Бир коомдогу адамдар
динден алыс жашаганда, алардын руханий жана физикалык түзүлүшүнө анын сөзсүз
абдан терең зыяндары болот. Бул бөлүмдө динсиз жашоонун адамга тийгизген
материалдык жана руханий зыяндарын карайбыз.
Динден алыс
адамдардын Аллахка ишенип, таянбашы жашоолорун ар дайым кайгы-муң, сарсанаа
жана стресс менен өткөрүүлөрүнө себеп болот. Ошондуктан ар түрдүү психологияга
байланыштуу ооруларга чалдыгып, денелери абдан тез картайып, кыска убакытта улгайып
алдан тайышат. Руханий кыйынчылыктын таасири денелеринин бүт тарабында
байкалат.
Эң ден-соолугу
чың, келбеттүү, жаш жана сулуу адам да бул таасирлерден улам кыска убакытта
таанылгыс абалга келип калышы мүмкүн. Жаш кезинде эле өзүнө теңтуш
ыймандууларда байкалбаган физикалык зыяндар аларда байкала баштайт, көздөрүнүн
оту жок, жансыз болот, чачы түшүп, суюлат, бул өзгөчө эркектерде көбүрөөк
кездешет. Психологиялык абалынын таасиринен терилери калыңдап, катууланат жана
кыска убакытта ийкемдүүлүгүн жоготот. Терилеринин өңү кубарып саргайат же
кочкул күрөң түскө айланат, бул чындыгында кыйналуунун белгиси... Мында,
албетте, Курандагы тазалык түшүнүгүнүн болбошунун да таасири чоң. Булар Куран
адеп-ахлагынан алыс болуп, аны жол башчы тутпаган коомдордогу көп адамдардын
өзгөчөлүктөрү болуп саналат жана ушунчалык кеңири тарагандыктан табигый көрүнүш
катары кабыл алынат. Ошондуктан динсиз жашоону тандагандыгынын жазасын бул
дүйнөдө эле алышат, бирок албетте, мунун акыреттеги жазасы да бар.
Ыймандуулар болсо
психологиялык жактан ден-соолукта болуп, эч качан стресске кайгыга же
үмүтсүздүккө алдырбагандыктан, денелери да ден-соолукта жана күчтүү болот.
Аллахка тобокел кылуунун, ишенип таянуунун, бүт нерсенин жакшы тарабын
көрүүнүн, Аллахтын сонун убадаларын жана кубанычтуу кабарларын ар дайым эстеп
кубануунун оң таасири бүт дене түзүлүшүнө да чагылат. Бул, албетте, динди
чындап түшүнгөн жана абийирин толук колдонуп, чындап Куран адеп-ахлагына ылайык
жашаган адамдарга тиешелүү.
Алар да сөзсүз
ооруларга чалдыгат жана табигый түрдө улгайышат, бирок бул башкалардагы сыяктуу
психологиялык себептерден болбойт. Оору, улгайуу жана өлүм, албетте, бардык
адамдарга тиешелүү. Бирок булардын тез, күчтүү жана кыйратуучу болушу динден
алыс жашоо жана ой жүгүртүү образынан келип чыккан терс психологияга түздөн-түз
байланыштуу. Бүт өмүрүн Аллахка таянып, ишенип, ар бир окуянын жакшы жактарын
издеп, бейпил жана бактылуу өткөргөн адам кайгы-муң жана санаалардан алыс
болгондуктан, денесине келтирилген зыяндар да сөзсүз азыраак болот.
Динден алыс
жашаган коом руханий жактан дин тартуулаган бейпилдикке эч качан жете албайт
жана психологиялык жактан да, физикалык жактан да көптөгөн кыйынчылыктарга туш
болот. Коомдо мунун мисалдары абдан көп.
Учурда биздин
замандын оорулары деп аталган эки нерсе бар: стресс жана депрессия. Бул эки
оору адамга психологиялык зыян гана алып келбестен, денеге да физикалык жактан
ар кандай таасир тийгизет.
Стресс жана
депрессияга байланыштуу келип чыккан оорулардын негизгилери – бул кээ бир
психикалык оорулар, баңгизатка көз карандылык, уйкусуздук, тери, ашказан, кан
басымы оорулары, суук тийүү, мигрень, сөөктөргө байланыштуу оорулар, бөйрөк
дисбалансы, дем алуу органдарынын оорулары, аллергия, жүрөк оорусу жана мээнин
чоңоюшу сыяктуу көйгөйлөр. Албетте, бул оорулардын себеби дайыма эле стресс же
депрессия болбошу мүмкүн. Бирок илимий жактан да далилденгендей, булардын келип
чыгуу себеби көбүнчө адамдын психологиялык абалына байланыштуу болууда.
Куран адеп-ахлагы
менен жашоо Аллахка таянууну жана тагдырга ишенүүнү алып келгендиктен, адам
бейпил болот, бүт нерседе бир гана Аллахка таянат жана башына келген окуяларда
мүмкүн болушунча эң жакшы, Аллах эң көп жактырган жана ыраазы болгон
жүрүм-турумун көрсөтөт. Анын жыйынтыгы кандай гана болбосун, колунан келгендин
эң жакшысын жасагандыктан, абийири тынч болот. Эң терс жыйынтыкка туш болсо да,
анын Аллахтан келген бир сыноо экенин жана Куранда сүрөттөлгөндөй кабыл алып,
баалашы керек экенин билет. Кайгырып, үмүтсүздүккө же стресске түшпөйт. Анткени
чыныгы максат – акырет, жана эң негизгиси, ал түбөлүк акырет сыйлыгына ээ болуу
үчүн туура
иш-аракеттерди жасаган болот. Аллахка болгон бекем ишениминен улам эч бир
окуядан эч бир жамандыктан таасирленип, алсырабайт, ар дайым бейпил жана көңүлү
тынч болот. Ошондуктан бул руханий жана психологиялык бейпилдиги физикалык
ден-соолугуна да оң таасирин тийгизет.
Куран
адеп-ахлагына ылайык жашоо менен Курандан алыс жашоонун ортосундагы терең
айырмалардын бири ушунда. Ишенбегендер бул дүйнөдөн ырахат алып, абдан жакшы
көрүп, ардактаган денелерин бул кыска дүйнө жашоосунда эң жакшы сактап, аны
дүнүйөлүк каалоолор үчүн колдонгулары келет. Ошону өздөрү үчүн пайдалуу чечим
деп ойлошот. Бирок жаңылышышат. Куран адеп-ахлагынан алыс болуу аларга пайда
мындай турсун, өтө чоң зыян алып келет. Акыреттеги чоң азаптан мурда бул
дүйнөдө да ушинтип азап тартышат. Алардын дин адеп-ахлагы менен жашоодон болгон
күчү менен коргогон денелери эч күтпөгөн учурда ушинтип жабыр тартат жана
көбүнчө айыкпас дартка чалдыгат.
Адамды Аллах дин
адеп-ахлагы менен жашоого ылайык кылып жараткан. Куран адеп-ахлагына
негизделген бир системага ылайыкталып, ошого ыңгайлуу өзгөчөлүктөр менен
жабдылган. Жана ал дене табиятына каршы колдонулганда, сөзсүз түрдө физикалык
жана руханий жактан бузулуп, кыйрайт. Адамдын руху менен денеси негизи
бири-бири менен өтө тыгыз байланышта. Экөөсүн тең Аллах жараткан жана экөө тең
табиятына ылайык колдонулушу шарт.
Мурунку
бөлүмдөрдө адамдын руху табиятына каршы мамиле кылынганда кандай балээлерге туш
болоорун жана Аллах каалаган кооз адеп-ахлак системасынан алыс болгону үчүн,
бул дүйнөдө эле кандай азаптарды тартаарын көрдүк. Ошол эле учурда ал
адамдардын денелери да өтө чоң зыян тартат. Дене менен рухтун тыгыз байланышы
апачык чындык. Эл арасында да мунун мисалдарын көп көрөбүз. Абдан шайыр,
бейпил, бул дүйнөгө жакшы көз менен карай алган, башына келген окуялардын оң
жагын көрө алган, нааразылыкка жана пессимизмге түшпөгөн адамдардын адатта
физикалык жактан да ден-соолугу чың жана күчтүү болуп, кеч улгайаары белгилүү.
Ошондуктан адамдар маалымат каражаттарында ар дайым жаш жана ден-соолукта болуу
үчүн бактылуу жана бейпил өмүр сүрүүгө, шайыр, оптимист болууга жана бат
ачууланбоого үндөлөт. Бирок көңүл бурулган болсо, булар дин адеп-ахлагынан
келип чыга турган жана дин тарабынан талап кылынган өзгөчөлүктөр. Куран
адеп-ахлагын толук кабыл алып, ага ылайык жашамайынча, адамдар мындай
кулк-мүнөзгө эч качан толук жете алышпайт.
Дин адеп-ахлагынан алыс болгондо, стресстен кутулуу мүмкүн эмес
Адамдардын
арасында көп кездешкен жана «ушул замандын оорусу» деп айтылган стресс
психологияга байланыштуу илдет. Коркуу, ишенимсиздик, үмүтсүздүк, ашыкча
толкундануу, жумуштан айдалуудан коркуу, ден-соолугун же жакындарынан бирөөнү
жоготуудан коркуу сыяктуу сезимдерден улам дененин бүтүндөй чыңалышы.
Адамдар стресс
болгондо денелери ага жооп кылып, коңгуроо кагат. Денеде бир катар биохимиялык
реакциялар башталат. Дене кандагы адреналиндин деңгээлин жогорулатат, энергияны
керектөө жана денедеги реакциялар максималдуу деңгээлге чыгат, кант, холестерин
жана май кислоталары канга койо берилет, ошондой эле, кан басымы жогорулайт
жана жүрөктүн согушу ылдамдайт.
Өзгөчө өнөкөт
стресс өтө чоң зыяндарга себеп болушу мүмкүн, дененин функцияларын өзгөртөт. Стресстен
улам денедеги адреналин жана кортизол деңгээли нормадан ашып кетет. Глюкоза
мээге жиберилгенде холестериндин көлөмү жогорулайт, бул денеге коркунуч
туудурат. Өнөкөт стресс жүрөк оорулары, кан басымынын жогорулашы, ашказан
жарасы, депрессия, дем алуу органдарынын оорулары, экзема жана псориаз сыяктуу
тери оорулары жана башка көптөгөн ден-соолук көйгөйлөрүнө себеп болушу мүмкүн.
«Стресс менен
стресстен келип чыккан чыңалуунун жана оорунун ортосунда маанилүү байланыш бар.
Стресс себеп болгон чыңалуу кан тамырлардын ичкерип, баштын белгилүү
аймактарына кан агымынын бузулушуна жана ал аймакка барган кандын бир топ
азайышына алып келет. Ошондой эле, бир кыртышка кандын жетпеши түздөн-түз
ооруга себеп болот. Себеби бир жагынан чыңалган кыртыштын көбүрөөк кычкылтекке
муктаж болушу, экинчи жагынан кыртышка кандын жакшы жетпеши тиешелүү оору
рецепторлорун стимулдайт. Ал ортодо адреналин жана норадреналин сыяктуу стресс
учурунда нерв системасына таасир берүүчү заттар да бөлүп чыгарылат. Алар да
түздөн-түз же кыйыр түрдө булчуңдардын чыңалышын күчөтүп, ылдамдатат. Ошентип
оору чыңалууга, чыңалуу тынчсызданууга, тынчсыздануу болсо оорунун күчөшүнө
алып келет». (Acar Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, s.
162)
Стресс себеп
болгон эң олуттуу оорулардын бири – бул инфаркт. Изилдөөлөр агрессивдүү, тынчы
жок, атаандаша берген адамдардагы инфаркт көрсөткүчүнүн мындай жүрүм-турумдары
азыраак адамдарга салыштырмалуу жогору экенин көрсөтүүдө.
«Гипоталамус
баштаган симпатикалык нерв системасынын ашыкча стимулданышы ошол эле учурда инсулиндин ашыкча
бөлүп чыгарылышына жана натыйжада ал инсулиндин канда чогулушуна себеп болот.
Мунун ден-соолук үчүн өтө чоң мааниси бар. Анткени коронардык артерия оорусуна алып
келүүчү бир дагы фактор кандагы ашыкча
инсулин сыяктуу чечүүчү жана кыйратуучу ролду ойнобойт». (Acar
Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, s.159, Remzi Kitabevi, 15.
basım)
Мындай абал
адамдын табигый тең салмактуулугуна туура келбеген өзгөчө кырдаал. Мындай
өзгөчө кырдаалдын көпкө созулушу дененин табигый тең салмагын жана ден-соолугун
бузуп, ар түрдүү ооруларга алып келет. Адистер стресстин адамдын денесине
тийгизген терс таасирлерин төмөнкүдөй топторго бөлүп көрсөтүшөт:
Тынчсыздануу жана паника: иштердин көзөмөлдөн чыгып бараткандай сезилиши.
Тердөө: тердөөнүн көбөйүшү, дааратканага тез-тез баруу каалоосу.
Үндүн өзгөрүшү: кекечтенүү, үндүн титиреши.
Гиперактивдүүлүк: күч-кубаттын күтүүсүз өзгөрүшү, диабеттин начар көзөмөлдөнүшү.
Уктоо кыйынчылыгы: жаман
түштөр.
Тери оорулары: безетки, бүдүрлөр, безгек, псориаз жана экзема.
Ашказан-ичеги белгилери: тамак сиңирүүнүн бузулушу, жүрөк айлануу, ашказан жарасы.
Булчуңдардын чыңалышы: тиштерди кычыратуу же тиштенүү, жаак оорусу, белдин,
моюндун жана ийиндин оорушу.
Жеңил инфекциялар: суук тийүү ж.б.
Мигрень.
Жүрөктүн тез согушу, көкүрөк оорусу, кан басымынын жогорулашы.
Бөйрөктүн тең салмаксыз
иштеши, суунун кармалышы.
Дем алуу көйгөйлөрү, дем алуунун кысылышы.
Аллергиялар.
Муун оорулары.
Ооздун жана тамактын кургашы.
Инфаркт.
Иммундук системанын начарлашы.
Мээнин кичирейиши.
Өзүн күнөөлүү сезүү, өзүнө ишенбөө.
Ойду топтой албоо, туура ойлоно
албоо, ой жүгүртүүнүн жана эс тутумдун начардыгы.
Ашыкча пессимизм, баары жаман болот деп ишенүү.
Бир жерде кыймылсыз туруунун кыйындашы, сөзсүз кыймылдап туруу.
Ойду бир жерге топтой албоо же ойду топтоо кыйынчылыгы.
Кыжырдануу, сезимталдык.
Рационалдуулуктан алыстоо.
Алсыздык жана үмүтсүздүк сезими.
Табиттин жогорулашы же төмөндөшү.
Дин адеп-ахлагынан
алыс жана анын жакшылыктарынан кабарсыз жашаган адамдар «стресс» деп аталган
бул азаптан кача алышпайт. Ойлорун, жашоого жана окуяларга карата көз
караштарын өзгөртмөйүнчө мындан кутула алышпайт. Муну стресс менен күрөшүү
боюнча адистердин кеңештеринен да көрүүгө болот. Бул багытта бир эле мисал да
жетиштүү: мисалы, Аллах Куранда адамдарга буйруган нерселердин бири – бул
кыжырды жеңүү. Адистер стресстин маанилүү бир фактору катары эсептелген кыжыр
тууралуу мындай дешет:
Маңдайыңыздагы адам
канчалык көкүтсө да, өзүңүздү кармаңыз. Канчалык туура көрүнбөсүн (өзүңүздү
коргоодон тышкары), зомбулукка барбаңыз. (Stres ve Başa Çıkma Yolları, s. 289)
Көрүнүп тургандай,
эгер адамдын мүнөзү тынч жана токтоо болсо, психологиясы бейпил, ишенимдүү жана
сарсанаадан алыс болсо, мындай оорулар пайда болбойт. Бул илимий чындык. Тынч
жана бейпил маанайга Курандын өкүмдөрүн аткаруу аркылуу гана жетүүгө болоору
айдан ачык.
Стресстен келип чыккан иммундук системанын оорулары
Стресс менен иммундук
системанын ортосунда тыгыз байланыш бар. Физиологиялык стресс иммундук
системага маанилүү таасир берет жана иммундук системаны алсыратууга аракет
кылат. Мээ стресс учурунда денеде холестерин гормонунун иштелип чыгышын көбөйтөт
жана иммундук системаны алсыратат. Башкача айтканда, мээ, иммундук система жана
гормондор бири-бири менен байланышта. Бул тууралуу адистер мындай дешет:
Психологиялык же
физикалык стресс тууралуу изилдөөлөр көпкө созулган катуу стресстин
натыйжасында гормоналдык тең салмактуулукка байланыштуу иммундук жооптун төмөндөөрүн көрсөткөн. Рак да кошо көптөгөн
оорулардын келип чыгышынын жана күчөшүнүн жашоодогу стресстер менен байланыштуу
экени белгилүү. (Stres ve Başa Çıkma Yolları, s.169)
Ошондуктан мээнин
бейпилдиги, тынч жана бейпил маанай дененин жалпы системасынын күчтөнүшүнө шарт
түзөт. Бул ооруга алып бара турган себептердин келип чыгышына бөгөт койот.
Аллахка ыйман кылып, Куран адеп-ахлагынын түшүнүгү жана кулк-мүнөзү менен
жашаган адамдын акыл-эси да, иммундук системасы да күчтүү болот. Мындай адам
үчүн бүт нерсени, бардык окуяларды позитивдүү кабыл алуу ибадат болуп
эсептелет. Тобокелчил жана үмүтчүл болуу Куранда ыймандууларга насаат кылынган
бир кулк-мүнөз. Куранга негизделген түшүнүк ыймандууларга акырет сыйлыгына жол
ачуу менен бирге, алардын бул дүйнөдө да бактылуу, ден-соолукта, кубанычтуу
жана жакшы өмүр сүрүшүнө шарт түзөт. Бул Аллахтын ага кайрылып бурулгандарга
жана Анын динин бекем кармангандарга убада кылган чексиз сый-жакшылыгынын бул
дүйнөдөгү бир бөлүгү. Албетте, бул ыймандуу адам ооруга чалдыкпайт же
кыйынчылыктарга туш болбойт деген мааниге келбейт. Бирок ыймандуулар стресс,
маанайдын түшүшү сыяктуу абалдарга эч качан түшпөгөндүктөн, башка адамдарга
салыштырмалуу ооруларга чалдыгуу риски да төмөнүрөөк болот.
Дагы бир маанилүү
нерсени белгилей кетүү керек: албетте, адамдар ооруларга чалдыкпайын деп дин
адеп-ахлагын карманышпайт. Бирок адамдар башына келген окуяларда Аллахка
тобокел кылып, Ал буйруган дин адеп-ахлагы менен жашаганы үчүн руханий жана
физикалык жактан ден-соолукта болушат. Башкача айтканда, ыймандуулар ыйманы
күчтүү, руханий жактан кубаттуу адамдар болгондуктан, ден-соолугу да бекем
болот.
Жыйынтыктасак, азыркы
21-кылымда адамдар мындан да көп зыянга кабыла электе, табиятына кайтып, дин
адеп-ахлагы менен жашашы шарт. Антпесе бул дүйнөдө да, акыретте да өзү гана
жапа чегет. Бул дүйнөдө психологиялык жана руханий көйгөйлөрдөн тышкары, ден-соолугу
да бузулган мындай адам бул өмүрдө Куран адеп-ахлагынан алыс жашаганы үчүн,
түбөлүктүү жашоосун мындан алда канча оор азаптар менен өткөрүүгө мажбур болот.
Ыймандуулар болсо аларга салыштырмалуу Аллахка бекем ишеними жана дин
адеп-ахлагын бекем карманганы себептүү ар дайым сый-жакшылыктарга бөлөнүп,
бактылуу өмүр сүрүшөт.






Hiç yorum yok:
Yorum Gönder