Бир доордун жомогу: материализм
Байыркы грек
ойчулдары бүт заттар атом деп аталган майда бөлүкчөлөрдөн турат деп ойлошкон.
Ааламды жана бүт жандыктарды, эч кандай көзөмөлсүз, эч кандай аң-сезимдүү бир
кийлигишүүсүз, ошол атомдор пайда кылган дешкен. Бул ишеним боюнча, заттын
башталышы жана аягы жок эле, жана заттан башка эч нерсе жок эле. Нерселердин
түзүлүш жана кыймыл-аракеттеринде табияттан-өйдө окуялардын кийлигишүүсү кабыл
алынган эмес. Бүт баары зат абсолюттук нерсе деген ишенимге таянган. Заттын
башталышы болбогондуктан, ааламдын да башталышы жок эле жана бул түшүнүк
атеизмдин негизин түзгөн. Бүт ааламдын башталышы жок болгон болсо, анда адашкан
материалисттик ишеним боюнча, зат менен аалам жаратылган эмес эле.
Материализм боюнча,
аалам түбөлүктүү эле жана ошондуктан ааламда бир максат жана атайын жаратуу да
жок эле. Ааламдагы бүт тең салмактуулук, гармония жана тартип,
материалисттердин ою боюнча, кокустуктардын гана натыйжасы эле. Материализм бүт
нерсе аң-сезимсиз атомдордун туш келди чогулушунан пайда болгон жана сырткы
дүйнө канчалык кемчиликсиз комплекстүүлүктө, тең салмактуулук жана тартипте
болсо да, алардын баары максатсыз кокустуктардын натыйжасында болгон деген
көз-карашты жактаган. Материалисттик көз-караш мындай акылга сыйбас пикирге
байыркы греция учурунан бери ээ эле.
Материализм
«максат» жана «жаратуу» пикирлерин жокко чыгаргандыктан, бир Жаратуучунун бар
экенин да жокко чыгарган. Тагыраак айтканда, материализм Аллахтын бар экенин
жокко чыгаруу үчүн чыгарылган бир философия эле. Жер бетинде Аллахка болгон
ишенимди жокко чыгарган көптөгөн агым, идеология жана пикир системасы
материализмди өзүнө негиз туткан. Б.а. атеизмдин эң натыйжалуу дини материализм
болгон.
Виржиния
университетинен физика профессору Стэнли Соботтка (Stanley Sobottka) материализм
адашуучулугун мындайча түшүндүрөт:
Эгер биз буга
(материалисттик көз-карашка) ишенсек, ага карап жашасак, өзүбүз да кошо бүт
жашообуздун толугу менен физика мыйзамдарына жараша башкарылганын кабыл алууга
мажбур болобуз. Анда каалоолорубузга, арзууларыбызга, үмүттөрүбүзгө, ахлактык
пикирлерибизге, максаттарыбызга жана тагдырыбызга буйрук берген жалгыз мыйзам –
бул физика мыйзамдары. Зат менен энергия биздин биринчи чыныгы максатыбыз, бүт
каалоолорубуздун максаты болушу керек. Өзгөчө мунун мааниси, жашообуз, денебиз
да кошо, затты алуу максатына таянган болушу, аны көздөшү зарыл же максимум
заттык ырахатты, канааттанууну ала алуу үчүн жок дегенде бул материалдык
нерселерди жөнгө салуу же өзгөртүү керек. Башка эч кандай максатты көздөбөстөн,
бүт энергиябызды ушул багытта жумшашыбыз зарыл. Булардан башка эч
альтернативабыз жок, себеби толугу менен физика мыйзамдары менен
башкарылуудабыз. Бул ишенимдер же каалоолор тарабынан өзүбүздү тузакка түшкөн
сымал сезишибиз мүмкүн, бирок буларды башыбыздан эч чыгара албайбыз. Бизди
толугу менен ушул материалисттик система башкарат.
Кыскача айтканда,
бул материалисттик философиянын маңызын «мен бир денемин» деп айтууга болот.1
Байыркы грецияда
материализм боюнча, динчил адамдар илимге каршы эле. Мына ушул себептен
материалисттер тарых бою Аллах ишеними менен илим арасында бир келишпестик бар
сыяктуу бир көрүнүш берүүгө аракеттеништи. Чынында болсо, илим Аллахтын бар
экендигинин далилдерин көрсөтүп жаткан, Аллах ишеними менен күрөшкөн болсо
материалисттик көз-караш эле. (Бул албетте дарвинизмди да камтыйт. Дарвинизм
менен күрөш, негизи анын материализм менен тыгыз байланышта болгону себептүү.)
Материалисттер тарых бою нерселер атом жыйындысынан турат, адам мээси болсо бир
клетка тармагы гана деп келишти. Адам акылын түшүндүрө алышкан жок, аны нейрондордун
өз ара таасирлери катары түшүндүрүүгө аракет кылышты.
Материалисттер
өздөрүн да бир айбан же машина деп айтуудан тартынышкан жок. Өздөрүнүн
аң-сезимдүү бир жандык статусунда экенин жокко чыгарышты. Бизди кокустуктар
жаратты (пайда кылды) дешти. Бирок бул чоң бир алдануу жана Аллахты жокко
чыгаруу үчүн чыгарылган чоң бир жалган эле.
Заттын абсолюттук
чындык экенине ишенген бул адамдар негизи Делавэр университети Бартол изилдөө
институтунан элементардык бөлүкчөлөрдүн кванттык физиги Стивен М. Барр (Stephen M. Barr) айткандай, илгерки
бутпарастардан (идолго сыйынуучулардан) дээрлик айырмасыз эле. Материалисттер
адамды илгерки бутпарастар сыяктуу адамдан төмөн жандыктар катары көрсөтүшкөн.
Бутпарастар муну затты «кудайлаштыруу» аркылуу жасашса; материалисттер болсо
муну рухту жокко чыгарып, бүт баарын затка түшүрүү менен жасашты. Бутпарастар
кыймылдар орбиталар жана жылдыздар тарабынан башкарылат дешкен; материалисттер
болсо биз мээлерибиздеги электрондордун орбиталары тарабынан башкарылабыз
дешкен. Бутпарастар ибадат кылуу үчүн айбандардын алдында жүгүнүшкөн;
материалисттер болсо биз айбандан айырмасызбыз дешти.2
Орегон университети
Теориялык илимдер институтунун физика профессору Амит Госвами (Amit Goswami) материализм адамдарга
сиңирүүнү көздөгөн түпкү логиканы мындайча түшүндүрөт:
Биз бир машина
экенибизге ишенүүгө шартталдык. Бул боюнча, бүт кыймылдарыбыз кабылдаган
сигналдарыбыз жана өтмүштөгү шарттар тарабынан башкарылууда. Сүргүндөр сыяктуу,
эч бир милдетибиз же эч бир тандообуз жок.3
Чынында болсо,
адамды Аллах жараткан. Адам максатсыз жана жоопкерчиликсиз бир жандык эмес,
материалисттердин тескерисинче аң-сезимсиз бир машина эмес. Адам Аллахтын
алдында жоопкерчиликтүү бир жандык жана бүт кылгандарынан акыретте суракка
алынат.
Адамдарды бул чындыктан
алыстатууга аракеттенген материалисттик логика байыркы грециядан бери тарыхтын
бүт доорлорунда ушул эле түшүнүк менен тарых сахнасынан орун алышкан. Бирок бул
ишеним 19-кылымда чындап жайылып, тамырлаган бир пикир системасына айланды.
19-кылымда классикалык физиктердин көпчүлүгү заттын негизги элементтери бильярд
топтору сыяктуу, жансыз, бөлүнбөгөн атомдордон турат жана ааламдагы кемчиликсиз
тартип менен комплекстүүлүктүн булагы атомдордун туш келди кыймылдарынын бир
натыйжасы деп ойлошкон. Алардын ою боюнча, жер бетиндеги жашоо да кошо, бүт
нерсе аң-сезимсиз бир процесстер менен кокустан пайда болгон. Атомдор
аң-сезимсиз биримдиктер курушкан жана учурда биз көрүп жаткан кемчиликсиз
өзгөчөлүктөрү менен дүйнөнү, ал тургай, акылы жана аң-сезими бар бизди пайда
кылышкан. Материалисттер бул пикирлерди чыгаруу менен адамдын бир Жаратуучу
тарабынан жаратылбаганын жана заттык бир нерсе гана экенин адамдардын
аң-сезимине сиңирүүнү каалашкан. Бирок адамдын кемчиликсиз система жана
механизмдер менен, кереметтүү бир акыл күчү менен жаратылганы апачык чындык.
Жер бетинде материалисттер айткандай аң-сезимсиз жана акылсыз окуялар, мунун
натыйжасында пайда болгон аң-сезимсиз түзүлүш жана системалар жок. Бүт нерсе
кээде адамдын акылы жетпей тургандай комплекстүүлүк жана артыкчылыктарды
көрсөтөт, жана бул детальдар эч кандай кокус кийлигишүүгө орун бербей
турганчалык даражада кемчиликсиз. Жер бети кереметтүү жаратуу далилдерин
көрсөтө турган сыпатта.
Ушул чындыктарга
карабастан, материалисттер аң-сезимсиз атомдор бүт нерсенин негизи деген
пикирде көшөрүштү. Материалисттердин ою боюнча, бүт нерсенин себеби болгон атом
кандай нерсе?
Атом бир жагынан
караганда бир боштук жана бул чынында туура. Муну мындайча түшүндүрсөк болот: нейтрон
менен протондордон турган атом ядросун 1 мм диаметрлүү бир ийненин учундай
чоңдукта деп элестетсек; ядронун айланасында айланган электрон бул ядродон
толук 100 метр алыста бир жерде болот.4
Ядро менен
электрондор арасындагы бул чоң аралык ичинде болсо боштук гана бар. Эч нерсе,
эч зат жок бул 100 метрлик боштук чыныгы мааниде бир «боштук». Мына ушул
себептен адистердин атомду бир боштук катары кабыл алышы бир жагынан туура.
Англиялык физик Сэр Артур Эддингтон (Sir Arthur Eddington) айткандай, «зат көбүнчө элес сыяктуу бош жерден турат.»5
Тагыраак айтканда,
атомдун 99,9999999%ында эч нерсе жок.
Калифорния
университетинен элементардык бөлүкчөлөр физиги Фред Алан Вольф (Fred Alan Wolf) атом жөнүндөгү бул чындыкты
мындайча түшүндүргөн:
... биз жашаган планетадагы жашоонун, ааламдын
канчалык бош экенин ойлогонубузда, бир сюрприз экенин түшүнө алабыз. Негизи
ааламдын 99%ынан
көбү эч нерсе! Ааламдын тынчсыздандыра турганчалык ылдамдыкта кеңейип
баратканын эске алсак, мурда эч болбогондой көп боштук пайда болот! Буга
мындайча кароо бизде таң калыштуу бир урматты пайда кылат, атом-асты
(субатомдук) бөлүкчөлөрдүн микродүйнөсүн эске алганыбызда, абал андан да жаман
болот. Мындайча айтканда, эч нерсе жок.6
20-кылымдын
баштарында бүт нерсенин эң кичине бөлүгү деп кабыл алынган атомдун ичинде ири
бир боштук бар экени, бул боштуктун ичинде болсо бир ядро жана анын айланасында
айланган электрондор бар экенин белгилүү эле. Заттын да, атомдун да, анын
ичиндеги негизги бөлүкчөлөрдүн да функциялары жалпысынан гана түшүнүлгөн эле. Атом
ядросунда, 10-18 метрлик бир
жерде, б.а. сантиметрдин миллиондон биринин, миллиондон биринин, миллиондон
биринчелик бир жерде эмне бар эле? Илимпоздор муну билишчү эмес.
1960-жылдары илимде
абдан маанилүү бир ачылыш болду. Протондун ичинде «кварк» деп аталган
бөлүкчөлөр бар экени аныкталды. Бул укмуш кичинекей бөлүкчөлөр протондун оң
заряддуу жана нейтрондун зарядсыз болушу себебинен. Кийинчерээк жасалган
изилдөөлөр натыйжасында атомдун 0,0000001'ин түзгөн көлөмдүн
ичинде укмуштуу бир дүйнө бар экени аныкталды.
Материалисттер атомдун терең ичине кирген сайын
жана заттын эң кичинекей курулуш материалынын укмуштуу детальдарын көргөн
сайын, бул жөнүндөгү теорияларын өзгөртүү менен чара табууну көздөштү. Бүт
ааламдын аң-сезимсиз (плансыз), туш келди пайда болушу үчүн атомдордун эле
эмес, атомдун ичиндеги дүйнөнүн, б.а. субатомдук бөлүкчөлөрдүн бөлүкчө
кыймылдарынын да кандайча пайда болгонун түшүндүрүшү керек эле. Зат гана бар
деген пикир материалисттик көз-караштагы ордун сактап кала берди. Кванттык
физика ачылганга чейин...
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder