22 Ekim 2012 Pazartesi

ДЕНЕБИЗДЕГИ ЭЛЕКТРДИК СИСТЕМА ЭВОЛЮЦИЯ ДОГМАЛАРЫН КАЛПКА ЧЫГАРУУДА


ДЕНЕБИЗДЕГИ ЭЛЕКТРДИК СИСТЕМА ЭВОЛЮЦИЯ ДОГМАЛАРЫН КАЛПКА ЧЫГАРУУДА

 

 

Эволюционисттердин көп кездешкен сценарийлеринин бири – бул «адамдар менен маймылдар бир атадан келген» деген жомогу. Гезит, журнал, телевизорлордо «бүкүрөйүп жүргөн маймылдар убакыттын өтүшү менен тик туруп баскан адамдарга айланган» деген жалган ойдон чыгарылган сүрөттөр жана жомоктор менен тынбай пропаганда кылынып турат.

Тарых бою 6000ден ашык маймыл түрү жашаган. Булардын көпчүлүгү тукум курут болуп, жок болуп кеткен. Учурда 120дай эле маймыл түрү жер бетинде жашап жатат. Мына ушул 6000дей тукум курут болгон маймыл түрүнүн фоссилдери (калдыктары) эволюционисттердин ойдон чыгарылган сценарийлери үчүн абдан бай бир материал болууда.

Эволюционисттер жок болгон маймыл түрлөрүнөн өздөрүнүн ишине жараган бир бөлүгүнүн баш сөөктөрүн жана сөөктөрүн кичинеден чоңду көздөй тизип, бул тизмекке тукум курут болгон кээ бир адам расаларына тиешелүү баш сөөктөрдү да кошушуп, адамдын эволцюциясы сценарийин жазышкан. Бул сценарий төмөнкүчө: «адамдар менен учурдагы маймылдардын аталары бир. Бул жандыктар убакыттын өтүшү менен эволюциялашып бир бөлүгү учурдагы маймылдарды пайда кылышкан, эволюциянын башка жолун жолдогон башка бир топ болсо учурдагы адамдарды пайда кылган».

Бирок, бүт палеонтологиялык, анатомиялык жана биологиялык табылгалар бизге, эволюциянын башка догмалары сыяктуу, бул догмасынын да туура эмес экенин көрсөтүүдө. Адам менен маймылдын арасында кандайдыр бир туугандык байланыш бар экенин көрсөткөн эч бир конкреттүү далил жок. Көз бойомочулук, бурмалоо, алдамчы сүрөт жана ойдон чыгарылган жоромолдордон башка... (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Evrim Aldatmacası (Эволюция калпы), Harun Yahya, Araştırma Yayıncılık; Hayatın Gerçek Kökeni (Жашоонун чыныгы тамыры), Harun Yahya, Araştırma Yayıncılık)

Табылган фоссилдер бизге тарых бою адамдардын адам, маймылдардын болсо маймыл бойдон калганын көрсөтүүдө. Эволюционисттер адамдын атасы деп көрсөткөн фоссилдердин бир бөлүгү чындыгында жакынкы кылымдарга –мисалы, 10000 жыл мурдага- чейин жашап, жоголгон илгерки адам расаларына тиешелүү. Ошондой эле, учурда дагы эле жашап жаткан көп адам коомдору, эволюционисттер адамдын аталары катары көрсөтүүгө аракет кылган, бул тукум курут болгон адам расалары менен бирдей тышкы көрүнүш жана өзгөчөлүктөргө ээ.

Эң негизгиси, маймылдар менен адамдардын арасында сансыз анатомиялык айырмачылыктар бар жана булардын эч бири эволюция менен пайда болушу мүмкүн болбогон өзгөчөлүктөр.

 

 

Эч ойлонбостон жакталган дарвинисттик бир жомок:

адам мээсинин эволюциясы

Эволюционисттер адамдын маймыл сыяктуу бир атадан эволюциялашканын жана адамдын мээси да ушул маанилүү процессте чоңойуп өнүккөнүн жакташат. Бул догма боюнча, мээнин чоңойушу – бул бир эволюциялык адаптация (көнүгүшүү). Ошондой эле бул догма боюнча, мээнин эволюциясын эч бир максаты жок, кокустан болгон мутациялар жана табигый тандалуу жасаган. Дарвинисттер бул догмаларын кубаттоо үчүн эң көп колдонгону – бул өз ойлорунан чыгарып, кичинекейден чоңун көздөй тизген баш сөөктөрдүн сүрөтү. Кээ бир булактарда бул догма жана ойдон чыгарылган сүрөттөр көп кездешет. Бирок мээнин эволюция пропагандасы калп. Адамдын ойлоп чыгарылган санжырасына коюлган баш сөөктөрү чындыгында бизге айтылгандай тартиптүү бир өнүгүүнү ортого коюшпайт. Мындан тышкары, адам мээсинин операция кубаттуулугу абдан жогору, долбоору да абдан комплекстүү. Мээдеги мындай өзгөчөлүктөр компьютер инженерлери тарабынан жаңы долбоорлорду чыгарууда өрнөк алынууда. Мындай бир органдын кокустук мутациялар менен өнүгүп эволюциялашканын жактаган көз-караш эч акылга сыйбайт.

Биринчиден, мээнин көлөмү менен иштеши арасында эч бир түз байланыш жок экенин айта кетүү керек. Атактуу лингвист Давид Бикертон (David Bickerton) муну мындайча түшүндүрөт:

Адам мээси болжол менен 1000-2000 см3 арасында өзгөрөт, жана орточо бир адамдын мээси 1400-1500 см3 көлөмгө ээ. Мээсинин көлөмү 2000 см3 болгон Оливер Кромвель (Oliver Cromwell) же мээсинин көлөмү 1000 см3 болгон Анатоль Франс (Anatole France) сыяктуу адамдар бар. Анда Оливер Анатольдон эки эсе мээлүү (акылдуу) беле? Бул суроонун эч бир мааниси жок. Катардын (интервалдын) эң астындагы адамдар тилди колдонуу мүмкүнчүлүгү; акыл, аң-сезим жана мээ өзгөчөлүктөрү жагынан кандайдыр бир башка адамдан эч бир айырмасы жок.83

Мээнин чоңдугу менен мээлүүлүк арасында түз бир байланыш жок, демек мээ чоңдугуна таянган бир «эволюция» догмасынын да мааниси жок. Бул «мээ эволюция процессинде муктаждыктарды камсыздоо үчүн чоңойуп адаптация болгон» деген догманын илимий бир байкоо же далилге эмес, эч далилсиз, ойлонбостон, жакталган дарвинизмге таянганын көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, мээнин чоңдугуна таянган эволюционисттик сценарийлердин өз ичинде да парадокстору бар. Бул сценарийлердин маанилүү бир логикасыздыгы – бул примитивдик адам деген адамдардын аларга таңууланган маймыл-адам ролуна каршы абдан чоң мээлерге ээ болгону. Сценарий боюнча, маймылдан дээрлик айырмасыз жашаган жандыктар эволюция логикасына карама-каршы келип, ири мээлерге ээ болушкан. Бул логикасыздыкты биринчи байкаган – бул Чарльз Дарвиндин өзү эле.

Табигый тандалуу теориясын Дарвин менен бирге иштеп чыккан табият таануучу Альфред Р. Уоллес (Alfred. R. Wallace) 1869-жылы Дарвинге бир кат жөнөтүп, адам мээсин табигый тандалуу менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес деген коркуусун билдирген эле. Уоллес мындай деген:

Табигый тандалуу жапайыларга (жапайы адамдарга) маймылдардыкынан бираз чоңураак бир мээ берет деп күтөбүз, бирок жапайылардын мээси биздин сабаттуу коомубуздагы орточо бир адамдан бир аз гана астында.84

Дарвин мунун теорияга кооптуулук жаратканын ошол замат байкаган. Себеби өз оюнда «примитивдик» деп атаган расалардын мээси анын теориясы сүрөттөгөн «примитивдик адам» мээсинен ашыкча чоң эле. Дарвин Уоллеске жазган жообунда мындай эскерткен:

Өз балаңды жана менин баламды [эволюция теориясын] өлтүрбөгөн чыгаарсың.85

Ал доордон бери табылган фоссил калдыктары да Дарвиндин коркуусун жойгон жок. Ушул себептен, «ушунчалык комплекстүү бир орган примитивдик адамда эмне себептен жана кантип өнүктү» деген суроо суралганда, эволюционист Ричард Лики (Richard Leakey) «эч нерсе айта албайм» деген жоопту берген.86

 

Кичинеден чоңду көздөй тизилген

баш сөөктөрү эволюцияга далил эмес

Адам мээсинин эволюциясын догматикалык бир ишеним менен жактаган дарвинисттердин баш сөөк сүрөттөрү да илимий бир далилди ортого койбойт. Негизи баш сөөктөрү арасында илимий жактан көрсөтүлгөн эволюциялык бир байланыш жок. Бул байланыш фоссилдерди тизген эволюционисттердин «ойлорунда» гана бар. Муну апачык айткан бир атактуу адам – бул Англиядагы Табигый тарых музейинин башкы палеонтологу Колин Паттерсон (Colin Patterson). Паттерсон өз сөздөрүндө дарвинизмдин философиялык себептер менен жакталганын көп жолу айткан. Паттерсон бир интервьюсунда адамдар бар сыяктуу көрсөтүп, баяндоону жакшы көргөн тизмектердин фоссил калдыктарында жок экенин айткан. Паттерсон сөзүн мындайча уланткан:

Эгер фоссил булактарында үзгүлтүксүздүк үчүн далил кайсы деп сурай турган болсоңуз, буга мындай жооп берүү керек. Жаныбар менен адам фоссилдеринде мындай үзгүлтүксүздүк жок.87

Ойдон чыгарылган санжыра дарактарындагы логикасыздыктар мээдей маанилүү ролго ээ комплекстүү түзүлүштөгү бир органдын эволюциясы үчүн сунушталган механизмде да бар. Мээдей комплекстүү бир орган сокур механизм менен, б.а. кокус мутациялар менен өнүгүп, өрчүгөн деп жактоо акылсыздык. Радиация жана мутация адиси Джеймс Ф. Кроу (James F. Crow) муну мындайча баяндайт:

Бир телевизордун тетиктеринде ишке ашкан кокус бир өзгөрүү сүрөттөлүштү жакшыртпаган сыяктуу, жашоону түзгөн жана жогорку деңгээлде бириккен (туташкан) химиялык процесстер системасында ишке ашкан бир өзгөрүүнүн да жашоого зыян алып келээри анык.88

Адамдын мээси учурдагы технологиядан бир топ жогорку, комплекстүү бир долбоорго ээ. Дүйнөгө таанылган компьютер фирмалары инженерлерине мээдеги тармак жөнүндө семинарларды берүү менен аларды жаңы долбоорлор үчүн мээден илхам алууга багыттоодо. Атактуу биохимик жана илимпоз Айзек Азимов (Isaac Asimov) мээ жөнүндө мындай дейт:

Бир адамдын бир жарым килограмм салмагындагы мээси – биз билгенден ааламдагы эң тартиптүү жана комплекстүү система.89

Мээдеги бул долбоордун кемчиликсиздиги эске алынганда, мээ сокур кокустуктардын бир продукту деген догманын акылсыздыгы апачык көрүнөт. «Кантип» деген суроо узатылган эч бир эволюционист буга логикалуу, акылдуу бир жооп таба алган эмес жана бул сценарийди кабыл алуу мүмкүн эмес экенин мойнуна алышкан. Мисалы, Америка илимди өнүктүрүү уюмунун чогулушунда сөз сүйлөгөн Генри Фэрфилд Осборн (Henry Fairfield Osborn) мээ жөнүндө билгендерибиз учурдагыга салыштырууга мүмкүн болбогондой аз болгон кезде, 1929-жылы эле, төмөнкүлөрдү айтууга мажбур болгон:

Менимче, адам мээси бүт ааламдагы эң кереметтүү жана сырдуу нерсе. Ошондой эле, эч бир геологиялык доор мунун эволюция менен пайда болушуна мүмкүндүк бере турганчалык узун эмес.90 

Атактуу биолог Жан Ростанд (Jean Rostand) болсо убакыт канчалык узун болсо да, адам мээси эволюция менен пайда болду деген сценарийдин аны ишендире албаганын айтат:

Жок, өзүмдү эч ишендери албайм. Мындай урпактык катачылыктардын табигый тандалуу менен кызматташтык ичинде... кооздуктары менен, таң калыштуу гармониялары менен бүт дүйнөнү кура алганын элестете албайм, ... өзүмдү көз, кулак жана адам мээсинин ушундайча пайда болгонуна ынандыра албай жатам.91

Эволюционист антрополог Лайалл Уотсон (Lyall Watson) болсо чоң мээлүү адамдын баскычтуу бир процессте пайда болгон болушу мүмкүн экендиги жөнүндө эч нерсе билбегенин айтууда:

Мисалы, заманбап чоң маймылдар эч бир жерден келбеген сыяктуу. Өтмүшү, фоссил калдыгы жок. Жана тик баскан, түксүз териге ээ, инструмент жасай алган, чоң мээлүү адамдын чыныгы тамыры (келип чыгышы), эгер өзүбүздү өзүбүз алдабасак, ошондой даражада сырдуу бир тема.92

Бүт бул чындыктар адам мээси эволюция менен пайда болгон деген догмалардын эч бир илимий далилге таянбаганын көрсөтүүдө. Булар чындыгында бир гана философиялык таңуулоодон келип чыккан ойлоп чыгарылган сценарийлер гана. Адамзат технологиясы жете албаган бир долбоорго ээ болгон адам мээсинин кокустан пайда болгонун жактоо «жер бетиндеги компьютерлер инженерлер тарабынан жасалган жок, пластика жана металлдар кокустан чогулуп, туш келе биригиши натыйжасында пайда болду» деп айтканга окшош. Компьютердин бир долбоордоочусу болгон сыяктуу эле, андан бир топ жогорку долбоорго ээ болгон мээнин да долбоорлонуп жасалганын кабыл алуу акылга, логикага туура келет. Мээдеги долбоордун Аллахтын бир жаратуу чыгармасы экени апачык чындык.

 

Кокустуктар мээни коргой албайт

Мээ бүт денебизди башкарган бир орган болгондуктан, бул органдын кичине эле жабыркашы орду толгус натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Мээдеги милиметрдик бир травма көп сандагы клетка жана клетка байланыштарын кыйраткандыктан, кыймыл, кабылдоо жана эс тутум сыяктуу негизги функцияларда олуттуу проблемалардын пайда болушуна себеп болушу мүмкүн.

Бирок бул муктаждыкты камсыз кылуу үчүн керектүү чаралар да биз үчүн алдын ала даярдалган. Мээни коргоо кызматын керектүү катуулуктагы түзүлүшү менен мээни толук ороп турган баш сөөк аркалаган. Мээден башка денедеги эч бир орган баш сөөгү сыяктуу сөөк менен атайын коргоого алынган эмес. Келиши мүмкүн болгон ыктымалдуу соккуларга карата көрүлгөн мындай натыйжалуу чара урматында мээ абдан маанилүү функцияларын эч кемчиликсиз аткара алууда. Сөөк клеткаларынын мээнин бар экенин, анын дене үчүн абдан маанилүү экенин билиши жана ошого жараша мээге басым жасабастан, аны толук орой турган абалда чогулушунун бир гана түшүндүрмөсү болушу мүмкүн: пландуу жаратуу. Алдын ала сын-пикирлерге кабылбастан, ойлонгон акылдуу ар бир адам мындай бир долбоордун сокур кокустуктардын натыйжасы эмес экенин билет.

Абдан кылдат бир системага ээ болгон мээбиз электрдик сигналдар менен иштеген нерв клеткалары, буларды камтыган жана азыктанышына көмөкчү болгон жардамчы клеткалар жана кан-тамырларынан турат. Бул тамырлар кандан суюктукту (сыворотка) сүзүп алып, мээнин ичиндеги боштуктарды ушул суюктук менен толтурушат. Мээ ушул суюктук ичинде сүзүп жүрөт. Ушундайча мээнин салмагы өз салмагынын (болжол менен 1500 гр) 1/30ин түзгөн 50 граммга түшөт. Мээдеги бул суюктук тынымсыз айланып турат. Бул айлануу ошол эле учурда бул суюктуктун мээге жасай турган басымынын да башкарылып турушун камсыздайт. Себеби басымдын жогорулашы мээге бир басым пайда болду дегенди билдирет жана бул болсо мээнин травма алышына себеп болот. Бирок түзүлүшү абдан назик жана кызматтары абдан маанилүү болгон мээ дененин ичинде ар тараптуу коргоого алынган.

Эгер мээ бир суюктуктун ичинде болбогондо жана баш сөөгүнө тийип турганда, өз салмагынын астында эзилип калмак. Мындай учурда басым абдан жогору болгондуктан, мээге болгон басым анын функцияларына таасир бермек. Бул көп ооруга себеп болмок. Ал тургай, мээдеги маанилүү борборлорго бир басым пайда кылуу менен өлүмгө да себеп болушу ыктымал эле. Бирок мындай көйгөй –оорудан тышкары учурда- жаралбайт. Мисалы, «гидроцефалия» деп аталган ооруда айлануудагы бир кемчиликтен улам мээдеги суюктук белгилүү мөөнөттөн соң чогулуп баштайт жана пайда болгон басым мээнин функцияларына таасир берет. Эгер сырттан бир кийлигишүү болбосо, б.а. операция менен бул суюктук чыгарылбаса, өскөн басым кем акылдуулук, кыймыл-аракеттин бузулушу, сокурлук, ал тургай, өлүм менен жыйынтыктала турган натыйжаларга себеп болот. Мээдеги суюктуктун басымы кадимкиден аз болуп калганда болсо, күчтүү баш оорулар пайда болот жана мээ жабыр тартып баштайт.

Мээдеги коргоого дагы бир мисал катары мээнин кан муктаждыгын камсыздаган системаны карасак болот. Мээ денедеги бүт процесстерди башкарат. Ошондуктан туруктуу канга муктаж болгон бир орган. Мээге канчалык кыйын болсо да сөзсүз кан берилип турушу зарыл. Мээнин мындай маанилүү муктаждыгы өзгөчө бир көзөмөл менен камсыздалат. Бир каноо учурунда башка бүт органдарга кандын барышы токтосо да, көп нервдер мээге кан жиберилиши үчүн ишке киришишип, тамырлардын көлөмү ушуга жараша ылайыкташат. Кээ бир органдарга баруучу тамырлар убактылуу иштен чыгарылат жана кан агымынын мээге баруучу тамырларга багытталышы камсыз кылынат.

Бул кереметтүү чындыктар алдында эволюционисттер «мээ баскыч баскыч өнүккөн» деген догмасы жөнүндө эч бир акылга сыярлык түшүндүрмө айта алышпайт. Мындай чарасыздык ичинде жомок сыяктуу түшүндүрмөлөрүн андан да чоюшуп «муктаждык себебинен» мээнин корголушу керек экенин жана кокустуктардын мындай муктаждыкка ошол замат жооп бергенин кыйыткан сөздөрдү айтышат. Албетте, сокур жана аң-сезими жок кокустуктардын мындай бир муктаждыкты аныкташы, өз убагында баш сөөгү сыяктуу кереметтүү бир коргоону пайда кылышы мүмкүн эмес. Мындан тышкары, «баш сөөгү кокустан, коргоо максатында пайда болду» деген эволюционисттер, эң биринчиден, баш сөөгү пайда болгонго чейин мээнин кантип корголгонун жана кантип иштеп, жашап турганын түшүндүрүшү зарыл. Себеби баш сөөгү болбостон, мээнин жашашы же өз кызматын аткарышы мүмкүн эмес.

Бул тескерисинче болду, б.а. эволюция сценарийи боюнча алгач баш сөөгү пайда болуп, андан соң ичинде кокустан бир мээ пайда болду деп элестетели. Анда эволюционисттер максатсыз бир баш сөөгүнүн эмне үчүн пайда болгонун түшүндүрүшү зарыл. Себеби, белгилүү болгондой, эволюционисттик догма боюнча бүт нерсе муктаждыкка жараша аныкталат жана кокустуктар аркылуу бул муктаждыктар камсыздалат. Максатсыз бир органдын же механизмдин пайда болушунун же жашашынын мааниси да, мүмкүнчүлүгү да жок. Анда кокустуктар келечекти көрүп, мээнин назиктигин эске алган жана ошого жараша бир коргоону да кошо жасаган болушу керек. Албетте, мындай догмалардын ишке ашкан болушуна ишенүү акылы жайында бир адам үчүн мүмкүн эмес.

Бул жерде дагы бир маанилүү жагдайга басым жасоо керек. Канчалык мүмкүн эмес болсо да, эволюционисттердин ойлоп чыгарган сценарийлери боюнча мээ баскыч баскыч өнүккөн. Анда баш сөөгү да ушул баскычтарга жараша өнүгүшү зарыл болот. Бирок чындыгында болсо жер жүзүндөгү бар болгон бардык баш сөөк фоссилдери бул мааниде эң өнүккөн абалдары менен колубузда турат. Толук пайда болбогон же жарым-өнүккөн бир баш сөөгү фоссили эч табылган эмес.

Эволюционист гипотезаларды элестете алуу үчүн да кокустуктар «ойлонот», «чара көрөт», келечекке карата «пландарды жасайт» жана «бир катар жогорку өзгөчөлүктөргө ээ бир күч» деп гипотеза кылуу керек болот. Эволюционисттердин «кокустуктары» кокустан пайда болсо да, аң-сезими бар жана кылган ар бир ишинин бир планы бар. Бул кокустуктар бүт нерсени ойлоно алат, адамдар да эсептей албаган детальдарды эсептей алат жана келечекти көрүп пландай алышат. Ошондой эле, эволюционисттердин кыялындагы кокустуктар көбүнчө ката да кетиришпейт. Дүйнөнүн эң алдыңкы илимпоздору жана инженерлери чогулушуп, 21-кылымдын технологиясына ээ болуп туруп, мээнин иштөө системасына жакын бир техникалык каражат ойлоп таба албай жатышса, эволюционисттердин кокустуктары миллиарддаган клетка арасында триллиондордон ашуун бир байланыш тармагын эч кемчиликсиз кура алышкан. Албетте, мындай догмаларга ишенүү мүмкүн эмес.

Эволюция теориясынын туура эмес экени, бир жалган экени көп жолу далилденсе да, дагы эле кокустуктар аң-сезимдүү иш-аракет кылышкан деген узун-узун сценарийлердин айтылышы бул жалгандарды жактагандарды күлкүмүштүү абалга салууда. Мээдеги детальдуу долбоордун кокустан пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Бүт мындай кылдат тең салмактуулуктарды кемчиликсиз бир тартипте жараткан – бул бүт нерсенин Жаратуучусу Аллах. Куран аяттарында бул чындык адамдарга мындайча эскертилет:

 

Эй инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

 


ЖЫЙЫНТЫК:

АЛЛАХ БҮТ ЖЕРДИ ОРОП-КУРЧАП ТУРАТ

 

 

Жер жүзүндөгү бүт нерсенин бир жаратылуу максаты бар. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирет:

 

«Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле?» (Мүминун Сүрөсү, 115)

 

Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды акыйкат менен гана жараттык... (Хижр Сүрөсү, 85)

 

Адамдын жаратылуусундагы бүт детальда да бир максат бар. Көзүбүздүн, кулагыбыздын, мурдубуздун, ар бир клеткабыздын, клеткаларыбыздагы ион эшиктеринин, ДНКларыбыздагы нуклеиддик кислота тизмектеринин, нерв тармагыбыздагы байланыштардын, нейрондор арасы боштуктардын, нервдерди орогон майлуу кабыкчанын, иш-аракеттерди ылдамдаткан энзимдердин жана сансыз детальдардын баары белгилүү бир максатка кызмат кылуу үчүн жаратылган.

Раббибиз бизди бүт тарабыбыздан ороп курчап турат. Бул чындык Куранда «...Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз.» (Каф Сүрөсү, 16), «Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү ошол жакта. Шек жок, Аллах курчоочу, билүүчү.» (Бакара Сүрөсү, 115)  аяттарында апачык айтылган. Бул китеп бою каралган кылдат тартиптер, детальдар, теңдешсиз долбоорлор да Раббибиздин бар экенин, жараткан нерселерин башкарып тураарын көрсөткөн ишараттардын бир бөлүгү гана. Бул ишараттарды туура жоромолдоо болсо бүт адамдардын абийири жана акылына жараша мүмкүн болот.

Кээ бирлери бул детальдарда айтылгандарды карап –Аллахтын илимин жакындан изилдеп, ал жөнүндө китептерди жазса да- Аллахтын жаратуусундагы хикматтарды (терең маани-сырларды) түшүнө албайт. Куранда бул сыяктуу адамдар «Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Шексиз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу).» (Хаж Сүрөсү, 74) аятында сыпатталат. Ыйман келтиргендердин өрнөктүү мамилелери болсо төмөнкү аятта кабар берилет:

 

Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)

 

Аллахтын адам денесинин ар бир миллиметр квадратында кездешкен илиминин, чеберчилигинин, акылынын улуулугу адамдарга абдан маанилүү кабарларды берет. Бул маалыматтарды баалоонун мааниси бир аятта «...Кулдары арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат»...» (Фатыр Сүрөсү, 28) сөздөрү менен кабар берилген. Өз денебиз да кошо айлана-чөйрөбүздө ушунчалык детальдуу жана максаттуу бир жаратуу турганда, адамды максатсыз деп ойлоо акылга туура келбейт. Албетте, адамдын бул дүйнөдө бар болушунун бир максаты бар. Биз дем алган, жашаган ар бир секундабыз сансыз детальдар бизге немат-жакшылык катары сунулууда. Мынчалык кооздук жана кылдат тартип-системалар жасалган болсо, булардын биз үчүн бир мааниси болушу зарыл. Бул маалыматтар бизге Аллахты жакшылап таанып-түшүнүшүбүздү, бизди жараткан Раббибизди таанышыбызды, Анын бизге болгон мээримин көрүшүбүздү жана Ага дайыма шүгүр кылып, кулчулук милдетибизди аткарышыбызды эске салууда.

 
Чындыгында, адамдан ал али эстөөгө татыктуу бир нерсе эмес кезде узун убакыттардан (дехр) бир убакыт (хин) келип-өттү. Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот, же болбосо нашүгүр (шүгүрсүз болот). (Инсан Сүрөсү, 1-3)

ЭМБРИОНДО БАШТАЛГАН КЕМЧИЛИКСИЗ КУРУЛУШ


ЭМБРИОНДО БАШТАЛГАН

КЕМЧИЛИКСИЗ КУРУЛУШ

 

 

Адам денесинин эне курсагындагы өрчүшү бир имараттын курулушу сыяктуу бир план менен ишке ашат. Бирок бул план биз билген бардык пландардан бир топ кеңири масштабдуу. Бул планга колдонула турган бардык материалдардын долбоору, кайсы материалдын канча санда, качан, каерде, кайсы катарда колдонулаары да кирет. Бир имаратты курууда электр, суу жабдуусун алдын-ала пландоо талап кылынгандай эле, адам денесинин курулушунда да инфраструктураны түзө турган системалар алдын-ала ойлонулуп, курулуштун ушуга жараша жасалышы зарыл. Мына ушул системалардын бири – бул денебиздин электр менен жабдылышы. Электр жабдуусунун пайда болушу учурунда системанын курулуш материалдары болгон нейрондордун дененин бүт тарабына жете турган абалда нерв жипчелерин пайда кылышы, бул жипчелер бүт денеге жайылышы, бул нерв жипчелеринин буйрук борбору болгон мээ менен туташтырылышы, омуртка боштугунун жүлүн өтө турган абалда ачылышы, нейрондордун бир бөлүгүнүн мээ функцияларын аткара турган абалда уюшушу жана дагы ушул сыяктуу сансыз детальдар эсепке алынышы зарыл.

Бирок клеткалардын колунда мындай план да, долбоор да, аларды башкара турган аң-сезимдүү бир инженер же бир архитектор да жок. Бирок ошентсе да клеткалар адамдын кайсы бөлүгүн качан, кантип жасашаарын, качан токтошу керек экенин абдан жакшы билишет. Программаланган абалда кыймылдаган клеткалар бир жагынан материалдарын өздөрү өндүрүшүп, экинчи жагынан кемчиликсиз бир планга ылайык уюшушуп, ошондой эле курулушту да өздөрү жасашат. Бул кереметтүү пландоо аң-сезимсиз клеткалар жыйындысы тарабынан өзүнөн-өзү жасалды деп айтуу, албетте, акылга сыйбайт. Бош бир курулуш талаасында план белгилүү болсо, ал тургай, материалдары да даяр болсо, өзүнөн-өзү пландуу, бекем бир курулуштун пайда болушу эч мүмкүн эмес. Денебиздеги мындай кемчиликсиз система Аллахтын долбоору жана бул курулуш Аллахтын клеткаларга илхамы менен ишке ашууда:

 

Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү калып берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады. (Кыямат Сүрөсү, 36-39)

 

 

Кемчиликсиз курулуштун убакыттары

Энеден келген жумуртка менен атадан келген сперма клеткасынын кошулушу менен жапжаңы бир адамды пайда кыла турган алгачкы клетка пайда болот (терең маалымат үчүн караңыз: İnsanın Yaratılış Mucizesi (Адамдын жаратылуу керемети), Harun Yahya). Бул кереметтүү өрчүүнүн алгачкы баскычында клеткалар бөлүнүп башташат жана саны миллиондорго жетет. Эне курсагында башында бир тиштем эт болуп көрүнгөн клеткалар бөлүнүшүн улантып жана топтошуп, жарыкка карата сезгич көз клеткаларын, ачууну, таттууну, ооруну, ысыкты, суукту кабылдай турган нерв клеткаларын, үн толкундарын сезе турган кулак клеткаларын, азыктарды сиңире турган тамак сиңирүү системасынын клеткаларын жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн кыртыш жана органдын курулуш материалын пайда кылууну улантышат.

Бир адам эмбрионунда алгач борбордук нерв системасы байкалып баштайт. Бул бөлүк андан соң өрчүп, мээни жана жүлүндү пайда кылат. Уруктануудан болгону эки жарым жумадан соң эмбриондо клеткалардын бурчтан ичти көздөй кыймылдашы менен бирге билинээр билинбес бир чуңкур пайда болот. Үчүнчү жумага келгенде, бул чуңкур жабылып нерв системасына тиешелүү цилиндр бир колба түзүлөт. Эмбриондун узундугу болсо дагы эле эки миллиметрден кичине.

Үчүнчү же төртүнчү жумада жүрөк согуп баштайт, бирок бул мээден же борбордук нерв системасынан келген сигналдар аркылуу болбойт. Келечекте башты түзө турган, мээнин жанындагы аймактан келген сигналдар аркылуу согуп баштайт.

Мындан болжол менен бир күндөн соң эки шишикче мээден чыгып баштайт, бул дөмпөктөр келечекте көздөрдү түзөт. Көздөр, бир мааниде, мээнин сырттан көрүнгөн бутактары.

Отуз бешинчи күнгө келгенде, өспүрүм бир адамда аң-сезимдүү ойлонуунун борбору деп кабыл алынган мээ кабыкчасы (кортекс) көзгө көрүнө турган бир абалга келет. Мээ акырын акырын чоңойуп баштайт; бул көп жылдар бою улана турган бир процесстин башталышы. Мээнин төрөлүү учурундагы массасы өспүрүмдүкүнүн төрттөн бириндей. Чоңдугунун мынчалык болушунун, албетте, мааниси чоң. Бул наристе төрөт учурунда өтө ала турган чоңдуктун чеги. Төрөттөн кийинки алтынчы айда наристенин башы чыныгы чоңдугунун жарымындай, экинчи жылдын аягында болсо бир өспүрүм башынын төрттөн үчүндөй чоңдукта болот. Төртүнчү жылы адам мээси төрөлгөн учурдагынан төрт эсе чоң, б.а. 1400 см3 болот. Аң-сезимсиз клеткалар тобунун эненин денесинен чыга алуу үчүн эң көп канчалык чоңойушу керек экенин билиши, муну кемчиликсиз жөнгө салышы, албетте, мүмкүн эмес. Бул жердеги пландуу иш-аракет клеткалардын Рахман жана Рахим Аллахтын илхамы менен кыймылдаганын көрсөткөн далилдердин бирөөсү гана.

Эмбриондун эне курсагындагы өрчүшүндө 5-жумадан баштап пайда болгон жүлүндө абдан чоң ылдамдыкта секундасына 5000 даана нейрон өндүрүлөт.79 Бул аймакта кийинчерээк мээ пайда болот. Төрөт учуруна чейин мээдеги нейрондордун саны жүз миллиардга жетет.80 Мээ клеткаларынын көпчүлүгү эмбриондун алгачкы беш айында пайда болот жана баары наристе төрөлөөрдөн мурда өз ордуна жайгашып бүтөт. Чоң бир ылдамдык менен пайда болгон клеткалар белгилүү мөөнөттөн соң борбордук нерв системасынын бутактарын түзүү үчүн алыстарга көчүп башташат. Албетте, «көчүү» иш-аракети аң-сезимсиз бир клетка үчүн кереметүү бир жөндөм. Бир клетканын белгилүү бир жерге баруу муктаждыгын сезиши, бул үчүн багытын аныкташы, жолун адашпай табышы, барышы керек болгон жерге жеткенде кыймылды токтотушу абдан таң калыштуу көрүнүш. Көзү же мээси жок май жана протеинден турган бир клетканын өз башынча көчүү чечимин алышы, болгондо да бул кыймылы үчүн белгилүү бир максатты көздөшү мүмкүн эмес. Бул Аллахтын бизди башкарып тургандыгынын бир көрсөткүчү, илиминин детальдарын көрсөткөн мисалдардын бирөөсү гана.

Ар бир нейрондун нерв системасы ичинде өзүнө бөлүнгөн максатталган ордун таптак табышы шарт. Ошондуктан жаш нейрондор өз жолун таба алышы үчүн сөзсүз бир жол башчыга муктаждык бар. Бул жол башчылар – жүлүн менен мээнин өрчүү аймагы арасында бир кабель сыяктуу созулган атайын клеткалар. Нейрондор өндүрүлгөн жерден чыгып бул жол башчыларды карманышып көчүшөт жана аларга бөлүнгөн жерди түшүнүп, ошол жерге жайгашышат. Анан ошол замат бутактарды пайда кылышып, башка нейрондор менен байланыш курушат. Клеткалардын баары максат кылынган органды көздөй ылдам жол жүрүп башташат. Нейрондорду бул сапар бою «глиальдык клетка» деп аталган бир триллион жардамчы клетка жандап жүрөт. Бирок нейрондор пайда болоор замат мындай сапарга чыгышы керек экенин кайдан билишет? Бул сапар учурунда максатталган жерин таба алуу үчүн бир жол көрсөткүч алышы керек экенин жана бир-бири менен кандайча кызматташаарын кантип чечишет? Нейрон деп аталган нерселер – көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей, атомдордон жана молекулалардан турган клеткалар. Алардын ушунчалык аң-сезимдүү абалда өз ордун таап жайгашышы алардын чечими жана эрки менен ишке ашышы мүмкүн болгон бир кубулуш эмес. Бул процессти башкарган борбор мээ да эмес. Себеби али эне курсагындагы эмбриондун мээси пайда боло элек. Бул жердеги аң-сезимдүү иш-аракеттер пландуу бир жаратууну апачык далилдөөдө.

Мээдеги клеткалардын кээ бирлеринин глиальдык клеткаларга айланышы да абдан кереметтүү бир көрүнүш. Бул клеткалар мээде көп санда болушат жана саны жагынан нейрондордон он эсеге көп. Глиальдык клеткалардын бир түрү «макрофаг» деп аталган жана мээде болуп өткөн бир жабыркануудан соң өлүү клетка калдыктарын тазалоого милдеттүү клеткалар. Дагы бир глиальдык клетка тобу болсо көптөгөн нейрондун айланасында, электрдик изоляция кызматын аткара турган майлуу бир катмарды түзөт. Формасы жылдызга окшош болгондуктан, астроцит деп аталган жана бүт жерде кезигүүчү бир глиальдык клетка түрү болсо нейрондорду коргойт. Булар ашыкча сандагы уулуу химикаттарды тазалоо үчүн бир тампон сыяктуу кызмат аткарышат. Нейрондор жабыркаганда, астроциттер жабыркоону айыктыра турган заттарды көп санда чыгара алуу үчүн эки эсе көп аракеттенип, чоңдугу жана саны жагынан көбөйүшөт. Ар бири абдан маанилүү болгон бул кызматтарды ушул көзгө көрүнбөгөн майда клеткалар аткарышат.

Бардык ушул иш-аракеттерден сырткары, бир тараптан секунда сайын болжол менен беш миң даана, теңдешсиз комплекстүүлүктөгү клеткаларды өндүрүүнү улантышат.81 Болгондо да ар бир клетканын ичинде ДНК, РНК, рибосомалар, протеиндер, ион каналдары сыяктуу бүт комплекстүү түзүлүштөр толугу менен бар. Ушунчалык чоң ылдамдыкта көбөйгөн клеткалардын баарынын каерде болушу керек экенин, кызматынын эмне экенин, кайсы органдын бөлүгү катары кандай бир өзгөчөлүккө ээ болоорун билиши абдан кереметтүү көрүнүш. Мындан тышкары, ар бир кыртышка тиешелүү клеткалар клетканын өзүнө тиешелүү мүнөздөрдү аныктоочу протеиндерди өндүрүшөт. Мисалы, мээ клеткалары электр энергиясын өндүрүүгө көмөкчү протеиндерди өндүрүшөт. Бир клетканын кайсы органдын бөлүгү экенин, кандай кызмат кылаарын билиши, өз муктаждыгына жараша протеин өндүрүшү дагы бир керемет көрүнүш. Бирок бул детальдардын баары чогулганда, денебиздеги ушул кемчиликсиз система иштөөдө. Ошондуктан, денебизде бул жерде айтылбаган дагы көптөгөн детальдуу долбоор бар.

Сегизинчи жумага келгенде, бүт негизги бөлүктөрү белгилүү болуп калган эмбрион түйүлдүккө айланат. Ушул кезде тестостерон өндүрүлөт жана бул мээнин өрчүшүнүн жыныска жараша уланышын камсыз кылат. Кийинки жумаларда мээнин эң алдыңкы тараптагы бөлүгү эки жарым шарга бөлүнөт. Он биринчи жумада болсо арткы бөлүк оңой гана байкала турган мээче абалына келе турган негизде өрчүйт. Мээнин ичиндеги карынча (venrticular) деп аталган оюкчалар эң аягында жүлүнгө чыгуучу, бир-бири менен байланыштуу бир лабиринтти түзүшөт. Бул лабиринт аркылуу тешикчелер бүт мээни жана жүлүндү өмүр бою жууй турган түссүз бир суюктуктун айланышын камсыз кылат. Жыйырманчы жумага келгенде мээ кортекси (сырткы тарап, кабыгы) менен наристенин денеси арасында нервдик байланыштар пайда болот. Мындан кийинки беш жума ичинде болсо сезүү системасы менен мээ арасындагы байланыштар толукталат.

Төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда мээдеги изоляция кылуучу миелин заты абдан көбөйөт. Аксондор миелин менен изоляция кылынаар замат электрдик сигналды бир топ натыйжалуу ташып башташат. Кылдат бир кыймылды жасай алышыбыз мээдеги нейрондордун мүмкүн болушунча натыйжалуу иштеши менен гана ишке ашат. Аксондордун миелин менен изоляция кылынышы он беш жашка жана ал тургай кийинки убактарга чейин ылдам бир темп менен улантылат.

Сперма жана жумуртка деп аталган эки микроскопиялык клетканын биригишинен ушунчалык комплекстүү бир нерв тармагы жана башкаруу борборунун пайда болушу – бир жаратуу керемети. Клеткалар пайда болоор замат билбеген бир жерди көздөй аларга илхам кылынган маалыматтарга ылайык жолго түшүшөт. Мээнин жана нерв системасынын пайда болуу процессиндеги эч бир окуянын кокустан болушунун мүмкүн эмес экени анык. Себеби бир баскычтагы эле кандайдыр бир кемчилик «домино» таасири менен бүт системаны бузат. Нейрондордун пайда болушу жана бир нерв тармагына айланышы мээнин жана ага көз-каранды иштеген нерв системасынын пайда болуу баскычтарынын бирөөсү гана. Эволюционисттер жактагандай мээнин толугу менен кокустан пайда болушу мындай турсун, бир даана нейрондун да кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Оксфорд университетинин Фармакология профессору Сьюзен Гринфилд (Susan Greenfield) адамдын жаралуусундагы мындай кереметке төмөнкүчө токтолгон:

Уруктанган жалгыз жумуртканын аң-сезими жок экени анык, анда аң-сезим кокустан качан пайда болот? Жана бир түйүлдүк кантип аң-сезимдүү боло алат? Андай болсо аң-сезимди пайда кылган нерсе – бул төрөлүүбү? Бул көз-карашты кабыл алуу абдан кыйын, себеби мээ төрөлүү процессинен эч таасирленбейт... Бир тарапта, бир нейрон мээнин туура аймагына баруучу бир багыттуу глиаль жолунан качан түшөөрүн кантип билээри жана белгилүү бир фаза ичинде команда кура турган окшош нейрондорду кантип тааный турганы сыяктуу жооптолушу керек болгон көптөгөн суроолор; экинчи тарапта болсо, толугу менен сыр бойдон калган кеңирирээк табышмактар бар. Өрчүп жаткан мээнин ичинде өздүк аң-сезим кайсы баскычта бүчүрлөнүүдө? Нейрон фазалары өздүк (субъективдик, жеке) бир мээден тышкары өздүк бир аң-сезимди кантип пайда кылууда? Бир түйүлдүк эмнени биле алат?82

Нейрондорду ушундай өзгөчөлүктөрү менен жараткан, керек болгон учурда керектүү формага салган, бара турган жерине аларды бир-бирден жайгаштырган чексиз илим ээси – бул Раббибиз. Бүт адамдар –бул чындык жөнүндө ойлонсо да, ойлонбосо да- бул жерде үстүртөн саналып өткөн баскычтардан өтүп жаратылган. Али өзү эч нерсе биле электе, ал муктаж болгон бүт системалар ал үчүн денесинде жаратылган. Булардын пайда болушунан тышкары, үзгүлтүксүз иштеген бир системанын ишинде да адамга эч бир жоопкерчилик, милдет жүктөлгөн эмес. Денебиздеги мындай кемчиликсиз тартип Раббибиздин бизге болгон мээриминин сансыз мисалынын бирөөсү гана. Адамдын жаратылуу керемети аяттарда мындайча кабар берилет.

 

Ант болсун, Биз адамды сүзмө (тандалган) бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы катары бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)

 

... Сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени бир тартиптеги (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)ты жокко чыгарып жатасыңбы? Бирок, Ал Аллах менин Раббим жана мен Раббиме эч кимди шерик кошпойм. (Кехф Сүрөсү, 37-38)

 

 

КЛЕТКАНЫН КӨЧҮШҮНДӨГҮ КЕРЕМЕТ

 

Клеткалардын эң маанилүү жөндөмдөрүнүн бири – бул өсүү, өзгөчөлөнүү жана көбөйүү жөндөмдөрү. Ар бир клетка кабыкчасынын айланасында бир электрдик заряд бар. Бул заряд клетканын ичинен сыртты көздөй кыймылдайт жана клетка бөлүнүшүнүн көптөгөн негизги баскычы электр энергиясы менен стимулданат.

Эне курсагындагы өрчүү учурунда миллиарддаган клетканын ар бири өзүнө тиешелүү орунга жайгашышы зарыл. Бул үчүн клеткалар эмбриондун ичинде пайда болгон жеринен максатты көздөй сапар тартышат. Бул «клетка көчү» деп аталат. Бул сапар учурунда барыла турган даректин туура болушу сыяктуу эле, убактысы да абдан маанилүү. Эне курсагындагы бул өрчүү учурунда барылчу орундун миллиметрдин жүздөн бириндей туура эмес болушу же убакытта секунданын жүздөн бириндей жаңылыштык кетиши органдардын туура эмес жерлерде калыптанышына себеп болушу мүмкүн. Бирок система ушунчалык кемчиликсиз иштегендиктен, эч бир ката кетпейт.

Клеткалар бара турган жерине чейин эмбриондун ичинде узак сапарга чыгышат, бул сапарда атайын бир жолдо жүрүшөт. Бара турган жерине жеткенде, барган жерин таанып токтошот. Б.а. миллиарддаган клетка бара турган жолун, бара турган жерин алдын-ала билишет жана болгондо да тиешелүү жерге жеткенде токтоо чечимин алышат. Бул процесстердин натыйжасында, мисалы, эч качан ашказан клеткалары менен боор клеткалары алмашып кетпейт. Кемчиликсиз иштеген ички органдар, колдор, буттар алмашып, адашып, бир эт жыйындысына айланышпайт. Башталыштагы бир кесим эт, ошентип, акырын акырын адам келбетине келет. Бүт бул процесстер учурунда кичинекей бир башаламандык да болбойт.

Бул процессте көчкөн клеткалар менен алар жеткен жердеги клеткалар бир-бирин таанышууда. Мисалы, нерв системасы өрчүп жатканда, миллиондогон нейрондор (нерв клеткасы) бир-бири менен байланыш кура алуу үчүн түгөйлөрүн табуу аракетин кылышканы байкалган. Түгөйлөрүн таап эле тим болбостон, жасай турган органдын акыркы көрүнүшүн жана түзүлүшүн пайда кыла турган кереметтүү бир инженердик долбоор менен кемчиликсиз биригишет. Мисалы, мээ клеткалары өз ара керектүү маалыматтык байланышты камсыз кыла турган 120 триллиондой электрдик байланыш курушат. Бул теңдешсиз, кемчиликсиз электроникалык жабдыкта бир эле туташуу катасы же кыска биригүүнүн (короткое замыкание) эмнелерге алып келиши мүмкүн экенин элестетүү да кыйын.

Ойлонуу, пландоо сыяктуу жөндөмдөрү болбогон аң-сезими жок клеткалардын өз башы менен бир-бирине карап кыймыл-аракетте болушу, катасыз бир эсеп жана план менен түгөйлөрүн табышы эч мүмкүн эмес. Бүт бул клеткаларга жолдорун көрсөткөн, барышы керек болгон жерлерге жеткирген – бул бүт нерсенин өкүмдары болгон Аллах.

 
Абайлагыла; алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)

ЭЛЕКТРДИК ТОК МЕНЕН ТАШЫЛУУЧУ МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТТАР


ЭЛЕКТРДИК ТОК МЕНЕН ТАШЫЛУУЧУ МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТТАР

 

 

Дүйнө жөнүндө билген нерселерибиздин баары бизге сезүү органдарыбыз аркылуу жетет. Сезүү органдары болбогондо, айлана-чөйрөбүздөгү бүт нерсе менен болгон байланышыбыз үзүлүп калмак. Колубуз менен столго таянганыбызды же жумшак бир креслого отурганыбызды да билмек эмеспиз. Сезүү органдары сырткы дүйнөдө жана денебизде эмнелер болуп жатканы жөнүндө бүт тараптуу маалымат алышыбызды камсыздашат. Мисалы, бир досуңуздун жүзүн толук көрбөсөңүз же бир адамды артынан көрсөңүз да тааный аласыз. Миңдеген түрдүү жыт жана түстү бир-биринен айырмалай аласыз. Териңизге тийген бир түктү ошол замат сезип, түшүп келе жаткан бир жалбырактын шуудураганын уга аласыз. Буларды сезүү үчүн эч аракет кылышыңыздын зарылдыгы жок.

Сезүү органдарынын сырттагы нерселер жөнүндө маалымат топтоочу бөлүмдөрү «кабылдагыч» деп аталат. Кабылдагычтар аларга келген маалыматтарды нерв клеткалары аркылуу мээге жиберилүүчү электрдик заряддарга айлантышат. Мээ ага жеткен бул электрдик заряддарды жоромолдойт жана сиздин нерселердин өзгөчөлүктөрүн түшүнүшүңүзгө себепчи болот. Андан соң денеңиздин башка аймактарына буйруктарды жөнөтүп, ал маалыматтарга жараша кыймылдашын камсыз кылат.

Ар кайсы сезүү органдарындагы кабылдагычтар ар башка нерселерди кабылдашат жана жооп (реакция) беришет. Кулактардагы кабылдагычтардын кээ бирлери үндөргө жооп беришет. Кээ бирлери болсо баштын кыймылдарына жооп берип, тең салмактуулукту сактоону камсыздайт. Көздөрдөгү кабылдагычтар жарыкка жана түскө жооп беришсе, мурундун ички тарабындагы кабылдагычтар абадагы химиялык заттарга жооп беришет. Тилибиздеги кабылдагычтар суюктуктарга же шилекейде ээриген заттарга жооп беришет. Терибиздеги кабылдагычтар тийүү, басым, ысыктык жана ооруга жооп беришет. Булчуң менен муундарыбыздагы кабылдагычтар болсо кыймылдаганыбызда жооп берип, денебиздин абалы жөнүндө маалыматта болушубузду камсыздашат.

Денебиз өзүнчө эле бир долбоор керемети. Бирок бул дененин сырткы дүйнөгө сезимтал болушу, айланасындагы окуяларды кабылдап жооп бере ала турган жөндөмдө болушу да улуу бир керемет. Учурдагы эң маанилүү технологиялык шаймандарда да мээ-дене арасындагы комплекстүү операцияларды ишке ашыруучу координация түзүлө алган эмес.

Мисалы, компьютерлерде сезүү органдарынын ордуна коддоо механизми бар. Бул механизм маалыматты экилик код деп аталган бир катар электрдик сигналга айлантат. Экилик код компьютердин процессору тарабынан жоромолдонот. Процессор компьютердин мээси сыяктуу кызмат аткарат. Мисалы, бир түтүн аныктоочусу (детектору) температуранын жогорулашына жана түтүнгө жооп бере турган абалда долбоорлонгон. Детектор температура менен түтүн жөнүндөгү маалыматтарды экилик коддорго айлантат. Экилик коддор компьютер процессору тарабынан жоромолдонот жана буйруктар суу чачуу системасына жөнөтүлөт. Ошентип суу чачуучулар иштеп баштайт. Бирок биздин кабылдоолорубуз –иштөө системалары окшош болсо да- автоматташкан буйруктардан өзгөчөлөнүп жоромолдоо жана анализдөө күчүнө ээ. Мисалы, адамдын мээси түтүндү сезгенде, көп тараптуу чара ала алат: түтүндүн көлөмүнө, булагына жараша терезени ачышы мүмкүн, өрт өчүргүчтү колдонушу мүмкүн, бөлмөдөгү адамдарды чыгарышы мүмкүн, телефон чалып өрт өчүргүчтөрдү чакырышы мүмкүн... Бул болсо адамдын эч бир техникалык буюм менен салыштырууга мүмкүн болбогондой кереметтүү бир жаратылышка ээ экенин көрсөтөт.

 

Электрдик сигналдардын тийүү

сезимине айлантылышы

Башка кабылдоолор сыяктуу эле, тийүү сезими да тери клеткалары электрдик сигналдар катары жөнөткөн маалыматтардын мээде жоромолдонушу менен пайда болот. Сиз бир кездемеге тийгениңизде, анын катуу, жумшак, ичке же жылмакай экенин мээңизде сезесиз. Манжаңыздын учтарындагы кабылдоочу клеткалар кездемеге тиешелүү маалыматтарды мээңизге электрдик сигнал катары жеткиришет жана бул сигналдар мээңизде тийүү сезими катары кабылданат. Мисалы, сиз бырыштуу бир жерге тийгениңизде, анын чындыгында бырыштуу болуп-болбогонун же бырыштуу бир жердин чынында кандай бир сезим пайда кылаарын эч биле албайсыз. Себеби сиз бырыштуу бир жердин оригиналына (өзүнө) эч качан тийе албайсыз. Сиздин бырыштуу жерди сезүү жөнүндө билгендериңиз – бул мээңиздин белгилүү сигналдарды жоромолдоосу гана.

Териде ысыкка, муздакка, тийүүгө, ооруга, басымга жана чайпалууга жооп берүүчү, ар кандай сезимталдыкта миллиондогон кабылдагычтар бар. Бул кабылдагычтар мээге электрдик сигналдарды жөнөтүшөт жана биз бул сигналдар аркылуу тийген нерсебиз жөнүндө ар тараптуу маалымат алабыз.

Азыр колуңузда кармап турган бул китеп да бүт детальдары менен бирге сиздин мээңизде жаратылат. Сырттагы дүйнөдө заттык абалда бир китеп бар, бирок сиз көрүп, тийип жаткан китеп мээңиздин ичиндеги бир копия гана. Китепке тийгениңизде пайда болгон сезимдердин баары электрдик сигналдардын жоромолу гана. Ошондуктан, тийдим деп ойлогонуңузда чындыгында мээңиздин ичиндеги китептин беттерин барактап, мээңиздин ичинде барактардын жукалыгын, жылмакайлыгын сезесиз. Чындыгында болсо эч качан бул китептин өзүнө (оригиналына) тийе албайсыз.

 

Денебиздин бүт тарабынын бирдей сезгичтикте

болбошунун мааниси:

Сокур бир адам манжасынын учтары менен Braille алфавитин (сокур алфавитин) окуйт. Бирок муну дененин башка бир жери менен, мисалы манжанын муундары же үстүңкү жагы менен кыла албайт. Себеби манжа учтарынын кабылдоого сезгичтик даражасы кабылдагычтын саны себептүү абдан күчтүү. Дененин бетине жайылган 640.000дей сезгич тери кабылдагычы бар.70 Манжа учтарында тыгыз болуп, метр квадратта 9000 даана кабылдагыч бар. Бул кабылдагычтар манжа учтарыбыздагы кичинекей бир сүрүлүүгө да миллисекунда ичинде жооп беришет. Мунун урматында манжа учтарыбыз менен абдан сезгичтикти талап кылган иштерди жасай алабыз. Бирок чыканагыбыз манжа учтарыбыздай сезгич эмес. Мунун да терең сыры бар; эгер андай болбогондо, кичинекей бир бырышты да күчтүү сезгендиктен чыканагыбыз менен бир жерге жаздануу бизди абдан тынчсыздандырмак. Ошондой эле, бир кездеменин жумшактыгын, бир жердин сыйгалактыгын сезүү үчүн манжабыздын ордуна чыканагыбыз менен тийип көрүшүбүз керек болмок. Буларды ойлоп көргөнүбүздө денебизде муктаждыгыбызга жана колдонуу ыңгайлуулугуна жараша атайын бир план-долбоордун бар экени апачык көрүнөт.

 

Тийүү кабылдагычтарынын туруктуу сигналдарга көнүп

калуусундагы сыр:

Тийүү кабылдагычтары кокус өзгөрүүлөргө жооп беришет, бирок туруктуу бир сигналга бат эле көнүп калышат. Мээ тийүүнүн башталышы менен аягы жөнүндө маалымдалат, бирок ортоңку баскычтарда мээге маалымат акпайт. Бул да абдан терең мааниге ээ; себеби көбүнчө терибизге тийген нерселер жөнүндө тынымсыз маалымат алуу муктаждыгыбыз жок. Тийүү кабылдагычтарынын бир өзгөрүү болгондо гана маалымат жөнөтүшү жетиштүү, жана бул биз үчүн чоң бир жеңилдик. Тийүү кабылдагычтарынын туруктуу бир сигналга ылдам көнүшүү жөндөмү нерв системасынын маанилүү бир өзгөчөлүгү.71

Мисалы, күн сайын эрте менен бир кийимдерди кийебиз, башында ар түрдүү кабылдагычтар мээге булардын салмагын, жумшактыгын жана басымын түшүнө тургандай кабарларды жөнөтүшөт. Бирок бир аздан соң кабарлар азайат жана жоголот; себеби жогоруда да айтылгандай, туруктуу тыгыздыктагы тынымсыз сигналдар кабылдагычтардын иш-аракетин токтотот. Ошол сыяктуу кол саатыбызды биринчи такканыбызда металлынын муздактыгын, калыңдыгын, салмагын сезебиз; бир саамдан соң болсо бар экенин унутуп калабыз. Бирок кайышы ачылып түшүп кетчүдөй болсо терибиздеги жаңы таасир көңүлүбүздү бурат. Ошол сыяктуу шапкабызды чечкенибизде башыбыздагы кабылдагычтар бул жаңы абалды мээнин тиешелүү аймагына ылдам билдиришет жана сезимдерибиз шапканы чечүү менен бирге өзгөрөт.

Системанын мындай иштеши биз үчүн абдан маанилүү. Себеби денебизде кийген кийимдерибиздин, таккан жасалга буюмдарыбыздын бар экенин дайыма сезип турушубуз, албетте, биздин абдан тынчсыздандырмак. Ошондуктан терибиздин туруктуу (бирдей) сигналдарга көнүгүшү Раббибиздин чоң бир мээрими.

 

Ооруну жана ачышууну сезүүнүн сырлары:

Оору сезүү – бул денебизде бир кыртыштын жабыр тартканын билдирген сигналдар. Нерв кабылдагычтарыбыздын бир канча миллиону ооруларды сезишип, канчалык күчтүү сокку жешсе ошончолук күчтүү сигнал алышат. Мисалы, бутубузду столдун чекесине уруп алганыбызда же жердеги сынган айнекти басып алганыбызда оору же ачышууну сезебиз. Ооруну же ачышууну сезүүнүн жашообузда мааниси чоң, себеби булар денебизде бир проблема бар экенин билдиришет. Терибиздеги кабылдагыч клеткалар бизге зыян берген нерселерге жооп бергенде –мээбизге шашылыш маалыматтарды жөнөткөндө- оору сезебиз. Натыйжада биз да бул ооруну жоюу үчүн ылдам чара көрөбүз.

Кээ бир сезимдер оору, кээ бирлери сайуу (бир нерсенин кирип кетүүсү), кээ бирлери күйүү, кээ бирлери ачышуу абалында. Сайуу сезими мээге эң ылдам –секундасына 30 метр ылдамдык менен- жетет. Бул сезимди сезген кабылдагычтардын орду теринин дал сырткы тарабында. Күйүү же оору сезимдеринин сигналдары болсо мээге, сайуу сезимине салыштырмалуу, жайыраак –секундасына 2 метр ылдамдыкта- барышат.

Бул сезимдердин кабылдоо ылдамдыгындагы айырмада да терең сырлар бар. Мисалы, эң биринчиден бир нерсенин кирип кеткенинин катуу оорусун сезишибиз –мисалы бир аары ийнесинин- андан соң жайыраак күйүү сезиминин пайда болушу абдан маанилүү. Себеби кирип кетүү сезими коркунучка карата ылдам бир коргонууну камсыз кылат. Бул да, албетте чексиз мээримдүү Раббибиздин терең максаттуу жаратуу өрнөктөрүнүн бири.

 

 

Аллахтын Рахман жана Рахим сыпаттарынын бир көрүнүшү:

оору жана ачышуу сезими

Бутубузду столдун чекесине урганыбызда же жердеги сынган айнекти басып алганыбызда оору же ачышууну сезебиз. Ооруну же ачышууну сезүүнүн жашообузда мааниси чоң, себеби булар денебизде бир проблема бар экенин билдиришет. Терибиздеги кабылдагыч клеткалар бизге зыян берген нерселерге жооп бергенде –мээбизге шашылыш маалыматтарды жөнөткөндө- оору сезебиз. Натыйжада биз да бул ооруну жоюу үчүн бир катар чараларды көрөбүз.

 

Жабыркоо учурунда оору сезиминин

азайышынын мааниси:

Кээ бир адамдар жаракат алганда жана жаракат алган соң белгилүү мөөнөткө чейин оору сезишпейт. Натыйжада адам жаракат алса да өзүн коргой турган же коркунучтан кача ала турган күч таба алат. Оору сезиминин жиберилиши да нерв клеткалары аркылуу болот. Бул клеткалар ачышуу, сыздоо, оору жана капаланууну жок кылуучу, денени бейпил кылуучу «эндорфин» затын алып жүрүшөт. Эндорфин – мээбиз өндүргөн бир оору токтотуучу сыяктуу. Эндорфин ооруну алгач сезгенде чыгарылат, бирок алгачкы кризис өтүп кеткен соң таасирсиз болуп калат. Мунун урматында олуттуу жаракат алган адамдар белгилүү бир мөөнөткө чейин катуу оору сезишпейт. Ооруну басуучу дарылар да ушундай логикада кызмат аткарышат. Көпчүлүгү ооруларды жана жаракаттарды айыктырбайт; алар болгону ооруну сезишибизге тоскоол болуучу химиялык заттар гана. Жаракат алуу учурунда оору сезиминин азайышы Аллахтын адамдарга болгон мээриминин бир мисалы.

 

Жарык энергиясынын электр энергиясына айландырылышы жана

көрүү сезими

Көрүү кубулушу абдан көп баскычта ишке ашат. Көрүү учурунда кандайдыр бир заттан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн алдындагы линзанын ичинен сынуу менен өтөт жана көздүн арткы тарабындагы торчого тескери абалда түшөт. Ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айлантылган көрүү импульстары нервдер аркылуу мээнин арткы тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир аймакка жетишет. Бул электрдик сигнал бир катар операциядан соң мээдеги бул борбордо сүрөттөлүш катары кабылданат.

Көздө конус жана чыбыкча деп аталган эки түрдүү кабылдагыч клетка бар. Чыбыкчалар жарыкка карата ушунчалык сезгич болгондуктан, күүгүм бир жарыкта да сүрөттөлүштүн пайда болушун камсыздашат. Бирок кадимки күндүн жарыгында ашыкча жарыктан улам кандайдыр бир сигналды жөнөтө албай турган абалга келишет. Конустар болсо жогорку жарыкта иштегендиктен, күндүн жарыгында сүрөттөлүштүн пайда болушун камсыздашат.

Мисалы, телевизор экранын караганыңызда, маалыматты көздөн мээбизге жеткирүү үчүн 1 миллион нерв жипчесинен турган оптикалык (көрүү менен байланыштуу) нервге муктаждык бар.72 Көздөрдүн телевизордогу бир сүрөттөлүш менен стимулданышы торчонун жарык кабылдагычтарында химиялык бир реакцияга себеп болот. Бул реакция натыйжасында торчодогу сигналдар оптикалык нервдерди, оптикалык нервдер болсо мээни стимулдайт. Мээден жөнөтүлгөн сигналдар болсо секундасына 100 метр ылдамдык менен көздөрдү, бут манжаларын, бут балтырларын, буттарды, далыларды, колдорду, билектерди жана манжаларды башкарган булчуңдарды стимулдайт. Сүрөттөлүштүн кабылданышы менен бирге креслого жөнөө, пульттун үн баскычын басуу сыяктуу кыймылдар ишке ашат.

Адамдын көзү кызыл менен кырмызы интервалында өзгөргөн түстөрдү кабылдайт. Бул интервалдын астындагы инфра-кызыл нурларды жана үстүндөгү ультра-кырмызы нурларды кабылдай албайт. Бул абдан терең маанилүү бир жаратуу. Эгер көзүбүз бул интервалдагы жарык толкун узундуктарын эмес, андан төмөнкү толкун узундуктарын кабылдоого ылайыкташкан болгондо, мисалы радар экранындагы сыяктуу бозомук бир сүрөттөлүшкө туш келмек. Эгер көзүбүз жогорураак толкун узундуктарын кабылдаганга ылайыкташкан болгондо, анда рентген кадрындагы сыяктуу сүрөттөлүштөр менен жашамакпыз. Бирок Аллахтын мээрими менен көздөгү клеткалар ушул толкун узундуктарындагы жарыкты гана электрдик сигналга айлантууда жана ушунчалык детальдуу бир сүрөттөлүштү көрүшүбүздү камсыз кылууда (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Gözdeki Mucize (Көздөгү керемет), Harun Yahya).

 

Мээде пайда болгон үч өлчөмдүү дүйнө

Мээ заттардын алыстыктарын аныктоодо да абдан сезгич. Эки көз тең бирдей кыймылдаганына карабастан, ар кайсы бурчтарда сүрөттөлүш алышат. Көздөрдүн бурчтары арасындагы мындай айырмалар болсо мээнин көрүнгөн нерсенин канчалык алыста экенин эсептешине көмөкчү болот. Мээге жиберилген эки сүрөттөлүш салыштырылат жана сүрөттөлүштүн тереңдиги аныкталат; ошентип сиз колуңуздагы китепти үч өлчөмдүү бир сүрөттөлүш ичинде көрөсүз. Эгер мындай өзгөчөлүк болбогондо, бүт нерсени жуп жана жалгыз бир тегиздик бетинде көрмөкпүз. Бул жагынан эки көздүн көрүү аймактарынын ар башка бурчтардан болушу абдан терең маанилүү бир жаратуу мисалы.

Бир теннис матчын көрүп жатасыз дейли. Оюнчулардын бири тордун үстүнөн өткөн топту ракеткасы менен кайтарууда. Мээңиз сизге соккунун кандай болгону жөнүндө маалымат берүүдө. Топту, торду жана ракетканы жарык кылган нур сиз байкабастан бирдей убакытта көздөрүңүзгө жетүүдө. Бир ракетка же бир теннис тобу деп кабылдаган нерсеңиз мээңизде көптөгөн электрдик сигналдын кызматташтыкта болушунан пайда болгон сүрөттөлүш жана ар бир сигнал мээдеги тиешелүү бөлүккө жөнөтүлөт. Бирок мээңиздин бул теннис матчын көрүп жатканыңыз жөнүндө эч бир маалыматы жок. Илимпоздор сүрөттөлүш, үн же жыт маалыматтарынын мээнин тиешелүү бөлүктөрүнө кантип жөнөтүлөөрүн түшүндүрүшүүдө, бирок аларды таң калтырган көрүнүш – бул электрдик сигналдардын кайрадан, оригиналына дал келген абалда кантип тизилээри.

Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) көрүү кубулушундагы кереметтүү тараптардын бир канчасына мындайча токтолгон:

Биологиялык маалымат өткөрүү процесси таң калыштуу бир окуя. Бул окуялар чынжырынын бир бөлүгүн эле алып карагыбыз келсе; мээ көздөгү торчого чагылтылган эки өлчөмдүү сүрөттөлүштүн үч өлчөмдүү бир дүйнөнү көрсөтүп (чагылтып) жатканын кайдан билет? Себеби сүрөттөлүш бир катар электрдик сигналга айлантылат жана булардын ар бири... чыңалуу айырмалары... Бул акылды кайдан алган?73

Шредер да айткандай, электрдик сигналдардын маалыматты коддолгон абалда ташышы, анан булардын мээбизде заттык дүйнөдөгүнүн дал өзүндөй кылып жоромолдонушу улуу бир акылдын түшүмү. Бул автор «Бул акылды кайдан алган?» деген суроо менен көңүл бурган акылдын чыныгы ээси болсо – албетте, баарыбызды жараткан, көрүүбүз үчүн көздөрдү берген Раббибиз. Бул чындык Куран аяттарында мындайча кабар берилет:

 

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким? Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер (Жаратуучуңар) болгон Аллах. Андай болсо чындыктан кийин адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

 

 

Жыт молекулаларынын электрдик сигналга айлантылышы

Жыт сезүү органыбыздын иштеши да башка органдарыбыздын иштешине окшош. Негизи мурдубуздун сырттан көрүнгөн бөлүмүнүн кызматы болгону бир канал сыяктуу абадагы жыт молекулаларын ич тарапка алуу гана. Ванила же гүл жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган аймагындагы титирек түктөрдөгү кабылдагычтарга келет жана бул кабылдагычтарда реакцияга кирет. Жыт молекулалары эпителий аймагында кылган реакциясы мээбизге электрдик сигнал катары жетет. Бул электрдик сигналдар болсо мээбизде жыт катар кабылданат.

Жыт молекулаларынын таасиринин электр энергиясына айландырылышында таң калыштуу бир система иштейт. Мурундагы сезгич кабыкчанын бетинде 50 миллиондой нерв клеткасы бар. Ар бир нерв клеткасы көптөгөн протеинди камтыйт. Бир жыт молекуласы формасы туура келсе эле бул нерв клеткаларындагы протеин молекулаларынын бирөөсүнө кармана алат. Ошентип бул аймакта электрдик бир уюлдашуу пайда болот. Мындай уюлдашуу электр энергиясын пайда кылат жана кабылданган жытка тиешелүү электрдик сигналдар маңдайдын ылдый жагындагы жыт сезүү аймагына жетет. Бул жерде ар башка клеткалардан келген маалыматтар анализденет жана ар башка мээ түзүлүштөрүнө жөнөтүлүү менен «жыттын» булагы аныкталат (терең маалымат үчүн караңыз: Koku ve Tat Mucizesi (Жыт жана даам керемети), Harun Yahya).

Жаңы бышкан нандын, бакчадагы гүлдөрдүн, жаңы орулган көк чөптүн, жамгырдан кийинки топурактын, ысык шорпонун, кулпунайдын, шабдалынын, петрушканын, колдонгон самыныңыздын, шампундун жытын жана ушуга окшогон дагы көптөгөн жытты сезе алганыңыз үчүн мурдуңуздагы сезгич түзүлүшкө карыздарсыз. Көп адамдар бир күндө канчалаган жытты сезгенин жана бул жыттар урматында нерселердин абалын мээсинде аныктаганын эч ойлонушпайт. Чынында болсо жеген тамагыңыздын даамдуу болушун жыт алуу сезимиңиз камсыз кылат. Жыт – нерселерди таанууңуздагы маанилүү факторлордун бири.

Ар бир дем алган сайын заттарга тиешелүү жыттар да мурундан ич тарапка кирет. Адам мурду сезген бир жытты 30 секунда ичинде анализ кылат жана болжол менен 3000дей ар башка жытты бир-биринен айырмалай алчу кереметтүү бир мүмкүнчүлүккө ээ.74

 

Электрдик сигналдардын

даам болуп кабылданышы

Даам сезүү системабыз протеиндерди, иондорду, комплекстүү молекулаларды жана дагы көптөгөн химиялык кошулманы анализ кылат; өмүр бою эч эс албастан биз үчүн иштейт. Тил татаал химиялык анализдерди жасоочу бир лаборатория сыяктуу кызмат аткарат. Биз жеген же ичкен ар бир азык көптөгөн ар түрдүү даам молекулаларынан турат. Кандайдыр бир табактагы тамакта жүздөгөн же миңдеген ар башка химиялык зат бар. Тилибиздеги даам сезгичтер болсо бул ар түрдүү молекулаларды эч жаңылбастан анализ кылышат (терең маалымат үчүн караңыз: Koku ve Tat Mucizesi (Жыт жана даам керемети), Harun Yahya).

Тилибизде бул анализ жасалышы үчүн абдан өзгөчө бир долбоор бар. Денебиздин башка эч бир жеринде эмес, бир гана азыктарды сиңирип баштаган алгачкы баскычта –тилибизде- даам алуу тармагында адистешкен клеткалар жайгашат. Бул клеткалар азыктарды анализдеп, булар жөнүндөгү маалыматтарды мээге электрдик сигнал абалында жиберишет. Тилден мээге жеткен бул электрдик сигналдардын даам катары жоромолдонушу болсо кайра эле мээбиз тарабынан ишке ашырылат.

Даам сезүү системабыздагы клеткалардын дал керектүү санда, орунда жана эң идеалдуу абалда бар болушу да – улуу бир жаратылуу мисалы. Электрдик сигналдарды жоромолдоочу мээбиздин бизге эмне жегенибизди айтышы, жегендерибизди дайыма адашпастан айырмалашы, болгондо да буларды химиялык анализдеп кычкылбы, ачуубу, таттуубу экенин билдириши денебиздеги жаратуу кереметтеринин бири.

 

Электрдик сигналдардын үн катары

жоромолдонушу жана угуу органы

Сырткы кулак чөйрөдөгү үн толкундарын кулак лакатору менен топтоп ортоңку кулакка жиберет. Ортоңку кулак болсо алган үн толкундарын күчтөндүрүп ички кулакка өткөрөт. Ички кулак болсо бул толкундарды үндүн тыгыздыгына жана жыштыгына жараша электрдик сигналдарга айлантып, мээге жөнөтөт. Мээде бир канча жерге кезиккен соң кабарлар аягында бул сигналдар процесске коюлуп жоромолдонуучу угуу борборуна жиберилишет. Ошентип угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.

Угуу процессиндеги эң таң калыштуу өзгөчөлүктөрдүн бири – бул кулакта жайгашкан каналдардагы 20000 түкчөнүн жооп берүү ылдамдыгы. Ортоңку канал секундасына 256 оборот менен титирейт. Ортоңку кулактын үстү жагындагы канал секундасына 512 оборот менен жана мунун үстүндөгү канал болсо секундасына 1024 оборот менен титирейт. Түкчөлөрдүн мынчалык жогорку титирөөлөрдү жоромолдоого ыңгайлуу түзүлүшү музыкадагы ноталарды так айырмалай алышыбызды камсыз кылат. Бул денебиздеги эң сезгич жана эң ылдам жооп берчү системалардын бирин түзөт.

Мээ кулактан келген үн толкундарын жоромолдоп жатканда, үндү –сүйлөп жаткандын сүйлөө ылдамдыгынан, бийиктигинен же акцентинен таасирленбестен- сөздөргө, бул сөздөрдү болсо сүйлөм бөлүктөрүнө айлантышы зарыл. Көбүнчө башыбыздын ичиндеги таң калыштуу бул жоромолдоо системасын байкабайбыз дагы. Кулактагы комплекстүү долбоор илимпоздордун көп көп мактоолуу сөздөрдү айтышына себеп болгон. Булардын бири төмөнкүдөй:

Инженердик керемет. Адам денесинде жайгашкан органдардын бир канчасы гана кулак сыяктуу кичинекей бир аймакта абдан көп нерсени жасай алууда. Эгер бир инженер кулактын кызматын туурашы керек болсо, болжол менен 16 см3’дук бир жерге бир үн системасын батырышы керек болмок. Сөз кылынып жаткан бул үн системасында... көп тараптуу бир механикалык анализдөөчү, таркатуучу жана үндү жогорулатуу бөлүкчөсү, механикалык энергияны электрдик энергияга айлантуучу көп каналдуу бир система, аяр бир гидравликалык тең салмактуулукту камсыздоочу системасы болушу керек болмок. Мындай миниатюралык кереметти жасай алса да, чоң ыктымалдуулук менен кулактай натыйжалуу болушун үмүттөнмөк эмес. Кулак аралыгынын бир учунда бир сиренанын акырын үнүн, башка бир учунда болсо бир реактивдик учак моторунун катуу үнүн угууга өзүн ылайыкташтыра алат. Бул орган скрипка менен ойнолгон бир музыка менен бир симфония оркестриндеги виола менен ойнолгон бөлүмдөр арасындагы кичине айырманы байкай алат... Ал тургай, уктап жатканда да кулак кереметтүү натыйжалуулук менен өз кызматын аткарат. Себеби мээ кулак аркылуу ага жиберилген сигналдарды жоромолдой алат жана тандай алат. Бир адам ызы-чуулуу бир жолдо же кошунасынын телевизорунун бийик үнү менен да уктай алат, анан коңгуроолуу бир сааттын акырын үнү менен ылдам ойгоно алат.75

Кулак ошол эле учурда тандап кабылдоо өзгөчөлүгүнө ээ. Кулактын мындай өзгөчөлүгүн түшүнүү үчүн түнкүсүн бир баланын ыйлаган үнүн укканыңызда болуп өткөн окуяларды эстөөгө болот. Үн сигналы мээнин тиешелүү аймагына жөнөтүлөт жана бул жерде бир-бирден анализ кылынат. Кандай бир үн экени, кимге тиешелүү экени сыяктуу маалыматтар аныкталат. Узун мөөнөттүү бир эс тутумга ээ болгонуңуз үчүн бул үн сизге тааныш сезилет жана мунун балдарыңыздын бирөөсүнө тиешелүү экенин түшүнөсүз. Бул маалымат менен бирге мээңиз эми балаңыздын жардам сураганын билет жана бир шашылыш кырдаал бар деген сигналды жөнөтөт. Ушуга жараша денени кыймылдатуу үчүн адреналин агымын камсыз кылуу сыяктуу даярдоочу реакциялар ишке ашат. Булардын баары кыймылсыз денеңизди кыймылга стимулдайт жана сиз баланын керебетин көздөй жөнөйсүз. Мындан тышкары, сизге балаңыздын керебетинин каякта экенин айткан эс тутумуңуз ишке аралашат. Абдан жөнөкөй, үстүртөн айтылган бул кабылдоо жана кыймылдар тизмеги кереметтүү биохимиялык, биоэлектрдик процесстерди камтыйт. Булардын баары ар бири миңдеген терминалга ээ жүз миңдеген аксондун бир катриллион (1.000.000.000.000.000) жипче менен көп тараптуу байланыш курушу натыйжасында ишке ашат. Мээңиз сигналдарды түшүнүү үчүн анализдерди жасап жатканда, сиз муну эч байкабайсыз. Булардын баарын бир кесим эт гана кабылдап жаткан болушу мүмкүнбү? Мына ушул суроо кээ бир акылдуу ойлонгон илимпоздорду да ойлонууга түртүүдө. Булардын бири Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) угуу жөнүндө мындай дейт:

Жана кезекте оор суроонун оор бөлүгү бар: музыка үнү. Үн толкундары кулак кабыкчасына урунуп... мээ кортексинде химиялык зат катары сакталган биоэлектрдик сигналдарга айланат. Бирок үндү кантип угуп жатам? Мээде топтолгон маалымат да кошо бул жерге чейинки окуя толугу менен биохимиялык. Бирок мен биохимияны укпайм. Үндү угам. Башымдын ичинде бул үн кайсы жерде пайда болууда? Же сүрөттөлүш; же жыт? Аң-сезим каерде? Көмүртек, суутек, азот, кычкылтек ж.б. сыяктуу заттардын кайсынысынын туруктуу атомдору башымдын ичинде бир ой жарата ала турган же бир калып (сүрөт) жарата ала турганчалык акылдуу абалга келе алат? Бул сакталуу биохимиялык маалымат коддорунун кантип эстелгени жана аң-сезимде кайрадан кантип жандандырылганы бир табышмак бойдон калууда.76

Шредердин «бир табышмак» деп айтканы туура эмес. Албетте, тышкы дүйнөнү кабылдаган – бул бир кесим эттен турган мээ эмес, Аллах адамга берген Рух. Адамдын аң-сезими биохимиялык процесстердин бир натыйжасы эмес, Аллах адамга берген бир немат. Раббибиз бир аятта мындайча буюрууда:

 

Кийин аны «оңоп бир калыпка келтирди» жана ага Рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөрдү жаратты. Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Сежде Сүрөсү, 9)

 

 

Тең салмактуулук жана кыймыл

Тынымсыз жердин тартылуу күчүнө карабастан, кантип тик тура алып жатасыз? Жыгылбастан өз айланаңызда кантип айлана алып жатасыз?

Ички кулактын кире беришиндеги органдар баштын кыймылы жана абалы жөнүндө мээге маалымат жөнөтүп, тең салмактуулуктун сакталышына көмөкчү болушат. Баштын кыймылы каналдардагы суюктуктун кыймылдашына жана түкчөлөрдүн ийилишине себеп болот; ийилген түкчөлөр мээни көздөй баруучу кабарларды башташат. Бирок бул каналдагы кыртыштар ар башка кыймылга ар түрдүү жооп беришет. Бирөөсү өйдө-ылдый кыймылга абдан сезгич, бирөөсү капталды көздөй кыймылга жана бирөөсү болсо ийилүү кыймылына сезгич.

Ички кулагыбыздын ичинде «вестибулярдык система» деп аталган өзгөчө бир механизм бар. Тең салмактуулугубузду сакташыбызга көмөкчү болгон бул система кайсы тарапка кыймылдаганыбызды да кабар берет. Вестибулярдык система «жарым айлана каналдары» деп аталган жана өзгөчө бир суюктукка толо үч тунельден турат. Ар бир каналда түктөр менен капталган бир аймак бар. Бул түктөр кабылдагыч клеткалар, жана кыймылдаганыбызда каналдардагы суюктук түктөрдүн үстүнөн агып аларды бүгөт. Бул бүгүлүү мээге жөнөтүлчү электрдик сигналдарга айландырылат. Мээбиз бул сигналдарды анализдеп, ошол учурда эмне кылганыбызды жана денебиздин абалын билет.

Кээде тең салмактуулугуңузду жоготууңуздун себеби – ички кулактагы чайпалуу. Башыңызды ийгениңизде же оңго солго чайкаганыңызда бул каналдардагы түктөр ийилип баштайт, түктөрдөгү мындай абал бул түктөрдүн баштын жана каналдын кыймылдарына салыштырмалуу секунданын кичинекей бир бөлүгүндө кыймылдап башташына себеп болот. Түктөрдүн кыймылдап башташы менен бирге ар бир түктүн таманындагы нервдерде ишке ашкан химиялык реакциялар натыйжасында маалыматты сезүү системасына жөнөтүүчү электрохимиялык сигналдар өндүрүлөт. Андан соң болсо мээ бул сигналдарды дененин турганына байланыштуу маалымат менен –бут муундарынын бурчу, көрүнүшүбүз менен байланыштуу сигналдар, булчуңдардагы жыйрылуулар сыяктуу- бириктирип, денеде болуп жаткан сенделүүнү байкайт.

Кулактагы бул система көздөрдөгү, моюндагы, булчуңдардагы жана муундардагы нерв кабылдагычтары менен чогуу иштейт; булардын эч бири өз башынча адамды тең салмактуулукта кармоо үчүн жетиштүү эмес. Токтоп турган бир поезддин терезесинен сыртты карап, башка бир поезддин жүрүп баратканын көргөнүңүздө, көздөрүңүз сиз жүрүп бараткандай маалымат берет. Бирок денеңиздеги башка нерв кабылдагычтары сизге мунун тескерисин айтып, айлана-чөйрөнү туура кабылдашыбызды камсыз кылат. Ушундайча сиз поездиңиздин токтоп турганын, берки поезддин жүрүп баратканын түшүнөсүз.

Албетте, бул жерде «мээ бул маалыматтарды бириктирет» деп кыскача айтылган бул операция негизи ар бир клетканын жана бир миллиарддан ашуун аксондун сигнал жиберүүдөгү кемчиликсиз байланыш тармагы урматында ишке ашууда. Денебиздин тең салмактуулук механизми пландуу бир жаратуунун түшүмү. Куранда мындайча кабар берилет:

 

Асмандардын жана жердин мүлкү Аллахка тиешелүү. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Али Имран Сүрөсү, 189)

 

 

Окшош сигналдар бир-биринен абдан

айырмалуу кабарларды кантип ташышат?

Бул жерге чейин сезүү органдарыбыздын иштешине жана кээ бир кереметтүү өзгөчөлүктөрүнө токтолдук. Бүт сезүү органдарыбыздын орток тарабы – бул сырттан алган импульстарды электрдик сигналдарга айлантып, мээдеги тиешелүү сезүү борборуна жибериши эле. Мына ушул жерде абдан таң калыштуу бир жагдайга кезигебиз: мээ сезүү органдарынан алган кабарлардын баары бирдей импульстардан турат. Мээнин ар кайсы борборлоруна жеткирилген бул импульстардын баары электрдик заряд абалында. Бир-бирине окшош болгон электрдик заряддардын бир-биринен такыр башка маалыматтарды камтышы жана мээнин ар бир борборунда ар башка таасирлерге себеп болушу абдан таң калыштуу көрүнүш. Сьюзан Гринфилд (Susan Greenfield) Адам жана мээбиз аттуу китебинде бул кереметтүү көрүнүшкө мындайча көңүл бурган:

Көрүү кортекске келген электрдик сигналдар көрүү катары кабылданса, мээнин соматикалык-сезүүчү кортекс же угуу кортекси сыяктуу башка бир бөлүмүнө келген толугу менен бипбирдей болгон электрдик сигналдардын эмне себептен тийүү жана угуу катары кабылданышы – мээнин дагы бир таң калыштуу жана сырдуу тарабы.77

Гринфилд «сырдуу» деп айткан чындык негизи апачык: сезүү органдарыбыздын иштеши денебиздин бардык башка функциялары сыяктуу кемчиликсиз бир жаратуу менен жаратылган. Улуу Раббибиз бирдей кара топурактан бир-биринен түсү, даамы жана жыты жагынан абдан айырмаланган ар түрдүү өсүмдүк, мөмөлөрдү чыгарганы сыяктуу, бир-бирине окшош электрдик сигналдардын мээбизде бир-биринен абдан айырмалуу түрдө кабылданышын камсыздоодо. Мунун урматында сырткы дүйнөдөгү түстөрдү, жыттарды, даамдарды толук сезип жатабыз.

 

 

Жыйынтык: мээбизде жаратылган

элестер дүйнөсү

Бул бөлүмдө сөз кылынган сезүү органдары топтогон сигналдардын мээдеги кабылданышы бизге дагы бир маанилүү чындыкты көрсөтүүдө: биз тышкы дүйнөнүн өзү (оригиналы) менен түздөн-түз (ортомчусуз) байланышта боло албайбыз. Зат –биз көрсөк да, көрбөсөк да- сыртта бар. Бирок биз заттын өзүнө эч качан жете албайбыз. Биз байланышта болгон дүйнө - бул электрдик сигналдардын мээбиздеги жоромолу гана (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), Харун Яхья; İdealizm, Matrix Felsefesi ve Maddenin Gerçeği (Идеализм, матрица философиясы жана заттын чыныгы жүзү), Харун Яхья).

Биз «тышкы дүйнө» катары кабылдагандарыбыз, жогоруда да айтылгандай, электрдик сигналдар мээде пайда кылган таасирлери гана. Терезеңизден көргөн асмандын көк түсү, отурган креслоңуздун жумшактыгы, ичкен кофеңиздин жыты, жеген тамагыңыздын даамы, телефондон угулган добуш, жакындарыңыздын баары, ал тургай, денеңиз да – электрдик сигналдардын мээңиздеги жоромолу. Massachusetts Institute of Technology’де ядролук физика профессору Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) бул чындык жөнүндө мындай бир мисал менен сөз кылган:

... Бут манжаларыңызды кыймылдатыңыз. Аларды сезип жатасызбы? Бирок аларды каериңизде сезип жатасыз? Бут манжаларыңызда эмес. Бут манжалары эч нерсени сезбейт. Аларды мээңизде сезип жатасыз. Денесинин бир органы кесилген бирөө кесилген бул бөлүктү сезүүсүн –мээде- улантып жатканын айтышы мүмкүн. Мээ бүт кабылдоолорду сактоочу жана анан бул кабылдоолорду дененин байланыштуу бөлүмүнө тиешелүү аң-сезимдик бир сүрөттөлүш катары чагылтуучу ар кандай карталарга ээ. Бирок бизге бут манжаларыбызды бутубузда сезип жаткандай сезим келет. Жана бул абал бир эле бут манжаларыбыз менен чектелбейт. Чындыктын баары, биз көргөн жана сезген, жыттаган жана уккан нерселердин баары мээде пландалат жана андан соң бул сакталган кабылдоолор мээ кабыкчасы деп аталган 2-4 миллиметр калыңдыктагы бырышкан боз катмардан аң-сезимибизге жетет, калган операциялар болсо мээбиздин эң үстүңкү чекитинде толукталат. Биздин сыртыбызда, дүйнөдө бир чындык бар, бирок биз башыбыздан өткөргөн –ар бир тийүү жана ар бир үн, ар бир сүрөттөлүш, ар бир жыт жана даам- башыбыздын ичинде пайда болот.78

Бул бөлүмдө чыгарылган жыйынтык – илим тарабынан далилденген бир чындык. Бир адамдын апачык далилдерге карабастан, заттын сырттагы оригиналын (өзүн) көрүп, сезип жатам деп ишениши болсо, телевизордо көрсөтүлгөн бир тасмадагы окуялар чындап болуп жатат деп ишенгенге окшошот.

Заттын маңызы жөнүндөгү бул чындык бизди кандай ойго салышы керек?

Капкараңгы бир жерде (мээде), бир көзгө, торчого, карекке, көз нервдерине, көз чечекейине муктаж болбостон, электрдик сигналдарды түркүн түстүү бир бакча катары көргөн, бул көргөн пейзажынан ырахат алган – ким?

Эч бир үн кире албаган мээде бир кулакка муктаж болбостон, электрдик сигналдарды көңүлүнө жаккан бир мелодия катары уккан, мындан ырахат алган – ким?

Мээнин ичинде бир колго, манжаларга, булчуңдарга муктаж болбостон, электрдик сигналдарды бархаттын жумшактыгы катары сезген – ким?

Ысыктык, муздактык, коюулук, форма, тереңдик, алыстык сыяктуу тийүү сезимдерин оригиналынын өзүндөй абалда мээде ким сезип жатат?

Эч бир жыт кире албаган мээнин ичинде ар түрдүү гүлдөрдүн жытын ким айырмалай алууда же сүйгөн тамагынын жытын сезгенде аппетити ачылган – ким?

Мээнин ичинде пайда болгон бул сүрөттөлүштөрдү бир телевизор экранынан көрүп жаткандай көргөн, көргөндөрүнө кубанган, кайгырган, толкунданган, жактырган, паника болгон, кызыккан – ким?

Бүт көргөндөрүн жана сезгендерин жоромолдой турган аң-сезим кимге тиешелүү? Жана бул сүрөттөлүштөрдү көргөн, ойлогон, жыйынтык чыгарган, чечим алган аң-сезими бар жандык – ким?

Бүт буларды кабылдагандын аң-сезимсиз атомдордон турган, суу, май, протеин сыяктуу заттардан пайда болгон мээ эмес экени анык. Акылы жана абийири бар ар бир адам өмүр бою башынан өткөргөн окуяларды мээсинин ичиндеги экранда көргөн бир жандыктын (нерсенин) «руху» экенин бат эле түшүнөт. Ар бир адам көзгө муктаж болбостон көрө алган, кулакка муктаж болбостон уга алган, мээге муктаж болбостон ойлоно алган бир рухка ээ. Рух көргөн, уккан, тийген, сезген элестер ааламын жараткан жана дайыма жаратууну уланткан болсо – бул Улуу Аллах. Бир аятта мындайча буюрулат:

 

Чындыгында, силерге Раббиңерден көрөгөчтүктөр (баам-парасат) келди. Ким көрөгөчтүк менен көрсө өз пайдасына, ким сокур болсо (көргүсү келбесе) өз зыянына... (Энъам Сүрөсү, 104)

 

 

Түштөн айырмасыз болгон жашообуз

Анда түштөр менен «чыныгы жашоо» арасындагы айырма эмнеде? Түштөр – биз чыныгы жашоо деп атаган элестерге салыштырмалуу көбүнчө логикалык жактан чындыкка коошпос, жана башаламан. Бирок мындан башка, илимий жактан, түш менен «чыныгы жашоо» арасында эч бир айырма жок. Себеби экөө тең мээнин ичиндеги кабылдоочу борборлорго импульс жетиши аркылуу пайда болот. Энциклопедиялык бир булакта түштүн да ушул сыяктуу болгону мындайча айтылат:

Түш көрүү – башка бардык мээдеги операциялар сыяктуу мээнин жана анын кыймыл-аракеттеринин бир натыйжасы. Бир адам ойгоо болсун же уктап жаткан болсун, мээ дайыма электрдик толкундарды берет. Илимпоздор бул толкундарды «электроэнцефалограф» деп аталган бир аппарат менен ченешет. Уйкунун көп бөлүгүндө мээ толкундары кеңейет жана жай болот. Бирок кээ бир учурларда кичинекейирээк жана ылдам болуп калышат, көздөр түш көргөн адам бир катар окуяны көрүп жаткандай болуп ылдам кыймылдап баштайт. Уйкунун REM (Rapid Eye Movement- Уйкунун ылдам көз кыймылы) деп аталган бул бөлүгү – түштөрдүн көпчүлүгү пайда болгон бөлүк. Эгер адам REM учурунда ойготулса, көргөн түшүнүн детальдарын чоң бир ыктымалдуулук менен эстей алат... REM уйкусу учурунда мээден булчуңдарга сигнал жөнөтүүчү нерв жолдору тосулат. Ошондуктан, түш көрүү учурунда дене кыймылдабайт. Мындан тышкары, церебралдык кортекс (мээнин жогорку аң-сезимдик функциялар менен байланыштуу бөлүгү) REM учурунда түш көрүлбөгөн уйку бөлүктөрүнө салыштырмалуу бир топ активдүү. Кортекс мээнин «мээ системасы» деп аталган бөлүмүнөн келген нерв клеткалары ташыган импульстар тарабынан кыймылдатылат.1

Бул жерде айтылгандар көрсөткөндөй, чыныгы жашоо да – түш сыяктуу мээбиздин тиешелүү борборлоруна келген импульстардын жоромолдонушу менен пайда болгон элестер жыйындысы.

 

 

Аллахтын бизди коргоосу:

концентрация механизми

Мээ – дененин коңгуроо системасы башталчу жер. Этият болуу да – мээ коркунуч учурунда колдонуучу атайын бир механизм. Эгер мээ кооптуулук жаратуучу бир сигнал алса –чөптүн арасында бир шыбырт сыяктуу- адреналин чыгарылат. Бул болсо бүт керексиз иш-аракеттерди токтотуп, мээни өзгөчө абалга өткөргөн бир анализдөөчүгө айлантат. Ошол эле учурда дене иш-аракетин да жайлатып баштайт: жүрөктүн согушу жайлайт, терең дем алуу болот жана тынчтанат.

Мээ реакция көрсөтө турган бир нерсени этияттык менен күтөт. Айланадан туруктуу келген импульстарды ала алуу үчүн айлананы анализдейт. Бул процесс көбүнчө мээдеги автоматтык механизм тарабынан жасалат.

Денебиздеги мындай концентрация механизми да Раббибиздин бизди коргоосу. Бир аз концентрация бузулганда, жаракат алуу, туура эмес түшүнүү, эстөө кыйындыгы сыяктуу көптөгөн маселеге кабылабыз. Бирок өзгөчө керектүү учурларда концентрациянын күчөшү, дененин этияттыкта болушу ден-соолугубузду коргообуз, айлана-чөйрөбүзгө ылайыкташып жашай алышыбыз үчүн абдан маанилүү. Раббибиздин мындай чексиз коргоосу бир аятта мындайча кабар берилет:

 
... Чындыгында менин Раббим бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Худ Сүрөсү, 57)