26 Şubat 2025 Çarşamba

АДАМДЫН ГЕНОМУ ДОЛБООРУ ТУУРАЛУУ ДАРВИНИСТТИК-МАТЕРИАЛИСТТИК ЖАҢЫЛЫШТЫКТАР

  

Адамдын геному долбоорунун кээ бир жыйынтыктары жарыяланган соң, Түркияда кээ бир маалымат каражаттары эволюция теориясынын туюкка кабылганын жаап-жашыруу үчүн, чындыктарды бурмалап, элге туура эмес маалыматтарды тарата башташты.

Эволюционисттердин «генетикалык окшоштуктарга» байланыштуу бурмаланган көз караштарына, ал окшоштуктардын бир тараптуу чечмеленгенине жана эволюция теориясына далил боло албай турганына жогоруда токтолдук. Дарвинисттик-материалисттик маалымат каражаттары эң көп сөз кылган жана ар түрдүү ураандар жана темалар менен жарыялаган жагдай болсо – бул ген картасынын ачылышы Аллах жараткан тагдырга каршы турууга болоорун көрсөтөт деген көз караш. Бул белгилүү чөйрөлөр тарабынан чыгарылган өтө чоң жаңылыштык жана алдамчылык. Акыркы убактарда гезит барактарындагы кабарлардын жана телевизор программаларынын темалары тымызын жүргүзүлгөн пропаганданы көрсөтүүдө: адамдын ген картасына байланыштуу маалыматтар менен бирге «адам эми тагдырына жеңилбейт» деген сыяктуу пикирлердин адамдарга чагылдырылып жатышы чоң жаңылыштык. Анткени чындыгында адамдын ген картасынын чыгарылышы адамдын тагдырын эч качан өзгөртпөйт, себеби ал дагы адамдын тагдырында.

 

Тагдырдын агымын өзгөртүүгө болбойт



Тагдыр – бул Аллахтын болуп өткөн жана боло турган бардык окуяларды бир көз ирмемдей билиши. Аллах боло элек окуялардын да баарын алдын ала билет. Көпчүлүк адамдар Аллахтын али боло элек окуяларды алдын ала кантип билээрин, тагыраак айтканда, тагдырды түшүнө алышпайт. Чындыгында адамдын башына келе элек бир окуя ал үчүн боло элек окуя болуп саналат. «Жыйынтыгы белгисиз» деп эсептелген бардык окуялар биз үчүн гана «белгисиз». Чексиз илим ээси Аллах болсо убакыттан жана мейкиндиктен көз каранды эмес, убакыт менен мейкиндикти да Ал жараткан. Ошондуктан Аллах үчүн өткөн учур, келечек жана ушул учур баары бир. Аллах Кабатында биз азыр башыбыздан өткөрүп жаткан жана келечекте боло турган бардык окуялар болуп бүткөн. Бардык адамдар Аллах алар үчүн жараткан тагдырга убактысы келгенде күбө болушат.

Бир тасманын кадрларын колунда кармап турган адам ал тасманын башын, аягын жана ортодо болгон окуяларды бүтүндөй, бир учурда көрө алган сыяктуу, Аллах да Өзү жараткан бардык адамдар жөнүндө бүт нерсени билет. Бүт баарын бир көз ирмемдей билген Аллах ушул бир көз ирмемде, тагыраак айтканда, чексиз кыска убакытта түбөлүктүүлүктү, башкача айтканда, чексиз узун убакытты жаратуу менен бизге кудуретинин чексиздигин көрсөтүүдө.

Аллах бүт доорлордогу бардык адамдардын жашоолорун бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин жараткан. Бир адамдын төрөлгөндөн өлгөнгө чейин башына келе турган оң же терс сыяктуу көрүнгөн бардык окуяларды Аллах билет. Энъам сүрөсүндө жер жүзүндө болуп өткөн чоң-кичине бардык окуялардын Аллахтын каалоосу менен болоору төмөнкүчө сүрөттөлөт:

 

Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыктагы жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жердин койнундагы бир даана дан, бардык суулуу же кургак нерселердин баары (бүт нерсе) апачык китепте бар. (Энъам Сүрөсү, 59)

 

Бул ар бир адамга жана ар бир окуяга тиешелүү. Аллах ал адам үчүн жараткан тагдырга эч ким кийлигише албайт жана окуялардын агымын өзгөртө албайт. Мисалы, Аллах ар бир адамга белгилүү өмүр берген жана ар бир адамдын өлүм учуру Аллах Кабатында каерде, качан жана кандайча болоору белгилүү. Мисалы, бир адамдын чалдыккан оорусу ал адамдын тагдырында, ал төрөлөөрдөн миллиарддаган жыл мурда белгилүү. Ал оорудан айыгаары же айыкпасы да Аллах тарабынан тагдырында белгиленген. Ал тургай, айыгышына себепчи боло турган дарыгерлер, медайымдар, оорукана, дары-дармектер жана дарылоо ыкмаларына чейин баары Аллах Кабатында алдын ала жазылган. Ошондуктан эгер бир адам айыкса, бул ал адам тагдырын жеңди деген мааниге келбейт, тагдырында айыгаары жазылган деген мааниге келет.

Эгер келечекте бир күн генетикасына туура кийлигишүү жасалып бир адамдын өмүрү узартылса, бул окуя да ал адам өзүнүн тагдырын жеңди деген мааниге келбейт. Мунун мааниси мындай: Аллах ал адамды узун өмүрлүү кылып жараткан жана ген картасынын чыгарылышын ал адамдын өмүрүнүн узун болушуна себепчи кылган. Ген картасынын табылышы да, ал адамдын генетикага байланыштуу технологиялык ачылыштар жасалган бир доордо жашашы да, ошондой эле, ал адамдын өмүрүнүн медициналык ыкмалар менен узартылышы да анын тагдырында, мунун баары Аллах Кабатында ал адам бул дүйнөгө келе электе белгилүү.

Ошол сыяктуу, бул долбоордун алкагындагы ачылыштардын натыйжасында өлүмгө алып бара турган бир оорудан айыккан адам да тагдырын өзгөрткөн эмес болот. Себеби ал адамдын тагдырында ал оорудан ушул долбоордун себебинен айыгаары жазылган. Жыйынтыгында адамдын ген картасынын чыгарылышы жана адамзаттын генетикалык программага кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу Аллах жараткан тагдырга каршы чыгуу деген мааниге келбейт. Тескерисинче, адамзат Аллах жараткан өнүгүүлөргө күбө болуп, Аллах жараткан илимди ачып жана колдонуп жатат. Эгер бир адам бул илимий ачылыштардан улам 120 жыл жашаса, бул Аллах тарабынан ал үчүн алдын ала белгиленген жаш болот, ошол себептен ошончолук узун жашайт. Аллах ар бир адамдын өмүрүнүн Анын Кабатындагы бир китепте белгилүү экенин бир аятында төмөнкүчө кабар берет:

 

Аллах силерди топурактан жаратты, кийин бир тамчы суудан. Кийин силерди жуп жуп кылды. Анын маалыматы болбостон, эч бир аялдын боюнда болбойт жана төрөбөйт дагы. Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чындыгында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)

 

Көп жылдар бою университетке тапшырып өтө албаган, бирок эң аягында эңсеген окуусуна өткөн студент, фирмасын банкроттуктан сактап калган ишкер, акыркы мүнөттөрдө учакка үлгүрбөй калганы үчүн кырсыктан аман калган кишилер жана ушул сыяктуу окуяларга туш болгон адамдардын баары тагдырын башынан өткөрүп жатышат. Алардын бирөөсү дагы тагдырын өзгөртө албайт, ошондой эле, башкалардын да ал адамдардын тагдырына кийлигишип, аны өзгөртүүгө кудурети жетпейт.



Кыскасы, «тагдырымды жеңдим», «тагдырымды өзгөрттүм», «тагдырыма кийлигиштим» деген сыяктуу сөздөр тагдыр акыйкатын түшүнбөө караңгылыгынан келип чыгат. Жана бир адамдын мындай сөздөрдү айтышы да анын тагдырына алдын ала жазылган. Бир адамдын мындай сөздөрдү каерде, качан, кандай шартта колдоноору да Аллах Кабатында белгиленген. Аллах бүт нерседен кабардар.

Аллах бүт нерсенин Анын Кабатында бир китепте жазылганын кабар берген. Биз ал китепте жазылгандарды, эч кеми же ашыгы жок, дал өзүндөй башыбыздан өткөрөбүз.

 

... Асмандарда жана жерде салмагы кыпындай болгон эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).» (Саба сүрөсү, 3)

 

Жер жүзүндөгү жана силердин напсиңердеги ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой. (Хадид Сүрөсү, 22)

 

Адамды же кандайдыр бир жандыкты клондоо

аны жаратуу деген мааниге келбейт

Кээ бир маалымат каражаттарында болсо генетика илиминин өнүгүшү менен бирге адамды да клондоого болот жана натыйжада адам адамды жарата алат деген кабарлар чыкты. Бул дагы толугу менен бурмаланган жана чындыкка сыйбаган көз караш. Себеби жаратуу бир нерсени жоктон бар кылуу дегенди билдирет жана бул бир гана Аллахка таандык. Генетикалык маалыматты копиялоо аркылуу бир жандыктын дал өзүндөй жандыкты пайда кылуу аны жаратуу деген мааниге келбейт. Себеби адам же башка бир жандык клондолгондо, бир жандыктын клеткалары алынып, копияланат. Бирок эч качан жоктон бир даана жандуу клетка да жасала алган жок. Бул багытта жүргүзүлгөн изилдөөлөр натыйжасыз болгондуктан токтотулган.

Жыйынтыктасак, адамдын генетикалык түзүлүшүнүн ачылышы адамдын тагдырына каршы чыкканын көрсөтпөйт, андай болушу да мүмкүн эмес. Ар бир окуя, ар бир сөз жана ар бир өнүгүү Аллах Кабатында эзелтеден белгилүү бир тагдыр менен белгиленген. Анын ичинде технологиянын өнүгүшү, илимий ачылыштар жана ал ачылыштардын адамзаттын жашоосуна алып келген жаңылыктары да бар. Аллах бүт нерседен кабардар жана бүт баарын илими менен ороп курчап турат. Чоң-кичине бардык окуялардын Аллахтын илими менен болоору Куранда төмөнкүчө кабар берилет:

 

Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда кыпындай болгон эч нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder