.
Мындай жашоо бир
караганда динден кабарсыз адам үчүн өтө жагымдуу сезилсе да, чындыгында өтө
стресстүү, руханий жана материалдык жактан өтө азаптуу. Ошондуктан эч качан
бактылуу жана бейпил боло албайт. Адамдын каалоо жана тилектеринин адал болсо
да чеги жок. Анткени адам чексиз акырет жашоосуна жараша жаратылган. Бул дүйнө
болсо ал каалоо, тилектерди канааттандырууга абдан жетишсиз, ар кандай тоскоолдук,
кыйынчылык жана кемчиликтерди камтыган, убактылуу сыноо мекени. Динден кабарсыз
болгондуктан, бул сыноонун сырын билбегендер бардык тилектерине бул дүйнөдө
жеткенге аракет кылып, ар дайым канааттанбоочулук, нааразылык жана жетишсиздик
сезими менен жашашат. Эч качан жете албай турган нерселерге умтулуп, ар бир
каалоосуна жетүүгө аракет кылуу жашоолорун азапка айлантат. Бай болуп туруп,
өздөрүн жакыр сезишет. Колунда болгон нерселеринен эч ырахат алышпайт жана жете
албаган нерселерин ойлоп азап чегишет. Бул руханий азап негизи түбөлүк азаптын
бул дүйнөдөгү башталышы.
Дин адеп-ахлагы болсо
адамдарга өзүңө каалаган нерселердин баарын ыймандуу бир туугандарыңа да каала
жана алардагы өзгөчөлүктөрдү көрүп кубан деп насаат берет. Ыймандуулар
бири-биринин бир тууганы жана камкорчусу (Тообо Сүрөсү, 71). Ошондуктан алардын
ар бир жакшылыгы жана сулуулугу баарын абдан кубантат. Ар бири колундагы
мүмкүнчүлүктөрдүн баарын Аллахтын ыраазылыгы үчүн колдонгондуктан, ортолорунда
эбегейсиз бөлүшүү жана көмөктөшүү орун алат. Адамдар бири-бирин, эң биринчи
кезекте, Аллах жаратып, рух берген баалуу адамдар катары көрүшөт. Бул
бири-бирин барктап, берешен жана жан аябас болууларына шарт түзөт. Мындай
коомдо адамдар абдан бейпил жана бактылуу өмүр сүрүшөт.
Дин адеп-ахлагы менен жашаганда көрө албастык жана кызганычтык жоголот
Мурдакы бөлүмдө
белгиленгендей, дин адеп-ахлагы кызганычтыкты жана көрө албастыкты жаман,
жагымсыз кулк-мүнөз катары сүрөттөйт, ошондуктан ыймандуулар жакшы
адеп-ахлактуу болуп, Аллахка жаккан жүрүм-турумдарды жасоо үчүн бул нерселерден
өздөрүн тыйышат. Динден алыс адамда болсо көрө албастык сезиминин болбошу өтө
кыйын, анткени көрө албастык кылууга кандайдыр бир тоскоолдук жок. Амбициялар,
жеке каалоолор, өзүмчүлдүк үстөмдүк кылган атаандаштык чөйрөсү бар жана андай
шартта динден алыс адам сөзсүз көрө албастык кылат. Жаш кыз өзүнөн сулуураак
болгон же жакшыраак кийинген бирөөгө көз артат, жаш жигит өзүнөн атактуураак
досуна көз артат. Окуу жайдагы же жумуштагы ийгиликтерде да ушундай. Жаш,
жыныс, кесип, кызмат орду сыяктуу өзгөчөлүктөр да эч нерсени өзгөртпөйт, бардык
тармактагы адамдардан көрө албастыктын бир түрүн көрүүгө болот. Өзгөчө
бир-биринин байлыгына көз артышат. Үйгө алган буюму, үйдүн жайгашкан району,
пейзажы, машинанын бренди, дача, саякат сыяктуу нерселер көрө албастыкка себеп
болот. Сүйүндүм, сонун деген сыяктуу сөздөрдү айтышса да, чындыгында абдан көз
артышат. Ал тургай, кээ бирлер сүйүндүм деп да айта алышпайт. Өзгөчө жумушта
көрө албастыктан келип чыккан атаандаштыкты даана байкоо мүмкүн. Бийликке жана
кызматка умтулуу жана андан келип чыккан көрө албастыктар күнүмдүк жашоодо
көнүмүш адатка айланган.
Ал эми Куран болсо,
жогоруда да айтылгандай, адамдарды өздөрүнө каалаган нерселердин баарын бир
туугандарына да каалоого жана башкалардын колундагы нерселерге чын жүрөктөн
кубанууга үндөйт. Курандын аяттарында ыймандуулардын бул кулк-мүнөзү төмөнкүчө
сүрөттөлөт:
... Аларга берилген нерселерден улам ичтеринде бир муктаждык (сезимин) сезишпейт.
Өздөрү муктаж болуп турушса да, (Мусулман бир туугандарын) өз напсилеринен өйдө
көрүшөт. Ким напсисинин «сараң жана өзүмчүл каалоолорунан» сактанган болсо, мына
ошолор кутулууга жетишкендер. Анан алардан кийин келгендер: «Раббибиз, бизди жана
бизден мурда ыйман кылган бир туугандарыбызды кечир жана жүрөктөрүбүздө ыймандууларга
карата бир кекенүү калтырба. Раббибиз, чындыгында Сен өтө боорукерсиң, өтө айоочусуң»
дешет. (Хашр Сүрөсү, 9-10)
Адамдардын ортосундагы сүйүү жана сый-урмат дин адеп-ахлагынан келип чыгат
Диндин негизи эң
маанилүү тарабы – бул анын пайдубалынын сүйүү жана кооз адеп-ахлакка таянышы.
Куранды караганда Аллахтын пенделеринен өтө бийик адеп-ахлакты талап кылганын,
аларды сүйүү жана жан аябастыкка чакырганын көрөбүз. Аллах пенделерине карата
кечиримдүү жана мээримдүү. Куранда Аллахтын пенделерине карата сүйүүсү тууралуу
мындай деп айтылат:
«Ал абдан кечиримдүү, абдан сүйүүчү». (Буруж Сүрөсү, 14)
Аллах ыймандууларга
болгон бул сүйүүсүндөй сүйүүнү алардын бири-бирине да көрсөтүшүн каалайт.
Ыймандуулар ошондуктан бири-бирин абдан барктап, сүйүү жана сый-урматта эч
кемчилик кетирбегенге аракет кылышат. Ошондо Аллахтын ыраазы болоорун билүү бул
сүйүүнүн жана сый-урматтын келип чыгышында эң негизги фактор болот. Ошондой
эле, Аллах жаратып, рух берген жана ыймандуу кылган бир адамдын барктуу экенин
да билишет. Мындан тышкары, бул дүйнөнүн сыноо мекени экенин билүү аларды башка
адамдарга карата ар дайым жакшы адеп-ахлактуу болууга багыттайт. Анткени анын
акысын акыретте алаарын, ал үчүн сыйлык берилээрин билишет. Аллахтан терең коркуу
сезими да аларга башка адамдарга жакшы жана боорукер мамиле кылууга түрткү берет.
Көргөн нерселеринин баарында Аллахтын сулуулугунун чагылууларын көрүшөт, бул
дагы баарына сүйүү менен кароого шарт түзөт. Ошондой эле, алдыда акырет
жашоосунун күтүп тураарын, башка ыймандуулар менен түбөлүккө бирге болоорун
билүү да сүйүүнү жана сый-урматты ого бетер күчтүү жана бекем кылат.
Ошондуктан адамдардын
арасында дин адеп-ахлагы өкүмчүлүк кылганда өтө кооз, өтө жылуу жана өтө бейпил
жашоо орнойт. Үй-бүлө мамилелери түп-тамырынан өзгөрөт. Балдар ата-энелерине
жана башка улууларга абдан сый-урмат жана мээрим менен мамиле кылышат. Аллахтын
бул тууралуу Куранда билдирген өкүмү да ыймандуулардан ушундай мамилени талап
кылат:
Раббиң Андан башкага ибадат (кулчулук) кылбагыла жана ата-энеге жакшы мамиле кылгыла деп буйруду.
Эгер алардын бири же экөөсү сенин жаныңда картайса, аларга: «Уф» деп да айтпа жана
аларга сүйлөнбө; аларга жакшы сөз айт. (Исра Сүрөсү, 23)
Башка бир аятта
ыймандууларга төмөнкүчө насаат берилет:
Аллахка ибадат кылгыла жана Ага эч нерсени шерик кошпогула. Ата-энеге, жакын туугандарга,
жетимдерге, жакырларга, жакын коңшуга, алыс коңшуга, жаныңардагы досуңарга, жолдогу
мусапырга жана оң колдоруңар ээ болгондорго эң жакшы мамиле кылгыла. Себеби, Аллах
бой көтөрүп, көпкөндөрдү сүйбөйт. (Ниса Сүрөсү, 36)
Дин адеп-ахлагы менен
жашаганда ар бир адам башкаларга эң жакшы сөздү айтууда жана эң жакшы мамиле
кылууда бири-бири менен жарышат. Буга да Куран адеп-ахлагы шарт түзөт:
Аяттарда сүрөттөлгөн
ушул адеп-ахлак менен жашаганга умтулган адамдар сүйүүнүн, сый-урматтын жана
достуктун эң жакшы үлгүлөрүн көрсөтүшөт. Бул эч кандай жеке кызыкчылыкка
таянбаган, Аллахтын ыраазылыгын гана көздөгөн сүйүү. Куранда ыймандуулардын
бири-бирине жакындык даражасы төмөнкүдөй сүрөттөлгөн:
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар бири-биринин досу. Жакшылыктарга үндөп,
жамандыктардан кайтарышат, намазды туптуура окушат, зекетти беришет жана Аллахка жана Анын Элчисине моюн сунушат. Аллах мына
ушуларга ырайым кылат... (Тообо Сүрөсү, 71)
Жогорудагы аятта
белгиленгендей, ыймандуулар бири-биринин досу. Ошондуктан ар дайым бир
туугандарына жакшылык жана бакыт каалашат. Дин адеп-ахлагы чындап бир коомдо
орногондо бардык адамдар ушинтип бири-бирине камкорчу болушат. Коомдо терең
сүйүү жана көмөктөшүү өкүм сүрөт.
Динден алыс чөйрөдө
болсо адамдар чыныгы сүйүүнү жана сый-урматты эч качан сезе алышпайт. Анткени
сүйүүгө жана сый-урмат көрсөтүүгө түрткөн себептер сулуулук, байлык, бийлик,
кызмат орду сыяктуу түшүнүктөр.
Жакын курдаштарын
сырткы көрүнүшүнө, кийим-кечесине карап тандаган адамдын достук байланыштары да
айланасындагылардын ушул өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды болот. Үй-бүлө кура
турган адамды мал-мүлкүнө, кесибине карап тандаган адамдын сүйүүсү ар дайым ушул
нерселерге жараша азайып, көбөйөт. Мисалы, үй-бүлө курууну пландаган кишиси же
жубайы келбеттүү жана кадыр-барктуу адам кезде күтүүсүз оор илдетке чалдыкса же
шал болуп калса, белгилүү убакыттан кийин анын оорудан келип чыккан
кемчиликтерин жана алсыздыктарын көрүп, сезимдери муздайт. Өзгөчө өзү аны
караганга мажбур болсо, кыска убакытта чыдамы түгөнүп, тажайт. Кыска өмүрүн
оорулуу адамды карап өткөргүсү келбейт. Эл арасында мунун мисалдары абдан көп.
Сый-урмат да сүйүү
сыяктуу абдан маанилүү, адамдын башкаларды канчалык барктай турганын көрсөтөт.
Бирок динден алыс болгондо, адам башкаларга сый-урмат көрсөтүшү үчүн белгилүү
шарттар талап кылынат: акча, бийлик, даража, күч сыяктуу. Бул шарттар болбосо урматтоо
үчүн себеп жок болуп көрүнөт. Же ушул нерселерге жараша урматталган адамда бул
өзгөчөлүктөр жоголгондо, ал адамга сый-урмат көрсөтүлбөй калат.
Чыныгы достукту дин адеп-ахлагы үйрөтөт
Динден алыс жашаган
адамдардын бири-бирине мындай деп арызданганына күбө болсоңуз керек: «көп
курдашым бар, бирок бир дагы чыныгы досум жок», «досторумдун бирине да чындап ишенбейм».
Мындай адамдар өтө жакын достордой көрүнсө да, ичинен чыныгы дос эместигин
билишет. Бирок жакшыраак дос таба албаганы жана айланасындагылардын баарынын
адеп-ахлагынын ушундай экенин билгени үчүн достуктарын улантышат. Себеби чыныгы
достук жан аябастыкты жана аракетти талап кылат. Зарыл болгондо адам досу үчүн
эч ойлонбостон жеке кызыкчылыгынан жана бейпилдигинен баш тартып, убактысын
жана акчасын бере алышы керек. Бирок динден алыс болгондо, бардык жакшы
кулк-мүнөздөр сыяктуу, жан аябастык кылуунун да мааниси болбойт.
Мисалы, бир адамдын
досу ооруп калса, ооруканаларды кыдырып дарыгер издөөгө, балким бензиндин
акчасын, дарыгердин акысын төлөөгө, ошондой эле, жанында болуп ага кам көрүүгө
аргасыз болсо жана ал ортодо жумушуна, окуусуна, үй-бүлөсүнүн жанына же
курдаштары менен бирге көңүл ачууга баруунун ордуна бул нерселерди кылганга
мажбур болсо, анда ал көптөгөн шылтоолорду ойлоп табат. Ал тургай, ал
шылтоолорунун маанилүү экенине өзүн да ынандырат. Кызыгы, динден алыс коомдо ушундай мамиле кылган же ушундай түшүнүктөгү адамды эч ким айыптабайт.
Ушул себептен динден
алыс адамдардын чыныгы достору жок, жубайлары да аларга чыныгы мааниде дос
эмес. Үйлөнгөндө сүйүүлөрү жана сый-урматтары кыска убакытта түгөнөт, бирок
экономикалык көз карандылык же коомдук себептерден улам үй-бүлөнү улантууга
аракет кылышат. Ошондуктан үй-бүлөлүү болушса да, чындыгында жалгыз. Жакын
туугандары да картайып бараткандыктан алардан ажырап калуу ыктымалдыгы бар,
ушул себептен бул өмүрдө жалгыз калбаш үчүн аларга да ишене алышпайт. Атайын
ошол үчүн балалуу болушат, келечекте мени карайт, жалгыз калбайм деп ойлошот.
Бирок коомду жалпысынан караганда андай эмес экенин түшүнөбүз. Балдары да
өздөрү сыяктуу, чоңойгондо өздөрүнчө бөлүнүп кетишет жана бул убактылуу
дүйнөдөн толук пайдалануу үчүн, коомдун башка мүчөлөрү сыяктуу, дүнүйөлүк амбицияларга
умтулушат, башкача айтканда, өзүмчүлдүк жана жеке кызыкчылык күрөшүнө киришет.
Жыйынтыгында динден алыс адамдар бул коомдук түзүлүштөн жана өздөрүнүн жаман
адеп-ахлак өзгөчөлүктөрүнөн улам дайыма жалгыздыкка туш болушат.
Дин адеп-ахлагы адамдардагы бардык дүнүйөлүк коркуу сезимдерин жок кылат
Динден алыс адамдарда
Аллахты толук тааныбай, Аны дос тутпагандыктан жана Раббибизге таянып,
ишенбегендиктен ар кандай коркуу сезимдери болот. Келечектен коркушат,
жалгыздыктан коркушат, балдарына бир нерсе болгондон, байлыгына зыян келгенден,
ден-соолугун жоготкондон, кырсыкка кабылгандан жана эң негизгиси өлүмдөн абдан
коркушат:
Айткын: «Албетте, силер
качкан өлүм, күмөнсүз силерге келет. Кийин кайыпты да, аныкты (күбө болунганды)
да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет.» (Жума
Сүрөсү, 8)
Өлүм алар үчүн бир
белгисиздик. Өлүмдөн кийинкисин ойлонушпаса да, кантип өлөөрүн ойлоп, андан
коркушат. Баштарына өлүмдүн ар кандай түрү келип калышы мүмкүн жана ал
ыктымалдыктардан абдан коркушат. Өлүмдөн кийин жашоо бар экенине чындап
ишенбегендиктен, өлүмдүн өзү эле абдан коркунучтуу көрүнөт. Жок болобуз,
топуракка айланабыз жана жашоого кайра эч качан келбейбиз деп ойлошот. Көрүнүп
тургандай, андай адамдардын өлүмдөн коркушу акыретте кантип сурак берээрине эмес,
бул дүйнөдөн түбөлүккө ажырап, жок болуу түшүнүгүнө байланыштуу коркунуч.
Бул жок болуу
убайымын көбүнчө эркек балалуу болуп, урпагын улантуу аркылуу басаңдатам деп
ойлошот. Кээ бирлер эркек бала төрөлгөнгө чейин керек болсо 5-6 балалуу
болушат, ал тургай, кыз төрөлө берсе аялы менен ажырашып башкага үйлөнгөндөр да
бар. Материалдык жактан жакшы абалдагылар эстеликтерди, имараттарды, окуу
жайларды курдуруп, өзүнүн атын ыйгарышат. Адамдардын мындай жүрүм-турумуна бир
аятта төмөнкүчө көңүл бурулат:
Өлүмсүз болом деген үмүт менен көркөм нерселерди куруп жатасыңарбы?» (Шуара
Сүрөсү, 129)
Алардын арасында өлүм
жөнүндө сөз кылуунун өзү эле алардын маанайын бузат. Канчалык ойлонбогонго
аракет кылышпасын, күн сайын маалымат булактарынан, телевизордон,
айлана-чөйрөлөрүнөн өлүм тууралуу кабарларды угушат. Айланаларында тынымсыз
өлүмдү, кырсыктарды, ооруларды көрүшү жана эң негизгиси күн өткөн сайын улгайып
баратышы сөзсүз түрдө өлүмдү ойлонууларына себеп болот. Бирок, башка
учурлардагы сыяктуу, мында да абийирин жабуу механизмдерин өлүмдү ойлонбоо үчүн
колдонушат. Айлана-чөйрөсүндө өлүм темасы козголгондо, дароо теманы өзгөртүп,
мүмкүн болушунча дүнүйөгө байланыштуу нерселерди сүйлөп, ар бир адамга жакындап
жаткан өлүмдү унутууга аракет кылышат.
Бул дүйнөдө өлүмдүн
түрлөрүнүн көп болушу да аларды абдан коркутат. Мүмкүн болушунча мүрзөлөрдүн
алдынан өтпөө, мүрзөгө жакын жерден үй албоо да өлүмдү эстебеш үчүн көрүлгөн
чаралардан болуп саналат. Бирок өлүм, кайсы жерде болбосун, албетте бир күнү
аларды таап кармайт. Бул акыйкат Куранда төмөнкүчө эскертилет:
Кайсы жерде
болбогула, өлүм силерди табат; бийик жерлерге бекем курулган сепилдерде
болсоңор дагы... (Ниса Сүрөсү, 78)
Өлүм жана акырет
ыймандуулар ансыз да маңызын билген, күткөн, жолуккусу келген чындыктар. Бул
негизи алар үчүн Аллахка жана чыныгы мекенине жолугуунун кубанычы. Бүт
өмүрлөрүн чыныгы мекенди сагынуу менен жана сурак берээрин билип өткөрүшөт жана
өлүм менен баары бүтпөй турганын да билишет. Ошондуктан ыймандуулар өлүмдөн же
башка нерседен коркушпайт.
Дин адеп-ахлагы адамдардын келечектен коркуусун жок кылат
Ыймандуулардан
тышкары дээрлик бардык адамдар келечекте аларды эмне күтүп тураарын ойлонушат
жана көптөгөн терс ыктымалдыктарды ойлоп сарсанаа болушат. Бул аларды кыйнап,
тынчын алат. Мындан тышкары, адамдардын көпчүлүгүнүн күнүмдүк санаалары бар
жана аларды да келечек тууралуу коркууларга кошо алабыз. Бала кезде бул мектеп
тапшырмалары, достук мамилелер, доскага чыгуу сыяктуу жөнөкөй маселелерден
турат. Бирок жыл өткөн сайын адамдар көйгөй катары көрүп, корккон нерселери да
көбөйөт.
Мектептин жогорку
класстарында адамдын кийе турган кийими, жей турган тамагы, достору менен пикир
келишпестиктери, топтун арасындагы кадыр-баркы, окуудагы ийгилиги жана үй-бүлө
мамилелери ал үчүн дүйнөнүн эң чоң жана эң негизги маселесиндей көрүнөт. Буларга
байланыштуу кандайдыр бир терс окуялар маанайына терең таасир тийгизет, ал
тургай, стресске жана депрессияга себеп болот. Бул маселелер сөзсүз өтүшүм
керек деген жогорку окуу жайга тапшыруу сынагында максималдуу деңгээлге жетет.
Анткени ал сынактан өтпөй калса, үй-бүлөсүнө кантип жооп берээри, муну
туугандарга жана чөйрөсүнө кантип түшүндүрөөрү, мектеп мугалимдерине жана
досторуна кандай шылтоону айтаары, жашоосунда андан ары эмне кылаары сыяктуу
санаалар өспүрүмдү руханий жактан абдан кыйнайт. Ушул себептерден улам жогорку
окуу жайларга тапшыруу сынагынын жыйынтыктары жарыяланган соң өзүн-өзү өлтүргөн
учурлар да кездешет. Бирок булардын өтө керексиз санаалар экенин унутпаш керек.
Адам албетте бир сынакты ийгиликтүү тапшырып, жакшы билим алууну каалашы мүмкүн.
Бирок болгон аракетин кылганына карабастан, ийгиликтүү боло албаса, анда
Аллахка тобокел кылып, Раббибизден жакшыраак жыйынтык сурап дуба кылышы керек.
Аягында бул дүйнөдө жеткен же жетүүгө аракет кылган ийгиликтеринин баары кыска
өмүрдөн соң өлүм келгенде маанисин жоготот. Артында болсо адамдын Аллахка
болгон ишеними, тобокели жана ыйманы калат.
Бирок бул маанилүү
чындыктарды билбеген, динден алыс адамдар үчүн жыл өткөн сайын келечекке
байланыштуу коркуу сезими жана санаалар пропорционалдуу түрдө өсөт. Ал адамдар
келечек тууралуу пландардан тышкары, ошол күнү кыла турган же алдыдагы
жумаларда пландаган көптөгөн иштерди ойлоп, сарсанаа болушат, ал тургай,
стресске киришет. Жумуштагы иштери, эс алууга барып же барбай турганы, барса
каякка бараары, балдарын чет өлкөгө жөнөтө алаары же албашы, жакшыраак үйгө
көчө алаары же албашы, чогулушка кечикпей жете алаары же албашы сыяктуу сансыз
тынчсыздануулары бар.
Акча маселеси да
динден алыс адамдарды эң көп ойлонткон жана эң сарсанаа кылган маселелердин
башында турат. Акчам жетеби деген тынчсыздануу күнүмдүк жашоолорунда да,
келечек тууралуу пландарында да негизги орунду ээлейт. Анткени бир жагынан
дүнүйөгө байланыштуу чоң максаттарды коюшса, экинчи жагынан акча топтоп
короткулары келбейт. Бул келечек тууралуу коркууларына себеп болот. Ошондуктан
мүмкүнчүлүктөрү болсо да акчаларын сооп иштерге короткулары келбейт жана
адамдарга жардам беришпейт. Материалдык абалы жакшылар да, начарлар да ушинтип
коркуп, сараңдык кылышат. Чындыгында болсо адамдарга ырыскы берип, аларды тойгузган
Аллах. Аллахка чындап ишенишсе, эч сарсанаа болушпайт. Бирок мындай ишеним
болбогондуктан, бул жеңилдиктен да куру калышат. Аллах адамдарга мал-мүлк берүү
аркылуу аларды сынайт жана ал мал-мүлктөрдү Анын ыраазылыгы үчүн колдонууларын
каалайт. Бирок келечек тууралуу негизсиз коркуулардан улам көп адамдар
өзүмчүлдүк кылышат. Аллах аятта бул жагдайга төмөнкүчө көңүл бурган:
Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана силерге жаман-уятсыздыкты буйрук
кылат. Аллах болсо силерге Өзүнөн кечиримди жана көп жакшылыктарды убада кылат.
Аллах (ырайымы) кенен, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 268)
Мындан тышкары,
адамдарды келечек тууралуу коркуткан нерселердин бири – бул улгайуу. Кандай
гана чаралар көрүлбөсүн, денеде сөзсүз түрдө улгайуунун белгилери, бырыштар,
теринин салбырашы, чач түшүү, чачтын агарышы, көрүүнүн, угуунун начарлашы
сыяктуу улам жаңы оорулар чыга берет. Бул ыктымалдыктардын ар бири динден алыс
адамдарды абдан сарсанаа кылат. Мындан тышкары, олуттуу ооруга чалдыксам
балдарым мени карайбы же карабай койобу деп санаа тартышат. Каерде жана
кандайча өлөм деп ойлоп коркушат. Улгайган адамдардын эң корккон нерселеринин
бири – бул жубайы каза болгондо өзүнүн жалгыз калгандан коркушу. Эки тарап тең
ичинен «бул өлүп калса, мен жалгыз кантип жашайм» деп сарсанаа болот.
Бул жерде айтылгандар
динден алыс адамдардын келечек тууралуу санаа жана коркуулары болуп саналат.
Дин болмоюнча бул санаалар сөзсүз болот. Ыймандууларда болсо абал башкача,
аларда мындай санаалардын эч бири болбойт. Бүт нерсенин Аллахтын башкаруусунда
экенин билип, баштарына келген нерселердин баарында бир жакшылык бар деп
карашат жана Аллахты дос тутканы үчүн жардамды да бир гана Аллахтан күтүшөт.
Ошондой эле, бул дүйнөдө корко турган эч нерсе жок экенин да билишет. Келечекке
байланыштуу иштерде Аллах эң ыраазы боло турган тандоолорду жасап, колунан
келген аракетин кылып, Аллах жазган тагдырга моюн сунушат. Аятта ыймандуулардын
бул түшүнүгү төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Айткын: «Бизге Аллахтын биз үчүн жазгандарынан башка, эч качан эч нерсе келбейт.
Ал – биздин Мевлабыз (Досубуз). Жана ыймандуулар бир гана Аллахка тобокел кылышсын
(таянышсын). (Тообо Сүрөсү, 51)
Чын ниеттен дин менен
жашаган учурда адамдардын үстүнөн көптөгөн санаалар жана кыйынчылыктар кетип, ар
бир адам бейпил жана бакубат жашоодо өмүр сүрөт. Куран адеп-ахлагы аталган
санаалардын баарын чечет. Адамдар бейпилдикке бөлөнүп, үстүлөрүндөгү чоң жүктөн
кутулушат. Анткени баштарына келген бардык окуялардын Аллахтын сыноосу экенин
билип, көңүлдөрү тынч болот. Кыйынчылык келгенде Аллахка тобокел кылып сооп
алаарын, жакшылык келгенде Аллахка шүгүр кылып акырети үчүн пайда табаарын
унутушпайт. Жүрөктөрдүн ушундай тынчтанган абалы дин адеп-ахлагынын
ыймандууларга берген бир артыкчылыгы. Бирок бул артыкчылыкка ээ болуу үчүн
баарынан мурда Аллахка бекем ыйман, толук ишеним жана моюн сунуу шарт. Ушул
сапаттарга ээ адамдар гана бул санаалардан кутула алышат. Калган адамдар болсо
ушул сыяктуу кооптонуулар жана санаалар аркылуу ыймансыздыктын азабын бул
дүйнөдө эле тарта башташат.
Дин адеп-ахлагы адамдардын бой көтөрүшүнө бөгөт койот
Курандын көптөгөн
аяттарында Аллах жөнөкөй жана кичипейил болууга буйруп, бой көтөрүүнү жана
текебердикти жактырбай турганын кабар берет. Ошондуктан ыймандуунун кичипейил
болуудан башка жолу жок.
Ал эми динден алыс
жашаган бир адамдан кичипейилдикти күтүүнүн мааниси жок. Андай адамдар
билиминен, байлыгынан, бийлигинен, мээсинен, маданиятынан жана колундагы
нерселердин баарынан бой көтөрүп, башка адамдардан өздөрүн жогору сезишет.
Кайсы чөйрөдө болбосун ар дайым эң өзгөчө, эң уникалдуу, эң акылдуу, эң күчтүү,
эң өйдө жана эң байкаларлык адам болгулары келет. Бир күнү сөзсүз өлүм келээрин
жана колундагы нерселердин баарын бул дүйнөгө калтыраарын, мактанган
денелеринин, сулуулуктарынын топурактын астында чирий турганын ойлоп да
коюшпайт. Алар үчүн эң негизги баалуулук – бул текебердик. Алар текебердикти
адамдын негизги белгисиндей көрүшөт.
Текебердигинен улам
эч кимди чындап жакшы көрүп, урматтай алышпайт, анткени мында да бой көтөрүшөт.
Башкалардан сүйүү, сый-урмат күтүшөт, бирок өздөрү аны кылса басынып калам деп
ойлошот.
Динден алыс
адамдардын жашоосунун борборунда «мен» турат. Ар дайым башка адамдарга буйрук
бергилери келет, бүт нерсенин эң туурасын билем деп ойлошот, ар бир
мүмкүнчүлүктө башка адамдарды басмырлап, кемсинтүүгө аракет кылышат. Эң
негизгиси, мындай адамдар бирин-серин эмес, тескерисинче динден алыс коомдо
абдан көп.
Куранда текебердик
тууралуу өтө кылдат чен-өлчөм белгиленген:
Башка бир аятта Аллах
төмөнкүчө насаат берет:
Адамдардан жүзүңдү буруп
(бой көтөрбө) жана жер бетинде көпкөн абалда жүрбөгүн. Себеби Аллах текебер мактанчаактарды
сүйбөйт. (Локман Сүрөсү, 18)
Динден алыс кээ бир
адамдар «мен кичипейил адаммын, бул топко кирбейм» деп өзүн алдашы мүмкүн.
Бирок Куранда кабар берилген кичипейилдик жашоонун ар бир көз ирмемин, адамдын
бардык жүрүм-турумдарын камтыйт. Бул өзү жана колундагылардын баары кошо, бүт
нерсенин ээсинин жана аларды жараткандын Аллах экенин, бүт баарынын Аллахтын
илими жана каалоосу менен болуп жатканын түшүнгөн адамдардын кичипейилдиги.
Мындай адамдар болсо бир гана ыймандуулар. Динден кабарсыз адам ыймандуулардын
адеп-ахлагынан жана түшүнүгүнөн өтө алыс болгондуктан, чыныгы мааниде жөнөкөй
боло албайт. Куранда кабар берилген таризде болмоюнча, кичипейилдик аракети жасалмалык,
эки жүздүүлүк же өзүн төмөн сезүү психологиясынын гана бир көрүнүшү болот.
Жалаң текебер
адамдардан турган коомдун канчалык жагымсыз жана азаптуу чөйрөгө айланаары
айдан ачык. Текебердикте, өзүмчүлдүктө, залимдикте колундагы мүмкүнчүлүктөргө
жараша эч кандай чегин билбеген адамдардан турган коом менен бардык адамдар
бири-бирине кичипейил жана сылык мамиле жасаган бир коомдун ортосундагы ажырым
дин адеп-ахлагынын талаптарын чындап аткарбагандыктан келип чыгат.
Куран адеп-ахлагы адамдардагы таш боордукту жана ырайымсыздыкты жок кылат
Боорукердик жана
мээримдүүлүк Аллахтын бир сыпаты жана, ошондой эле, Анын пенделеринен каалаган
адеп-ахлак өзгөчөлүгү. Курандын көптөгөн аятында ыймандуулар боорукер жана
мээримдүү болууга үндөлөт.
Бир адамдын Аллахты
ыраазы кылуу, Раббибиз тандап жактырган дин менен жашоо сыяктуу бир максаты
болбосо, жакшы адеп-ахлактуу болууга да аракет кылбайт. Ошондуктан бул китепте
сүрөттөлгөн ар түрдүү жаман нерселерди кылуудан тартынбайт. Динсиз коомдо таш боордук
бардык тармакта жана бардык адамдарга карата жасалат. Андай адам башка
адамдардан тышкары, эң жакындарына, ата-энесине, чоң ата-чоң энесине, бир
туугандарына, туугандарына да таш боор мамиле кылышы мүмкүн. Алардын каталарына
же адамдык кемчиликтерине ачууланып, аларды урушуп, көңүлүн оорутушу мүмкүн. Боорукердик
менен караганды билбегендиктен, ар бир жүрүм-турум ал адамды ачуулантат.
Андай адам жакыр же
муктаж адамдарга да эч боорукердик кылбайт. Анткени убактылуу же күнүмдүк
кызыкчылыктары баарынан маанилүү. Мындай учурда башкаларды эч ойлобойт.
Албетте, андай адамдардын да өздөрүнө жараша боорукердик түшүнүгү бар, бирок ал
туура эмес түшүнүк... Мисалы, жолдогу тилемчини аяп, аны боорукердиктин чоң
көрсөткүчү катары көрүшөт, бирок чындап абийирин угушу керек болгон, ал тургай,
түздөн түз өздөрү жан аябастык кылышы керек болгон учурда жеке кызыкчылыктарына
зыяны тийбеши үчүн кайдыгерлик кылышат. Мисалы, алдыларында олуттуу жол кырсыгы
болсо, токтоп жардам бергилери келбейт. Ал үчүн өздөрүнчө көптөгөн себептери
болот. Ошол күнкү пландарынын баары бузулуп, ооруканага баруу үчүн акча жана
убакыт коротушу керек. Ошондой эле, тааныбаган бир адам үчүн ошончо убактысын
коротуу, аны көтөрүү, өзүнүн жанын кыйноо эч керексиз көрүнөт. Себеби ал аракеттеринен
киреше таппайт.
Динден алыс коомдо
ушул сыяктуу мисалдар көп кездешет. Мындай адамгерчиликсиз жүрүм-турумдар
чындап Куран адеп-ахлагы менен жашаганда гана жоголот. Адамдардын бири-бирине
карата боорукердик жана мээримдүүлүк сезимдерин сезип, жакшылык кылууга дилгир
болушуна дин адеп-ахлагы гана шарт түзө алат. Бир нерсени белгилей кетүү керек:
коомдо кээ бир гана адамдардын адеп-ахлагынын ушундай бийик болушу жетиштүү
эмес. Же адамдар кээ бир окуяларда жакшы иштерди жасап, кээ бирлеринде Куранга
туура келбеген иштерди кылганда, кээ бир жамандыктардан принцип катары алыс
болуп, кээ бирлерин эч ойлонбой жасаганда да максатка жетүү мүмкүн эмес. Коомдо
чындап бейпилдик орношу үчүн адамдардын баары Аллах буйрук кылгандай Куран
адеп-ахлагы менен жашап, бири-бири үчүн жанын аябаган адеп-ахлакта болушу
зарыл.
Дин адеп-ахлагы бардык адамдарды маселелерди чечкен адамга айлантат
Куранда айтылгандарды
аткаруу адамдарга маселелердин чечимин таба алган, бүт тармакта акылмандык
менен иш алып барган кулк-мүнөздү тартуулайт. Ошондуктан дин адеп-ахлагы менен
жашаган адам кандай гана маселе болбосун, канчалык татаал көрүнбөсүн, чечимсиз
калбайт. Ошондуктан дин менен жашаган коомдо эч качан өтүлбөс тоскоолдук,
чечилгис кырдаал болбойт.
Курандан алыс
болгондо, акыл толук колдонулбагандыктан, ыймандуу үчүн оңой эле чечиле турган
маселелер башкалар үчүн чоң көйгөйгө айланат. Динден алыс адамдардын жашоосунун
ар бир баскычы ушундай маселелер жана кыйынчылыктар менен коштолот. Маселелер
чара издөөнүн ордуна, чыдаш керек болгон, күнүмдүк жашоонун табигый бөлүгү
катары кабыл алынат. Чарасыздык динден алыс адамдардын бүт жашоосунан көрүнөт.
Ар дайым үмүтсүз, наалып жүрүшөт. Бирок маселелерге чара көрүү ойлоруна
келбейт. Келсе да абдан тар ойлонгондуктан, көбүнчө акылдуу чараларды ойлоп
таба алышпайт.
Ошондой эле,
чарасыздык динден алыс коомдордо негиздүү шылтоо катары кабыл алынат. Адам
жоопкерчиликсиздигин, жалкоолугун, кайдыгерлигин жана акылсыздыгын чарасыздыкка
шылтоолоп жашырганга аракет кылат. Өзгөчө жумушта ар бир адам өзүнүн ишин өтө
татаал жана чечилгис көрсөтүүгө аракеттенет. Ошол аркылуу татаал жумуш
жасалгандай таасир калтырылат. Каталар, кемчиликтер жана ийгиликсиздиктер да
ушундай жол менен актоого аракет кылынат.
Курандан алыс
коомдордо маселелердин жакшылап чечиле албашынын эң негизги себеби – бул
адамдардын өздөрүнүн жеке маселелерин да чече албашы. Динден алыс жашаганда
напсисине моюн сунган адам анын буйруктарын гана аткарууга аракет кылгандыктан,
башкаларга же коомго пайдалуу болоюн деген ою ансыз да болбойт. Ар кандай
кырдаалда жана чөйрөдө напсисинин кызыкчылыктарын көздөп, коомдун
кызыкчылыктары үчүн өзүн эң аз кыйнаганга, эң аз эмгек кылганга, эң аз чыгым
коротконго жана эң аз жоопкерчилик алганга аракет кылат.
Жалпылай чечүүгө
аракет кылынган эң жөнөкөй, оной эле чечиле турган маселе да, чечиле албайт. Ар
бир адам өзүн көрсөтүү, өзүнүн пикирин кабыл алдыруу, өзүнүн комплекстерин
канааттандыруу, акыркы сөздү айткан киши болуу сыяктуу санааларды жана
максаттарды көздөгөндүктөн, чыныгы маселе эч чечилбейт. Динден алыс адамдардын
маселелерди чече албашына себеп болгон өз ара бөлүнүү жана талаш-тартыштар бир
аятта төмөнкүчө сүрөттөлөт:
...Өз араларындагы уруштары болсо абдан күчтүү. Сен аларды чогуу деп ойлойсуң,
чындыгында болсо жүрөктөрү бөлөк-бөлөк. Бул чындыгында алар акыл жүгүртпөгөн бир
коом болгону үчүн ушундай. (Хашр Сүрөсү, 14)
Мунун мисалдарын ар
кандай ток-шоу программаларынан көрүүгө болот. Бир тема кээде бир канча саат
бою талкууланат. Бардык катышуучулар талаш-тартышка жакын болгондуктан, эч ким
башкалардын пикирин оңойчулук менен кабыл албайт. Бир адам башка бирөөнүн пикиринин
тууралыгына ынанса да, текебердигинен улам аны кабыл албай, ага каршы чыгууга,
ал тургай, ал пикирди басынтууга аракет кылат. Анткени негизги максат туура
чечимди табуу эмес, туура ойду өзү айтып, акыркы чекитти өзү коюшу керек. Катышуучулар
өздөрүнүн билимин жана тажрыйбасын көрсөтүү үчүн ар кандай экинчи даражадагы
темаларга киришет. Себеби негизги максат мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, болушунча
өзүн көрсөтүү. Катышуучулар негизги маселеден улам алыстай беришет жана бир
канча сааттан кийин эч алдыга жылбаганын, эч бир чечимге келе албаганын
түшүнүшөт. Тескерисинче, дагы көптөгөн чечилбеген маселелер,
карама-каршылыктар, кайчы пикирлер пайда болот. Ансыз да алардын негизги
максаты маселеге чара табуу эмес. Эң негизгиси талкуулоо, сүйлөшүү, ар бир
адамдын өзүнүн пикирин айтышы деген сыяктуу куру философиялар менен өздөрүн
сооротушат. Талкууланган маселелерге эч кандай чара сунушталбаганына жана
негизги максат орундалбаганына ыңгайсыз болушпайт, тескерисинче аны табигый
көрүнүш катары көрүшөт.
Ыймандуулар болсо ар
бир иши үчүн Аллахка сурак берээрин билгендиктен, ар дайым эң акылдуу, эң
абийирдүү жана эң олуттуу мамиле жасап, эң туура чечимдерди чыгарып, эң туура
чараларды көрүшөт. Куран тартуулаган бийик адеп-ахлак, күчтүү жоопкерчилик
сезими жана курч ой жүгүртүү жөндөмүнө ылайык иш-аракет кылгандыктан,
көйгөйлөрдү абдан тез чечишет жана эч качан жол таппай калышпайт. Иштерди өз
ара кеңешип, бири-биринин акылынан пайдаланып бүтүрүшөт (Шура Сүрөсү, 38). Ар
дайым Аллах эң ыраазы боло турган, эң жакшы жолду тандашат. Өзүнүн напсисине
жакпаса да же жеке кызыкчылыктарына карама-каршы келсе да, чындыктан,
адилеттүүлүктөн же эң туурасын кылуудан кайтышпайт.
Бир гана Аллахка
ибадат кылып, бүт нерсенин акысын бир гана Аллахтан күткөндүктөн, кылган
иштеринде адамдарды ыраазы кылып, аларга жагынуу, өзүн көрсөтүү, кадыр-баркка
ээ болуу, макталуу, башкалардын көңүлүн буруу сыяктуу жупуну максаттарга маани
беришпейт. Ошондуктан кылган иштеринде, кабыл алган чечимдеринде ар дайым
Аллахтын колдоосун, жардамын жана берекесин көрүшөт.
Аллахтан абдан коркуп
тартынгандыктан, эмненин туура, эмненин туура эмес экенин ошол замат түшүнүп
(Энфал Сүрөсү, 29), эң туура чечимди жана чараны табышат. Ошондой эле, Аллахтан
коркуп тартынгандыктан, Аллах аларга «бир чыгуу жолун» (Талак Сүрөсү, 2)
көрсөтөт жана «иштерине жеңилдик» (Талак Сүрөсү, 4) берет.
Чындап дин адеп-ахлагы менен жашаган адамдар тобокелчил болушат
Өздөрүн Аллахка
тапшыргысы келбеген, диндин өкүмдөрүн аткарбаган, мындан улам ар дайым нааразы,
пессимист жана үмүтсүз жашаган адамдар башына келген окуялардын баарын кокустук
катары көрүшөт. Бул түшүнүгүнөн улам өмүр бою кооптонуп, тынчсызданып,
белгисиздиктен коркуп жашашат. Ыймандууларга окшоп, ар дайым Аллахка таянып,
бүт окуялардын Аллах жазган тагдырга ылайык болуп жатканын билүүнүн
артыкчылыгын сезишпейт. Жакшылык же жамандык болсун, бүт баарынын Аллахтын
каалоосу менен, адамдарды сыноо үчүн жаратылганын жана бардык окуяларга Аллах
билдиргендей жооп көрсөткөндө бейпилдикке жетээрин билишпейт. Динсиз жашоону
тандагандыгынын азабын ошентип чоң, кичине бардык окуяларда тартышат.
Андай адамдар башына
келген ар бир окуяга өтө маани беришет жана күнүмдүк, жөнөкөй окуяларды
көбүртүп, дүйнөнүн эң негизги маселесиндей көрүшөт. Ошондуктан иштер алар
пландагандай же ойлогондой жүрбөсө, ошол замат терс кабыл алышат. Заматта
пессимизмге кабылып, үмүтсүздүккө түшүшөт жана аны башына келген бир балээ
катары көрүп, ага эч чара таба алышпайт. Башына терс сыяктуу көрүнгөн күтүүсүз
окуя келгенде, катуу кайгырып, ыйлап, нааразы болушат. Аллахка моюн
сунбагандыктан, бүт нерсени Анын башкараарын да биле алышпайт.
Күнүмдүк окуялардын
жүрүшүнө жараша маанайлары көтөрүлүп, түшүп турат. Күнүмдүк жашоодо аларды
кайгыртып, санаага салып, көңүлүн чөктүрө турган көптөгөн нерселер бар. Бүт
күнү, ал тургай, бүт өмүрү кайгы жана арыз-муңдар менен өтөт. Алардын мындай
тобокелсиздигин (Аллахка таянбаганын) күтүүсүз окуялардан тышкары, өмүр бою
башына келген бардык окуялардан көрүүгө болот.
Мисалы, бир үй
кожойкеси үчүн үйү, үй-бүлөсү жана үйдөгү жумуштары дүйнөнүн эң негизги
маселесине айланат. Эгер буларга байланыштуу кемчиликтей көрүнгөн, чече албаган
бир кырдаал келип чыкса, анын Аллахтын башкаруусунда экенин жана ал үчүн сөзсүз
жакшылыкка айланаарын эч качан ойлоно албайт. Болор-болбос эле бир окуяда
арызданып, сүйлөнүп баштайт жана кайгырып маанайы чөгөт. Бирок ошончо кайгырган
нерсеси, балким, унутуп калганы үчүн плитада күйүп калган тамагы же чаң
соргучтун бузулушу гана болушу мүмкүн. Аллахка моюн сунуп, дин адеп-ахлагы
менен өмүр сүрбөгөнү үчүн, болор-болбос маселелер да чоң азапка айланат.
Ушундай эле түшүнүк
ал үй кожойкесинин чоң холдингде жетекчилик кылган жана жумушуна байланыштуу
бир катар маселелери болгон күйөөсүнө да тиешелүү. Анын ою боюнча, аялынын үйдө
кылган иштеринин, санаа тарткан көйгөйлөрүнүн эч кандай мааниси жок, баары
кичинекей нерселер. Өзүнүн кылган иштери болсо абдан маанилүү жана өтө
орчундуу. Жумушуна байланыштуу маселелерди оң жагынан карап, бүт нерсенин Аллахтын
башкаруусунда экенин ойлонбогондуктан, психологиялык жактан абдан кыйналат. Бул
көрүнүш диндин өкүмдөрүн аткарбаган балдарына да тиешелүү. Аларга бүт дүйнө
окуудан гана тургандай сезилгендиктен, билим алуу менен өткөн 10-15 жылдык
өмүрлөрү кыйноого айланат. Бир сынактан жакшы, бирок экинчисинен начар баа
алышса, кайгырышат. Ошондой эле, курдаштары менен мамилелери, алардын арасында
кадыр-баркка ээ болуу сыяктуу маселелер да аларды санаага салат. Ата-энелеринен
жана айлана-чөйрөлөрүнөн пессимизмди, үмүтсүздүктү, чарасыздыкты жана тынымсыз
арызданууну үйрөнүшөт. Бул кулк-мүнөз аларга толук сиңип калат. Бирок мындай
кулк-мүнөздүн бир гана себеби бар: дин адеп-ахлагынан алыс болуу, Аллахты
тааныбоо жана Ага ишенбөө.
Динден алыс жашаган
коомдордон мисал катары келтирилген ушул сыяктуу адамдар кантип өздөрүн
дүйнөнүн эң негизги маселелерине кабылгандай сезип, аларга чечим издеп, бирок
ар дайым үмүтсүз, пессимизм менен жашап жатса, ал коомдогу жогорку кызматтагы
жана даражадагы адамдар да терс окуяларга туш болгондо ушундай эле пессимизмге
туш болушат.
Бүт окуялар
Куранда көрсөтүлгөн чаралардын негизинде бааланса жана эң жамандай көрүнгөн
окуяда да Аллахтан келген бир жакшылык бар экени унутулбаса, адамдарды
үмүтсүздүккө түрткөн чөйрө түзүлбөйт. Адамдар Аллах билдиргендей Куран
адеп-ахлагына ылайык жашашса, бүт пессимизми жана үмүтсүздүгү жок болот. Чоң,
кичине бүт нерсени, баштарына келген бардык окуяларды жакшы жагынан карап,
алардын пайдалуу жактарын көрүшөт жана сабак алышат. Бул адамдардын жеке жашоосуна
да, коомдук жашоого да тынчтык алып
келет.
Адамдар чындап
дин адеп-ахлагы менен жашаганда эч ким окуяларды кокустук катары көрбөйт. Ар
бир адам ар бир окуяны Аллах аныктаган тагдырдын негизинде баалап, алардын
артындагы сырларды, Аллахтын ал окуялар аркылуу адамдарга берген сабагын
түшүнүүгө аракет кылат. Ошондуктан дин адеп-ахлагы орногондо эч ким «атаганат»
дебейт, «Атаганат кечээ барганымда, башыма булар келмек эмес... Бул окуум башталбаганда,
Америкага бара алмакмын... Жарым саат мурда келгениңизде аттиң, ал кишиге
жолуга алмаксыз... Бул жолго кирбей эле койсок болмок, жол тыгыны көп экен...
Сени менен неге турмуш курдум экен, жаштыгымдан айрылдым... Бул көйнөктү кийбей
эле койсом болмок экен, кече начар өттү... Сыртка чыкпаганымда, оорумак
эмесмин... Жолго түндө чыкпай эле койсо болмок атаганат, бул кырсыкка кабылмак
эмес... Башка дарыгерге барса болмок экен, эртерээк айыкмак балким... Аттиң ал
учакта болбогондо кана, өлмөк эмес...» деген сыяктуу сөздөрдү айтпайт. Бул
дүйнөдө өмүр бою Аллахты унутуп, динди билмексен болуп жашаган адамдар өмүрлөрүн
ар дайым «атаганаттар» менен өткөргөндүктөн, акыретте да аларды «атаганат» дей
турган башка жагдайлар күтүп алат. Бирок, албетте, ал өкүнүчтөр аларга эч
кандай пайда бербейт:
Оттун үстүндө токтотулганда аларды бир көрсөң; (мындай) дешет: «Аттиң (дүйнөгө
дагы бир жолу) кайра кайтарылып, Раббибиздин аяттарын калпка чыгарбай жана ыймандуулардан болгонубузда
кана.» (Энъам Сүрөсү, 27)





















Hiç yorum yok:
Yorum Gönder